"Кандуу" айдан зыяратчылардын тепсендиде калышына чейинки аптанын сүрөт түрмөгү

283
(жаңыланган 09:12 29.09.2015)
  • Кыргызстандык Илья Тяпкин Сибирдин 26-эл аралык марафонунда эркектер арасында экинчи орунду ээледи. Ал 42 чакырым 195 метрлик аралыкты 2 саат 20 мүнөт 17 секундада чуркап өткөн. Кыргызстандан барган дагы бир катышуучу Марина Коробицкая үчүнчү болуп келди. Ал 2:38:35 убактысы менен олимпиадалык нормативди аткарып, 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өтүүчү Олимпиядалык оюндарга лицензия алды.  Бул башкы спорттук мелдешке катышууга укук Кыргызстандын төртүнчү жолдомосу. Алгачкы үчөөнү жеңил атлеттер Юлия Андреева, Дарья Маслова жана грек-рим күрөшү боюнча чебер Арсен Эралиев алган
  • Бишкектин эски аянтында Курман айтка карата намаз окулуп, ага Кыргызстандын миңдеген мусулмандары катышты. Быйыл бул башкы ислам майрамы 24-сентябрда белгиленген.  Айт намазга өкмөт мүчөлөрү, парламенттин депутаттары, Бишкек мэриясынын өкүлдөрү катышты
Sputnik өткөн апта аралыгында дүйнөдө болгон эң маанилүү жана кызыктуу окуялар жөнүндө сүрөт түрмөгүн сунуштайт.

Меккеде зыяратчылардын тепсендиде калып өлүшү, курман айтка карата Бишкекте өткөн майрамдык намаз, япониялык узак жашоочунун жүз метрге чуркоодогу рекорду, Лондондогу мода жумалыгы, БУУнун Башкы Ассамблеясынын мааракелик сессиясы жана башка окуялар Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүндө.

283
  • Эң чоң толгон ай Англиянын түштүгүндөгү Брайтондо чыкты. Ай биздин планетага болжол менен 357 миң чакырым аралыкка өтө жакын келди. Ошол себептен ал Жердин жашоочуларына адаттагыдан 14 пайызга чоң болуп көрүндү
    © REUTERS / TOBY MELVILLE

    Эң чоң толгон ай Англиянын түштүгүндөгү Брайтондо чыкты. Ай биздин планетага болжол менен 357 миң чакырым аралыкка өтө жакын келди. Ошол себептен ал Жердин жашоочуларына адаттагыдан 14 пайызга чоң болуп көрүндү

  • АКШнын президенти Барак Обама БУУнун Манхэттендеги (Нью-Йорк) штаб-квартирасында уюмдун туруктуу өнүктүрүү боюнча саммитинде чыгып сүйлөгөндөн кийин кол алышууда. БУУнун Башкы Ассамблеясынын күн тартибине дүйнөнүн түрдүү көйгөйлөрүнө арналган 170 маселе коюлган. Бул иш-чарага КРдин президенти Алмазбек Атамбаев да катышмак, бирок ал алдыдагы шайлоого байланыштуу иш сапардан баш тарткан. Анын ордуна БУУнун Башкы Ассамблеясында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев чыгып сүйлөдү
    © REUTERS / CARLO ALLEGRI

    АКШнын президенти Барак Обама БУУнун Манхэттендеги (Нью-Йорк) штаб-квартирасында уюмдун туруктуу өнүктүрүү боюнча саммитинде чыгып сүйлөгөндөн кийин кол алышууда. БУУнун Башкы Ассамблеясынын күн тартибине дүйнөнүн түрдүү көйгөйлөрүнө арналган 170 маселе коюлган. Бул иш-чарага КРдин президенти Алмазбек Атамбаев да катышмак, бирок ал алдыдагы шайлоого байланыштуу иш сапардан баш тарткан. Анын ордуна БУУнун Башкы Ассамблеясында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев чыгып сүйлөдү

  • Кыргызстандык Илья Тяпкин Сибирдин 26-эл аралык марафонунда эркектер арасында экинчи орунду ээледи. Ал 42 чакырым 195 метрлик аралыкты 2 саат 20 мүнөт 17 секундада чуркап өткөн. Кыргызстандан барган дагы бир катышуучу Марина Коробицкая үчүнчү болуп келди. Ал 2:38:35 убактысы менен олимпиадалык нормативди аткарып, 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өтүүчү Олимпиядалык оюндарга лицензия алды.  Бул башкы спорттук мелдешке катышууга укук Кыргызстандын төртүнчү жолдомосу. Алгачкы үчөөнү жеңил атлеттер Юлия Андреева, Дарья Маслова жана грек-рим күрөшү боюнча чебер Арсен Эралиев алган
    © Sputnik / Алексей Мальгавко

    Кыргызстандык Илья Тяпкин Сибирдин 26-эл аралык марафонунда эркектер арасында экинчи орунду ээледи. Ал 42 чакырым 195 метрлик аралыкты 2 саат 20 мүнөт 17 секундада чуркап өткөн. Кыргызстандан барган дагы бир катышуучу Марина Коробицкая үчүнчү болуп келди. Ал 2:38:35 убактысы менен олимпиадалык нормативди аткарып, 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өтүүчү Олимпиядалык оюндарга лицензия алды. Бул башкы спорттук мелдешке катышууга укук Кыргызстандын төртүнчү жолдомосу. Алгачкы үчөөнү жеңил атлеттер Юлия Андреева, Дарья Маслова жана грек-рим күрөшү боюнча чебер Арсен Эралиев алган

  • Мюнхенде дүйнөдөгү эң ири элдик майрам Октоберфест өтүп жатат. Пиво фестивалы 4-октябрга чейин уланып, ага, эң аз дегенде эле 6 миллион адам келет. Фестивалдын статистикасына ылайык, ага келгендердин ар бир бешинчиси – чет элдик. Иш-чарага Мюнхендин пиво чыгаруучу компаниялары гана катышып, алар бул майрам үчүн күчтүүлүгү 5,8-6,3 пайыз пиволорду кайнатышат
    © AFP 2021 / CHRISTOF STACHE

    Мюнхенде дүйнөдөгү эң ири элдик майрам Октоберфест өтүп жатат. Пиво фестивалы 4-октябрга чейин уланып, ага, эң аз дегенде эле 6 миллион адам келет. Фестивалдын статистикасына ылайык, ага келгендердин ар бир бешинчиси – чет элдик. Иш-чарага Мюнхендин пиво чыгаруучу компаниялары гана катышып, алар бул майрам үчүн күчтүүлүгү 5,8-6,3 пайыз пиволорду кайнатышат

  • Интернетте куралын аялга такап турган израилдик жоокердин үрөй учурган сүрөтү чыккан. Израилдин коргонуу күчтөрүнүн өкүлү ал палестиналык аял жоокерге бычак урууга аракет жасагандан кийин атып өлтүрүлгөнүн билдирген
    © REUTERS / HANDOUT

    Интернетте куралын аялга такап турган израилдик жоокердин үрөй учурган сүрөтү чыккан. Израилдин коргонуу күчтөрүнүн өкүлү ал палестиналык аял жоокерге бычак урууга аракет жасагандан кийин атып өлтүрүлгөнүн билдирген

  • Мюнхендин Бавария тобунун польшалык чабуулчусу Роберт Левандовски Вольфсбург менен болгон таймашта тогуз мүнөттө беш топ киргизди.  Сүрөттө: мюнхендиктердин башкы машыктыруучусу Хосеп Гвардиоланын матч учурундагы көрүнүшү. Ал мындайды эч качан көрбөгөнүн айтты.  Мындайды биринчи көрүшүм. Машыктыруучу да, оюнчу да катары мындайды башыман өткөргөн эмесмин. Тогуз мүнөттө беш топ деген эмне! — деп айткан Пептин сөздөрүн Бавариянын расмий сайты келтирет
    © REUTERS / MICHAELA REHLE

    Мюнхендин "Бавария" тобунун польшалык чабуулчусу Роберт Левандовски "Вольфсбург" менен болгон таймашта тогуз мүнөттө беш топ киргизди.
    Сүрөттө: мюнхендиктердин башкы машыктыруучусу Хосеп Гвардиоланын матч учурундагы көрүнүшү. Ал мындайды эч качан көрбөгөнүн айтты.
    "Мындайды биринчи көрүшүм. Машыктыруучу да, оюнчу да катары мындайды башыман өткөргөн эмесмин. Тогуз мүнөттө беш топ деген эмне!" — деп айткан Пептин сөздөрүн "Бавариянын" расмий сайты келтирет

  • Исламабаддын мал базары Курман айттын алдында (Пакистан).  Курман айт — мусулмандардын башкы майрамы. Бул күнү союлган малдын этин муктаж болгондорго таратып беришет
    © REUTERS / FAISAL MAHMOOD

    Исламабаддын мал базары Курман айттын алдында (Пакистан).
    Курман айт — мусулмандардын башкы майрамы. Бул күнү союлган малдын этин муктаж болгондорго таратып беришет

  • Бет капчан белгисиз адамдар шаршемби күнү Харьков шаардык кеңешинин алдында мурдагы губернатор Михаил Добкиндин жетекчилик орунга жана Геннадий Кернестин шаар башчылыгына шайланышына каршы нааразылык акциясын өткөргөн (Украина). Ага 200 адам катышып, милиция кызматкерлерине жаш чыгаруучу газ чачып, алар менен кармаша кетишкен
    © Sputnik / Александр Постников

    Бет капчан белгисиз адамдар шаршемби күнү Харьков шаардык кеңешинин алдында мурдагы губернатор Михаил Добкиндин жетекчилик орунга жана Геннадий Кернестин шаар башчылыгына шайланышына каршы нааразылык акциясын өткөргөн (Украина). Ага 200 адам катышып, милиция кызматкерлерине жаш чыгаруучу газ чачып, алар менен кармаша кетишкен

  • Рим Папасы Франциск Кубада өлкөнү 50 жылдай башкарган Фидель Кастро менен жолукту. Расмий эмес жолугушуу 30-40 мүнөткө созулуп, ага Кастронун үй-бүлөсү — жубайы, балдары жана неберелери болуп он чакты киши катышты
    © REUTERS / HANDOUT

    Рим Папасы Франциск Кубада өлкөнү 50 жылдай башкарган Фидель Кастро менен жолукту.
    Расмий эмес жолугушуу 30-40 мүнөткө созулуп, ага Кастронун үй-бүлөсү — жубайы, балдары жана неберелери болуп он чакты киши катышты

  • Германиянын эң бийик Цугшпитц тоосундагы жаңы асма жол дүйнөлүк үч рекордго жетти. Алар – эң бийик тирөөчү (127 м), бийиктиктердин эң чоң өзгөрүшү (1945 м), ошондой эле тирөөч менен тоо станциясынын ортосундагы эң чоң аралык (3207 м). Сүрөттө: Цугшпитц тоосун сүрөткө тартып жаткан киши
    © AFP 2021 / ANDREAS GEBERT / DPA

    Германиянын эң бийик Цугшпитц тоосундагы жаңы асма жол дүйнөлүк үч рекордго жетти. Алар – эң бийик тирөөчү (127 м), бийиктиктердин эң чоң өзгөрүшү (1945 м), ошондой эле тирөөч менен тоо станциясынын ортосундагы эң чоң аралык (3207 м). Сүрөттө: Цугшпитц тоосун сүрөткө тартып жаткан киши

  • Жарандык согуш ардагерлеринин нааразылык акциясынын катышуучусу Сальвадордо Текоматио деген ат менен белгилүү болгон маскарапоздун кийимин кийип алган. Ал ардагерге ири жеңилдиктерди берүүчү мыйзамды депутаттар колдошун талап кылууда
    © REUTERS / STRINGER/EL SALVADOR

    Жарандык согуш ардагерлеринин нааразылык акциясынын катышуучусу Сальвадордо Текоматио деген ат менен белгилүү болгон маскарапоздун кийимин кийип алган.
    Ал ардагерге ири жеңилдиктерди берүүчү мыйзамды депутаттар колдошун талап кылууда

  • Япониялык узак жашоочу 106 жаштагы карыя жүз метр аралыкты 42,2 секундада чуркап өтүп, рекорд койду.  Анын курагында чуркагандардын арасында бул эң жогорку натыйжа.  1919-жылы 22-сентябрда туулган Хидекичи Миядзаки (Hidekichi Miyazaki) мындай көрсөткүчкө бир аз нааразы болду, себеби ал аралыкты 35 секундада чуркап өтсөм деген ниетте эле. 100 жаштан улуу спортсмендер арасында 100 метрге чуркоо боюнча рекорд мурда болгон эмес, андыктан Миядзаки марага чейин чуркап келүү менен автоматтык түрдө рекорд жаратты
    © REUTERS / KYODO

    Япониялык узак жашоочу 106 жаштагы карыя жүз метр аралыкты 42,2 секундада чуркап өтүп, рекорд койду. Анын курагында чуркагандардын арасында бул эң жогорку натыйжа.
    1919-жылы 22-сентябрда туулган Хидекичи Миядзаки (Hidekichi Miyazaki) мындай көрсөткүчкө бир аз нааразы болду, себеби ал аралыкты 35 секундада чуркап өтсөм деген ниетте эле.
    100 жаштан улуу спортсмендер арасында 100 метрге чуркоо боюнча рекорд мурда болгон эмес, андыктан Миядзаки марага чейин чуркап келүү менен автоматтык түрдө рекорд жаратты

  • Мусулмандар тогуз жылдык оңдоо иштеринен кийин кайра ачылган Москва мечитинин алдында Курман айтты майрамдоодо. Ал Европадагы эң ири мечит болуп эсептелет
    © Sputnik / Владимир Астапкович

    Мусулмандар тогуз жылдык оңдоо иштеринен кийин кайра ачылган Москва мечитинин алдында Курман айтты майрамдоодо. Ал Европадагы эң ири мечит болуп эсептелет

  • Бишкектин эски аянтында Курман айтка карата намаз окулуп, ага Кыргызстандын миңдеген мусулмандары катышты. Быйыл бул башкы ислам майрамы 24-сентябрда белгиленген.  Айт намазга өкмөт мүчөлөрү, парламенттин депутаттары, Бишкек мэриясынын өкүлдөрү катышты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бишкектин эски аянтында Курман айтка карата намаз окулуп, ага Кыргызстандын миңдеген мусулмандары катышты. Быйыл бул башкы ислам майрамы 24-сентябрда белгиленген.
    Айт намазга өкмөт мүчөлөрү, парламенттин депутаттары, Бишкек мэриясынын өкүлдөрү катышты

  • Моделдер Лондондо Ани Хиндмарч (Anya Hindmarch) коллекциясын көрсөтүүдө. Англиянын борборунда өтүүчү мода жумалыгы — дүйнөлүк төрт мода жумалыктарынын бири (Париж, Милан, Нью-Йорк). Ал төртөөнүн ичинен эң демократиялуу болуп эсептелет. Бул жерде атактуу дизайнерлер менен жаштар да тең чыга алат; коллекциядагы жаңы буюмдардын баасы болгону 10 фунт стерлингден башталат
    © REUTERS / SUZANNE PLUNKETT

    Моделдер Лондондо Ани Хиндмарч (Anya Hindmarch) коллекциясын көрсөтүүдө.
    Англиянын борборунда өтүүчү мода жумалыгы — дүйнөлүк төрт мода жумалыктарынын бири (Париж, Милан, Нью-Йорк). Ал төртөөнүн ичинен эң демократиялуу болуп эсептелет. Бул жерде атактуу дизайнерлер менен жаштар да тең чыга алат; коллекциядагы жаңы буюмдардын баасы болгону 10 фунт стерлингден башталат

  • Меккеден алыс эмес жердеги Мина өрөөнүндө ажылыкта жүргөн 717 адам каза болду. Зыяратчылар шайтанга таш ыргытуу ырымы жасалчу жерге бара жаткан жолдо көпчүлүктүн тепсендисинде калышкан. Ага падышалыктын бийлиги бекиткен аталган жерге баруунун графигин сактабагандык себеп болду. Кырсык болгон жерде 4 миң куткаруучу жана дарыгерлер иштешкен. Жабыр тарткандардын арасында Кыргызстандан барган зыяратчылар жок
    © REUTERS / STRINGER

    Меккеден алыс эмес жердеги Мина өрөөнүндө ажылыкта жүргөн 717 адам каза болду. Зыяратчылар шайтанга таш ыргытуу ырымы жасалчу жерге бара жаткан жолдо көпчүлүктүн тепсендисинде калышкан. Ага падышалыктын бийлиги бекиткен аталган жерге баруунун графигин сактабагандык себеп болду. Кырсык болгон жерде 4 миң куткаруучу жана дарыгерлер иштешкен. Жабыр тарткандардын арасында Кыргызстандан барган зыяратчылар жок

Белгилер:
Мекке, БУУ, сүрөт, зыяратчы, мода, апта, ай, рекорд
Тема боюнча
Меккедеги каргаша: акыркы чейрек кылымдагы "кандуу" ажы сапары
Майрамдык айт намаздан көз ирмемдер

Чеберчиликтин туу чокусу! Табияттын таң калтырган 12 керемети

1428
  • Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө категориясында Шиванг Мехтанын Сейилдөөгө чыккан кабылан деген эмгеги финалга чыкты
  • Анага Мохананын Көңүл борборунда сүрөтү Жаш фотосүрөтчү номинациясында жеңүүчү деп табылды
  • Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр номинациясында Бөлүнгөн жер сүрөтү финалист болду
  • Жаныбарлардын портрети категориясында Мохаммад Мураддын Шаардын жарыгы сүрөтү жеңишке жетти
  • Пратхамеш Гадекар Түндүк жарыгы сүрөтү менен Чыгармачыл табияттын сүрөтү категориясында алдыңкы орунга чыкты
  • Панос Ласкаракис Падышанын майрамы эмгеги менен Жаныбарлардын портрети категориясында финалист болду
  • Шувам Садхухан Мурундан куйрукка чейинки диета кадры менен Жаныбарлардын кылык-жоругу категориясында финалга чыкты
  • Магнус Лундгрен Иллюзионист аталышындагы эмгеги менен Чыгармачыл табияттын сүрөтү номинациясында финалист болду
  • Приянка Рахут Митра Жаныбарлардын кылык-жоругу номинациясында Тег, бул сенби! аталыштагы сүрөтү менен жеңүүчү болду
  • Лакшита Карунаратна Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө категориясында Монарх эс алууда чыгармасы менен алдыңкы орунга чыкты
  • Анируд Камакери Уктаган жөргөмүш эмгеги менен Жаш фотосүрөтчү категориясынын финалисти болду
  • Махисин Хандын Куугунтукталган аталышындагы сүрөтү Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр номинациясында жеңишке жетти
Бүгүнкү сүрөт түрмөктө жыл сайын өтүүчү Nature in Focus Photography сынагынын жеңүүчүлөрү менен финалисттеринин эмгектери камтылган. Алардын керемет сүрөттөрүн көрүп, ырахат алыңыз.

Бул масштабдуу сүрөт сынагы дүйнөнүн биологиялык ар түрдүүлүгүнө арналган. Быйыл конкурска 40 өлкөнүн эки миң сүрөтчүсүнөн 18 миңдей эмгек сунушталды. Жеңүүчүлөр "Жаныбарлардын портрети", "Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө", "Чыгармачыл табияттын сүрөтү", "Жаш фотосүрөтчү", "Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр" жана "Жаныбарлардын кылык-жоругу" сыяктуу бир нече категория боюнча тандалды.

Сынактын тарыхында алгачкы жолу жалпы жеңүүчүнү тандоо мүмкүн болгон жок. Калыстар тобунун айтымында, эң мыкты сүрөттү тандоо кыйынга турган.

Сынактагы сүрөттөрдү толугу менен көрүүгө болот.

1428
  • Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө категориясында Шиванг Мехтанын Сейилдөөгө чыккан кабылан деген эмгеги финалга чыкты

    "Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө" категориясында Шиванг Мехтанын "Сейилдөөгө чыккан кабылан" деген эмгеги финалга чыкты

  • Анага Мохананын Көңүл борборунда сүрөтү Жаш фотосүрөтчү номинациясында жеңүүчү деп табылды

    Анага Мохананын "Көңүл борборунда" сүрөтү "Жаш фотосүрөтчү" номинациясында жеңүүчү деп табылды

  • Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр номинациясында Бөлүнгөн жер сүрөтү финалист болду

    "Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр" номинациясында "Бөлүнгөн жер" сүрөтү финалист болду

  • Жаныбарлардын портрети категориясында Мохаммад Мураддын Шаардын жарыгы сүрөтү жеңишке жетти

    "Жаныбарлардын портрети" категориясында Мохаммад Мураддын "Шаардын жарыгы" сүрөтү жеңишке жетти

  • Пратхамеш Гадекар Түндүк жарыгы сүрөтү менен Чыгармачыл табияттын сүрөтү категориясында алдыңкы орунга чыкты

    Пратхамеш Гадекар "Түндүк жарыгы" сүрөтү менен "Чыгармачыл табияттын сүрөтү" категориясында алдыңкы орунга чыкты

  • Панос Ласкаракис Падышанын майрамы эмгеги менен Жаныбарлардын портрети категориясында финалист болду
    © Photo / Panos Laskarakis / Nature inFocus 2021

    Панос Ласкаракис "Падышанын майрамы" эмгеги менен "Жаныбарлардын портрети" категориясында финалист болду

  • Шувам Садхухан Мурундан куйрукка чейинки диета кадры менен Жаныбарлардын кылык-жоругу категориясында финалга чыкты
    © Photo / Shuvam Sadhukhan / Nature inFocus 2021

    Шувам Садхухан "Мурундан куйрукка чейинки диета" кадры менен "Жаныбарлардын кылык-жоругу" категориясында финалга чыкты

  • Магнус Лундгрен Иллюзионист аталышындагы эмгеги менен Чыгармачыл табияттын сүрөтү номинациясында финалист болду
    © Photo / Magnus Lundgren / Nature inFocus 2021

    Магнус Лундгрен "Иллюзионист" аталышындагы эмгеги менен "Чыгармачыл табияттын сүрөтү" номинациясында финалист болду

  • Приянка Рахут Митра Жаныбарлардын кылык-жоругу номинациясында Тег, бул сенби! аталыштагы сүрөтү менен жеңүүчү болду
    © Photo / Priyanka Rahut Mitra / Nature inFocus 2021

    Приянка Рахут Митра "Жаныбарлардын кылык-жоругу" номинациясында "Тег, бул сенби!" аталыштагы сүрөтү менен жеңүүчү болду

  • Лакшита Карунаратна Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө категориясында Монарх эс алууда чыгармасы менен алдыңкы орунга чыкты

    Лакшита Карунаратна "Жапайы пейзаж жана жаныбарлар жашаган чөйрө" категориясында "Монарх эс алууда" чыгармасы менен алдыңкы орунга чыкты

  • Анируд Камакери Уктаган жөргөмүш эмгеги менен Жаш фотосүрөтчү категориясынын финалисти болду

    Анируд Камакери "Уктаган жөргөмүш" эмгеги менен "Жаш фотосүрөтчү" категориясынын финалисти болду

  • Махисин Хандын Куугунтукталган аталышындагы сүрөтү Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр номинациясында жеңишке жетти

    Махисин Хандын "Куугунтукталган" аталышындагы сүрөтү "Жаныбарларды коргоодогу көйгөйлөр" номинациясында жеңишке жетти

Белгилер:
конкурс, табият, фото, сүрөт, дүйнө
Тема боюнча
Күн чачыраган тоолор... Түндүк — Түштүк жолундагы керемет табияттын видеосу
Кыргызстандын керемет табияты италиялык фотографтын көзү менен. Сүрөт, видео

Бишкекте парламенттик шайлоонун жүрүшүн көрсөткөн 15 сүрөт

285
(жаңыланган 16:14 28.11.2021)
  • Бишкектин № 1213 шайлоо участогундагы БШК кызматкери менен байкоочулар
  • Жалпысынан Кыргызстан боюнча 2 435 шайлоо участогу ачылган. Мындан сырткары, чет мамлекеттердеги мекендештер үчүн 29 өлкөдө 59 шайлоо участогу уюштурулган.
  • Бул ирет шайлоочулар жаңы эреже менен добуш беришет. 54 талапкер партия тизмеси менен шайланса, 36сы Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округдан барат.
  • Шайлоо участокторунда добуш берүүчүлөр дезинфекциядан өтүүдө
  • Добуш берүүдөн мурда ар бир жаран биометрикалык идентификациядан өтөт
  • Шайлоо участкасында иштегендер келгендердин ар бирине добуш берүү эрежесин түшүндүрүп жатат
  • Бюллетенди толтуруп бүткөн соң аны АСУга (автоматтык эсептөө урнасы) салышат
  • Добуш берүүгө келген бишкектик кыз
  • Шайлоочулардын арасында улгайгандары, жаштары дагы бар
  • Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен Чоң-Арык айылындагы № 1053 шайлоо участкасына барып добуш берген. Өлкө башчы элге кайрылып, келечекке кайдыгер карабай, шайлоого активдүү катышууга чакырган
  • Шайлоочулар өздөрүн тизмеден тактап жатат
  • Ар бир келген шаар тургунунун дене табы текшерилүүдө
  • Бардык шайлоо участкаларында добуш берүү эрежесин түшүндүргөн схема илинген
  • Сүрөттөгү апа эки бюллетенди алып, добуш берүүнүн алдында турат
  • Талапкерин жана каалаган партиясына добушун берип, бюллетенди урнага салууга камынган жигит
Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган сүрөт түрмөктөн Бишкектин тургундары парламенттик шайлоого кандай катышып жатканын көрө аласыздар.

Бүгүн, 28-ноябрда, Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Бул ирет шайлоочулар жаңы эреже менен добуш беришет. 54 талапкер партия тизмеси менен шайланса, 36сы Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округдан барат.

БШКнын маалыматына караганда, саат 14:00гө карата шайлоочулардын 16,27 пайызы добуш берди. Бул 602 432 кыргызстандык шайлоого катышканын түшүндүрөт.

Парламенттик шайлоонун жүрүшүнө эл аралык 730 байкоочу көз салууда. Жалпысынан Кыргызстан боюнча 2 435 шайлоо участогу ачылган. Мындан сырткары, чет мамлекеттердеги мекендештер үчүн 29 өлкөдө 59 шайлоо участогу уюштурулган.

Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен Чоң-Арык айылындагы № 1053 шайлоо участкасына барып добуш берди. Андан соң өлкө башчы элге кайрылып, келечекке кайдыгер карабай, шайлоого активдүү катышууга чакырган. Ал жактан чыгары менен мамлекет башчы Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышуу үчүн Түркмөнстанга учуп кетти.

Партиялык тизме боюнча добуш берүүгө 3,7 миллион кыргызстандык кирген (бул сандын ичинде чет өлкөдөгү мекендештер дагы бар). Ал эми бир мандаттуу округ боюнча тизмеге 3,6 миллион адам кирген (мында чет жактагы кыргызстандыктар жок, анткени алар партиялык тизмеге гана добуш бере алышат).

 

285
  • Бишкектин № 1213 шайлоо участогундагы БШК кызматкери менен байкоочулар
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бишкектин № 1213 шайлоо участогундагы БШК кызматкери менен байкоочулар

  • Жалпысынан Кыргызстан боюнча 2 435 шайлоо участогу ачылган. Мындан сырткары, чет мамлекеттердеги мекендештер үчүн 29 өлкөдө 59 шайлоо участогу уюштурулган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жалпысынан Кыргызстан боюнча 2 435 шайлоо участогу ачылган. Мындан сырткары, чет мамлекеттердеги мекендештер үчүн 29 өлкөдө 59 шайлоо участогу уюштурулган.

  • Бул ирет шайлоочулар жаңы эреже менен добуш беришет. 54 талапкер партия тизмеси менен шайланса, 36сы Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округдан барат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бул ирет шайлоочулар жаңы эреже менен добуш беришет. 54 талапкер партия тизмеси менен шайланса, 36сы Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округдан барат.

  • Шайлоо участокторунда добуш берүүчүлөр дезинфекциядан өтүүдө
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шайлоо участокторунда добуш берүүчүлөр дезинфекциядан өтүүдө

  • Добуш берүүдөн мурда ар бир жаран биометрикалык идентификациядан өтөт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Добуш берүүдөн мурда ар бир жаран биометрикалык идентификациядан өтөт

  • Шайлоо участкасында иштегендер келгендердин ар бирине добуш берүү эрежесин түшүндүрүп жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шайлоо участкасында иштегендер келгендердин ар бирине добуш берүү эрежесин түшүндүрүп жатат

  • Бюллетенди толтуруп бүткөн соң аны АСУга (автоматтык эсептөө урнасы) салышат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бюллетенди толтуруп бүткөн соң аны АСУга (автоматтык эсептөө урнасы) салышат

  • Добуш берүүгө келген бишкектик кыз
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Добуш берүүгө келген бишкектик кыз

  • Шайлоочулардын арасында улгайгандары, жаштары дагы бар
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шайлоочулардын арасында улгайгандары, жаштары дагы бар

  • Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен Чоң-Арык айылындагы № 1053 шайлоо участкасына барып добуш берген. Өлкө башчы элге кайрылып, келечекке кайдыгер карабай, шайлоого активдүү катышууга чакырган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен Чоң-Арык айылындагы № 1053 шайлоо участкасына барып добуш берген. Өлкө башчы элге кайрылып, келечекке кайдыгер карабай, шайлоого активдүү катышууга чакырган

  • Шайлоочулар өздөрүн тизмеден тактап жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шайлоочулар өздөрүн тизмеден тактап жатат

  • Ар бир келген шаар тургунунун дене табы текшерилүүдө
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ар бир келген шаар тургунунун дене табы текшерилүүдө

  • Бардык шайлоо участкаларында добуш берүү эрежесин түшүндүргөн схема илинген
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бардык шайлоо участкаларында добуш берүү эрежесин түшүндүргөн схема илинген

  • Сүрөттөгү апа эки бюллетенди алып, добуш берүүнүн алдында турат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Сүрөттөгү апа эки бюллетенди алып, добуш берүүнүн алдында турат

  • Талапкерин жана каалаган партиясына добушун берип, бюллетенди урнага салууга камынган жигит
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Талапкерин жана каалаган партиясына добушун берип, бюллетенди урнага салууга камынган жигит

Белгилер:
Кыргызстан, шайлоо, сүрөт, добуш берүү, байкоочу, эреже
Тема:
Жогорку Кеңешке шайлоо 2021
Тема боюнча
Акылбек Жапаров партияларга бейиш эле эмес, тозок да бар экенин эскертти
Шайлоодон уткан кээ бир талапкерлерге мандат берилбей калышы мүмкүн. Себеби
Бекматов: парламенттик шайлоого элдин катышуусу төмөн болууда
Фемиданын эстелиги шаардык соттун имаратында. Архив

Кыргызстанда үч кодекс күчүнө кирди

0
(жаңыланган 13:27 01.12.2021)
Буга чейин мыйзамдык актыларда бир катар дал келбестиктер, Конституция жана Кыргызстанда иштеп жаткан мыйзамдар менен карама-каршылыктар болгондуктан президент тарабынан артка кайтарылган.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бүгүн үч кодекс күчүнө кирди. Алар: кылмыш, эреже бузуу кодекси жана кылмыш-процессуалдык кодекс.

Кодекстер боюнча мыйзамга президент Садыр Жапаров 28-октябрда кол коюп, 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирген.

Юстиция министрлигинен билдиргендей, кодекстердин өзү бүгүн, 1-декабрда, күчүнө кирди.

Министрликтин сайтынан кодекстер менен таанышууга болот. Ыңгайлуу болушу үчүн шилтемелерин сунуштайбыз. Ведомствонун сайтына кирип документ менен таанышуу үчүн төмөнкү шилтемелерди басып коюу жетиштүү.

Буга чейин жогоруда белгиленген мыйзамдык актыларда бир катар дал келбестиктер, Конституция жана Кыргызстанда иштеп жаткан мыйзамдар менен карама-каршылыктар болгондуктан, тыкыр иштеп чыгуу үчүн президент тарабынан артка кайтарылган.

0
Белгилер:
Кыргызстан, кылмыш, Эреже бузуу жөнүндөгү кодекс, кылмыш кодекси
Тема боюнча
Садыр Жапаров мыйзамдан тергөө менен кызматташуу нормасын алып салды