Туңгуч премьер-министр Насирдин Исановдун сүрөттө калган элестери

Жазылуу
Көзү тирүү болгондо мамлекеттик ишмер, Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исанов бүгүн 72 жашка чыкмак.

Кыргыз коомчулугунда Насирдин Исанов таза, кесипкөй жана салмактуу жетекчилердин катарында эскерилип келет. 

Тургунбай Садыковдун  Эркиндик  статуясынын  жасап иштеп жаткан учуру. 1999-жыл - Sputnik Кыргызстан
Скульптор, сүрөтчү Кыргыз Эл баатыры Тургунбай Садыков бүгүн 80 жашка чыкты
Кыргызстандын туңгуч өкмөт башчысы жөнүндө замандашы, коомдук ишмер Жыпар Жекшеев Sputnik маалымат агенттигине эскерип, айтып берди. 

Насирдин Исанов 1991-жылы январь айында Кыргызстандын премьер-министри болуп шайланган.

Жекшеев эскерүүсүндө Исанов өтө таза, коррупцияга аралашпаган инсан катары таанылып, кыска жашаса да, элине берилгендик менен кызмат кылган дейт. Аны ынандырган дагы бир учур болуптур. 1990-жылдары Оштогу коогалаңдан кийин Ош шаарына барып Кыргызстан демократиялык кыймылы конференция өткөрүп, анда кыргыз ишкерлерине, жаштарга кредит жагынан көмөк көрсөтүү боюнча көп сунуш, суроо-талаптар түшөт.

"Келгенден кийин премьер-министр Насирдин Исановго мен, Топчубек Тургуналиев, Казат Акматов болуп кирдик. Жолугуп, сүйлөштүк. Ал Оштогу ишкерлерди колдоо боюнча дароо тапшырма берип, аз убакыттан кийин ири суммадагы акча бөлүндү. Эми аттарын айтпай эле коёюн, ортодогу шылуундар каражатты дарегине жеткирбей пайдаланып кеткендер болду. Менин бул жерде Исановдун чечкиндүүлүгүн, маселени көрө билгендигин айткым келип жатат", — деди Жекшеев.

Ал Исановду кандай маселе болбосун, жөнөкөй элге жан тартып, ыктап турат эле деп эскерип, мамлекеттин кызыкчылыгын башкалардан жогору койгон сапатын айтты. 

Улуу инсандын өмүрү капыстан үзүлгөндүгүн эскерген Жекшеев, ушул кезге чейин коомчулукка кырсыктын себебин изилдеген аргументтер айтылбагандыгын белгиледи.

"Насирдин Исановдун өлүмү күмөн санатып, ушул күнгө чейин табышмактуу болуп келе жатпайбы. Бул иштин баарын аягына чыгарып, ачык-айкын айтып, коомчулукка жеткирген аргументтер, так далилдер болгон жок. Кандай болгон күндө да Исанов тазалыгы, адамгерчилиги, маданияттуулугу, ишмердүүлүгү менен эсте калат", — дейт Жекшеев.

Аскар Акаевдин президенттик учуру. 27.10.1990 – 05.04.2005
Насирдин Исанов 1991-жылы 29-ноябрда бара жатып, автокырсыктан каза болгон. Унаа ичиндеги экс-өкмөт башчынын каза таап, ал эми жанындагылардын жаракат да албаганын жазып да, айтып да келишет. Бул табышмактуу өлүм азыр да чуусу басылбай келе жаткан "Кумтөр" алтын кенине байланыштуу деген пикирлер бар.

Насирдин Исанов 1991-жылы январь айында өкмөт башчылыкка шайланып, тогуз айдан кийин, 29-ноябрда 48 жашында көз жумган. 

© предоставлено Марией ИсановойНасирдин Исанов – Кыргызстандын туңгуч премьер-министри
Насирдин Исанов – Кыргызстандын  туңгуч премьер-министри - Sputnik Кыргызстан
1/21
Насирдин Исанов – Кыргызстандын туңгуч премьер-министри
© предоставлено Марией ИсановойМосква шаары. Студенттик жылдар. 1963-жыл
Москва шаары. Студенттик жылдар. 1963-жыл - Sputnik Кыргызстан
2/21
Москва шаары. Студенттик жылдар. 1963-жыл
© предоставлено Марией ИсановойСоветтик Армиянын катарында кызмат өтөп жүргөн учур
Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп жүргөн учур - Sputnik Кыргызстан
3/21
Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп жүргөн учур
© предоставлено Марией ИсановойКезектеги коммунисттик билетти тапшыруу учуру
Кезектеги коммунисттик билетти тапшыруу учуру - Sputnik Кыргызстан
4/21
Кезектеги коммунисттик билетти тапшыруу учуру
© предоставлено Марией ИсановойКыргызстан коммунисттик партиясынын XVII съездинин делегаттары. Фрунзе шаары
Кыргызстан коммунисттик партиясынын  XVII съездинин делегаттары. Фрунзе шаары - Sputnik Кыргызстан
5/21
Кыргызстан коммунисттик партиясынын XVII съездинин делегаттары. Фрунзе шаары
© предоставлено Марией ИсановойНасирдин Исанов апасы Алима менен
Насирдин Исанов апасы Алима менен - Sputnik Кыргызстан
6/21
Насирдин Исанов апасы Алима менен
© предоставлено Марией ИсановойТоктогул ГЭСинин куруучулары менен. 1971-жыл
Токтогул ГЭСинин куруучулары менен. 1971-жыл - Sputnik Кыргызстан
7/21
Токтогул ГЭСинин куруучулары менен. 1971-жыл
© предоставлено Марией ИсановойМосква шаары. Бүткүл союздук Лениндик коммунисттик жаштар союзунун XVII съездинде. 1974-жыл
Москва шаары. Бүткүл союздук Лениндик  коммунисттик жаштар союзунун  XVII  съездинде.  1974-жыл - Sputnik Кыргызстан
8/21
Москва шаары. Бүткүл союздук Лениндик коммунисттик жаштар союзунун XVII съездинде. 1974-жыл
© предоставлено Марией ИсановойНасирдин Исанов кесиптештери менен
Насирдин Исанов кесиптештери менен - Sputnik Кыргызстан
9/21
Насирдин Исанов кесиптештери менен
© предоставлено Марией ИсановойҮй-бүлөсү менен
Үй-бүлөсү менен - Sputnik Кыргызстан
10/21
Үй-бүлөсү менен
© предоставлено Марией ИсановойБалдары менен
Балдары менен - Sputnik Кыргызстан
11/21
Балдары менен
© предоставлено Марией Исановой"Кумтөр" аймагы, деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте
Кумтөр аймагы, деңиз деңгээлинен  3600 метр бийиктикте - Sputnik Кыргызстан
12/21
"Кумтөр" аймагы, деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте
© предоставлено Марией ИсановойНасирдин Исанов — Кыргыз ССРинин Мамлекеттик курулуш комитетинин төрагасынын орун басары. Эмгек жамааты менен. 1986-жыл
Насирдин Исанов — Кыргыз ССРинин Мамлекеттик курулуш комитетинин төрагасынын орун басары. Эмгек жамааты менен. 1986-жыл - Sputnik Кыргызстан
13/21
Насирдин Исанов — Кыргыз ССРинин Мамлекеттик курулуш комитетинин төрагасынын орун басары. Эмгек жамааты менен. 1986-жыл
© предоставлено Марией ИсановойСССРдин президенти Михаил Горбачев жана Кыргыз ССРинин жетекчилери
СССРдин президенти Михаил Горбачев жана Кыргыз ССРинин жетекчилери - Sputnik Кыргызстан
14/21
СССРдин президенти Михаил Горбачев жана Кыргыз ССРинин жетекчилери
© предоставлено Марией ИсановойЖайкы чөп чабуу учурунда. Ал кездеги президент Аскар Акаев менен
Жайкы чөп чабуу учурунда. Ал кездеги президент Аскар Акаев менен - Sputnik Кыргызстан
15/21
Жайкы чөп чабуу учурунда. Ал кездеги президент Аскар Акаев менен
© предоставлено Марией ИсановойРоссиянын президенти Борис Ельцин Кыргызстанга келгенде
Россиянын президенти Борис Ельцин Кыргызстанга келгенде - Sputnik Кыргызстан
16/21
Россиянын президенти Борис Ельцин Кыргызстанга келгенде
© Sputnik / Олег Ласточкин / Медиабанкка өтүүРСФСРдин министрлер кеңешинин төрагасы Иван Силаев менен Кыргызстандын премьер-министри Насирдин Исанов финансылык макулдашууга кол коюп жаткан учуру
РСФСРдин министрлер кеңешинин төрагасы Иван Силаев менен Кыргызстандын премьер-министри Насирдин Исанов финансылык макулдашууга кол коюп жаткан учуру - Sputnik Кыргызстан
17/21
РСФСРдин министрлер кеңешинин төрагасы Иван Силаев менен Кыргызстандын премьер-министри Насирдин Исанов финансылык макулдашууга кол коюп жаткан учуру
© предоставлено Марией Исановой37-жылдары респрессияга кабылган кыргыз интеллигенциясынын каймактарынын сөөгүн Ата-Бейитке кайра көмүү учуру. 1991-жыл
37-жылдары респрессияга кабылган кыргыз интеллигенциясынын каймактарынын сөөгүн Ата-Бейитке кайра көмүү учуру. 1991-жыл - Sputnik Кыргызстан
18/21
37-жылдары респрессияга кабылган кыргыз интеллигенциясынын каймактарынын сөөгүн Ата-Бейитке кайра көмүү учуру. 1991-жыл
© предоставлено Марией ИсановойПремьер-министр Насирдин Исанов, президент Аскар Акаев жана өкмөт мүчөлөрү
Премьер-министр Насирдин Исанов, президент Аскар Акаев жана өкмөт мүчөлөрү - Sputnik Кыргызстан
19/21
Премьер-министр Насирдин Исанов, президент Аскар Акаев жана өкмөт мүчөлөрү
© предоставлено Марией ИсановойНасирдин Исанов жубайы Бүзийнат менен
Насирдин Исанов жубайы Бүзийнат  менен - Sputnik Кыргызстан
20/21
Насирдин Исанов жубайы Бүзийнат менен
© предоставлено Марией ИсановойНасирдин Исанов 1991-жылы 29-ноябрда автокырсыкка кабылып, 48 жашында көз жумган. Анын өлүмүнүн себеби азыркыга чейин ачыктала элек
Насирдин Исанов 1991-жылы 29-ноябрда автокырсыкка кабылып, 48 жашында көз жумган. Анын өлүмүнүн себеби азыркыга чейин ачыктала элек - Sputnik Кыргызстан
21/21
Насирдин Исанов 1991-жылы 29-ноябрда автокырсыкка кабылып, 48 жашында көз жумган. Анын өлүмүнүн себеби азыркыга чейин ачыктала элек
Жаңылыктар түрмөгү
0