Океев 80ге чыкмак. Кыргыз керемети, же бүтүндөй доорду кучагына алган бир сап

Жазылуу
Советтик кыргыз кинорежиссеру, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев 1935-жылы 11-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылында туулган.

Толомуш Океев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Океевдин 80 жылдык мааракеси белгиленет
Океевдин фильмографиясы бир сапка эле батса да, анын артында бүтүндөй бир доор — режиссердун 35 жылдык чыгармачыл өмүрү жатат.

"Бакайдын жайыты", "Уркуя", "Көк серек", "Кызыл алма", "Улан", "Алтын күз", "Ак илбирстин тукуму", "Сүйүү закымдары" — "кыргыз кереметинин" символуна айланган тасмалар.

Эл арылык конкурстардын жана кинофестивалдардын лауреаты, Польшанын жана Казакстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев карапайым, тамашакөй, жөнөкөй адам болгон деп эскерет анын замандашы, сүрөтчү Александр Федоров.

"Улан" фильмин тартып жатканда жергиликтүү атка минерлердин бири Жамал Сейдакматованы жолугушууга чакырат. Жамал Океевге келип айтса, ал баягы чоңду тамашага салалы деп сунуштайт", — деп айтып берди Федоров.

Океев актрисанын тасмада ойногон кийимин кийип алып, күүгүм түшкөндө баягы кишини күтүп туруп калат. Тасманы тартууга катышкандарын баары бадалдын артына жашынып алып карап турушат. 

"Эч нерседен шек санабаган баягы ашык, өзү күткөн "сулууну" кармалай баштайт. Алдында режиссер турганын көрүп эси ооп кала жаздаган", — деп эскерет Федоров.

Анын айтымында, режиссер бала кезин көп эскерип, мекенин абдан сүйөр эле. 

"Жылкылар. Комуздун кайрыктары. Манасчы, туугандар, тааныштар… Жыл өткөн сайын адам бала кезинен, капарсыз өткөргөн күндөрдөн улам алыстап, жашоо океанынын курчоосунда калат. Ошол кармашта өзүңдүн жеке күчүңө гана ишенесиң. Кубанычтарчы? Алар да жээкте калат. Сен андан ары сүзүшүң керек…" — дечү Океев.

Неизвестные кадры из первого фильма Толомуша Океева Небо нашего детства - Sputnik Кыргызстан
Океевдин "Бакайдын жайыты" тасмасындагы белгисиз кадрлар
1958-жылы Төлөмүш Океев Ленинграддагы кинорежиссерлор институтунун (ЛИКИ) электротехникалык факультетин үн оператору адистиги боюнча бүтүп, "Кыргызфильм" студиясында кесиби боюнча иштей баштайт. 1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кино институтунун режиссердук курсун аяктайт.

Океев — "Кыргызфильм" студиясынын атайын билими бар биринчи үн режиссеру эле. Анын биринчи тасмасы режиссер Лариса Шепитьконун "Аптап" фильми болгон. Океев "Бул жылкылар", "Боом" жана "Мурас" аттуу даректүү тасмаларды тарткан, "Канаттуу искусство" китебинин жана көп сандаган сценарийлердин автору жана тең автору.

Төлөмүш Океев Кыргызстандын Түркиядагы алгачкы элчиси болгон. Ал бул кызматта 1993-жылдан тартып 2001-жылдын 18-декабрында жүрөгү токтоп калганга чейин иштеген…

© Sputnik / Александр ФедоровСССРдин эл артисти Төлөмүш Океев
СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев - Sputnik Кыргызстан
1/22
СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев
© Александр ФедоровОкеев — "Кыргызфильм" студиясынын атайын билими бар биринчи үн режиссеру эле. Анын биринчи тасмасы режиссер Лариса Шепитьконун "Аптап" фильми болгон. Жаш Океев рупор менен
Океев — Кыргызфильм студиясынын атайын билими бар биринчи үн режиссеру эле. Анын биринчи тасмасы режиссер Лариса Шепитьконун Аптап фильми болгон. Жаш Океев рупор менен - Sputnik Кыргызстан
2/22
Океев — "Кыргызфильм" студиясынын атайын билими бар биринчи үн режиссеру эле. Анын биринчи тасмасы режиссер Лариса Шепитьконун "Аптап" фильми болгон. Жаш Океев рупор менен
© предоставлено Александром ФедоровымАлыскы Ысык-Көлдүн айылынан келген кыргыз уулу ЛИКИнин электротехникалык факультетине өттү. Ленинград, 1956-жыл
Алыскы Ысык-Көлдүн айылынан келген кыргыз уулу ЛИКИнин электротехникалык факультетине өттү. Ленинград, 1956-жыл - Sputnik Кыргызстан
3/22
Алыскы Ысык-Көлдүн айылынан келген кыргыз уулу ЛИКИнин электротехникалык факультетине өттү. Ленинград, 1956-жыл
© Фото / Александр ФедоровОкеев Чыңгыз Айтматов жана Сүймөнкул Чокморов менен. 1981-жыл
Океев Чыңгыз Айтматов жана Сүймөнкул Чокморов менен. 1981-жыл - Sputnik Кыргызстан
4/22
Океев Чыңгыз Айтматов жана Сүймөнкул Чокморов менен. 1981-жыл
© Sputnik / Александр Федоров"Алтын күз" тасмасын тартуу учурунда профессор Мамбет Мамакеев менен
Алтын күз тасмасын тартуу учурунда профессор Мамбет Мамакеев менен - Sputnik Кыргызстан
5/22
"Алтын күз" тасмасын тартуу учурунда профессор Мамбет Мамакеев менен
© предоставлено Александром ФедоровымОкеев жана кыргыздын мыкты операторлорунун бири Кадыржан Кадыралиев. Тасма тартуучу аянтта
Океев жана кыргыздын мыкты операторлорунун бири Кадыржан Кадыралиев. Тасма тартуучу аянтта - Sputnik Кыргызстан
6/22
Океев жана кыргыздын мыкты операторлорунун бири Кадыржан Кадыралиев. Тасма тартуучу аянтта
© предоставлено Александром Федоровым"Кыргызфильм" киностудиясынын 40 жылдыгындагы эстелик сүрөт
Кыргызфильм киностудиясынын 40 жылдыгындагы эстелик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
7/22
"Кыргызфильм" киностудиясынын 40 жылдыгындагы эстелик сүрөт
© Sputnik / Александр ФедоровСоветбек Жумадылов, Мар Байжиев жана Досхан Жолжаксынов режиссер менен "Алтын күз" тасмасынын сценарийин талкуулап жатышат
Советбек Жумадылов, Мар Байжиев жана Досхан Жолжаксынов режиссер менен Алтын күз тасмасынын сценарийин талкуулап жатышат - Sputnik Кыргызстан
8/22
Советбек Жумадылов, Мар Байжиев жана Досхан Жолжаксынов режиссер менен "Алтын күз" тасмасынын сценарийин талкуулап жатышат
© Sputnik / Александр Федоров"Ак илбирстин тукуму" тасмасынын киногруппасы
Ак илбирстин тукуму тасмасынын киногруппасы - Sputnik Кыргызстан
9/22
"Ак илбирстин тукуму" тасмасынын киногруппасы
© предоставлено Александром ФедоровымКинематографисттер союзунун төрагасы Айтматов, режиссер Океев, актрисалар Бакен Кыдыкеева, Жамал Сейдакматова жана башкалар Кино үйүнүн алдында
Кинематографисттер союзунун төрагасы Айтматов, режиссер Океев, актрисалар Бакен Кыдыкеева, Жамал Сейдакматова жана башкалар Кино үйүнүн алдында - Sputnik Кыргызстан
10/22
Кинематографисттер союзунун төрагасы Айтматов, режиссер Океев, актрисалар Бакен Кыдыкеева, Жамал Сейдакматова жана башкалар Кино үйүнүн алдында
© предоставлено Александром ФедоровымАлексей Баталов менен СССР кинематографисттеринин съездинде
Алексей Баталов менен СССР кинематографисттеринин съездинде - Sputnik Кыргызстан
11/22
Алексей Баталов менен СССР кинематографисттеринин съездинде
© предоставлено Александром ФедоровымЛенинградда институтта окуп жүргөндө өзүнүн сүйүүсү Жумашты жолуктуруп, ал өмүрүнүн акырына чейин жөлөк-тирек болду. Океев жубайы менен Ташкент кинофестивалында
Ленинградда институтта окуп жүргөндө өзүнүн сүйүүсү Жумашты жолуктуруп, ал өмүрүнүн акырына чейин жөлөк-тирек болду. Океев жубайы менен Ташкент кинофестивалында - Sputnik Кыргызстан
12/22
Ленинградда институтта окуп жүргөндө өзүнүн сүйүүсү Жумашты жолуктуруп, ал өмүрүнүн акырына чейин жөлөк-тирек болду. Океев жубайы менен Ташкент кинофестивалында
© Фото / Александр Федоров1. Океев актриса Таттыбүбү Турсунбаевага роль тууралуу түшүндүрүп жатат. "Кызыл алма" тасмасын тартуу учуру
1.	Океев актриса Таттыбүбү Турсунбаевага роль тууралуу түшүндүрүп жатат. Кызыл алма тасмасын тартуу учуру - Sputnik Кыргызстан
13/22
1. Океев актриса Таттыбүбү Турсунбаевага роль тууралуу түшүндүрүп жатат. "Кызыл алма" тасмасын тартуу учуру
© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүРежиссер Океев менен актриса, КРдин Баатыры Сабира Күмүшалиева кинофестивалда
Режиссер Океев менен актриса, КРдин Баатыры Сабира Күмүшалиева кинофестивалда - Sputnik Кыргызстан
14/22
Режиссер Океев менен актриса, КРдин Баатыры Сабира Күмүшалиева кинофестивалда
© Sputnik / Александр ФедоровОкеев, Жолжаксынов жана жазуучу Аалы Токомбаев репетицияда
Океев, Жолжаксынов жана жазуучу Аалы Токомбаев репетицияда - Sputnik Кыргызстан
15/22
Океев, Жолжаксынов жана жазуучу Аалы Токомбаев репетицияда
© предоставлено Александром ФедоровымОкеев: "Менин милдетим — көп колду кармабаган актерлорду тандоо" деп айтчу. Чокморов менен Океев тасма тартылып жаткан аянтта
Океев: Менин милдетим — көп колду кармабаган актерлорду тандоо деп айтчу. Чокморов менен Океев тасма тартылып жаткан аянтта - Sputnik Кыргызстан
16/22
Океев: "Менин милдетим — көп колду кармабаган актерлорду тандоо" деп айтчу. Чокморов менен Океев тасма тартылып жаткан аянтта
© Sputnik / Александр ФедоровТүркиянын элчиси болуп турганда Океев "…Ошондо мен: "Манас! Манас!" деп ураан чакырдым" аттуу даректүү тасмасын жараткан. Кытайлык манасчы Жусуп Мамай менен
Түркиянын элчиси болуп турганда Океев …Ошондо мен: Манас! Манас! деп ураан чакырдым аттуу даректүү тасмасын жараткан. Кытайлык манасчы Жусуп Мамай менен - Sputnik Кыргызстан
17/22
Түркиянын элчиси болуп турганда Океев "…Ошондо мен: "Манас! Манас!" деп ураан чакырдым" аттуу даректүү тасмасын жараткан. Кытайлык манасчы Жусуп Мамай менен
© Sputnik / Виктор Чернов / Медиабанкка өтүүОкеев Айтматовго болочок фильмдин сценарийин окуп берип жатат
Океев Айтматовго болочок фильмдин сценарийин окуп берип жатат - Sputnik Кыргызстан
18/22
Океев Айтматовго болочок фильмдин сценарийин окуп берип жатат
© Sputnik / Александр ФедоровС актером Орозбеком Кутманалиевым и манасчи Каба
Окееву — 80 лет. Кыргызское чудо или строчка фильмов длиной в эпоху - Sputnik Кыргызстан
19/22
С актером Орозбеком Кутманалиевым и манасчи Каба
© предоставлено Александром ФедоровымОкеев италиялыктар менен бирге "Чыңгысхан" фильмин тарткан, каржылык маселелерге байланыштуу тасма прокатка чыкпай калган. Чыңгызхандын ролун ойногон америкалык актер Ричард Тайсон менен
Океев италиялыктар менен бирге Чыңгысхан фильмин тарткан, каржылык маселелерге байланыштуу тасма прокатка чыкпай калган. Чыңгызхандын ролун ойногон америкалык актер Ричард Тайсон менен - Sputnik Кыргызстан
20/22
Океев италиялыктар менен бирге "Чыңгысхан" фильмин тарткан, каржылык маселелерге байланыштуу тасма прокатка чыкпай калган. Чыңгызхандын ролун ойногон америкалык актер Ричард Тайсон менен
© Sputnik / Александр ФедоровИталиялыктардын чет элдиктерди көп чакырып, кыргыз актерлору менен иштөөгө мүмкүндүк бербей койгонуна режиссер абдан капа болгон. Кыргыз актерлорун "Чынгызханга" сынап көрүү учурунда
Италиялыктардын чет элдиктерди көп чакырып, кыргыз актерлору менен иштөөгө мүмкүндүк бербей койгонуна режиссер абдан капа болгон. Кыргыз актерлорун Чынгызханга сынап көрүү учурунда - Sputnik Кыргызстан
21/22
Италиялыктардын чет элдиктерди көп чакырып, кыргыз актерлору менен иштөөгө мүмкүндүк бербей койгонуна режиссер абдан капа болгон. Кыргыз актерлорун "Чынгызханга" сынап көрүү учурунда
© Sputnik / Галина Кмит / Медиабанкка өтүүТөлөмүш Океев Кыргызстандын Түркиядагы алгачкы элчиси болгон. Ал бул кызматта 1993-жылдан тартып 2001-жылдын 18-декабрында жүрөгү токтоп калганга чейин иштеген…
Төлөмүш Океев Кыргызстандын Түркиядагы алгачкы элчиси болгон. Ал бул кызматта 1993-жылдан тартып 2001-жылдын 18-декабрында жүрөгү токтоп калганга чейин иштеген… - Sputnik Кыргызстан
22/22
Төлөмүш Океев Кыргызстандын Түркиядагы алгачкы элчиси болгон. Ал бул кызматта 1993-жылдан тартып 2001-жылдын 18-декабрында жүрөгү токтоп калганга чейин иштеген…
Жаңылыктар түрмөгү
0