СССРдин ыр мейкиндигин багындырган казак. Батырхан Шукеновдун жаркын элесине

86
(жаңыланган 11:04 29.04.2015)
  • Эл аралык FHM TOP 100 SEXY 2014 рейтингинин жеңүүчүлөрүн Москва шаарында сыйлоо аземинин алдында
Казакстандык белгилүү ырчы Батырхан Шукенов Москва шаарынан жүрөгү кармап каза болду. Sputnik сайты ырчынын чыгармачылыгы жана жашоосу жөнүндө сүрөт баянды сунуштайт.

Батырхан Шукенов 1962-жылы Казакстандын Кызыл-Орда шаарында төрөлгөн. Музыкалык карьерасын Казакстандын эл артисти Роза Рымбаеванын тобуна саксофончу болуудан баштаган. Ал 1988-жылы достору менен "А'Студио" тобун түзүп, анын солисти болгон. Шукеновдун "Белая река", "Стоп, ночь", "Солдат любви", "Эти тёплые летние дни", "Нелюбимая", "Джулия" жана башка ырлары коомчулуктун сүймөнчүктүү ырларына айланган.

86
  • Леонид Агутиндин чыгармачылык кечесинде
    © Sputnik / Валерий Левитин

    Батырхан Шукенов менен Николай Расторгуев Леонид Агутиндин чыгармачылык кечесинде.

  • Леонид Агутиндин атасы Николай Агутин, музыкант Андрей Макаревич, Батырхан Шукенов, Леонид Агутин жана Сергей Анохин Юрмаладагы Жаңы толкун 2013 (Новая волна) фестивалынын кечесинде.
    © Sputnik / Валерий Левитин

    Леонид Агутиндин атасы Николай Агутин, музыкант Андрей Макаревич, Батырхан Шукенов, Леонид Агутин жана Сергей Анохин Юрмаладагы "Жаңы толкун-2013" ("Новая волна") фестивалынын кечесинде.

  • Мамлекеттик Кремль сарайында. Концерт алдында.
    © Sputnik / Екатерина Чеснокова

    Мамлекеттик Кремль сарайында. Концерт алдында.

  • Батырхан Шукенов, Алла Пугачева, Владимир Пресняков
    © Sputnik / Владимир Вяткин

    Батырхан Шукенов, Алла Пугачева, Владимир Пресняков.
    "Олимпийский" спорт комплексиндеги "Рождественские встречи" концертинде.

  • Дэнни Бойлдин Миллионер из трущоб киносунун бет ачарында. Кинотеатр Формула КиноЕвропа
    © Sputnik / Роман Кульгускин

    Дэнни Бойлдин "Миллионер из трущоб" киносунун бет ачарында. "Формула КиноЕвропа" кинотеатры.

  • Эл аралык FHM TOP 100 SEXY 2014 рейтингинин жеңүүчүлөрүн Москва шаарында сыйлоо аземинин алдында
    © Sputnik / Евгений Биятов

    Москва. Эл аралык FHM TOP 100 SEXY 2014 рейтингинин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде.

Белгилер:
артист, Батырхан Шукенов

Созгон сайын үнү ачылып... Токон Эшпаевдин сүрөттө калган элеси

472
(жаңыланган 19:46 15.01.2021)
  • Токон Эшпаев бир үйдүн жалгыз уулу болгон. Анын көкүрөгүндөгү таланты ата-энесинин каршылыгына карабай музыкалык жогорку билим алууга түрткөн.
  • Токон Эшпаев менен Рыспай Абдыкадыров Ош педагогикалык институтунун музыка факультетинде бир тайпада билим алышкан. Экөөнүн эсте калган күндөрү абдан көп.
  • 1971-жылы жогорку окуу жайды аяктаган соң ар кыл ансамблдерде обончу, аткаруучу болуп иштеп, аймактарда концерт коюшкан.
  • 1987-жыл. Кыргыз циркинин мурунку директору Курмангазы Исанаев экөө дос болушкан. Андан тышкары, 1986-жылы Маданият министрлигинин алдындагы искусство мекемелеринин жетектөө боюнча жогорку курста бирге окушкан.
  • Токон Эшпаевдин өз энеси ал эки жашка чыкканда төрөттөн каза болуп калган. Бирок өздөй көргөн өгөй энеси Салима апанын мээримине канып чоңоёт.
  • 1967-жылы Ош шаарындагы Маданият үйүндө келечектеги жубайы Инават Камбаралиева менен таанышкан. Экөө студент кезде баш кошот.
  • Кыргыздын генийи Табылды Эгембердиев менен сый тамак үстүндө
  • Токон Эшпаев обон жаратарда ырдын сөзүнө абдан көңүл буруп, акындар менен жакшы иштешкен.
  • Ал Ай, эжеке, Ак көйнөкчөн аппак кыз, Акманым, Ак тилек, Ардагым, Атама, Гүлдө, Кыргызстан, Жаштык, Каалаймын өмүр көктөмүн, Керме-Тоо жылдыздары, Өзгөчөм, Өмүр салтанаты, Чакырат Чаткалым, Эжеке деп аталган ырлардын автору болгон.
  • Кыргыз эл артисти Жолболду Алыбаев жана белгилүү обончу Абдыкерим Ахмедов менен түшкөн
  • Токон Эшпаев жубайы Инават Камбаралиева экөө беш баланын бактылуу ата-энеси болушкан
  • Залкар талант 2014-жылы 64 жашында ооруканадан көз жумган.
Классик обончу, белгилүү ырчы Токон Эшпаев быйыл көзү тирүү болгондо 70 жашка толмок. 1970-80-жылдары белгилүү обончунун аккордеон менен аткарган ырлары азыр да эл оозунда.

Улуу таланттын көзү өтсө да, анын экинчи өмүрү ырларында жашап калды. Sputnik Кыргызстан агенттиги Токон Эшпаев тууралуу сүрөттөрдүн түрмөгүн даярдаган.

Токон Эшпаев бир үйдүн жалгыз уулу болгондугу маалым. Атасы 60тан ашканда көргөн уулуна ырымдап Токтомамат деген ысым ыйгарат. Себеби ага чейинки балдары чарчап кала берген экен. Токтомамат эки жашка чыкканда төрөттөн улам апасы каза таап, Салима аттуу өгөй энесинин колунда чоңоёт. Бирок Салима апа кичинекей Токон менен анын бир туугандарын бооруна басып, энесиндей мээрим төгүп камкордукка алыптыр.

Кийин 1969-жылы чоң сахнага аттанганда белгилүү талант Токон Эшпаев деген ат менен элге таанылган.

Токон Эшпаев обон жаратарда ырдын сөзүнө абдан көңүл буруп, акындар менен жакшы иштешкендигин жакындан тааныгандар айтышат. Обончу "Ай, эжеке", "Ак көйнөкчөн аппак кыз", "Акманым", "Ак тилек", "Ардагым", "Атама", "Гүлдө, Кыргызстан", "Жаштык", "Каалаймын өмүр көктөмүн", "Керме-Тоо жылдыздары", "Өзгөчөм", "Өмүр салтанаты", "Чакырат Чаткалым", "Эжеке" деп аталган ырлардын автору болгон.

Ал Ош педагогикалык институтунун музыка факультетинде билим алып, кадимки Рыспай Абдыкадыров менен тайпалаш эле. Студент кезинде эле 1970-жылы Иноват Камбаралиевага баш кошуп, экөө беш баланын ата-энеси болушат.

1971-жылы аталган жогорку окуу жайды аяктаган соң ар кыл аскердик ансамблдерде аткаруучу, жергиликтүү райондук кеңештин маданият бөлүмүнүн башчысы өңдүү жетекчилик кызматтарда иштеген. 1986-жылы Маданият министрлигинин алдындагы искусство мекемелерин жетектөө боюнча жогорку курсту аяктап, 1987-жылдан 1992-жылга чейин Ош облустук филармониясында директор болот.

Ал эми 1993-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Ош облустук филармониясынын солист-вокалисти болуп эмгектенген.

Кант диабети жана боор илдетинен жабыркап келген Токон Эшпаев 2014-жылы 64 жашында ооруканадан көз жумган. Дарыгерлер боорго күч келет деп акыркы кезде ырдаганга тыюу салат. Бирок белгилүү обончу буулуккан булбулдай болуп ырдамайынча тура алган эмес. Обон созгон сайын үнү ачылып, бир отурганда он чакты чыгарманы бир ырдаган адаты болгонун айтып келишет. Акыркы жолу ооруганда дайыма дарыланып жүргөн Бишкектеги ооруканага барууга макул болбой койгон.

Токон Эшпаевдин сөөгү Ош шаарында жерге берилген.

472
  • Токон Эшпаев бир үйдүн жалгыз уулу болгон. Анын көкүрөгүндөгү таланты ата-энесинин каршылыгына карабай музыкалык жогорку билим алууга түрткөн.
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    Токон Эшпаев бир үйдүн жалгыз уулу болгон. Анын көкүрөгүндөгү таланты ата-энесинин каршылыгына карабай музыкалык жогорку билим алууга түрткөн.

  • Токон Эшпаев менен Рыспай Абдыкадыров Ош педагогикалык институтунун музыка факультетинде бир тайпада билим алышкан. Экөөнүн эсте калган күндөрү абдан көп.
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    Токон Эшпаев менен Рыспай Абдыкадыров Ош педагогикалык институтунун музыка факультетинде бир тайпада билим алышкан. Экөөнүн эсте калган күндөрү абдан көп.

  • 1971-жылы жогорку окуу жайды аяктаган соң ар кыл ансамблдерде обончу, аткаруучу болуп иштеп, аймактарда концерт коюшкан.
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    1971-жылы жогорку окуу жайды аяктаган соң ар кыл ансамблдерде обончу, аткаруучу болуп иштеп, аймактарда концерт коюшкан.

  • 1987-жыл. Кыргыз циркинин мурунку директору Курмангазы Исанаев экөө дос болушкан. Андан тышкары, 1986-жылы Маданият министрлигинин алдындагы искусство мекемелеринин жетектөө боюнча жогорку курста бирге окушкан.
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    1987-жыл. Кыргыз циркинин мурунку директору Курмангазы Исанаев экөө дос болушкан. Андан тышкары, 1986-жылы Маданият министрлигинин алдындагы искусство мекемелеринин жетектөө боюнча жогорку курста бирге окушкан.

  • Токон Эшпаевдин өз энеси ал эки жашка чыкканда төрөттөн каза болуп калган. Бирок өздөй көргөн өгөй энеси Салима апанын мээримине канып чоңоёт.
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    Токон Эшпаевдин өз энеси ал эки жашка чыкканда төрөттөн каза болуп калган. Бирок өздөй көргөн өгөй энеси Салима апанын мээримине канып чоңоёт.

  • 1967-жылы Ош шаарындагы Маданият үйүндө келечектеги жубайы Инават Камбаралиева менен таанышкан. Экөө студент кезде баш кошот.
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    1967-жылы Ош шаарындагы Маданият үйүндө келечектеги жубайы Инават Камбаралиева менен таанышкан. Экөө студент кезде баш кошот.

  • Кыргыздын генийи Табылды Эгембердиев менен сый тамак үстүндө
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    Кыргыздын генийи Табылды Эгембердиев менен сый тамак үстүндө

  • Токон Эшпаев обон жаратарда ырдын сөзүнө абдан көңүл буруп, акындар менен жакшы иштешкен.
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    Токон Эшпаев обон жаратарда ырдын сөзүнө абдан көңүл буруп, акындар менен жакшы иштешкен.

  • Ал Ай, эжеке, Ак көйнөкчөн аппак кыз, Акманым, Ак тилек, Ардагым, Атама, Гүлдө, Кыргызстан, Жаштык, Каалаймын өмүр көктөмүн, Керме-Тоо жылдыздары, Өзгөчөм, Өмүр салтанаты, Чакырат Чаткалым, Эжеке деп аталган ырлардын автору болгон.
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    Ал "Ай, эжеке", "Ак көйнөкчөн аппак кыз", "Акманым", "Ак тилек", "Ардагым", "Атама", "Гүлдө, Кыргызстан", "Жаштык", "Каалаймын өмүр көктөмүн", "Керме-Тоо жылдыздары", "Өзгөчөм", "Өмүр салтанаты", "Чакырат Чаткалым", "Эжеке" деп аталган ырлардын автору болгон.

  • Кыргыз эл артисти Жолболду Алыбаев жана белгилүү обончу Абдыкерим Ахмедов менен түшкөн
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    Кыргыз эл артисти Жолболду Алыбаев жана белгилүү обончу Абдыкерим Ахмедов менен түшкөн

  • Токон Эшпаев жубайы Инават Камбаралиева экөө беш баланын бактылуу ата-энеси болушкан
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    Токон Эшпаев жубайы Инават Камбаралиева экөө беш баланын бактылуу ата-энеси болушкан

  • Залкар талант 2014-жылы 64 жашында ооруканадан көз жумган.
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    Залкар талант 2014-жылы 64 жашында ооруканадан көз жумган.

Белгилер:
Сүрөт, обончу, ыр, Ош, Токон Эшпаев
Тема боюнча
Дүйшөн Байдөбөтов 72 жашка толмок. Улуу таланттын сүрөттөгү экинчи өмүрү

Жаңырган жылдын алгачкы кары. Тазара түшкөн Бишкектин 13 сүрөтү

336
  • Бишкекке кар жаады
  • Бул баш калаа үчүн 2021-жылдагы биринчи кар болду
  • Кардын жаашын Кыргызгидромет борбору бир нече күн мурун эскерткен
  • Муниципалдык кызматтар түндөн тарта эле шаардын көчөлөрүн жана тротуарларын тазалап башташкан
  • Жаш балдар чана тепкенди сагынып калышса керек
  • Кар жаап жатканда коляска менен сейилдеп чыккандар да бар
  • Бишкектик велосипед сүйүүчүлөрүнө кар тоскоол боло албайт
  • Суук аба ырайы ит сүйүүчүлөр үчүн жагымдуу экени айтылат
  • Бирок иттерге жакпайт көрүнөт
  • Синоптиктер мындай аба ырайы узакка созулбай турганын билдиришти
  • Болжолдоолорго ылайык, 15-18-январь күндөрү жаан-чачын болбойт
  • Аба ырайы күндүз жылуу болот. Маселен, Бишкек шаарында 16-январда +14 градуска чейин жетери күтүлүүдө
  • Кол чатырды алып жүрүүнү унутпаңыздар. Ар убак керекке жарап калышы мүмкүн
Бүгүн Бишкекке 2021-жылдагы биринчи кар жаады. Sputnik Кыргызстандын фотокабарчысы кооз көрүнүштөрдү сүрөткө тартып алды.

Кар түндөн тарта жаап баштаган. Таң атканда Бишкек ак карга бөлөнүп калды. Акыркы аптада аба ырайы жылып, мурда жааган кар эрип баштаган болчу.

Бирок синоптиктер мындай аба ырайы көпкө созулбай турганын билдиришүүдө. Алдын ала божомолдоолорго ылайык, 15-январдан 18ине чейин жаан-чачын болбойт. Күндүз жылуу болот. Маселен, Бишкек шаарында 16-январда +14 градус болору күтүлүүдө.

 

336
  • Бишкекке кар жаады
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бишкекке кар жаады

  • Бул баш калаа үчүн 2021-жылдагы биринчи кар болду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бул баш калаа үчүн 2021-жылдагы биринчи кар болду

  • Кардын жаашын Кыргызгидромет борбору бир нече күн мурун эскерткен
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кардын жаашын Кыргызгидромет борбору бир нече күн мурун эскерткен

  • Муниципалдык кызматтар түндөн тарта эле шаардын көчөлөрүн жана тротуарларын тазалап башташкан
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Муниципалдык кызматтар түндөн тарта эле шаардын көчөлөрүн жана тротуарларын тазалап башташкан

  • Жаш балдар чана тепкенди сагынып калышса керек
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жаш балдар чана тепкенди сагынып калышса керек

  • Кар жаап жатканда коляска менен сейилдеп чыккандар да бар
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кар жаап жатканда коляска менен сейилдеп чыккандар да бар

  • Бишкектик велосипед сүйүүчүлөрүнө кар тоскоол боло албайт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бишкектик велосипед сүйүүчүлөрүнө кар тоскоол боло албайт

  • Суук аба ырайы ит сүйүүчүлөр үчүн жагымдуу экени айтылат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Суук аба ырайы ит сүйүүчүлөр үчүн жагымдуу экени айтылат

  • Бирок иттерге жакпайт көрүнөт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бирок иттерге жакпайт көрүнөт

  • Синоптиктер мындай аба ырайы узакка созулбай турганын билдиришти
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Синоптиктер мындай аба ырайы узакка созулбай турганын билдиришти

  • Болжолдоолорго ылайык, 15-18-январь күндөрү жаан-чачын болбойт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Болжолдоолорго ылайык, 15-18-январь күндөрү жаан-чачын болбойт

  • Аба ырайы күндүз жылуу болот. Маселен, Бишкек шаарында 16-январда +14 градуска чейин жетери күтүлүүдө
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Аба ырайы күндүз жылуу болот. Маселен, Бишкек шаарында 16-январда +14 градуска чейин жетери күтүлүүдө

  • Кол чатырды алып жүрүүнү унутпаңыздар. Ар убак керекке жарап калышы мүмкүн
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кол чатырды алып жүрүүнү унутпаңыздар. Ар убак керекке жарап калышы мүмкүн

Белгилер:
Сүрөт, кар, Бишкек
Тема боюнча
Кыш келбей жатып ак кар жамынган Бишкектин сүрөттөрү
Эл аралык спорт чебери болгон алгачкы кыргыз кызы, жөө күлүк Гулшана Сатарова

Эл аралык спорт чебери болгон алгачкы кыргыз кызы. Жөө күлүк Сатарова менен маек

0
(жаңыланган 15:45 17.01.2021)
Гулшаной Сатарова айымдар арасында жеңил атлетика боюнча эл аралык спорт чебери наамын алган алгачкы жана жалгыз кыргыз спортчусу.

Өзбекстанда төрөлүп-өскөн жөө күлүк бой жеткен кезинде Кыргызстанга кайтып келип, өлкөбүздүн туусун бир катар мелдештерде желбиретип жүрөт. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы 28 жаштагы атлет менен кезигип дүйнөлүк аренада жараткан ийгиликтери, спортко аралашуусу жана жеңил атлетиканын өзгөчөлүктөрү тууралуу баарлашты.

— Айымдар арасында алгачкы Эл аралык спорт чебери наамын алган спортчу болуу кандай сезим?

— Албетте, мындай жогорку наамга жеткен биринчи кыргыз жеңил атлети болуу өтө жагымдуу. Жаңы кыялдарды жаратып, дагы да көптөгөн бийиктиктерди багындырууга түрткү болот. Бирок убакыт өткөн сайын жеке мен үчүн көнүмүш эле нерсеге айланып калды десем болот. Ошол эле кезде үстүңө чоң жоопкерчиликти дагы жүктөйт. Мисалы, кээде үй-бүлөлүк же болбосо башка нерселерден улам балким спортту таштасамбы деген ойлор келип калат да. Ошондой кезде башкалардын сага болгон ишеними, ошол эле жоопкерчиликтен улам азыр токтотуу туура эместигин түшүнүп, уланта бересиң. 

— Эми өзүңүз тууралуу бир аз айта кетсеңиз.

— Мен 1992-жылы Өзбекстандын Анжиян облусуна караштуу Коргон-Төбө районунун Токтогул айылында жарык дүйнөгө келгем. Ата-энем негизинен өзүбүздүн эле Баткенден болушат. Бирок убагында турмуш шартына байланыштуу Өзбекстанга барып, ал жакта чоңоюп, анан чогуу түтүн булатып калышкан. Жети бир туугандын эң кичүүсүмүн. Беш агам жана эжем бар. Спорттун жеңил атлетика түрү менен машыгам. 1500 метр жана үч чакырымдык аралыкка чуркайм. Ошондой эле жакында 42 чакырымдык марафондо да күчүмдү сынай баштадым. 

 Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшана Сатарова во время тренировок
© Фото / Азат Акаев
Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшана Сатарова

— Кошуна өлкөдө балалыгыңыз кандай өттү?

— Башкалардан айырмаланбаган эле бактылуу балалыкты башыман өткөрдүм. Ал жакта өткөргөн күндөрүмдү эстеген сайын азыр деле сагыныч, кусалануу болуп турат. Кантсе да киндик каным тамган, туулуп-өскөн жерим. Менин спортко болгон сүйүүмдүн да башталган жери. Андыктан менин жөнөкөй жана спорттук жашоом үчүн айылымдын орду чоң.

— Кыргызстанга кантип келип калдыңыздар?

— Кошуна өлкө болгону үчүн кичинекей кезимден бери эле келип-кетип турчумун. Бул жакта туугандарыбыз бар эле. Кийинчерээк спорт менен алектене баштаган кезде өзбекстандык жеңил атлет катары келип мелдештерге катыша баштадым. Андыктан Кыргызстан эч качан мага бөтөн болгон эмес. Мектепте окуп жүргөн кезимде үй-бүлөбүздүн баары Жалал-Абадга көчүп келип, биротоло жашап калышты. Мен спорт колледжиндеги окуумду бүтүргөнгө чейин Өзбекстанда жүрүп калдым. Орто билимдүү болгон соң он сегиз жашымда бир туугандарымдын жанына келейин деп чечтим. Экинчиден, кыргыз болгон соң Кыргызстандын желегинин алдында мелдештерге катышкым келди. Эгерде ийгиликтерге жетишсем, анда кыргыз туусу желбиреп, гимни ырдалып турса деген тилегимди орундатууну чечтим.

— Алгач келгенде эки өлкөнүн жашоо же спорттук шарттары боюнча айырма байкалдыбы?

— Күнүмдүк жашоодо эч кандай айырма деле жок. Маданиятыбыз, менталитетибиз окшош эле элбиз да. Ал эми спорт тармагында, албетте, айырма бар. Өзбекстандын бул жаатта күчтүү экендиги баарыбызга эле белгилүү. Ал жакта спорт ар дайым биринчи орунда тургандыктан, ага жараша мамиле, көңүл буруу да жогорку деңгээлде. Бирок, айта кетчү нерсе, бизде акыркы беш жылдын ичинде жеңил атлетика өнүгүү жолуна түштү. Жеке өзүмө сезилген айырма же өзгөчөлүк тууралуу айта турган болсом, Кыргызстандын абасы, климаты абдан жакты. Бул спорттук карьерама да жакшы жардам берип, кыска аралыкта күчтүү жөө күлүккө айландым десем болот. Келгениме бир жыл боло элек жатып спорт чеберлигине жеттим. Мелдештерде жогорку жыйынтыктарга жетише баштадым. Алгач мындай ийгиликтерге өзүм да таң калчумун. 

Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшана Сатарова после победы на соревновании
© Фото / из личного архива Гулшаны Сатаровой
Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшана Сатарова

— Спортко кантип аралашып калдыңыз жана эмне үчүн жеңил атлетиканы тандадыңыз?

— Спортко болгон кызыгуум кичинекей кезимден бери эле күчтүү болчу. Алгачкы жолу каратэ мектебинин босогосун аттагам. Себеби байкелеримин эң кенжеси спорттун ушул түрү менен машыкчу. Мен да болбой эле анын артынан ээрчип, кызыгып жүрүп бир жылга жакын алектендим. Анан үйдө атамдан коркуп, мага катуу басым жасай албаган байкем мектепте күчүн чыгара баштады. Машыгуу учурунда спарринг-өнөгү катары мени тандап алып эле үстөмдүк кыла берчү. Ошондон тажап калган кезде классташтарым жеңил атлетика боюнча машыгуу залы ачылганын айтып калышты. Ал кезде үчүнчү класста окучумун. Ошентип жеңил атлетикага баш багып, он сегиз жылдан бери алектенип келем.

— Эл аралык жана жергиликтүү аренада көптөгөн ийгиликтерге жетиштиңиз. Арасында эң эсте калганы кайсынысы деп эсептейсиз?

— Ар бир спортчу үчүн алгачкы жеңиши эсинде калса керек. Алгач 2009-жылы Беларуста өткөн Евразия оюндарында ийгиликке жетишкем. Ал кезде Өзбекстандын атынан катышчумун. Алгачкы күнү күмүш медаль тагынсам, экинчи күнү алтынга ээ болдум. Ал күнкү сезимдер азыркыга чейин эсимден кетпейт. Себеби менин спортчу катары жолумдун ачылышы эле. Ал эми эң маанилүүсү катары 2017-жылы Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында өткөн Азия оюндарындагы экинчиликти эсептейм. Ал күмүш медалымдын орду өзгөчө. Анткени жаңы гана кыздуу болгон кезим эле. Бир жылга жакын бөбөк менен үйдө отуруп, спорттук иш-чараларды токтотуп койгон болчумун. Кайрадан баарын нөлдөн баштоого туура келди. Машыгып баштаган кезимде спортко жаңыдан келгендей эле болгом. Ошентип кызым бир жашка толо элек жатып алгачкы чоң мелдештеримдин бирине катыштым. Дароо эле байгелүү орунга ээ болуу чоң жетишкендик болду.

— Каражат жагына токтоло кетсек. Алдыңкы спортчулардын катары сиздин абалыңыз кандай?

— Мамлекеттен ай сайын стипендия берилип турат. Ал күнүмдүк жашоомо жетет десем болот. Башка кошумча кирешем жок, бир гана спорт менен алектенем. Менин байкашымча, каражат жагынан айрыкча эркек спортчулар көбүрөөк кыйналышат. Үй-бүлөң болсо абалың дагы да оорлошот. Менин кызым да жакында бешке чыгат. Ошентсе да кудайга шүгүр деп жашап келе жатабыз. 

Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшана Сатарова с семьей
© Фото / из личного архива Гулшаны Сатаровой
Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшана Сатарова

— Жолдошуңуз колдоо көрсөтүп турабы?

— Жолдошум жеке ишкерлик менен алектенет. Бирок өзү да спорт чөйрөсүндөгү инсан. Бокс менен машыгып, спорт мектебин бүтүргөн. Андыктан мени ар дайым түшүнүп, колдоп келет. Ал тургай кээде чарчап же болбосо көңүлүм келбей калганда мага түрткү берет. Ар бир эле спортчунун кыялы Олимпиада оюндарына катышуу болсо керек. Жолдошум да ар дайым "мен катыша албасам да сен сөзсүз түрдө күчүңдү сынап көрүшүң керек" деп айтып турат. Өзүбүз Ош шаарында жашайбыз. Кайын журтум да абдан түшүнүктүү, жакшы адамдар. Мага болгон колдоосу аябай жакшы. Эч качан үйдө олтуруп тамак жаса, кызмат кыл деп айтышпайт. Тескерисинче, спортко көбүрөөк көңүл бугудай шарт түзүп беришкен.

— Пандемия сиздерге да кедергесин тийгизсе керек?

— Албетте, башка спорт түрлөрүндөй эле жеңил атлетикада да иш-чаралар токтоп калды. Өткөн жылы Германия, Польша жана Кытайда мелдештер болмок. Тилекке каршы, баарынын убактысы жылдырылды же өтпөй калды. Ал эми машыгуу жаатында өзгөрүү болгон деле жок. 2020-жылдын башында курама команда менен чогуу болуп, февраль айынын аягында үйгө келгенбиз. Анан дароо карантин башталып, бир айга жакын эч жакка чыга албай калдык. Андан соң машыгууга мурдагыдай эле кириштик. Баарыбыз Кара-Көлгө чогулуп даярдыгыбызды күзгө чейин уланттык.

— Эл арасында чуркоону спорттун оңой түрү деп ойлогондор көп кездешет. Бул тууралуу оюңуз кандай?

— Тескерисинче, жеңил атлетиканы спорттун эң татаал түрүнө кошор элем. Албетте, баарыбыз эле чуркай алабыз, болгону бир бут кийим гана керек деп ойлошу мүкүн. Бирок эч ким билбеген сырлары, өзгөчөлүктөрү көп. Ошол эле кезде белгилүү бир убакыт ичинде болушунча ылдам чуркоо чындап келгенде өтө кыйын. Андыктан профессионал жөө күлүк болуу эл ойлогондой оңой нерсе эмес. 

Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшана Сатарова с тренером
© Sputnik / Азат Акаев
Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшана Сатарова

— Кыйын спорт деп калдыңыз, ырахаты эмнеде?

— Дал ошол кыйындыгында. Машыгуу учурунда кыйналасың, ызаланасың, кээде ыйлаган күндөрүң да болот. Эмне үчүн спортту тандадым, жөнөкөй жашоо менен эле жашасам болбойт беле дейсиң. Бирок ошончо кыйынчылыктардан кийин ийгиликке жетүү эң сонун нерсе. Аракетиң жакшы жыйынтыкталып, ар күнкү машыгууларың түшүмүн берип байге тепкичине чыккан кезде баарын унутасың. Бул сөз менен айтып жеткире алгыс ырахат.

— Жеңил атлетика менен алектенгиси келген жаш спортчуларга кандай кеңеш берет элеңиз?

— Эч кандай кыйынчылыктарга карабай алдыга умтулуп, койгон максаттарыңарды жарым жолдо таштабагыла дейт элем. Спорттун бардык түрлөрү сыяктуу жеңил атлетиканын да оорчулугу бар. Бир окуя эч эсимден кетпейт. Мен өзүм айылда чоңойгон кызмын. Үчүнчү класста окум жүргөн кезимде алгачкы жолу шаарга мелдешке келип калдым. Мелдеш өтчү жерде биринчи жолу спорттук кийимдерди көрдүм. Билесиздер, жеңил атлеттер кыска, денеге жабышкан кийимдерди кийишет. Спортчулардын баары ошондой форма менен жүрсө, мен жөнөкөй күнүмдүк кийим менен эле келгем. Аларды алгач көргөндө сууда сүзүүгө арналган кийим деп ойлоп, дароо базарга барып өзүмө сатып келдим. Аны кийип чуркай баштаганымда башкалардын шылдыңдап жатканын байкадым. Бирок буга окшогон майда жана чоң тоскоолдуктарга көңүл бурбай, талыкпай машыга бердим. Мээнетке жараша жыйынтык келерине ишенем. 

Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшана Сатарова после победы на соревновании
© Фото / из личного архива Гулшаны Сатаровой
Мастер спорта международного класса легкоатлетка Гулшана Сатарова

— Күндө чуркаган жөнөкөй жарандар көп кеңеш сурашса керек?

— Ооба, өтө көп. Күнүмдүк жашоодо ден соолукту чыңдоо үчүн чуркоо өтө пайдалуу. Бирок өзүңдү катуу кыйнабаш керек. Көпчүлүк адамдар башында кызыгуу күчтүү болгондуктан эки-үч күн катуу чуркап алышат. Эртеси катуу кыйналгандыктан көңүлү калып таштап коюшат. Андыктан денеге, өзгөчө жүрөккө күч келтирбей тургандай кылып жай баштоо керек. Акырындык менен көнүккөн соң таштабаганга аракет кылып уланта берсе, чуркоо ден соолукка эң пайдалуу спорт.

— Спортчу үчүн машыктыруучунун орду чоң да. Тренериңиз тууралуу айта кетсеңиз?

— Ар бир спортчуну ийгиликке жетелей турган адам — бул машыктыруучу. Өзүм эле даярданып ийгиликке жетишем деген болбогон нерсе. Менин спорттук карьерамда гана эмес, жашоомдо да өзгөчө орду бар тренерлерим бар. Алардын бири  — Өзбекстандагы алгачкы агайым Жаныш Абдусаттаров. Мени спорт мектебине киргизип, ушул жаатта алгачкы кадамымды таштоого түрткү болгон. Азыр ойлоп көрсөм, мен үчүн өтө чоң жакшылык кылган экен. Мектепте Галыбжан Эргашев деген агайдын колунда алты жыл машыктым. Ал да мага эбегейсиз жардам көрсөттү. Анткени башкаларга окшоп жатаканада эмес, анын үйүндө жашачумун. Ошондой эле азыркы машыктыруучум Абдылла Төрөжановду айта кетер элем. Он жылдан бери биргебиз. Мамилебиз аябай жакшы. Бири-бирибизди бат түшүнүп, маанайыбыз кандай экенин дароо байкап, ошого карата мамиле жасайбыз. Чынын айтсам, канча жакшы сөз айтсам да жетишсиз.

0
Белгилер:
ден соолук, машыктыруучу, чуркоо, жөө күлүк, жеңил атлетика, спорт
Тема боюнча
Эки жуманын ичинде кантип арыктаса болот? Фитнес-моделдин кеңештери