Кайра куруу, улуу державанын кыйрашы жана эгемен мамлекеттин жаралышы сүрөттөрдө

422
(жаңыланган 17:29 25.12.2015)
  • Социалдык жактан камсыздоо системасынын урашы кечээки студенттерди көчөгө чыгарды
  • Эгемендүүлүктүн келиши менен баалуулуктар да өзгөрдү. Ленин эстелигинин көчүрүлүшү
  • Жоготуулар менен бирге көп нерсеге да жетиштик. Кыргыз Республикасынын желегин көтөрүү
Мындан туптуура 24 жыл мурда, 1991-жылдын 25-декабрында Михаил Горбачев телекайрылуу жасап, өзүнүн отставкасы тууралуу жар салган. Ошол эле күнү Советтер Союзу деген ири держава да жашоосун токтоткон.

1980-жылдардын экинчи жарымы менен 90-жылдардын башында Советтер Союзунда өзгөрүүлөрдүн мезгили болгон. Жалпы системанын кескин реформасы 1987-жылдын январында башталып, "кайра куруу" деп атыккан.

Sputnik Кыргызстандын ошол учурдагы сүрөттөрүн тартуулайт.

422
  • Бишкектин борбордук аянтындагы Лениндин айкели
    Александр Федоров

    Бишкектин борбордук аянтындагы Лениндин айкели

  • Челноктор — сооданын кыймылдаткыч күчү жана жан багуу далалаты
    Александр Федоров

    Челноктор — сооданын кыймылдаткыч күчү жана жан багуу далалаты

  • Соода адамдардын кан-жанынан сиңип кеткендей эле болду
    Александр Федоров

    Соода адамдардын кан-жанынан сиңип кеткендей эле болду

  • Жөө киши баса турган жолдор да соода аянтына айланып калган
    Александр Федоров

    Жөө киши баса турган жолдор да соода аянтына айланып калган

  • СССРдин кыйрашына баары эле макул боло калган жок — коммунисттердин майрамдык митинги
    Александр Федоров

    СССРдин кыйрашына баары эле макул боло калган жок — коммунисттердин майрамдык митинги

  • Майрамдын шааниси жыттанбаган митингдер да өтө баштады
    Александр Федоров

    Майрамдын шааниси жыттанбаган митингдер да өтө баштады

  • Көз карандысыз, бирок оор замандын капшабына туш келген ымыркайлар жарык көрө баштады
    Александр Федоров

    Көз карандысыз, бирок оор замандын капшабына туш келген ымыркайлар жарык көрө баштады

  • Алардын айрымдары милициянын колуна көп түштү
    Александр Федоров

    Алардын айрымдары милициянын колуна көп түштү

  • Ар ким колунан келгенин жасап күн көрдү — балдардын тырмалаңдап акча тапканы эч кимди таң калтырбай калды
    Александр Федоров

    Ар ким колунан келгенин жасап күн көрдү — балдардын тырмалаңдап акча тапканы эч кимди таң калтырбай калды

  • Товардын көптүгү көпчүлүктүн көзүн алачакмактатып жиберди
    Александр Федоров

    Товардын көптүгү көпчүлүктүн көзүн алачакмактатып жиберди

  • Спортчулар дүйнөлүк деңгээлге чыгып, акчадан куру калбаш үчүн бизнес да жан алакетке түштү
    Александр Федоров

    Спортчулар дүйнөлүк деңгээлге чыгып, акчадан куру калбаш үчүн бизнес да жан алакетке түштү

  • Социалдык жактан камсыздоо системасынын урашы кечээки студенттерди көчөгө чыгарды
    Александр Федоров

    Социалдык жактан камсыздоо системасынын урашы кечээки студенттерди көчөгө чыгарды

  • Гезиттерден гана тааныш болгон капитализм өкүмүн жүргүзө баштады
    Александр Федоров

    Гезиттерден гана тааныш болгон капитализм өкүмүн жүргүзө баштады

  • Эгемендүүлүктүн келиши менен баалуулуктар да өзгөрдү. Ленин эстелигинин көчүрүлүшү
    © Фото / Александр Федоров

    Эгемендүүлүктүн келиши менен баалуулуктар да өзгөрдү. Ленин эстелигинин көчүрүлүшү

  • Алгачкы диний мектептер пайда болду
    Александр Федоров

    Алгачкы диний мектептер пайда болду

  • Базар экономикасы жан багуунун негизги кыймылдаткыч күчүнө айланды. Ош базары
    Александр Федоров

    Базар экономикасы жан багуунун негизги кыймылдаткыч күчүнө айланды. Ош базары

  • Таттуу жашоо менен реалдуулуктун бир ирмеми
    Александр Федоров

    "Таттуу жашоо" менен реалдуулуктун бир ирмеми

  • Жоготуулар менен бирге көп нерсеге да жетиштик. Кыргыз Республикасынын желегин көтөрүү
    © Фото / Александр Федоров

    Жоготуулар менен бирге көп нерсеге да жетиштик. Кыргыз Республикасынын желегин көтөрүү

  • Маданияттуулар жан айласы үчүн минтип иштей баштаса...
    Александр Федоров

    "Маданияттуулар" жан айласы үчүн минтип иштей баштаса...

  • ... сүрөтчүлөр жер алдына кирип кетишти
    Александр Федоров

    ... сүрөтчүлөр "жер алдына" кирип кетишти

  • Баары өзгөрөт, бирок мончо шыпыргыларга суроо-талап дайым бар
    Александр Федоров

    Баары өзгөрөт, бирок мончо шыпыргыларга суроо-талап дайым бар

Белгилер:
кайра куруу, Сүрөт, СССР, Кыргызстан
Тема:
СССРсиз чейрек кылым (13)
Тема боюнча
Бишкек 137 жашка чыкты: сүрөттөрдө калган шаардын курулуш тарыхы
Фрунзе – Бишкек жарым кылымдан кийин. Интерактивдүү сүрөт баян – 2
Мурдагы жана азыркы Бишкек. Интерактивдүү сүрөт

Бешинчи президент кантип кетти. Жээнбековдун отставкасынан сүрөт түрмөк

5528
(жаңыланган 15:37 19.10.2020)
  • Бүгүн Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары президенттин отставкасын кабыл алды. Сүрөттө экс-президент Сооронбай Жээнбеков, ЖК төрагасы Канат Исаев, премьер-министр Садыр Жапаров.
  • Мамлекет башчынын ыйгарым укуктары Садыр Жапаровго өтүп, ал премьер-министр, ошол эле учурда президенттин милдетин аткаруучу болуп калды.
  • Жээнбеков Кыргызстандын эгемен тарыхындагы бешинчи президент. Ажо катары үч жыл иштеп кетти.
  • Бүгүнкү жыйындын башында Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек шаарына киргизилген өзгөчө абал режимин жокко чыгарды
  • Мыйзам боюнча бул учурда ЖК төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткарып калышы керек эле. Бирок ал парламенттин мөөнөтү бүтүп калганын айтып, бул кызматка отурууга моралдык укугу жок экенин билдирип баш тартты.
  • Жээнбеков соңку кайрылуусунда үч жылдын ичинде жасаган эмгектерине токтолуп, ал баштаган иштерди кийинки бийлик улантып кетерине ишеним артты
  • Ошондой эле экс-президент иш болгон жерде кемчиликтер да болгонун белгилеп, бул үчүн элден кечирим сурады
  • Эми президенттик шайлоо өткөнгө чейин өлкөнү Садыр Жапаров башкарып турат.
  • Жыйында сөз алган Жапаров шайлоо босогосун беш пайызга түшүрүп, депутаттардын санын 90го чейин кыскартууну сунуштады.
  • Депутаттар Жээнбековго элдин талабын аткарып, тынчтык жолу менен кеткени үчүн ыраазычылык билдиришти.
  • Иш-чарага катышкан ЖК депутатары жана өкмөт мүчөлөрү Жээнбековду кол чаап узатышты.
  • Үч жыл сегиз айдан кийин мандатын алып, кайрадан депутат болуп келген Өмүрбек Текебаев бүгүн саясий кырдаал боюнча кеп-кеңешин айтты
Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчылыктан кетип, экс-президент макамына ээ болду. Муну менен ал Кыргызстандын эгемен тарыхындагы бешинчи президент болуп калды.

Жээнбеков 2017-жылы 15-октябрда алты жылдык мөөнөткө шайланган болчу. Бирок парламенттик шайлоодон кийинки элдик толкундоолор отставкага кетүүгө аргасыз кылды. Ошентип ал Кыргызстанды үч жыл гана башкарып, 61 жашында тактысын тапшырды.

Бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президентти узатуу иш-чарасы өтүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү катышты.

5528
  • Бүгүн Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары президенттин отставкасын кабыл алды. Сүрөттө экс-президент Сооронбай Жээнбеков, ЖК төрагасы Канат Исаев, премьер-министр Садыр Жапаров.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары президенттин отставкасын кабыл алды. Сүрөттө экс-президент Сооронбай Жээнбеков, ЖК төрагасы Канат Исаев, премьер-министр Садыр Жапаров

  • Мамлекет башчынын ыйгарым укуктары Садыр Жапаровго өтүп, ал премьер-министр, ошол эле учурда президенттин милдетин аткаруучу болуп калды.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мамлекет башчынын ыйгарым укуктары Садыр Жапаровго өтүп, ал премьер-министр, ошол эле учурда президенттин милдетин аткаруучу болуп калды

  • Жээнбеков Кыргызстандын эгемен тарыхындагы бешинчи президент. Ажо катары үч жыл иштеп кетти.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жээнбеков Кыргызстандын эгемен тарыхындагы бешинчи президент. Ажо катары үч жыл иштеп кетти

  • Бүгүнкү жыйындын башында Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек шаарына киргизилген өзгөчө абал режимин жокко чыгарды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бүгүнкү жыйындын башында Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек шаарына киргизилген өзгөчө абал режимин жокко чыгарды

  • Мыйзам боюнча бул учурда ЖК төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткарып калышы керек эле. Бирок ал парламенттин мөөнөтү бүтүп калганын айтып, бул кызматка отурууга моралдык укугу жок экенин билдирип баш тартты.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мыйзам боюнча, бул учурда ЖК төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткарып калышы керек эле. Бирок ал парламенттин мөөнөтү бүтүп калганын айтып, бул кызматка отурууга моралдык укугу жок экенин билдирип баш тартты.

  • Жээнбеков соңку кайрылуусунда үч жылдын ичинде жасаган эмгектерине токтолуп, ал баштаган иштерди кийинки бийлик улантып кетерине ишеним артты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жээнбеков соңку кайрылуусунда үч жылдын ичинде жасаган эмгектерине токтолуп, ал баштаган иштерди кийинки бийлик улантып кетерине ишеним артты

  • Ошондой эле экс-президент иш болгон жерде кемчиликтер да болгонун белгилеп, бул үчүн элден кечирим сурады
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ошондой эле экс-президент иш болгон жерде кемчиликтер да болгонун белгилеп, бул үчүн элден кечирим сурады

  • Эми президенттик шайлоо өткөнгө чейин өлкөнү Садыр Жапаров башкарып турат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Эми президенттик шайлоо өткөнгө чейин өлкөнү Садыр Жапаров башкарып турат

  • Жыйында сөз алган Жапаров шайлоо босогосун беш пайызга түшүрүп, депутаттардын санын 90го чейин кыскартууну сунуштады.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жыйында сөз алган Жапаров шайлоо босогосун беш пайызга түшүрүп, депутаттардын санын 90го чейин кыскартууну сунуштады

  • Депутаттар Жээнбековго элдин талабын аткарып, тынчтык жолу менен кеткени үчүн ыраазычылык билдиришти.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Депутаттар Жээнбековго элдин талабын аткарып, тынчтык жолу менен кеткени үчүн ыраазычылык билдиришти

  • Иш-чарага катышкан ЖК депутатары жана өкмөт мүчөлөрү Жээнбековду кол чаап узатышты.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Иш-чарага катышкан ЖК депутаттары жана өкмөт мүчөлөрү Жээнбековду кол чаап узатышты

  • Үч жыл сегиз айдан кийин мандатын алып, кайрадан депутат болуп келген Өмүрбек Текебаев бүгүн саясий кырдаал боюнча кеп-кеңешин айтты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Үч жыл, сегиз айдан кийин мандатын алып, кайрадан депутат болуп келген Өмүрбек Текебаев бүгүн саясий кырдаал боюнча кеп-кеңешин айтты

Белгилер:
Садыр Жапаров, узатуу, отставка, президент, Сооронбай Жээнбеков
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар
Тема боюнча
Отставкага кеткен Жээнбековдун жума намазга барган видеосу жарыяланды
Элден кечирим сурады. Депутаттар тактан түшкөн Жээнбековду узаткан видео
Тарыхый окуя. Жээнбеков, Исаев, Жапаровдун "Ала-Арчага" кирип келген видеосу

Жомоктогудай токой. Бишкектин жанынан тартылган ажайып 10 сүрөт

624
(жаңыланган 20:05 15.10.2020)
  • Sputnik агенттигинин сүрөтчүсү Табылды Кадырбеков кайыңдар өскөн кереметтүү жерге барып келди
  • Бул жер Бишкектен анча алыс эмес жайгашкан
  • Ал жер Бөйрөк деп аталат, Ала-Арча жаратылыш паркынын жанында
  • Бөйрөккө тез эле жетсе болот
  • Бир аз жөө басуу керек, себеби автоунаа анын эң кооз жерине чейин барбайт
  • Гид жөө баскан киши ал жерге жеткиче анча деле кыйналбай турганыңызды айтты
  • Жаратылыштын кооздугу, ай!
  • Мындан өткөн бакыт барбы? Таза аба, токой, тоо, көпкөк асман
  • Азыр ал жердин ушунчалык кооз болуп турган убагы
  • Кайыңдар кызгылт-сары түскө боёлгон
Күз Кыргызстанда өзгөчө кооз болот. Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөтчүсү Табылды Кадырбеков Бишкекке жакын эле жайгашкан кайың токойго барып, ал жердеги керемет көрүнүштү тартып келди.

Кайыңдардын мекени Бөйрөк деп аталат. Бул кооз жай "Ала-Арча" жаратылыш паркынын жанында жайгашкан. Азыр аталган токой көз жоосун алып, кооз болуп турган учуру. Жалбырактар күн сайын түсүн өзгөртүп, кызгылт, сары, жашыл түскө боёлуп, көңүлдү өзүнө буруп турган учуру.

624
  • Sputnik агенттигинин сүрөтчүсү Табылды Кадырбеков кайыңдар өскөн кереметтүү жерге барып келди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Sputnik агенттигинин сүрөтчүсү Табылды Кадырбеков кайыңдар өскөн кереметтүү жерге барып келди

  • Бул жер Бишкектен анча алыс эмес жайгашкан
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    Бул жер Бишкектен анча алыс эмес жайгашкан

  • Ал жер Бөйрөк деп аталат, Ала-Арча жаратылыш паркынын жанында
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ал жер "Бөйрөк" деп аталат, "Ала-Арча" жаратылыш паркынын жанында

  • Бөйрөккө тез эле жетсе болот
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Бөйрөккө" тез эле жетсе болот

  • Бир аз жөө басуу керек, себеби автоунаа анын эң кооз жерине чейин барбайт
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    Бир аз жөө басуу керек, себеби автоунаа анын эң кооз жерине чейин барбайт

  • Гид жөө баскан киши ал жерге жеткиче анча деле кыйналбай турганыңызды айтты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Гид жөө баскан киши ал жерге жеткиче анча деле кыйналбай турганыңызды айтты

  • Жаратылыштын кооздугу, ай!
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жаратылыштын кооздугу, ай!

  • Мындан өткөн бакыт барбы? Таза аба, токой, тоо, көпкөк асман
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мындан өткөн бакыт барбы? Таза аба, токой, тоо, көпкөк асман

  • Азыр ал жердин ушунчалык кооз болуп турган убагы
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Азыр ал жердин ушунчалык кооз болуп турган убагы

  • Кайыңдар кызгылт-сары түскө боёлгон
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кайыңдар кызгылт-сары түскө боёлгон

Белгилер:
парк, жаратылыш, Ала-Арча капчыгайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Саясаттан чарчадык. Бишкектин четиндеги ак кайыңдуу токойдо эс алыңыз. Видео
Эркек киши. Архивдик сүрөт

Дарыканадан акчаны ала качып, бирок кайра кайтарып камалган жарандын маеги

0
Балдары ооруп, дарыга акчасы жок болуп дарыканадан акча уурдай качкан Токмоктогу жигит эсиңиздердеби? Окуянын өзү, фемида өкүлдөрүнүн ага чыгарган чечими коомчулукта чоң талкуу жараткан.

Каарманыбыз Замирбек Кожоканов 2019-жылдын 12-мартында балдары ооруп, дарыканадан курткасын күрөөгө коюп дары берүүсүн өтүнгөн. Дарыканачы баш тартканда акча алып чыгып кеткен. Бирок көп өтпөй акчаны кайтарып берип, милицияга өзү барган. Дарыкананын ээси доом жок деп жазып бергенине карабай, Кожоканов беш жылга эркинен ажыратылган. Кийин ал жаза 2,5 жылга кыскарган.

Учурда 34 жаштагы Кожокановго ырайым берилип, бир жылдык жазасы кыскарып эркиндикке чыккан.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Замирбек Кожокановдун учурдагы абалы, жашоосу тууралуу өзү менен сүйлөштү.

— Учурда эмне менен алек болуп жатасыз?

— Бишкекте курулуш тармагында иштеп жүрөм. Мурдатан эле курулушта ички жасалгалоо, евроремонт менен алектенчүмүн. Азыр иштеген жеримде эле жатып, көп кабаттуу үйдөгү батирдин ичин жасап жатабыз.

— Үй-бүлөңүз Токмоктобу?

— Ооба, эки кызымды апам карап жатат. Эки кыз, бир уулум бар. Келинчегим менен кичүү уулумду эки жылдан бери көрө элекмин. Аялым менен таарынышып кеткенбиз. Эми ага ар кандай себептер болуп калды. Убактылуу кармоочу жайда жатканымда бир эле жолу телефон аркылуу сүйлөшкөнбүз. Ошондон кийин байланышкан жокпуз. Абактан чыккандан кийин издеп барган да жокмун. Баргым да келген жок.

Чыңгыз Анарбек уулу: качпасам өлтүрүп коюшмак

— Көңүлүңүз ооруп калган окшойт?

— Ошондой болуп калды. Көчөдөн көрүп калсам деле артынан чуркап барбайт болчумун. Азыр баары жакшы, кыздар ата-энемдин колунда. Иштерим деле, кудай буюрса, жакшы болуп жатат.

— Апаңыз сиз камалганда насыя алганын айтып жатты эле…

— Азыр карыздардан толук кутула элекпиз. Бир аз бересем бар. Токмоктогу убактылуу кармоочу жайда жатканда тергөөчүгө дос балам 20 миң сом берген. 

— Кандайча тергөөчүгө акча бердиңер?

— Токмокто жатканда тергөөчү камераны ачып туруп "сотко сүйлөшүп, абактан бошоттуруп берем" деп 20 миң сом сураган. Мен дароо дос балама байланышып, ал машинасын күрөөгө коюп, эртеси эле акчаны алып келип берген. Көрсө мени алдап коюшуптур. Ошентип досум кийин тергөөчүгө чалып жүрдү. Ал акыры номерин алмаштырып койду окшойт, өчүк болуп калды.

— Абакта толук бир жыл отурдуңузбу?

— Жок, бир жарым жыл отурдум. Беш жыл менен "централкага" (СИЗО-1 — ред.) киргем. Ал жактан бир ай өтпөй эле Бакыт жана Тилек (Тилек Мамбетов — ред.) деген эки адвокат мени облустук сотко чакыра баштады. Ошол эки адвокатым чуркап жүрүп, беш жылды эки жарым жылга кыскартып берди. Андан кийин Жалал-Абаддагы абакта 1,5 жыл отургандан кийин, так датасы эсимде жок, бир күнү эле микрофондон фамилиямды айтып чакырды. Барсам, адвокатым Тилек Мамбетов президентке кайрылып, жаза өтөөчү бир жылымды алдырып бергенин айтышты.

Токмоктогу дарыканадан акча уурдай качкан жигитке ырайым кылынды

— Сизди алгач беш жыл эркиңизден ажыратуу менен кошо 70 миң сом айып салды эле. Кийин 50 миң сомго азайган…

— Ооба, аны да төлөдүм. Ишимди тергөөчү, орусча айтканда, чалды-куйду толтуруп салыптыр да. Мурда бандиттер менен байланышы болгон өңдүү жалаа жаап салышкан экен. Бирок сотто мурун армияда кызмат өтөгөнүм, үй-бүлөлүк абалым каралды.

— Ошол каргашалуу күнү балаңыз аябай ооруп жатты беле? Эмнеге мындай ишке баргансыз?

— Ошол күнү акчага аябай муктаж болуп калдым. Бир жерде иштеп, ал жактан да иштеген акчамды бербей алдап кетишти. Негизи ал күнү ошол кишини издеп жүргөм. Ортодон бирөөлөргө жолугуп ачуум менен бир аз ичимдик да ичип алгам. Иччү эмесмин. Балам да грипп болуп ооруп жаткан. Анан ушундай окуя болуп кетти.

— Кыздарды жалгыз багып, бир чети сизге чуркап ортодон апаңыз кыйналыптыр. Сиз жалгыз уулсузбу?

— Жок, жети бир тууганмын. Эки эркек, беш кыз. Ата-энем пенсия курагындагы адамдар. Мен үй-бүлөм менен бөлүнүп, Токмоктун кичи районунда батирде турчумун.

— Баарынан кыйыны эмне болду?

— Башымдан өткөн күндөрдүн ичинен эң кыйыны соттолуп кеткеним, беш жылга эркимден ажыратуу тууралуу соттун чечимин угуу болду. Кийин 2,5 жыл бергенде беш жылга караганда шүгүр дедим. Жаза өтөө мөөнөтүмдүн бир жылы кыскартылган соң эки айдан кийин абактан чыктым. Азыр толугу менен пробация да бүттү. Айдын башында жана аягында келип турасың дешкен. Ушул жылдын 18-августунда Жалал-Абаддан бошоп чыктым. Кечинде коё берди. Алар да убакыт-сааты менен чыгарат экен. Анан ошол жакта отурган балдар жардам беришти, үйдөгүлөр акча салып маршрутка менен Чүйгө келип алдым.

"Братва" менен бир жайга жайгаштырууну өтүндүм. Максат Чакиев менен ачык маек

— Алгач кандай сезимде болдуңуз?

— Бошоп чыкканда эле эркиндикти сездим. Баа-баркы билинди.

— Алдыда пландарыңыз барбы?

— Эми кайрадан үйлөнүп, жаңы жашоо баштоону чечтим. Балам чоңойсо кийин издеп келер. Кыздарымды багып эле өз алдымча жаңы жашоо баштайм.

— Абактан кийин кандай ойдо калдыңыз?

— Баарын акча чечип калыптыр. Оор кылмыш кылган адам деле акчасы болсо кутулуп кетет турбайбы. Абакта деле кээ бир балдар менен сүйлөшүп калдым. Ал жакта деле ак жеринен отургандар бар. Көчөдө кетип бара жаткан жеринен кармалып, кылмышты мойнуна алып калган. Айтор, оор тагдырлар көп экен.

0
Белгилер:
акча, Жалал-Абад, абак, Токмок, сот
Тема боюнча
Дарыкананы тоноп кесилген кишинин апасы: 40 миң сомум болсо уулумду алып калмакмын