Кыргыз Жеки Чаны жана Рассел Кроу белгилүү жылдыздардын "түгөйлөрү" Бишкекте

2045
(жаңыланган 18:07 25.05.2015)
  • Мен Жеки аталып калганыма 20 жылдан ашты. Көчөдөн бирөө Бакыт деп чакырып калса, мен кайрылбайм дагы. Ал эми Жеки деген атты укканда дароо карайм, — дейт Кудайбергенов
Кыргызстандун борборунда "Жеки Чан", "Рассел Кроу" "Владимир Познер" жана башка "белгилүү инсандар жашайт".

Sputnik кабарчысы Бишкектен дүйнөлүк деңгээлдеги жылдыздарга түспөлдөш адамдарды тапты. Алардын кимдир бири белгилүү адамга окшоштугуна кайдыгер караса, экинчилери өзүн Голливуд жылдызындай сезип кеткен учурлар да болот. 

2045
  • 45 жашар Жеки Чандын өз аты Бакыт Кудайбергенов жана ал Кыргыз темир жолунун кызматкери. Ал эбактан бери эле өз атынан чакыргандарга кулак салбай калганын айтат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    45 жашар "Жеки Чандын" өз аты Бакыт Кудайбергенов жана ал "Кыргыз темир жолунун" кызматкери. Ал эбактан бери эле өз атынан чакыргандарга кулак салбай калганын айтат.

  • Мен Жеки аталып калганыма 20 жылдан ашты. Көчөдөн бирөө Бакыт деп чакырып калса, мен кайрылбайм дагы. Ал эми Жеки деген атты укканда дароо карайм, — дейт Кудайбергенов
    © AFP 2021 / TOSHIFUMI KITAMURA

    "Мен Жеки аталып калганыма 20 жылдан ашты. Көчөдөн бирөө "Бакыт" деп чакырып калса, мен кайрылбайм дагы. Ал эми "Жеки" деген атты укканда дароо карайм", — дейт Кудайбергенов

  • Орус актеру Михаил  Пореченковго окшош бишкектин тургуну – Борис Глобус. Ал 37 жашта жана Ретро-FM радиосунда ди-джей болуп иштейт. Анын сүрөтүн азыр көрүп жатканы менен, үнүн эртең менен миңдеген кыргызстандыктар угуп келет.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Орус актеру Михаил Пореченковго окшош бишкектин тургуну – Борис Глобус. Ал 37 жашта жана "Ретро-FM" радиосунда ди-джей болуп иштейт. Анын сүрөтүн азыр көрүп жатканы менен, үнүн эртең менен миңдеген кыргызстандыктар угуп келет.

  • Донецкиге өзүнүн Поддубный аттуу жаңы тасмасын алып келген актер Михаил Пореченков Звездочка кинотеартында көрүүчүлөрдүн алдында.
    © Sputnik / Алексей Куденко

    Донецкиге өзүнүн "Поддубный" аттуу жаңы тасмасын алып келген актер Михаил Пореченков "Звездочка" кинотеартында көрүүчүлөрдүн алдында.

  • 53 жашар эркин сүрөтчү Алимжан Жоробаев Голливуд жылдызы Лоуренс Фирбёрнго жана Морфиус деген ат менен белгилүү фантастикалык согушкер Матрицага окшош.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    53 жашар эркин сүрөтчү Алимжан Жоробаев Голливуд жылдызы Лоуренс Фирбёрнго жана Морфиус деген ат менен белгилүү фантастикалык согушкер "Матрицага" окшош.

  • Жубайыма да бул жагат, — дейт Жоробаев. Ал белгилүү артистке окшоштугунан эч ыңгайсызданбай турганын айтты.
    © AFP 2021 / JOE KLAMAR

    "Жубайыма да бул жагат", — дейт Жоробаев. Ал белгилүү артистке окшоштугунан эч ыңгайсызданбай турганын айтты.

  • Владимир Познерге окшош 72 жашар Григорий Фоменко Бишкекте телекомпаниялардын биринде айдоочу болуп иштейт.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Владимир Познерге окшош 72 жашар Григорий Фоменко Бишкекте телекомпаниялардын биринде айдоочу болуп иштейт.

  • Тележурналист Владимир Познер Остоженкодогу өзүнүн Жеральдин ресторанында.
    © Sputnik / Кирилл Каллиников

    Тележурналист Владимир Познер Остоженкодогу өзүнүн "Жеральдин" ресторанында.

  • Америкалык актер Рассел Кроуга өтө окшош, Бишкектин 57 жашар тургуну кээде бут кийим оңдоочу ишканада иштейт, аты Александр Никитенко.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Америкалык актер Рассел Кроуга өтө окшош, Бишкектин 57 жашар тургуну кээде бут кийим оңдоочу ишканада иштейт, аты Александр Никитенко.

  • Никитенко аны Кроуга биринчи жолу салыштырып жатышканын айтып, эми өзүнө түспөлдөш артист ойногон Гангстер тасмасын сөзсүз көрөм деди.
    © Фото

    Никитенко аны Кроуга биринчи жолу салыштырып жатышканын айтып, эми өзүнө түспөлдөш артист ойногон "Гангстер" тасмасын сөзсүз көрөм деди.

  • Голливуд жылдызына окшош бул адамдын айтымында, аны мурда белгилүү музыкант Пол Маккартниге окшоштурушчу экен.
    © AFP 2021 / VALERIE MACON

    Голливуд жылдызына окшош бул адамдын айтымында, аны мурда белгилүү музыкант Пол Маккартниге окшоштурушчу экен.

  • Бишкектик жаш жигит Александр Бобров Голливуддагы эң көп акча тапкан актеру Марк Уолберге окшош. Ал жакшы жана жылдыздуу. Өзү бутуна туруп, ал тургай, баңгиге эч кызыкпаганын билем.  Бирок кийин музыка менен алектенип, киного тартыла баштаган, — дейт өз түгөйү жөнүндө Бобров.
    © Фото / Ренат Торомамбетов

    Бишкектик жаш жигит Александр Бобров Голливуддагы эң көп акча тапкан актеру Марк Уолберге окшош. "Ал жакшы жана жылдыздуу. Өзү бутуна туруп, ал тургай, баңгиге эч кызыкпаганын билем. Бирок кийин музыка менен алектенип, киного тартыла баштаган", — дейт өз "түгөйү" жөнүндө Бобров.

Белгилер:
Бишкек, жылдыз, түспөлдөш адамдар

Вулкандын күлү баскан унаадан акваланг кийген Аяз атага чейин. Сүрөт түрмөк

84
  • Вулкан изилдөөчүлөрдүн айтымында, дал ушул жаракадан Пальма аралында лава чыккан. Ал 19-сентябрда башталган. Азыркы күндө 1,1 миң гектардан ашык аянтты каптап, жети миңден ашык адам эвакуацияланган, 2,7 миң имарат талкаланды
  • Футбол боюнча Аргентина курама командасынын жана франциялык ПСЖ клубунун чабуулчусу Лионель Месси Европада эң мыкты футболчу деп табылып, France Football журналынын Алтын топ сыйлыгына татыды. Месси муну менен өзүнүн рекордун жаңылап, футболдогу эң абройлуу жекелик сыйлык деп саналган Алтын топту жетинчи жолу алды
  • БШК башчысы Нуржан Шайлдабекова алдын ала жыйынтык боюнча Жогорку Кеңешке өтпөй калган саясий партиялардын тарапташтары уюштурган митингде сүйлөп жатат. Шайлдабекова митингге чыккандар менен жолугуп, БШК сайтында добуштар саналып жаткан чакта автоматтык эсептөө системасында кеткен мүчүлүштүктөр үчүн кечирим сурады. Ата Мекен, Социал-демократтар, Улуттар биримдиги жана Азаттык партиялары кайра шайлоо өткөрүүнү жана министрлер кабинетин отставкага кетүүсүн талап кылышкан
  • 2021-жылдын 4-декабры. Антарктидадагы Polar Union мөңгүсүндө турган адамдар күндүн толук тутулушуна күбө болуп жатышат
  • 2-декабрда Ангела Меркель 16 жылдык карьерасынан соң Германиянын канцлери кызматынан расмий түрдө кетти. Анын урматына Берлинде салтанаттуу азем уюштурулду. Мындай салт XVI кылымда башталган. Салтанат дайыма кечинде өтөт, улуттук гимн жана марш сыяктуу бир нече музыкалык чыгармалардан турат. Мындан тышкары, шам чырактар жагылат
  • Ырчы Рианна Барбадостун улуттук баатыры сыйлыгын өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо учурунда президент Сандра Мейсондун колунан алды. Сентябрдын аягында Барбадостун парламенти Конституцияга монархиялык башкаруу формасынан баш тартып, өлкөнү республикага айландырууга мүмкүндүк берүүчү түзөтүүлөрдү киргизген. Ал бир добуштан колдоого алынды. Дээрлик бир айдан кийин арал генерал-губернатор Сандра Мейсонду алгачкы президент кылып дайындоо үчүн добуш беришкен. 29-ноябрда ал ант берип, мамлекетти жетектей баштады
  • Жөө баскан киши Стамбулдагы катуу бороондо оодарылып кеткен кеменин жанынан өтүп бара жатат. Стамбулда жана өлкөнүн түндүк-чыгышындагы эки провинциядагы кырсыкта алты адам каза болгону маалым. Мындан сырткары, чатыр сыныктарынан 46 киши жаракат алган. Шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде саатына 130 чакырымга жеткени маалым болду
  • Даджабондо (Доминикан Республикасы) тоокторун шаарга алып бара жаткан киши
  • Бангкоктогу (Таиланд) Motor Expo көргөзмөсүндө модель кыздар Porsche Carrera GTS автоунаасын жандап турушат
  • Кабул шаарында (Афганистан) апта сайын жума намаздан кийин салттуу күрөштүн түрү боюнча мелдеш өткөрүлөт
  • Беларусь менен Польшанын чек арасындагы Брузги өткөрмө бекетиндеги мигранттарды убактылуу кармоочу борборунда аял намаз окуп жатат
  • Модель Жордан Данн Лондондогу Fashion Awards 2021 сыйлыгын тапшыруу салтанатынын кызыл килеминен өтүп бара жатат. Редакторлор, стилисттер, сатып алуучулар жана мода басма сөзүнүн өкүлдөрүнөн турган британиялык Мода кеңеши жыл сайын бул сыйлык менен мода индустриясынын мыктыларын сыйлайт
  • Түштүк Кореянын Сеул шаарында жаш кыз океанариумда Санта Клаустун кийимин кийген суучулдун сүзүп жатканын карап жатат
  • Бразилиянын Бротас шаарында арыктаган жапайы буйволдорго ыктыярчылар жем берип жатышат
  • Сергек жана жигердүү жашоо образына үндөгөн активист кыштын биринчи күнүнө арналган Сибирдин аппак пляждары акциясында Обь дарыясында сүзүп бара жатат
  • Индонезиялык киши Семеру жанар тоосу атылгандан кийин күл астында калган жүк ташуучу унаасын казып чыгарганы жатат. Ишемби күнү башталган вулкандын күлү Чыгыш Явадагы жакын жайгашкан айылдарды каптап калган. Жергиликтүү тургундар дүрбөлөңгө түшүп качып кетишкен. Кеминде 13 адам каза болуп, жүзгө жакыны жаракат алганы айтылды
  • Иерусалимдеги Дөөт (Давид) мунарасында турган Аалам сулуусу сынагынын катышуучулары
Sputnik Кыргызстан өткөн аптада дүйнөдө болгон эң кызыктуу окуяларды камтыган кезектеги сүрөт түрмөгүн сунуш кылат.

Пальма аралында (Испания) Камбре Виеха жанар тоосунун атылышы уланууда. Ал 19-сентябрда башталган. Натыйжада 1,1 миң гектардан ашык аянтты лава каптап, жети миңден ашык адам эвакуацияланган, 2,7 миң имарат талкаланды.

Футбол боюнча Аргентина курама командасынын жана "ПСЖ" клубунун чабуулчусу Лионель Месси Европада эң мыкты футболчу деп табылып, France Football журналынын "Алтын топ" сыйлыгын алды.

Берлинде (Германия) өлкөнүн канцлери кызматынан расмий түрдө кеткен Ангела Меркелди узатуу салтанаты өттү.

Түркияда катуу бороон-чапкын катталып, алты киши мерт болду. Урагандан, имараттардын чатыр сыныктарынан 46 киши жаракат алган. Бороон-чапкындын ылдамдыгы саатына 130 чакырымга жеткени айтылды.

Беларуста миграциялык кризис уланууда. Качкындар Беларусь менен Польшанын чек арасындагы "Брузги" өткөрмө бекетиндеги мигранттарды убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кабул шаарында (Афганистан) апта сайын жума намаздан кийин салттуу күрөштүн түрү боюнча мелдеш өткөрүлүп жатат.

Бразилиянын Бротас шаарында ыктыярчылар арыктаган жапайы буйволдорду багышкан.

Новосибирск шаарында (Россия) кыштын биринчи күнүнө карата "Сибирдин аппак пляждары" акциясы өттү.

Лондондо (Улуу Британияда) Fashion Awards 2021 сыйлыгын тапшыруу аземи өттү.

Индонезияда Семеру жанар тоосу атыла баштады. Анын күлү Чыгыш Явадагы жакын жайгашкан айылдарды каптап, жергиликтүү тургундарды дүрбөлөңгө салган. Кеминде 13 адам каза болуп, жүзгө жакыны жаракат алды.

Иерусалимде (Израиль) "Аалам сулуусу" сынагы өттү.

84
  • Вулкан изилдөөчүлөрдүн айтымында, дал ушул жаракадан Пальма аралында лава чыккан. Ал 19-сентябрда башталган. Азыркы күндө 1,1 миң гектардан ашык аянтты каптап, жети миңден ашык адам эвакуацияланган, 2,7 миң имарат талкаланды
    © AP Photo / Emilio Morenatti

    Вулкан изилдөөчүлөрдүн айтымында, дал ушул жаракадан Пальма аралында лава чыккан. Ал 19-сентябрда башталган. Азыркы күндө 1,1 миң гектардан ашык аянтты каптап, жети миңден ашык адам эвакуацияланган, 2,7 миң имарат талкаланды

  • Футбол боюнча Аргентина курама командасынын жана франциялык ПСЖ клубунун чабуулчусу Лионель Месси Европада эң мыкты футболчу деп табылып, France Football журналынын Алтын топ сыйлыгына татыды. Месси муну менен өзүнүн рекордун жаңылап, футболдогу эң абройлуу жекелик сыйлык деп саналган Алтын топту жетинчи жолу алды
    © AFP 2021 / FRANCK FIFE

    Футбол боюнча Аргентина курама командасынын жана франциялык "ПСЖ" клубунун чабуулчусу Лионель Месси Европада эң мыкты футболчу деп табылып, France Football журналынын "Алтын топ" сыйлыгына татыды. Месси муну менен өзүнүн рекордун жаңылап, футболдогу эң абройлуу жекелик сыйлык деп саналган "Алтын топту" жетинчи жолу алды

  • БШК башчысы Нуржан Шайлдабекова алдын ала жыйынтык боюнча Жогорку Кеңешке өтпөй калган саясий партиялардын тарапташтары уюштурган митингде сүйлөп жатат. Шайлдабекова митингге чыккандар менен жолугуп, БШК сайтында добуштар саналып жаткан чакта автоматтык эсептөө системасында кеткен мүчүлүштүктөр үчүн кечирим сурады. Ата Мекен, Социал-демократтар, Улуттар биримдиги жана Азаттык партиялары кайра шайлоо өткөрүүнү жана министрлер кабинетин отставкага кетүүсүн талап кылышкан
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    БШК башчысы Нуржан Шайлдабекова алдын ала жыйынтык боюнча Жогорку Кеңешке өтпөй калган саясий партиялардын тарапташтары уюштурган митингде сүйлөп жатат. Шайлдабекова митингге чыккандар менен жолугуп, БШК сайтында добуштар саналып жаткан чакта автоматтык эсептөө системасында кеткен мүчүлүштүктөр үчүн кечирим сурады. "Ата Мекен", "Социал-демократтар", "Улуттар биримдиги" жана "Азаттык" партиялары кайра шайлоо өткөрүүнү жана министрлер кабинетин отставкага кетүүсүн талап кылышкан

  • 2021-жылдын 4-декабры. Антарктидадагы Polar Union мөңгүсүндө турган адамдар күндүн толук тутулушуна күбө болуп жатышат
    © AP Photo / Felipe Trueba

    2021-жылдын 4-декабры. Антарктидадагы Polar Union мөңгүсүндө турган адамдар күндүн толук тутулушуна күбө болуп жатышат

  • 2-декабрда Ангела Меркель 16 жылдык карьерасынан соң Германиянын канцлери кызматынан расмий түрдө кетти. Анын урматына Берлинде салтанаттуу азем уюштурулду. Мындай салт XVI кылымда башталган. Салтанат дайыма кечинде өтөт, улуттук гимн жана марш сыяктуу бир нече музыкалык чыгармалардан турат. Мындан тышкары, шам чырактар жагылат
    © AP Photo / Markus Schreiber

    2-декабрда Ангела Меркель 16 жылдык карьерасынан соң Германиянын канцлери кызматынан расмий түрдө кетти. Анын урматына Берлинде салтанаттуу азем уюштурулду. Мындай салт XVI кылымда башталган. Салтанат дайыма кечинде өтөт, улуттук гимн жана марш сыяктуу бир нече музыкалык чыгармалардан турат. Мындан тышкары, шам чырактар жагылат

  • Ырчы Рианна Барбадостун улуттук баатыры сыйлыгын өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо учурунда президент Сандра Мейсондун колунан алды. Сентябрдын аягында Барбадостун парламенти Конституцияга монархиялык башкаруу формасынан баш тартып, өлкөнү республикага айландырууга мүмкүндүк берүүчү түзөтүүлөрдү киргизген. Ал бир добуштан колдоого алынды. Дээрлик бир айдан кийин арал генерал-губернатор Сандра Мейсонду алгачкы президент кылып дайындоо үчүн добуш беришкен. 29-ноябрда ал ант берип, мамлекетти жетектей баштады
    © AFP 2021 / RANDY BROOKS

    Ырчы Рианна Барбадостун улуттук баатыры сыйлыгын өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо учурунда президент Сандра Мейсондун колунан алды. Сентябрдын аягында Барбадостун парламенти Конституцияга монархиялык башкаруу формасынан баш тартып, өлкөнү республикага айландырууга мүмкүндүк берүүчү түзөтүүлөрдү киргизген. Ал бир добуштан колдоого алынды. Дээрлик бир айдан кийин арал генерал-губернатор Сандра Мейсонду алгачкы президент кылып дайындоо үчүн добуш беришкен. 29-ноябрда ал ант берип, мамлекетти жетектей баштады

  • Жөө баскан киши Стамбулдагы катуу бороондо оодарылып кеткен кеменин жанынан өтүп бара жатат. Стамбулда жана өлкөнүн түндүк-чыгышындагы эки провинциядагы кырсыкта алты адам каза болгону маалым. Мындан сырткары, чатыр сыныктарынан 46 киши жаракат алган. Шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде саатына 130 чакырымга жеткени маалым болду
    © AFP 2021 / YASIN AKGUL

    Жөө баскан киши Стамбулдагы катуу бороондо оодарылып кеткен кеменин жанынан өтүп бара жатат. Стамбулда жана өлкөнүн түндүк-чыгышындагы эки провинциядагы кырсыкта алты адам каза болгону маалым. Мындан сырткары, чатыр сыныктарынан 46 киши жаракат алган. Шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде саатына 130 чакырымга жеткени маалым болду

  • Даджабондо (Доминикан Республикасы) тоокторун шаарга алып бара жаткан киши
    © AP Photo / Matias Delacroix

    Даджабондо (Доминикан Республикасы) тоокторун шаарга алып бара жаткан киши

  • Бангкоктогу (Таиланд) Motor Expo көргөзмөсүндө модель кыздар Porsche Carrera GTS автоунаасын жандап турушат
    © AFP 2021 / JACK TAYLOR

    Бангкоктогу (Таиланд) Motor Expo көргөзмөсүндө модель кыздар Porsche Carrera GTS автоунаасын жандап турушат

  • Кабул шаарында (Афганистан) апта сайын жума намаздан кийин салттуу күрөштүн түрү боюнча мелдеш өткөрүлөт
    © AP Photo / Petros Giannakouris

    Кабул шаарында (Афганистан) апта сайын жума намаздан кийин салттуу күрөштүн түрү боюнча мелдеш өткөрүлөт

  • Беларусь менен Польшанын чек арасындагы Брузги өткөрмө бекетиндеги мигранттарды убактылуу кармоочу борборунда аял намаз окуп жатат
    © Sputnik / Павел Бедняков

    Беларусь менен Польшанын чек арасындагы "Брузги" өткөрмө бекетиндеги мигранттарды убактылуу кармоочу борборунда аял намаз окуп жатат

  • Модель Жордан Данн Лондондогу Fashion Awards 2021 сыйлыгын тапшыруу салтанатынын кызыл килеминен өтүп бара жатат. Редакторлор, стилисттер, сатып алуучулар жана мода басма сөзүнүн өкүлдөрүнөн турган британиялык Мода кеңеши жыл сайын бул сыйлык менен мода индустриясынын мыктыларын сыйлайт
    © REUTERS / HENRY NICHOLLS

    Модель Жордан Данн Лондондогу Fashion Awards 2021 сыйлыгын тапшыруу салтанатынын кызыл килеминен өтүп бара жатат. Редакторлор, стилисттер, сатып алуучулар жана мода басма сөзүнүн өкүлдөрүнөн турган британиялык Мода кеңеши жыл сайын бул сыйлык менен мода индустриясынын мыктыларын сыйлайт

  • Түштүк Кореянын Сеул шаарында жаш кыз океанариумда Санта Клаустун кийимин кийген суучулдун сүзүп жатканын карап жатат
    © REUTERS / KIM HONG-JI

    Түштүк Кореянын Сеул шаарында жаш кыз океанариумда Санта Клаустун кийимин кийген суучулдун сүзүп жатканын карап жатат

  • Бразилиянын Бротас шаарында арыктаган жапайы буйволдорго ыктыярчылар жем берип жатышат
    © REUTERS / AMANDA PEROBELLI

    Бразилиянын Бротас шаарында арыктаган жапайы буйволдорго ыктыярчылар жем берип жатышат

  • Сергек жана жигердүү жашоо образына үндөгөн активист кыштын биринчи күнүнө арналган Сибирдин аппак пляждары акциясында Обь дарыясында сүзүп бара жатат
    © Sputnik / Александр Кряжев

    Сергек жана жигердүү жашоо образына үндөгөн активист кыштын биринчи күнүнө арналган "Сибирдин аппак пляждары" акциясында Обь дарыясында сүзүп бара жатат

  • Индонезиялык киши Семеру жанар тоосу атылгандан кийин күл астында калган жүк ташуучу унаасын казып чыгарганы жатат. Ишемби күнү башталган вулкандын күлү Чыгыш Явадагы жакын жайгашкан айылдарды каптап калган. Жергиликтүү тургундар дүрбөлөңгө түшүп качып кетишкен. Кеминде 13 адам каза болуп, жүзгө жакыны жаракат алганы айтылды
    © AP Photo / Trisnadi

    Индонезиялык киши Семеру жанар тоосу атылгандан кийин күл астында калган жүк ташуучу унаасын казып чыгарганы жатат. Ишемби күнү башталган вулкандын күлү Чыгыш Явадагы жакын жайгашкан айылдарды каптап калган. Жергиликтүү тургундар дүрбөлөңгө түшүп качып кетишкен. Кеминде 13 адам каза болуп, жүзгө жакыны жаракат алганы айтылды

  • Иерусалимдеги Дөөт (Давид) мунарасында турган Аалам сулуусу сынагынын катышуучулары
    © REUTERS / NIR ELIAS

    Иерусалимдеги Дөөт (Давид) мунарасында турган "Аалам сулуусу" сынагынын катышуучулары

Белгилер:
вулкан, окуя, сүрөт, Лионель Месси, Ангела Меркель, Түркия, Дүйнө сулуусу, Индонезия
Тема боюнча
Чеберчиликтин туу чокусу! Табияттын таң калтырган 12 керемети
Өзүнө тартып, кыя өткөрбөй... Чыгыш бийинде термелген кыздар

Турмуш жолуна аттанган түгөйлөрдүн адаттан башкача сүрөттөрү

2312
Өтүп бара жаткан жумада баш кошкондордун сүрөттөрүн тарткан фотографтардын эл аралык XII I— International Wedding Photographer Of The Year деп аталган эл аралык сынагы болду.

58 өлкөдөн келген 400дөн ашуун фотографтар ар кыл категорияда тарткан сүрөттөрү менен катышты. Сынак 2017-жылы Австралияда түптөлгөн. Максаты — дүйнөдөгү мыкты сүрөттөрдү аныктоо.

Быйыл Гран-прини италиялык Фабио Мирулла алды. Колуктунун түстүү эмес, ак жана кара өңдө тартылган, жарык бергич менен денеси жабылган сүрөтү бул категориядагы мыкты эмгек деп бааланды.

Sputnik Кыргызстан конкурска катышып, байгеге илинген сүрөттөрдүн ичинен бир нечесин тандап, окурмандарга сунуштады.

2312
  • Сынактагы Гран-при ээси италиялык Фабио Мирулла жиберген сүрөттү тартып жатканда өзү да таасирленгендигин айткан. Турмушка чыгар алдында сулууланып жаткан селкинин өзгөчө ыкма менен тартылган сүрөтү көптөрдү кайдыгер калтырбайт

  • Канадалык фотограф Эндю Павлидистин бул сүрөттү тартууга көп эмгек жумшаганы көрүнүп турат. Бул түгөйлөр 3000 метр бийиктикте, тоолордун башында баш кошкон

  • Америкалык Кен Пак түгөйлөрдүн көлөкөсүн чатырдын сыртынан тартып алган. Күн батып бара жатканда Пак "кармап алган" ирмемдер ага байге алып берген

  • Шри-Ланкадагы үйлөнүү салтанатына бара жаткандардын кадимки эле көрүнүшү. Бирок сүрөттү үңүлүп карай келгенде анын өзгөчөлүгүн байкоого болот. Автор Харша Мадуранга Джаясекара

  • Бул сүрөттөгү түгөйлөр кинонун эпизоддорун элестетет. Фотограф Мика Паника жамгыр жаап туруп алгандыктан колуктунун маанайы бузулгандыгын, бирок сүрөтчү баары бир көңүл көтөргөн кооз жерди тапкандыгын айтып берген

  • Түштүк Африкадан жиберилген сүрөт. Фотограф Руан Ределингуйс бул эмгегин тоо тарапта, туман каптап турган учурда жасалган эң сонун кадр деп эсептерин айткан

  • Жаңы зеландиялык Майкл Кук колуктунун болочоктогу күйөөсү менен жолугар алдында элдик каада-салттан "өтүп" жаткан учурун тартып алган

  • Исландиялык Наталья Микалайчик "Түгөйлөрдүн портрети" номинациясында жеңүүчү болгон. Жээк, жаштардын ары жагында түрүлүп келе жаткан ири толкун жана шамал учурган колуктунун жакшынакай көйнөгү

  • Жашоо деген дал ушундай эбегейсиз нерсе. Ал эми чоң турмушка аттанган бул жигит менен кыз алгач, береги сүрөттөгүдөй коомдун кичинекей гана бөлүкчөсү. Эгерде ааламды багындырам десе, баары алардын колунда. Автор — америкалык Сергей Лапковски

  • Жүрөктү элжиреткен сүрөт! Үйлөнүү салтанатына келген чоң коноктордун — сүйкүмдүү бөбөктөрдүн отурган учуру. Автор — австралиялык Крис Желлард

  • Эки жаш. Дагы бир сонун эмгектердин бирин франциялык Гаэль Мехют тарткан

Белгилер:
Австралия, сүрөт, сынак
Тема боюнча
Өзүнө тартып, кыя өткөрбөй... Чыгыш бийинде термелген кыздар
АКШ долларлары. Архив

Улуттук банк бүгүн 71,3 млн. доллар сатып, дагы бир рекорд жаратты    

0
(жаңыланган 22:34 07.12.2021)
Мурунку рекорд эки жума мурун катталган. Анда башкы финансылык ведомство 70,3 миллион долларлык интервенция жасаган.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Улуттук банк бүгүн, 7-декабрда, валюта рыногуна 71,3 миллион доллар сатты. 

Бул 2010-жылдан бери жүргүзүлгөн эң ири интервенция (андан мурунку жылдарга карата маалымат ачык булактарда жок).

Буга чейинки рекорддук көрсөткүч 23-ноябрда катталып, 70,3 миллион доллар сатылган болчу.

Ушуну менен быйылкы жылдын эсебинен 14 жолу интервенция жасалды. Бул аралыкта сатылган доллардын суммасы 633 миллионго жетти. Улуттук банк 24-ноябрда накталай түрүндө дагы 38 миллион доллар саткан.

0
Белгилер:
Улуттук банк, интервенция, доллар, сатуу
Тема боюнча
Улуттук банк ноябрда сомдун курсун кармап туруш үчүн канча акча коротту
Президент салыктан бошоткон ишканаларга беш талап койду. Тизме