Сүрөттөгү апта – Путин менен Обаманын кол алышуусунан тартып Кыргызстандагы шайлоого чейин

Жазылуу
Sputnik апта ичинде дүйнө боюнча болгон эң маанилүү жана кызыктуу окуялар жөнүндө сүрөт түрмөгүн сунуштайт.

Сариев: таза шайлоо бийликтин күчүн айгинеледи
Кыргызстанда депутаттарды шайлоонун добуштарын саноо, Сириянын ИМ жайгашкан жерлерине РФ авиациясынын соккулары, БУУнун Башкы ассамблеясында Владимир Путин менен Барак Обаманын жолугушуусу, Кытайдын Лючэнь аймагындагы жарылуулардын кесепеттери, Калифорнияда өткөн Wasteland Weekend фестивалы, Гватемаладагы жер көчкү, Тынч океандын жээгинде өткөн Surf City Surf Dog таймашындагы иттер жана башка окуялар жөнүндө Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн караңыз.

© Sputnik / Сергей Гунеев/POOL / Медиабанкка өтүүРоссия менен АКШ президенттери Владимир Путин жана Барак Обама БУУнун Башкы ассамблеясынын 70-сессиясынан кийинки жолугушуусу (Нью-Йорк).
Сессияда 150дөн ашык мамлекеттер менен өкмөт башчылары, ошондой эле тышкы иштер министрлери жана башка деңгээлдеги делегация жетекчилери чыгып сүйлөгөн.
Россия менен АКШ президенттери Владимир Путин жана Барак Обама БУУнун Башкы ассамблеясынын 70-сессиясынан кийинки жолугушуусу (Нью-Йорк). Сессияда 150дөн ашык мамлекеттер менен өкмөт башчылары, ошондой эле тышкы иштер министрлери жана башка деңгээлдеги делегация жетекчилери чыгып сүйлөгөн. - Sputnik Кыргызстан
1/15
Россия менен АКШ президенттери Владимир Путин жана Барак Обама БУУнун Башкы ассамблеясынын 70-сессиясынан кийинки жолугушуусу (Нью-Йорк).
Сессияда 150дөн ашык мамлекеттер менен өкмөт башчылары, ошондой эле тышкы иштер министрлери жана башка деңгээлдеги делегация жетекчилери чыгып сүйлөгөн.
© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин карылар үйүнүн жашоочусу.
Кыргызстанда Эл аралык карылар күнү белгиленди, ал 1991-жылы 1-октябрда БУУнун резолюциясы кабыл алынгандан тартып өткөрүлүп келет. Бул күнү Бишкекте түрдүү жарманкелер, концерттер жана кайрымдуулук акциялары уюшулду.
Бишкектин карылар үйүнүн жашоочусу. Кыргызстанда Эл аралык карылар күнү белгиленди, ал 1991-жылы 1-октябрда БУУнун резолюциясы кабыл алынгандан тартып өткөрүлүп келет. Бул күнү Бишкекте түрдүү жарманкелер, концерттер жана кайрымдуулук акциялары уюшулду. - Sputnik Кыргызстан
2/15
Бишкектин карылар үйүнүн жашоочусу.
Кыргызстанда Эл аралык карылар күнү белгиленди, ал 1991-жылы 1-октябрда БУУнун резолюциясы кабыл алынгандан тартып өткөрүлүп келет. Бул күнү Бишкекте түрдүү жарманкелер, концерттер жана кайрымдуулук акциялары уюшулду.
© AFP / ARMEND NIMANIБританиялык актер, ЮНИСЕФтин элчиси Орландо Блум Македониянын Греция менен чектеш Гевгелия шаарынын кабыл алуу пунктунда болду.
Эл аралык миграция агенттигинин маалыматына ылайык, Жакынкы Чыгыштан Европага Италия жана Греция аркылуу деңиз жолу менен келген мигранттардын саны жарым миллондон ашып, 522 миң 134 адамга жетти.
Британиялык актер, ЮНИСЕФтин элчиси Орландо Блум Македониянын Греция менен чектеш Гевгелия шаарынын кабыл алуу пунктунда болду. - Sputnik Кыргызстан
3/15
Британиялык актер, ЮНИСЕФтин элчиси Орландо Блум Македониянын Греция менен чектеш Гевгелия шаарынын кабыл алуу пунктунда болду.
Эл аралык миграция агенттигинин маалыматына ылайык, Жакынкы Чыгыштан Европага Италия жана Греция аркылуу деңиз жолу менен келген мигранттардын саны жарым миллондон ашып, 522 миң 134 адамга жетти.
© REUTERS / CHINA DAILYПекинде КЭРдин түзүлгөндүгүнүн 66 жылдыгы белгиленди. Жыл сайын Тяньаньмэнь аянтында бийиктиги 15 метр келген гүл композициясы орнотулат.
Пекинде КЭРдин түзүлгөндүгүнүн 66 жылдыгы белгиленди. - Sputnik Кыргызстан
4/15
Пекинде КЭРдин түзүлгөндүгүнүн 66 жылдыгы белгиленди. Жыл сайын Тяньаньмэнь аянтында бийиктиги 15 метр келген гүл композициясы орнотулат.
© AFP / JOE KLAMARСерфер иттер Тынч океандын жээгинде жыл сайын өтүүчү Surf City Surf Dog таймашында (Хантингтон-Бич шаары, Калифорния, АКШ). Ага 50дөн ашуун ит катышып, Сан-Диегодон келген бульдог жеңүүчү болгон.
Таймашта утуш үчүн толкунда тактанын үстүндө туруу узактыгы, сууда өзүн ишеничтүү кармоо сыяктуу бир катар параметрлерге жооп бериш керек.
Серфер иттер Тынч океандын жээгинде жыл сайын өтүүчү Surf City Surf Dog таймашында (Хантингтон-Бич шаары, Калифорния, АКШ). - Sputnik Кыргызстан
5/15
Серфер иттер Тынч океандын жээгинде жыл сайын өтүүчү Surf City Surf Dog таймашында (Хантингтон-Бич шаары, Калифорния, АКШ). Ага 50дөн ашуун ит катышып, Сан-Диегодон келген бульдог жеңүүчү болгон.
Таймашта утуш үчүн толкунда тактанын үстүндө туруу узактыгы, сууда өзүн ишеничтүү кармоо сыяктуу бир катар параметрлерге жооп бериш керек.
© AFP / FRANCOIS GUILLOTRick Owens Париждеги мода жумалыгында. Модельер бул жолку көргөзмөсү менен айымдардын күчүн, алардын оор турмушун көрсөтүүгө аракет кылганын айтты. "Бул мен үчүн табышмактуу аял дүйнөсүнө: энеликке, эжеликке, айымдык тилектештикке арналган. Аял кантип аялга айланып, аялды тарбиялап, бири-бирине кандай колдоо көрсөтө турганын баяндадым", — деп чечмеледи Рик.
Rick Owens Париждеги мода жумалыгында. Модельер бул жолку көргөзмөсү менен айымдардын күчүн, алардын оор турмушун көрсөтүүгө аракет кылганын айтты. Бул мен үчүн табышмактуу аял дүйнөсүнө: энеликке, эжеликке, айымдык тилектештикке арналган. Аял кантип аялга айланып, аялды тарбиялап, бири-бирине кандай колдоо көрсөтө турганын баяндадым, — деп чечмеледи Рик. - Sputnik Кыргызстан
6/15
Rick Owens Париждеги мода жумалыгында. Модельер бул жолку көргөзмөсү менен айымдардын күчүн, алардын оор турмушун көрсөтүүгө аракет кылганын айтты. "Бул мен үчүн табышмактуу аял дүйнөсүнө: энеликке, эжеликке, айымдык тилектештикке арналган. Аял кантип аялга айланып, аялды тарбиялап, бири-бирине кандай колдоо көрсөтө турганын баяндадым", — деп чечмеледи Рик.
© Sputnik / Табылды КадырбековАйдын бөтөнчө тутулушу анын дүйшөмбүдө өзгөчө толушуна туш келди. Жердин көлөкөсү Айдын бизге көрүнгөн бетин толук жаап, ага кызгылт-күрөң түс берди.
Айдын бөтөнчө тутулушу анын дүйшөмбүдө өзгөчө толушуна туш келди. Жердин көлөкөсү Айдын бизге көрүнгөн бетин толук жаап, ага кызгылт-күрөң түс берди. - Sputnik Кыргызстан
7/15
Айдын бөтөнчө тутулушу анын дүйшөмбүдө өзгөчө толушуна туш келди. Жердин көлөкөсү Айдын бизге көрүнгөн бетин толук жаап, ага кызгылт-күрөң түс берди.
© REUTERS / MARIO ANZUONI"Акылсыз Макс" каарманынын кийимин кийген Дезире Хепп (Desirae Hepp) Калифорниядагы Wasteland Weekend фестивалында.
Иш-чарада "Акылсыз Макстын" стилинде жасалгаланган 100дөн ашык автоунаалар менен мотоциклдер болду.
Акылсыз Макс каарманынын кийимин кийген Дезире Хепп (Desirae Hepp) Калифорниядагы Wasteland Weekend фестивалында. Иш-чарада Акылсыз Макстын стилинде жасалгаланган 100дөн ашык автоунаалар менен мотоциклдер болду. - Sputnik Кыргызстан
8/15
"Акылсыз Макс" каарманынын кийимин кийген Дезире Хепп (Desirae Hepp) Калифорниядагы Wasteland Weekend фестивалында.
Иш-чарада "Акылсыз Макстын" стилинде жасалгаланган 100дөн ашык автоунаалар менен мотоциклдер болду.
© Министерство обороны РФ / Медиабанкка өтүүСириянын "Хмеймим" аэродромунда жайгашкан Россиянын авиациялык тобу ИЛИМ эл аралык террористтик тобунун жайгашкан жерлерине алгачкы жолу даректүү сокку урду.
РФтин Федерациялык кеңеши россиялык аскерлерди чет мамлекетте пайдаланууну бир добуштан колдогон. Мурда тийиштүү өтүнүч менен Федерациялык кеңешке президент Владимир Путин кайрылган эле.
Россиянын аскердик авиациясы Сирияга Башар Асаддын жардам сурап кайрылуусунан кийин жөнөтүлгөн.
Сириянын Хмеймим аэродромунда жайгашкан Россиянын авиациялык тобу ИЛИМ эл аралык террористтик тобунун жайгашкан жерлерине алгачкы жолу даректүү сокку урду. РФтин Федерациялык кеңеши россиялык аскерлерди чет мамлекетте пайдаланууну бир добуштан колдогон. Мурда тийиштүү өтүнүч менен Федерациялык кеңешке президент Владимир Путин кайрылган эле. Россиянын аскердик авиациясы Сирияга Башар Асаддын жардам сурап кайрылуусунан кийин жөнөтүлгөн. - Sputnik Кыргызстан
9/15
Сириянын "Хмеймим" аэродромунда жайгашкан Россиянын авиациялык тобу ИЛИМ эл аралык террористтик тобунун жайгашкан жерлерине алгачкы жолу даректүү сокку урду.
РФтин Федерациялык кеңеши россиялык аскерлерди чет мамлекетте пайдаланууну бир добуштан колдогон. Мурда тийиштүү өтүнүч менен Федерациялык кеңешке президент Владимир Путин кайрылган эле.
Россиянын аскердик авиациясы Сирияга Башар Асаддын жардам сурап кайрылуусунан кийин жөнөтүлгөн.
© NASA/JHUAPL/SwRINew Horizons автоматттык станциясы биринчи жолу Жерге Харондун толук түстүү жана жогорку сапаттагы сүрөттөрүн жиберген. Аларда Плутондун жандоочусунун бетин, анын ичинде тоолорду, каньондорду жана планетанын полюсуна тушташ бөлүгүндөгү "Мордор" деп аталган табышмактуу жерди айкын көрүүгө болот.
New Horizons автоматттык станциясы биринчи жолу Жерге  Харондун толук түстүү жана жогорку сапаттагы сүрөттөрүн жиберген. Аларда Плутондун жандоочусунун бетин, анын ичинде тоолорду, каньондорду жана планетанын полюсуна тушташ бөлүгүндөгү Мордор деп аталган табышмактуу жерди айкын көрүүгө болот. - Sputnik Кыргызстан
10/15
New Horizons автоматттык станциясы биринчи жолу Жерге Харондун толук түстүү жана жогорку сапаттагы сүрөттөрүн жиберген. Аларда Плутондун жандоочусунун бетин, анын ичинде тоолорду, каньондорду жана планетанын полюсуна тушташ бөлүгүндөгү "Мордор" деп аталган табышмактуу жерди айкын көрүүгө болот.
© AFP / STR / AFPШаршембиде Кытайдын Лючэнь аймагында 17 жардыруу болуп, жети адам каза тапты. Ал эми дагы экөө дайынсыз жоголуп, 51и жаракат алды. Алдын ала тергөөнүн маалыматына ылайык, жардыруучу заттар экспресс-посылкалардын ичине салынган болушу ыктымал.
Шаршембиде Кытайдын Лючэнь аймагында 17 жардыруу болуп, жети адам каза тапты. Ал эми дагы экөө дайынсыз жоголуп, 51и жаракат алды. Алдын ала тергөөнүн маалыматына ылайык, жардыруучу заттар экспресс-посылкалардын ичине салынган болушу ыктымал. - Sputnik Кыргызстан
11/15
Шаршембиде Кытайдын Лючэнь аймагында 17 жардыруу болуп, жети адам каза тапты. Ал эми дагы экөө дайынсыз жоголуп, 51и жаракат алды. Алдын ала тергөөнүн маалыматына ылайык, жардыруучу заттар экспресс-посылкалардын ичине салынган болушу ыктымал.
© REUTERS / STRINGERСанта-Катарина-Пинула шаарынын (Гватемала) калк отурукташкан аймактарынын бириндеги катуу нөшөрдөн улам эл ири көчкүнүн алдында калды. Курман болгондордун саны 131ге жетип, 300гө жакыны дайынсыз жоголгон.
Санта-Катарина-Пинула шаарынын (Гватемала) калк отурукташкан аймактарынын бириндеги катуу нөшөрдөн улам эл ири көчкүнүн алдында калды. Курман болгондордун саны 131ге жетип, 300гө жакыны дайынсыз жоголгон. - Sputnik Кыргызстан
12/15
Санта-Катарина-Пинула шаарынын (Гватемала) калк отурукташкан аймактарынын бириндеги катуу нөшөрдөн улам эл ири көчкүнүн алдында калды. Курман болгондордун саны 131ге жетип, 300гө жакыны дайынсыз жоголгон.
© Sputnik / Табылды КадырбековСүрөттө: Бишкектин тургуну мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө кезек күтүп жатат.
Бул иш-чара ден соолугуна байланыштуу шайлоо участогуна келе албай тургандар үчүн уюшулган. Мындай шайлоочуларга УШК мүчөлөрү байкоочулардын, ЖМК жана саясий партиялардын өкүлдөрүнүн коштоосунда үйлөрүнө барып добуш бердиришти.
Сүрөттө: Бишкектин тургуну мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө кезек күтүп жатат. Бул иш-чара ден соолугуна байланыштуу шайлоо участогуна келе албай тургандар үчүн уюшулган. Мындай шайлоочуларга УШК мүчөлөрү байкоочулардын, ЖМК жана саясий партиялардын өкүлдөрүнүн коштоосунда үйлөрүнө барып добуш бердиришти. - Sputnik Кыргызстан
13/15
Сүрөттө: Бишкектин тургуну мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө кезек күтүп жатат.
Бул иш-чара ден соолугуна байланыштуу шайлоо участогуна келе албай тургандар үчүн уюшулган. Мындай шайлоочуларга УШК мүчөлөрү байкоочулардын, ЖМК жана саясий партиялардын өкүлдөрүнүн коштоосунда үйлөрүнө барып добуш бердиришти.
© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоо участогунда добуш берүүчү урнаны көздөй бара жатат.
Шайлоочулардын тизмесине 2 миллион 670 миң 480 жаран кирген. Алдын ала маалымат боюнча, 5-октябрь күнү 11.00гө карата Жогорку Кеңешке шайлоого келгендердин саны 1 миллион 557 миң 442 адамга жеткен. Бул бардык шайлоочулардын 59,7 пайызын түзөт.
Шайлоо участогунда добуш берүүчү урнаны көздөй бара жатат. Шайлоочулардын тизмесине 2 миллион 670 миң 480 жаран кирген. Алдын ала маалымат боюнча, 5-октябрь күнү 11.00гө карата Жогорку Кеңешке шайлоого келгендердин саны 1 миллион 557 миң 442 адамга жеткен. Бул бардык шайлоочулардын 59,7 пайызын түзөт. - Sputnik Кыргызстан
14/15
Шайлоо участогунда добуш берүүчү урнаны көздөй бара жатат.
Шайлоочулардын тизмесине 2 миллион 670 миң 480 жаран кирген. Алдын ала маалымат боюнча, 5-октябрь күнү 11.00гө карата Жогорку Кеңешке шайлоого келгендердин саны 1 миллион 557 миң 442 адамга жеткен. Бул бардык шайлоочулардын 59,7 пайызын түзөт.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстанда парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жарыяланды. Ага ылайык, жети пайыздык чектен КСДП, "Республика — Ата-Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү — Прогресс", "Бир Бол" жана "Ата Мекен" партиялары өткөн.
Бардык партияларга каршы шайлоочулардын 0,8 пайызы добуш берген. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы добуштар кол менен саналып чыккандан кийин гана жарыяланат.
Кыргызстанда парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жарыяланды. Ага ылайык, жети пайыздык чектен КСДП, Республика — Ата-Журт, Кыргызстан, Өнүгүү — Прогресс, Бир Бол жана Ата Мекен партиялары өткөн. Бардык партияларга каршы шайлоочулардын 0,8 пайызы добуш берген. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы добуштар кол менен саналып чыккандан кийин гана жарыяланат. - Sputnik Кыргызстан
15/15
Кыргызстанда парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жарыяланды. Ага ылайык, жети пайыздык чектен КСДП, "Республика — Ата-Журт", "Кыргызстан", "Өнүгүү — Прогресс", "Бир Бол" жана "Ата Мекен" партиялары өткөн.
Бардык партияларга каршы шайлоочулардын 0,8 пайызы добуш берген. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы добуштар кол менен саналып чыккандан кийин гана жарыяланат.
Жаңылыктар түрмөгү
0