ШКУ мамлекеттеринин атайын даярдыктагы аскерлеринин биргелешкен машыгуусу

121
  • Кытайдын аскерлери.
  • Спайпер.
  • Машыгуучу талаа борборунда көп улуттан турган топтор шаарга согушчандарды киргизбөө боюнча  тапшырманы аткарышты.
Чүй облусунун Шамшы капчыгайында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн атайын даярдыктагы аскер бөлүктөрү биргелешкен машыгууларды өткөрдү.

Машыгууга Кыргызстан менен Россиянын аскерлерден сырткары Казакстандын, Тажикстандын жана Кытайдын атайын даярдыктагы күчтүү деген аскердик бөлүктөрү катышты.

121
  • Биргелешкен машыгууга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Кытай жана Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн аскерлери катышты.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Биргелешкен машыгууга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Кытай жана Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн аскерлери катышты.

  • Машыгууну баштоого белги берген ракета асманга атылды.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Машыгууну баштоого белги берген ракета асманга атылды.

  • Кытайдын аскерлери.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кытайдын аскерлери.

  • Шамшы капчыгайындагы атайын даярдыктагы аскерлердин жоокерлери биргелешкен  машыгуу учурунда.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шамшы капчыгайындагы атайын даярдыктагы аскерлердин жоокерлери биргелешкен машыгуу учурунда.

  • Спайпер.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Спайпер.

  • Машыгуунун жүрүшүн офицерлер тескеп турушту.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Машыгуунун жүрүшүн офицерлер тескеп турушту.

  • Машыгуучу талаа борборунда көп улуттан турган топтор шаарга согушчандарды киргизбөө боюнча  тапшырманы аткарышты.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Машыгуучу талаа борборунда көп улуттан турган топтор шаарга согушчандарды киргизбөө боюнча тапшырманы аткарышты.

  • Аны менен катар эле камалоого ала турган бөлүктүн тик учактан түшүрүлүшүн, имаратты камалоого алууну жана барымтага алынган автобустан элди бошотуу учурларын көрсөтүштү.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Аны менен катар эле камалоого ала турган бөлүктүн тик учактан түшүрүлүшүн, имаратты камалоого алууну жана барымтага алынган автобустан элди бошотуу учурларын көрсөтүштү.

  • Биринчи сценарий боюнча террористтер чек арадан өтүп, Кыргызстандын тоолоруна жайгашышты.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Биринчи сценарий боюнча террористтер чек арадан өтүп, Кыргызстандын тоолоруна жайгашышты.

  • ШКУнун атайын даярдыктагы аскерлери аларды тапкандан кийин, куралсыздандыруу операциясы биргелешип жүргүзүлдү.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    ШКУнун атайын даярдыктагы аскерлери аларды тапкандан кийин, куралсыздандыруу операциясы биргелешип жүргүзүлдү.

  • Экинчи ири милдет – барымтадагыларды бошотуу.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Экинчи ири милдет – барымтадагыларды бошотуу.

  • Шарттуу түрдөгү террорчулар  барымтадагыларга акча сурап кармап турушат. Алар менен сүйлөшүү жыйынтыксыз болгондон кийин башкармалык аларды камалоо чечимин алды.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шарттуу түрдөгү террорчулар барымтадагыларга акча сурап кармап турушат. Алар менен сүйлөшүү жыйынтыксыз болгондон кийин башкармалык аларды камалоо чечимин алды.

  • Биргелешкен машыгуу төрт күнгө созулду. Бул мезгил ичинде аскерлер мыйзамсыз бандалык топторго тоолуу шартта тоскоол кылуу жана жок кылуу боюнча биргелешкен аракеттерди аткарышты.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Биргелешкен машыгуу төрт күнгө созулду. Бул мезгил ичинде аскерлер мыйзамсыз бандалык топторго тоолуу шартта тоскоол кылуу жана жок кылуу боюнча биргелешкен аракеттерди аткарышты.

Бороон-чапкынга карабай марага жетем деген лыжачылар. Орловкадагы 12 сүрөт

168
(жаңыланган 21:49 22.01.2021)
  • Бишкектин четинде лыжа менен тоодон түшүү боюнча Борбор Азиядан келген спортчулардын катышуусунда турнир өттү
  • 18-январда Орловка тоо лыжа базасында башталган турнир бүгүн, 22-январда, жыйынтыкталып отурат
  • Турнирге улуттук курама командадан тышкары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары катышты
  • Спортчулар лыжа тебүүнүн атайын жана гигант түрлөрүндө күч сынашты
  • Медалдар кыздар жана эркектер арасында ойнотулду
  • Мелдеште казакстандык спортчулар алдыга озуп чыга алды. Ошондой эле өзбекстандык жана тажикстандык спортчулар жакшы жыйынтык көрсөтө алды.
  • Кыргызстандык Ольга Палюткина лыжа тебүүнүн эки түрүндө тең үчүнчү орунду алды
  • Турнирди КРдин Лыжа спорту федерациясы уюштурду
  • Бул спорттун түрү боюнча квалификациялык турнир экинчи ирет өтүп жатат
  • Пандемияга байланыштуу борбор азиялык спортчулар Европадагы турнирге бара албай калып, натыйжада аны Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынган
  • Уюштуруучулар күн жылып кар эрип кетпеши үчүн мелдешти эртең менен башташкан
  • Спортчулар лыжа менен жөн гана ылдый түшпөстөн, жолдогу табигый жана жасалма тоскоолдуктардан өтүшү керек болду
Бишкектин четинде лыжа менен тоодон түшүү боюнча Борбор Азиядан келген спортчулардын катышуусунда турнир өттү. Кызуу мелдештин сүрөттөрүн Sputnik агенттигинин кабарчысы тартып алды.

18-январда "Орловка" тоо лыжасы базасында башталган турнир бүгүн, 22-январда, жыйынтыкталып отурат. Анда спортчулар лыжа менен жөн гана ылдый түшпөстөн, жолдогу табигый жана жасалма тоскоолдуктардан өтүшү керек болду.

Турнирге улуттук курама командадан тышкары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары катышты.

Пандемияга байланыштуу борбор азиялык спортчулар Европадагы турнирге бара албай калып, натыйжада квалификациялык мелдешти Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынган. Уюштуруу милдетин КРдин Лыжа спорту федерациясы алган.

Спортчулар лыжа тебүүнүн атайын жана гигант түрлөрүндө күч сынашты. Медалдар кыздар жана эркектер арасында ойнотулуп, натыйжада казакстандык спортчулар алдыга оозуп чыга алды.

168
  • Бишкектин четинде лыжа менен тоодон түшүү боюнча Борбор Азиядан келген спортчулардын катышуусунда турнир өттү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бишкектин четинде лыжа менен тоодон түшүү боюнча Борбор Азиядан келген спортчулардын катышуусунда турнир өттү

  • 18-январда Орловка тоо лыжа базасында башталган турнир бүгүн, 22-январда, жыйынтыкталып отурат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    18-январда "Орловка" тоо лыжа базасында башталган турнир бүгүн, 22-январда, жыйынтыкталып отурат

  • Турнирге улуттук курама командадан тышкары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары катышты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Турнирге улуттук курама командадан тышкары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары катышты

  • Спортчулар лыжа тебүүнүн атайын жана гигант түрлөрүндө күч сынашты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Спортчулар лыжа тебүүнүн атайын жана гигант түрлөрүндө күч сынашты

  • Медалдар кыздар жана эркектер арасында ойнотулду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Медалдар кыздар жана эркектер арасында ойнотулду

  • Мелдеште казакстандык спортчулар алдыга озуп чыга алды. Ошондой эле өзбекстандык жана тажикстандык спортчулар жакшы жыйынтык көрсөтө алды.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мелдеште казакстандык спортчулар алдыга озуп чыга алды. Ошондой эле өзбекстандык жана тажикстандык спортчулар жакшы жыйынтык көрсөтө алды.

  • Кыргызстандык Ольга Палюткина лыжа тебүүнүн эки түрүндө тең үчүнчү орунду алды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кыргызстандык Ольга Палюткина лыжа тебүүнүн эки түрүндө тең үчүнчү орунду алды

  • Турнирди КРдин Лыжа спорту федерациясы уюштурду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Турнирди КРдин Лыжа спорту федерациясы уюштурду

  • Бул спорттун түрү боюнча квалификациялык турнир экинчи ирет өтүп жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бул спорттун түрү боюнча квалификациялык турнир экинчи ирет өтүп жатат

  • Пандемияга байланыштуу борбор азиялык спортчулар Европадагы турнирге бара албай калып, натыйжада аны Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Пандемияга байланыштуу борбор азиялык спортчулар Европадагы турнирге бара албай калып, натыйжада аны Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынган

  • Уюштуруучулар күн жылып кар эрип кетпеши үчүн мелдешти эртең менен башташкан
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Уюштуруучулар күн жылып кар эрип кетпеши үчүн мелдешти эртең менен башташкан

  • Спортчулар лыжа менен жөн гана ылдый түшпөстөн, жолдогу табигый жана жасалма тоскоолдуктардан өтүшү керек болду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Спортчулар лыжа менен жөн гана ылдый түшпөстөн, жолдогу табигый жана жасалма тоскоолдуктардан өтүшү керек болду

Белгилер:
турнир, спорт, лыжа, Орловка, Бишкек
Тема боюнча
Ысык-Көл марафону Олимпиадага лицензия берүүчү мелдештердин тизмесине кирди

Чокморов катуу ооруп жүргөндө тартылган. "Бөрү зындан" тасмасындагы ирмемдер

992
(жаңыланган 20:42 22.01.2021)
  • Кинофильмде атышуу, мушташ жана психологиялык жактан оор эпизоддор тартылган
  • Башкы ролдордогу Ажар (Айтурган Темирова) менен Самат Касымов (Талгат Нигматулин)
  • Болот Шамшиев кыргызстандык кесиптештеринин ичинен биринчилерден болуп мушташ, криминалдык жанрда кино тартууга киришкен
  • Кичинекей Чыңгыз Шамшиев, актриса Айтурган Темирова менен актёр Талгат Нигматулин
  • Бөрү зындан фильминин тартылышына СССРдин Мамлекеттик кино комитети каршы чыккан, бирок жазуучу Чыңгыз Айтматов тартуу иштеринин улантылышына жардам берген
  • Актёрлорду образга кирүүгө үйрөткөн Болот Шамшиев. Режиссёрдун артында Сүймөнкул Чокморов турат
  • Талгат Нигматулин түндө Шамшиевдин үйүнө атайын келип роль сураган. Бөрү зындан жаш актёрго бир топ атак-даңк алып келген
  • Сүймөнкул Чокморов Бөрү зындан фильминде акыркы жолу тартылган. Белгилүү актёр милиционердин образын жаратып, ал жылы катуу ооруп жүргөн
  • Өзбекстандагы чөлдөгү суукта кызуу иштеген киночулар: камера кармаган Шамшиев, мушташкан актёрлор
  • Фильмди жаратууда киночулар жашоодо болгон чыныгы окуяларга, адамдардын тагдырына таянган
  • Мурат Мамбетов Композдун (Композитор) ролунда. Тасмага ошондой эле орус, казак актёрлору катышкан
  • Кылмышкердин ролундагы Мурат Мамбетов жана камерасын шыкаалаган Манас Мусаев
  • Апийим ташыган аткезчиликтин ана башында турган аталык Бабаханды казак актёру Кенебай Кожабеков ойногон
Быйыл CCCРдин эл артисти, белгилүү режиссёр Болот Шамшиевдин 80 жылдыгы республикалык деңгээлде белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар киночунун биринчилерден болуп тарткан мушташ (боевик) жанрындагы тасмасындагы ирмемдерди сунуштайт.

"Бөрү зындан" фильми 1983-жылы тартылып, анын сценарийин Болот Шамшиев менен казакстандык Эркен Абишев экөө чыныгы окуянын негизинде жазган. Операторлук милдетти Манас Мусаев аткарган. Кинокартинада апийим сатып иштеген топтун кылмыштарын, СССРде жайылып бара жаткан баңгилик, деградация болуп бара жаткан коом көрсөтүлгөн. Муну менен режиссёр 1960-жылдардан баштап 1973-жылга чейин Ысык-Көл аймагында айдалган апийимдин элге тийгизген терс таасирин көрсөтүп, жогорку кызматтагы аткаминерлерге эскертүү кылган. Кинону тартуу иштерине Кыргыз ССРинин Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик коопсуздук жана борбордук комитети көмөктөшкөн. Себеби ал учурдагы абалды Москвага чейин жеткирүү зарыл болгон. Андан сырткары, Шамшиевдин бул эмгеги 1973-жылы бүткөн "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кинофильминин уландысы болгон.

Кинокартина соңуна чыкканда көрүүчүлөр абдан жакшы кабыл алып, мамлекеттик казынага 100 миллион доллар түшкөн. Ар түрдүү эсептөөлөр боюнча, Союз маалында аны 21 миллиондон ашык адам көргөн.

Режиссёр көзү тирүү кезинде ошол учурду мындайча эскерген:

"Тасманын тартылышына СССРдин Мамлекеттик кино комитети аябай каршы чыгып, фильмди коюуга бир жыл тыюу салынган. Биринчиден, наркотрафик өлкөдө болгон эмес, экинчиден, мамлекетте уюшкан кылмыш топтору жок, үчүнчүдөн, баңгизат менен кылмыштуулуктун ордосу Москва деп көрсөтүлгөнү чындыкка туура келбейт деген далилдерди келтирген. Аны Чыңгыз Айтматов сактап калды. Ал Совет мамлекетинин башчысы Леонид Брежневдин күйөө баласы, СССРдин ички иштер министринин орун басары, генерал Юрий Чурбанов менен абдан жакшы мамиледе экен. Ошо кишинин көмөгү менен кино прокатка чыккан. Бирок апийимдин ордуна аң-терилерди тартканга туура келген. Буга карабастан "Бөрү зындан" СССРде абдан популярдуу болуп, мамлекеттик казынага 100 миллион доллар каражат түшүрдү", — деген Шамшиев.

Эки сериялуу криминалдык драмага Кенебай Кожабеков, Айтурган Темирова, Талгат Нигматулин, Сүймөнкул Чокморов, Жоробек Аралбаев, Николай Крюков, Александр Милютин, Мурат Мамбетов, Орозбек Кутманалиев, Виктор Мирошниченко, Тохтахун Бахтыбаев, Анатолий Плюто, Венера Нигматулина, Бекин Сейдакматов, Сабира Күмүшалиева, Муса Дудаев, Жалил Абдыкадыров, Гүлнара Чокубаева, Искендер Рыскулов, Турсун Уралиев, Асанкул Куттубаев тартылып, роль жаратышкан.

992
  • Кинофильмде атышуу, мушташ жана психологиялык жактан оор эпизоддор тартылган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кинофильмде атышуу, мушташ жана психологиялык жактан оор эпизоддор тартылган

  • Башкы ролдордогу Ажар (Айтурган Темирова) менен Самат Касымов (Талгат Нигматулин)
    © Sputnik / Александр Федоров

    Башкы ролдордогу Ажар (Айтурган Темирова) менен Самат Касымов (Талгат Нигматулин)

  • Болот Шамшиев кыргызстандык кесиптештеринин ичинен биринчилерден болуп мушташ, криминалдык жанрда кино тартууга киришкен
    © Фото / Александр Федоров

    Болот Шамшиев кыргызстандык кесиптештеринин ичинен биринчилерден болуп мушташ, криминалдык жанрда кино тартууга киришкен

  • Кичинекей Чыңгыз Шамшиев, актриса Айтурган Темирова менен актёр Талгат Нигматулин
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кичинекей Чыңгыз Шамшиев, актриса Айтурган Темирова менен актёр Талгат Нигматулин

  • Бөрү зындан фильминин тартылышына СССРдин Мамлекеттик кино комитети каршы чыккан, бирок жазуучу Чыңгыз Айтматов тартуу иштеринин улантылышына жардам берген
    © Фото / Александр Федоров

    "Бөрү зындан" фильминин тартылышына СССРдин Мамлекеттик кино комитети каршы чыккан, бирок жазуучу Чыңгыз Айтматов тартуу иштеринин улантылышына жардам берген

  • Актёрлорду образга кирүүгө үйрөткөн Болот Шамшиев. Режиссёрдун артында Сүймөнкул Чокморов турат
    © Фото / Александр Федоров

    Актёрлорду образга кирүүгө үйрөткөн Болот Шамшиев. Режиссёрдун артында Сүймөнкул Чокморов турат

  • Талгат Нигматулин түндө Шамшиевдин үйүнө атайын келип роль сураган. Бөрү зындан жаш актёрго бир топ атак-даңк алып келген
    © Sputnik / Александр Федоров

    Талгат Нигматулин түндө Шамшиевдин үйүнө атайын келип роль сураган. "Бөрү зындан" жаш актёрго бир топ атак-даңк алып келген

  • Сүймөнкул Чокморов Бөрү зындан фильминде акыркы жолу тартылган. Белгилүү актёр милиционердин образын жаратып, ал жылы катуу ооруп жүргөн
    © Sputnik / Александр Федоров

    Сүймөнкул Чокморов "Бөрү зындан" фильминде акыркы жолу тартылган. Белгилүү актёр милиционердин образын жаратып, ал жылы катуу ооруп жүргөн

  • Өзбекстандагы чөлдөгү суукта кызуу иштеген киночулар: камера кармаган Шамшиев, мушташкан актёрлор
    © Sputnik / Александр Федоров

    Өзбекстандагы чөлдөгү суукта кызуу иштеген киночулар: камера кармаган Шамшиев, "мушташкан" актёрлор

  • Фильмди жаратууда киночулар жашоодо болгон чыныгы окуяларга, адамдардын тагдырына таянган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Фильмди жаратууда киночулар жашоодо болгон чыныгы окуяларга, адамдардын тагдырына таянган

  • Мурат Мамбетов Композдун (Композитор) ролунда. Тасмага ошондой эле орус, казак актёрлору катышкан
    © Sputnik / Александр Федоров

    Мурат Мамбетов Композдун (Композитор) ролунда. Тасмага ошондой эле орус, казак актёрлору катышкан

  • Кылмышкердин ролундагы Мурат Мамбетов жана камерасын шыкаалаган Манас Мусаев
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кылмышкердин ролундагы Мурат Мамбетов жана камерасын шыкаалаган Манас Мусаев

  • Апийим ташыган аткезчиликтин ана башында турган аталык Бабаханды казак актёру Кенебай Кожабеков ойногон
    © Sputnik / Александр Федоров

    Апийим ташыган аткезчиликтин ана башында турган аталык Бабаханды казак актёру Кенебай Кожабеков ойногон

Белгилер:
Сүрөт, "Бөрү зындан" тасмасы, Болот Шамшиев, режиссер, Кыргызстан
Тема боюнча
Дүйшөн Байдөбөтов 72 жашка толмок. Улуу таланттын сүрөттөгү экинчи өмүрү
Уулунан ажырап Базарбайдан өч алганы келгенде... "Акбаранын көз жашы" сүрөттө
Жамийла, баёо бала, армандуу абышка... Айтматовдун кинодогу каармандары сүрөттө
Мончо. Архив

ИИМ: мончодогу зордуктоо тартылган видео боюнча башка өлкөгө сурам жөнөттүк

0
(жаңыланган 00:00 25.01.2021)
Жапа чеккен адам кыргызча сүйлөп жаткандыктан, социалдык тармактын колдонуучулары ал кыргызстандык экенин белгилешүүдө. Деген менен милиция окуя Кыргызстанга тиешеси жок деп ишенимдүү айтып жатат.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бишкек милициясынын маалымат катчысы Улан Жумаков жашы жете элек өспүрүмдү зордуктоого байланышкан видео Кыргызстандан сырт жакта болгонун, өлкөгө тиешеси жок экенин билдирди.

Окуянын видеосу социалдык тармактарда тарады. Жапа чеккен адам кыргызча сүйлөп жаткандыктан, социалдык тармактын колдонуучулары ал кыргызстандык деп айтышууда.

Бишкек милициясынын маалымат катчысы Улан Жумаков жашы жете элек өспүрүмдү зордуктоого байланышкан видео Кыргызстандан сырт жакта болгонун, өлкөгө тиешеси жок экенин билдирди
"Иликтөө жана издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган маалыматтарга ылайык, видео Кыргызстандан сырт жерде тартылган, бул факты биздин өлкөгө тиешеси жок. Кийинчерээк толук маалымат берилет. Баарыңыздарды чагымчылдыкка алдырбай, тастыкталбаган маалыматты таратпаңыздар", — деп Жумаков өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Ал эми бул боюнча билдирүү тараткан ИИМ видео боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жаткандыгын билдирди.

"Иликтөө иштеринин жыйынтыгы чыга электе окуяга тиешеси жок адамдын сүрөтү жана аудио социалдык тармактарга тарап жатат. Мындан улам шашылыш бүтүм чыгарбоогону өтүнөбүз. Кыргызстандан сырткары болгон бул окуя бир же эки эки жыл мурда тартылган. ИИМ ал боюнча башка өлкөгө иштин чоо-жайын билиш үчүн сурам жиберди", - деп айтылган ИИМ тараткан билдирүүдө.

Анткен менен кыргызстандыктар социалдык тармакта үрөй учурган бул окуя Кыргызстанда болгон деген божомолдорун айтып, пикирлерин калтырып жатат.

0
Белгилер:
мончо, зордуктоо, милиция, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Сурабалдиева педофилдер тууралуу маалымат база түзүүнү сунуштады
Кордолгон 13 жаштагы өспүрүм. Кыздын ата-энеси облустук сотко кайрылды