Нефтетрейдерлер мамлекет башчыларынан жардам сурашууда

Жазылуу
КРдин Нефтетрейдерлер ассоциациясы Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаевге кат жазып, анда чек арада 470 вагондун кармалып турушун териштирүүнү суранышкан.

БИШКЕК, 24-окт Спутник Кыргызстан. Катта Казакстанга тиешелүү компанияларды узак убакыт текшергенден кийин "Контрабанда" беренеси боюнча кылмыш иштери козголгондугу айтылат. Вагондорду кармап турушу боюнча бажы органдарынын иш-аракеттери мыйзамсыз, ал эми контрабанда боюнча күнөөлөр негизсиз делет.

"Биз Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрүнө бир нече ирет кайрылганбыз, бирок эч натыйжа чыккан жок. Кат аркылуу жана оозеки кайрылууларга Казакстандын бажы органдары эч жооп кайтарбайт. Россия тараптын көз карашы да көңүлгө алынбайт. Ошол эле учурда үч өлкөнүн бюджеттери салык чегерүүлөрүн жана бажы төлөмдөрүн толук албай келет. Мисалга, Кыргызстан эле бюджети 6 айда 500 миллион сом албай калды. Вагон турган аймакта айлана-чөйрө булганып, техногендик жана экологиялык кырсык коркунучу сакталууда", — деп түшүндүрүштү нефтетрейдерлер.

Алар эки өлкө башчыларынан маселени чечүүгө жардам берүүнү жана Казакстанды бажы кызматкерлеринин вагондорду кармоого байланышкан иш-аракеттеринин мыйзамдуулугун текшерүүнү тийиштүү түзүмдөргө тапшыруу өтүнүчүн билдиришти.

Эскерте кетсек, кыргыз-казак чек арасында 14-апрелден бери Россиянын нефтини кайра иштетүүчү заводдорунда Кыргызстанга бара жаткан мунай заттары жүктөлгөн 470 вагон-цистерна кармалып турат. 

Ал арада Кыргызстанда бензиндин баасы өсүүдө.

© Спутник КыргызстанНефтетрейдерлер Кыргызстан менен Казакстандын мамлекет башчыларынан чек арада 470 вагон КММ кармалышын териштирүүгө жардам сурап жатышат. КРнын Нефтетрейдерлер ассоциациясы Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаевге кат жазышты.
Бензин Кыргызстанда - Sputnik Кыргызстан
1/5
Нефтетрейдерлер Кыргызстан менен Казакстандын мамлекет башчыларынан чек арада 470 вагон КММ кармалышын териштирүүгө жардам сурап жатышат. КРнын Нефтетрейдерлер ассоциациясы Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаевге кат жазышты.

2/5

© Sputnik / Табылды КадырбековНефтетрейдерлер Кыргызстан менен Казакстандын мамлекет башчыларынан чек арада 470 вагон КММ кармалышын териштирүүгө жардам сурап жатышат. КРнын Нефтетрейдерлер ассоциациясы Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаевге кат жазышты.
Бензин в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
3/5

4/5

5/5

Жаңылыктар түрмөгү
0