Жыл ирмеми: үч жаштагы Айландан тарта Бишкектеги Айт намазга чейин

117
(жаңыланган 18:30 29.12.2015)
  • Мекке шаарындагы тепсендиде калып каза болгон зыяратчылар. 24-сентябрь. Бул каргаша Мина өрөөнүндө шайтанга таш ыргытуу ибадаты учурунда болгон. Анда 769 киши каза таап, 863 зыяратчы жаракат алган
  • Су-34 бомбалагычынын  учкучтары. Хмеймим аба базасы, Сирия, 3-октябрь. Сентябрь айынын аягында Россия Ислам мамлекети террордук тобуна жана башка экстремисттик күчтөргө каршы күрөшүү боюнча жаңы фронт ачкан. Буга чейин Ислам мамлекети тобуна каршы 60 мамлекеттен турган атайын коалиция аракеттерди көрүп келген. Россиянын аскер-космикалык күчү Сириянын президенти Башар Асаддын суранычы менен террорчулардын объектилерине 30-сентябрдан тарта даректүү аба соккуларын жасап келет
  • Бишкек шаарындагы Айт намаз. Эски аянтка 100 миңдей киши намазга чогулду. Бул майрам отуз күндүк орозодон кийин майрамдалат
  • Габриэлла Пападакис менен Гийом Сизерон (Франция) Токиодогу көркөмдөп муз тебүү боюнча дүйнөлүк чемпионатта.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги 2015-жылы дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы эң мыкты сүрөттөрдүн топтомун сунуштайт.

Узап бараткан жыл өз кубанычы жана кайгылуу окуялары менен эсте калды. Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы белгиленди. Андан сырткары Сириядагы атайын операциялардын башталышы, Париждеги теракт жана Түркиянын деңиз жээгинен 3 жаштагы Айландын сөөгүнүн табылышы менен жүрөктүн үшүн алды. 

Ошондой эле, ФИФАдагы жаңжал, Египетте учактын кулашы жана башка окуяларды Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн тааныша аласыздар.

117
  • Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналып Москва шаарында өткөн парад. Бул маданий иш-чара Россиянын жаңы тарыхындагы эң ириси болуп эсептелет. Ага 16,5 миң аскер, 200 аскер техникасы, 140 учак жана тик учактар катышты. Парадга 30га жакын мамлекеттин башчылары келди
    © AFP 2021 / Mikhail Voskresenskiy / POOL

    Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналып Москва шаарында өткөн парад. Бул маданий иш-чара Россиянын жаңы тарыхындагы эң ириси болуп эсептелет. Ага 16,5 миң аскер, 200 аскер техникасы, 140 учак жана тик учактар катышты. Парадга 30га жакын мамлекеттин башчылары келди

  • Тбилиси шаарында 14-июндагы нөшөрлөгөн жаан. Жамгыр үйлөргө, жолго жана шаарга бир топ чыгым алып келди. Шаардагы зоопарк да жабыр тарткан. Кээ бир жаныбарлар зоопарктан качып кеткендиктен аларды атып өлтүрүүгө туура келген. Аталган жайдан 277 жаныбар жоголгон
    © AFP 2021 / BESO GULASHVILI

    Тбилиси шаарында 14-июндагы нөшөрлөгөн жаан. Жамгыр үйлөргө, жолго жана шаарга бир топ чыгым алып келди. Шаардагы зоопарк да жабыр тарткан. Кээ бир жаныбарлар зоопарктан качып кеткендиктен аларды атып өлтүрүүгө туура келген. Аталган жайдан 277 жаныбар жоголгон

  • Чилидеги Кальбука жанар тоосу жанды. Өлкө бийлиги муну вулкандын коркунучтуу түрү деп аныктады. Кальбука жанар тоосу акыркы жолу 1961-жылы атылган
    © AFP 2021 / MARTIN BERNETTI

    Чилидеги Кальбука жанар тоосу жанды. Өлкө бийлиги муну вулкандын коркунучтуу түрү деп аныктады. Кальбука жанар тоосу акыркы жолу 1961-жылы атылган

  • Ырчы Мадонна Лос-Анжелестеги Grammy Awards сыйлыгы учурунда. Атактуу айым Living for Love ырын аткарган
    © AFP 2021 / ROBYN BECK

    Ырчы Мадонна Лос-Анжелестеги Grammy Awards сыйлыгы учурунда. Атактуу айым "Living for Love" ырын аткарган

  • Ыктыярчылар Грециянын Лесбос аралындагы куткаруучулардын кийген күрмөлөрүн аралап өтүшүүдө. Качкындардын негизги бөлүгү Түркия аркылуу Греция келип, андан ары Европанын башка мамлекеттерине кетишет. Миграция боюнча эл аралык уюмдун маалыматы боюнча жыл башынан бери 580 миң киши деңиз аркылуу Европага келген. Чек ара боюнча EC Frontex чек ара агенттигинин маалыматына ылайык, он ай ичинде Европага 1,2 миллион мигрант келген. Бул экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң ири миграциялык кризис
    © AFP 2021 / ARIS MESSINIS

    Ыктыярчылар Грециянын Лесбос аралындагы куткаруучулардын кийген күрмөлөрүн аралап өтүшүүдө. Качкындардын негизги бөлүгү Түркия аркылуу Греция келип, андан ары Европанын башка мамлекеттерине кетишет. Миграция боюнча эл аралык уюмдун маалыматы боюнча жыл башынан бери 580 миң киши деңиз аркылуу Европага келген.
    Чек ара боюнча EC Frontex чек ара агенттигинин маалыматына ылайык, он ай ичинде Европага 1,2 миллион мигрант келген. Бул экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң ири миграциялык кризис

  • Деңиз толкуну жээкке сүрүп чыгарган үч жаштагы Айлан Курди, Түркиянын Бордум аймагы. Бир катар дүйнөлүк ЖМКлар үч жаштагы Айлиндин сүрөтүн жарыялап, качкындар маселесине тереңден көңүл буруу керектигине чакырган. Айлин менен кошо 12 сириялык качкын чөгүп кеткен. Алар Түркиядан Грецияга деңиз аркылуу баратканда кайык аңтарылып кеткен
    © AFP 2021 / NILUFER DEMIR / DOGAN NEWS AGENCY

    Деңиз толкуну жээкке сүрүп чыгарган үч жаштагы Айлан Курди, Түркиянын Бордум аймагы. Бир катар дүйнөлүк ЖМКлар үч жаштагы Айландин сүрөтүн жарыялап, качкындар маселесине тереңден көңүл буруу керектигине чакырган. Айлан менен кошо 12 сириялык качкын чөгүп кеткен. Алар Түркиядан Грецияга деңиз аркылуу баратканда кайык аңтарылып кеткен

  • Бегущие сердца кайрымдуулук жарышынын катышуучулары. Москва шаары, Максим Горький атындагы борбордук маданият паркы
    © Sputnik / Рамиль Ситдиков

    "Бегущие сердца" кайрымдуулук жарышынын катышуучулары. Москва шаары, Максим Горький атындагы борбордук маданият паркы

  • Мекке шаарындагы тепсендиде калып каза болгон зыяратчылар. 24-сентябрь. Бул каргаша Мина өрөөнүндө шайтанга таш ыргытуу ибадаты учурунда болгон. Анда 769 киши каза таап, 863 зыяратчы жаракат алган
    © AFP 2021 / STR

    Мекке шаарындагы тепсендиде калып каза болгон зыяратчылар. 24-сентябрь. Бул каргаша Мина өрөөнүндө шайтанга таш ыргытуу ибадаты учурунда болгон. Анда 769 киши каза таап, 863 зыяратчы жаракат алган

  • Су-34 бомбалагычынын  учкучтары. Хмеймим аба базасы, Сирия, 3-октябрь. Сентябрь айынын аягында Россия Ислам мамлекети террордук тобуна жана башка экстремисттик күчтөргө каршы күрөшүү боюнча жаңы фронт ачкан. Буга чейин Ислам мамлекети тобуна каршы 60 мамлекеттен турган атайын коалиция аракеттерди көрүп келген. Россиянын аскер-космикалык күчү Сириянын президенти Башар Асаддын суранычы менен террорчулардын объектилерине 30-сентябрдан тарта даректүү аба соккуларын жасап келет
    © Sputnik / Дмитрий Виноградов

    Су-34 бомбалагычынын учкучтары. "Хмеймим" аба базасы, Сирия, 3-октябрь. Сентябрь айынын аягында Россия "Ислам мамлекети" террордук тобуна жана башка экстремисттик күчтөргө каршы күрөшүү боюнча жаңы фронт ачкан. Буга чейин "Ислам мамлекети" тобуна каршы 60 мамлекеттен турган атайын коалиция аракеттерди көрүп келген. Россиянын аскер-космикалык күчү Сириянын президенти Башар Асаддын суранычы менен террорчулардын объектилерине 30-сентябрдан тарта даректүү аба соккуларын жасап келет

  • Le carillon ресторанынын жанына жарандар гүл коюп жатат. 13-ноябрда согушкерлердин тобу Парижде жана шаардын тышындагы Сен-Дени аймагында бир нече терактылар жасашкан. Франция менен Германиянын футбол командалары беттешип жаткан Стад де Франс стадионунун жанында жана кафелерде да жарылуу болгон. Жалпысынан терактыдан 130 киши каза болуп, 350сү жаракат алган
    © AFP 2021 / ALAIN JOCARD

    Le carillon ресторанынын жанына жарандар гүл коюп жатат. 13-ноябрда согушкерлердин тобу Парижде жана шаардын тышындагы Сен-Дени аймагында бир нече терактылар жасашкан. Франция менен Германиянын футбол командалары беттешип жаткан "Стад де Франс" стадионунун жанында жана кафелерде да жарылуу болгон. Жалпысынан терактыдан 130 киши каза болуп, 350сү жаракат алган

  • Францияда болгон терактыдан улам көпчүлүк мамлекеттер көңүл айтышты. Бир катар мамлекеттерде имараттарга Франциянын желегинин өңү түшүрүлдү
    © REUTERS / Jason Reed

    Францияда болгон терактыдан улам көпчүлүк мамлекеттер көңүл айтышты. Бир катар мамлекеттерде имараттарга Франциянын желегинин өңү түшүрүлдү

  • Никарагуанын тургундары шайлоо системасын реформалоону талап кылып жүрүшкө чыкты. Алар келерки жылы боло турчу президенттик шайлоо алдында шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнү талап кылышты. Себеби, учурдагы президент Даниэль Ортега үчүнчү жолу президент болууга бел байлап жатат
    © AFP 2021 / Inti OCON

    Никарагуанын тургундары шайлоо системасын реформалоону талап кылып жүрүшкө чыкты. Алар келерки жылы боло турчу президенттик шайлоо алдында шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүнү талап кылышты. Себеби, учурдагы президент Даниэль Ортега үчүнчү жолу президент болууга бел байлап жатат

  • Бразилиянын түштүк-чыгышындагы Минас-Жерайс штатындагы дамба бузулду. Жалпысынан 62 чакырым чарчы метр жер жана Досе дарыясынын 500 чакырымы булганды. Дамбанын бузулушунан 13 киши өлүп, 10 киши дайынсыз жоголгон. Экологдор келтирилген зыянды жоюу үчүн 100 жыл керектеле турганын айтышууда
    © REUTERS / RICARDO MORAES

    Бразилиянын түштүк-чыгышындагы Минас-Жерайс штатындагы дамба бузулду. Жалпысынан 62 чакырым чарчы метр жер жана Досе дарыясынын 500 чакырымы булганды. Дамбанын бузулушунан 13 киши өлүп, 10 киши дайынсыз жоголгон. Экологдор келтирилген зыянды жоюу үчүн 100 жыл керектеле турганын айтышууда

  • Россия менен АКШнын президенттери Владимир Путин менен Барак Обама БУУнун Башкы ассамблеясынын 70-жыйынынан кийин. Нью-Йорк, 28-сентябрь. Алардын жолугушуусу бир жарым саатка созулган
    © Sputnik / Сергей Гунеев/POOL

    Россия менен АКШнын президенттери Владимир Путин менен Барак Обама БУУнун Башкы ассамблеясынын 70-жыйынынан кийин. Нью-Йорк, 28-сентябрь. Алардын жолугушуусу бир жарым саатка созулган

  • Ашураны майрамдап жаткан аял, Багдад, Ирак
    © AFP 2021 / AHMAD AL-RUBAYE

    Ашураны майрамдап жаткан аял, Багдад, Ирак

  • Когалымавиа компаниясына таандык Airbus A321 учагы Синайда кыйрады. Шарм-эш-Шейхтен Санкт-Петербург шаарына багыт алган учак 31-октябрда кулап түшкөн. Анын ичиндеги  224 кишинин баары каза болгон
    © REUTERS / Mohamed Abd El Ghany

    Когалымавиа" компаниясына таандык Airbus A321 учагы Синайда кыйрады. Шарм-эш-Шейхтен Санкт-Петербург шаарына багыт алган учак 31-октябрда кулап түшкөн. Анын ичиндеги 224 кишинин баары каза болгон

  • Бишкек шаарындагы Айт намаз. Эски аянтка 100 миңдей киши намазга чогулду. Бул майрам отуз күндүк орозодон кийин майрамдалат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бишкек шаарындагы Айт намаз. Эски аянтка 100 миңдей киши намазга чогулду. Бул майрам отуз күндүк орозодон кийин майрамдалат

  • Йокогамдагы Hakkeijima Sea Paradise комплексиндеги аквариумда белуха балдарга суу чачып жатат
    © AFP 2021 / Toshifumi KITAMURA

    Йокогамдагы Hakkeijima Sea Paradise комплексиндеги аквариумда белуха балдарга суу чачып жатат

  • ФИФАнын башчысы Йозеф Блаттер Цюрихтеги маалымат жыйында, 20-июль. Британиялык куудул Саймон Бродкин (лакап аты Ли Нельсон) Блаттер отурган жерге жакындап Бул сага 2026-жылы Түндүк Кореяда дүйнөлүк чемпионатты өткөрүү үчүн акчаны ыргыткан
    © AFP 2021 / FABRICE COFFRINI

    ФИФАнын башчысы Йозеф Блаттер Цюрихтеги маалымат жыйында, 20-июль. Британиялык куудул Саймон Бродкин (лакап аты Ли Нельсон) Блаттер отурган жерге жакындап "Бул сага 2026-жылы Түндүк Кореяда дүйнөлүк чемпионатты өткөрүү үчүн" акчаны ыргыткан

  • Габриэлла Пападакис менен Гийом Сизерон (Франция) Токиодогу көркөмдөп муз тебүү боюнча дүйнөлүк чемпионатта.
    © Sputnik / Владимир Песня

    Габриэлла Пападакис менен Гийом Сизерон (Франция) Токиодогу көркөмдөп муз тебүү боюнча дүйнөлүк чемпионатта.

Белгилер:
Сирия, Түркия, Париж, Египет, Айлин, ФИФА, Жеңиштин 70 жылдыгы

Балет дүйнөсүнө 11 жашында аралашкан. Кайталангыс Айсулуу Токомбаева

169
  • Айсулуу Токомбаева Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында 1966-1995-жылдар аралыгында эмгектенген
  • Кыргыз ССРинин эл артисттери Айсулуу Токомбаева менен Чолпонбек Базарбаевдин Саманчынын жолу балетинде бийлеп жаткан учуру
  • Композитор Калый Молдобасановдун Саманчынын жолу балети. Биринчи катарда Айсулуу Токомбаева Толгонайдын образында.
  • Кинорежиссёр Дооронбек Садырбаев менен балерина Айсулуу Токомбаева, Фрунзе шаары, 1977-жыл.
  • Кыргыз балетинин чолпон жылдызы 34 жашында СССРдин эл артисти жогорку наамын алган
  • Балерина чыгармачылыгында 20дан ашык партияда бийлеген. Сүрөттө композитор Арам Хачатуряндын Спартак балети.
  • СССРдин эл артисттери, кыргыз балетинин көрүнүктүү өкүлү, балетмейстер Чолпонбек Базарбаев менен балерина Айсулуу Токомбаева жана казакстандык актёр Досхан Жолжаксынов
  • Балерина Польша, Болгария, Ливия, Финляндия, Тунис, Швеция, Италия, Югославия, Венгрия, Дания, Швейцарияга чейин барган
  • Жаш таланттар. Балетмейстер Уран Сарбагышев жана Айсулуу Токомбаева репетиция маалында.
  • Кыргыз балетинин жылдыздары: Айсулуу Токомбаева, Надежда Базарбаева, Инга Левченко, Кеңеш Алиев, Роберт Уразгельдеев
  • Баядерка балети. Уран Сарбагышев менен Айсулуу Токомбаева.
  • Айсулуу Токомбаева бир нече жылдан бери Анкара мамлекеттик консерваториясында жаштарга сабак берип келет
Бүгүн СССРдин эл артисти, таланттуу балерина Айсулуу Токомбаеванын туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз балетинин 74 жашка толгон чолпон жылдызынын сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.

Айсулуу Токомбаева 1947-жылы 22-сентябрда Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген. Атасы Асанбек Токомбаев узак жылдар бою Мамлекеттик телерадио комитетинде эмгектенсе, апасы Мунжия Эркинбаева опера ырчысы болгон. Болочоктогу талант 11 жашында балет дүйнөсүнө аттанып, Ленинграддагы Ваганова атындагы мамлекеттик академиялык хореографиялык окуу жайына өтөт. Ошентип жаш балерина 1966-жылы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрына жумушка алынып, ал жерде 30 жылдай иштейт.

КРдин эл артисти бул убакыт аралыгында дүйнөлүк классикалык жана кыргыз балеттеринин башкы партияларында бийлеген. Алсак, Петр Чайковскийдин "Ак куу көлү", "Уйкудагы сулуу", Адольф Адандын "Жизель", Людвиг Минкустун "Дон-Кихот", Михаил Раухвергердин "Чолпон", Владимир Власовдун "Асел", Калый Молдобасановдун "Саманчынын жолу", "Маңкурттар баяны", Улукбек Мусаевдин "Томирис", Кирилл Молчановдун "Макбет" жана башка балеттерде башкы партияларды жогорку чеберчиликте аткарып, сахнага СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаев менен көп чыккан.

Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты 1995-жылы Түркияга кетип, Анкара мамлекеттик консерваториясына хореография боюнча окутуучу болуп кирет. Тажрыйбалуу устат 25 жылдан бери чет өлкөдө жаштарды тарбиялоодо.

 

169
  • Айсулуу Токомбаева Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында 1966-1995-жылдар аралыгында эмгектенген
    © Sputnik / Александр Федоров

    Айсулуу Токомбаева Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында 1966-1995-жылдар аралыгында эмгектенген

  • Кыргыз ССРинин эл артисттери Айсулуу Токомбаева менен Чолпонбек Базарбаевдин Саманчынын жолу балетинде бийлеп жаткан учуру
    © Sputnik / Мамадалиев

    Кыргыз ССРинин эл артисттери Айсулуу Токомбаева менен Чолпонбек Базарбаевдин "Саманчынын жолу" балетинде бийлеп жаткан учуру

  • Композитор Калый Молдобасановдун Саманчынын жолу балети. Биринчи катарда Айсулуу Токомбаева Толгонайдын образында.
    © Sputnik / Александр Федоров

    Композитор Калый Молдобасановдун "Саманчынын жолу" балети. Биринчи катарда Айсулуу Токомбаева Толгонайдын образында.

  • Кинорежиссёр Дооронбек Садырбаев менен балерина Айсулуу Токомбаева, Фрунзе шаары, 1977-жыл.
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кинорежиссёр Дооронбек Садырбаев менен балерина Айсулуу Токомбаева, Фрунзе шаары, 1977-жыл.

  • Кыргыз балетинин чолпон жылдызы 34 жашында СССРдин эл артисти жогорку наамын алган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кыргыз балетинин чолпон жылдызы 34 жашында СССРдин эл артисти жогорку наамын алган

  • Балерина чыгармачылыгында 20дан ашык партияда бийлеген. Сүрөттө композитор Арам Хачатуряндын Спартак балети.
    © Sputnik / Александр Федоров

    Балерина чыгармачылыгында 20дан ашык партияда бийлеген. Сүрөттө композитор Арам Хачатуряндын "Спартак" балети.

  • СССРдин эл артисттери, кыргыз балетинин көрүнүктүү өкүлү, балетмейстер Чолпонбек Базарбаев менен балерина Айсулуу Токомбаева жана казакстандык актёр Досхан Жолжаксынов
    © Sputnik / Александр Федоров

    СССРдин эл артисттери, кыргыз балетинин көрүнүктүү өкүлү, балетмейстер Чолпонбек Базарбаев менен балерина Айсулуу Токомбаева жана казакстандык актёр Досхан Жолжаксынов

  • Балерина Польша, Болгария, Ливия, Финляндия, Тунис, Швеция, Италия, Югославия, Венгрия, Дания, Швейцарияга чейин барган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Балерина Польша, Болгария, Ливия, Финляндия, Тунис, Швеция, Италия, Югославия, Венгрия, Дания, Швейцарияга чейин барган

  • Жаш таланттар. Балетмейстер Уран Сарбагышев жана Айсулуу Токомбаева репетиция маалында.
    © Sputnik / Александр Федоров

    Жаш таланттар. Балетмейстер Уран Сарбагышев жана Айсулуу Токомбаева репетиция маалында.

  • Кыргыз балетинин жылдыздары: Айсулуу Токомбаева, Надежда Базарбаева, Инга Левченко, Кеңеш Алиев, Роберт Уразгельдеев
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кыргыз балетинин жылдыздары: Айсулуу Токомбаева, Надежда Базарбаева, Инга Левченко, Кеңеш Алиев, Роберт Уразгельдеев

  • Баядерка балети. Уран Сарбагышев менен Айсулуу Токомбаева.
    © Фото / из семейного архива Сарбагышевых

    "Баядерка" балети. Уран Сарбагышев менен Айсулуу Токомбаева.

  • Айсулуу Токомбаева бир нече жылдан бери Анкара мамлекеттик консерваториясында жаштарга сабак берип келет
    © Sputnik / Александр Федоров

    Айсулуу Токомбаева бир нече жылдан бери Анкара мамлекеттик консерваториясында жаштарга сабак берип келет

Белгилер:
Кыргызстан, балерина, Айсулуу Токомбаева, чыгармачылык, сүрөт
Тема боюнча
Элди азапка жетелеген апийим. Кара куурай Кыргызстанда кантип өстүрүлгөн? Сүрөт
Катардагы жумушчудан өкмөт башчыга чейин. Апас Жумагуловдун сүрөттөгү ирмемдери

Катардагы жумушчудан өкмөт башчыга чейин. Апас Жумагуловдун сүрөттөгү ирмемдери

343
(жаңыланган 20:48 19.09.2021)
  • Ардактуу эс алуудагы мамлекеттик ишмер 87 жашка толду
  • Москвадан билим алып келген Апас Жумагулов кендерде геолог, башкы геолог, башкы инженер болуп иштеген. Сүрөттөн оң жакта биринчи турат, 1961-жыл
  • Кочкор-Атада иштеген жаш Жумагулов кесиптештери менен, 1971-жыл
  • Болочоктогу өкмөт башчысы студент кезинде эле жайкы каникулда шахтада, экспедицияда иштеген. Сүрөттө Апас Жумагулов курсташы Гера Пудон менен
  • СССРдин президенти Михаил Горбачев, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Апас Жумагулов жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов. Бишкек, 1991-жыл
  • Турдакун Усубалиевге жарманкенин жүрүшү боюнча маалымат берип жаткан жаш  Жумагулов, 1984-жыл
  • Кыргызстандын элчиси Жумагулов Германиянын президенти Роман Херсогго ишеним грамотасын тапшыруу учуру, 1998-жыл
  • Карапайым эл менен жолуккан өкмөт башчы. Жумагулов 1986-91-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы болгон
  • Илимпоздун аракети менен Пенза облусунда цемент заводу ачылган. Жумагулов анын долбоорлоонун башында турган
  • Белгилүү хирург Мамбет Мамакеевдин 90 жылдыгында. Ортодо Апас Жумагулов замандаштары менен
  • Мамлекеттик ишмер байбичеси менен төрт уул, эки кызды тарбиялап чоңойткон. Сүрөттө жубайлар уул-кыздары, неберелери менен
  • Жалпы жонунан 50 жылдан ашык түрдүү мамлекеттик кызматтарда эмгектенген
  • Лыжа тебүүнү жактырган пенсионер эс алуу маалында, 2005-жыл
Бүгүн көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Апас Жумагуловдун туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги 87 жашка толгон илимпоздун баскан жолундагы ирмемдерди сунуштайт.

Апас Жумагулов 1934-жылы 19-сентябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында жарык дүйнөгө келген. Балалыгы согуш жылдарына туш келгендиктен атасы фронтко аттанган. Ошондо жаш жигит ооруган энесин багып, бир тууган эжеси менен колхоздогу уйларды караган.

Үй-бүлө башчысы фронттон аман-эсен кайтып келгенден кийин Фрунзедеги мектеп-интернатта окуп, өз күчү менен Москвадагы Губкин атындагы нефть жана газ мамлекеттик университетине өткөн. Бөтөн шаарда студент акчанын аздыгынан Кыргызстанга жылдап келе албай, дем алыш күндөрү сыра заводдо жүк ташып, поезд станцияда көмүр түшүрүп тыйын тапкан. Жогорку окуу жайды 1958-жылы ийгиликтүү аяктаган инженер-геолог ошол эле жерде аспирантурада окуп, лаборант, геолог, башкы геолог, башкы инженер болгонго жетишет. Кийин Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев анын жөндөмүн байкап, 1973-жылы Борбордук комитетке бөлүм башчы кылып жумушка чакырган. Мамлекеттик ишмер андан соң Компартиянын катчысы, Ысык-Көл обкомунун биринчи катчысы, Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы, Жогорку Советтин бир нече чакырылышынын депутаты болуп, бүт кызматтык тепкичтерди басып өтөт.

Ошол эле маалда илимий изилдөөлөрүн да улантып, геология-минералогия илимдеринин доктору болгонго жетишет. Илимпоз өлкө көз карандысыз болгондон кийин Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы, өкмөт башчысы, беш жыл Германияда, эки жыл Россияда элчи болуп иштеген. 

Байбичеси менен төрт уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн. I даражадагы Манас орденинин ээси. Азыр үйдүн төрүнүн көркү гана болбостон, жогорку кызматтагы аткаминерлерге да акыл-насаатын айтып келет.

343
  • Ардактуу эс алуудагы мамлекеттик ишмер 87 жашка толду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Ардактуу эс алуудагы мамлекеттик ишмер 87 жашка толду

  • Москвадан билим алып келген Апас Жумагулов кендерде геолог, башкы геолог, башкы инженер болуп иштеген. Сүрөттөн оң жакта биринчи турат, 1961-жыл
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Москвадан билим алып келген Апас Жумагулов кендерде геолог, башкы геолог, башкы инженер болуп иштеген. Сүрөттөн оң жакта биринчи турат, 1961-жыл

  • Кочкор-Атада иштеген жаш Жумагулов кесиптештери менен, 1971-жыл
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Кочкор-Атада иштеген жаш Жумагулов кесиптештери менен, 1971-жыл

  • Болочоктогу өкмөт башчысы студент кезинде эле жайкы каникулда шахтада, экспедицияда иштеген. Сүрөттө Апас Жумагулов курсташы Гера Пудон менен
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Болочоктогу өкмөт башчысы студент кезинде эле жайкы каникулда шахтада, экспедицияда иштеген. Сүрөттө Апас Жумагулов курсташы Гера Пудон менен

  • СССРдин президенти Михаил Горбачев, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Апас Жумагулов жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов. Бишкек, 1991-жыл
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    СССРдин президенти Михаил Горбачев, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Апас Жумагулов жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов. Бишкек, 1991-жыл

  • Турдакун Усубалиевге жарманкенин жүрүшү боюнча маалымат берип жаткан жаш  Жумагулов, 1984-жыл
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Турдакун Усубалиевге жарманкенин жүрүшү боюнча маалымат берип жаткан жаш Жумагулов, 1984-жыл

  • Кыргызстандын элчиси Жумагулов Германиянын президенти Роман Херсогго ишеним грамотасын тапшыруу учуру, 1998-жыл
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Кыргызстандын элчиси Жумагулов Германиянын президенти Роман Херсогго ишеним грамотасын тапшыруу учуру, 1998-жыл

  • Карапайым эл менен жолуккан өкмөт башчы. Жумагулов 1986-91-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы болгон
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Карапайым эл менен жолуккан өкмөт башчы. Жумагулов 1986-91-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы болгон

  • Илимпоздун аракети менен Пенза облусунда цемент заводу ачылган. Жумагулов анын долбоорлоонун башында турган
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Илимпоздун аракети менен Пенза облусунда цемент заводу ачылган. Жумагулов анын долбоорлоонун башында турган

  • Белгилүү хирург Мамбет Мамакеевдин 90 жылдыгында. Ортодо Апас Жумагулов замандаштары менен
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Белгилүү хирург Мамбет Мамакеевдин 90 жылдыгында. Ортодо Апас Жумагулов замандаштары менен

  • Мамлекеттик ишмер байбичеси менен төрт уул, эки кызды тарбиялап чоңойткон. Сүрөттө жубайлар уул-кыздары, неберелери менен
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Мамлекеттик ишмер байбичеси менен төрт уул, эки кызды тарбиялап чоңойткон. Сүрөттө жубайлар уул-кыздары, неберелери менен

  • Жалпы жонунан 50 жылдан ашык түрдүү мамлекеттик кызматтарда эмгектенген
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Жалпы жонунан 50 жылдан ашык түрдүү мамлекеттик кызматтарда эмгектенген

  • Лыжа тебүүнү жактырган пенсионер эс алуу маалында, 2005-жыл
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Лыжа тебүүнү жактырган пенсионер эс алуу маалында, 2005-жыл

Белгилер:
Кыргызстан, коомдук ишмер, Апас Жумагулов, сүрөт, саясатчы
Тема боюнча
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы турмуш. Кыргызстандыктар сүрөттө
Элди азапка жетелеген апийим. Кара куурай Кыргызстанда кантип өстүрүлгөн? Сүрөт
Мерьем Узерли, Марк Дакаскос, Стивен Сигал... Кыргызстанга кайсы жылдыздар келген?
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары Марат Пирназаров

Пирназаров: Кыргызстанда криптобиржалардын ишмердүүлүгү көзөмөлдөнөт

0
(жаңыланган 13:44 23.09.2021)
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары Марат Пирназаров Кыргызстанда криптобиржалардын ишмердүүлүгү тууралуу жобо иштелип чыккандыгын айтты.

Криптобиржаларга укуктук талаа түзүү, функцияларын, статусун жана милдеттерин аныктоо учурдун талабы. Мындай пикирин Марат Пирназаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Пирназаров: Кыргызстанда криптобиржалардын ишмердүүлүгү көзөмөлдөнөт

Анын айтымында, аталган багытта шарт түзүү аркылуу көп киреше табуу мүмкүнчүлүгүн жаратса болот.

"Кыргызстанда криптобиржаларга укуктук талаа түзүү үчүн аракеттер жүрүп жатат. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматка криптобиржалардын ишмердүүлүгүнө шарт түзүү максатында тиешелүү укуктук ченемдик актыларды иштеп чыгуу тагылган. Ушул жылдын 27-майында Экономика жана финансы министрлигинин буйругу менен мекемелер аралык жумушчу топ түзүлүп, бул тармакты билген адистер менен биргеликте жобо иштеп чыктык. Жобо министрлер кабинетинин кароосуна киргизилип, макулдашуу иштери жыйынтыкталууда. Криптобиржаларга укуктук талаа түзүү, функцияларын, статусун жана милдеттерин аныктоо учурдун талабы", — деди Пирназаров.

Ошондой эле адис криптоактивдер менен ишмердүүлүгүн жүргүзгөндөр санариптик биржалар боюнча билим алып коюусу керектигин кошумчалады.

0
Белгилер:
Марат Пирназаров, криптовалюта
Тема боюнча
Жасалма биткоин, финансы пирамидасы. Милиция шылуундарды кантип билсе болорун айтты