"Биринчи мугалим" 50 жашка толду

7627
(жаңыланган 10:34 15.08.2017)
  • 19 жаштагы Наталья Аринбасарова жаш жеткинчек Алтынайдын ролун жараткан.
  • Жарандык согушту башынан кечирген кызыл армиячы Дүйшөндү комсомол тапшырма менен алыскы айылдардын бирине мугалим кылып жиберет. Болот Бейшеналиев танапис учурунда.
  • Кыйынчылыктарга карабай Дүйшөн ишинин актыгына ишенип, балдарга болгон билимин берүүгө жан дили менен аракет кылат. Мугалимдин айыл жашоочуларынын алдындагы жалындуу сөзү.
  • Дүйшөн кароосуз калган сарайга мектеп уюштурат. Бирок мектепке барыш үчүн чоң суудан өтүү керек.
  • Суудан өтмөк куруп жаткан мугалимге Алтынай жардам бермекчи болот.
  • Жаш режиссердун алгачкы толук метраждуу тасмасы дипломдук иш үчүн даярдалган. Кинооператор Георгий Рерберг үчүн да дебюттук картина болду. Кончаловский тартуу аянтында.
  • Суук түшүп калган күз айлары жаңы жашоого бөгөт боло албайт эле. Биринчи мугалим балдарды мектепке алып бара жатат.
  • Билимге карай жол бир топ кыйынчылыктар менен коштолот — айылдын караңгы эли балдарын мойнунан байлаган иттей болуп мектепке жиберүүдө.
  • Дүйшөн согушка чейин мугалим болуп эмгектенип келген. Согуштан кийин сүйгөн кесибине кайтууга белин бек байлаган.
  • Өспүрүм кыздын мугалимге болгон аруу сезими сюжеттин башынан аягына чейин көмүскө баяндалат.
  • Көшөгө артында. Гример актерлордун боёгун оңдоштурууда.
  • Алтынайдын туугандары анын окууга дилгирлигин таптакыр жактырышпайт, андыктан кызды коңшу айылдагы байга токол кылып беришет.
  • Алтынайдын кайтып келиши.
  • Дүйшөн Алтынайды алып кетүүдө.
  • Кончаловский биринчилерден болуп советтик азиалык тасмаларга ачык эпизоддорду киргизген.
  • Алтынайдын ыпластыктан тазаланып, арууланышы.
  • Кайымбайдын ролун жараткан Советбек Жумадылов.
  • Ленинград шаарына окуу үчүн кетип бара жаткан Алтынайдын Дүйшөн менен коштошуусу.
  • Өрттөлүп кыйраган мектептин ордуна жаңы мектеп салууга Дүйшөн белсене киришет.
Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде тартылган тасма 1965-жылы экранга чыккан. Тасманын сценарийи жана режиссерлук Сергей Михалковдун уулу Андрон Кончаловскийге таандык.

Жаш режиссердун алгачкы толук метраждуу тасмасы дипломдук иш үчүн даярдалган. Кинооператор Георгий Рерберг үчүн да бул  дебюттук картина болду. Тасма сынчылардын купулуна толуп, абройлуу эл аралык кинофестивалдарда сыйлыктарга ээ болгон. 

Башкы ролдогу Наталья Аринбасаровага Венецияда өткөн 27-эл аралык кинофестивалда аялдын мыкты ролун жаратканы үчүн "Вольпи" Кубогу ыйгарылган. Киевде өткөн Бүткүл союздук кинофестивалда тасма "Советтик экран" журналынын атайы байгесине татыган. Римдеги кинофестивалда "Юпитер Капитолийи" багынтса, Франциянын Йере шаарында өткөн жаш кинематографисттердин эл аралык фестивалында калыстар тобунун атайы байгесине ээ болгон.

Тасмадагы айрым ачык эпизоддору үчүн кезинде Мамлекеттик кино менен СССР Компартиясынын Борбордук комитети узакка талашып, тартышып отуруп, Чыңгыз Айтматов кадыры жана Сергей Михалковдун коргоосунун артында гана экранга чыгууга мүмкүнчүлүк алган. 

Башкы ролдорду жаш актерлор Болот Бейшеналиев менен Наталья Аринбасарова жараткан. Ал эми белгилүү чеберлер Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева менен Даркүл Күйүкованын тартылышы тасманын көркүн чыгарып, ийгилигин камсыздаган.

7627
  • 19 жаштагы Наталья Аринбасарова жаш жеткинчек Алтынайдын ролун жараткан.
    Александр Федоров

    19 жаштагы Наталья Аринбасарова жаш жеткинчек Алтынайдын ролун жараткан.

  • Жарандык согушту башынан кечирген кызыл армиячы Дүйшөндү комсомол тапшырма менен алыскы айылдардын бирине мугалим кылып жиберет. Болот Бейшеналиев танапис учурунда.
    Александр Федоров

    Жарандык согушту башынан кечирген кызыл армиячы Дүйшөндү комсомол тапшырма менен алыскы айылдардын бирине мугалим кылып жиберет. Болот Бейшеналиев танапис учурунда.

  • Кыйынчылыктарга карабай Дүйшөн ишинин актыгына ишенип, балдарга болгон билимин берүүгө жан дили менен аракет кылат. Мугалимдин айыл жашоочуларынын алдындагы жалындуу сөзү.
    Александр Федоров

    Кыйынчылыктарга карабай Дүйшөн ишинин актыгына ишенип, балдарга болгон билимин берүүгө жан дили менен аракет кылат. Мугалимдин айыл жашоочуларынын алдындагы жалындуу сөзү.

  • Дүйшөн кароосуз калган сарайга мектеп уюштурат. Бирок мектепке барыш үчүн чоң суудан өтүү керек.
    Александр Федоров

    Дүйшөн кароосуз калган сарайга мектеп уюштурат. Бирок мектепке барыш үчүн чоң суудан өтүү керек.

  • Суудан өтмөк куруп жаткан мугалимге Алтынай жардам бермекчи болот.
    Александр Федоров

    Суудан өтмөк куруп жаткан мугалимге Алтынай жардам бермекчи болот.

  • Жаш режиссердун алгачкы толук метраждуу тасмасы дипломдук иш үчүн даярдалган. Кинооператор Георгий Рерберг үчүн да дебюттук картина болду. Кончаловский тартуу аянтында.
    Александр Федоров

    Жаш режиссердун алгачкы толук метраждуу тасмасы дипломдук иш үчүн даярдалган. Кинооператор Георгий Рерберг үчүн да дебюттук картина болду. Кончаловский тартуу аянтында.

  • Суук түшүп калган күз айлары жаңы жашоого бөгөт боло албайт эле. Биринчи мугалим балдарды мектепке алып бара жатат.
    © Фото / Александр Федоров

    Суук түшүп калган күз айлары жаңы жашоого бөгөт боло албайт эле. Биринчи мугалим балдарды мектепке алып бара жатат.

  • Билимге карай жол бир топ кыйынчылыктар менен коштолот — айылдын караңгы эли балдарын мойнунан байлаган иттей болуп мектепке жиберүүдө.
    Александр Федоров

    Билимге карай жол бир топ кыйынчылыктар менен коштолот — айылдын караңгы эли балдарын мойнунан байлаган иттей болуп мектепке жиберүүдө.

  • Дүйшөн согушка чейин мугалим болуп эмгектенип келген. Согуштан кийин сүйгөн кесибине кайтууга белин бек байлаган.
    © Фото / Александр Федоров

    Дүйшөн согушка чейин мугалим болуп эмгектенип келген. Согуштан кийин сүйгөн кесибине кайтууга белин бек байлаган.

  • Өспүрүм кыздын мугалимге болгон аруу сезими сюжеттин башынан аягына чейин көмүскө баяндалат.
    © Sputnik / Александр Федоров

    Өспүрүм кыздын мугалимге болгон аруу сезими сюжеттин башынан аягына чейин көмүскө баяндалат.

  • Көшөгө артында. Гример актерлордун боёгун оңдоштурууда.
    Александр Федоров

    Көшөгө артында. Гример актерлордун боёгун оңдоштурууда.

  • Алтынайдын туугандары анын окууга дилгирлигин таптакыр жактырышпайт, андыктан кызды коңшу айылдагы байга токол кылып беришет.
    Александр Федоров

    Алтынайдын туугандары анын окууга дилгирлигин таптакыр жактырышпайт, андыктан кызды коңшу айылдагы байга токол кылып беришет.

  • Алтынайдын кайтып келиши.
    © Фото / Александр Федоров

    Алтынайдын кайтып келиши.

  • Дүйшөн Алтынайды алып кетүүдө.
    Александр Федоров

    Дүйшөн Алтынайды алып кетүүдө.

  • Кончаловский биринчилерден болуп советтик азиалык тасмаларга ачык эпизоддорду киргизген.
    Александр Федоров

    Кончаловский биринчилерден болуп советтик азиалык тасмаларга ачык эпизоддорду киргизген.

  • Алтынайдын ыпластыктан тазаланып, арууланышы.
    Александр Федоров

    Алтынайдын ыпластыктан тазаланып, арууланышы.

  • Кайымбайдын ролун жараткан Советбек Жумадылов.
    © Фото / Александр Федоров

    Кайымбайдын ролун жараткан Советбек Жумадылов.

  • Ленинград шаарына окуу үчүн кетип бара жаткан Алтынайдын Дүйшөн менен коштошуусу.
    Александр Федоров

    Ленинград шаарына окуу үчүн кетип бара жаткан Алтынайдын Дүйшөн менен коштошуусу.

  • Өрттөлүп кыйраган мектептин ордуна жаңы мектеп салууга Дүйшөн белсене киришет.
    © Sputnik / Александр Федоров

    Өрттөлүп кыйраган мектептин ордуна жаңы мектеп салууга Дүйшөн белсене киришет.

Белгилер:
актриса, актер, кино тасма, кадрлар, "Биринчи мугалим" кино тасмасы, Наталья Аринбасарова, Андрей Кончаловский, Болот Бейшеналиев
Тема боюнча
"Ак кеме" 40ка чыкты – камера артындагы белгисиз кадрлар
Ностальгияга салган Фрунзе жана азыркы Бишкек

Созгон сайын үнү ачылып... Токон Эшпаевдин сүрөттө калган элеси

234
(жаңыланган 19:46 15.01.2021)
  • Токон Эшпаев бир үйдүн жалгыз уулу болгон. Анын көкүрөгүндөгү таланты ата-энесинин каршылыгына карабай музыкалык жогорку билим алууга түрткөн.
  • Токон Эшпаев менен Рыспай Абдыкадыров Ош педагогикалык институтунун музыка факультетинде бир тайпада билим алышкан. Экөөнүн эсте калган күндөрү абдан көп.
  • 1971-жылы жогорку окуу жайды аяктаган соң ар кыл ансамблдерде обончу, аткаруучу болуп иштеп, аймактарда концерт коюшкан.
  • 1987-жыл. Кыргыз циркинин мурунку директору Курмангазы Исанаев экөө дос болушкан. Андан тышкары, 1986-жылы Маданият министрлигинин алдындагы искусство мекемелеринин жетектөө боюнча жогорку курста бирге окушкан.
  • Токон Эшпаевдин өз энеси ал эки жашка чыкканда төрөттөн каза болуп калган. Бирок өздөй көргөн өгөй энеси Салима апанын мээримине канып чоңоёт.
  • 1967-жылы Ош шаарындагы Маданият үйүндө келечектеги жубайы Инават Камбаралиева менен таанышкан. Экөө студент кезде баш кошот.
  • Кыргыздын генийи Табылды Эгембердиев менен сый тамак үстүндө
  • Токон Эшпаев обон жаратарда ырдын сөзүнө абдан көңүл буруп, акындар менен жакшы иштешкен.
  • Ал Ай, эжеке, Ак көйнөкчөн аппак кыз, Акманым, Ак тилек, Ардагым, Атама, Гүлдө, Кыргызстан, Жаштык, Каалаймын өмүр көктөмүн, Керме-Тоо жылдыздары, Өзгөчөм, Өмүр салтанаты, Чакырат Чаткалым, Эжеке деп аталган ырлардын автору болгон.
  • Кыргыз эл артисти Жолболду Алыбаев жана белгилүү обончу Абдыкерим Ахмедов менен түшкөн
  • Токон Эшпаев жубайы Инават Камбаралиева экөө беш баланын бактылуу ата-энеси болушкан
  • Залкар талант 2014-жылы 64 жашында ооруканадан көз жумган.
Классик обончу, белгилүү ырчы Токон Эшпаев быйыл көзү тирүү болгондо 70 жашка толмок. 1970-80-жылдары белгилүү обончунун аккордеон менен аткарган ырлары азыр да эл оозунда.

Улуу таланттын көзү өтсө да, анын экинчи өмүрү ырларында жашап калды. Sputnik Кыргызстан агенттиги Токон Эшпаев тууралуу сүрөттөрдүн түрмөгүн даярдаган.

Токон Эшпаев бир үйдүн жалгыз уулу болгондугу маалым. Атасы 60тан ашканда көргөн уулуна ырымдап Токтомамат деген ысым ыйгарат. Себеби ага чейинки балдары чарчап кала берген экен. Токтомамат эки жашка чыкканда төрөттөн улам апасы каза таап, Салима аттуу өгөй энесинин колунда чоңоёт. Бирок Салима апа кичинекей Токон менен анын бир туугандарын бооруна басып, энесиндей мээрим төгүп камкордукка алыптыр.

Кийин 1969-жылы чоң сахнага аттанганда белгилүү талант Токон Эшпаев деген ат менен элге таанылган.

Токон Эшпаев обон жаратарда ырдын сөзүнө абдан көңүл буруп, акындар менен жакшы иштешкендигин жакындан тааныгандар айтышат. Обончу "Ай, эжеке", "Ак көйнөкчөн аппак кыз", "Акманым", "Ак тилек", "Ардагым", "Атама", "Гүлдө, Кыргызстан", "Жаштык", "Каалаймын өмүр көктөмүн", "Керме-Тоо жылдыздары", "Өзгөчөм", "Өмүр салтанаты", "Чакырат Чаткалым", "Эжеке" деп аталган ырлардын автору болгон.

Ал Ош педагогикалык институтунун музыка факультетинде билим алып, кадимки Рыспай Абдыкадыров менен тайпалаш эле. Студент кезинде эле 1970-жылы Иноват Камбаралиевага баш кошуп, экөө беш баланын ата-энеси болушат.

1971-жылы аталган жогорку окуу жайды аяктаган соң ар кыл аскердик ансамблдерде аткаруучу, жергиликтүү райондук кеңештин маданият бөлүмүнүн башчысы өңдүү жетекчилик кызматтарда иштеген. 1986-жылы Маданият министрлигинин алдындагы искусство мекемелерин жетектөө боюнча жогорку курсту аяктап, 1987-жылдан 1992-жылга чейин Ош облустук филармониясында директор болот.

Ал эми 1993-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Ош облустук филармониясынын солист-вокалисти болуп эмгектенген.

Кант диабети жана боор илдетинен жабыркап келген Токон Эшпаев 2014-жылы 64 жашында ооруканадан көз жумган. Дарыгерлер боорго күч келет деп акыркы кезде ырдаганга тыюу салат. Бирок белгилүү обончу буулуккан булбулдай болуп ырдамайынча тура алган эмес. Обон созгон сайын үнү ачылып, бир отурганда он чакты чыгарманы бир ырдаган адаты болгонун айтып келишет. Акыркы жолу ооруганда дайыма дарыланып жүргөн Бишкектеги ооруканага барууга макул болбой койгон.

Токон Эшпаевдин сөөгү Ош шаарында жерге берилген.

234
  • Токон Эшпаев бир үйдүн жалгыз уулу болгон. Анын көкүрөгүндөгү таланты ата-энесинин каршылыгына карабай музыкалык жогорку билим алууга түрткөн.
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    Токон Эшпаев бир үйдүн жалгыз уулу болгон. Анын көкүрөгүндөгү таланты ата-энесинин каршылыгына карабай музыкалык жогорку билим алууга түрткөн.

  • Токон Эшпаев менен Рыспай Абдыкадыров Ош педагогикалык институтунун музыка факультетинде бир тайпада билим алышкан. Экөөнүн эсте калган күндөрү абдан көп.
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    Токон Эшпаев менен Рыспай Абдыкадыров Ош педагогикалык институтунун музыка факультетинде бир тайпада билим алышкан. Экөөнүн эсте калган күндөрү абдан көп.

  • 1971-жылы жогорку окуу жайды аяктаган соң ар кыл ансамблдерде обончу, аткаруучу болуп иштеп, аймактарда концерт коюшкан.
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    1971-жылы жогорку окуу жайды аяктаган соң ар кыл ансамблдерде обончу, аткаруучу болуп иштеп, аймактарда концерт коюшкан.

  • 1987-жыл. Кыргыз циркинин мурунку директору Курмангазы Исанаев экөө дос болушкан. Андан тышкары, 1986-жылы Маданият министрлигинин алдындагы искусство мекемелеринин жетектөө боюнча жогорку курста бирге окушкан.
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    1987-жыл. Кыргыз циркинин мурунку директору Курмангазы Исанаев экөө дос болушкан. Андан тышкары, 1986-жылы Маданият министрлигинин алдындагы искусство мекемелеринин жетектөө боюнча жогорку курста бирге окушкан.

  • Токон Эшпаевдин өз энеси ал эки жашка чыкканда төрөттөн каза болуп калган. Бирок өздөй көргөн өгөй энеси Салима апанын мээримине канып чоңоёт.
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    Токон Эшпаевдин өз энеси ал эки жашка чыкканда төрөттөн каза болуп калган. Бирок өздөй көргөн өгөй энеси Салима апанын мээримине канып чоңоёт.

  • 1967-жылы Ош шаарындагы Маданият үйүндө келечектеги жубайы Инават Камбаралиева менен таанышкан. Экөө студент кезде баш кошот.
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    1967-жылы Ош шаарындагы Маданият үйүндө келечектеги жубайы Инават Камбаралиева менен таанышкан. Экөө студент кезде баш кошот.

  • Кыргыздын генийи Табылды Эгембердиев менен сый тамак үстүндө
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    Кыргыздын генийи Табылды Эгембердиев менен сый тамак үстүндө

  • Токон Эшпаев обон жаратарда ырдын сөзүнө абдан көңүл буруп, акындар менен жакшы иштешкен.
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    Токон Эшпаев обон жаратарда ырдын сөзүнө абдан көңүл буруп, акындар менен жакшы иштешкен.

  • Ал Ай, эжеке, Ак көйнөкчөн аппак кыз, Акманым, Ак тилек, Ардагым, Атама, Гүлдө, Кыргызстан, Жаштык, Каалаймын өмүр көктөмүн, Керме-Тоо жылдыздары, Өзгөчөм, Өмүр салтанаты, Чакырат Чаткалым, Эжеке деп аталган ырлардын автору болгон.
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    Ал "Ай, эжеке", "Ак көйнөкчөн аппак кыз", "Акманым", "Ак тилек", "Ардагым", "Атама", "Гүлдө, Кыргызстан", "Жаштык", "Каалаймын өмүр көктөмүн", "Керме-Тоо жылдыздары", "Өзгөчөм", "Өмүр салтанаты", "Чакырат Чаткалым", "Эжеке" деп аталган ырлардын автору болгон.

  • Кыргыз эл артисти Жолболду Алыбаев жана белгилүү обончу Абдыкерим Ахмедов менен түшкөн
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    Кыргыз эл артисти Жолболду Алыбаев жана белгилүү обончу Абдыкерим Ахмедов менен түшкөн

  • Токон Эшпаев жубайы Инават Камбаралиева экөө беш баланын бактылуу ата-энеси болушкан
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    Токон Эшпаев жубайы Инават Камбаралиева экөө беш баланын бактылуу ата-энеси болушкан

  • Залкар талант 2014-жылы 64 жашында ооруканадан көз жумган.
    © Фото / из семейного архива Эшпаевых

    Залкар талант 2014-жылы 64 жашында ооруканадан көз жумган.

Белгилер:
Сүрөт, обончу, ыр, Ош, Токон Эшпаев
Тема боюнча
Дүйшөн Байдөбөтов 72 жашка толмок. Улуу таланттын сүрөттөгү экинчи өмүрү

Жаңырган жылдын алгачкы кары. Тазара түшкөн Бишкектин 13 сүрөтү

299
  • Бишкекке кар жаады
  • Бул баш калаа үчүн 2021-жылдагы биринчи кар болду
  • Кардын жаашын Кыргызгидромет борбору бир нече күн мурун эскерткен
  • Муниципалдык кызматтар түндөн тарта эле шаардын көчөлөрүн жана тротуарларын тазалап башташкан
  • Жаш балдар чана тепкенди сагынып калышса керек
  • Кар жаап жатканда коляска менен сейилдеп чыккандар да бар
  • Бишкектик велосипед сүйүүчүлөрүнө кар тоскоол боло албайт
  • Суук аба ырайы ит сүйүүчүлөр үчүн жагымдуу экени айтылат
  • Бирок иттерге жакпайт көрүнөт
  • Синоптиктер мындай аба ырайы узакка созулбай турганын билдиришти
  • Болжолдоолорго ылайык, 15-18-январь күндөрү жаан-чачын болбойт
  • Аба ырайы күндүз жылуу болот. Маселен, Бишкек шаарында 16-январда +14 градуска чейин жетери күтүлүүдө
  • Кол чатырды алып жүрүүнү унутпаңыздар. Ар убак керекке жарап калышы мүмкүн
Бүгүн Бишкекке 2021-жылдагы биринчи кар жаады. Sputnik Кыргызстандын фотокабарчысы кооз көрүнүштөрдү сүрөткө тартып алды.

Кар түндөн тарта жаап баштаган. Таң атканда Бишкек ак карга бөлөнүп калды. Акыркы аптада аба ырайы жылып, мурда жааган кар эрип баштаган болчу.

Бирок синоптиктер мындай аба ырайы көпкө созулбай турганын билдиришүүдө. Алдын ала божомолдоолорго ылайык, 15-январдан 18ине чейин жаан-чачын болбойт. Күндүз жылуу болот. Маселен, Бишкек шаарында 16-январда +14 градус болору күтүлүүдө.

 

299
  • Бишкекке кар жаады
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бишкекке кар жаады

  • Бул баш калаа үчүн 2021-жылдагы биринчи кар болду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бул баш калаа үчүн 2021-жылдагы биринчи кар болду

  • Кардын жаашын Кыргызгидромет борбору бир нече күн мурун эскерткен
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кардын жаашын Кыргызгидромет борбору бир нече күн мурун эскерткен

  • Муниципалдык кызматтар түндөн тарта эле шаардын көчөлөрүн жана тротуарларын тазалап башташкан
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Муниципалдык кызматтар түндөн тарта эле шаардын көчөлөрүн жана тротуарларын тазалап башташкан

  • Жаш балдар чана тепкенди сагынып калышса керек
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жаш балдар чана тепкенди сагынып калышса керек

  • Кар жаап жатканда коляска менен сейилдеп чыккандар да бар
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кар жаап жатканда коляска менен сейилдеп чыккандар да бар

  • Бишкектик велосипед сүйүүчүлөрүнө кар тоскоол боло албайт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бишкектик велосипед сүйүүчүлөрүнө кар тоскоол боло албайт

  • Суук аба ырайы ит сүйүүчүлөр үчүн жагымдуу экени айтылат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Суук аба ырайы ит сүйүүчүлөр үчүн жагымдуу экени айтылат

  • Бирок иттерге жакпайт көрүнөт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бирок иттерге жакпайт көрүнөт

  • Синоптиктер мындай аба ырайы узакка созулбай турганын билдиришти
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Синоптиктер мындай аба ырайы узакка созулбай турганын билдиришти

  • Болжолдоолорго ылайык, 15-18-январь күндөрү жаан-чачын болбойт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Болжолдоолорго ылайык, 15-18-январь күндөрү жаан-чачын болбойт

  • Аба ырайы күндүз жылуу болот. Маселен, Бишкек шаарында 16-январда +14 градуска чейин жетери күтүлүүдө
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Аба ырайы күндүз жылуу болот. Маселен, Бишкек шаарында 16-январда +14 градуска чейин жетери күтүлүүдө

  • Кол чатырды алып жүрүүнү унутпаңыздар. Ар убак керекке жарап калышы мүмкүн
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кол чатырды алып жүрүүнү унутпаңыздар. Ар убак керекке жарап калышы мүмкүн

Белгилер:
Сүрөт, кар, Бишкек
Тема боюнча
Кыш келбей жатып ак кар жамынган Бишкектин сүрөттөрү
Карта ойноп жаткан адам. Архив

Инимди кумар оюндарынан кантип чыгарам. Бир тууганы санаага салган аялдын каты

0
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бир тууган инисинин жүрүм-турумуна нааразы болгон аял кайрылган.

Сиздерге психологдун кеңешин алуу үчүн кайрылып жатам. Менин да 35 жаштагы бир тууган иниме байланыштуу көйгөй жаралууда. Иним шаар жеринде турат. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы болсо да жаман адаттын артынан түшүп алып, аялын эле эмес бизди да түйшүккө салууда. Мындан жети жыл мурун үйлөнгөндө бир туугандар чогулуп, борбордон мейманкана тибиндеги бөлмө алып бергенбиз. Азыр ошондо турушат. Андан бери эч ирденбей койду. Келинибиз тигүүчү болуп иштеп, балдарынын окуусуна, тамак-ашына, күнүмдүк жашоого акча таап жүрөт. Кийим-кечектерине биз жардам беребиз. Аялы кетип калбаса экен деп сарсанаабыз. Анткени бир тууганыбыз үйдүн кожоюну катары жумушта иштеп акча таппайт. Тактап айтканда, акыркы 3-4 жылдан бери такыр эле бекерчиликке көнүп алды. Мурда мектепте иштечү, кийин таксист болуп жүрүп кырсыкка кабылып машинасын сатты. Ошондон бери эле өзгөрдү. Кумар оюндарына кандайча, ким аркылуу кызыгып кеткени белгисиз. Айланасы ошондой болуп жатабы, айтор, жоро-жолдоштору менен үйлөргө барып мелдешип карта ойнойт экен. Футболду да акчага мелдешип ойношорун уктум. Өзүнөн сурасак ачылып айтпайт. Жакшыраак жумуш издеп жатканын айтып кутулат. Мектептен жумуш таап берсек, айлыгы аз деп көңүлдөнбөйт. Жок дегенде кароолчу болуп бир жерге орношуп алса деле жакшы болот эле. Эмне ойлоп жүргөнү белгисиз.

Баары бүткөнсүп, эми компьютердик клубдарга да барып турарын келин айтып даттанууда. Ал да тажадым дейт. Бир күнү жашап жаткан бөлмөсүн сатып салса эмне болот деп да кабатырланабыз. Ушундай жагдайда психологго жекече кайрылууга болобу? Же жыйынтык болбойбу...

Гүлнара Жасоолова, психолог:

— Каттагы жигиттин эжесинин "жубайлар ажырашып, балдар атасыз калбасын" деген бир туугандык тынчсыздануусун түшүнүп жатам. Эгер адам жеке жүрүм-турумун, кылган ишин өзү көзөмөлгө алуу менен туура эмес жолдо баратканын сын көз менен карай алса жакшы. Анда кеңеш алуу үчүн психологго кайрылууга болот. Иниңиз үй-бүлөсүнө кайсы бир деңгээлде зыян алып келип жатканын же балдарына толук кандуу ата боло албай жүргөнүн алгач түшүнүшү керек. Антпесе психологго кайрылгандан пайда чыкпайт. Муну менен катар адамдын жеке каалоосу да болушу шарт.

Негизинен жашоодо көп нерсе тарбияга байланыштуу. Баланы кичинесинен эле өтө камкордукка алып, "тигини кий, биякка бас, сабагыңа бар" деп карай берсе ошого көнүп алат. Үйлөнткөндөн кийин "жашашсын" деп бөлмө да алып бергениңерди жазыпсыздар. Адам жакындарынын жетегине, алардын жардамына, жөлөп-таяганына ыңгайлашып алса, ар нерсеге башын оорутпай жүрө берет. Силер азыр санаа тартып тынчсызданып жатасыздар, бирок иниңизге азыркы жүрүм-туруму нормалдуу эле сезилиши мүмкүн. Анткени башкалар ал үчүн камкордук жасап, көйгөйүн чечип бергенге көнгөн. Үй-бүлө курганда да кожоюн катары жоопкерчиликти сезе албай калганынын себеби ошол. Бул жигитке жардам берүү үчүн алгач өзүнүн демилгеси, өзгөрүүгө каалоосу болушу зарыл. Андан кийин гана психолог жардам бере алат.

0
Белгилер:
жигит, кумаркана, Гүлнара Жасоолова, психолог
Тема:
Психолог менен баарлашуу
Тема боюнча
Күйөөм экөөбүздүн ортобуздагы мамиле сууп кетти... Келиндин даты
Кызым күйөөдөн чыга берип тажатты... Санаага баткан эненин каты