Ууланып өлгөн балыктардын убалы

81
(жаңыланган 18:57 26.05.2015)
  • Бул балыктар менен азыктанган жаныбарлар да ууланышы мүмкүн
Чочко фермасынан агып чыккан калдыктардын сууга кошулушунан балыктар ууланууда.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районунда балыктар жапырт кырылууда

Чочко фермасы алты көлмөдөн турган каскаддын жогору жагында жайгашкан. Ал эми каскаддан чыккан суу талааны сугарууга керектелип, андан ары Казакстанга кетет.

Көлмө ээлеринин айтымында, ферманын ээси — коңшу айылдык кеңештин депутаты Евгений Мартынов. 

Калдык агындылары аймак үчүн экологиялык катастрофа экенин белгилеген жергиликтүүлөр ууланган балыкты жегенге болбой турганын айтышууда.

Учурда көлмө ээлери чочко фермасынын ээси Мартыновду сотко берүүгө даярданып жатышат.

81
  • Ууланган көлмөлөрдүн бири
    © Sputnik / Эркин Алымбеков

    Ууланган көлмөлөрдүн бири

  • Ууланган балык
    © Sputnik / Эркин Алымбеков

    Ууланган балык

  • Өлгөн балыктар жээкке сүрүлүп чыгууда
    © Sputnik / Эркин Алымбеков

    Өлгөн балыктар жээкке сүрүлүп чыгууда

  • Кенебестиктин кесепети
    © Sputnik / Эркин Алымбеков

    Кенебестиктин кесепети

  • Өлгөн балыктарды алгач жергиликтүү тургундар табышкан
    © Sputnik / Эркин Алымбеков

    Өлгөн балыктарды алгач жергиликтүү тургундар табышкан

  • Уулуу заттардан улам балыктарга дем жетпей өлүмгө дуушар болушкан
    © Sputnik / Эркин Алымбеков

    Уулуу заттардан улам балыктарга дем жетпей өлүмгө дуушар болушкан

  • Уулануунун себеби — чочко фермасынан аккан калдыктар
    © Sputnik / Эркин Алымбеков

    Уулануунун себеби — чочко фермасынан аккан калдыктар

  • Алты көлмөдөн турган каскадга калдыктар агып келген арык
    © Sputnik / Эркин Алымбеков

    Алты көлмөдөн турган каскадга калдыктар агып келген арык

  • 100 тоннага жакын балык жараксыз болуп калды
    © Sputnik / Эркин Алымбеков

    100 тоннага жакын балык жараксыз болуп калды

  • Бул балыктар менен азыктанган жаныбарлар да ууланышы мүмкүн
    © Sputnik / Эркин Алымбеков

    Бул балыктар менен азыктанган жаныбарлар да ууланышы мүмкүн

  • Көлмөлөр айылдарга жакын жайгашкан.
    © Sputnik / Эркин Алымбеков

    Көлмөлөр айылдарга жакын жайгашкан.

Белгилер:
балык, Сүрөт, Сокулук
Тема:
Сокулуктагы балыктардын кырылышы (8)
Тема боюнча
Балыктардын кырылышына себепчи болгон чочко ферманын ээсине 15 миң сом айып салынды
Сокулук районундагы көлмөлөрдө балыктар кырылууда

Эл аралап маалымат чогулткан Шамшиев. "Ысык-Көлдүн кызгалдактарындагы" сүрөттөр

139
  • Байзактын образын жараткан Советбек Жумадылов жан-жөкөрлөрү менен
  • Ысык-Көлдүн кызгалдактары тасмасындагы башкы каарман Карабалта — Сүймөнкул Чокморов
  • Жаш режиссёр Болот Шамшиев тоо боорунда кесиптештери менен
  • Апийим талаасындагы Советбек Жумадылов менен Борис Химичев
  • Каличанын образындагы актриса Айтурган Темирова
  • Ортодо турган белгилүү актёр, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен анын сол жагында турган экинчи режиссёр Темир Дүйшекеев жана киночулар
  • Кинофильм Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз, Жууку, Барскоон капчыгайларында тартылган
  • Совет бийлигин жактаган Карабалта жана заставадагы чек арачылар
  • Карабалтанын артынан жөнөгөн Байзактын жигиттери
  • Ысык-Көлдүн кызгалдактары тасмасы тартыла баштаганда Шамшиев 29 жашта болгон
  • Чокморов кинофильмде аткарган Карабалтанын ролу үчүн Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда диплом жана премияга ээ болгон
СССРдин эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Болот Шамшиев жараткан тасмалар азыркыга чейин Кыргызфильмдин алтын фондунда сакталып келет.

Алардын бири өткөн кылымдын 20-жылдарындагы советтик чек арачылардын аракетин жана Кытайга апийим ташыган кыргыз аткезчилердин турмушун баяндаган "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" кинокартинасы. Sputnik Кыргызстан агенттиги Шамшиевдин аталган фильминдеги архивдик ирмемдерди сунуштайт.

КРдин эл артисти Болот Шамшиев 1970-жылы советтик жазуучу Александр Сытиндин 1927-жылы жарыкка чыккан "Тянь-Шандын аткезчилери" романынын негизинде кезектеги тасмасын тартууга киришкен. Анда 29 жаштагы Шамшиев архивден тарыхый материалдарды чогултуп, 1920-жылдардагы жарандык согушка катышкан ардагерлер, карапайым эл менен маектешкен. Анын сценарийин Юрий Сокол жазып, фильмдеги кыргыз тилиндеги диалогдорду белгилүү жазуучу Ашым Жакыпбеков иштеп чыккан.

Кинофильм негизинен Ысык-Көл облусунда тартылып, XX кылымдын 20-жылдарындагы жаңы Совет өкмөтүнүн саясатын жактаган жана ага нааразы болгон эки агымдын күрөшүн көрсөткөн. Тасмада Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов, Борис Химичев, Алиман Жанкорозова, Амина Өмүрзакова, латыш актриса Гунта Виркова, казакстандык Елүбай Умурзаков, Арстанбек Ирсалиев, Чоро Думанаев, Айтурган Темирова, Абды Ибраимов, Ахмед Шамиев, Марклен Ибраев, Бакы Өмүркулов, Зуура Соронбаева, Мукан Рыскулбеков роль жараткан.

Тасманын расмий аталышы "Касиеттүү Ысык-Көл" болгон. Орусчага которулганда эл арасында "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" деген аталыш менен белгилүү болуп кеткен. 1973-жылы Страсбург шаарында эл аралык фестивалда атайын сыйлыкка татып, Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда Чокморов эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн диплом жана премияга арзыган.

139
  • Байзактын образын жараткан Советбек Жумадылов жан-жөкөрлөрү менен
    © Sputnik / Александр Федоров

    Байзактын образын жараткан Советбек Жумадылов жан-жөкөрлөрү менен

  • Ысык-Көлдүн кызгалдактары тасмасындагы башкы каарман Карабалта — Сүймөнкул Чокморов
    © Sputnik / Александр Федоров

    "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасындагы башкы каарман Карабалта — Сүймөнкул Чокморов

  • Жаш режиссёр Болот Шамшиев тоо боорунда кесиптештери менен
    © Sputnik / Александр Федоров

    Жаш режиссёр Болот Шамшиев тоо боорунда кесиптештери менен

  • Апийим талаасындагы Советбек Жумадылов менен Борис Химичев
    © Фото / Александр Федоров

    Апийим талаасындагы Советбек Жумадылов менен Борис Химичев

  • Каличанын образындагы актриса Айтурган Темирова
    © Sputnik / Александр Федоров

    Каличанын образындагы актриса Айтурган Темирова

  • Ортодо турган белгилүү актёр, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен анын сол жагында турган экинчи режиссёр Темир Дүйшекеев жана киночулар
    © Sputnik / Александр Федоров

    Ортодо турган белгилүү актёр, СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов менен анын сол жагында турган экинчи режиссёр Темир Дүйшекеев жана киночулар

  • Кинофильм Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз, Жууку, Барскоон капчыгайларында тартылган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кинофильм Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз, Жууку, Барскоон капчыгайларында тартылган

  • Совет бийлигин жактаган Карабалта жана заставадагы чек арачылар
    © Sputnik / Александр Федоров

    Совет бийлигин жактаган Карабалта жана заставадагы чек арачылар

  • Карабалтанын артынан жөнөгөн Байзактын жигиттери
    © Sputnik / РИА Новости

    Карабалтанын артынан жөнөгөн Байзактын жигиттери

  • Ысык-Көлдүн кызгалдактары тасмасы тартыла баштаганда Шамшиев 29 жашта болгон
    © Sputnik / Александр Федоров

    "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасы тартыла баштаганда Шамшиев 29 жашта болгон

  • Чокморов кинофильмде аткарган Карабалтанын ролу үчүн Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда диплом жана премияга ээ болгон
    © Sputnik / РИА Новости

    Чокморов кинофильмде аткарган Карабалтанын ролу үчүн Тбилисидеги бүткүл союздук кинофестивалда диплом жана премияга ээ болгон

Белгилер:
"Ысык-Көлдүн кызгалдактарындагы" тасмасы, Сүрөт, тасма, Сүймөнкул Чокморов, Болот Шамшиев
Тема боюнча
Дүйнөнүн азабын көтөргөн эне. "Саманчынын жолу" киносундагы ирмемдер
Кино менен театрдын залкарларын чогулткан. "Көчө" тасмасындагы ирмемдер

Өрттөнүп кеткен Башкы прокуратуранын ичи. Имараттын 10 жылдан кийинки көрүнүшү

167
  • Башкы прокуратуранын мурунку имараты азыр ушундай абалда
  • Имарат Киев менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан
  • Ал 2010-жылы болгон апрель окуяларында өрттөлгөн
  • Күйүп кеткен имараттын ордуна Бишкек шаардык кеңеши менен калаа кызматтары жайгаша турган эки имарат куруу пландалууда
  • Курулуш шаардык бюджеттен каржыланмакчы
  • Сарпталган акчанын ордун бул жерге жайгаша турган шаардык кызматтардан алынган ижара акысынын эсебинен толтуруу каралууда
  • 2018-жылы мэрия бул жерге жер алдындагы унаа токтотуучу жайы менен сквер курууну пландаган
  • Буга Жогорку кеңештин депутаты каршы чыккан
  • Эл өкүлү сквердин ордуна көп деңгээлдүү паркинг курууну сунуштаган эле
  • 2010-жылы апрель окуяларында өрттөнгөн Башкы прокуратуранын сырткы көрүнүшү
Башкы прокуратуранын имараты 2010-жылдагы апрель окуяларында өрттөнүп кеткен. Бүгүнкү күндөгү көрүнүшү менен Sputnik Кыргызстан жасаган сүрөт түрмөктөн таанышууга болот.

Бишкектин Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Башкы прокуратуранын имараты 2010-жылы апрель окуяларынын маалында өрттөнгөн. 2020-жылдын 25-ноябрында муниципалитет анын ордуна Бишкек шаардык кеңеши (БШК) менен калаа кызматтары жайгаша турган жети кабаттуу эки имарат куруу боюнча чечим кабыл алды. Эскиздер даяр болуп, тендер жарыяланган. Курулуш шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт, сарпталган акчанын ордун бул жерге жайгаша турган шаардык кызматтардан алынган ижара акысынын эсебинен толтуруу каралууда.

Шаардык кеңеш келечекте Москвадагыдай болуп дайым иштеген структурага айланышы мүмкүн экени айтылды. Бүгүнкү күндө БШК менен мэрия Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишиндеги имараттан орун алган.

Эскерте кетсек, эки жыл мурун мэрия күйгөн имараттын ордуна жер алдындагы унаа токтотуучу жайы бар сквер курууну убадалаган. Муну ошол кезде мэриянын аппаратын башкарган Балбак Түлөбаев айткан. Демилгеге ЖКнын бир депутаты каршы чыгып, сквердин ордуна көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жай куруу керектигин белгилеген.

 

167
  • Башкы прокуратуранын мурунку имараты азыр ушундай абалда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Башкы прокуратуранын мурунку имараты азыр ушундай абалда

  • Имарат Киев менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Имарат Киев менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан

  • Ал 2010-жылы болгон апрель окуяларында өрттөлгөн
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ал 2010-жылы болгон апрель окуяларында өрттөлгөн

  • Күйүп кеткен имараттын ордуна Бишкек шаардык кеңеши менен калаа кызматтары жайгаша турган эки имарат куруу пландалууда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Күйүп кеткен имараттын ордуна Бишкек шаардык кеңеши менен калаа кызматтары жайгаша турган эки имарат куруу пландалууда

  • Курулуш шаардык бюджеттен каржыланмакчы
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Курулуш шаардык бюджеттен каржыланмакчы

  • Сарпталган акчанын ордун бул жерге жайгаша турган шаардык кызматтардан алынган ижара акысынын эсебинен толтуруу каралууда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Сарпталган акчанын ордун бул жерге жайгаша турган шаардык кызматтардан алынган ижара акысынын эсебинен толтуруу каралууда

  • 2018-жылы мэрия бул жерге жер алдындагы унаа токтотуучу жайы менен сквер курууну пландаган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    2018-жылы мэрия бул жерге жер алдындагы унаа токтотуучу жайы менен сквер курууну пландаган

  • Буга Жогорку кеңештин депутаты каршы чыккан
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Буга Жогорку кеңештин депутаты каршы чыккан

  • Эл өкүлү сквердин ордуна көп деңгээлдүү паркинг курууну сунуштаган эле
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Эл өкүлү сквердин ордуна көп деңгээлдүү паркинг курууну сунуштаган эле

  • 2010-жылы апрель окуяларында өрттөнгөн Башкы прокуратуранын сырткы көрүнүшү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    2010-жылы апрель окуяларында өрттөнгөн Башкы прокуратуранын сырткы көрүнүшү

Белгилер:
шаардык кеңеш, өрт, Бишкек мэриясы, имарат, Башкы прокуратура
Тема боюнча
Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имаратынын ордуна шаардык кеңешке кеңсе курулат
Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имаратына экскурсия. Видео
Париждеги глобалдык коопсуздук жөнүндөгү мыйзам долбоорго каршы митинг

Унаалар өрттөлүп, ок атылды. Франциядагы башаламандыктын видеосу

0
(жаңыланган 00:15 29.11.2020)
Каршылык акциясынын катышуучулары полиция кызматкерлерин көздөй петарда жана бөтөлкө ыргытып жаткан видео тарады. Мындай көрүнүш акция башталгандан 1,5 саат өткөндөн кийин болгон.

БИШКЕК, 28-ноя. – Sputnik. Париждеги (Франция) тынчтык митингинде башаламандык жаралып, демонстранттар менен полиция кагыша кетти. Бул тууралуу Russia Today агенттигинин Telegram-каналына жарыяланды.

Жарандар глобалдык коопсуздук жөнүндөгү мыйзам долбоорго каршы митингге чыгышкан. Андагы пунктулардын бирине ылайык, физикалык жана психикалык жактан зыян келтирүү максатында полиция адамынын сүрөтүн же идентификациялоонун кайсы бир элементин жайылткандарга бир жыл абакта отуруу жана 45 миң евро айып пул салынат.

Акцияга жарандардан сырткары ЖМК өкүлдөрү, адвокаттар жана бир нече парламентарийлер катышкан.

Кийинчерээк каршылык акциясынын катышуучулары полиция кызматкерлерин көздөй петарда жана бөтөлкө ыргытып жаткан видео тарады. Мындай көрүнүш акция башталгандан 1,5 саат өткөндөн кийин болгон.

Андан соң митингчилер менен укук коргоочулар кагыша кеткен.

Башаламандык учурунда бир нече унаа жана мотоцикл өрттөлгөн.

Көчөлөрдөн кулак тундуруучу гранаталардын үнү угулуп турган.

Маалыматка караганда, демонстранттардын айрымдары дүкөндөрдүн витриналарын жана унааларды талкалашкан.

0
Белгилер:
Митинг, башаламандык, Франция
Тема боюнча
Нарышкин: Россиянын Тышкы чалгын кызматы үчүн ЦРУ башкы атаандаш