Бишкектеги саркеч көргөзмө

149
(жаңыланган 10:24 05.06.2015)
  • Fashion Show-2015 – эркектердин кийимдерин көрсөтүү.
Борбор калаада жергиликтүү жана чет элдик дизайнерлердин катышуусундагы мода көрсөтүлдү.

Жергиликтүү жана чет элдик дизайнерлердин катышуусундагы мода көргөзмөсү Бишкекте өттү. Катышуучулар өзүлөрүнүн кийим коллекцияларын, жүздү боё жана чач жасалгалоо чеберчиликтерин көрсөтүштү.

149
  • Ресторандын тейлөө кызматкерлери Fashion Show-2015 иш-чарасында.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Fashion Show-2015 Бишкекте болуп өттү.

  • Моделдерди Fashion Show-2015 иш-чарасында подиумдан басып өтүүгө даярдоо.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Иш-чарага катышууга чет элдик дизайн-стилисттери чакырылган.

  • Fashion Show-2015 иш-чарасына чакырылган меймандар Бишкекте.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Дизайнер-стилисттер чыгармачыл коллекцияларды, make up жана чач жасоо боюнча өз чеберчиликтерин көрсөттү.

  • Гламурное шоу в Бишкеке
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Иш-чарага атактуу дизайнерлер жана мода искусствосун баалоочулар чакырылган.

  • Fashion Show-2015 иш-чарасына чакырылган меймандар Бишкекте.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Fashion Show-2015 иш-чарасына чакырылган меймандар Бишкекте.

  • Fashion Show-2015 – коллекцияларды көрсөтүү.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Программага айымдардын кийимин жана чач жасалгаларын көрсөтүү киргизилген.

  • Бишкектик акробаттардын өнөрү.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бишкектик акробаттардын өнөрү.

  • Fashion Show-2015 – эркектердин кийимдерин көрсөтүү.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Эркектердин коллекциясы.

  • Fashion Show-2015 Бишкекте.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шоу моделдердин парады менен аяктады.

  • Моделдин сүрөтү.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Fashion Show жыл сайын өткөрүү пландалып жатат.

Белгилер:
кийим, мода, дизайнер, коллекция, көргөзмө, Бишкек

Ак жүрөк, колу ачык киши эле. Михаил Рогожиндин кадрда калган ирмемдери

85
(жаңыланган 18:34 13.07.2020)
  • Михаил Степанович май айында 51 жашка толду. Биздин редакцияда мындай учурда чоң залдагы жумуш ордубузга чогулуп Туулган күнүң менен деп ырдап куттуктоо салтка айланган. Тилекке каршы, быйыл карантинден улам баарыбыз үйдөн иштеп, мессенджер аркылуу гана куттуктап калдык.
  • Ал кеңседеги диктофондон кондиционерге чейин кам көрүп бардык техниканы орду-орду менен иштеткен. Кайсы бир техника бузулуп калса биринчи журналистти карап тамашалап, андан ары оңдоого жардам берчү.
  • Кесиптешибизди басып жүргөн энциклопедия десек жарашмак. Кеп векселдик кредиттер менен башталып интернеттеги жаңы долбоорлорго жетсе да баарын билип турчу.
  • Анын көңүл көтөргөн тамашалары бар эле, бизди братцы-кролики, зяблики деп атап, астыбызга таттууларды коюп кетчү. Азыр деле анын столунда момпосуйлар сакталуу болуш керек.
  • Редакцияда кимдир бирөөнүн туулган күнүнө чогулуп калсак, алгач кыска сүйлөп күлдүрүп, андан ары каалоо-тилегин айтчу.
  • Михаил Рогожин журналистика тармагында бир нече жылдан бери иштеп келген. Кесиптештери анын чынчылдык мүнөзүнө баа беришчү.
  • Аны достору, жетекчибиз жана бухгалтерибиз Наш любимый Степаныч деп аташчу. Калганы Миша байке деп коюшаар эле.
  • Жумушунан сырткары ал Facebook тармагында бир нече группаларды башкарчу. Жеке жашоого киришип, диний маселелерди козгоп же далили жок бирөөлөрдү айыптагандарды чыдап карап тура алчу эмес.
  • Михаил Степанович менен бир маселени талашыш үчүн бир жума Википедияны окуп жана кошумча дагы бир жогорку билим алуу талап кылынмак. Ошончо окуяны, фактыларды эстеп каларына таң калчубуз.
  • Ал кандай маселе болбосун, акылга салып жай гана чечип койчу. Өзүнүн ишин бүтүргөнчө эле башкаларга жардам берип койгон адам эле. Михаил Степанович, ушундай киши болгонуңуз үчүн рахмат!
  • Михаил Рогожиндин дүйнө салышы ар бирибизди кайгыга салды, биз үчүн чоң жоготуу болду. Sputnik редакциясынын бардык кызматкерлери Михаил Степановичтин үй-бүлөсүнө көңүл айтат.
Дүйшөмбүгө караган түнү эки тараптуу пневмония менен алышып жаткан кесиптешибиз Михаил Рогожин дүйнөдөн өттү. Ал ак жүрөк, кең пейил жана өз кесибин мыкты билген адам катары эсибизде түбөлүккө сакталып калат.

Үстүбүздөгү жылдын май айында Михаил Степанович 51 жашка толгон. Ал Sputnik Кыргызстан агенттиги жаңыдан түптөлгөндөн бери иштеп келген эле. Өз ишин майын чыгара жасап, эч кимден жардамын аябаган, акылман жана ак көңүл адам болчу.

Михаил Рогожин бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында эмгектенди. 1990-жылдын орто ченинде Бишкектеги телерадиокомпаниялардын биринде шеф-редактор болгон. Кыргыз-орус славян университетинин эл аралык журналистика кафедрасында студенттерге сабак берген.

Ал көп кырдуу таланттын ээси эле, көркөм чыгармаларды жазып, көп адамдарга жардам көрсөткөн.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жана радиосунун жамааты Михаил Степановичтин жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Аза кайгысын тең бөлүшөт.

85
  • Михаил Степанович май айында 51 жашка толду. Биздин редакцияда мындай учурда чоң залдагы жумуш ордубузга чогулуп Туулган күнүң менен деп ырдап куттуктоо салтка айланган. Тилекке каршы, быйыл карантинден улам баарыбыз үйдөн иштеп, мессенджер аркылуу гана куттуктап калдык.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Михаил Степанович май айында 51 жашка толду. Биздин редакцияда мындай учурда чоң залдагы жумуш ордубузга чогулуп "Туулган күнүң менен" деп ырдап куттуктоо салтка айланган. Тилекке каршы, быйыл карантинден улам баарыбыз үйдөн иштеп, мессенджер аркылуу гана куттуктап калдык.

  • Ал кеңседеги диктофондон кондиционерге чейин кам көрүп бардык техниканы орду-орду менен иштеткен. Кайсы бир техника бузулуп калса биринчи журналистти карап тамашалап, андан ары оңдоого жардам берчү.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ал кеңседеги диктофондон кондиционерге чейин кам көрүп бардык техниканы орду-орду менен иштеткен. Кайсы бир техника бузулуп калса биринчи журналистти карап тамашалап, андан ары оңдоого жардам берчү.

  • Кесиптешибизди басып жүргөн энциклопедия десек жарашмак. Кеп векселдик кредиттер менен башталып интернеттеги жаңы долбоорлорго жетсе да баарын билип турчу.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кесиптешибизди "басып жүргөн энциклопедия" десек жарашмак. Кеп векселдик кредиттер менен башталып интернеттеги жаңы долбоорлорго жетсе да баарын билип турчу.

  • Анын көңүл көтөргөн тамашалары бар эле, бизди братцы-кролики, зяблики деп атап, астыбызга таттууларды коюп кетчү. Азыр деле анын столунда момпосуйлар сакталуу болуш керек.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Анын көңүл көтөргөн тамашалары бар эле, бизди "братцы-кролики", "зяблики" деп атап, астыбызга таттууларды коюп кетчү. Азыр деле анын столунда момпосуйлар сакталуу болуш керек.

  • Редакцияда кимдир бирөөнүн туулган күнүнө чогулуп калсак, алгач кыска сүйлөп күлдүрүп, андан ары каалоо-тилегин айтчу.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Редакцияда кимдир бирөөнүн туулган күнүнө чогулуп калсак, алгач кыска сүйлөп күлдүрүп, андан ары каалоо-тилегин айтчу.

  • Михаил Рогожин журналистика тармагында бир нече жылдан бери иштеп келген. Кесиптештери анын чынчылдык мүнөзүнө баа беришчү.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Михаил Рогожин журналистика тармагында бир нече жылдан бери иштеп келген. Кесиптештери анын чынчылдык мүнөзүнө баа беришчү.

  • Аны достору, жетекчибиз жана бухгалтерибиз Наш любимый Степаныч деп аташчу. Калганы Миша байке деп коюшаар эле.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Аны достору, жетекчибиз жана бухгалтерибиз "Наш любимый Степаныч" деп аташчу. Калганы Миша байке деп коюшаар эле.

  • Жумушунан сырткары ал Facebook тармагында бир нече группаларды башкарчу. Жеке жашоого киришип, диний маселелерди козгоп же далили жок бирөөлөрдү айыптагандарды чыдап карап тура алчу эмес.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жумушунан сырткары ал Facebook тармагында бир нече группаларды башкарчу. Жеке жашоого киришип, диний маселелерди козгоп же далили жок бирөөлөрдү айыптагандарды чыдап карап тура алчу эмес.

  • Михаил Степанович менен бир маселени талашыш үчүн бир жума Википедияны окуп жана кошумча дагы бир жогорку билим алуу талап кылынмак. Ошончо окуяны, фактыларды эстеп каларына таң калчубуз.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Михаил Степанович менен бир маселени талашыш үчүн бир жума "Википедияны" окуп жана кошумча дагы бир жогорку билим алуу талап кылынмак. Ошончо окуяны, фактыларды эстеп каларына таң калчубуз.

  • Ал кандай маселе болбосун, акылга салып жай гана чечип койчу. Өзүнүн ишин бүтүргөнчө эле башкаларга жардам берип койгон адам эле. Михаил Степанович, ушундай киши болгонуңуз үчүн рахмат!
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ал кандай маселе болбосун, акылга салып жай гана чечип койчу. Өзүнүн ишин бүтүргөнчө эле башкаларга жардам берип койгон адам эле. Михаил Степанович, ушундай киши болгонуңуз үчүн рахмат!

  • Михаил Рогожиндин дүйнө салышы ар бирибизди кайгыга салды, биз үчүн чоң жоготуу болду. Sputnik редакциясынын бардык кызматкерлери Михаил Степановичтин үй-бүлөсүнө көңүл айтат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Михаил Рогожиндин дүйнө салышы ар бирибизди кайгыга салды, биз үчүн чоң жоготуу болду. Sputnik редакциясынын бардык кызматкерлери Михаил Степановичтин үй-бүлөсүнө көңүл айтат.

Белгилер:
өлүм, Сүрөт, коштошуу
Тема боюнча
Sputnik Кыргызстандын техникалык директору Михаил Рогожин дүйнө салды
Белгилүү журналист Бүбүкан Досалиева дүйнө салды

Тоо-ташта, талаа-түздө иштеген оператор. Марлес Туратбеков 87 жашка толмок

197
(жаңыланган 20:09 07.07.2020)
  • Оператор Кыргыз ССРинин айыл чарба министри Досалы Туратбековдун уулу болгон
  • Болочоктогу киночу камерага тарткандын сырларын эки жылдай убакыт жумшап үйрөнгөн
  • Марлес Туратбеков эмгек жолун Кыргыз фильм студиясында баштаган
  • Жаш талант Москвадагы Мамлекеттик кинематография институтуна тапшырып, аны 1958-жылы операторлук адистиги боюнча бүтүргөн
  • Биринчи профессионал кыргыз оператору бир топ атамекендик тасмаларды жаратууга катышкан
  • СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов жана оператор Туратбеков
  • Оператор Караш-караш окуясы, Көчө, Бурма фильмдерин тарткан
  • Операторлор Төлөгөн Сыдыков менен Марлес Туратбеков, актёр Исмаил Абдубачаев жана режиссёр Геннадий Базаров
  • Оператордун залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен кызуу баарлашып жаткан маалы
  • Актёр Насыр Кытаев, оператор Марлес Туратбеков жана киночулардын тасма тартуу учуру
  • Режиссёр Геннадий Базаровдун айтылуу Көчө фильмине Туратбеков оператор болгон
  • СССРдин кинематографисттер союзунун мүчөсү 1998-жылы 65 жашында дүйнөдөн мезгилсиз кайткан
Бүгүн кыргыздардан биринчилерден болуп профессионал кинооператор аталган Марлес Туратбековдун туулган күнү. Белгилүү киночунун көзү тирүү болгондо быйыл 87 жашка толмок.

Sputnik Кыргызстан агенттиги анын сүрөттө калган ирмемдерин окурмандарга сунуштайт.

Марлес Туратбеков 1933-жылы 7-июлда Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Элеттеги мектепти аяктагандан кийин борбор калаада эки жылдай фотографты ээрчип жүрүп камера менен тартууну үйрөнгөн. Жыйырма жашында Москвадагы Мамлекеттик кинематография институтуна тапшырып, анын операторлук факультетин бүтүргөн.

Мекенине кайтып келген жаш талант эмгек жолун "Кыргыз фильм" студиясында баштаган. Оператор "Токтогул", "Жура", "Караш-караш окуясы", "Көчө", "Бурма" фильмдерин жаратууга катышкан.

Камераны көчөдөн тааныган. Тунгуч кинооператор Марлес Туратбеков тууралуу 6 факты

Кийинки жылдары СССРдин кинематографисттер союзунун мүчөсү даректүү тасма тартууга ыктап, Кыргызстанда болгон орчундуу тарыхый окуялар, атактуу инсандар жөнүндө 30дай даректүү эмгек жараткан.

Марлес Туратбеков жубайы менен бир уул, бир кызды өстүргөн. Баласы Эмил учурда ишкерлик менен алектенсе, кызы Эмиля Москвада журналист болуп иштейт. Атамекендик кинематографияга эмгеги сиңген инсан 1998-жылы 65 жашында кайтыш болгон.

197
  • Оператор Кыргыз ССРинин айыл чарба министри Досалы Туратбековдун уулу болгон
    © Фото / из семейного архива Туратбековых

    Оператор Кыргыз ССРинин айыл чарба министри Досалы Туратбековдун уулу болгон

  • Болочоктогу киночу камерага тарткандын сырларын эки жылдай убакыт жумшап үйрөнгөн
    © Фото / из семейного архива Туратбековых

    Болочоктогу киночу камерага тарткандын сырларын эки жылдай убакыт жумшап үйрөнгөн

  • Марлес Туратбеков эмгек жолун Кыргыз фильм студиясында баштаган
    © Фото / из семейного архива Туратбековых

    Марлес Туратбеков эмгек жолун "Кыргыз фильм" студиясында баштаган

  • Жаш талант Москвадагы Мамлекеттик кинематография институтуна тапшырып, аны 1958-жылы операторлук адистиги боюнча бүтүргөн
    © Фото / из семейного архива Туратбековых

    Жаш талант Москвадагы Мамлекеттик кинематография институтуна тапшырып, аны 1958-жылы операторлук адистиги боюнча бүтүргөн

  • Биринчи профессионал кыргыз оператору бир топ атамекендик тасмаларды жаратууга катышкан
    © Фото / из семейного архива Туратбековых

    Биринчи профессионал кыргыз оператору бир топ атамекендик тасмаларды жаратууга катышкан

  • СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов жана оператор Туратбеков
    © Фото / из семейного архива Туратбековых

    СССРдин эл артисти Муратбек Рыскулов жана оператор Туратбеков

  • Оператор Караш-караш окуясы, Көчө, Бурма фильмдерин тарткан
    © Фото / из семейного архива Туратбековых

    Оператор "Караш-караш окуясы", "Көчө", "Бурма" фильмдерин тарткан

  • Операторлор Төлөгөн Сыдыков менен Марлес Туратбеков, актёр Исмаил Абдубачаев жана режиссёр Геннадий Базаров
    © Фото / из семейного архива Туратбековых

    Операторлор Төлөгөн Сыдыков менен Марлес Туратбеков, актёр Исмаил Абдубачаев жана режиссёр Геннадий Базаров

  • Оператордун залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен кызуу баарлашып жаткан маалы
    © Фото / из семейного архива Туратбековых

    Оператордун залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов менен кызуу баарлашып жаткан маалы

  • Актёр Насыр Кытаев, оператор Марлес Туратбеков жана киночулардын тасма тартуу учуру
    © Фото / из семейного архива Туратбековых

    Актёр Насыр Кытаев, оператор Марлес Туратбеков жана киночулардын тасма тартуу учуру

  • Режиссёр Геннадий Базаровдун айтылуу Көчө фильмине Туратбеков оператор болгон
    © Фото / из семейного архива Туратбековых

    Режиссёр Геннадий Базаровдун айтылуу "Көчө" фильмине Туратбеков оператор болгон

  • СССРдин кинематографисттер союзунун мүчөсү 1998-жылы 65 жашында дүйнөдөн мезгилсиз кайткан
    © Фото / из семейного архива Туратбековых

    СССРдин кинематографисттер союзунун мүчөсү 1998-жылы 65 жашында дүйнөдөн мезгилсиз кайткан

Белгилер:
Сүрөт, Марлес Туратбеков, оператор, Кыргызстан
Тема боюнча
Айылдашына таасирленип актер болгон. Алп талант Болот Бейшеналиевдин сүрөттөрү
Айтматов менен чогуу Ысык-Көлдү сагынып... 65ке чыккан Муратбек Бегалиев
Асылдар, залкарлар менен... Күлүйпа Кондучалованын сүрөттө калган ирмемдери
Президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Өз мезгилинин баатыры. Президент көз жумган студент кыздын бүлөсүнө көңүл айтты

67
(жаңыланган 19:37 14.07.2020)
Мурзабекова Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын дарылоо иши факультетинде 5-курста окучу. Акыркы күндөрү Discoveri мейманканасында уюштурулган убактылуу стационарда ыктыярчы-медайым болуп иштеп жаткан.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Адинай Мурзабекова мекендештери, курсташтары, достору, туугандары жана жакындары, аны тааныгандардын эсинде өз мезгилинин баатыры катары түбөлүккө кала берет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып жатып билдирди.

Эскерте кетсек, 13-июль күнү күндүзгү стационарда ыктыярчы медайым болуп иштеп жаткан 21 жаштагы студент кыз Адинай Мурзабекова каза болгон. Алдын ала маалымат боюнча, анын пневмониядан көз жумганы айтылды.

Жээнбеков суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын белгилеген.

Стационарда иштеп көз жумган студент кыз. Өлүмдүн болжолдуу себеби айтылды

"Медициналык кадрлардын жетишсиздиги ыктыярчыларды, алардын ичинде медициналык факультеттердин жогорку курстарынын студенттерин ишке тартууга мажбур кылды. Жаш болгонуна карабастан, алар улуу кесиптештери менен бир катарда болуп, бүгүнкү күндүн бардык оош-кыйыштарын татыктуу көтөрүп келе жатышат. Тилекке каршы, бүт өмүрү али алдыда болгон жаш адисибизден айрылып отурабыз", — деп өкүнүү менен белгиледи мамлекет башчысы.

Президент Адинай Мурзабекова күч-кубатын, ден соолугун аябастан, өз милдетин кайратмандык менен аткарганын жана калктын саламаттыгын, адам өмүрлөрүн сактап калууга баа жеткис салым кошкондугун белгиледи.

"Адинай Мурзабекова мекендештери, курсташтары, достору, туугандары жана жакындары, аны тааныгандардын эсинде өз мезгилинин баатыры катары түбөлүккө кала берет. Үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам, орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшөм", — деп белгиледи Жээнбеков.

Ал эми Мурзабекова билим алган медициналык академиянын маалымат кызматы Адинайдын мыкты окуганын белгилеп, өлүмүнүн чоо-жайы такталып жатканын кошумчалады.

67
Белгилер:
көңүл айтуу, президент, пневмония, медицина, стационар, студент
Тема:
Кыргызстандыктарды кыйнаган пневмония
Тема боюнча
Кыргызстанда пневмониядан 45 адам каза болду