Тарых музейинен чыккан кара түтүн. Өрт чыккан жерден тартылган сүрөттөр

Жазылуу
Борбордук "Ала-Тоо" аянтында орун алган мамлекеттик тарых музейинде саат 22:12 чыккан өрт саат 04:42де толугу менен өчүрүлгөнүн ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Тилсиз жоонун алдын алууга 5 өрт өчүрүүчү автоунаа, 60дан ашык куткаруучу, "Тазалык" ишканасынан 5 кызматтык унаа, тез жардам кызматынын беш бригадасы, Биринчи Май райондук ИИБдин 50 кызматкери жана 10 даана кызматтык унаа тартылган. 

Жалпысынан музейдин жыйындар залындагы 300 чарчы метр жер күйгөн. Ал жерде экспонаттар да болгон. Аларды сактоо үчүн 90го жакын киши баалуу буюмдарды жер төлөөгө киргизишкен.

Борборду Ала-Тоо аянтында орун алган мамлекеттик тарых музейинде чыккан өрт. - Sputnik Кыргызстан
Тарых музейинде чыккан өрт алты саатта толугу менен өчүрүлдү
Учурда өрттүн себептери такталууда.

Тилсиз жоонун алдын алуу учурунда ӨКМдин бир кызматкери бутунан жаракат алып ооруканага жеткирилсе, он кызматкер иске ууланган. Жабыркаган жарандардын барына медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Мамлекеттик тарых музейи 25-марттан тарта оңдоп-түзөө иштеринин биринчи этабынын алкагында жабылган болчу. Ал эми анын экинчи этабы Эгемендүүлүк күнү — 31 августка карата бүтүп калышы керек эле.

Мындан бир нече күн мурда тагыраагы, 14-июлда да музейдин чатырындагы 20 чарчы метр айнеккебез ширетүү иштеринде өрт коопсуздугу эрежелеринин бузулушунан улам өрттөнгөн эле.

амлекеттик Тарых музейи 1925-жылы негизделген. Ал эми азыркы имараты 1984-жылы салынган. Ал — Борбордук Азиядагы эң ири музейлердин бири. Бул жерде 135ге миңге чукул экспонаттар жана кыргыз элинин маданий, тарыхый уникалдуу эстеликтери сакталып келет.

Өрт чыккан Тарых музейиндеги кадрларды Sputnik Кыргызстан видеосунан көрүңүздөр>>

© Sputnik / Актан ТемиркановӨрт тууралуу билдирүү 22-июлда саат 22:12де келип түшкөн
Өрт тууралуу билдирүү 22-июлда саат 22:12де келип түшкөн - Sputnik Кыргызстан
1/14
Өрт тууралуу билдирүү 22-июлда саат 22:12де келип түшкөн
© Sputnik / Актан ТемиркановТилсиз жоонун алдын алууга 5 өрт өчүрүүчү автоунаа, 62 куткаруучулар тартылган
Тилсиз жоонун алдын алууга 5 өрт өчүрүүчү автоунаа, 62 куткаруучулар тартылган - Sputnik Кыргызстан
2/14
Тилсиз жоонун алдын алууга 5 өрт өчүрүүчү автоунаа, 62 куткаруучулар тартылган
© Sputnik / Актан ТемиркановИмарат Биринчи Май РИИБдин 50 кызматкери тарабынан курчоого алынган
Имарат Биринчи Май РИИБдин 50 кызматкери тарабынан курчоого алынган - Sputnik Кыргызстан
3/14
Имарат Биринчи Май РИИБдин 50 кызматкери тарабынан курчоого алынган
© Sputnik / Актан ТемиркановӨрттүн чыгуу себебин атайын кызматтар тактап жатат
Өрттүн чыгуу себебин атайын кызматтар тактап жатат - Sputnik Кыргызстан
4/14
Өрттүн чыгуу себебин атайын кызматтар тактап жатат
© Sputnik / Актан ТемиркановӨрттү өчүрүүгө шаардагы бир катар кызматтар дагы тартылган
Өрттү өчүрүүгө шаардагы бир катар кызматтар дагы тартылган - Sputnik Кыргызстан
5/14
Өрттү өчүрүүгө шаардагы бир катар кызматтар дагы тартылган
© Sputnik / Актан ТемиркановЖабыр тарткандарга тез жардам кызматы медициналык жардам көрсөттү
Жабыр тарткандарга тез жардам кызматы медициналык жардам көрсөттү - Sputnik Кыргызстан
6/14
Жабыр тарткандарга тез жардам кызматы медициналык жардам көрсөттү
© Sputnik / Актан ТемиркановӨрттү өчүрүү учурунда ӨКМдин кызматкерлери да жабыркаган
Өрттү өчүрүү учурунда ӨКМдин кызматкерлери да жабыркаган - Sputnik Кыргызстан
7/14
Өрттү өчүрүү учурунда ӨКМдин кызматкерлери да жабыркаган
© Sputnik / Актан ТемиркановӨрт музейдин жыйындар залында чыгып, 300 чарчы метр жерге жайылган
Өрт музейдин жыйындар залында чыгып, 300 чарчы метр жерге жайылган - Sputnik Кыргызстан
8/14
Өрт музейдин жыйындар залында чыгып, 300 чарчы метр жерге жайылган
© Sputnik / Актан ТемиркановМузейдеги баалуу экспонаттарды 90го жакын киши жер төлөөгө көчүрдү
Музейдеги баалуу экспонаттарды 90го жакын киши жер төлөөгө көчүрдү - Sputnik Кыргызстан
9/14
Музейдеги баалуу экспонаттарды 90го жакын киши жер төлөөгө көчүрдү
© Sputnik / Актан ТемиркановТилсиз жоо менен күрөшүү учурунда жабыркагандарга тез жардам кызматы көмөк көрсөтүүдө
Тилсиз жоо менен күрөшүү учурунда жабыркагандарга тез жардам кызматы көмөк көрсөтүүдө - Sputnik Кыргызстан
10/14
Тилсиз жоо менен күрөшүү учурунда жабыркагандарга тез жардам кызматы көмөк көрсөтүүдө
© Sputnik / Актан ТемиркановӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин 10 кызматкер иске ууланган
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 10 кызматкер иске ууланган - Sputnik Кыргызстан
11/14
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 10 кызматкер иске ууланган
© Sputnik / Актан ТемиркановӨКМдин бир кызматкери бутунан жаракат алган
ӨКМдин бир кызматкери бутунан жаракат алган - Sputnik Кыргызстан
12/14
ӨКМдин бир кызматкери бутунан жаракат алган
© Sputnik / Актан ТемиркановӨрттү өчүрүү аракеттери түнү менен жүрдү
Өрттү өчүрүү аракеттери түнү менен жүрдү - Sputnik Кыргызстан
13/14
Өрттү өчүрүү аракеттери түнү менен жүрдү
© Sputnik / Актан ТемиркановТаңкы саат 14:42де өрт толугу менен өчүрүлгөн
Таңкы саат 14:42де өрт толугу менен өчүрүлгөн - Sputnik Кыргызстан
14/14
Таңкы саат 14:42де өрт толугу менен өчүрүлгөн
Жаңылыктар түрмөгү
0