Көчмөндөрдүн көз талдырган оюну чет элдик сүрөтчүлөрдүн көзү менен

622
(жаңыланган 13:14 09.09.2016)
  • Көчмөндөр оюнунун ачылыш аземи
  • Түркмөн жигиттер айтылуу ахалтекин күлүктөрү менен
  • Ачылыш аземиндеги оюн-зоок
  • Кыргыздын оттон-суудан кайра тартпаган каскадерлору
  • Меймандардын оозун кичинекей өнөрпоздор да ачырды. Кырчын
  • Этношаарчадагы оюн-зоок
  • Оюн-зооктордун негизин тарыхый окуялар түздү
  • Намаз учуру
  • Көчмөндөр жана техника
  • Көрүүчүлөр
  • Кан дүргүткөн көк бөрү
  • Россия менен Кытайдын улакчылары
  • Кырчындагы оюн-зоок көпкө чейин эстен кетпейт
  • Ал эми кимдир бирөө үчүн бул күнүмдүк жашоо
  • Эркин элдин эркин кушу
Ысык-Көлдө Дүйнөлүк көчмөндөрдүн экинчи оюну жыйынтыкталып, беш күн ичинде ар кыл мелдештер өтүп, эстен кеткис оюн-зооктор сунушталды. Sputnik Кыргызстан Көчмөндөр оюнундагы чет элдик сүрөтчүлөр тарабынан жасалган мыкты көз ирмемдерди тизмектеп чыкты.

Үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрында Ысык-Көлдө Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюну башталып, адегенде эле кыргыз элинин тарыхын чагылдырган театрлаштырылган оюн-зоок менен коштолду. Бардыгы болуп алты миң киши катышкан ачылыш салтанатын комузчулар, каскадерлор, ыктыярчылар көркүнө чыгарды. 

62 мамлекеттен келген миңден ашуун спортчу улуттук спорттун 26 түрү боюнча ат салышты. Чолпон-Атада өткөн мелдештен тышкары, Кырчын жайлоосунда этношаарча уюшулуп, 300гө чукул боз үй тигилди. Кыргызстандыктар менен чет элден келген меймандар кыргыздардын жашоо-тиричилиги менен таанышып эле тим болбостон, улуттук оюндарга катышып көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. 

Ушул кызыктуу окуялардын баарын чет элдик ЖМК менен фотоагенттик өкүлдөрү сүрөткө тартып калышты. Ал эми жалпы Оюндарды чагылдыруу үчүн 35 өлкөнүн 90 басылма жана телеканалдар келген. 

622
  • Көчмөндөр оюнунун ачылыш аземи
    © AFP 2019 / Vyacheslav OSELEDKO

    Көчмөндөр оюнунун ачылыш аземи

  • Түркмөн жигиттер айтылуу ахалтекин күлүктөрү менен
    © AFP 2019 / Vyacheslav OSELEDKO

    Түркмөн жигиттер айтылуу ахалтекин күлүктөрү менен

  • Ачылыш аземиндеги оюн-зоок
    © AP Photo / Vladimir Voronin

    Ачылыш аземиндеги оюн-зоок

  • Кыргыздын оттон-суудан кайра тартпаган каскадерлору
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кыргыздын оттон-суудан кайра тартпаган каскадерлору

  • Меймандардын оозун кичинекей өнөрпоздор да ачырды. Кырчын
    © AP Photo / Vladimir Voronin

    Меймандардын оозун кичинекей өнөрпоздор да ачырды. Кырчын

  • Этношаарчадагы оюн-зоок
    © AFP 2019 / Vyacheslav OSELEDKO

    Этношаарчадагы оюн-зоок

  • Оюн-зооктордун негизин тарыхый окуялар түздү
    © AP Photo / Vladimir Voronin

    Оюн-зооктордун негизин тарыхый окуялар түздү

  • Намаз учуру
    © AP Photo / Vladimir Voronin

    Намаз учуру

  • Көчмөндөр жана техника
    © AFP 2019 / Vyacheslav OSELEDKO

    Көчмөндөр жана техника

  • Көрүүчүлөр
    © AFP 2019 / Vyacheslav OSELEDKO

    Көрүүчүлөр

  • Кан дүргүткөн көк бөрү
    © AFP 2019 / Vyacheslav OSELEDKO

    Кан дүргүткөн көк бөрү

  • Россия менен Кытайдын улакчылары
    © AFP 2019 / Vyacheslav OSELEDKO

    Россия менен Кытайдын улакчылары

  • Кырчындагы оюн-зоок көпкө чейин эстен кетпейт
    © AP Photo / Vladimir Voronin

    Кырчындагы оюн-зоок көпкө чейин эстен кетпейт

  • Ал эми кимдир бирөө үчүн бул күнүмдүк жашоо
    © AP Photo / Vladimir Voronin

    Ал эми кимдир бирөө үчүн бул күнүмдүк жашоо

  • Эркин элдин эркин кушу
    © AFP 2019 / Vyacheslav OSELEDKO

    Эркин элдин эркин кушу

Белгилер:
массалык маалымат каражаттары, фото, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Кыргызстан
Тема:
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары (244)
Тема боюнча
Кыргызстан Көчмөндөр оюнунда 79 медалга ээ болуп, сап башына чыкты
Чет элдик ЖМКлар Көчмөндөр оюну тууралуу