Тажикстан Кыргызстан беттеши: оюн учурунда тартылган сүрөттөр

191
(жаңыланган 15:05 30.03.2016)
  • Тажикстандын курама командасынын баштапкы курамы
  • Кыргызстандын курама командасынын баштапкы курамы. Арткы катарда (солдон оңду карай): Байматов, Майер, Люкс, Дүйшөбеков, Матяш, Тэго. Алдыңкы (солдон оңду карай): Бернхардт, Землянухин, Исраилов, Мусабеков, Кичин
  • Кыргызстандык күйөрмандар. Алар ат арытып дал ушул беттеште футболчуларды колдоо үчүн келишкен
29-мартта Душанбе шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары беттешип, оюн 1:0 эсебинде кыргызстандыктардын пайдасына чечилди.

Бул оюн Кыргызстандын курама командасы Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо раунддарындагы акыркы оюну болчу. Оюн Душанбе шаарындагы "Центральный" стадионунда өттү.

Оюндагы алгачкы жана акыркы голду Виталий Люкс биринчи таймдын 18-мүнөтүндө киргизди. 

Таймаштын жүрүшүндө тажикстандык оюнчулар топко көп ээлик кылганы менен андан майнап чыккан жок.

Бул беттешүүдө кыргызстандык оюнчулар кызыл форма кийишсе, тажикстандыктар ак форма менен ойношту. Ага өзбекстандык калыстар көз салышты.

Кыргызстандын курама командасы "В" тайпасында ишенимдүү түрдө үчүнчү орунду ээледи. Азыркы оюн бул жыйынтыкка эч кандай таасир бербейт. КР курамасы дүйнөлүк чемпионаттын кийинки раунддарына чыгуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарган. Бирок, 2019-жылы Азия чемпионатынын квалификациялык раунддарына чыгууга шансы бар.

191
  • Тажикстандын курама командасынын баштапкы курамы
    © Sputnik / Таджикистан

    Тажикстандын курама командасынын баштапкы курамы

  • Кыргызстандын курама командасынын баштапкы курамы. Арткы катарда (солдон оңду карай): Байматов, Майер, Люкс, Дүйшөбеков, Матяш, Тэго. Алдыңкы (солдон оңду карай): Бернхардт, Землянухин, Исраилов, Мусабеков, Кичин
    © Sputnik / Таджикистан

    Кыргызстандын курама командасынын баштапкы курамы. Арткы катарда (солдон оңду карай): Байматов, Майер, Люкс, Дүйшөбеков, Матяш, Тэго. Алдыңкы (солдон оңду карай): Бернхардт, Землянухин, Исраилов, Мусабеков, Кичин

  • Кыргызстандык күйөрмандар. Алар ат арытып дал ушул беттеште футболчуларды колдоо үчүн келишкен
    © Sputnik / Таджикистан

    Кыргызстандык күйөрмандар. Алар ат арытып дал ушул беттеште футболчуларды колдоо үчүн келишкен

  • Тажикстандык футболчулардын бир нече жолу гол киргизгенге мүмкүнчүлүгү болду
    © Sputnik / Таджикистан

    Тажикстандык футболчулардын бир нече жолу гол киргизгенге мүмкүнчүлүгү болду

  • Кыргызстандык футболчулар жакшы коргоно алышты
    © Sputnik / Таджикистан

    Кыргызстандык футболчулар жакшы коргоно алышты

  • Биринчи таймдын 18-мүнөтүндө Виталий Люкс эсепти ачты
    © Sputnik / Таджикистан

    Биринчи таймдын 18-мүнөтүндө Виталий Люкс эсепти ачты

  • Эсепти теңөөгө тажикстандык оюнчулар аябай аракет кылышты
    © Sputnik / Таджикистан

    Эсепти теңөөгө тажикстандык оюнчулар аябай аракет кылышты

  • Дарбазачы Павел Матяш КР курама командасын бир канча жолу сактап калды. Ал дарбазага катары менен тебилген топту тосуп калды
    © Sputnik / Таджикистан

    Дарбазачы Павел Матяш КР курама командасын бир канча жолу сактап калды. Ал дарбазага катары менен тебилген топту тосуп калды

  • Кыргызстандык оюнчулардын контрчабуулу. Сүрөттө Азамат Байматов (7), Эдгар Бернхардт (23) жана Антон Землянухин (22)
    © Sputnik / Таджикистан

    Кыргызстандык оюнчулардын контрчабуулу. Сүрөттө Азамат Байматов (7), Эдгар Бернхардт (23) жана Антон Землянухин (22)

  • Матч Таджикистан — Кыргызстан в рамках отборочного раунда чемпионата мира 2018 года
    © Sputnik / Таджикистан

    Оюндун 50-мүнөтүндө тажикстандыктар атаандашынын дарбазасына топ тепкени менен ал оффсайддан кирип, эсептелген жок

  • Кыргызстандык оюнчулар Душанбе шаарында өткөн бул беттеште жеңишке жетти
    © Sputnik / Таджикистан

    Кыргызстандык оюнчулар Душанбе шаарында өткөн бул беттеште жеңишке жетти

Белгилер:
Тажикстан, Душанбе, футбол
Тема:
Кыргызстан менен Тажикстандын беттеши (27)
Тема боюнча
Тажикстандык футболчулардын машыктыруучусу ооруканага жаткырылды
Футболчуларды колдоо үчүн кыргызстандык ырчы-чоорчулар Душанбеге барышат

Геннадий Базаров сүйүүсүн тапкан. "Көздүн кареги" тасмасындагы ирмемдер

224
(жаңыланган 17:19 16.10.2021)
  • СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева менен Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Бейшеналиев
  • Болот Бейшеналиев Москвада жашап-иштеген Эркиндин образында
  • Болот Бейшеналиев башкы каарман Эркиндин, россиялык актриса Светлана Данильченко аялынын ролунда
  • Киночулар Москванын метросунда түнү менен иштеген. Себеби күндүз тартуу иштерине уруксат берилген эмес
  • Башкы каармандын көзү өтүп кеткен атасынын ролун Сүймөнкул Чокморов ойногон
  • Москвада Кызыл аянтта кызуу иштеген киночулар. Камеранын ары жагында көз айнекчен турган Базаров
  • Тартуу маалында актрисага көз салган режиссер
  • Балмуздак жеген СССРдин эл артисти жана кичинекей актриса
  • Медель Маниязов, Советбек Жумадылов жана Орозбек Кутманалиев, Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары, 1976-жыл
  • СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, режиссер Геннадий Базаров, актриса Светлана Данильченко
  • Өз мекенине келип жакындарына жолуккан Эркин
Быйыл ата мекендик кинематография 80 жылдыгын белгилөөдө. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргыз киночулары жараткан тасмалардагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.

Мындан 45 жыл мурун белгилүү режиссер Геннадий Базаров "Көздүн кареги" тасмасын тарткан. Анын сценарийин Ашым Жакыпбеков менен Леонид Дядюченко жазган эле. Кинокартина Москвада сүйүүсүн таап, ошол жактан орун-очок алган жигит менен анын апасынын ортосундагы мамиле, туулуп-өскөн жеринен алыс жүргөн Экриндин ички сезимдери баяндалат. Фильмде башкы ролду Бакен Кыдыкеева (Асылкан), Болот Бейшеналиев (Эркин) аткарган.

Ошол учурду аталган тасманы жаратуу ишине катышкан кинофотограф Александр Федоров мындайча эскерди:

"Тасмада жакындары, апасы менен көп байланышпай Москвада иштеген Эркиндин жашоосу, уулунун жашоо-турмушун, үй-бүлөсүн өз көзү менен көргүсү келген апанын окуясы көрсөтүлөт. Биз тартуу иштерине Москвага барганда аябай кубанганбыз. Актердук курам да күчтүү болчу. Кыдыкеева, Бейшеналиев өңдүү эки корифей кинофильмдин көркүн ачкан. Тасманын администратору болуп жаңы эле жогорку окуу жайды бүткөн Райва Тойгонбаева келген. Ошол убакта Геннадий экөөнүн мамилеси жакшы болуп кийин киночулардын үй-бүлөсү пайда болгон", — деди Федоров.

Көркөм фильм 1977-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, Бакен Кыдыкеева Ригада өткөн Бүткүл союздук кинофестивалда сыйлыкка татыган.

Адамдардын ички ой толгоосун, кусалыгын чагылдырган эмгекке Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов, Медель Маниязов, Орозбек Кутманалиев, Жээнбек Мукамбетов, Медер Сыдыков, Бакы Өмүралиев, Мамлакат Кылычева, Алиман Жангорозова, Клара Юсупжанова да катышкан.

224
  • СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева менен Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Бейшеналиев
    © Sputnik / Александр Федоров

    СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева менен Кыргыз Республикасынын эл артисти Болот Бейшеналиев

  • Болот Бейшеналиев Москвада жашап-иштеген Эркиндин образында
    © Sputnik / Александр Федоров

    Болот Бейшеналиев Москвада жашап-иштеген Эркиндин образында

  • Болот Бейшеналиев башкы каарман Эркиндин, россиялык актриса Светлана Данильченко аялынын ролунда
    © Sputnik / Александр Федоров

    Болот Бейшеналиев башкы каарман Эркиндин, россиялык актриса Светлана Данильченко аялынын ролунда

  • Киночулар Москванын метросунда түнү менен иштеген. Себеби күндүз тартуу иштерине уруксат берилген эмес
    © Sputnik / Александр Федоров

    Киночулар Москванын метросунда түнү менен иштеген. Себеби күндүз тартуу иштерине уруксат берилген эмес

  • Башкы каармандын көзү өтүп кеткен атасынын ролун Сүймөнкул Чокморов ойногон
    © Sputnik / Александр Федоров

    Башкы каармандын көзү өтүп кеткен атасынын ролун Сүймөнкул Чокморов ойногон

  • Москвада Кызыл аянтта кызуу иштеген киночулар. Камеранын ары жагында көз айнекчен турган Базаров
    © Sputnik / Александр Федоров

    Москвада Кызыл аянтта кызуу иштеген киночулар. Камеранын ары жагында көз айнекчен турган Базаров

  • Көздүн кареги кинокартинасындагы кадр артындагы учур: Кыдыкеева ролун кайрадан кайталап жаттап жатат
    © Sputnik / Александр Федоров

    "Көздүн кареги" кинокартинасындагы кадр артындагы учур: Кыдыкеева ролун кайрадан кайталап жаттап жатат

  • Тартуу маалында актрисага көз салган режиссер
    © Sputnik / Александр Федоров

    Тартуу маалында актрисага көз салган режиссер

  • Балмуздак жеген СССРдин эл артисти жана кичинекей актриса
    © Sputnik / Александр Федоров

    Балмуздак жеген СССРдин эл артисти жана кичинекей актриса

  • Медель Маниязов, Советбек Жумадылов жана Орозбек Кутманалиев, Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары, 1976-жыл
    © Sputnik / Александр Федоров

    Медель Маниязов, Советбек Жумадылов жана Орозбек Кутманалиев, Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары, 1976-жыл

  • СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, режиссер Геннадий Базаров, актриса Светлана Данильченко
    © Sputnik / Александр Федоров

    СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева, режиссер Геннадий Базаров, актриса Светлана Данильченко

  • Өз мекенине келип жакындарына жолуккан Эркин
    © Sputnik / Александр Федоров

    Өз мекенине келип жакындарына жолуккан Эркин

Белгилер:
режиссер, Геннадий Базаров, тасма, сүрөт
Тема боюнча
Композ, Жаздык 66 жашта. Актер, режиссер Мурат Мамбетов жараткан образдар
Академиянын алгачкы президенти болгон. Иса Ахунбаевдин сүрөттө калган ирмемдери

Тоолордун кучагында... Жаңы жолдогу эң чоң көпүрөнүн курулушунан ажайып сүрөттөр

542
  • Кыргызстандагы эң чоң эстакадалык көпүрө Түндүк — Түштүк альтернативалуу унаа жолунун 282-чакырымында жайгашкан. Анын узундугу 1 076 метрди түзөт. Көпүрөнүн дээрлик 90,7 пайызы бүттү.
  • Жаңы трассанын 253-чакырымындагы иштер куруучулар үчүн кыйынчылык жараткан. Жардыргыч заттардын жардамы менен 106 метр бийиктиктеги асканы бузуп өтүп жол курууга туура келген.
  • Узундугу 396 метрди түзгөн экинчи көпүрөнүн 97 пайызы бүтүп, асфальт төшөлдү
  • Трассанын буга чейин такыр жол жок 100 чакырымдан ашык бөлүгүнө жаңы жол салынды
  • Көпүрөнүн дрондон тартылган көрүнүшү. Тогуз-Торо ГЭСи курулса көпүрөнүн астындагы жерлер суу астында калат.
  • Субподрядчылар көпүрөгө Россия өндүрүшүнөн чыккан, сыздан сактоочу (гидроизоляция) каражаттарды төшөп жатышат. Жолдун эки тарабына тротурарлар түшөт.
  • Курулушка эң жогорку сапаттагы цемент колдонулган, анын атайын кошулмалары Германиядан алып келинген.
  • Түндүк — Түштүк жолу Жалал-Абад менен Балыкчыны туташтырат. Жолдун айыл аралаган бөлүгү төрт тилке, ал эми талаа жерлери эки тилкелүү болот.
  • Нарын дарыясындагы экинчи көпүрөдөн Казарман тарапты караган көрүнүш
  • Көк-Арт ашуусунда Фергана кырка тоосу аркылуу өткөн Кыргызстандагы эң чоң тоннель курулуп жатат. Бул объект альтернативалык жолдун эң кымбатка турган бөлүгү болуп саналат.
  • Жумуш эки мөөнөт менен күнү-түнү жүрүүдө. Куруучулардын бир бөлүгү тоннелдин түштүк тарабынан, экинчи топ түндүк жагынан тешип келе жатышат. Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, жол пайдаланууга берилгенден кийин өлкөнүн түштүк аймактарынын жашоочулары Балыкчыга алты сааттын ичинде жете алышат.
  • Аскалар жардырылып, анын таштары оор жүк ташыган унааларга, ал эми майда шагылы экскаватор менен жүктөлүп ташылат. Жалпы узундугу 3 800 метрди түзгөн тоннелдин учурда 2 907 метри казылган.
  • Жолдун туурасы (кеңдиги) 8,5 метрди түзөт, ал эми эки тарабынан 0,75 метрден тротуар болот. Долбоордун жалпы наркы 137 миллион долларды түзүүдө. Подрядчы бул объектини 2022-жылдын аягында бүткөрүүнү пландап жатат.
Кыргызстанда Жалал-Абад менен Балыкчыны туташтырган Түндүк — Түштүк альтернативалуу унаа жолун куруу иши кызуу жүрүүдө. Sputnik Кыргызстандын сүрөт кабарчысы ири курулуш жүрүп жаткан жерге барып келди.

2014-жылы Кыргызстанда тоонун өйүз-бүйүзүн байланыштыруу үчүн Түндүк — Түштүк жолунун курулушу башталган. Бишкек — Ош кан жолу учурда өлкөнүн башкы транспорттук артериясы катары кала бергени менен улам өсүп жаткан агымга туруштук бере албай калууда. Күн сайын жолдон 10-18 миң унаа өтөт.

Бишкек — Ош жолуна салыштырмалуу жаңы магистралда бийик ашуулар, өрүү жана чукул ылдый түшүүчү жерлери жок. Транспорт министрлиги альтернативалык трассанын өзгөчөлүгү анын тегиздигинде экенин белгиледи.

Азыркы тапта Түндүк — Түштүк жолунда Нарын дарыясынан өтүүчү эки эстакадалык көпүрөнүн курулушу аяктоодо. Келерки жылдын соңунда Көк-Арт ашуусун тешип өткөн тоннелдин курулушун бүткөрүү пландалып жатат. Трассаны колдонууга берүүнүн мөөнөтү бир нече ирет кечиктирилди. Транспорт министрлигинин акыркы маалыматтарына ылайык, ири жол 2024-жылы толук бүткөрүлөт.

Түндүк — Түштүк альтернативалуу унаа жолу насыянын эсебинен курулуп жатат.

 

542
  • Кыргызстандагы эң чоң эстакадалык көпүрө Түндүк — Түштүк альтернативалуу унаа жолунун 282-чакырымында жайгашкан. Анын узундугу 1 076 метрди түзөт. Көпүрөнүн дээрлик 90,7 пайызы бүттү.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кыргызстандагы эң чоң эстакадалык көпүрө Түндүк — Түштүк альтернативалуу унаа жолунун 282-чакырымында жайгашкан. Анын узундугу 1 076 метрди түзөт. Көпүрөнүн дээрлик 90,7 пайызы бүттү.

  • Жаңы трассанын 253-чакырымындагы иштер куруучулар үчүн кыйынчылык жараткан. Жардыргыч заттардын жардамы менен 106 метр бийиктиктеги асканы бузуп өтүп жол курууга туура келген.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жаңы трассанын 253-чакырымындагы иштер куруучулар үчүн кыйынчылык жараткан. Жардыргыч заттардын жардамы менен 106 метр бийиктиктеги асканы бузуп өтүп жол курууга туура келген.

  • Узундугу 396 метрди түзгөн экинчи көпүрөнүн 97 пайызы бүтүп, асфальт төшөлдү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Узундугу 396 метрди түзгөн экинчи көпүрөнүн 97 пайызы бүтүп, асфальт төшөлдү

  • Трассанын буга чейин такыр жол жок 100 чакырымдан ашык бөлүгүнө жаңы жол салынды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Трассанын буга чейин такыр жол жок 100 чакырымдан ашык бөлүгүнө жаңы жол салынды

  • Көпүрөнүн дрондон тартылган көрүнүшү. Тогуз-Торо ГЭСи курулса көпүрөнүн астындагы жерлер суу астында калат.
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    Көпүрөнүн дрондон тартылган көрүнүшү. Тогуз-Торо ГЭСи курулса көпүрөнүн астындагы жерлер суу астында калат.

  • Субподрядчылар көпүрөгө Россия өндүрүшүнөн чыккан, сыздан сактоочу (гидроизоляция) каражаттарды төшөп жатышат. Жолдун эки тарабына тротурарлар түшөт.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Субподрядчылар көпүрөгө Россия өндүрүшүнөн чыккан, сыздан сактоочу (гидроизоляция) каражаттарды төшөп жатышат. Жолдун эки тарабына тротурарлар түшөт.

  • Курулушка эң жогорку сапаттагы цемент колдонулган, анын атайын кошулмалары Германиядан алып келинген.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Курулушка эң жогорку сапаттагы цемент колдонулган, анын атайын кошулмалары Германиядан алып келинген.

  • Түндүк — Түштүк жолу Жалал-Абад менен Балыкчыны туташтырат. Жолдун айыл аралаган бөлүгү төрт тилке, ал эми талаа жерлери эки тилкелүү болот.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Түндүк — Түштүк жолу Жалал-Абад менен Балыкчыны туташтырат. Жолдун айыл аралаган бөлүгү төрт тилке, ал эми талаа жерлери эки тилкелүү болот.

  • Нарын дарыясындагы экинчи көпүрөдөн Казарман тарапты караган көрүнүш
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Нарын дарыясындагы экинчи көпүрөдөн Казарман тарапты караган көрүнүш

  • Көк-Арт ашуусунда Фергана кырка тоосу аркылуу өткөн Кыргызстандагы эң чоң тоннель курулуп жатат. Бул объект альтернативалык жолдун эң кымбатка турган бөлүгү болуп саналат.
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    Көк-Арт ашуусунда Фергана кырка тоосу аркылуу өткөн Кыргызстандагы эң чоң тоннель курулуп жатат. Бул объект альтернативалык жолдун эң кымбатка турган бөлүгү болуп саналат.

  • Жумуш эки мөөнөт менен күнү-түнү жүрүүдө. Куруучулардын бир бөлүгү тоннелдин түштүк тарабынан, экинчи топ түндүк жагынан тешип келе жатышат. Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, жол пайдаланууга берилгенден кийин өлкөнүн түштүк аймактарынын жашоочулары Балыкчыга алты сааттын ичинде жете алышат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жумуш эки мөөнөт менен күнү-түнү жүрүүдө. Куруучулардын бир бөлүгү тоннелдин түштүк тарабынан, экинчи топ түндүк жагынан тешип келе жатышат. Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, жол пайдаланууга берилгенден кийин өлкөнүн түштүк аймактарынын жашоочулары Балыкчыга алты сааттын ичинде жете алышат.

  • Аскалар жардырылып, анын таштары оор жүк ташыган унааларга, ал эми майда шагылы экскаватор менен жүктөлүп ташылат. Жалпы узундугу 3 800 метрди түзгөн тоннелдин учурда 2 907 метри казылган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Аскалар жардырылып, анын таштары оор жүк ташыган унааларга, ал эми майда шагылы экскаватор менен жүктөлүп ташылат. Жалпы узундугу 3 800 метрди түзгөн тоннелдин учурда 2 907 метри казылган.

  • Жолдун туурасы (кеңдиги) 8,5 метрди түзөт, ал эми эки тарабынан 0,75 метрден тротуар болот. Долбоордун жалпы наркы 137 миллион долларды түзүүдө. Подрядчы бул объектини 2022-жылдын аягында бүткөрүүнү пландап жатат.
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    Жолдун туурасы (кеңдиги) 8,5 метрди түзөт, ал эми эки тарабынан 0,75 метрден тротуар болот. Долбоордун жалпы наркы 137 миллион долларды түзүүдө. Подрядчы бул объектини 2022-жылдын аягында бүткөрүүнү пландап жатат.

Белгилер:
Кыргызстан, көпүрө, тоннель, сүрөт, Түндүк — Түштүк альтернативалуу жолу
Тема боюнча
Күн чачыраган тоолор... Түндүк — Түштүк жолундагы керемет табияттын видеосу
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров

Жүк ташуучу автоунаалар көбөйтүлөт. Акылбек Жапаров "Торугартка" барды

0
Жапаров учурда Нарында жумушчу сапары менен жүрөт. "Торугарттан" тышкары, Тайлак баатыр атындагы чек ара аскер бөлүгүнүн заставасынын абалы менен таанышты.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү жайына  барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жапаров "Фантузи" контейнердик кранынын иши менен таанышып чыккан.

"Ал мындан ары жүктөөлөр Арка аймагында  (Арка — Кытай менен Кыргызстандын чек арасынын ортосундагы нейтралдуу аймак) эмес, "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктунда ишке ашырыларын жана жүк ташуучу автоунаалардын саны көбөйтүлө турганын белгилеген.  Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы дезинфекциялык барьердин абалы менен таанышып, анын инфраструктурасын жакшыртууну тапшырды", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Жапаров Тайлак баатыр атындагы чек ара аскер бөлүгүнүн заставасынын абалы менен таанышкан.

0
Белгилер:
Нарын облусу, 'Торугарт' көзөмөл өткөрүү пунку, Акылбек Жапаров, жумушчу, сапар, тапшырма
Тема боюнча
Президенттин администрациясында бөлүмдөрдүн ордуна 4 башкармалык болору айтылды