Жоомарт Оторбаев: Токтогул Сатылганов эч ким тең келгис акын

67
(жаңыланган 19:11 03.12.2014)
  • Поэт и комузист Токтогул Сатылганов
  • Поэт и комузист Токтогул Сатылганов
Жума күнү Кыргызстандын премьер-министр Жоомарт Оторбаев кыргыздын улуу акыны жана комузчусу Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган расмий салтанатка катышты.

БИШКЕК, 24-окт — Спутник Кыргызстан. Салтанатты ачып жатып, өкмөт башчысы президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берди. Анда төкмө акындын түрк тилдүү элдердин маданиятындагы ээлеген ордун белгиленген.

Өз сөзүндө Жоомарт Оторбаев Токтогул районунун тургундарын, жалпы кыргызстандыктарды жана меймандарды Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракеси менен куттуктады.

"Ушул элдин, ушул жердин кулуну болгон Токтогул Сатылгановдун көп кырдуу өнөрү баарына белгилүү. Ал эч ким теңдешкис акын, айтыш өнөрүнүн чебери жана улуу комузчу. Ырларында Токтогул элдин эркиндигин жана жыргалчылыгын даңазалаган, ал үчүн көп запкы чексе да карапайым элдин бактысы үчүн күрөшүнөн тайган эмес", — деп белгиледи Жоомарт Оторбаев.

Мындай иш-чаралар жаш муундарга өз ата-бабаларын билүүгө жана алар менен сыймыктанууга мүмкүндүк берет деп кошумчалады өкмөт башчысы.

67
  • Поэт и комузист Токтогул Сатылганов
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Акын-демократ өз чыгармачылыгында кыргыз элинин боштондукка болгон умтулууларын, келечекке болгон үмүт-тилегин чеберчилик менен берген.

  • Поэт и коммузист Токтогул Сатылганов

    Алмазбек Атамбаев: Улуу акын үтүндөй өмүрүн кыргыз элинин эркиндигине, көз крандысыздыгына жана татыктуу жашоосуна арнаган.

  • Поэт и комузист Токтогул Сатылганов

    Чолпон-Ата айылындагы үй-музейи акындын 125 жылдыгына карата 1989-жылы ачылган. Музейде үй-бүлөлүк архивдер, о.э. Сатылганов атындагы сыйлык ээлеринин айкел сүрөттөрү сакталат.

  • Кыргызский поэт и комузист Токтогул Сатылганов

    Жоомарт Оторбаев: Токтогул - эч ким теңдешкис ак таңдай акын, айтыш өнөрүнүн чебери жана улуу комузчу.

  • Великий кыргызский поэт и комузист Токтогул Сатылганов

    Театралдаштырылган оюн атактуу төкмө акындын өмүрү жана чыгармачыл тагдыры жөнүндө баяндайт.

  • Кыргызский поэт и комузист Токтогул Сатылганов

    1898-жылыа «андижандыктарды» - соттолгондордун бул тобун ушинтип аташкан – буттарына кишен салып алыскы Сибирге айдашкан.

  • Кыргызский поэт и комузист Токтогул Сатылганов

    Салтанаттуу концертте Токтогуа Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын артисттери, Карамолдо Орозов атындагы камералык оркестр жана филармониялык хор өз өнөрлөрүн көрсөттү.

  • Поэт и комузист Токтогул Сатылганов

    Акындын атын эл урматтап сыйлайт. Токтогулдун атын Жалал-Абад областындагы туулуп-өскөн району, райондук борбор, шаарча, нарын суусундагы эң ири ГЭС жана суу сактагыч, Бишкек шарынын көчөлөрүнүн бири жана Кыргыз улуттук филармония алып жүрөт.

  • Кыргызский поэт и комузист Токтогул Сатылганов

    Токтогул Сатылгановдун юбилейине арналган концерттер, улуттук белектер менен тамак-аштардын жарманкелери өттү.

  • Поэт и комузист Токтогул Сатылганов
    © Фото / Пресс-служба Правительства

    Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык салтанаты Кыргызстанда гана эмес, дагы түрк тилдүү 14 өлкөдө жана Россиянын субүекттеринде кеңири белгиленди.