Сүрөттөгү апта: Грузиядагы суу ташкынынан Европа оюндарынын ачылышына чейин

134
(жаңыланган 13:48 15.06.2015)
  • Түштүк Кореяда короновирустан көз жумгандардын саны 17 адамга жетти. Короновирус илдетинин белгилери оорунун алгачкы этаптарында билинбейт. Ага каршы учурда вакцина да жок.
Тбилисидеги нөшөрлөгөн жаандан улам шаарды суу каптап, ал зоопарктан 30га жакын жаныбардын качып кетишине себеп болду. Баку Европа оюндарынын ачылышына 100 миллион доллар сарптаса, швед ханзаадасы Карл Филипп мурунку модель болуп жүргөн айым менен баш кошту. Өткөн жумадагы эң кызыктуу окуялар Sputnik агенттигинин сүрөт куржунунда.

Тбилисиде катуу жаан жаап, суу ташкынын жаратты. Натыйжада 12 адам көз жумду. Вере дарыясындагы суу шаардын зоопаркын каптап, мындан улам жаныбарлардын басымдуу бөлүгү калаанын көчөлөрүн аралап кеткен. Учурда атып өлтүрүлгөндөн калганы коопсуз жайга көчүрүлдү.

Азербайжандын борбору Баку шаарында өткөн Европа оюндарынын ачылыш аземи 100 миллион долларды чапчыды.

Швед ханзаадасы Карл Филипп буга чейин модель болуп иштеген София Хелльквист менен баш кошту. Никелешүү үлпөтү ишемби күнү Стокгольмдогу чиркөөдө өттү.

134
  • Стокгольмдо Швециянын Карл Филипп ханзаадасынын үйлөнүү үлпөтү өттү. 36 жаштагы Карл Филипп – королдун жалгыз баласы. Хан тактысына ээлик кылуу үчүн ал үчүнчү кезекте турат. Жубайы София Хелльквист – мурунку модель, йога боюнча машыктыруучу жана ар кандай реалити-шоулардын катышуучусу катары белгилүү.
    © REUTERS / TT NEWS AGENCY

    Стокгольмдо Швециянын Карл Филипп ханзаадасынын үйлөнүү үлпөтү өттү. 36 жаштагы Карл Филипп – королдун жалгыз баласы. Хан тактысына ээлик кылуу үчүн ал үчүнчү кезекте турат. Жубайы София Хелльквист – мурунку модель, йога боюнча машыктыруучу жана ар кандай реалити-шоулардын катышуучусу катары белгилүү.

  • Жергиликтүү ММКнын маалыматы боюнча, Грузиянын борбор калаасындагы суу ташкыны 12 адамдын өмүрүн кыйды. Суу шаардык зоопаркты каптап, андан 30 жаныбар чыгып кеткен.
    © REUTERS / IRAKLI GEDENIDZE

    Жергиликтүү ММКнын маалыматы боюнча, Грузиянын борбор калаасындагы суу ташкыны 12 адамдын өмүрүн кыйды. Суу шаардык зоопаркты каптап, андан 30 жаныбар чыгып кеткен.

  • Тарыхтагы биринчи Европиада Бакуда ачылды. Сүрөттө: Бакудагы I Европиаданын ачылыш аземиндеги салют
    © Sputnik / Владимир Астапкович

    Тарыхтагы биринчи Европиада Бакуда ачылды.
    Сүрөттө: Бакудагы I Европиаданын ачылыш аземиндеги салют

  • Евгений Салеев аттуу балбан Евро оюндарында Россияга экинчи алтын медаль алып келди.
    © Sputnik / Алексей Филиппов

    Евгений Салеев аттуу балбан Евро оюндарында Россияга экинчи алтын медаль алып келди.

  • Түштүк Кореяда короновирустан көз жумгандардын саны 17 адамга жетти. Короновирус илдетинин белгилери оорунун алгачкы этаптарында билинбейт. Ага каршы учурда вакцина да жок.
    © REUTERS / YONHAP

    Түштүк Кореяда короновирустан көз жумгандардын саны 17 адамга жетти. Короновирус илдетинин белгилери оорунун алгачкы этаптарында билинбейт. Ага каршы учурда вакцина да жок.

  • Мексиканын Тихауна шаарында абактагы 21 аял сулуулардын сынагына катышты.
    © Sputnik / Jorge Duenes

    Мексиканын Тихауна шаарында абактагы 21 аял сулуулардын сынагына катышты.

  • Москвада Россия күнүнүн урматына миңден ашуун майрамдык иш-чара болуп өттү. Сүрөттө: Москва шаарындагы М.Горький атындагы борбордук сейил багындагы Россия күнүн майрамдоо.
    © Sputnik / Евгения Новоженина

    Москвада Россия күнүнүн урматына миңден ашуун майрамдык иш-чара болуп өттү.
    Сүрөттө: Москва шаарындагы М.Горький атындагы борбордук сейил багындагы Россия күнүн майрамдоо.

  • Россия президенти кыска мөөнөттүү иш сапары менен Италияга келди. Миландагы ЭКСПО-2015 дүйнөлүк көргөзмөсүнө катышып, президент Россия күнүн ачып берди. Владимир Путинди россиялык желектер жана дүйнөнү сактап калуусун өтүнгөн Putin. Save the world сыяктуу плакаттар менен тосуп алышты.
    © REUTERS / STRINGER ITALY

    Россия президенти кыска мөөнөттүү иш сапары менен Италияга келди. Миландагы ЭКСПО-2015 дүйнөлүк көргөзмөсүнө катышып, президент Россия күнүн ачып берди. Владимир Путинди россиялык желектер жана дүйнөнү сактап калуусун өтүнгөн "Putin. Save the world" сыяктуу плакаттар менен тосуп алышты.

  • Германияда G7 саммити өттү.
    © REUTERS / POOL

    Германияда G7 саммити өттү.

  • Бостери айылында  Ачык Ысык-Көл эл аралык фестивалы болуп өттү.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бостери айылында "Ачык Ысык-Көл" эл аралык фестивалы болуп өттү.

  • Сочиде Кинотавр фестивалы аяктады. Фестивалдын баш байгесине Про любовь тасмасы үчүн Анна Меликян ээ болду. Сыйлык 26-ирет өткөрүлүп жаткан иш-чаранын жабылуу аземинде тапшырылды.
    © Sputnik / Екатерина Чеснокова

    Сочиде "Кинотавр" фестивалы аяктады. Фестивалдын баш байгесине "Про любовь" тасмасы үчүн Анна Меликян ээ болду. Сыйлык 26-ирет өткөрүлүп жаткан иш-чаранын жабылуу аземинде тапшырылды.

  • Екатеринбург шаарында өтүп жаткан Каармандар жарышынын катышуучулары кезектеги тоскоолдуктан өтүүдө.
    © Sputnik / Павел Лисицын

    Екатеринбург шаарында өтүп жаткан "Каармандар жарышынын" катышуучулары кезектеги тоскоолдуктан өтүүдө.

Белгилер:
нөшөрлүү жаан, ханзаада, сел, Европа оюндары, София Хелльквист, Карл Филипп, Тбилиси, Баку, Стокгольм
Тема боюнча
Сүрөттөгү апта: жылаңач веложүрүштөн роботтордун мелдешине чейин

Каткырган, кайгырган, ыйлаган Сейдакматова. Актрисанын сүрөттөгү ирмемдери

387
  • Жамал Сейдакматова Москвадагы Жеңил өнөр жай институтунун 2-курсунда окуп жүрүп, Фрунзеге келгенде театрга кирип алган
  • СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов, КРдин эл артисти Жамал Сейдакматова Океевдин Улан тасмасында, Ысык-Көл, 1977-жыл
  • Актриса дараметин театрда да, кинодо да сынап көргөн
  • Белгилүү актриса Жамал Сейдакматова менен актёр Дүйшөн Байдөбөтов. Режиссёр Дооронбек Садырбаев Акбаранын көз жашы тасмасына тартылып жаткан учур. Ош облусу, 1988-жыл
  • Кыргыз Республикасынын эл артисти чыгармачылыгында 20дан ашык тасмада образ жараткан
  • Жайлоодо тасма тартылып жаткан учур, 1974-жыл
  • Аманат тасмасын тартуу маалы, 1978-жыл
  • Замандаштары: режиссёрлор Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров, жазуучулар Чыңгыз Айтматов, Бексултан Жакиев жана актриса Бакен Кыдыкеева менен
  • Ала-Арча резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун Жамал Сейдакматовага мамлекетттик сыйлык — II даражадагы Манас орденин тапшырган учуру
  • Чырайлуу Айтурган Темирова жана Жамал Сейдакматова канадалык кесиптештери менен, 1982-жыл
  • Жамал Сейдакматова келини, кызы жана неберелери менен
  • КРдин эл артисти өзү түзгөн Тунгуч театрынын жамааты менен
Бүгүн белгилүү актриса, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Жамал Сейдакматованын туулган күнү. Өмүрүн кыргыз киносу менен театрына арнаган актриса 81 жашка толду.

Sputnik Кыргызстан агенттиги КРдин эл артистинин туулган күнү менен куттуктап, сүрөттөгү ирмемдерин топтоду.

Жамал Сейдакматова 1939-жылы 21-сентябрда Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Темир айылында туулуп-өскөн. Атасы көп убакыт бала жытын искей албай жүрүп, бешинчи жубайынан Жамалды көргөн. Апасы Ажар Каракол театрында актриса болуп иштеген. Ата-энесинин жалгыз баласы болуп абдан эрке өскөн. Кичинекейинен эле ыр-бийге шыктуу болуп, ата-энеси мыкты билим алсын деп борборго жөнөткөн. Мектепти аяктагандан кийин атасынын тили менен Москвадагы Жеңил өнөр жай институтуна тапшырган.

Таттыбүбү, кызы Асел, Айтурган... Кыргыз киносунун чүрөктөрүнүн сейрек сүрөттөрү

Бирок жүрөгүн уялаган максаты жанына жай бербей, акыры аталган институтту 2-курстан таштап, Фрунзеге келип театрга кирип кеткен. Ал эми студент кыздын жакындары менен ата-энеси аны чоң окумуштуу болот деп күтүшкөн.

Чыгармачылыгы "Алыскы тоолордо" фильмине тартылуу менен башталып, 60-70-жылдары театрда лирикалык, комедиялык, драмалык маанайдагы образдарды жаратуунун чебери катары таанылган.

Сейдакматова: карылыктын өзүнүн жакшы жактары бар экен. Видео маек

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты атайын кесиптик билими жок эле Кыргыз драма театрында 32 жылдай иштеп, кино жаатында эмгектенип, тасма талаасын да багындырган. Ал "Акбаранын көз жашында" Көктурсундун, "Алыскы тоолордо" Зыягүлдүн, "Тянь-Шань кызы" тасмасында Алтынайдын, "Караш-Карашта" Хадижанын, "Уланда" Фатиманын, "Курманжан даткада" Курманжан датканын ролдорун өтө жогорку деӊгээлде ойногон. КР эл артисти жалпы 20дан ашык тасмада түрдүү образдарды жараткан.

Топудай кыргыздын башына тоодой кайгы үйүлбөсө дейм. Сейдакматова менен дил маек

Жамал Сейдакматова 1990-жылы борбор калаада "Тунгуч" жеке театрын негиздеген. Жеке жашоосунда актриса таланттуу артист Болот Шалтаевге турмушка чыгып, уулу жети жашка чыкканда жолдошу оорудан улам каза болуп калган. Экинчи турмушу Садырбек Назаров менен болуп, учурда актрисанын алты небереси бар.

Кыргыз элинин таланттуу актрисасы жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин материалынан окуңуздар.

387
  • Жамал Сейдакматова Москвадагы Жеңил өнөр жай институтунун 2-курсунда окуп жүрүп, Фрунзеге келгенде театрга кирип алган
    © Sputnik / Александр Федоров.

    Жамал Сейдакматова Москвадагы Жеңил өнөр жай институтунун 2-курсунда окуп жүрүп, Фрунзеге келгенде театрга кирип алган

  • СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов, КРдин эл артисти Жамал Сейдакматова Океевдин Улан тасмасында, Ысык-Көл, 1977-жыл
    © Фото / Александр Федоров

    СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморов, КРдин эл артисти Жамал Сейдакматова Океевдин "Улан" тасмасында, Ысык-Көл, 1977-жыл

  • Актриса дараметин театрда да, кинодо да сынап көргөн
    © Sputnik / Александр Федоров.

    Актриса дараметин театрда да, кинодо да сынап көргөн

  • Белгилүү актриса Жамал Сейдакматова менен актёр Дүйшөн Байдөбөтов. Режиссёр Дооронбек Садырбаев Акбаранын көз жашы тасмасына тартылып жаткан учур. Ош облусу, 1988-жыл
    © Фото / Александр Федоров

    Белгилүү актриса Жамал Сейдакматова менен актёр Дүйшөн Байдөбөтов. Режиссёр Дооронбек Садырбаев "Акбаранын көз жашы" тасмасына тартылып жаткан учур. Ош облусу, 1988-жыл

  • Кыргыз Республикасынын эл артисти чыгармачылыгында 20дан ашык тасмада образ жараткан
    © Фото / Александр Федоров

    Кыргыз Республикасынын эл артисти чыгармачылыгында 20дан ашык тасмада образ жараткан

  • Жайлоодо тасма тартылып жаткан учур, 1974-жыл
    © Sputnik / Александр Федоров.

    Жайлоодо тасма тартылып жаткан учур, 1974-жыл

  • Белгилүү режиссёр Төлөмүш Океев менен КРдин эл артисти Жамал Сейдакматова, 1977-жыл
    © Фото / Шалтаев Мурат

    Белгилүү режиссёр Төлөмүш Океев менен КРдин эл артисти Жамал Сейдакматова, 1977-жыл

  • Аманат тасмасын тартуу маалы, 1978-жыл
    © Sputnik / Александр Федоров.

    "Аманат" тасмасын тартуу маалы, 1978-жыл

  • Замандаштары: режиссёрлор Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров, жазуучулар Чыңгыз Айтматов, Бексултан Жакиев жана актриса Бакен Кыдыкеева менен
    © Sputnik / Александр Федоров.

    Замандаштары: режиссёрлор Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров, жазуучулар Чыңгыз Айтматов, Бексултан Жакиев жана актриса Бакен Кыдыкеева менен

  • Ала-Арча резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун Жамал Сейдакматовага мамлекетттик сыйлык — II даражадагы Манас орденин тапшырган учуру
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    "Ала-Арча" резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун Жамал Сейдакматовага мамлекетттик сыйлык — II даражадагы "Манас" орденин тапшырган учуру

  • Чырайлуу Айтурган Темирова жана Жамал Сейдакматова канадалык кесиптештери менен, 1982-жыл
    © Sputnik / Александр Федоров.

    Чырайлуу Айтурган Темирова жана Жамал Сейдакматова канадалык кесиптештери менен, 1982-жыл

  • Жамал Сейдакматова келини, кызы жана неберелери менен
    © Sputnik / Нургуль Максутова

    Жамал Сейдакматова келини, кызы жана неберелери менен

  • КРдин эл артисти өзү түзгөн Тунгуч театрынын жамааты менен
    © Sputnik / Александр Федоров.

    КРдин эл артисти өзү түзгөн "Тунгуч" театрынын жамааты менен

Белгилер:
Сүрөт, Жамал Сейдакматова, актриса, Кыргызстан
Тема боюнча
Жүк ташып, көмүр түшүрүп... Мамлекеттик ишмер Апас Жумагулов жөнүндө 6 факты

Тебетей кийип, шуру тагынып... Салттуу кийимди көркүнө чыгарган бөбөктөрдүн 14 сүрөтү

379
(жаңыланган 14:12 18.09.2020)
  • Бешикке салынып жаткан наристе. Жаңы төрөлгөн ымыркайды бешикке бөлөө кыргыздын илгертен келе жаткан каадасы. Наристе жарык дүйнөгө келгенине жети күн болгондон кийин аны бешикке бөлөшкөн.
  • Жилик мүлжүп жаткан бөбөк. Билесиздерби, мурда бөбөктөрдүн кийимдерине, кыз-эркегине карабай тумар жана ар кандай мончоктор тагылган.
  • Чий куурчак кармап, үкү топу кийген кыз. Кыргыздар кыздардын топу же тебетейине үкүнүн канатын тагып коюшкан. Элдик ишеним боюнча, үкүнүн канаттары, тумар аларды жаман кѳз, жаман сѳздѳн сактап келген.
  • Жайлоодо козу көтөргөн бала. Анын жонундагы чапандан тарта шымына чейин кыргыздын салттуу кийимине кирет.
  • Өзгөчө кооз тебетей кийген секелек. Кыз балдардын кийими кичине кезинен баштап эле шуру-мончок менен шөкөттөлгөн.
  • Тушоосу кесилген бөбөк. Кыргыз эли наристе там-туң басып калганда мындан ары чалынбай, мүдүрүлбөй жакшы басып кетсин, турмуш жолу шыдыр болсун деген жакшы ниет менен анын тушоосун ырымдап кесип, элден бата алган.
  • Тушоо тойдо улуулар тегерете туруп, көбүнесе балдар-кыздар чуркаган. Буга чейин белектердин ордуна чуркагандарга бадырак эле берилчү. Ал эми алдыда келгендерге мал энчиленчү экен.
  • Беш көкүл чач өрдүрүп жаткан кыз. Секелек кыздар турмушка чыкканга чейин чачын беш көкүл өрдүрүшкөн.
  • Чикит ойноп жаткан эркек балдар. Кыргыздын бул улуттук оюну жумуру таяк менен ойнолот.
  • Чоң энеси менен эрмектешип отурган секелектер.
  • Тогуз коргоол ойноп жаткан балдар. Ал байыркы көчмөндөрдөн калган кызыктуу оюн. Тогуз коргоол логикалык ой жүгүртүүнү, так эсептөөнү, тапкычтыкты талап кылат.
  • Тебетей кийген сулуулар кыргыздын топ таш оюнун ойноп отурушат.
  • Ат — адамдын канаты. Бул жаныбарга эркек балдар кичине кезинен эле жакын келет.
  • Балалыкты эске салган чүкө атмай оюну. Ушул сыяктуу кыргыздарда сака чертмек, жаңгак чертмек, данек чертмек деген оюндар бар.
Кыргыздын салттуу кийими аял-эркек, кары-жаш дебей баарын көркүнө чыгарып, ажарын ачып коёт. Sputnik Кыргызстан агенттиги "Кийиз дүйнө" коомдук фонду менен биргеликте балдардын элжиреткен 14 сүрөтүн сунуштайт.

Салттуу билимди аркалаган изилдөөчүлөрдүн, адистердин айтымында, наристелердин кийимдеринин бычылышы жѳнѳкѳй жана окшош болгон. Бала басканга чейин кыз-эркек дебей ороо-чулгоодон сырткары ыңгайлуу, жылуу кийимдерди кийгизишкен. Кыз баланын кийими көп учурда түрдүү шуру, күмүш, седеп топчулар жана ар кандай тумарлар менен кооздолгон. Эркек балдардын кийиминде да мончок, тумарлар болгон. Ал өспүрүм куракка келгенде биротоло алынып, тумарлары гана калган.

Сүрөт түрмөгү бир гана кийим тууралуу эмес, андан кыргыздын каадасын, улуттук оюндарын да көрө аласыздар.

379
  • Бешикке салынып жаткан наристе. Жаңы төрөлгөн ымыркайды бешикке бөлөө кыргыздын илгертен келе жаткан каадасы. Наристе жарык дүйнөгө келгенине жети күн болгондон кийин аны бешикке бөлөшкөн.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бешикке салынып жаткан наристе. Жаңы төрөлгөн ымыркайды бешикке бөлөө кыргыздын илгертен келе жаткан каадасы. Наристе жарык дүйнөгө келгенине жети күн болгондон кийин аны бешикке бөлөшкөн.

  • Жилик мүлжүп жаткан бөбөк. Билесиздерби, мурда бөбөктөрдүн кийимдерине, кыз-эркегине карабай тумар жана ар кандай мончоктор тагылган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жилик мүлжүп жаткан бөбөк. Билесиздерби, мурда бөбөктөрдүн кийимдерине, кыз-эркегине карабай тумар жана ар кандай мончоктор тагылган.

  • Чий куурчак кармап, үкү топу кийген кыз. Кыргыздар кыздардын топу же тебетейине үкүнүн канатын тагып коюшкан. Элдик ишеним боюнча, үкүнүн канаттары, тумар аларды жаман кѳз, жаман сѳздѳн сактап келген.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чий куурчак кармап, үкү топу кийген кыз. Кыргыздар кыздардын топу же тебетейине үкүнүн канатын тагып коюшкан. Элдик ишеним боюнча, үкүнүн канаттары, тумар аларды жаман кѳз, жаман сѳздѳн сактап келген.

  • Жайлоодо козу көтөргөн бала. Анын жонундагы чапандан тарта шымына чейин кыргыздын салттуу кийимине кирет.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жайлоодо козу көтөргөн бала. Анын жонундагы чапандан тарта шымына чейин кыргыздын салттуу кийимине кирет.

  • Өзгөчө кооз тебетей кийген секелек. Кыз балдардын кийими кичине кезинен баштап эле шуру-мончок менен шөкөттөлгөн.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Өзгөчө кооз тебетей кийген секелек. Кыз балдардын кийими кичине кезинен баштап эле шуру-мончок менен шөкөттөлгөн.

  • Тушоосу кесилген бөбөк. Кыргыз эли наристе там-туң басып калганда мындан ары чалынбай, мүдүрүлбөй жакшы басып кетсин, турмуш жолу шыдыр болсун деген жакшы ниет менен анын тушоосун ырымдап кесип, элден бата алган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Тушоосу кесилген бөбөк. Кыргыз эли наристе там-туң басып калганда "мындан ары чалынбай, мүдүрүлбөй жакшы басып кетсин, турмуш жолу шыдыр болсун" деген жакшы ниет менен анын тушоосун ырымдап кесип, элден бата алган.

  • Тушоо тойдо улуулар тегерете туруп, көбүнесе балдар-кыздар чуркаган. Буга чейин белектердин ордуна чуркагандарга бадырак эле берилчү. Ал эми алдыда келгендерге мал энчиленчү экен.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Тушоо тойдо улуулар тегерете туруп, көбүнесе балдар-кыздар чуркаган. Буга чейин белектердин ордуна чуркагандарга бадырак эле берилчү. Ал эми алдыда келгендерге мал энчиленчү экен.

  • Беш көкүл чач өрдүрүп жаткан кыз. Секелек кыздар турмушка чыкканга чейин чачын беш көкүл өрдүрүшкөн.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Беш көкүл чач өрдүрүп жаткан кыз. Секелек кыздар турмушка чыкканга чейин чачын беш көкүл өрдүрүшкөн.

  • Чикит ойноп жаткан эркек балдар. Кыргыздын бул улуттук оюну жумуру таяк менен ойнолот.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чикит ойноп жаткан эркек балдар. Кыргыздын бул улуттук оюну жумуру таяк менен ойнолот.

  • Чоң энеси менен эрмектешип отурган секелектер.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чоң энеси менен эрмектешип отурган секелектер.

  • Тогуз коргоол ойноп жаткан балдар. Ал байыркы көчмөндөрдөн калган кызыктуу оюн. Тогуз коргоол логикалык ой жүгүртүүнү, так эсептөөнү, тапкычтыкты талап кылат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Тогуз коргоол ойноп жаткан балдар. Ал байыркы көчмөндөрдөн калган кызыктуу оюн. Тогуз коргоол логикалык ой жүгүртүүнү, так эсептөөнү, тапкычтыкты талап кылат.

  • Тебетей кийген сулуулар кыргыздын топ таш оюнун ойноп отурушат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Тебетей кийген сулуулар кыргыздын топ таш оюнун ойноп отурушат.

  • Ат — адамдын канаты. Бул жаныбарга эркек балдар кичине кезинен эле жакын келет.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ат — адамдын канаты. Бул жаныбарга эркек балдар кичине кезинен эле жакын келет.

  • Балалыкты эске салган чүкө атмай оюну. Ушул сыяктуу кыргыздарда сака чертмек, жаңгак чертмек, данек чертмек деген оюндар бар.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Балалыкты эске салган чүкө атмай оюну. Ушул сыяктуу кыргыздарда сака чертмек, жаңгак чертмек, данек чертмек деген оюндар бар.

Белгилер:
оюн, каада-салт, Сүрөт, бала, улуттук кийимдер, кийим-кече
Тема боюнча
Кыргыз аялынын ич кийиминен сырт кийимине чейин. Көчмөн модасынын сырлары
Ооруканадагы капельницалар. Архив

Россияда көпүрө урап 49 кыргызстандык жабыркады. Сүрөт

0
(жаңыланган 16:15 27.09.2020)
Маалым болгондой, аталган ишканада жалпысынан 149 кыргыз жараны иштечү. Маселе элчинин жеке көзөмөлүнө алынды.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Россиянын Москва облусундагы "ФМ Сидорово" логистикалык ишканасында жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап Кыргызстандын 49 жараны жабыркады. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жабыркаган мекендештердин ичинен төртөөнүн абалы оор, каза болгондор жок.

"Кырсыктан жабыркагандар Ступинский ооруканасына жеткирилген. Учурда окуя болгон жерде Россиянын ӨКМ, прокуратура, Тез жарджам кызматы, тергөө комитети жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү иш алып барууда. Жеринде Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен ИИМдин өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери КР жарандарына ар тараптан колдоо көрсөтүү үчүн жүрүшөт", — деп айтылат маалыматта.

​Маалым болгондой, аталган ишканада жалпысынан 149 кыргыз жараны иштечү.

0
Белгилер:
кырсык, көпүрө, жаран, Россия
Тема боюнча
Кулаган учактан аман калган курсанттын атасы: мен дагы үч жолу кырсыктагам