Бишкекте 16 жаштагы мектеп окуучусу "Бикини сулуусу" аталса, Тверь облусунун дыйкандары Владимир Путинди өзүлөрү өндүргөн мөмө-жемиш менен сыйлашты.
Ал эми жыл сайын июль айында боло турчу эл аралык "Оймо" фестивалына 150 уз келсе, Соң-Көлдүн жээгинде Тайлак баатырдын 220 жылдыгы белгиленди.
Рим папасы Франциск Польшада насыят айтып жаткан жеринен эс-учун жоготуп кулады
Россия президенти Владимир Путинди Тверь облусунун дыйкандары өзүлөрү өндүргөн мөмө-жемиш менен коноктошту
Австралиянын Марубра пляжындагы сууда сүзгүчтөр
"Бикини сулуусу-2016" сынагындагы сулуулар. Ага 13 кыз катышып, 16 жаштагы мектеп окуучусу Саадат Асылбекова жеңүүчү аталды
Жыл сайын июль айында боло турчу эл аралык "Оймо" фестивалына 150 уз келди. Түрдүү мамлекеттерден келген кол өнөрчүлөр колунан жаралган кайталангыс буюмдарды калаа тургундары менен коноктордун назарына сунду
Беларуссиялык спортчу Кирилл Шимко дүйнөдөгү эң чоң Ми-26 тик учагын 20 метрге сүйрөп, Гиннестин рекорддор китебине кирди
Тореадор Эвора Форкадос Лиссабондо өз өнөрүн тартуулап жатат
Польшадагы Эл аралык жаштар күнүнүн урматына уюштурулган иш-чаранын ачылуу аземи
Үстүбүздөгү жылдын 30-июлунда айтылуу Соң-Көлдүн жээгинде Тайлак баатырдын 220 жылдыгы белгиленди.Кыргызстандын булуң-бурчунан келген конокторду кереметтүү көл кылаасы жаан-чачындуу аба ырайы менен бирге берекелүү дасторкон, шатыра-шатман маанай жана меймандос эли менен тосуп алды
Еревандагы "Сасна црер" тобунун эки мүчөсү ыктярдуу түрдө полицияга багынып беришти. Топтун лидери Павлик Манукян эки айга камалды
АКШ президенти Барак Обама жана "Демократтар" партиясынан шайлоого ат салышып жаткан Хиллари Клинтон. Аталган партиянын съезди учурунда
Рио-де-Жанейродо өтүүчү олимпиада оюндарынын катышуучусу машыгуу учурунда.
Екатеринбургдагы туристтер сүрөткө түшүп жатышат
Атактуу "Мулен Руж" театрынын бийчилери даярдык учурунда. Белгилүү музыкалык театр Австралиядан артисттерди курамына кошуу ниетинде
Бильбао музейинде америкалык сүрөтчү Пол Маккартинин сүрөт көргөзмөсү өтүүдө. Туристтер That Girl скульптурасына кадалып турган чагы.
Өткөн кылымдын 60-жылдарынын башында Москвадагы бүткүл союздук кинематография институтунан билим алып келген алгачкы кыргыз режиссёрлору өз мекенинде космонавтика тууралуу тасма тартуу демилгесин көтөрүп чыккан. Алардын арасында сүрөтчү-коюучу Сагынбек Ишенов, оператор Кадыржан Кыдыралиев бар эле. Жаңы эле ЖОЖду бүтүрүп Фрунзеге келген киночулар фильмдин сценарийин Москвага жөнөтөт. Мамлекеттик кинематография комитетинен оң жооп алып, Кыргыз ССРинин борборуна режиссёр Марианна Рошал, оператор Илья Минковецкий атайын келген. Киночулардын көздөгөнүн камерага түшүрүүгө көмөктөшкөндөрдүн катарына кинокартинанын директору болуп Сагын Иманкулов, экинчи режиссёру катары Бекеш Абдылдаев, үн оператору болуп Төлөмүш Океев кошулган.
Юрий Гагариндин 1961-жылы 12-апрелде космоско алгачкылардан болуп учкандан кийин өсүп келе жаткан балдардын көпчүлүгү учкуч, космонавт болууну эңсеген. Мектеп окуучулары ар кайсы жерден эски темир-тезек, казан-аяктарды чогултуп космоско учуп чыгууга, планеталар арасында саякаттоого керектүү учуучу аппараттарды курашкан.Өспүрүмдөргө арналган "Космонавттар көчөсүндө" Арстанбек Ирсалиев, Володя Зеленин, Төлөмүш Океев, Анара Садыкова, Виктор Колпаков, Даркүл Күйүкова, Калийча Рысмендиева, Шамшы Түмөнбаев, Бакы Өмүралиев, Владимир Смирнов, Күнболот Досумбаев роль жараткан.
Кинокартина "Кыргызфильм" студиясынын алдында апрель айында тартыла баштап, октябрь айында соңуна чыккан. Тасманы кары-жаш дебей миллиондогон адам көрүп, бат эле СССР элдеринин сүймөнчүлүгүнө айланып, мамлекеттик казынага ири көлөмдө акча түшкөн.
Баса, Sputnik редакциясы 12-апрелге карата космос менен Кыргызстанды байланыштырган 60 факты таап чыккан.
Үйдөгү чака-чайнектен жасалган космонавттардын "скафандрын" кийген окуучулар
Тегеректе колдонулбай жаткан темир-тезектен салынган балдардын космодрому
Жаш "космонавттын" машыгуу учуру
Фильмдин оператору Илья Минковецкий, үн оператору жаш Төлөмүш Океев болгон
СССРде "Космонавттар көчөсү" тасмасы балдарга ылайыкталган эң кассалуу фильмдердин катарына кирет
Ырдаган, бийлеген кичинекей кыялкеч космонавттар. Тасма тартуу маалындагы ирмем
Милиционерлердин колуна түшкөн учкучтардын бири
Гагарин космосту багындыргандан кийин Кыргыз ССРинин көптөгөн айылдарында ушундай учуучу аппараттар курулган
Космонавтика менен ооруган, жашаган өспүрүмдөр "иш" үстүндө
Жаш учкучтардын досу Марсик
Кинокартинада почточунун образын жараткан Абды Ибраимов
Абанын табы +8 гана градус болгонуна карабай сноубордчулар 1 170 метр бийиктиктен зуулдап түшүштү.
Иш-чара өткөн курортко келе албаган спортчулар ага онлайн-форматта катышты. Уюштуруучулар атайын тиркеме иштеп чыгып, иш-чарага дүйнөнүн ар кайсы жеринде туруп катышкандар болду.
BoogelWoogel карнавалы "Роза Хутор" курортунда 2016-жылдан бери өтүп келе жатат. Ага миңдеген спортчулар купальник кийип катышышат. Негизги максат — көңүлдүү убакыт өткөрүү жана Гиннесс рекорддорун жаңылоо.
Кышкы карнавалга 700 сноубордчу жана лыжа тебүүчү катышты
Абанын табы +8 гана градус болгону эч кимди чочулаткан жок
Сноубордчулар 1 170 метр бийиктиктен зуулдап түшүштү
Музыканын коштоосунда жүздөгөн спортчу "учуп" жөнөштү
Иш-чарага онлайн-форматта катышкандар дагы болду
Онлайн катышууну каалагандар үчүн уюштуруучулар атайын теркеме иштеп чыккан
Сууктан коркпогон катышуучулар
Онлайн-форматтагы иш-чарага чет өлкөлүк спортчулар гана эмес, россиялыктар дагы катышты
BoogelWoogel карнавалы "Роза Хутор" курортунда 2016-жылдан бери өтүп келе жатат
Карнавалдын негизги максаты — көңүлдүү убакыт өткөрүү жана Гиннесс рекорддорун жаңылоо
Катышуучулар медициналык кароодон өтүп жатат
Катышуучу аял
АКШ Ак үйү узаган аптада Афганистандан америкалык аскерлердин 11-сентябрда чыгарыларын маалымдаган эле. Бирок талибдер АКШнын аскердик күчтөрүн 1-майга чейин чыгарып кетүүнү (2020-жылдын 29-февралындагы Дохада кол коюлган макулдашуунун шарттарына ылайык) кескин талап кылды. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко ушул жагдай туурасында ой калчаган.
АКШ администрациясы дароо жооп кайтарып, аскерлер Афганистандан 1-майдан тарта чыгарыларын жар салды. Ага удаа эле НАТОдогу союздаштары ошол күнү “Чечкиндүү колдоо” миссиясынын күчтөрүн да чыгарып кетүү жөнүндө чечим кабыл алышты.
Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден аталган республикада америкалык аскерлердин болушу туруктуу өкмөт түзүүгө көмөк болбойт десе, АКШнын коргоо министри Ллойд Остин аскердик күчтөр Афганистандагы вазийпасын аткарып, ошондой эле “экономика, жарандык коомчулук жана саясат жаатындагы өсүшкө өбөлгө болгудай” иш алпарды.Пентагон жана анын союздаштары Ислам республикасында жүз миллиарддаган долларды сарптап, миңдеген жоокеринен айрылып, кадыры кетип акыры байкуш мамлекетти кечээги эле касташкан тарапка – талибдерге калтыруунун эмне зарылдыгы бар эле? Тилекке каршы, жоопсуз собол.
Борбордук чалгындоо башкармалыгынын директору Уильям Бернс 14-апрелде күчтөрдүн чыгарылышы олуттуу тобокелчилик экенин, америкалык аскердик күчтөрдүн катышуусу жыйыштырылса бир топ өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган "Ислам мамлекети" жана "Аль-Каида" түзүмдөрүнүн таасири Афганистанда калыптанышы ыктымал деп божомолдоду.
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Жон Болтон ушул тапта күчтөрдү чыгарып кетүү өлкөдөгү бийликти "Талибанга" карматуу менен барабар экенин белгиледи. Ал ортодо талибдер согуштук аракеттерди кайра тутантуу, башкача айтканда, эгер АКШ жана НАТО макулдашылган мөөнөткө, тагыраак, 1-майга дейре күчтөрүн чыгарып кетпесе чет элдик аскерлерге "жихад" уюштуруу ниетинде. "Талибандын"* позициясын Забиулла Моджахед да мурдараак мындай тейде аларга жеткирген: "Байден майга чейин аскерлерди алып кетүү татаал экенин айтты, анткен менен биз Дохадагы келишим аткарылышы кажет деп эсептейбиз. Себеби аны жүзөгө ашыруу – Афганистан менен Кошмо Штаттардын ортосундагы учурдагы көйгөйдү чечүүнүн жападан жалгыз ыкмасы".
Логистика жагынан 3-5 миң аскерди транспорттук учактар менен ташууга он төрт күн толук жетишерлик. Афганистан Ислам Республикасынын улуттук жарашуу боюнча Жогорку кеңеши жыйырмадан ашуун сунушту, анын ичинде президент Ашраф Ганинин тынчтык планын да бирдиктүү программага бириктире алды. Ошентсе да "Талибан"* 14-апрелде Афганистандын келечеги тууралуу сүйлөшүүлөргө катышуудан баш тартты (анын кезектеги баскычы Түркиянын аймагына белгиленген). Талибдердин куралдуу түзүмдөрү өкмөттүк күчтөрдү жеңүү үчүн АКШнын аскерлери жана аскердик техникасынын толук чыгарылышын күтүүдө. Кабул көбүнесе америкалык аскердик-аба күчтөрүнүн террорчуларга сокку урушу менен гана кармалып турат. Афганистан жакынкы келечекте "Ислам эмирлигине" айланып калышы ыктымал.Америкалык чалгындоочу коомчулук “төмөн же орто деңгээлдеги ишеним менен” россиялык кесиптештери 2019-жылы жана андан мурун да АКШ жана Афганистандагы коалициянын аскерлерине каршы "Талибандын"* чабуулдарын каржы менен дем беришкенин боолголойт. Мындай маалымат булактары сынга да туруштук бере албайт, аларды текшерүүгө да мүмкүн эмес. РФ андай айыптоолорду четке кагат.
Пентагондун жетекчиси Ллойд Остиндин пикиринде, Афганистандан бир нече миң америкалык жоокердин чыгарылышы аракеттерди башка жакка жумшап, “болочок душмандарды” (“дүйнөлүк тартипти өзгөртүүгө” умтулган Кытай жана Россияны) ооздуктоого же жеңүүгө мүмкүндүк берет. Апийим талааларынын негизиндеги салыштырмалуу аз сандагы террордук топторду жөнгө сала албаган Пентагон кастарын өзөктүк державалардын арасынан издөөдө. Анан калса мындай күмөнсүнүүгө алардын кай бир аракеттери “АКШнын улуттук кызыкчылыктарына каршы келгендиги” гана себеп имиш.
Күчтөр чыгарылып кеткен соң Афганистан жана ага чектешкен Борбор Азия өлкөлөрү ашынган аскердик-диний кыймыл жараткан көйгөйлөрдү таптакыр өз алдынча чечүүгө мажбур болот.
Фактыны жашырып кое албайсың. 12-апрелде Афганистандын Улуттук коопсуздук башкармалыгы Дохадагы АКШ менен "Талибандын"* макулдашуусу туруктуулукка алып келбегенин айтып чыкты. 2020-жылдын 29-февралынан тарта өлкөдө талибдердин чабуулдарынын саны 24 пайызга өскөнү кабарланды.
"Талибандын"* Катардагы кеңсесинин башчысы Абдул Гани Барадар молдо да 12-апрелде Өзбекстандын президенти Шавкат МирзиёевгеАфганистанда биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу демилгеси үчүн ыраазычылык билдирди. Анткен менен бул “жерде” тынчтыкта кызматташууну кепилдебейт. Аскердик-диний кыймыл курамы, көз карашы жана максаттары бирдей эмес. "Талибан"* өз тактикасын өзгөртпөйт, өлкөдөгү зомбулуктун деңгээлин азайтпайт, "Аль-Каида" менен союздук же өнөктөштүк алакаларын үзбөйт.
* “Талибан” - бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм