Арсен Эралиев биз үчүн баары бир чемпион экендигин далилдеген сегиз сүрөт

1731
(жаңыланган 18:46 16.08.2016)
  • Биринчи беттеш — кыйын беттеш. 1/8 финалдагы бул таймашка Эралиев кубалык Исмаэл Борреро менен чыкты
  • Мекендешибизди кубалык спортчу 6:3 эсеби менен жеңди. Борреро финалга чыкса, Эралиев коло үчүн күрөшмөк. Чындыгында эле ушундай болуп, кубалык алтынга ээлик кылып,  биздин спортчу жооткотуучу беттешке чыкты
  • Кийинки этапта кыргызстандык атаандашы Ван Люминди татыктуу жеңди
  • Дал ушул тер чыгарган ыкмалар Арсен Эралиевге упай топтоп, Олимпиада оюндарында коло медаль үчүн күрөшүүгө жол ачты
  • Кытайлык атаандашын 4:2 эсебинде жеңди
  • Өзбекстандык Элмурад Тасмурадов менен кыйын болсо да, медалды алдырып жиберсе да, татыктуу кармашып, өжөрлүгүн көрсөттү
  • Таймаштын алгачкы мүнөттөрүндө Эралиев Тасмурадовго алдырып жатканы менен, экинчисинде  күтүлбөгөн жерден жарга такады
  • Беттештин жүрүшүндө өзбекстандык спортчуга  бир нече партер жеңиш алып берип,  ал 13:8 эсеби менен аяктады. Коло медаль Өзбекстанга кетти. Ал эми биздин Арсен Эралиев өжөрлүгү, жан үрөгөн аракети менен элдин эсинде сакталып калды.
Грек-рим стилиндеги балбан Арсен Эралиев кечээ өзбекстандык атаандашынан утулуп, коло медалга бир нече кадам гана жетпей калды.

59 килограммдык салмакка чейинки балбандардын катарында күрөшкөн мекендешибиз бешинчи орунду ээледи. Кыргызстандыктар олимпиадага барган өлкө командасынын капитанын Рионун спорткомплексинин трибунасынан үнү жеткенче бакырып колдоп турса, миллиондогон кыргызстандыктар көгүлтүр экрандан көз албай күйөрмандык кылышты. Ал эми социалдык тармакта аны колдогон, коштогон жазуулар жайнады.

1731
  • Биринчи беттеш — кыйын беттеш. 1/8 финалдагы бул таймашка Эралиев кубалык Исмаэл Борреро менен чыкты
    © AFP 2021 / Jack GUEZ

    Биринчи беттеш — кыйын беттеш. 1/8 финалдагы бул таймашка Эралиев кубалык Исмаэл Борреро менен чыкты

  • Мекендешибизди кубалык спортчу 6:3 эсеби менен жеңди. Борреро финалга чыкса, Эралиев коло үчүн күрөшмөк. Чындыгында эле ушундай болуп, кубалык алтынга ээлик кылып,  биздин спортчу жооткотуучу беттешке чыкты
    © AFP 2021 / Jack GUEZ

    Мекендешибизди кубалык спортчу 6:3 эсеби менен жеңди. Борреро финалга чыкса, Эралиев коло үчүн күрөшмөк. Чындыгында эле ушундай болуп, кубалык алтынга ээлик кылып, биздин спортчу жооткотуучу беттешке чыкты

  • Кийинки этапта кыргызстандык атаандашы Ван Люминди татыктуу жеңди
    © AFP 2021 / Jack GUEZ

    Кийинки этапта кыргызстандык атаандашы Ван Люминди татыктуу жеңди

  • Дал ушул тер чыгарган ыкмалар Арсен Эралиевге упай топтоп, Олимпиада оюндарында коло медаль үчүн күрөшүүгө жол ачты
    © REUTERS / Ricardo Moraes

    Дал ушул тер чыгарган ыкмалар Арсен Эралиевге упай топтоп, Олимпиада оюндарында коло медаль үчүн күрөшүүгө жол ачты

  • Кытайлык атаандашын 4:2 эсебинде жеңди
    © REUTERS / Ricardo Moraes

    Кытайлык атаандашын 4:2 эсебинде жеңди

  • Өзбекстандык Элмурад Тасмурадов менен кыйын болсо да, медалды алдырып жиберсе да, татыктуу кармашып, өжөрлүгүн көрсөттү
    © AFP 2021 / JACK GUEZ

    Өзбекстандык Элмурад Тасмурадов менен кыйын болсо да, медалды алдырып жиберсе да, татыктуу кармашып, өжөрлүгүн көрсөттү

  • Таймаштын алгачкы мүнөттөрүндө Эралиев Тасмурадовго алдырып жатканы менен, экинчисинде  күтүлбөгөн жерден жарга такады
    © REUTERS / Toru Hanai

    Таймаштын алгачкы мүнөттөрүндө Эралиев Тасмурадовго алдырып жатканы менен, экинчисинде күтүлбөгөн жерден жарга такады

  • Беттештин жүрүшүндө өзбекстандык спортчуга  бир нече партер жеңиш алып берип,  ал 13:8 эсеби менен аяктады. Коло медаль Өзбекстанга кетти. Ал эми биздин Арсен Эралиев өжөрлүгү, жан үрөгөн аракети менен элдин эсинде сакталып калды.
    © REUTERS / Jack GUEZ

    Беттештин жүрүшүндө өзбекстандык спортчуга бир нече партер жеңиш алып берип, ал 13:8 эсеби менен аяктады. Коло медаль Өзбекстанга кетти. Ал эми биздин Арсен Эралиев өжөрлүгү, жан үрөгөн аракети менен элдин эсинде сакталып калды.

Белгилер:
атаандаштык, Олимпиадалык оюндар, Арсен Эралиев
Тема:
Олимпиадалык оюндар, Рио — 2016 (160)
Тема боюнча
Рио-2016: Олимпиадада 5-орунду алган Арсен Эралиев 1 миллион сом сыйлык алат
Жан үрөп таймашкан Арсен Эралиев өзбекстандык атаандашынан утулуп калды

Апта ирмеми: учактын жээкке чыккан калдыктары, жок болуп бара жаткан галактика

137
(жаңыланган 17:23 18.01.2021)
  • Бишкекте баланы чанада сүйрөп бара жаткан аял
  • Ханойдогу карнавал
  • Нью-Йоркто жүргүнчү ташыган автобус кырсыктап, көпүрөгө асылып калды
  • Останкино телемунарасы ызгаардуу сууктан улам музга оронду
  • Россиянын президенти Владимир Путин Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен Азербайжандын башчысы Ильхам Алиевди сүйлөшүүгө чакырды
  • Уссурийск эликтери карагайдын бутагын жеп жатат
  • Индонезиянын Ява аралдарынын жээгинде өткөн аптада кырсыктаган Boeing 737-500 учагынын калдыктары табылды
  • Хакодате бакчасындагы макакалар жылуу сууга түшүп жатат. Япония
  • АКШ конгрессинин спикери Нэнси Пелоси Дональд Трампка импичмент жарыялоо боюнча кол коюлган документти көрсөтүүдө
  • Япониядагы эрезеге жетүү майрамы
  • Бишкектин Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровдун шайлоодогу жеңишине арналган концерт өттү
  • 20-декабрь күнү Вашингтон шаарында өтчү президенттик инаугурацияга даярданган Улуттук гвардиянын жоокерлери
  • Окумуштуулар биринчи жолу жок болуп бара жаткан галактиканы сүрөткө тартып алышты
  • Коронавируска кабылган оорулуулар менен иштеген медик жааган карга кубанууда
  • Суунун үстүнө тартылган аркан менен секирген спортчу. Австралия
  • Ралли Дакар марафонундагы жарыш
  • Индонезияда күчү 6,2 баллга жеткен жер силкинүү болуп, 30дан ашык киши каза болду
  • АКШнын Висконсин штатында бир жылдан бери алгачкы жолу Америка фотболу боюнча мелдеш өттү
Өткөн аптада АКШ президенти Дональд Трампка импичмент жарыяланды. Ошол эле учурда ааламдын кайсы бир бурчунда бүтүндөй галактика жок болуп бара жатканы белгилүү болду. Мунун баарын Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүүгө болот.

Россиянын президенти Владимир Путин Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен Азербайжандын башчысы Ильхам Алиевди сүйлөшүүгө чакырып, бир катар маселелерди талкуулашты.

Ал ортодо Индонезиянын Ява аралдарынын жээгинде өткөн аптада кырсыктаган Boeing 737-500 учагынын калдыктары табылды.

Ал эми Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Садыр Жапаровдун шайлоодогу жеңишине арналган концерт өттү.

 

 

137
  • Бишкекте баланы чанада сүйрөп бара жаткан аял
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бишкекте баланы чанада сүйрөп бара жаткан аял

  • Ханойдогу карнавал
    © AFP 2021 / MANAN VATSYAYANA

    Ханойдогу карнавал

  • Нью-Йоркто жүргүнчү ташыган автобус кырсыктап, көпүрөгө асылып калды
    © AP Photo / Craig Ruttle

    Нью-Йоркто жүргүнчү ташыган автобус кырсыктап, көпүрөгө асылып калды

  • Останкино телемунарасы ызгаардуу сууктан улам музга оронду
    © Sputnik / Алексей Куденко

    Останкино телемунарасы ызгаардуу сууктан улам музга оронду

  • Россиянын президенти Владимир Путин Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен Азербайжандын башчысы Ильхам Алиевди сүйлөшүүгө чакырды
    © Sputnik / Михаил Климентьев

    Россиянын президенти Владимир Путин Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян менен Азербайжандын башчысы Ильхам Алиевди сүйлөшүүгө чакырды

  • Уссурийск эликтери карагайдын бутагын жеп жатат
    © Sputnik / Илья Наймушин

    Уссурийск эликтери карагайдын бутагын жеп жатат

  • Индонезиянын Ява аралдарынын жээгинде өткөн аптада кырсыктаган Boeing 737-500 учагынын калдыктары табылды
    © REUTERS / WILLY KURNIAWAN

    Индонезиянын Ява аралдарынын жээгинде өткөн аптада кырсыктаган Boeing 737-500 учагынын калдыктары табылды

  • Хакодате бакчасындагы макакалар жылуу сууга түшүп жатат. Япония
    © REUTERS / KYODO

    Хакодате бакчасындагы макакалар жылуу сууга түшүп жатат. Япония

  • АКШ конгрессинин спикери Нэнси Пелоси Дональд Трампка импичмент жарыялоо боюнча кол коюлган документти көрсөтүүдө
    © AP Photo / Alex Brandon

    АКШ конгрессинин спикери Нэнси Пелоси Дональд Трампка импичмент жарыялоо боюнча кол коюлган документти көрсөтүүдө

  • Япониядагы эрезеге жетүү майрамы
    © REUTERS / Issei Kato

    Япониядагы эрезеге жетүү майрамы

  • Бишкектин Ала-Тоо аянтында Садыр Жапаровдун шайлоодогу жеңишине арналган концерт өттү
    © AFP 2021 / VYACHESLAV OSELEDKO

    Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Садыр Жапаровдун шайлоодогу жеңишине арналган концерт өттү

  • 20-декабрь күнү Вашингтон шаарында өтчү президенттик инаугурацияга даярданган Улуттук гвардиянын жоокерлери
    © AFP 2021 / Stefani Reynolds/Getty Images

    20-декабрь күнү Вашингтон шаарында өтчү президенттик инаугурацияга даярданган Улуттук гвардиянын жоокерлери

  • Окумуштуулар биринчи жолу жок болуп бара жаткан галактиканы сүрөткө тартып алышты
    © AFP 2021 / M. KORNMESSER / European Southern Observatory

    Окумуштуулар биринчи жолу жок болуп бара жаткан галактиканы сүрөткө тартып алышты

  • Коронавируска кабылган оорулуулар менен иштеген медик жааган карга кубанууда
    © REUTERS / YONHAP NEWS AGENCY

    Коронавируска кабылган оорулуулар менен иштеген медик жааган карга кубанууда

  • Суунун үстүнө тартылган аркан менен секирген спортчу. Австралия
    © REUTERS / Loren Elliott

    Суунун үстүнө тартылган аркан менен секирген спортчу. Австралия

  • Ралли Дакар марафонундагы жарыш
    © REUTERS / HAMAD I MOHAMMED

    Ралли Дакар марафонундагы жарыш

  • Индонезияда күчү 6,2 баллга жеткен жер силкинүү болуп, 30дан ашык киши каза болду
    © REUTERS / Antara Foto/Sigid Kurniawan

    Индонезияда күчү 6,2 баллга жеткен жер силкинүү болуп, 30дан ашык киши каза болду

  • АКШнын Висконсин штатында бир жылдан бери алгачкы жолу Америка фотболу боюнча мелдеш өттү
    © REUTERS / USA Today Sports / Sarah Kloepping

    АКШнын Висконсин штатында бир жылдан бери алгачкы жолу Америка фотболу боюнча мелдеш өттү

Белгилер:
Сүрөт, дүйнө, Садыр Жапаров, Кыргызстан
Тема боюнча
Дүйшөн Байдөбөтов 72 жашка толмок. Улуу таланттын сүрөттөгү экинчи өмүрү

Тасмага казактар каршы чыккан. "Караш-Караш окуясындагы" сүрөттөр

442
(жаңыланган 17:27 17.01.2021)
  • Сүймөнкул Чокморов Караш-Караш окуясы тасмасында Бактыгулдун образында
  • Белгилүү актер Советбек Жумадылов кинофильмде Жарас байдын ролун аткарган
  • Кинокартинада Бакен Кыдыкеева Жарас байдын байбичеси болгон
  • Чокморов башкы ролду аткаргандан кийин атагы алыска кетип, ага башка режиссерлор тарабынан чакыруулар түшө баштаган
  • Жарас бай (Советбек Жумадылов) менен котормочу Күчүков (Касымхан Шанин)
  • Ээн талаада байдын үйүр жылкысын айдаган жигиттер. Фильмдеги сейрек кадр.
  • Эр жүрөк, тайманбас Бактыгул жана байлыкка чиренген Жарастын жигиттери
  • Шамшиевдин бул эмгегинде Октябрь революциясына чейинки Орто Азиядагы тарыхый абал сүрөттөлгөн
  • Актриса Жамал Сейдакматова (Хадича) менен актер Сүймөнкул Чокморов (Бактыгул)
  • Киночулар Казакстандын ээн талаасында, Кыргызстандын бийик тоолуу аймагында эмгектенген
  • Караш-Караш окуясына кыргыз менен казактын бир топ белгилүү чыгармачыл инсандары тартылган
  • Орус бийлигинин өкүлдөрү менен ымалага келип мамиле түзгөн казак байы
  • КРдин эл артисти Болот Шамшиевдин бул фильми кыргыз кереметиндеги мыкты тасмалардын бири болуп саналат
Быйыл "кыргыз кереметинин" жаралуусунун башында тургандардын бири, СССРдин эл артисти Болот Шамшиевдин 80 жылдыгы белгиленет. Sputnik Кыргызстан агенттиги ал режиссердун алгачкы көркөм тасмасындагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.

Болот Шамшиев 1964-жылы Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунун режиссёрдук факультетин аяктагандан кийин "Манасчы" жана "Чабан" даректүү тасмасын жаратып, 1967-жылы казак жазуучусу Мухтар Ауэзовдун "Караш-Караш окуясы" чыгармасынын негизинде фильм тартууга киришет. Кинофильмде Россия империясынын аймагынын көчүп келген эл менен Түштүк Казакстан, Кыргызстандын жергиликтүү калкынын ортосундагы мамиле жана ошол маалдагы жер бөлүштүрүү саясаты баяндалат. Шамшиев анын сценарийин бир айда эле Ауэзовдун чыгармасына таянып жазып, кошумча архивде иштеп, тарыхый фактылар менен толуктаган.

Режиссер көзү тирүү кезинде аталган кинокартинаны тартууга казак интеллигенциясынын айрым өкүлдөрү каршы чыккандыгын айткан жайы бар.

"1967-жылы СССРдин мамлекеттик кино тармагынын башкы редактору Геннадий Сурков Орто Азия республикаларынын кино тармагын текшерип, бул максатта Фрунзеге да келген. Мен ал убакта жумушсуз үйдө отуруп калгам. Сурков атайын издеп жолугуп, эмне үчүн бош жатканыма кызыкты. Мен фильм тартканга уруксат бербей жатканы тууралуу айтсам, Сурков уруксат алып берерин айтып, кайсы чыгарма боюнча фильм тарта турганымды сурады. Жолугушууга чейин үч күн мурда Мухтар Ауэзовдун "Караш-Караш окуясы" чыгармасын жаңы эле окуп чыккам. Ошону айттым. Анын буйругунун негизинде "Кыргызфильмдин" башкы редактору мени менен фильмди тартуу жөнүндө келишим түздү. Бир айдын ичинде сценарий жазып, жетекчиликке көрсөттүм, жактырышты. Андан кийин Москвага алып барсам, ал жак да колдоп берди. Бирок бир аз убакыттан кийин Сурков катуу ооруп жумуштан кетүүгө аргасыз болуп, анын ордуна келген жаңы редактор менин сценарийимди көрүп кетенчиктей баштады. Анткени 1965-жылы белгилүү кинорежиссер Андрей Кончаловскийдин Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" чыгармасынын негизинде тартылган көркөм тасмасы кыргыз интеллигенциясынын нааразылыгын жараткан. Мындан улам мен тарта турган фильм казак интеллигенциясынын арасында терс көз карашты жаратышы мүмкүн деп чочулады окшойт. Адегенде бул сценарийди "Казакфильмдин" жетекчилигине көрсөтүп, макулдугун алуу керектигин айтып, мени Алматыга жөнөттү. Ак жактагылар жакшы кабыл алышкан жок. Азыр да эсимде, "Казакфильмдин" кызматкери Токол Бейбутов: "Сен кимсиң деги? Билесиңби, Мухтар Омарханович улуу жазуучу. Ушул чыгарманы ал жыйырма алты жашында жазган", — деп сөөмөйүн өйдө көтөрүп сүйлөдү. Мен ага кырк жыл мурда 26 жаштагы Ауэзов "Караш ашуусундагы окуясын" жазса, азыр мен да 26да экенимди айтып, каяша сүйлөдүм (күлүп). Ушул повесть боюнча белгилүү казак кинорежиссеру Мажит Бегалин көркөм тасма тартам деп жүргөнүн айтышты. Ошентсе да натыйжада мага "Казакфильм" бул тасманы тартканга макулдугун бир шарт менен берип, фильмдин көркөм жетекчилигине белгилүү режиссер Шакен Аймановду дайындаган", — деген Шамшиев.

Фильмге негизинен кыргыз жана казак актерлору катышкан. Башкы каарман Бактыгулдун ролун 28 жаштагы Сүймөнкул Чокморов аткарып, актерлук кесиби жок, бирок келбети жана таланты бар жаш жигиттин тушоосу ошондо кесилип, атагы алыска кеткен. Кинокартина Казакстандын Кордай районундагы Отар станциясынын жанындагы Шубар-Байтал жайытында, Кыргызстандын Суусамыр жайлоосунда, Көкөмерен дарыясынын тушундагы Арал айылында тартылган.

Шамшиевдин биринчи көркөм тасмасын көрүүчүлөр жакшы кабыл алып, бир топ абройлуу сыйлыктарга татыган. Мисалы, 1969-жылы Алматыда өткөн Азия өлкөлөрү жана Казакстан фестивалында "Горный беркут" баш байгесин алып, кийинки жылы Минск шаарында уюштурулган Бүткүл союздук фестивалда экинчи байге жана "Советский экран" журналынын "Мыкты көркөм фильм" номинациясына ээ болгон. Андан сырткары, Болот Шамшиев Кыргыз ССРинин Ленин комсомолу сыйлыгын алса, 1970-жылы Чокморов "Эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн" диплому менен сыйланган.

442
  • Сүймөнкул Чокморов Караш-Караш окуясы тасмасында Бактыгулдун образында
    © Фото / Александр Федоров

    Сүймөнкул Чокморов "Караш-Караш окуясы" тасмасында Бактыгулдун образында

  • Белгилүү актер Советбек Жумадылов кинофильмде Жарас байдын ролун аткарган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Белгилүү актер Советбек Жумадылов кинофильмде Жарас байдын ролун аткарган

  • Кинокартинада Бакен Кыдыкеева Жарас байдын байбичеси болгон
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кинокартинада Бакен Кыдыкеева Жарас байдын байбичеси болгон

  • Чокморов башкы ролду аткаргандан кийин атагы алыска кетип, ага башка режиссерлор тарабынан чакыруулар түшө баштаган
    © Фото / Александр Федоров

    Чокморов башкы ролду аткаргандан кийин атагы алыска кетип, ага башка режиссерлор тарабынан чакыруулар түшө баштаган

  • Жарас бай (Советбек Жумадылов) менен котормочу Күчүков (Касымхан Шанин)
    © Фото / Александр Федоров

    Жарас бай (Советбек Жумадылов) менен котормочу Күчүков (Касымхан Шанин)

  • Ээн талаада байдын үйүр жылкысын айдаган жигиттер. Фильмдеги сейрек кадр.
    © Sputnik / Александр Федоров

    Ээн талаада байдын үйүр жылкысын айдаган жигиттер. Фильмдеги сейрек кадр.

  • Эр жүрөк, тайманбас Бактыгул жана байлыкка чиренген Жарастын жигиттери
    © Sputnik / Александр Федоров

    Эр жүрөк, тайманбас Бактыгул жана байлыкка чиренген Жарастын жигиттери

  • Шамшиевдин бул эмгегинде Октябрь революциясына чейинки Орто Азиядагы тарыхый абал сүрөттөлгөн
    © Sputnik / Александр Федоров

    Шамшиевдин бул эмгегинде Октябрь революциясына чейинки Орто Азиядагы тарыхый абал сүрөттөлгөн

  • Актриса Жамал Сейдакматова (Хадича) менен актер Сүймөнкул Чокморов (Бактыгул)
    © Sputnik / Александр Федоров

    Актриса Жамал Сейдакматова (Хадича) менен актер Сүймөнкул Чокморов (Бактыгул)

  • Киночулар Казакстандын ээн талаасында, Кыргызстандын бийик тоолуу аймагында эмгектенген
    © Sputnik / Александр Федоров

    Киночулар Казакстандын ээн талаасында, Кыргызстандын бийик тоолуу аймагында эмгектенген

  • Караш-Караш окуясына кыргыз менен казактын бир топ белгилүү чыгармачыл инсандары тартылган
    © Sputnik / Александр Федоров

    "Караш-Караш окуясына" кыргыз менен казактын бир топ белгилүү чыгармачыл инсандары тартылган

  • Орус бийлигинин өкүлдөрү менен ымалага келип мамиле түзгөн казак байы
    © Sputnik / Александр Федоров

    Орус бийлигинин өкүлдөрү менен ымалага келип мамиле түзгөн казак байы

  • КРдин эл артисти Болот Шамшиевдин бул фильми кыргыз кереметиндеги мыкты тасмалардын бири болуп саналат
    © Sputnik / Александр Федоров

    КРдин эл артисти Болот Шамшиевдин бул фильми "кыргыз кереметиндеги" мыкты тасмалардын бири болуп саналат

Белгилер:
Сүрөт, "Караш-Караш окуясы" тасмасы, Болот Шамшиев, режиссер, Кыргызстан
Тема боюнча
Уулунан ажырап Базарбайдан өч алганы келгенде... "Акбаранын көз жашы" сүрөттө
Мелис Убукеевдин дипломдук иши болгон. "Тайгак кечүүдөгү" ирмемдер
Момун чалдан король Лирге чейин. Актёр Марат Алышпаевдин сүрөттөгү ирмемдери
Жамийла, баёо бала, армандуу абышка... Айтматовдун кинодогу каармандары сүрөттө
Айылдагы жашоо. Архивдик сүрөт

Пандемияда кыйналган Жалал-Абаддын 65 айылын өнүктүрүүгө инвестиция тартылды

12
Долбоордун биринчи этабында жумуштар Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен районундагы тандалган айылдарда жасалат.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда 65 айылга инвестициялык каражат тартылат. Бул туурасында өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

"CASA-1000 жергиликтүү коомчулукту колдоо үчүн кошумча каржылоо" жаңы долбоорунун алкагында кыргыз өкмөтү менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы атайын каржылык макулдашуу жүргүзүлгөнү айтылат.

Бул багытта өткөн жыйынга облус жетекчиси Абсаттар Сыргабаев, долбоордун уюштуруучулары жана жергиликтүү бийлик башчылары катышкан.

"Каражат COVID-19 пандемиясында жабыркаган айылдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталат. Биринчи этаптагы жумуштар Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен районундагы тандалган айылдарда жасалат. Мында медициналык мекемелердин абалын жакшыртууга басым жасалмакчы. Каражатты пайдаланууда жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрү менен сунуштары да эске алынат", — деп айтылат маалыматта.

Долбоор АРИС аркылуу 2024-жылга чейин иштеп, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын 151 айыл аймагын камтыйт. Жалпы бюджети 21 миллион доллар, анын 50 пайызы грант түрүндө эсептелет.

12
Белгилер:
долбоор, өнүктүрүү, айыл, пандемия, Жалал-Абад облусу
Тема боюнча
Кыргызстанга кандай инвестициялар тартыла турганы айтылды
Жалал-Абад шаарынын автоунаа базары көчүрүлөт
COVID биринчи катталган Жалал-Абадга 11 тез жардам унаасы берилди. Сүрөт