"Төкөлдөштүн төрт кызынын" бири, залкар актриса Бакен Кыдыкееванын сүрөттө калган элеси

1968
(жаңыланган 12:30 20.10.2016)
  • Кыргыздын улуу актрисасы, Кыргыз ССР эл артисти, СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева көзү тирүү болгондо бүгүн 92 жашка чыкмак
  • Геннадий Базаровдун Көздүн кареги тасмасында дагы бир залкар актер Болот Бейшеналиев менен бирге ойногон.  Актердук чеберчилиги үчүн Бакен Кыдыкеева 1977-жылы Рига шаарындагы бүткүл союздук кинфестивалда атайын номинацияга ээ болгон
  • Толгонай жакындарын согуш жалмаган, бирок, миң кайгыны былк этпей көтөргөн, кайраттуу, ичтен сызганы менен, каардуу да  боло билген – ЭНЕ
  • Геннадий Базаров Искусство жөнүндө жомок кино тасмасында актрисаны  тартып жаткан кези
Кыргыздын улуу актрисасы, Кыргыз ССР эл артисти, СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева көзү тирүү болгондо бүгүн 92 жашка чыкмак.

Кыргызстандын театр сахнасында жана киноөнөрүндө жүздөгөн образдарды жараткан таланттуу актриса көптөрдүн эсинде ошол келбеттүү, ошол сөөлөттүү образдары менен калды. 

"Төкөлдөштүн төрт кызынын" бири, залкар актриса Бакен Кыдыкееванын кыргыз искусствосунун өнүгүшүнө кошкон салымы зор. Ал сахнада, экранда мыкты ролдорду жаратуу менен чектелбестен, бир топ таланттарды тарбиялап кетти. 

Кыдыкеева алгачкы кадамын 1936-жылы Бишкектеги жаш көрүүчүлөр театрынан баштаптыр. Чыканактай кыз алгачкы ирет сахнага 14 жашында чыгып, испаниялык драматург Лопе де Веганын "Койлуу булак" чыгармасындагы Лауренсиянын ролун аткарган экен. 

Драматург жана театр таануучу Жаныш Кулманбетов болочок актрисанын сахнага чыгышына атасы каршы болуп, кийин кызынын талантын урматтаган, эң жакын күйөрмандарынан болуп калгандыгын Sputnik маалымат сайтына айтып берди.

Кыдыкеева 1941-жылы Ысык-Көлдөгү драма театрында, ал эми Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Нарын театрында иштеген. Кыдыкеева чыгармачылыгынын жана өмүрүнүн көп бөлүгүн Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына арнап, ал жерде 1989-жылга чейин эмгектенген. 1990-жылдардан көзү өткөн 1993-жылга чейин Кыргызстандын жаш көрүүчүлөр театрында иштеген. Кийин өмүрүнүн акыркы жылдары иштеген театрга ысымы ыйгарылган. 

Анын аткарган ролдорун азыр пенсия жашына таяп калган улуу муун суктануу менен эскерет.

Первому учителю — 50 лет или Почему Кончаловский снял обнаженку
© Sputnik / Александр Федоров
Алгачкы ролу Лауренсия (Лопе де Вега, "Койлуу булак"), андан кийин Берметтин ("Саринжи-Бөкөй", Эшмамбетов) образын жараткан. Жесси (Константин Симонов, "Орус маселеси"), Ульяна Громова (Александр Фадеев, "Жаш Гвардия"), Дездемона (Уилям Шекспир, "Отелло"), Какей ("Кайгылуу Какей", М.Токобаев), Катерина (Александр Островский, "Добул"), Айганыш (Касымалы Жантөшев, "Курманбек"), Каныкейдин ("Манастын уулу Семетей", Жалил Садыков) жана дагы бир топ образдарын Бакен Кыдыкеевага гана таандык өзгөчөлүк менен ачып берген. 

Ал эми кино жаатында биринчилерден болуп кыргыздын алгачкы толук метраждуу көркөм фильми "Салтанатта" Салтанаттын ролун ойногон. 

Андан сырткары экранда Бурма ("Токтогул"), Райхан ("Ашууда"), Азиз эне ("Тайгак кечүү"), Кара катын ("Биринчи мугалим"), Толгонай ("Саманчынын жолу"), Жайдар ("Жаныбарым Гүлсарым"), Хадыша ("Караш-Караш окуясы"), Сейилдин ("Көчө") ролдорун жараткан. 

Бакен Кыдыкеева 1993-жылы 30-декабрда андан 57 жыл мурда сахнасын аттаган Кыргызстандын жаш көрүүчүлөр театрында иштеп жүргөн учурда жол кырсыгынан каза болгон.

1968
  • Кыргыздын улуу актрисасы, Кыргыз ССР эл артисти, СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева көзү тирүү болгондо бүгүн 92 жашка чыкмак
    © Фото / Александр Федоров

    Кыргыздын улуу актрисасы, Кыргыз ССР эл артисти, СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева көзү тирүү болгондо бүгүн 92 жашка чыкмак

  • Бакен  Кыдыкеева  кыргыздын алгачкы толук метраждуу көркөм фильми Салтанатта Салтанаттын ролун ойногон. Киножаатындагы сынчылар бул тасманы Улуттук көркөм маданияттын символуна айлангандыгын айтып келишет
    Александр Федоров

    Бакен Кыдыкеева кыргыздын алгачкы толук метраждуу көркөм фильми "Салтанатта" Салтанаттын ролун ойногон. Киножаатындагы сынчылар бул тасманы Улуттук көркөм маданияттын символуна айлангандыгын айтып келишет

  • Режиссер Алексей Сахаров жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Кызыл жоолук жалжалым чыгармасынын негизинде  Ашуу тасмасын тартып,  Райхандын ролун Кыдыкеева аткарган. Сүрөт Долон ашуусунда тартылган
    Александр Федоров

    Режиссер Алексей Сахаров жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" чыгармасынын негизинде "Ашуу" тасмасын тартып, Райхандын ролун Кыдыкеева аткарган. Сүрөт Долон ашуусунда тартылган

  • Жылдызы жанган бул кыз кийин сахнада мыкты ролдорду жараткан улуттун сыймыгы болгон улуу талантка айланды
    © Фото / Александр Федоров

    Жылдызы жанган бул кыз кийин сахнада мыкты ролдорду жараткан улуттун сыймыгы болгон улуу талантка айланды

  • Театр сынчылары актрисага трагедия менен комедияны бирдей ойноп кеткен көп кырдуу талант катары жогорку баасын беришкен
    Александр Федоров

    Театр сынчылары актрисага трагедия менен комедияны бирдей ойноп кеткен көп кырдуу талант катары жогорку баасын беришкен

  • Бакен Кыдыкееванын аткарган ролдорун азыр пенсия жашына таяп калган улуу муун суктануу менен эскерет. Бул талант өмүрүнүн акыркы демине чейин театрдан кеткен жок
    Александр Федоров

    Бакен Кыдыкееванын аткарган ролдорун азыр пенсия жашына таяп калган улуу муун суктануу менен эскерет. Бул талант өмүрүнүн акыркы демине чейин театрдан кеткен жок

  • Геннадий Базаровдун Көздүн кареги тасмасында дагы бир залкар актер Болот Бейшеналиев менен бирге ойногон.  Актердук чеберчилиги үчүн Бакен Кыдыкеева 1977-жылы Рига шаарындагы бүткүл союздук кинфестивалда атайын номинацияга ээ болгон
    © Sputnik / Александр Федоров

    Геннадий Базаровдун "Көздүн кареги" тасмасында дагы бир залкар актер Болот Бейшеналиев менен бирге ойногон. Актердук чеберчилиги үчүн Бакен Кыдыкеева 1977-жылы Рига шаарындагы бүткүл союздук кинфестивалда атайын номинацияга ээ болгон

  • Көздүн кареги кинокартинасындагы экран артындагы учурлар. Кыдыкеева ролун кайрадан кайталап, кээ бир жерлерин жаттап жаткан учуру
    Александр Федоров

    "Көздүн кареги" кинокартинасындагы экран артындагы учурлар. Кыдыкеева ролун кайрадан кайталап, кээ бир жерлерин жаттап жаткан учуру

  • Кинотасмаларда энелердин ролун көп аткарган актриса уулу менен үйүндө. Сүрөттөгү кызыл жагоочон тестиер бала кийин киноөнөрүнө аралашып, бир-эки ирет тартылып да көргөн
    Александр Федоров

    Кинотасмаларда энелердин ролун көп аткарган актриса уулу менен үйүндө. Сүрөттөгү кызыл жагоочон тестиер бала кийин киноөнөрүнө аралашып, бир-эки ирет тартылып да көргөн

  • Эң оор, эң мыкты жана кайталангыс чеберчилик менен жаратылган – Толгонайдын образы. Айтматовдун Саманчынын жолу повестинин негизинде бул кинокартина  режиссер Геннадий Базаровдун дипломдук иши болгон
    Александр Федоров

    Эң оор, эң мыкты жана кайталангыс чеберчилик менен жаратылган – Толгонайдын образы. Айтматовдун "Саманчынын жолу" повестинин негизинде бул кинокартина режиссер Геннадий Базаровдун дипломдук иши болгон

  • Толгонай жакындарын согуш жалмаган, бирок, миң кайгыны былк этпей көтөргөн, кайраттуу, ичтен сызганы менен, каардуу да  боло билген – ЭНЕ
    © Фото / Александр Федоров

    Толгонай жакындарын согуш жалмаган, бирок, миң кайгыны былк этпей көтөргөн, кайраттуу, ичтен сызганы менен, каардуу да боло билген – ЭНЕ

  • Саманчынын жолу тасмасына тартылуу учурундагы тыныгууда актрисага гример-художник Белякова грим жасап жаткан учуру
    Александр Федоров

    "Саманчынын жолу" тасмасына тартылуу учурундагы тыныгууда актрисага гример-художник Белякова грим жасап жаткан учуру

  • Геннадий Базаров Искусство жөнүндө жомок кино тасмасында актрисаны  тартып жаткан кези
    Александр Федоров

    Геннадий Базаров "Искусство жөнүндө жомок" кино тасмасында актрисаны тартып жаткан кези

  • Бул сүрөт 1990-жылы тартылган. Мындан үч жыл өткөндөн кийин  Бакен Кыдыкеева 1993-жылы 30-декабрда автоунаа коюп кетип каза болуп, сөөгү бир нече күндөн кийин Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.
    © Фото / Александр Федоров

    Бул сүрөт 1990-жылы тартылган. Мындан үч жыл өткөндөн кийин Бакен Кыдыкеева 1993-жылы 30-декабрда автоунаа коюп кетип каза болуп, сөөгү бир нече күндөн кийин Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

Белгилер:
туулган күн, актриса, фотограф, Геннадий Базаров, Бакен Кыдыкеева, Чыңгыз Айтматов, Ала-Арча көрүстөнү
Тема боюнча
Кыргызстанда бүгүн кыргыз киносунун күнү белгиленип жатат

Бишкекте православдар Крещение майрамын белгилешти. Чиркөөдөн сүрөттөр

22
  • Сүрөттөр православ христиандарынын Бишкектеги чиркөөсүнөн тартылды
  • Кудайга сыйынып жаткан аял
  • Православдардын ишенимине ылайык, сыйынуу шам жагуу менен башталат
  • Дин кызматкери зыярат учурунда
  • Крещение майрамын Кудайга тилек айтуу менен баштайт
  • Майрамды белгилөө маалында дагы санитардык нормалар эске алынып, бет кап тагынып келгендер болду
  • Жыл сайын Крещениеден бир күн мурун православдардын чиркөөсүндө ыйык сууну келгендерге чачуу жөрөлгөсү жасалат
  • Крещение майрамы ыйык Рождестводон кийин (6-18-январь) белгиленет
  • Крещение майрамынын экинчи атын Богоявление деп атап коюшат
  • Ыйык Жазууларга ылайык, Иисус атайын Галилеядан Иордан дарыясына келип ыйык сууга түшүп кетчү
  • Чиркөөнүн кызматкери келгендерге ыйык суу чачууда
  • Крещение майрамынын жөрөлгөлөрү 19-январга караган түнү өттү
Sputnik Кыргызстандын фотокабарчысы Табылды Кадырбеков бул кадрларды Жибек Жолу жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан чиркөөдөн тартып келди.

Салт боюнча Крещение майрамы сыйынуу менен башталат. Жыл сайын Крещениеден бир күн мурун православдардын чиркөөсүндө ыйык сууну келгендерге чачуу жөрөлгөсү жасалат. Андан соң Чүй облусундагы сууга чөмүлүп чыгышат.

Крещение майрамын ыйык Рождестводон кийин (6-18-январь) белгилешет. Ыйык Жазууларга ылайык, Иисус атайын Галилеядан Иордан дарыясына келип сууга түшүп кетчү.

 

22
  • Сүрөттөр православ христиандарынын Бишкектеги чиркөөсүнөн тартылды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Сүрөттөр православ христиандарынын Бишкектеги чиркөөсүнөн тартылды

  • Кудайга сыйынып жаткан аял
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кудайга сыйынып жаткан аял

  • Православдардын ишенимине ылайык, сыйынуу шам жагуу менен башталат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Православдардын ишенимине ылайык, сыйынуу шам жагуу менен башталат

  • Дин кызматкери зыярат учурунда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Дин кызматкери зыярат учурунда

  • Крещение майрамын Кудайга тилек айтуу менен баштайт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Крещение майрамын Кудайга тилек айтуу менен баштайт

  • Майрамды белгилөө маалында дагы санитардык нормалар эске алынып, бет кап тагынып келгендер болду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Майрамды белгилөө маалында дагы санитардык нормалар эске алынып, бет кап тагынып келгендер болду

  • Жыл сайын Крещениеден бир күн мурун православдардын чиркөөсүндө ыйык сууну келгендерге чачуу жөрөлгөсү жасалат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жыл сайын Крещениеден бир күн мурун православдардын чиркөөсүндө ыйык сууну келгендерге чачуу жөрөлгөсү жасалат

  • Крещение майрамы ыйык Рождестводон кийин (6-18-январь) белгиленет
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Крещение майрамы ыйык Рождестводон кийин (6-18-январь) белгиленет

  • Крещение майрамынын экинчи атын Богоявление деп атап коюшат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Крещение майрамынын экинчи атын Богоявление деп атап коюшат

  • Ыйык Жазууларга ылайык, Иисус атайын Галилеядан Иордан дарыясына келип ыйык сууга түшүп кетчү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ыйык Жазууларга ылайык, Иисус атайын Галилеядан Иордан дарыясына келип ыйык сууга түшүп кетчү

  • Чиркөөнүн кызматкери келгендерге ыйык суу чачууда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чиркөөнүн кызматкери келгендерге ыйык суу чачууда

  • Крещение майрамынын жөрөлгөлөрү 19-январга караган түнү өттү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Крещение майрамынын жөрөлгөлөрү 19-январга караган түнү өттү

Белгилер:
белгилөө, майрам, чиркөө
Тема боюнча
Путин Рождество күнү байыркы чиркөөгө барып зыярат кылды. Видео
Православдар Рождествону кантип белгиледи. Чиркөөдөгү сүрөттөр

Апта ирмеми: учактын жээкке чыккан калдыктары, жок болуп бара жаткан галактика

166
(жаңыланган 17:23 18.01.2021)
  • Бишкекте баланы чанада сүйрөп бара жаткан аял
  • Ханойдогу карнавал
  • Нью-Йоркто жүргүнчү ташыган автобус кырсыктап, көпүрөгө асылып калды
  • Останкино телемунарасы ызгаардуу сууктан улам музга оронду
  • Россиянын президенти Владимир Путин Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен Азербайжандын башчысы Ильхам Алиевди сүйлөшүүгө чакырды
  • Уссурийск эликтери карагайдын бутагын жеп жатат
  • Индонезиянын Ява аралдарынын жээгинде өткөн аптада кырсыктаган Boeing 737-500 учагынын калдыктары табылды
  • Хакодате бакчасындагы макакалар жылуу сууга түшүп жатат. Япония
  • АКШ конгрессинин спикери Нэнси Пелоси Дональд Трампка импичмент жарыялоо боюнча кол коюлган документти көрсөтүүдө
  • Япониядагы эрезеге жетүү майрамы
  • Бишкектин Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровдун шайлоодогу жеңишине арналган концерт өттү
  • 20-декабрь күнү Вашингтон шаарында өтчү президенттик инаугурацияга даярданган Улуттук гвардиянын жоокерлери
  • Окумуштуулар биринчи жолу жок болуп бара жаткан галактиканы сүрөткө тартып алышты
  • Коронавируска кабылган оорулуулар менен иштеген медик жааган карга кубанууда
  • Суунун үстүнө тартылган аркан менен секирген спортчу. Австралия
  • Ралли Дакар марафонундагы жарыш
  • Индонезияда күчү 6,2 баллга жеткен жер силкинүү болуп, 30дан ашык киши каза болду
  • АКШнын Висконсин штатында бир жылдан бери алгачкы жолу Америка фотболу боюнча мелдеш өттү
Өткөн аптада АКШ президенти Дональд Трампка импичмент жарыяланды. Ошол эле учурда ааламдын кайсы бир бурчунда бүтүндөй галактика жок болуп бара жатканы белгилүү болду. Мунун баарын Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүүгө болот.

Россиянын президенти Владимир Путин Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен Азербайжандын башчысы Ильхам Алиевди сүйлөшүүгө чакырып, бир катар маселелерди талкуулашты.

Ал ортодо Индонезиянын Ява аралдарынын жээгинде өткөн аптада кырсыктаган Boeing 737-500 учагынын калдыктары табылды.

Ал эми Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Садыр Жапаровдун шайлоодогу жеңишине арналган концерт өттү.

 

 

166
  • Бишкекте баланы чанада сүйрөп бара жаткан аял
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бишкекте баланы чанада сүйрөп бара жаткан аял

  • Ханойдогу карнавал
    © AFP 2021 / MANAN VATSYAYANA

    Ханойдогу карнавал

  • Нью-Йоркто жүргүнчү ташыган автобус кырсыктап, көпүрөгө асылып калды
    © AP Photo / Craig Ruttle

    Нью-Йоркто жүргүнчү ташыган автобус кырсыктап, көпүрөгө асылып калды

  • Останкино телемунарасы ызгаардуу сууктан улам музга оронду
    © Sputnik / Алексей Куденко

    Останкино телемунарасы ызгаардуу сууктан улам музга оронду

  • Россиянын президенти Владимир Путин Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен Азербайжандын башчысы Ильхам Алиевди сүйлөшүүгө чакырды
    © Sputnik / Михаил Климентьев

    Россиянын президенти Владимир Путин Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен Азербайжандын башчысы Ильхам Алиевди сүйлөшүүгө чакырды

  • Уссурийск эликтери карагайдын бутагын жеп жатат
    © Sputnik / Илья Наймушин

    Уссурийск эликтери карагайдын бутагын жеп жатат

  • Индонезиянын Ява аралдарынын жээгинде өткөн аптада кырсыктаган Boeing 737-500 учагынын калдыктары табылды
    © REUTERS / WILLY KURNIAWAN

    Индонезиянын Ява аралдарынын жээгинде өткөн аптада кырсыктаган Boeing 737-500 учагынын калдыктары табылды

  • Хакодате бакчасындагы макакалар жылуу сууга түшүп жатат. Япония
    © REUTERS / KYODO

    Хакодате бакчасындагы макакалар жылуу сууга түшүп жатат. Япония

  • АКШ конгрессинин спикери Нэнси Пелоси Дональд Трампка импичмент жарыялоо боюнча кол коюлган документти көрсөтүүдө
    © AP Photo / Alex Brandon

    АКШ конгрессинин спикери Нэнси Пелоси Дональд Трампка импичмент жарыялоо боюнча кол коюлган документти көрсөтүүдө

  • Япониядагы эрезеге жетүү майрамы
    © REUTERS / Issei Kato

    Япониядагы эрезеге жетүү майрамы

  • Бишкектин Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровдун шайлоодогу жеңишине арналган концерт өттү
    © AFP 2021 / VYACHESLAV OSELEDKO

    Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Садыр Жапаровдун шайлоодогу жеңишине арналган концерт өттү

  • 20-декабрь күнү Вашингтон шаарында өтчү президенттик инаугурацияга даярданган Улуттук гвардиянын жоокерлери
    © AFP 2021 / Stefani Reynolds/Getty Images

    20-декабрь күнү Вашингтон шаарында өтчү президенттик инаугурацияга даярданган Улуттук гвардиянын жоокерлери

  • Окумуштуулар биринчи жолу жок болуп бара жаткан галактиканы сүрөткө тартып алышты
    © AFP 2021 / M. KORNMESSER / European Southern Observatory

    Окумуштуулар биринчи жолу жок болуп бара жаткан галактиканы сүрөткө тартып алышты

  • Коронавируска кабылган оорулуулар менен иштеген медик жааган карга кубанууда
    © REUTERS / YONHAP NEWS AGENCY

    Коронавируска кабылган оорулуулар менен иштеген медик жааган карга кубанууда

  • Суунун үстүнө тартылган аркан менен секирген спортчу. Австралия
    © REUTERS / Loren Elliott

    Суунун үстүнө тартылган аркан менен секирген спортчу. Австралия

  • Ралли Дакар марафонундагы жарыш
    © REUTERS / HAMAD I MOHAMMED

    Ралли Дакар марафонундагы жарыш

  • Индонезияда күчү 6,2 баллга жеткен жер силкинүү болуп, 30дан ашык киши каза болду
    © REUTERS / Antara Foto/Sigid Kurniawan

    Индонезияда күчү 6,2 баллга жеткен жер силкинүү болуп, 30дан ашык киши каза болду

  • АКШнын Висконсин штатында бир жылдан бери алгачкы жолу Америка фотболу боюнча мелдеш өттү
    © REUTERS / USA Today Sports / Sarah Kloepping

    АКШнын Висконсин штатында бир жылдан бери алгачкы жолу Америка фотболу боюнча мелдеш өттү

Белгилер:
Сүрөт, дүйнө, Садыр Жапаров, Кыргызстан
Тема боюнча
Дүйшөн Байдөбөтов 72 жашка толмок. Улуу таланттын сүрөттөгү экинчи өмүрү
Pfizer вакцинасы. Архив

Министр: КР Pfizer вакцинасын албай калды, Россиядан 500 миң доза күтүп жатабыз

0
(жаңыланган 15:04 19.01.2021)
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанга учурда эч бир вакцина алып келине электигин билдирди.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстан сактоо шарттарынын оордугунан улам Pfizer вакцинасын ала албай жатат. Учурда Россиядан алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу cаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Биринчи радионун эфиринде билдирди.

Министрдин айтымында, Pfizer препаратын сактоо шарттары Кыргызстанда түзүлгөн эмес.

"Глобалдуу альянс (сегиз вакцинанын ичинен) Pfizer вакцинасынан 1 млн. 200 миң дозаны акысыз берген. Америкалык бул вакцинаны элге алып келип, жеткиргенге чейин -70 градуста кармап туруш керек экен. Болбосо жараксыз болуп калат. Сактай турган атайын муздаткычтардын баасы 4 миң доллар болуп чыкты. Азыр бул маселе менен Финансы министрлигине кайрылдык. Шаар, облус борборлоруна муздаткычты коюш үчүн 2 млн. доллар керек экен. Андай акча бюджетте жок", — деди Бейшеналиев.

Эфир учурунда угармандан россиялык "Спутник V" вакцинасы эл арасында ишеним жаратып жатканы тууралуу жана аны алып келүү боюнча суроо берилди.

"Россия президенти Владимир Путинге КР президентинин милдетин аткаруучунун жана төраганын атынан 500 миң доза вакцина сурап кат жөнөттүк. Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко менен сүйлөшкөндө макул болгон. Бул маселе жакын арада чечилет. Россиялык вакциналардын артыкчылыгы -2 градустан -20 градуска чейин сактала турганы бар экен. Аларды 2-3 айдын ичинде алып келип калабыз", — деди министр.

Ал ошондой эле Кыргызстанга учурда эч бир вакцина алып келине электигин белгиледи.

Кыргызстандын коңшусу Казакстан 1-февралдан тарта коронавируска каршы россиялык "Спутник V" вакцинасы менен элди эмдей тургандыгын айтты.

0
Белгилер:
эмдөө, вакцина, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Казакстанда "Спутник V" менен эмдөөнү эртерээк баштамай болушту
Коронавируска каршы эмделгенден кийин эмнелерди кылбаш керек. Кеңештер