Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Көчмөндөр оюндарында өзүнүн ажары менен көпчүлүктүн көңүлүн бурган кымча белдердин сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болуп саналат.
Көчмөндөрдүн образындагы бийкеч
Ууртуңдан күлкү төгүлүп...
Кыргыздын кылыктуу кыздары көпчүлүктүн көңүлүн бурду
Боз үйдүн жанындагы селки
Жаачы кыз
Атты жулкунтуп минген кыз
Украиналык бийкечтердин жылмаюусу
Россиянын курама командасынын өкүлү
Этноконцерттеги япон кыз
Кыргыздын кымча белдери этно кийим көргөзмөсүндө
Модадагы бир сырдуулук
Генералдык штабдын маалымат кызматынын өкүлү Тимур Кулманбетовдун билдиришинче, Армиянын 2021-жылга даярдыгынын алкагында Улуттук гвардиянын жана Кургактагы аскерлер даярдыктан өтүштү.
"Ан-26 учагынан секирип окуу-машыгуулар болду. Мындай иш-чаралар жылына эки ирет өтөт. Улуттук гвардиянын жана Кургактагы аскерлер парашюттук системаларды колдонуп, деңиз деңгээлинен 800 метрден 3 350 метрге чейинки бийиктиктен секириктер жасалды. Арасында биринчи жолу парашюттан секирип жаткандары да, тажрыйбалуу аскер кызматкерлери да болду", — деди Кулманбетов.
Иш-чара инструкторлордун көзөмөлү менен өткөнү кошумчаланды.
"Аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында Россия тарабынан Кыргызстанга эки АН-26 учагы берилгенден бери жоокерлер 2019-жылдан тарта аталган түрдөгү авиатранспорттон секиргенди өздөштүрүп жатышат. Самолёт менен тик учактан секирүүнүн ылдамдык, бийиктик жана башка параметрдик айырмачылыктары болот. Ага карабастан жоокерлердин күжүрмөн аракетинин натыйжасында жогоруда айтылган өзгөчөлүктөр тоскоолдук жарата алган жок. Мындай машыгуу аскерлердин Кыргызстандын кайсы гана аймагы болбосун секирип түшүп, аскердик тапшырмаларды аткарууга даяр болушу үчүн керек", — деди ал.Аскер кызматкерлери Токмок шаарындагы аэродромго конушту.
Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин парашюттан секирүү машыгуусу өттү. Сүрөттө КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын "Пантера" атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн десанттары
Секирип машыгуу КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын жана Кургактагы аскерлердин атайын даярдыктагы жоокерлеринин катышуусу менен жылына эки ирет өтөт
Жоокерлер парашюттук тутумдарды пайдалануу жана ар кандай бийиктиктен секирип түшүү көндүмдөрүн кайталап машыгышты
Машыккандардын арасында парашюттан биринчи жолу секирип жаткандары да, 30 жолу секирген тажрыйбалуу аскер кызматкерлери да болду
Иш-чара беш миңдеген секириктерди жасаган тажрыйбалуу инструкторлордун көзөмөлү астында өттү
Буга чейин секирүүлөр Ми-8 тик учагынан гана жүргүзүлүп келген. Самолёттон секирүүлөр дээрлик 20 жылдай болбой келген. Кыргызстанга Россия эки Ан-26 учагын бергенден кийин жоокерлер самолёттон секирүүнү үйрөнө башташты
Самолёт менен тик учактан секирүүдө ылдамдык, бийиктик жана башка параметрдик айырмачылыктары болот
Аскер кызматкерлери өлкөнүн зарыл болгон аймагына конуп, күжүрмөн тапшырманы аткарууга даяр болушу үчүн десанттык даярдык зарыл
"Пантера" атайын даярдыктагы бөлүктүн десанты окуу-машыгуунун жүрүшүнө байкоо салып турат
Инструктор шамалдын багыты менен ылдамдыгын өлчөп жатат
Парашюттук секирүүлөр деңиз деңгээлинен 800 метрден 3 350 метр бийиктен, согуштагыдай шартта жасалды
"Пантера" атайын аскеринин десанттарынын парашюттан секирип түшүп келе жаткан учуру
Аскер кызматкерлери Токмок шаарындагы аскер аэродромуна конушту
Мыкты даярдыктагы аскерлер үчүн ар кандай аралыктардан секирүү эч кандай кыйынчылык жараткан жок
Окуу-машыгууда парашюттан секирген десант
Секирип жерге конгон жоокер парашютун жыйнап жатат
Бул адамдар сүрөткө түшүп жатканын билген да эмес. Фотографтар алардын чыныгы эмоциясын түшүрүп калууга жетишкен. Бирөөлөргө дары биринчи жолу сайылып жатса, кээ бирлери экинчи ирет эмделип жатат. Вакцина алып жаткандардын реакциясын, ошол учурдагы жүзүн Sputnik сунуштаган сүрөт түрмөктөн көрүүгө болот.
Индияда коронавируска каршы эмдөө учурунан бир ирмем. Serum Institute of India кызматкерине AstraZeneca компаниясынын Индиядан чыккан CoviShield препараты сайылууда
90 жаштагы Жюстина Батистка Кытайдын Sinovac вакцинасы менен эмделүүдө. Бразилия
Медицина кызматкери Пэм Питер экинчи ирет вакцинациядан өтүүгө даярданып жатат. АКШ, Флорида штаты
Сибирь федералдык университетинин кызматкерине "Спутник V" препараты сайылууда
Лондондогу карылар үйүнүн 100 жаштагы жашоочусу Oxford/AstraZeneca менен эмделүүдө
Вакцинация боюнча окутуудан бир кадр. Япониянын Кавасаки шаарында медайым ийне сайганды үйрөнүп жатат
Албаниянын Фиери шаарында карылар үйүнүн тургуну Pfizer/BioNTech препаратын сайдырууда
Парижде коронавируска каршы эмделип жаткан эркек киши
Johnson & Johnson дармеги сайылып жаткан медицина кызматкери. Түштүк Африка, Клерксдорп
Бразилиянын Сан-Паулу шаарында улгайып калган аял Sinovac препаратынын экинчи компонентин алууда
Карылар үйүнүн тургуну эмделип жатат. Чили
Sinovac вакцинасынын экинчи компоненти менен эмделип жаткан индонезиялык кишинин реакциясы
Афганистандын Кабул шаарында AstraZeneca препаратын алып жаткан оорукананын кызматкери
Италиянын Турин шаарындагы Амедео ди Савойя ооруканасында вакцинациядан өтүп жаткан бөлүм башчы Жованни Ди Перри
Свердлов облусундагы Староуткинск айылынын тургуну "Спутник V" менен эмделип жатат
Сенегалдын саламаттык сактоо министри Абдулай Диуф Сарр вакцинациядан кийин
Pfizer/BioNTech менен эмделген 98 жаштагы Генри Воукстун реакциясы. Улуу Британия
Венесуэланын Каракас шаарындагы ооруканаларынын биринде "Спутник V" менен эмдөө учуру
БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. 67 жаш курагында СССРдин ат оюндары боюнча эмгек сиңирген спорт чебери, Кыргызстанда туулган Александр Блинов каза болду. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.
Блинов 1980-жылы өткөн Олимпиада оюндарында командалык үч таймашта алтын жана жеке үч таймашта күмүш медалдын ээси болгон.Спортчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-мартта Москвада өтөт. Блинов 1954-жылы 19-августта Фрунзе шаарында туулган.
Анын Москвадагы Олимпиада оюндарында жетишкен ийгиликтери боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуй аласыздар.