Ордолуу Ош шаарынын күнүмдүк жашоосу тууралуу сүрөт баян

(жаңыланган 17:25 30.03.2016)
  • Жайма базар. Бул жер түнгө дейре иштей берет
  • Ошко келген коноктор сөзсүз түрдө улуттук кийимдер жайгашкан базарга баш багышат. Ал жактан таза кийизден жасалган калпактарды, шөкүлөлөрдү кезиктирүүгө болот
  • Кургатылган мөмө-жемишсиз түштүк базарын элестетүү мүмкүн эмес
  • Кечки базардагы тамшандырган тандыр нандары
  • Ош шаарында Кылым курулушу деп аталган эстакадалык көпүрө 2015-жылдын 28-октябрында пайдаланууга берилди. Курулуш иштерине Россиянын гранттык каражатынан 667 миллион сом бөлүнгөн. Көпүрөнүн узундугу 265, туурасы 23,9 метр. Автоунаалар төрт тилке менен жүрөт
  • Түнкү шаар ай шооласында көз жоосун алат. Келген туристтер кечкисин Сулайман Тоого чыгып сүрөткө түшүүнү салтка айланткан.
500 миң тургун жашоо кечирген Ош шаары бүгүнкү күндө дүркүрөп өсүү жолунда. Жаңы көпүрө курулуп бүтүп, колдонууга берилген.

Шаарда өзбөк жана кыргыздардан тышкары орус, түрк, татар, уйгур, тажик, азербайжан жана башка улуттар жашайт. Алардын көпчүлүгү базарда соода менен алектенет.

Ош шаары Кыргызстандын аймагындагы байыркы шаарлардын бири. Шаар Кичи-Алай тоо кыркасынын түндүк этегиндеги Фергана өрөөнүнүн четинде деңиз деңгээлинен 1000 метрден ашуун бийиктикте жайгашкан. Шаардын борборунда Ак-Буура суусунун сол жээгинен Сулайман тоосу орун алган. Анын узундугү – 1140, туурасы – 560 метрди түзөт. Чыгыш чокусунда дээрлик 150 метр бийиктикте архитектура эстелиги жана шаардын эн кооз жерлердинин бири Сулайман Так мечити курулган. Келген туристтердин көпчүлүгү түңкүсүн тоого чыгып, Ош шаарынын кооздугуна суктанышат. 

Ош шаарынын кооздугун Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз.

  • Ош шаарына кире бериште Алымбек датка менен эки жолборстун эстелиги тосуп алат. Ал эми шаар ушул аркадан башталат
    © Sputnik / Исмаил Мамытов

    Ош шаарына кире бериште Алымбек датка менен эки жолборстун эстелиги тосуп алат. Ал эми шаар ушул аркадан башталат

  • Шаардын көпчүлүк бөлүгүн базар ээлеп турат. Ал жерден чанда кездешчү гүлдөрдүн уругун да тапса болот
    © Sputnik / Исмаил Мамытов

    Шаардын көпчүлүк бөлүгүн базар ээлеп турат. Ал жерден чанда кездешчү гүлдөрдүн уругун да тапса болот

  • Ошто шекерди чанда колдонушат. Уламыш боюнча майлуу мантудан кийин көк чайга нават салып ичүү керек. Ошол үчүн базардан тоодой үйүлгөн наваттарды кезиктирүүгө болот
    © Sputnik / Исмаил Мамытов

    Ошто шекерди чанда колдонушат. Уламыш боюнча майлуу мантудан кийин көк чайга нават салып ичүү керек. Ошол үчүн базардан тоодой үйүлгөн наваттарды кезиктирүүгө болот

  • Жайма базар. Бул жер түнгө дейре иштей берет
    © Sputnik / Исмаил Мамытов

    Жайма базар. Бул жер түнгө дейре иштей берет

  • Өзгөн күрүчүнөн демделген аш. Аны базардын так ортосунда жайгашкан чайхананын ашпозчусу демдеген
    © Sputnik / Исмаил Мамытов

    Өзгөн күрүчүнөн демделген аш. Аны базардын так ортосунда жайгашкан чайхананын ашпозчусу демдеген

  • Ошко келген коноктор сөзсүз түрдө улуттук кийимдер жайгашкан базарга баш багышат. Ал жактан таза кийизден жасалган калпактарды, шөкүлөлөрдү кезиктирүүгө болот
    © Sputnik / Исмаил Мамытов

    Ошко келген коноктор сөзсүз түрдө улуттук кийимдер жайгашкан базарга баш багышат. Ал жактан таза кийизден жасалган калпактарды, шөкүлөлөрдү кезиктирүүгө болот

  • Кургатылган мөмө-жемишсиз түштүк базарын элестетүү мүмкүн эмес
    © Sputnik / Исмаил Мамытов

    Кургатылган мөмө-жемишсиз түштүк базарын элестетүү мүмкүн эмес

  • Кечки базардагы тамшандырган тандыр нандары
    © Sputnik / Исмаил Мамытов

    Кечки базардагы тамшандырган тандыр нандары

  • Ош шаарында Кылым курулушу деп аталган эстакадалык көпүрө 2015-жылдын 28-октябрында пайдаланууга берилди. Курулуш иштерине Россиянын гранттык каражатынан 667 миллион сом бөлүнгөн. Көпүрөнүн узундугу 265, туурасы 23,9 метр. Автоунаалар төрт тилке менен жүрөт
    © Sputnik / Исмаил Мамытов

    Ош шаарында "Кылым курулушу" деп аталган эстакадалык көпүрө 2015-жылдын 28-октябрында пайдаланууга берилди. Курулуш иштерине Россиянын гранттык каражатынан 667 миллион сом бөлүнгөн. Көпүрөнүн узундугу 265, туурасы 23,9 метр. Автоунаалар төрт тилке менен жүрөт

  • Эстакадалык көпүрөнүн төмөнкү көрүнүшү. Жаштар көбүнчө бул жерден жетелешип басканды жактырышат
    © Sputnik / Исмаил Мамытов

    Эстакадалык көпүрөнүн төмөнкү көрүнүшү. Жаштар көбүнчө бул жерден жетелешип басканды жактырышат

  • Жаңы эстакадалык көпүрө колдонууга берилген соң, бул жерди шаар тургундары эски көпүрө деп атап калышкан
    © Sputnik / Исмаил Мамытов

    Жаңы эстакадалык көпүрө колдонууга берилген соң, бул жерди шаар тургундары "эски көпүрө" деп атап калышкан

  • Түнкү шаар ай шооласында көз жоосун алат. Келген туристтер кечкисин Сулайман Тоого чыгып сүрөткө түшүүнү салтка айланткан.
    © Sputnik / Исмаил Мамытов

    Түнкү шаар ай шооласында көз жоосун алат. Келген туристтер кечкисин Сулайман Тоого чыгып сүрөткө түшүүнү салтка айланткан.

Белгилер:
тандыр, базар, сүрөт, Ош
Тема боюнча
Фрунзедеги жаз же ошол кездеги жашыл шаарга саякат. Архивдик сүрөттөр
Түнкү Бишкек. Кулпурган шаар асмандан кандай көрүнөт
Келечекте Бишкектин борбордук бөлүгү кандай болот

Чака-чайнек, темир-тезектен кыя өтпөгөн муун. "Космонавттар көчөсү" сүрөттө

  • Үйдөгү чака-чайнектен жасалган космонавттардын скафандрын кийген окуучулар
  • Тегеректе колдонулбай жаткан темир-тезектен салынган балдардын космодрому
  • Жаш космонавттын машыгуу учуру
  • Фильмдин оператору Илья Минковецкий, үн оператору жаш Төлөмүш Океев болгон
  • СССРде Космонавттар көчөсү тасмасы балдарга ылайыкталган эң кассалуу фильмдердин катарына кирет
  • Ырдаган, бийлеген кичинекей кыялкеч космонавттар. Тасма тартуу маалындагы ирмем
  • Милиционерлердин колуна түшкөн учкучтардын бири
  • Гагарин космосту багындыргандан кийин Кыргыз ССРинин көптөгөн айылдарында ушундай учуучу аппараттар курулган
  • Космонавтика менен ооруган, жашаган өспүрүмдөр иш үстүндө
  • Жаш учкучтардын досу Марсик
  • Кинокартинада почточунун образын жараткан Абды Ибраимов
Sputnik Кыргызстан агенттиги "кыргыз кереметинин" жаралуусуна таасир берген кинокартиналар жөнүндө сөз кылууну улантат. Бул ирет балдарга арналган "Космонавттар көчөсү" фильминдеги кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.

Өткөн кылымдын 60-жылдарынын башында Москвадагы бүткүл союздук кинематография институтунан билим алып келген алгачкы кыргыз режиссёрлору өз мекенинде космонавтика тууралуу тасма тартуу демилгесин көтөрүп чыккан. Алардын арасында сүрөтчү-коюучу Сагынбек Ишенов, оператор Кадыржан Кыдыралиев бар эле. Жаңы эле ЖОЖду бүтүрүп Фрунзеге келген киночулар фильмдин сценарийин Москвага жөнөтөт. Мамлекеттик кинематография комитетинен оң жооп алып, Кыргыз ССРинин борборуна режиссёр Марианна Рошал, оператор Илья Минковецкий атайын келген. Киночулардын көздөгөнүн камерага түшүрүүгө көмөктөшкөндөрдүн катарына кинокартинанын директору болуп Сагын Иманкулов, экинчи режиссёру катары Бекеш Абдылдаев, үн оператору болуп Төлөмүш Океев кошулган.

Юрий Гагариндин 1961-жылы 12-апрелде космоско алгачкылардан болуп учкандан кийин өсүп келе жаткан балдардын көпчүлүгү учкуч, космонавт болууну эңсеген. Мектеп окуучулары ар кайсы жерден эски темир-тезек, казан-аяктарды чогултуп космоско учуп чыгууга, планеталар арасында саякаттоого керектүү учуучу аппараттарды курашкан.

Өспүрүмдөргө арналган "Космонавттар көчөсүндө" Арстанбек Ирсалиев, Володя Зеленин, Төлөмүш Океев, Анара Садыкова, Виктор Колпаков, Даркүл Күйүкова, Калийча Рысмендиева, Шамшы Түмөнбаев, Бакы Өмүралиев, Владимир Смирнов, Күнболот Досумбаев роль жараткан.

Кинокартина "Кыргызфильм" студиясынын алдында апрель айында тартыла баштап, октябрь айында соңуна чыккан. Тасманы кары-жаш дебей миллиондогон адам көрүп, бат эле СССР элдеринин сүймөнчүлүгүнө айланып, мамлекеттик казынага ири көлөмдө акча түшкөн.

Баса, Sputnik редакциясы 12-апрелге карата космос менен Кыргызстанды байланыштырган 60 факты таап чыккан.

  • Үйдөгү чака-чайнектен жасалган космонавттардын скафандрын кийген окуучулар
    © Sputnik / Александр Федоров

    Үйдөгү чака-чайнектен жасалган космонавттардын "скафандрын" кийген окуучулар

  • Тегеректе колдонулбай жаткан темир-тезектен салынган балдардын космодрому
    © Sputnik / Александр Федоров

    Тегеректе колдонулбай жаткан темир-тезектен салынган балдардын космодрому

  • Жаш космонавттын машыгуу учуру
    © Sputnik / Александр Федоров

    Жаш "космонавттын" машыгуу учуру

  • Фильмдин оператору Илья Минковецкий, үн оператору жаш Төлөмүш Океев болгон
    © Sputnik / Александр Федоров

    Фильмдин оператору Илья Минковецкий, үн оператору жаш Төлөмүш Океев болгон

  • СССРде Космонавттар көчөсү тасмасы балдарга ылайыкталган эң кассалуу фильмдердин катарына кирет
    © Sputnik / Александр Федоров

    СССРде "Космонавттар көчөсү" тасмасы балдарга ылайыкталган эң кассалуу фильмдердин катарына кирет

  • Ырдаган, бийлеген кичинекей кыялкеч космонавттар. Тасма тартуу маалындагы ирмем
    © Sputnik / Александр Федоров

    Ырдаган, бийлеген кичинекей кыялкеч космонавттар. Тасма тартуу маалындагы ирмем

  • Милиционерлердин колуна түшкөн учкучтардын бири
    © Sputnik / Александр Федоров

    Милиционерлердин колуна түшкөн учкучтардын бири

  • Гагарин космосту багындыргандан кийин Кыргыз ССРинин көптөгөн айылдарында ушундай учуучу аппараттар курулган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Гагарин космосту багындыргандан кийин Кыргыз ССРинин көптөгөн айылдарында ушундай учуучу аппараттар курулган

  • Космонавтика менен ооруган, жашаган өспүрүмдөр иш үстүндө
    © Sputnik / Александр Федоров

    Космонавтика менен ооруган, жашаган өспүрүмдөр "иш" үстүндө

  • Жаш учкучтардын досу Марсик
    © Sputnik / Александр Федоров

    Жаш учкучтардын досу Марсик

  • Кинокартинада почточунун образын жараткан Абды Ибраимов
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кинокартинада почточунун образын жараткан Абды Ибраимов

Белгилер:
кино, космос, балдар, сүрөт, тасма, Кыргызстан
Тема боюнча
Кинодогу Сур эчки менен барстын кийинки тагдыры. "Ак илбирстин тукумунан" 13 сүрөт
Чокморов катуу ооруп жүргөндө тартылган. "Бөрү зындан" тасмасындагы ирмемдер
Тасмага казактар каршы чыккан. "Караш-Караш окуясындагы" сүрөттөр

Купальникчен лыжа тепкен сулуулар. Сочидеги фестивалдан укмуштуу сүрөттөр

Россиянын Сочи шаарында BoogelWoogel деген аталыштагы тоо карнавалы болуп, пляж костюмун кийген 700 спортчу лыжа жана сноуборд тебишти.

Абанын табы +8 гана градус болгонуна карабай сноубордчулар 1 170 метр бийиктиктен зуулдап түшүштү.

Иш-чара өткөн курортко келе албаган спортчулар ага онлайн-форматта катышты. Уюштуруучулар атайын тиркеме иштеп чыгып, иш-чарага дүйнөнүн ар кайсы жеринде туруп катышкандар болду.

BoogelWoogel карнавалы "Роза Хутор" курортунда 2016-жылдан бери өтүп келе жатат. Ага миңдеген спортчулар купальник кийип катышышат. Негизги максат — көңүлдүү убакыт өткөрүү жана Гиннесс рекорддорун жаңылоо.

 

  • © AP Photo / Artur Lebedev

    Кышкы карнавалга 700 сноубордчу жана лыжа тебүүчү катышты

  • © Sputnik / Artur Lebedev

    Абанын табы +8 гана градус болгону эч кимди чочулаткан жок

  • © AP Photo / Artur Lebedev

    Сноубордчулар 1 170 метр бийиктиктен зуулдап түшүштү

  • © Sputnik / Artur Lebedev

    Музыканын коштоосунда жүздөгөн спортчу "учуп" жөнөштү

  • © Sputnik / Artur Lebedev

    Иш-чарага онлайн-форматта катышкандар дагы болду

  • © AP Photo / Artur Lebedev

    Онлайн катышууну каалагандар үчүн уюштуруучулар атайын теркеме иштеп чыккан

  • © Sputnik / Artur Lebedev

    Сууктан коркпогон катышуучулар

  • © Sputnik / Artur Lebedev

    Онлайн-форматтагы иш-чарага чет өлкөлүк спортчулар гана эмес, россиялыктар дагы катышты

  • © Sputnik / Artur Lebedev

    BoogelWoogel карнавалы "Роза Хутор" курортунда 2016-жылдан бери өтүп келе жатат

  • © Sputnik / Artur Lebedev

    Карнавалдын негизги максаты — көңүлдүү убакыт өткөрүү жана Гиннесс рекорддорун жаңылоо

  • © Sputnik / Artur Lebedev

    Катышуучулар медициналык кароодон өтүп жатат

  • © Sputnik / Artur Lebedev

    Катышуучу аял

Белгилер:
иш-чара, лыжа, тоо, Сочи, Россия
Тема боюнча
Апта ирмеми: ич кийимчен кыздардан Марстагы тик учакка чейин

Россия тик учактын ордун баса турчу чакан аэромобилдерди чыгарат. Видео

Россиянын Перспективдүү изилдөөлөр фонду "Циклон" долбоорунун алкагында "Циклокар" деп аталган инновациялык аэромобиль чыгаруу иштерин баштады.

Бул машина 600 килограммдык жүк көтөрүүгө ылайыкталып, ичине алты адам батат. Муну жүзөгө ашыруу иштерин Россия Илимдер академиясынын Сибирдеги бөлүмүнүн Теплофизиктер институту аткарары айтылды.

Биринчи этапта машинанын алдын ала долбоору даярдалган. Ошондой эле диаметри 1,5 метрлик циклдүү кыймылдаткычын жерден сынап көрүшкөн. "Циклокардын" жалпы көлөмү (узун-туурасы) 6,2 жана 6 метрди түзөт, саатына 250 чакырымга чейинки ылдамдыкта жүрөт. Ал эми тыным албай 500 чакырымга чейин жетсе болору белгиленген.

Аэромобиль тик учакка салыштырмалуу чакан эмес, ал имараттардын четине токтоп ичиндеги адамдарды түшүрүүгө да ылайыкташкан.

Белгилер:
кыймылдаткыч, Россия, унаа, чыгаруу, учуу
Тема боюнча
Гонконгдо пандемиядан улам робот-бармендер иштей баштады. Видео