"Эки жактан сокку". Пентагон Россиянын чек арасында эмне жорук баштамакчы?

© Photo / U.S. Marine Corps / Lance Cpl. Tyler HarmonАмериканские стратегические бомбардировщики B-1B Lancer
Американские стратегические бомбардировщики B-1B Lancer - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
Жазылуу
Батышта Россияга каршы өтө курч билдирүүлөр жаңырууда. Кыязы, Вашингтон Москва менен тирешин ырбатчудай. РФ коргоо министри Сергей Шойгу да АКШнын стратегиялык авиациясынын кескин активдешкенин белгиледи.
Океан ар жагындагылар эмнеге отко май чачкандай аракеттерге барып жатканына баам салган Андрей Коцтун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган. 

"Өзөктүк" машыгуу

Америкалык B-1B жана B-52 "стратегдери" россиялык чек араларга жөн жерден байкоо салган жок. Шойгунун айтымында, учкучтар канаттуу ракеталарды колдонууну өздөштүрүп, Россия аймагынын түпкүрүндөгү буталарды атууну үйрөнүп жатышат.
Россия менен Кытайдын аскерлери машыгуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Россия менен Кытайдын аскерий кызматташтыгы. ЖККУ жана Борбор Азияга пайдасы
Машыгуулар да байма-бай өтчү болду. Узап бараткан айда андай учуштардын саны 30га чукулдап, былтыркы ноябрга салыштырмалуу 2,5 эсеге көп болду. Бул бир эле нерседен кабар берет: Пентагон Москва менен потенциалдуу куралдуу кагылышка стратегиялык бомбалоочу экипаждарды көбүрөөк даярдоого ашыгууда. Жакындагы эле Global Thunder окууларында дал ушуга басым жасалган.
Шойгу он учак бир эле убакта батыш жана чыгыштан Россияга өзөктүк сокку урууга машыкканын маалымдады. Бул иш-чара РФтин мамлекеттик чек араларынан болгону 20 чакырым аралыкта өттү. Чыныгы кармашта алар мынчалык жакын жолой алары арсар.
"Бардык учурларда абадан коргонуу тутумдары америкалык стратегиялык бомбалоочуларды убагында аныктап, тынымсыз көзөмөл жүргүзүп, жагымсыз окуяларга жол бербөө үчүн тийиштүү чараларды көрүштү", — деди министр.

Сезимтал сокку

Америкалыктар өздөрүнүн авиациясы кимге каршы экенин жашырышкан да жок. Октябрдын аягында B-1B учактарынын Крымды бойлой ээрчише учканынан көп өтпөй Forbes басылмасы: "стратегдер" жаңы тапшырманы аткарууга киришкенин — Балтика жана Кара деңиз флотторун LRASM ракетага каршы ракеталары менен жок кылууга машыгып жатышканын кабарлады.
Ал эми ноябрда Popular Mechanics журналы бешинчи муундагы F-35 истребителдери стратегиялык багыттагы россиялык ракеталык күчтөрдүн топтук пунктуларына сокку уруу үчүн B61-12 термоөзөктүк бомбалар менен куралданарын жазып чыкты.
Аскерлер кеп танкага каршы Javelin комплекстеринен атуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2021
Аяктай турган түрү жок антироссиялык аракет: АКШ Украинаны жарга түртүүдө
"Дүйнөдөгү оңой эмес аскердик-саясий кырдаал жана россиялык чек араларга жакын НАТО өлкөлөрүнүн активдешкени куралдуу күчтөрүбүздү сапаттуу өнүктүрүүнү токтотпоону талап кылууда, — деп белгилейт Сергей Шойгу. — Негизги милдет — алардын жарамдуулугун арттыруу, өзөктүк күчтөрдүн даярдыгын күчөтүү жана өзөктүк эмес ооздуктоо күчтөрүнүн потенциалын бекемдөө".
Ушул айдын ортосунда Россия спутникке каршы куралын сынады. Коргоо министрлиги 1982-жылдан тарта орбитада турган "Целина-Д" космостук аппараты аты аталбаган ракета менен ийгиликтүү жок кылынганын билдирди.
Америкалыктар буга каарын төкпөй коюшпады. Расмий өкүлдөр бири-биринен озуп Москваны космосту аскерлештирип, Эл аралык космостук станция үчүн коркунуч туудуруп жатат айыпташты. Мынчалык ачууга алдырышканы да түшүнүктүү, себеби Вашингтондогулар НАТОнун бардык күчтөрү, анын ичинде стратегиялык авиациясы туташтырылган өзүнүн спутник тобуна санааркоодо.

Маалыматтык "чабуул"

Аскердик даярдыктардан сырткары Батыш Россияга каршы активдүү маалыматтык кампаниясын жүргүзүп келет. Чынында бул – 2014-жылдан берки көрүнүш. Бирок АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Украинага келип кеткенден бери бул таптакыр эле долулукка айланды.
Батыш жалпыга маалымдоо каражаттары жана саясатчылары Россияны Украинага кол салууга даярдык көрүп жатат деп күн куру эмес айыптоодо. Октябрдын аягында Politico басылмасы "Кремль күчтөрүн кол салууга даярдап жатканын, аскердик техника жана ички курам Смоленск облусундагы Ельняда жайгаштырыларын" атоо менен ушундай маалыматтык чабуулду баштап берди. Анткен менен журналисттер аталган аймактан Украинага чейинки аралык 250 чакырымдан ашуун экенин тактап коюудан эринишкен.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы адегенде чалгындоо кызматында россиялык күчтөрдүн топтошкону катталбаганын айтып, бул маалыматты төгүндөгөн. Бирок кийин Киев, сыягы, Вашингтондон жаңы көрсөтмөлөрдү алган өңдөнөт. Украиналык маалымат каражаттары да жакындагы россиялык кол салуу жөнүндөгү батыштын "жомогун" кайталоого киришти. Ал түгүл датаны да атап, католик Рождествосун же январдын аягы деп жоромолдошкон.
Капитолий имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2021
Американын бир кыштагы Путинди таануудан баш тартаарын жар салды
"АКШ жана НАТО өлкөлөрүндөгү Россия жана Кытайга каршы риторика соңку убакта чектен чыгып барат, — дейт саясат таануучу-американист Сергей Судаков. — Буга бир катар себептер бар. Биринчиден, коронавирус пандемиясынын айынан экономикалык моделдер өзгөрүүдө: ковид АКШны катуу чабалдатты. Экинчиден, 20 жылдык согуштан кийин америкалыктардын Афганистандан качышы дүйнөгө Вашингтондун анчалык деле кудуреттүү эмес экенин көрсөтүп койду.
Эл аралык аренада Ак үйдүн көбүнесе коркунуч жана саясий кысымга негизделген өз үстөмдүгүн сактап калуу татаалдашып барат. АКШнын бедели эки жыл мурункудай бийик эмес. Ошондуктан бийлик жана атайын кызматтар дүйнө түзүмүнө коркунуч келтирчү тышкы душмандын образын жаратуу менен алек".
Эксперттин айтымында, акыркы аракеттери жана билдирүүлөрү менен америкалыктар союздаштарына ири дүйнөлүк державалар менен жаңжалдашууга даяр экенин гана көрсөткүсү келет. Муну менен планеталык масштабдагы лидердин ролун сактап калууну самайт. Бирок Судаков болгону бул "согушам деп коркутуу" экенин, Ак үй Россия менен толук масштабдуу согушка даяр эместигин, кокус андайга даай турган болсо, РФ "катылгандын катыгын берерин" белгилейт.
Ошол эле учурда россиялык чек араларда чагымчылдыктар болушу толук ыктымал. Вашингтондун көзгө кармаганы — Украина. Кошмо Штаттар Киевди Донбасс маселесин күч менен чечүүгө түртүүдө. Мында алар Россияны согушка аралаштырып, кийин кайра Кремлди агрессияга айыптап, жаңы санкцияларды салууну көздөшөт. Бул геосаясий оюн болду-болбоду жакынкы айларда ишке ашырылчудай...
Жаңылыктар түрмөгү
0