Ош Хорог. Дүйнөдөгү эң кооз жолдордун биринин көрүнүшү

1673
(жаңыланган 19:51 01.03.2016)
  • Памир тоолуу унаа жолу мурдагы СССР аймагындагы эң бийик тоолуу жол болуп саналат.
Шейшемби күнү Памир даңгыр жолу National Geographic журналынын тандоосу боюнча дүйнөдөгү эң кооз 10 жолдун катарына кирди.

Ош — Хорог жолу — Памир даңгыр жолунун чыгыш бөлүгү болуп эсептелет. Ал эми батыш Памир жолу Хорогдон Тажикстандын борбору Дүйшөмбүгө чейин созулат.    

Памир даңгыры тууралуу репортаж жасаган россиялык фотограф Дмитрий Чистопрудов өз блогуна мындай кооз тоолуу жолду мурда басып өтпөгөнүн жазган. 

"Сары-Таштан Ошко чейин шумдуктуудай асфальт төшөлүптүр. Ал эми кооз пейзаж көз жоосун алат. Түнкүсүн түшкөн кар күн тийгенде бууланып, тоолордо суу кайнап жаткандай элес калтырат. Бул Европа же АКШ эмес, бул — Кыргызстан", — деп жазат Чистопрудов.

Таанымал болгон бийик тоолуу унаа жолунун узактыгы 700 чакырымга жетет. 

1673
  • Чыгыш Памир жолу Оштон башталат
    Дмитрий Чистопрудов, Николай Рыков. Фотоагентство VOSTOK

    Чыгыш Памир жолу Оштон башталат

  • Анда үч ашууну басып өтүүгө туура келет
    Дмитрий Чистопрудов, Николай Рыков. Фотоагентство VOSTOK

    Анда үч ашууну басып өтүүгө туура келет

  • Талдык (деңиз деңгээлинен 3615 метр бийиктикте)
    Дмитрий Чистопрудов, Николай Рыков. Фотоагентство VOSTOK

    Талдык (деңиз деңгээлинен 3615 метр бийиктикте)

  • Кызыл-Арт (4280 метр бийиктикте)
    Дмитрий Чистопрудов, Николай Рыков. Фотоагентство VOSTOK

    Кызыл-Арт (4280 метр бийиктикте)

  • ...жана Дүйнөнүн чокусу болгон – Акбайтал ашуусу (4655 метр)
    Дмитрий Чистопрудов, Николай Рыков. Фотоагентство VOSTOK

    ...жана "Дүйнөнүн чокусу" болгон – Акбайтал ашуусу (4655 метр)

  • Жолдун чыгыш бөлүгү эки этапта курулган
    Дмитрий Чистопрудов, Николай Рыков. Фотоагентство VOSTOK

    Жолдун чыгыш бөлүгү эки этапта курулган

  • Россиянын армиясы тарабынан 1894-жылы жашырын түрдө Талдык ашуусу аркылуу өтүүчү стратегиялык жол курулган. Бул жол Фергана менен Алай өрөөндөрүн байланыштырып турган
    Дмитрий Чистопрудов, Николай Рыков. Фотоагентство VOSTOK

    Россиянын армиясы тарабынан 1894-жылы жашырын түрдө Талдык ашуусу аркылуу өтүүчү стратегиялык жол курулган. Бул жол Фергана менен Алай өрөөндөрүн байланыштырып турган

  • 1931—1934-жылдары СССР тоолуу Памир аймагын активдүү түрдө өз карамагына ала баштаган. Жол Хорог шаарына чейин жеткирилген
    Дмитрий Чистопрудов, Николай Рыков. Фотоагентство VOSTOK

    1931—1934-жылдары СССР тоолуу Памир аймагын активдүү түрдө өз карамагына ала баштаган. Жол Хорог шаарына чейин жеткирилген

  • Сталин атындагы Батыш Памир жолу 1940-жылы ачылган
    Дмитрий Чистопрудов, Николай Рыков. Фотоагентство VOSTOK

    Сталин атындагы Батыш Памир жолу 1940-жылы ачылган

  • Памир тоолуу унаа жолу мурдагы СССР аймагындагы эң бийик тоолуу жол болуп саналат.
    Дмитрий Чистопрудов, Николай Рыков. Фотоагентство VOSTOK

    Памир тоолуу унаа жолу мурдагы СССР аймагындагы эң бийик тоолуу жол болуп саналат.

Белгилер:
кооз, жол, тоо, Памир
Тема боюнча
Кыргызстандагы эң бийик жети чоку
Чет элдиктер сүрөттөрдү карап кайсыл өлкө экенин табышты. Анын баары КРде тартылган

Ордунан көчүрүлгөн байыркы үйдөн тарта жүндөн арылган койго чейин. Апта ирмеми

6
(жаңыланган 18:15 01.03.2021)
  • Boeing 747 Франкфурттагы (Германия) аба майданына учуп келе жатат
  • Келгин куштар. Бул турналарды Галилей деңизине (Израиль) жакын Хула көлүнөн тартып алышкан
  • 139 жылдык тарыхы бар үй. Аны Сан-Францискодо жаңы жерге көчүрүп бара жатышат
  • РФ жана КР президенттери Владимир Путин менен Садыр Жапаров Кремлде жолуккан учур
  • Марс планетасында тартылган сүрөт. Perseverance Mars Rover аппаратынын навигациялык камерасы
  • Мекенди коргоочулар күнүнө карата россиялык десантчылардын майрамдык номерлеринин бири. Москва облусу
  • Севильедеги (Испания) модачылдардын нааразылык акциясында
  • РФ жана Беларусь президенттери Владимир Путин менен Александр Лукашенко карда жүрүүчү техника менен
  • Австралияда Баарак аттуу жүнү өтө өсүп кеткен койду ашыкча жүктөн арылтышты. Жүндүн эле салмагы 35,4 килограмм экени анык болду
  • Миландагы мода жумалыгында дизайнер Даниэль Дель Кор жаңы коллекциясын көрсөттү
  • Британ деп аталган тукумдагы мышыктын сүрөтүн Москвада өткөн КоШарики Шоу көргөзмөсүндө тартып алышкан
  • Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Ереванда тарапкерлеринин алдында чыгып сүйлөп жатат. Карабахты колдон чыгарып жиберүүгө россиялык куралдын начардыгы себеп болду деген билдирүүсүнөн кийин өлкөнүн Башкы штабы анын отставкасын талап кылды
  • Нью-Делидеги жашоочуларга (Индия) AstraZeneca вакцинасын сайышты
  • Кара түстүү афроамерикалык Амады Орберинин элесине арналган акция. Ал Жоржия штатындагы Брансуика (АКШ) шаарында чуркап жүргөн учурда ок жеген
  • Калутаре (Шри-Ланка) аймагында алтын балыктарды саткан адам
  • Аскерий төңкөрүшкө каршы чыккан кыздын сүрөтү. Янгон (Мьянма)
  • Муз үстүндө чимириле бийлеген Елизавета Нугуманова. Жалгыздап көркөмдөп муз тебүү боюнча аялдар арасындагы Россия Кубогунун финалы
  • Извержение вулкана Этна на Сицилии.
Sputnik Кыргызстан узаган аптадагы урунттуу окуяларды чагылдырган кезектеги сүрөт түрмөгүн сунуштайт.

139 жылдык тарыхы бар үйдү оор жүк ташуучу автоунаа менен Сан-Францискодо бир жерден экинчи, жаңы орунга көчүрүштү.

РФ жана КР президенттери Владимир Путин менен Садыр Жапаров Кремлде жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты.

Марс планетасына учкан Perseverance Mars Rover Жерге жаңы видеолорду жиберди.

Австралияда Баарак аттуу жүнү өтө өсүп кеткен койду "ашыкча жүктөн" арылтышты. Жүндүн эле салмагы 35,4 килограмм экени анык болду.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Карабахты колдон чыгарып жиберүүгө россиялык куралдын начардыгы себеп болду деген билдирүүсүнөн кийин өлкөнүн Башкы штабы анын отставкасын талап кылды.

6
  • Boeing 747 Франкфурттагы (Германия) аба майданына учуп келе жатат
    © AP Photo / Michael Probst

    Boeing 747 Франкфурттагы (Германия) аба майданына учуп келе жатат

  • Келгин куштар. Бул турналарды Галилей деңизине (Израиль) жакын Хула көлүнөн тартып алышкан
    © AP Photo / Oded Balilty

    Келгин куштар. Бул турналарды Галилей деңизине (Израиль) жакын Хула көлүнөн тартып алышкан

  • 139 жылдык тарыхы бар үй. Аны Сан-Францискодо жаңы жерге көчүрүп бара жатышат
    © REUTERS / Brittany Hosea-Small

    139 жылдык тарыхы бар үй. Аны Сан-Францискодо жаңы жерге көчүрүп бара жатышат

  • РФ жана КР президенттери Владимир Путин менен Садыр Жапаров Кремлде жолуккан учур
    © Sputnik / Михаил Метцель

    РФ жана КР президенттери Владимир Путин менен Садыр Жапаров Кремлде жолуккан учур

  • Марс планетасында тартылган сүрөт. Perseverance Mars Rover аппаратынын навигациялык камерасы
    © AFP 2021 / HANDOUT

    Марс планетасында тартылган сүрөт. Perseverance Mars Rover аппаратынын навигациялык камерасы

  • Мекенди коргоочулар күнүнө карата россиялык десантчылардын майрамдык номерлеринин бири. Москва облусу
    © Sputnik / Евгений Одиноков

    Мекенди коргоочулар күнүнө карата россиялык десантчылардын майрамдык номерлеринин бири. Москва облусу

  • Севильедеги (Испания) модачылдардын нааразылык акциясында
    © AFP 2021 / CRISTINA QUICLER

    Севильедеги (Испания) модачылдардын нааразылык акциясында

  • РФ жана Беларусь президенттери Владимир Путин менен Александр Лукашенко карда жүрүүчү техника менен
    © Sputnik / Алексей Дружинин

    РФ жана Беларусь президенттери Владимир Путин менен Александр Лукашенко карда жүрүүчү техника менен

  • Австралияда Баарак аттуу жүнү өтө өсүп кеткен койду ашыкча жүктөн арылтышты. Жүндүн эле салмагы 35,4 килограмм экени анык болду
    © REUTERS / EDGAR'S MISSION INC

    Австралияда Баарак аттуу жүнү өтө өсүп кеткен койду "ашыкча жүктөн" арылтышты. Жүндүн эле салмагы 35,4 килограмм экени анык болду

  • Миландагы мода жумалыгында дизайнер Даниэль Дель Кор жаңы коллекциясын көрсөттү
    © AP Photo / Antonio Calanni

    Миландагы мода жумалыгында дизайнер Даниэль Дель Кор жаңы коллекциясын көрсөттү

  • Британ деп аталган тукумдагы мышыктын сүрөтүн Москвада өткөн КоШарики Шоу көргөзмөсүндө тартып алышкан
    © Sputnik / Наталья Селиверстова

    Британ деп аталган тукумдагы мышыктын сүрөтүн Москвада өткөн "КоШарики Шоу" көргөзмөсүндө тартып алышкан

  • Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Ереванда тарапкерлеринин алдында чыгып сүйлөп жатат. Карабахты колдон чыгарып жиберүүгө россиялык куралдын начардыгы себеп болду деген билдирүүсүнөн кийин өлкөнүн Башкы штабы анын отставкасын талап кылды
    © Sputnik / Арам Нерсесян

    Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Ереванда тарапкерлеринин алдында чыгып сүйлөп жатат. Карабахты колдон чыгарып жиберүүгө россиялык куралдын начардыгы себеп болду деген билдирүүсүнөн кийин өлкөнүн Башкы штабы анын отставкасын талап кылды

  • Нью-Делидеги жашоочуларга (Индия) AstraZeneca вакцинасын сайышты
    © REUTERS / ANUSHREE FADNAVIS

    Нью-Делидеги жашоочуларга (Индия) AstraZeneca вакцинасын сайышты

  • Кара түстүү афроамерикалык Амады Орберинин элесине арналган акция. Ал Жоржия штатындагы Брансуика (АКШ) шаарында чуркап жүргөн учурда ок жеген
    © AP Photo / Stephen B. Morton

    Кара түстүү афроамерикалык Амады Орберинин элесине арналган акция. Ал Жоржия штатындагы Брансуика (АКШ) шаарында чуркап жүргөн учурда ок жеген

  • Калутаре (Шри-Ланка) аймагында алтын балыктарды саткан адам
    © AFP 2021 / LAKRUWAN WANNIARACHCHI

    Калутаре (Шри-Ланка) аймагында алтын балыктарды саткан адам

  • Аскерий төңкөрүшкө каршы чыккан кыздын сүрөтү. Янгон (Мьянма)
    © REUTERS / STRINGER

    Аскерий төңкөрүшкө каршы чыккан кыздын сүрөтү. Янгон (Мьянма)

  • Муз үстүндө чимириле бийлеген Елизавета Нугуманова. Жалгыздап көркөмдөп муз тебүү боюнча аялдар арасындагы Россия Кубогунун финалы
    © Sputnik / Владимир Песня

    Муз үстүндө чимириле бийлеген Елизавета Нугуманова. Жалгыздап көркөмдөп муз тебүү боюнча аялдар арасындагы Россия Кубогунун финалы

  • Извержение вулкана Этна на Сицилии.
    © AP Photo / Salvatore Allegra

    Извержение вулкана Этна на Сицилии.

Белгилер:
мода, Армения, АКШ, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Чектөөгө карабай чардап майрамдаган бразилиялыктар. Карнавалдан сүрөттөр

Укмуштуудай дизайн! Hyundai брендинин Бишкектеги презентациясынан 12 сүрөт

287
(жаңыланган 23:30 27.02.2021)
  • Кечээ, 26-февраль күнү, Бишкекте Hyundai (Хендэ) унаа берндинин Кыргызстандагы расмий өкүлчүлүгү жаңыртылган үч моделин сунуштады — Elantra, Sonata жана Santa Fe.
  • Келген коноктордун алдына Азиямоторс ААКнын башкы директору Владимир Лим чыгып сүйлөдү. Анын айтымына караганда, Hyundai борбору Кыргызстандагы көп жылдык ишинде миңдеген унаа сүйүүчүлөрүн кубантуу менен ата мекендик рынокту жаңы деңгээлге көтөрө алды.
  • Кеченин коноктору өзгөчө шоу программага күбө болушту
  •  Залда отургандар презентацияга чыгарылган ар бир моделге суктанып жатышты
  • Конокторго биринчилерден болуп D класстагы Hyundai Sonata унаасы тааныштырылды. Автоунаанын визиткасында, машина жогорку стандарттагы стили жана функционалдуулугу менен айрымаланары айтылган.
  • Коноктор жаңыртылган моделдер менен таанышып гана тим болбостон, аки-чүкүсүнө чейин изилдей алышкан.
  • Экинчи болуп сахнага Hyundai Elantra чыкты. Коноктор адаттан тыш, бурчтуу формалар басымдуулук кылган бул моделдин дизайнына өзгөчө көңүл бурушту.
  • Презентация учурунда келген коноктор жаңыртылган моделдердин салондун ыңгайлуулугун дагы баамдай алышты.
  • Ал эми Hyundai Santa Fe кеченин кульминациясы болду. Бул моделди тааныштырып жаткан алып баруучулар анын дизайнын жана жолдо жүрүүдөгү артыкчылыктарын белгилеп кетишти.
  • Kairos Band тобунун жандуу үн менен коштолгон программасы кечеге өзгөчө түс берди.
  • Иш чарага компаниянын өнөктөштөрү, медиа адамдары, популярдуу блогерлер жана ЖМК көүлдөрү катышты.
  • Коноктор унаалардын сырткы көрүнүшүнө гана эмес, салонуна жана технологиялык дизайнына дагы суктанып жатышты.
Кечээ күнү Hyundai (Хендэ) унаа брендинин Кыргызстандагы расмий өкүлчүлүгү жаңыртылган үч моделин сунуштады — Elantra, Sonata и Santa Fe. Презентациядан алынган 12 укмуштуудай кадрларды Sputnik агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрүңүздөр.

Кеченин коноктору ата мекендик рынокто биринчи ирет көрсөтүлгөн унаа моделдерин гана көрбөстөн шоу-программага дагы күбө болушту. Иш-чарага дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери, компаниянын өнөктөштөрү жана медиа тармагындагы белгилүү инсандар катышты.

Биринчи болуп D класстагы жогорку технологиялуу Hyundai Sonata сунушталды, анын айырмаланган өзгөчөлүктөрүнүн бири иштөө мүмкүнчүлүгү болуп саналат.

Кийинки болуп сахнага Hyundai Elantra чыкты. Коноктор адаттан тыш, бурчтуу формалар басымдуулук кылган бул моделдин дизайнына өзгөчө көңүл бурушту.

Кеченин кульминациясы Hyundai Santa Fe — SUV жолтандабасынын бет ачары болду. Анын укмуштуудай сырткы көрүнүшү менен айдоо үчүн жасалган кынтыксыз сапаттары айкалышкан.

"Азиямоторс" ЖЧКсы Hyundai унаасынын Кыргызстандагы расмий өкүлчүлүгү болуп саналат. Борбор 2010-жылдан бери иштеп, автоунааларды сатуу, сатуудан кийинки тейлөө жана оригиналдуу тетиктер (запастык бөлүктөр) менен камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтөт.

287
  • Кечээ, 26-февраль күнү, Бишкекте Hyundai (Хендэ) унаа берндинин Кыргызстандагы расмий өкүлчүлүгү жаңыртылган үч моделин сунуштады — Elantra, Sonata жана Santa Fe.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кечээ, 26-февраль күнү, Бишкекте Hyundai (Хендэ) унаа брендинин Кыргызстандагы расмий өкүлчүлүгү жаңыртылган үч моделин сунуштады — Elantra, Sonata жана Santa Fe

  • Келген коноктордун алдына Азиямоторс ААКнын башкы директору Владимир Лим чыгып сүйлөдү. Анын айтымына караганда, Hyundai борбору Кыргызстандагы көп жылдык ишинде миңдеген унаа сүйүүчүлөрүн кубантуу менен ата мекендик рынокту жаңы деңгээлге көтөрө алды.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Келген коноктордун алдына "Азиямоторс" ААКнын башкы директору Владимир Лим чыгып сүйлөдү. Анын айтымына караганда, Hyundai борбору Кыргызстандагы көп жылдык ишинде миңдеген унаа сүйүүчүлөрүн кубантуу менен ата мекендик рынокту жаңы деңгээлге көтөрө алды

  • Кеченин коноктору өзгөчө шоу программага күбө болушту
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кеченин коноктору өзгөчө шоу программага күбө болушту

  •  Залда отургандар презентацияга чыгарылган ар бир моделге суктанып жатышты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Залда отургандар презентацияга чыгарылган ар бир моделге суктанып жатышты

  • Конокторго биринчилерден болуп D класстагы Hyundai Sonata унаасы тааныштырылды. Автоунаанын визиткасында, машина жогорку стандарттагы стили жана функционалдуулугу менен айрымаланары айтылган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Конокторго биринчилерден болуп D класстагы Hyundai Sonata унаасы тааныштырылды. Автоунаанын визиткасында машина жогорку стандарттагы стили жана функционалдуулугу менен айырмаланары айтылган

  • Коноктор жаңыртылган моделдер менен таанышып гана тим болбостон, аки-чүкүсүнө чейин изилдей алышкан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Коноктор жаңыртылган моделдер менен таанышып гана тим болбостон, аки-чүкүсүнө чейин изилдей алышкан

  • Экинчи болуп сахнага Hyundai Elantra чыкты. Коноктор адаттан тыш, бурчтуу формалар басымдуулук кылган бул моделдин дизайнына өзгөчө көңүл бурушту.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Экинчи болуп сахнага Hyundai Elantra чыкты. Коноктор адаттан тыш, бурчтуу формалар басымдуулук кылган бул моделдин дизайнына өзгөчө көңүл бурушту

  • Презентация учурунда келген коноктор жаңыртылган моделдердин салондун ыңгайлуулугун дагы баамдай алышты.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Презентация учурунда келген коноктор жаңыртылган моделдердин салонунун ыңгайлуулугун дагы баамдай алышты

  • Ал эми Hyundai Santa Fe кеченин кульминациясы болду. Бул моделди тааныштырып жаткан алып баруучулар анын дизайнын жана жолдо жүрүүдөгү артыкчылыктарын белгилеп кетишти.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ал эми Hyundai Santa Fe кеченин кульминациясы болду. Бул моделди тааныштырып жаткан алып баруучулар анын дизайнын жана жолдо жүрүүдөгү артыкчылыктарын белгилеп кетишти

  • Kairos Band тобунун жандуу үн менен коштолгон программасы кечеге өзгөчө түс берди.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Kairos Band тобунун жандуу үн менен коштолгон программасы кечеге өзгөчө түс берди

  • Иш чарага компаниянын өнөктөштөрү, медиа адамдары, популярдуу блогерлер жана ЖМК көүлдөрү катышты.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Иш-чарага компаниянын өнөктөштөрү, медиа адамдары, популярдуу блогерлер жана ЖМК өкүлдөрү катышты

  • Коноктор унаалардын сырткы көрүнүшүнө гана эмес, салонуна жана технологиялык дизайнына дагы суктанып жатышты.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Коноктор унаалардын сырткы көрүнүшүнө гана эмес, салонуна жана технологиялык дизайнына дагы суктанып жатышты

Белгилер:
Hyundai, авто, презентация, Бишкек

Брюс Лини туураган Нурмухаммед өзгөчө өнөрү менен рекорд койду. Видео

0
(жаңыланган 18:20 01.03.2021)
Брюс Линин ыкмаларын дал өзүндөй жасаган кыргызстандык жеткинчек Нурмухаммед Ташмаматов Россиянын Биринчи каналы уюштурган "Я почти знаменит" долбооруна катышты. Ал нунчакты колдонуп, өнөрүн тартуулады.

Кыргызстандык бала бир мүнөттүн ичинде теннис столунун үстүндө нунчак менен 49 ирет топту тосуп кайра урган. Рекорддун видеосу Interrecord эл аралык агенттигинин YouTube-каналына жарыяланды.

Interrecord — рекорддорду каттоого алган эл аралык агенттик. Алар 10 жаштагы кыргыз баланын рекордун расмий түрдө каттоого алган. Бул боюнча сертификатты Ташмаматовго агенттиктин директору Влад Капыло тапшырган.

"Я почти знаменит" долбоору Биринчи каналда (Россия) жыл жаңырганда башталган. Анда катышуучулар телекөрүүчүлөргө элде жок өнөрлөрүн көрсөтөт. Ар бирине мүмкүнчүлүк берилип, аларды үч адамдан турган калыстар тобу баалайт.

Ар бир тандоо турунда 11 катышуучу финалга чыгуу үчүн таймашат. Программанын баш байгеси — үч миллион рубль.

Белгилей кетсек, Брюс Лини туурап, анын ыкмаларын жасаган кыргызстандык бала буга чейин Биринчи каналдын "Лучше всех" долбооруна да катышкан.

0
Белгилер:
Нурмухаммед Ташмаматов, видео, өнөр, теннис, рекорд, жеткинчек, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандык кыз "Лучше всех" шоусунда спорттун өзгөчө түрүн көрсөттү. Видео