Лавровго берилген белек. Бишкектеги Sputnik маалымат борборун көргөн министр

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин заманбап техникалар менен жабдууланган борбору жума күнү Бишкек шаарында ачылды.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Sputnik Кыргызстан редакциялык борборунун ачылыш салтанатына катышты.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Антон Чехов атындагы мектептин расмий ачылышына катышты. - Sputnik Кыргызстан
Лавров Бишкектеги орус тилин тереңдетип окутуучу мектептин ачылышына барды
Иш-чара жума күнү, 16-сентябрда Бишкек шаарында болуп, Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина жаңы борборду тааныштырып, заманбап техникалар менен жабдууланган маалымат борборду жана радиостудияны көрсөттү.

"Адилеттүү күрөшүү менен атаандаштыкты жеңсе болот деп ойлойм. Ким күчтүү болсо, ошол жеңсин. Мен силерге ийгилик каалайм", — деди Лавров. Министр Sputnik агенттиги калыс маалыматтарды таратарын кошумчалады. 

"Мага жаңы борборуңар жакты. Баары заманбап, акыркы үлгүдөгү техникалар менен жабдууланган. Бул жерде журналисттер үчүн жакшы шарттар түзүлгөн деп ойлойм. Бүгүнкү күндө калыстык эл аралык журналистикага абдан керек болуп турат", — деди Лавров. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кыргыз жана орус тилдеринде 2014-жылдын декабрь айында иштей баштаган. Портал өлкөнүн интернет-ЖМК тизмесинде биринчи сапты ээлейт. Ресурстун журналисттер менен редакторлордун кесипкөй командасы окурмандардын назарына эл аралык жана жергиликтүү жаңылыктар жөнүндө көп түрдүү пикирлерди сунуштайт. 2016-жылы Sputnik Кыргызстан агенттигинин фотокабарчысы Табылды Кадырбеков Adme Photo Awards 2016 деп аталган абройлуу сүрөт сынагынын байгесине татыган. Андан тышкары, Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги республиканын мамлекеттик мекемелери, анын ичинде министрликтер жана ведомстволор менен өнөктөштүк мамиледе иш алып барууда.

Жаркыраган борбор, заманбап техника: Лавров Sputnik Кыргызстанда конок болду - Sputnik Кыргызстан
Жаркыраган борбор, заманбап техника: Лавров Sputnik Кыргызстанда конок болду
Ошондой эле мамлекеттик сынактарга катышып жана өлкөнүн олуттуу маданий иш-чараларын маалыматтык жактан колдоп келет. 

Кыргызстанда Sputnik мультимедиалык маалымат борбору (Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 46) — түз телеберүүлөрдөн тартып дүйнөнүн кааалаган жери менен видеокөпүрөө түзүүгө чейинки ар кыл форматтагы иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүндүк берүүчү жогорку технологиялык жабдууларга ээ заманбап медиа аянча. Меймандар менен журналисттер үчүн ыңгайлуу маалымат жыйын залы бар. 

Sputnik (sputniknews.com) – ондогон өлкөлөрдө мултимедиалуу маалымат хабдарга ээ жаңылыктар агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө 30дан ашык тилдеги сайттарды, аналогдук жана санариптик радиоберүүнү, мобилдик тиркемелерди жана соцтармактарындагы баракчаларды камтыйт. Sputnik жаңылыктар тизмеги күнү-түнү англис, араб, испан, кытай жана башка тилдерде чыгып турат.

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүРедакциянын ачылыш аземи жума күнү РФтин ТИМ жетекчиси Сергей Лавровдун катышуусунда болду
Редакциянын ачылыш аземи жума күнү РФтин ТИМ жетекчиси Сергей Лавровдун катышуусунда болду - Sputnik Кыргызстан
1/10
Редакциянын ачылыш аземи жума күнү РФтин ТИМ жетекчиси Сергей Лавровдун катышуусунда болду
© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik эл аралык маалымат агенттигинин жана радиосунун кызматкерилери жаңы офисте иш алып барууда
Sputnik эл аралык маалымат агенттигинин жана радиосунун кызматкерилери жаңы офисте иш алып барууда - Sputnik Кыргызстан
2/10
Sputnik эл аралык маалымат агенттигинин жана радиосунун кызматкерилери жаңы офисте иш алып барууда
© Sputnik / Табылды КадырбековЖаңы маалымат борбору - түз телеберүүлөрдөн тартып дүйнөнүн түрдүү чекиттери менен видеокөпүрөө түзүүгө чейинки ар кыл форматтагы иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүндүк берүүчү жогорку технологиялык жабдууларга ээ заманбап медиа аянчасы
Жаңы маалымат борбору - түз телеберүүлөрдөн тартып дүйнөнүн түрдүү чекиттери менен видеокөпүрөө түзүүгө чейинки ар кыл форматтагы иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүндүк берүүчү жогорку технологиялык жабдууларга ээ заманбап медиа аянчасы - Sputnik Кыргызстан
3/10
Жаңы маалымат борбору - түз телеберүүлөрдөн тартып дүйнөнүн түрдүү чекиттери менен видеокөпүрөө түзүүгө чейинки ар кыл форматтагы иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүндүк берүүчү жогорку технологиялык жабдууларга ээ заманбап медиа аянчасы
© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан сайтынын кыргызча версиясынын редактору Канышай Бешбаева иш үстүндө
Sputnik Кыргызстан сайтынын кыргызча версиясынын редактору Канышай Бешбаева иш үстүндө - Sputnik Кыргызстан
4/10
Sputnik Кыргызстан сайтынын кыргызча версиясынын редактору Канышай Бешбаева иш үстүндө
© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүSputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина Лавровго редакцияны көргөзүү менен бирге бренддик көйнөктү белекке берди
Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина Лавровго редакцияны көргөзүү менен бирге бренддик көйнөктү белекке берди - Sputnik Кыргызстан
5/10
Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина Лавровго редакцияны көргөзүү менен бирге бренддик көйнөктү белекке берди
© Sputnik / Табылды КадырбековSputnik Кыргызстан агенттиги 2014-жылдын декабрь айында кыргыз, орус тилдеринде ишке кирген
Sputnik Кыргызстан агенттиги 2014-жылдын декабрь айында кыргыз, орус тилдеринде ишке кирген - Sputnik Кыргызстан
6/10
Sputnik Кыргызстан агенттиги 2014-жылдын декабрь айында кыргыз, орус тилдеринде ишке кирген
© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүSputnik Кыргызстан радиосунун студиясында ТИМдин жетекчиси Лавров эксклюзивдүү маек курууда
Sputnik Кыргызстан радиосунун студиясында ТИМдин жетекчиси Лавров эксклюзивдүү маек курууда - Sputnik Кыргызстан
7/10
Sputnik Кыргызстан радиосунун студиясында ТИМдин жетекчиси Лавров эксклюзивдүү маек курууда
© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүSputnik жаңылыктар тизмеги күнү-түнү англис, араб, испан, кытай жана башка тилдерде чыгып турат
Sputnik жаңылыктар тизмеги күнү-түнү англис, араб, испан, кытай жана башка тилдерде чыгып турат - Sputnik Кыргызстан
8/10
Sputnik жаңылыктар тизмеги күнү-түнү англис, араб, испан, кытай жана башка тилдерде чыгып турат
© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүү"Мага жаңы борборуңар жакты. Баары заманбап, акыркы үлгүдөгү техникалар менен жабдууланган. Бул жерде журналисттер үчүн жакшы шарттар түзүлгөн деп ойлойм", — деди Лавров
Мага жаңы борборуңар жакты. Баары заманбап, акыркы үлгүдөгү техникалар менен жабдууланган. Бул жерде журналисттер үчүн жакшы шарттар түзүлгөн деп ойлойм, — деди Лавров - Sputnik Кыргызстан
9/10
"Мага жаңы борборуңар жакты. Баары заманбап, акыркы үлгүдөгү техникалар менен жабдууланган. Бул жерде журналисттер үчүн жакшы шарттар түзүлгөн деп ойлойм", — деди Лавров
© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүЛавров Sputnik Кыргызстан агенттигине ийгилик каалап, учурда журналистикада альтернативалык көз караш жетишпей жатканын белгилеп өттү
Лавров Sputnik Кыргызстан агенттигине ийгилик каалап, учурда журналистикада альтернативалык көз караш жетишпей жатканын белгилеп өттү - Sputnik Кыргызстан
10/10
Лавров Sputnik Кыргызстан агенттигине ийгилик каалап, учурда журналистикада альтернативалык көз караш жетишпей жатканын белгилеп өттү
Жаңылыктар түрмөгү
0