Алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун акыркы сүрөттөрү. Жазуучусуз сегиз жыл

3194
(жаңыланган 14:52 11.06.2016)
  • Мындан 8 жыл мурда кыргыз эли жана дүйнө коомчулугу улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдон айрылган. Залкар инсан Германиянын Нюрнберг шаарында оорудан көз жумган...
  • Жазмыш, мезгил аны бизден канчалык алыстаткысы келген менен биз түбөлүктүүлүктүн түркүгүн жараткан бул генийге улам жакындап, улам тартылуудабыз
  • Акыркы фото сессиядан... Чыңгыз абаны студиядан тарттык, бирок эле бир нерсе жетишпей туруп алды. Жазуучу чарчаңкы тартып турду, — деди сүрөтчү Александр Федоров
  • Бул биздин сүйүктүү Чыңгыз абабыздын  акыркы фото сессиясы, акыркы кышы экендиги  эч кимдин оюна келген эмес. Калдайган карааны менен акыркы ирет Бишкектин бульварын аралап, акыркы ирет кол тамгасын жазып...
  • Чыңгыз Айтматов уулу, көкүрөк күчүгү Элдар менен. Аккан арыктан суу агаар бекен?..
  • Сессия учурунда бир өспүрүм кайдан-жайдандыр жазуучунун китебин алып күйүгө чуркап келип, ага Айтматов каалоосун жазып, кол тамгасын калтырды.
  • Кандай бактылуу ирмемдер, кандай сыймык!  Чыңгыз абанын колун кармап, ага жанаша туруп ким эле сүрөткө түшүп жатыптыр. Бул сүрөт мага эстелик болот, — деди оң жакта турган жигит кудуңдап
  • Калемдин чебери кыл калемдин чеберлеринин эмгегине көз салып жатканда. Жашоону сүйгөн, тоолорду сүйгөн, ааламды алаканга салган Айтматов
  • Гений художниктер менен бир теманы талкуулап, өзүнө таандык кадимки каадасы, уюп турган бир сөөлөтү менен аларга сүйлөп жатты...
  • Ала-Тоо кинотеатрынын жанындагы сүрөт галереянын жанында жазуучунун пайда болушу, образдуу айтканда, майрамга айланды
  • Жаз келгенде тоого чыгып, жоогазындар гүлдөгөн маалда дагы сүрөткө тартуу пландалган... Бирок улам бир жагдайлар болуп, Чыңгыз Төрөкулович 80 жылдык юбилейге даярданып, фотосессиянын сааты чыкпай калды...
  • Чыңгыз Айтматов өзүнчө бир мухит, кемибеген кенч, улам арылаган сайын асыл таштай кайра баасын арттырган байлык. Тирүү болгондо ал быйыл 88 жашка чыкмак.
Бүгүн мындан 8 жыл мурда дүйнөлүк масштабдагы кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов Германиянын Нюрнберг шаарында оорудан көз жумган.

Бул жылдар аралыгында Айтматовду ааламдын ар кыл бурчундагы адабият сүйүүчүлөр, күйөрмандары эскерип келет. Гений миңдеген окурмандардын, күйөрмандардын, чыгармалары тарбиялаган муундун жүрөгүндө жашай бермекчи. Чыңгыз аба өзүнчө бир мухит, кемибеген кенч, улам арылаган сайын асыл таштай кайра баасын арттырган байлык.

Бүгүн Sputnik Кыргызстан үлкөн жазуучунун соңку күндөрүнөн алынган сүрөттөрдү тартуулайт. 

Бул сүрөттөр 2008-жылы классик жазуучу дүйнөдөн өтөр жылы, кыш күндөрү тартылыптыр. Ал туурасында фотограф Александр Федоров төмөнкүчө эскерди.

"Айтматов менен аны сүрөткө тартуу боюнча макулдаштык. Чынын айтсам, бул ниетибиздин ишке ашарына шексинип турдум. Себеби, колу бош эмес, иши абдан көп, анан мындай үлкөн адам болсо… Бир күнү чалып, убакыт бөлө тургандыгын айтты. Биз Алимжан Жороев экөөбүз учкан тейде студияга жетип, баарын даярдап, күтүп отуруп калдык. Ал бир аздан кийин уулу Элдар менен келди. Кофе ичип, аркы-беркини сүйлөшүп, эски сүрөттөрдү барактадык. Чыңгыз абаны студиядан тарттык, бирок эле бир нерсе жетишпей туруп алды. Жазуучу чарчаңкы тартып турду. Анан сүйлөшүп, баарыбыздын сүйүктүү жайыбыз — "Дзержинкага" барууну сунуштадык!" — деп эскерди Федоров. 

Алп жазуучуну тартып жатканда, ары-бери өткөндөр, ал тургай угуп калгандар жетип келип, жазуучу менен сүрөткө түшүү бактысына ээ болуптур.

Бүгүн, 10-июнда кыргыз коомчулугу, чыгармаларын сүйүп окугандар Чыңгыз Айтматовду дагы бир эскерип, анын чыгармаларын, каармандарын жана инсандыгын эстешет.

Ал эң көп окулган жазуучулардын бири, китептери 180ге жакын тилге которулуп, 60 миллиондон ашык нуска менен басылган. Жазуучу 2008-жылы 10-июнда 80 жашында дүйнөдөн кайткан. 

3194
  • Мындан 8 жыл мурда кыргыз эли жана дүйнө коомчулугу улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдон айрылган. Залкар инсан Германиянын Нюрнберг шаарында оорудан көз жумган...
    © Фото / Александр Федоров

    Мындан 8 жыл мурда кыргыз эли жана дүйнө коомчулугу улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдон айрылган. Залкар инсан Германиянын Нюрнберг шаарында оорудан көз жумган...

  • Жазмыш, мезгил аны бизден канчалык алыстаткысы келген менен биз түбөлүктүүлүктүн түркүгүн жараткан бул генийге улам жакындап, улам тартылуудабыз
    © Фото / Александр Федоров

    Жазмыш, мезгил аны бизден канчалык алыстаткысы келген менен биз түбөлүктүүлүктүн түркүгүн жараткан бул генийге улам жакындап, улам тартылуудабыз

  • Акыркы фото сессиядан... Чыңгыз абаны студиядан тарттык, бирок эле бир нерсе жетишпей туруп алды. Жазуучу чарчаңкы тартып турду, — деди сүрөтчү Александр Федоров
    © Фото / Александр Федоров

    Акыркы фото сессиядан... "Чыңгыз абаны студиядан тарттык, бирок эле бир нерсе жетишпей туруп алды. Жазуучу чарчаңкы тартып турду", — деди сүрөтчү Александр Федоров

  • Бул биздин сүйүктүү Чыңгыз абабыздын  акыркы фото сессиясы, акыркы кышы экендиги  эч кимдин оюна келген эмес. Калдайган карааны менен акыркы ирет Бишкектин бульварын аралап, акыркы ирет кол тамгасын жазып...
    © Фото / Александр Федоров

    Бул биздин сүйүктүү Чыңгыз абабыздын акыркы фото сессиясы, акыркы кышы экендиги эч кимдин оюна келген эмес. Калдайган карааны менен акыркы ирет Бишкектин бульварын аралап, акыркы ирет кол тамгасын жазып...

  • Чыңгыз Айтматов уулу, көкүрөк күчүгү Элдар менен. Аккан арыктан суу агаар бекен?..
    © Фото / Александр Федоров

    Чыңгыз Айтматов уулу, көкүрөк күчүгү Элдияр менен. Аккан арыктан суу агаар бекен?..

  • Сессия учурунда бир өспүрүм кайдан-жайдандыр жазуучунун китебин алып күйүгө чуркап келип, ага Айтматов каалоосун жазып, кол тамгасын калтырды.
    © Фото / Александр Федоров

    Сессия учурунда бир өспүрүм кайдан-жайдандыр жазуучунун китебин алып күйүгө чуркап келип, ага Айтматов каалоосун жазып, кол тамгасын калтырды.

  • Кандай бактылуу ирмемдер, кандай сыймык!  Чыңгыз абанын колун кармап, ага жанаша туруп ким эле сүрөткө түшүп жатыптыр. Бул сүрөт мага эстелик болот, — деди оң жакта турган жигит кудуңдап
    © Фото / Александр Федоров

    Кандай бактылуу ирмемдер, кандай сыймык! "Чыңгыз абанын колун кармап, ага жанаша туруп ким эле сүрөткө түшүп жатыптыр. Бул сүрөт мага эстелик болот", — деди оң жакта турган жигит кудуңдап

  • Калемдин чебери кыл калемдин чеберлеринин эмгегине көз салып жатканда. Жашоону сүйгөн, тоолорду сүйгөн, ааламды алаканга салган Айтматов
    © Фото / Александр Федоров

    Калемдин чебери кыл калемдин чеберлеринин эмгегине көз салып жатканда. Жашоону сүйгөн, тоолорду сүйгөн, ааламды алаканга салган Айтматов

  • Гений художниктер менен бир теманы талкуулап, өзүнө таандык кадимки каадасы, уюп турган бир сөөлөтү менен аларга сүйлөп жатты...
    © Фото / Александр Федоров

    Гений художниктер менен бир теманы талкуулап, өзүнө таандык кадимки каадасы, уюп турган бир сөөлөтү менен аларга сүйлөп жатты...

  • Ала-Тоо кинотеатрынын жанындагы сүрөт галереянын жанында жазуучунун пайда болушу, образдуу айтканда, майрамга айланды
    © Фото / Александр Федоров

    "Ала-Тоо" кинотеатрынын жанындагы сүрөт галереянын жанында жазуучунун пайда болушу, образдуу айтканда, майрамга айланды

  • Жаз келгенде тоого чыгып, жоогазындар гүлдөгөн маалда дагы сүрөткө тартуу пландалган... Бирок улам бир жагдайлар болуп, Чыңгыз Төрөкулович 80 жылдык юбилейге даярданып, фотосессиянын сааты чыкпай калды...
    © Фото / Александр Федоров

    Жаз келгенде тоого чыгып, жоогазындар гүлдөгөн маалда дагы сүрөткө тартуу пландалган... Бирок улам бир жагдайлар болуп, Чыңгыз Төрөкулович 80 жылдык юбилейге даярданып, фотосессиянын сааты чыкпай калды...

  • Чыңгыз Айтматов өзүнчө бир мухит, кемибеген кенч, улам арылаган сайын асыл таштай кайра баасын арттырган байлык. Тирүү болгондо ал быйыл 88 жашка чыкмак.
    © Фото / Александр Федоров

    Чыңгыз Айтматов өзүнчө бир мухит, кемибеген кенч, улам арылаган сайын асыл таштай кайра баасын арттырган байлык. Тирүү болгондо ал быйыл 88 жашка чыкмак.

Белгилер:
Чыңгыз Айтматов, алп адам, жазуучу, классика, гений
Тема боюнча
"Биринчи мугалим" 50 жашка толду

Катардагы жумушчудан өкмөт башчыга чейин. Апас Жумагуловдун сүрөттөгү ирмемдери

234
(жаңыланган 20:48 19.09.2021)
  • Ардактуу эс алуудагы мамлекеттик ишмер 87 жашка толду
  • Москвадан билим алып келген Апас Жумагулов кендерде геолог, башкы геолог, башкы инженер болуп иштеген. Сүрөттөн оң жакта биринчи турат, 1961-жыл
  • Кочкор-Атада иштеген жаш Жумагулов кесиптештери менен, 1971-жыл
  • Болочоктогу өкмөт башчысы студент кезинде эле жайкы каникулда шахтада, экспедицияда иштеген. Сүрөттө Апас Жумагулов курсташы Гера Пудон менен
  • СССРдин президенти Михаил Горбачев, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Апас Жумагулов жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов. Бишкек, 1991-жыл
  • Турдакун Усубалиевге жарманкенин жүрүшү боюнча маалымат берип жаткан жаш  Жумагулов, 1984-жыл
  • Кыргызстандын элчиси Жумагулов Германиянын президенти Роман Херсогго ишеним грамотасын тапшыруу учуру, 1998-жыл
  • Карапайым эл менен жолуккан өкмөт башчы. Жумагулов 1986-91-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы болгон
  • Илимпоздун аракети менен Пенза облусунда цемент заводу ачылган. Жумагулов анын долбоорлоонун башында турган
  • Белгилүү хирург Мамбет Мамакеевдин 90 жылдыгында. Ортодо Апас Жумагулов замандаштары менен
  • Мамлекеттик ишмер байбичеси менен төрт уул, эки кызды тарбиялап чоңойткон. Сүрөттө жубайлар уул-кыздары, неберелери менен
  • Жалпы жонунан 50 жылдан ашык түрдүү мамлекеттик кызматтарда эмгектенген
  • Лыжа тебүүнү жактырган пенсионер эс алуу маалында, 2005-жыл
Бүгүн көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Апас Жумагуловдун туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги 87 жашка толгон илимпоздун баскан жолундагы ирмемдерди сунуштайт.

Апас Жумагулов 1934-жылы 19-сентябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылында жарык дүйнөгө келген. Балалыгы согуш жылдарына туш келгендиктен атасы фронтко аттанган. Ошондо жаш жигит ооруган энесин багып, бир тууган эжеси менен колхоздогу уйларды караган.

Үй-бүлө башчысы фронттон аман-эсен кайтып келгенден кийин Фрунзедеги мектеп-интернатта окуп, өз күчү менен Москвадагы Губкин атындагы нефть жана газ мамлекеттик университетине өткөн. Бөтөн шаарда студент акчанын аздыгынан Кыргызстанга жылдап келе албай, дем алыш күндөрү сыра заводдо жүк ташып, поезд станцияда көмүр түшүрүп тыйын тапкан. Жогорку окуу жайды 1958-жылы ийгиликтүү аяктаган инженер-геолог ошол эле жерде аспирантурада окуп, лаборант, геолог, башкы геолог, башкы инженер болгонго жетишет. Кийин Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиев анын жөндөмүн байкап, 1973-жылы Борбордук комитетке бөлүм башчы кылып жумушка чакырган. Мамлекеттик ишмер андан соң Компартиянын катчысы, Ысык-Көл обкомунун биринчи катчысы, Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы, Жогорку Советтин бир нече чакырылышынын депутаты болуп, бүт кызматтык тепкичтерди басып өтөт.

Ошол эле маалда илимий изилдөөлөрүн да улантып, геология-минералогия илимдеринин доктору болгонго жетишет. Илимпоз өлкө көз карандысыз болгондон кийин Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы, өкмөт башчысы, беш жыл Германияда, эки жыл Россияда элчи болуп иштеген. 

Байбичеси менен төрт уул, эки кызды тарбиялап өстүргөн. I даражадагы Манас орденинин ээси. Азыр үйдүн төрүнүн көркү гана болбостон, жогорку кызматтагы аткаминерлерге да акыл-насаатын айтып келет.

234
  • Ардактуу эс алуудагы мамлекеттик ишмер 87 жашка толду
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Ардактуу эс алуудагы мамлекеттик ишмер 87 жашка толду

  • Москвадан билим алып келген Апас Жумагулов кендерде геолог, башкы геолог, башкы инженер болуп иштеген. Сүрөттөн оң жакта биринчи турат, 1961-жыл
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Москвадан билим алып келген Апас Жумагулов кендерде геолог, башкы геолог, башкы инженер болуп иштеген. Сүрөттөн оң жакта биринчи турат, 1961-жыл

  • Кочкор-Атада иштеген жаш Жумагулов кесиптештери менен, 1971-жыл
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Кочкор-Атада иштеген жаш Жумагулов кесиптештери менен, 1971-жыл

  • Болочоктогу өкмөт башчысы студент кезинде эле жайкы каникулда шахтада, экспедицияда иштеген. Сүрөттө Апас Жумагулов курсташы Гера Пудон менен
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Болочоктогу өкмөт башчысы студент кезинде эле жайкы каникулда шахтада, экспедицияда иштеген. Сүрөттө Апас Жумагулов курсташы Гера Пудон менен

  • СССРдин президенти Михаил Горбачев, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Апас Жумагулов жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов. Бишкек, 1991-жыл
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    СССРдин президенти Михаил Горбачев, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Апас Жумагулов жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов. Бишкек, 1991-жыл

  • Турдакун Усубалиевге жарманкенин жүрүшү боюнча маалымат берип жаткан жаш  Жумагулов, 1984-жыл
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Турдакун Усубалиевге жарманкенин жүрүшү боюнча маалымат берип жаткан жаш Жумагулов, 1984-жыл

  • Кыргызстандын элчиси Жумагулов Германиянын президенти Роман Херсогго ишеним грамотасын тапшыруу учуру, 1998-жыл
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Кыргызстандын элчиси Жумагулов Германиянын президенти Роман Херсогго ишеним грамотасын тапшыруу учуру, 1998-жыл

  • Карапайым эл менен жолуккан өкмөт башчы. Жумагулов 1986-91-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы болгон
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Карапайым эл менен жолуккан өкмөт башчы. Жумагулов 1986-91-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы болгон

  • Илимпоздун аракети менен Пенза облусунда цемент заводу ачылган. Жумагулов анын долбоорлоонун башында турган
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Илимпоздун аракети менен Пенза облусунда цемент заводу ачылган. Жумагулов анын долбоорлоонун башында турган

  • Белгилүү хирург Мамбет Мамакеевдин 90 жылдыгында. Ортодо Апас Жумагулов замандаштары менен
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Белгилүү хирург Мамбет Мамакеевдин 90 жылдыгында. Ортодо Апас Жумагулов замандаштары менен

  • Мамлекеттик ишмер байбичеси менен төрт уул, эки кызды тарбиялап чоңойткон. Сүрөттө жубайлар уул-кыздары, неберелери менен
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Мамлекеттик ишмер байбичеси менен төрт уул, эки кызды тарбиялап чоңойткон. Сүрөттө жубайлар уул-кыздары, неберелери менен

  • Жалпы жонунан 50 жылдан ашык түрдүү мамлекеттик кызматтарда эмгектенген
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Жалпы жонунан 50 жылдан ашык түрдүү мамлекеттик кызматтарда эмгектенген

  • Лыжа тебүүнү жактырган пенсионер эс алуу маалында, 2005-жыл
    © Фото / из личного архива Апаса Жумагулова

    Лыжа тебүүнү жактырган пенсионер эс алуу маалында, 2005-жыл

Белгилер:
Кыргызстан, коомдук ишмер, Апас Жумагулов, сүрөт, саясатчы
Тема боюнча
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы турмуш. Кыргызстандыктар сүрөттө
Элди азапка жетелеген апийим. Кара куурай Кыргызстанда кантип өстүрүлгөн? Сүрөт
Мерьем Узерли, Марк Дакаскос, Стивен Сигал... Кыргызстанга кайсы жылдыздар келген?

Бишкекте Мамдуманын депутаттарын шайлоо жүрүп жатат. 12 сүрөт

142
  • Бүгүн россиялыктар Мамлекеттик Думанын депутаттарын тандайт
  • Өнөктүк 17-сентябрда башталган, бирок добуш берүүдөгү негизги маанилүү күн — 19-сентябрь
  • Россияда Мамлекеттик Дума менен биргеликте эле аймактык жана муниципалдык шайлоо да кошо өтүп жатат
  • Добуш берүүнү каалагандар Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдына эртең менентен баштап эле чогулду...
  • Учурдагы пандемия шартынан улам аралык сакталып, добуш берүүчүлөрдүн кезеги узакка созулганын көрүүгө болот
  • Бул саясий өнөктүккө келип, тандоо жасайм дегендер үчүн Кыргызстандын Ош, Кант жана Каракол шаарларында да шайлоо участкалары ачылды
  • Бардык шайлоо тилкелери 8:00дөн тарта 20:00гө чейин иштейт. РФтин ар бир жараны добуш берүү үчүн өздүгүн аныктаган документин ала келиши керек
  • Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко добуш берип жатат
  • Бул Россиянын Жаңы редакциядагы Баш мыйзамы күчүнө киргенден кийинки алгачкы шайлоо. Анын негизинде Мамлекеттик Думага кеңири ыйгарым укуктар берилген
  • Добуш берүүдө коронавирустан улам санитардык эрежелер тыкыр сакталды
  • Төмөнкү палатанын депутаттары аралаш система менен беш жылга шайланат. Жарымы партиялык система, жарымы бир мандаттуу округдан тандалат.
  • Шайлоого саясий 14 партия катышууда. Ал эми добуш берүү үчүн катталгандардын саны 110 миллиондон ашык
Бүгүн россиялыктар Мамлекеттик Думанын депутаттарын тандамакчы. Кыргызстанда бул өнөктүк боюнча төрт шайлоо участкасы ачылды. Биз добуш берген жерге барып келдик.

Добуш берүүнү каалагандар Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдына эртең менентен баштап эле чогулду... Учурдагы пандемия шартынан улам аралык сакталып, добуш берүүчүлөрдүн кезеги көпкө созулганын көрүүгө болот.

Шайлоочулар Ош, Кант, Каракол жана Бишкек шаарларында добуш бере алат. Шайлоо тилкелери саат 8:00дөн тарта 20:00гө чейин иштейт. РФтин ар бир жараны добуш берүү үчүн өздүгүн аныктаган документин ала келиши керек.

Бул Россиянын Жаңы редакциядагы Баш мыйзамы күчүнө киргенден кийинки алгачкы шайлоо. Анын негизинде Мамлекеттик Думага кеңири ыйгарым укуктар берилген. Төмөнкү палатанын депутаттары аралаш система менен беш жылга шайланат. Жарымы партиялык система, жарымы бир мандаттуу округдан тандалат. Шайлоого саясий 14 партия катышууда. Ал эми добуш берүү үчүн катталгандардын саны 110 миллиондон ашык экени айтылды.

142
  • Бүгүн россиялыктар Мамлекеттик Думанын депутаттарын тандайт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бүгүн россиялыктар Мамлекеттик Думанын депутаттарын тандайт

  • Өнөктүк 17-сентябрда башталган, бирок добуш берүүдөгү негизги маанилүү күн — 19-сентябрь
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Өнөктүк 17-сентябрда башталган, бирок добуш берүүдөгү негизги маанилүү күн — 19-сентябрь

  • Россияда Мамлекеттик Дума менен биргеликте эле аймактык жана муниципалдык шайлоо да кошо өтүп жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Россияда Мамлекеттик Дума менен биргеликте эле аймактык жана муниципалдык шайлоо да кошо өтүп жатат

  • Добуш берүүнү каалагандар Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдына эртең менентен баштап эле чогулду...
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Добуш берүүнү каалагандар Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын алдына эртең менентен баштап эле чогулду...

  • Учурдагы пандемия шартынан улам аралык сакталып, добуш берүүчүлөрдүн кезеги узакка созулганын көрүүгө болот
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Учурдагы пандемия шартынан улам аралык сакталып, добуш берүүчүлөрдүн кезеги узакка созулганын көрүүгө болот

  • Бул саясий өнөктүккө келип, тандоо жасайм дегендер үчүн Кыргызстандын Ош, Кант жана Каракол шаарларында да шайлоо участкалары ачылды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бул саясий өнөктүккө келип, тандоо жасайм дегендер үчүн Кыргызстандын Ош, Кант жана Каракол шаарларында да шайлоо участкалары ачылды

  • Бардык шайлоо тилкелери 8:00дөн тарта 20:00гө чейин иштейт. РФтин ар бир жараны добуш берүү үчүн өздүгүн аныктаган документин ала келиши керек
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бардык шайлоо тилкелери 8:00дөн тарта 20:00гө чейин иштейт. РФтин ар бир жараны добуш берүү үчүн өздүгүн аныктаган документин ала келиши керек

  • Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко добуш берип жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко добуш берип жатат

  • Бул Россиянын Жаңы редакциядагы Баш мыйзамы күчүнө киргенден кийинки алгачкы шайлоо. Анын негизинде Мамлекеттик Думага кеңири ыйгарым укуктар берилген
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бул Россиянын Жаңы редакциядагы Баш мыйзамы күчүнө киргенден кийинки алгачкы шайлоо. Анын негизинде Мамлекеттик Думага кеңири ыйгарым укуктар берилген

  • Добуш берүүдө коронавирустан улам санитардык эрежелер тыкыр сакталды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Добуш берүүдө коронавирустан улам санитардык эрежелер тыкыр сакталды

  • Төмөнкү палатанын депутаттары аралаш система менен беш жылга шайланат. Жарымы партиялык система, жарымы бир мандаттуу округдан тандалат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Төмөнкү палатанын депутаттары аралаш система менен беш жылга шайланат. Жарымы партиялык система, жарымы бир мандаттуу округдан тандалат.

  • Шайлоого саясий 14 партия катышууда. Ал эми добуш берүү үчүн катталгандардын саны 110 миллиондон ашык
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шайлоого саясий 14 партия катышууда. Ал эми добуш берүү үчүн катталгандардын саны 110 миллиондон ашык

Белгилер:
Россия, Кыргызстан, Мамлекеттик Дума, добуш берүү, шайлоо участкасы
Тема боюнча
Ош шаарында РФ жарандары Мамдума шайлоосуна добуш берип жатат. Сүрөт
Ок атуу болгон Россиянын Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинин жаныдагы полиция кызматкерлери

ТИМ: Пермдеги ЖОЖдо ок жегендердин арасында кыргызстандыктар жок

0
(жаңыланган 00:29 21.09.2021)
Кечээ, 20-сентябрда, Пермдеги жогорку окуу жайдын студенти имараттын ичиндегилерге ок чыгарган. Бир нече убакыттан соң полиция аны жарадар кылып, кармаган.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Россиянын Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинде болгон окуяда жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлады.

"Пермь аймагынын компетенттүү органдарынын алдын ала маалыматы боюнча, 2021-жылдын 20-сентябрында Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинде болгон окуяда жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары жок", — деп айтылат таратылган билдирүүдө.

Эске салсак, бүгүн эртең менен Россиянын Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде студент имараттын ичиндегилерди аткылап, алты киши каза таап, 26сы жаракат алган. Ок чыгарган студент полиция кызматкери окуя болгон жерге барганда аны көздөй бир нече ирет аткылаган. Тартип сакчысы куралчанды жарадар кылып, мылтыгын колунан алгандан кийин биринчи жардам көрсөткөн. Жыйынтыгында ок чыгарган студент кармалган.

0
Белгилер:
Россия, Пермь, студент, ок атуу, полиция
Тема боюнча
Пермдеги элди аткан студент полиция кызматкерине да ок чыгарган. Чоо-жайы
Жапаров Путинге Пермдеги окуя боюнча көңүл айтты