Тандырга бышкан козу жегиңди эле келтирет

  • Жакшы ашың калганча, жаман курсак жарылсын...
  • Куйрук сыйлуу устукан катары конокторго тартылат.
  • Этти устукандоону ар бир кыргыз баласы билиши керек.
Sputnik сайты акыркы учурларды эл тамшанып жеп жаткан тандырга башкан козу тууралуу сүрөт баян даярдады.

Акыркы учурларды тандырга толугу менен бышырылган козунун этин той-топурга баргандар тамшануу менен жеп, аны мактап келишет. Кыпкызыл болуп  бышкан эт көпчүлүктү тамшантат.

  • Козунун толук эти алдын ала даярдалып, тандырга 1,5-2 сааттай бышырылат.
    © Sputnik / Михаил Рогожин

    Козунун толук эти алдын ала даярдалып, тандырга 1,5-2 сааттай бышырылат.

  • Эт тартуу да эмгекти талап кылат.
    © Sputnik / Михаил Рогожин

    Эт тартуу да эмгекти талап кылат.

  • Башкысы даярдалган тамакты ысыгында конокторго сунуу керек.
    © Sputnik / Михаил Рогожин

    Башкысы даярдалган тамакты ысыгында конокторго сунуу керек.

  • Жакшы ашың калганча, жаман курсак жарылсын...
    © Sputnik / Михаил Рогожин

    "Жакшы ашың калганча, жаман курсак жарылсын"...

  • Куйрук сыйлуу устукан катары конокторго тартылат.
    © Sputnik / Михаил Рогожин

    Куйрук сыйлуу устукан катары конокторго тартылат.

  • Этти устукандоону ар бир кыргыз баласы билиши керек.
    © Sputnik / Михаил Рогожин

    Этти устукандоону ар бир кыргыз баласы билиши керек.

  • Тамагыңар даамдуу жана аш болсун.
    © Sputnik / Михаил Рогожин

    Тамагыңар даамдуу жана аш болсун.

Белгилер:
козу, тандыр, эт

Чака-чайнек, темир-тезектен кыя өтпөгөн муун. "Космонавттар көчөсү" сүрөттө

  • Үйдөгү чака-чайнектен жасалган космонавттардын скафандрын кийген окуучулар
  • Тегеректе колдонулбай жаткан темир-тезектен салынган балдардын космодрому
  • Жаш космонавттын машыгуу учуру
  • Фильмдин оператору Илья Минковецкий, үн оператору жаш Төлөмүш Океев болгон
  • СССРде Космонавттар көчөсү тасмасы балдарга ылайыкталган эң кассалуу фильмдердин катарына кирет
  • Ырдаган, бийлеген кичинекей кыялкеч космонавттар. Тасма тартуу маалындагы ирмем
  • Милиционерлердин колуна түшкөн учкучтардын бири
  • Гагарин космосту багындыргандан кийин Кыргыз ССРинин көптөгөн айылдарында ушундай учуучу аппараттар курулган
  • Космонавтика менен ооруган, жашаган өспүрүмдөр иш үстүндө
  • Жаш учкучтардын досу Марсик
  • Кинокартинада почточунун образын жараткан Абды Ибраимов
Sputnik Кыргызстан агенттиги "кыргыз кереметинин" жаралуусуна таасир берген кинокартиналар жөнүндө сөз кылууну улантат. Бул ирет балдарга арналган "Космонавттар көчөсү" фильминдеги кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.

Өткөн кылымдын 60-жылдарынын башында Москвадагы бүткүл союздук кинематография институтунан билим алып келген алгачкы кыргыз режиссёрлору өз мекенинде космонавтика тууралуу тасма тартуу демилгесин көтөрүп чыккан. Алардын арасында сүрөтчү-коюучу Сагынбек Ишенов, оператор Кадыржан Кыдыралиев бар эле. Жаңы эле ЖОЖду бүтүрүп Фрунзеге келген киночулар фильмдин сценарийин Москвага жөнөтөт. Мамлекеттик кинематография комитетинен оң жооп алып, Кыргыз ССРинин борборуна режиссёр Марианна Рошал, оператор Илья Минковецкий атайын келген. Киночулардын көздөгөнүн камерага түшүрүүгө көмөктөшкөндөрдүн катарына кинокартинанын директору болуп Сагын Иманкулов, экинчи режиссёру катары Бекеш Абдылдаев, үн оператору болуп Төлөмүш Океев кошулган.

Юрий Гагариндин 1961-жылы 12-апрелде космоско алгачкылардан болуп учкандан кийин өсүп келе жаткан балдардын көпчүлүгү учкуч, космонавт болууну эңсеген. Мектеп окуучулары ар кайсы жерден эски темир-тезек, казан-аяктарды чогултуп космоско учуп чыгууга, планеталар арасында саякаттоого керектүү учуучу аппараттарды курашкан.

Өспүрүмдөргө арналган "Космонавттар көчөсүндө" Арстанбек Ирсалиев, Володя Зеленин, Төлөмүш Океев, Анара Садыкова, Виктор Колпаков, Даркүл Күйүкова, Калийча Рысмендиева, Шамшы Түмөнбаев, Бакы Өмүралиев, Владимир Смирнов, Күнболот Досумбаев роль жараткан.

Кинокартина "Кыргызфильм" студиясынын алдында апрель айында тартыла баштап, октябрь айында соңуна чыккан. Тасманы кары-жаш дебей миллиондогон адам көрүп, бат эле СССР элдеринин сүймөнчүлүгүнө айланып, мамлекеттик казынага ири көлөмдө акча түшкөн.

Баса, Sputnik редакциясы 12-апрелге карата космос менен Кыргызстанды байланыштырган 60 факты таап чыккан.

  • Үйдөгү чака-чайнектен жасалган космонавттардын скафандрын кийген окуучулар
    © Sputnik / Александр Федоров

    Үйдөгү чака-чайнектен жасалган космонавттардын "скафандрын" кийген окуучулар

  • Тегеректе колдонулбай жаткан темир-тезектен салынган балдардын космодрому
    © Sputnik / Александр Федоров

    Тегеректе колдонулбай жаткан темир-тезектен салынган балдардын космодрому

  • Жаш космонавттын машыгуу учуру
    © Sputnik / Александр Федоров

    Жаш "космонавттын" машыгуу учуру

  • Фильмдин оператору Илья Минковецкий, үн оператору жаш Төлөмүш Океев болгон
    © Sputnik / Александр Федоров

    Фильмдин оператору Илья Минковецкий, үн оператору жаш Төлөмүш Океев болгон

  • СССРде Космонавттар көчөсү тасмасы балдарга ылайыкталган эң кассалуу фильмдердин катарына кирет
    © Sputnik / Александр Федоров

    СССРде "Космонавттар көчөсү" тасмасы балдарга ылайыкталган эң кассалуу фильмдердин катарына кирет

  • Ырдаган, бийлеген кичинекей кыялкеч космонавттар. Тасма тартуу маалындагы ирмем
    © Sputnik / Александр Федоров

    Ырдаган, бийлеген кичинекей кыялкеч космонавттар. Тасма тартуу маалындагы ирмем

  • Милиционерлердин колуна түшкөн учкучтардын бири
    © Sputnik / Александр Федоров

    Милиционерлердин колуна түшкөн учкучтардын бири

  • Гагарин космосту багындыргандан кийин Кыргыз ССРинин көптөгөн айылдарында ушундай учуучу аппараттар курулган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Гагарин космосту багындыргандан кийин Кыргыз ССРинин көптөгөн айылдарында ушундай учуучу аппараттар курулган

  • Космонавтика менен ооруган, жашаган өспүрүмдөр иш үстүндө
    © Sputnik / Александр Федоров

    Космонавтика менен ооруган, жашаган өспүрүмдөр "иш" үстүндө

  • Жаш учкучтардын досу Марсик
    © Sputnik / Александр Федоров

    Жаш учкучтардын досу Марсик

  • Кинокартинада почточунун образын жараткан Абды Ибраимов
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кинокартинада почточунун образын жараткан Абды Ибраимов

Белгилер:
кино, космос, балдар, сүрөт, тасма, Кыргызстан
Тема боюнча
Кинодогу Сур эчки менен барстын кийинки тагдыры. "Ак илбирстин тукумунан" 13 сүрөт
Чокморов катуу ооруп жүргөндө тартылган. "Бөрү зындан" тасмасындагы ирмемдер
Тасмага казактар каршы чыккан. "Караш-Караш окуясындагы" сүрөттөр

Купальникчен лыжа тепкен сулуулар. Сочидеги фестивалдан укмуштуу сүрөттөр

Россиянын Сочи шаарында BoogelWoogel деген аталыштагы тоо карнавалы болуп, пляж костюмун кийген 700 спортчу лыжа жана сноуборд тебишти.

Абанын табы +8 гана градус болгонуна карабай сноубордчулар 1 170 метр бийиктиктен зуулдап түшүштү.

Иш-чара өткөн курортко келе албаган спортчулар ага онлайн-форматта катышты. Уюштуруучулар атайын тиркеме иштеп чыгып, иш-чарага дүйнөнүн ар кайсы жеринде туруп катышкандар болду.

BoogelWoogel карнавалы "Роза Хутор" курортунда 2016-жылдан бери өтүп келе жатат. Ага миңдеген спортчулар купальник кийип катышышат. Негизги максат — көңүлдүү убакыт өткөрүү жана Гиннесс рекорддорун жаңылоо.

 

  • © AP Photo / Artur Lebedev

    Кышкы карнавалга 700 сноубордчу жана лыжа тебүүчү катышты

  • © Sputnik / Artur Lebedev

    Абанын табы +8 гана градус болгону эч кимди чочулаткан жок

  • © AP Photo / Artur Lebedev

    Сноубордчулар 1 170 метр бийиктиктен зуулдап түшүштү

  • © Sputnik / Artur Lebedev

    Музыканын коштоосунда жүздөгөн спортчу "учуп" жөнөштү

  • © Sputnik / Artur Lebedev

    Иш-чарага онлайн-форматта катышкандар дагы болду

  • © AP Photo / Artur Lebedev

    Онлайн катышууну каалагандар үчүн уюштуруучулар атайын теркеме иштеп чыккан

  • © Sputnik / Artur Lebedev

    Сууктан коркпогон катышуучулар

  • © Sputnik / Artur Lebedev

    Онлайн-форматтагы иш-чарага чет өлкөлүк спортчулар гана эмес, россиялыктар дагы катышты

  • © Sputnik / Artur Lebedev

    BoogelWoogel карнавалы "Роза Хутор" курортунда 2016-жылдан бери өтүп келе жатат

  • © Sputnik / Artur Lebedev

    Карнавалдын негизги максаты — көңүлдүү убакыт өткөрүү жана Гиннесс рекорддорун жаңылоо

  • © Sputnik / Artur Lebedev

    Катышуучулар медициналык кароодон өтүп жатат

  • © Sputnik / Artur Lebedev

    Катышуучу аял

Белгилер:
иш-чара, лыжа, тоо, Сочи, Россия
Тема боюнча
Апта ирмеми: ич кийимчен кыздардан Марстагы тик учакка чейин
Төөлөр. Архив

Кытайда төөлөр үчүн өзгөчө жол чырак орнотулду. Сүрөт

Мындай жол чырак азырынча дүйнөнүн бир да жеринде жок экени айтылды. Ал Кытайдын туристтер көп барган шаарына коюлган.

БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Кытайда төөлөр үчүн өзгөчө жол чырак орнотулганын China News басылмасына таянып Sputnik Өзбекстан кабарлады.

​Маалыматка ылайык, жабдуу туристтер көп барган Дуньхуан шаарына орнотулган.

"Чет элдик саякатчылар Минша тоосуна, Могао чөлүндөгү храмдарга, Юмэнь жана Янгуань ашууларына көп барат. Бирок ал жакта төөлөр да арбын. Мындан улам эки жак бири-бирине тоскоолдук жаратпаш үчүн жол чырак коюлган", — деп жазылат билдирмеде.

Жергиликтүү бийлик белгилегендей, жол чырак кыймылдын коопсуздугун камсыз кылат жана дүйнөдө мындай жабдуулар азырынча жок.

Жол чыракта төөнүн сүрөтү жашыл болуп күйгөндө төөлөр өтөт, бул учурда туристтер токтоп турушу шарт. Төөнүн сүрөтү кызыл болгондо жаныбарлар токтоп, элди өткөрө турганы айтылды.

Белгилер:
турист, жол чырак, төө, Кытай
Тема боюнча
Токмокто "Коопсуз шаардын" камералары орнотулуп жатат. Карта