Болот Шамшиевге — 75 жыл. Белгилүүнүн бейнесине сүрөт сүртүмдөр

Жазылуу
СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз ССРинин эл артисти жана Кыргыз ССРинин искусствосуна эмге сиңирген кызматкер Болот Шамшиев 1941-жылдын 12-январында Фрунзе (Бишкек) шаарында жарык дүйнөгө келген.

Фотограф Александр Федоров Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Болот Шамшиев менен бир топ картиналарды тартуу учурунда иштешип калгандыгын эске салды. Ал атактуу режиссердун актерго ролду, образды ийне-жибине чейин түшүндүрүп бере алган мыкты сапатын айтып берди. 

"Ак кемени" экрандаштыруу учурунда кээ бир эпизоддорго ичи чыкпаган режиссер 18-20 дубль менен тарткан экен.

"ВГИКте режиссердук факультетте окуп жүрүп, 1963-жылы Лариса Шепитько тарткан "Аптап" тасмасында актер катары дебютун аткарган. Болот автор, режиссердун акыйкаттык менен жакшылык баары бир жеңет деген оюн ишенимдүү, мыкты ойноп, актердук чеберчилигин көрсөткөн. Албетте, бул көптөрдү таңгалдырган", — деди Федоров.

Ал кино сүйүүчүлөрдүн көбү Болот Шамшиев документалдуу кино дүйнөсүнө режиссер катары жасаган биринчи кадамы — "Манасчы" менен "Чабан" бир топ аттуу-баштуу сыйлыктарга татыгандыгын белгиледи. Ал эми кийинки шедевр тасмаларынын баары бедели бийик болгон эл аралык жана бүткүл союздук сыйлыктарын биринен сала экинчисин алып турган.

Ал "Манасчы", "Чабан", "Караш ашуусундагы атышуу", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Сүйүү жаңырыгы", "Ак кеме", "Адамдардын арасында", "Эрте жаздагы турналар", "Бөрү зындан", "Снайперлер", "Фудзиямага чыгуу" тасмаларынын жаратуучусу.

Акын Төлөн Шамшиевдин уулу.

 

© Фото / Александр ФедоровКыргызстандын эмгек сиңирген артисти Болот Шамшиев
Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Болот Шамшиев - Sputnik Кыргызстан
1/15
Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Болот Шамшиев
© Фото / Александр ФедоровРежиссер актерго образга кантип кирип, көрүүчүгө кантип жеткириш керектигин түшүндүрүүүдө. "Бөрү зындан" тасмасын тартуу учурунан көрүнүш
Режиссер актерго образга кантип кирип, көрүүчүгө кантип жеткириш керектигин түшүндүрүүүдө. Бөрү зындан тасмасын тартуу учурунан көрүнүш - Sputnik Кыргызстан
2/15
Режиссер актерго образга кантип кирип, көрүүчүгө кантип жеткириш керектигин түшүндүрүүүдө. "Бөрү зындан" тасмасын тартуу учурунан көрүнүш
© Фото / Александр ФедоровЭпизодду иштеп чыгарып жатат
Эпизодду иштеп чыгарып жатат - Sputnik Кыргызстан
3/15
Эпизодду иштеп чыгарып жатат
© Фото / Александр Федоров"Бөрү зындан" "кыргыз кереметинин" мыкты тасмаларынын бири
Бөрү зындан кыргыз кереметинин мыкты тасмаларынын бири - Sputnik Кыргызстан
4/15
"Бөрү зындан" "кыргыз кереметинин" мыкты тасмаларынын бири
© Фото / Александр ФедоровМомун чал. Улуу актерлордун бири Асанкул Куттубаев менен. Кыргыз киносундагы шедевр тасмалардын бири "Ак кемени" тартуу учуру
Момун чал.  Улуу актерлордун бири Асанкул Куттубаев менен. Кыргыз киносундагы шедевр тасмалардын бири Ак кемени тартуу учуру - Sputnik Кыргызстан
5/15
Момун чал. Улуу актерлордун бири Асанкул Куттубаев менен. Кыргыз киносундагы шедевр тасмалардын бири "Ак кемени" тартуу учуру
© Александр ФедоровШамшиев тасманын ар бир катышуучусуна жараткан образынын майда-чүйдөсүнө чейин эринбей түшүндүрүп бере тургандыгын азыркыга чейин айтып келишет
Шамшиев тасманын ар бир катышуучусуна жараткан образынын майда-чүйдөсүнө чейин эринбей түшүндүрүп бере тургандыгын азыркыга чейин айтып келишет - Sputnik Кыргызстан
6/15
Шамшиев тасманын ар бир катышуучусуна жараткан образынын майда-чүйдөсүнө чейин эринбей түшүндүрүп бере тургандыгын азыркыга чейин айтып келишет
© Александр ФедоровБакыраң көз Нургазы менен баарын кайдыгер калтырбаган образды жаратуу учуру. Бактылуу ирмемдер. Бактылуу мезгил. Бактылуу чыгармачылык
Бакыраң көз Нургазы менен баарын кайдыгер калтырбаган образды жаратуу учуру. Бактылуу ирмемдер. Бактылуу мезгил. Бактылуу чыгармачылык - Sputnik Кыргызстан
7/15
Бакыраң көз Нургазы менен баарын кайдыгер калтырбаган образды жаратуу учуру. Бактылуу ирмемдер. Бактылуу мезгил. Бактылуу чыгармачылык
© Александр ФедоровРежиссер "зөөкүр" Орозкул (актер Орозбек Кутманалиев) менен
Режиссер зөөкүр Орозкул (актер Орозбек  Кутманалиев) менен - Sputnik Кыргызстан
8/15
Режиссер "зөөкүр" Орозкул (актер Орозбек Кутманалиев) менен
© Александр Федоров"Ак кемени" экрандаштыруу учурунда кээ бир эпизоддорго ичи чыкпаган режиссер 18-20 дубль менен тарткан
Ак кемени экрандаштыруу учурунда кээ бир эпизоддорго ичи чыкпаган режиссер 18-20 дубль менен тарткан - Sputnik Кыргызстан
9/15
"Ак кемени" экрандаштыруу учурунда кээ бир эпизоддорго ичи чыкпаган режиссер 18-20 дубль менен тарткан
© Фото / Александр ФедоровУлуу дүйнөнү улуу ойлорго батырган ирмемден
Улуу дүйнөнү улуу ойлорго батырган ирмемден - Sputnik Кыргызстан
10/15
Улуу дүйнөнү улуу ойлорго батырган ирмемден
© Фото / Александр ФедоровБийиктиктер... Актриса Алиман Жангорозова менен "Фудзиямага чыгуу" тасмасын тартуу учурунда
Бийиктиктер... Актриса Алиман Жангорозова менен Фудзиямага чыгуу тасмасын тартуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
11/15
Бийиктиктер... Актриса Алиман Жангорозова менен "Фудзиямага чыгуу" тасмасын тартуу учурунда
© Александр Федоров"Ак кемени" жараткан жубайлар. Айтурган Темирова экөөнү кино, экран, чыгармачылык кошкон сындуу
Ак кемени жараткан жубайлар. Айтурган Темирова экөөнү кино, экран, чыгармачылык кошкон сындуу - Sputnik Кыргызстан
12/15
"Ак кемени" жараткан жубайлар. Айтурган Темирова экөөнү кино, экран, чыгармачылык кошкон сындуу
© Sputnik / Александр Федоров"Манасчы" документалдык тасмасы — Шамшиевдин биринчи картиналарынын бири
Манасчы документалдык тасмасы — Шамшиевдин биринчи картиналарынын бири - Sputnik Кыргызстан
13/15
"Манасчы" документалдык тасмасы — Шамшиевдин биринчи картиналарынын бири
© Александр Федоров1963-жылы Лариса Шепитько тарткан "Аптап" тасмасында актер катары дебютун аткарып, киночулардын жакшы баасына татыган
1963-жылы Лариса Шепитько тарткан Аптап тасмасында актер катары дебютун аткарып, киночулардын жакшы баасына татыган - Sputnik Кыргызстан
14/15
1963-жылы Лариса Шепитько тарткан "Аптап" тасмасында актер катары дебютун аткарып, киночулардын жакшы баасына татыган
© Фото / Александр ФедоровАктриса Даркүл Күйүкова менен "Аптап" картинасында.
Актриса Даркүл Күйүкова менен Аптап картинасында. - Sputnik Кыргызстан
15/15
Актриса Даркүл Күйүкова менен "Аптап" картинасында.
Жаңылыктар түрмөгү
0