Келбеттүү, сөөлөттүү, сүрдүү. Залкар актриса Бакен Кыдыкееванын сүрөттөрү

Жазылуу
Кыргыздын улуу актрисасы, Кыргыз ССР эл артисти, СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева көзү тирүү болгондо бүгүн 93 жашка чыкмак.

Кыргызстандын театр сахнасында жана киноөнөрүндө жүздөгөн образдарды жараткан таланттуу актриса көптөрдүн эсинде ошол келбеттүү, ошол сөөлөттүү образдары менен калды. 

Залкар дирижер, улуу композитор, кыргыз классикалык музыкасынын тарыхындагы корифейлердин бири Калый Молдобасановдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Калый Молдобасанов тууралуу 5 факты. Манасчынын композитор тукуму
"Төкөлдөштүн төрт кызынын" бири, залкар актриса Бакен Кыдыкееванын кыргыз искусствосунун өнүгүшүнө кошкон салымы зор. Ал сахнада, экранда мыкты ролдорду жаратуу менен чектелбестен, бир топ таланттарды тарбиялап кетти. 

Кыдыкеева алгачкы кадамын 1936-жылы Бишкектеги жаш көрүүчүлөр театрынан баштаптыр. Чыканактай кыз алгачкы ирет сахнага 14 жашында чыгып, испаниялык драматург Лопе де Веганын "Койлуу булак" чыгармасындагы Лауренсиянын ролун аткарган экен. 

Драматург жана театр таануучу Жаныш Кулманбетов болочок актрисанын сахнага чыгышына атасы каршы болуп, кийин кызынын талантын урматтаган, эң жакын күйөрмандарынан болуп калгандыгын Sputnik маалымат сайтына айтып берди.

Кыдыкеева 1941-жылы Ысык-Көлдөгү драма театрында, ал эми Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Нарын театрында иштеген. Кыдыкеева чыгармачылыгынын жана өмүрүнүн көп бөлүгүн Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына арнап, ал жерде 1989-жылга чейин эмгектенген. 1990-жылдардан көзү өткөн 1993-жылга чейин Кыргызстандын жаш көрүүчүлөр театрында иштеген. Кийин өмүрүнүн акыркы жылдары иштеген театрга ысымы ыйгарылган. 

Анын аткарган ролдорун азыр пенсия жашына таяп калган улуу муун суктануу менен эскерет.

Алгачкы ролу Лауренсия (Лопе де Вега, "Койлуу булак"), андан кийин Берметтин ("Саринжи-Бөкөй", Эшмамбетов) образын жараткан. Жесси (Константин Симонов, "Орус маселеси"), Ульяна Громова (Александр Фадеев, "Жаш Гвардия"), Дездемона (Уилям Шекспир, "Отелло"), Какей ("Кайгылуу Какей", М.Токобаев), Катерина (Александр Островский, "Добул"), Айганыш (Касымалы Жантөшев, "Курманбек"), Каныкейдин ("Манастын уулу Семетей", Жалил Садыков) жана дагы бир топ образдарын Бакен Кыдыкеевага гана таандык өзгөчөлүк менен ачып берген. 

Гениалдуу хирург Иса Ахунбаевдин архивдик сүрөтү (ортодо) - Sputnik Кыргызстан
Иса Ахунбаев жөнүндө 8 факты. Өзүнө-өзү операция жасаганы эл оозунда айтылып келет
Ал эми кино жаатында биринчилерден болуп кыргыздын алгачкы толук метраждуу көркөм фильми "Салтанатта" Салтанаттын ролун ойногон. 

Андан сырткары экранда Бурма ("Токтогул"), Райхан ("Ашууда"), Азиз эне ("Тайгак кечүү"), Кара катын ("Биринчи мугалим"), Толгонай ("Саманчынын жолу"), Жайдар ("Жаныбарым Гүлсарым"), Хадыша ("Караш-Караш окуясы"), Сейилдин ("Көчө") ролдорун жараткан. 

Бакен Кыдыкеева 1993-жылы 30-декабрда андан 57 жыл мурда сахнасын аттаган Кыргызстандын жаш көрүүчүлөр театрында иштеп жүргөн учурда жол кырсыгынан каза болгон.

© Sputnik / Александр ФедоровКыргыздын улуу актрисасы, Кыргыз ССР эл артисти, СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева көзү тирүү болгондо бүгүн 93 жашка чыкмак
Кыргыздын улуу актрисасы, Кыргыз ССР эл артисти, СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева көзү тирүү болгондо бүгүн 92 жашка чыкмак - Sputnik Кыргызстан
1/16
Кыргыздын улуу актрисасы, Кыргыз ССР эл артисти, СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкеева көзү тирүү болгондо бүгүн 93 жашка чыкмак
© Александр ФедоровБакен Кыдыкеева кыргыздын алгачкы толук метраждуу көркөм фильми "Салтанатта" Салтанаттын ролун ойногон. Киножаатындагы сынчылар бул тасманы Улуттук көркөм маданияттын символуна айлангандыгын айтып келишет
Бакен  Кыдыкеева  кыргыздын алгачкы толук метраждуу көркөм фильми Салтанатта Салтанаттын ролун ойногон. Киножаатындагы сынчылар бул тасманы Улуттук көркөм маданияттын символуна айлангандыгын айтып келишет - Sputnik Кыргызстан
2/16
Бакен Кыдыкеева кыргыздын алгачкы толук метраждуу көркөм фильми "Салтанатта" Салтанаттын ролун ойногон. Киножаатындагы сынчылар бул тасманы Улуттук көркөм маданияттын символуна айлангандыгын айтып келишет
© Александр ФедоровРежиссер Алексей Сахаров жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" чыгармасынын негизинде "Ашуу" тасмасын тартып, Райхандын ролун Кыдыкеева аткарган. Сүрөт Долон ашуусунда тартылган
Режиссер Алексей Сахаров жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Кызыл жоолук жалжалым чыгармасынын негизинде  Ашуу тасмасын тартып,  Райхандын ролун Кыдыкеева аткарган. Сүрөт Долон ашуусунда тартылган - Sputnik Кыргызстан
3/16
Режиссер Алексей Сахаров жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" чыгармасынын негизинде "Ашуу" тасмасын тартып, Райхандын ролун Кыдыкеева аткарган. Сүрөт Долон ашуусунда тартылган
© Фото / Александр ФедоровЖылдызы жанган бул кыз кийин сахнада мыкты ролдорду жараткан улуттун сыймыгы болгон улуу талантка айланды
К 92-летию кыргызской актрисы Бакен Кыдыкеевой - Sputnik Кыргызстан
4/16
Жылдызы жанган бул кыз кийин сахнада мыкты ролдорду жараткан улуттун сыймыгы болгон улуу талантка айланды
© Александр ФедоровТеатр сынчылары актрисага трагедия менен комедияны бирдей ойноп кеткен көп кырдуу талант катары жогорку баасын беришкен
К 92-летию кыргызской актрисы Бакен Кыдыкеевой - Sputnik Кыргызстан
5/16
Театр сынчылары актрисага трагедия менен комедияны бирдей ойноп кеткен көп кырдуу талант катары жогорку баасын беришкен
© Александр ФедоровБакен Кыдыкееванын аткарган ролдорун азыр пенсия жашына таяп калган улуу муун суктануу менен эскерет. Бул талант өмүрүнүн акыркы демине чейин театрдан кеткен жок
К 92-летию кыргызской актрисы Бакен Кыдыкеевой - Sputnik Кыргызстан
6/16
Бакен Кыдыкееванын аткарган ролдорун азыр пенсия жашына таяп калган улуу муун суктануу менен эскерет. Бул талант өмүрүнүн акыркы демине чейин театрдан кеткен жок
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүКыдыкеева "Саманчынын жолу" көркөм тасмасында Толгонайдын ролунда
Кадр из художественного фильма Материнское поле - Sputnik Кыргызстан
7/16
Кыдыкеева "Саманчынын жолу" көркөм тасмасында Толгонайдын ролунда
© Sputnik / Александр ФедоровГеннадий Базаровдун "Көздүн кареги" тасмасында дагы бир залкар актер Болот Бейшеналиев менен бирге ойногон. Актердук чеберчилиги үчүн Бакен Кыдыкеева 1977-жылы Рига шаарындагы бүткүл союздук кинфестивалда атайын номинацияга ээ болгон
К 92-летию кыргызской актрисы Бакен Кыдыкеевой - Sputnik Кыргызстан
8/16
Геннадий Базаровдун "Көздүн кареги" тасмасында дагы бир залкар актер Болот Бейшеналиев менен бирге ойногон. Актердук чеберчилиги үчүн Бакен Кыдыкеева 1977-жылы Рига шаарындагы бүткүл союздук кинфестивалда атайын номинацияга ээ болгон
© Sputnik / Александр Федоров"Көздүн кареги" кинокартинасындагы экран артындагы учурлар. Кыдыкеева ролун кайрадан кайталап, кээ бир жерлерин жаттап жаткан учуру
К 92-летию кыргызской актрисы Бакен Кыдыкеевой - Sputnik Кыргызстан
9/16
"Көздүн кареги" кинокартинасындагы экран артындагы учурлар. Кыдыкеева ролун кайрадан кайталап, кээ бир жерлерин жаттап жаткан учуру
© Александр ФедоровКинотасмаларда энелердин ролун көп аткарган актриса уулу менен үйүндө. Сүрөттөгү кызыл жагоочон тестиер бала кийин киноөнөрүнө аралашып, бир-эки ирет тартылып да көргөн
К 92-летию кыргызской актрисы Бакен Кыдыкеевой - Sputnik Кыргызстан
10/16
Кинотасмаларда энелердин ролун көп аткарган актриса уулу менен үйүндө. Сүрөттөгү кызыл жагоочон тестиер бала кийин киноөнөрүнө аралашып, бир-эки ирет тартылып да көргөн
© Sputnik / Филоненко / Медиабанкка өтүү"Салтанат" тасмасынан алынган кадр — Бакен Кыдыкеева, залкар актер Муратбек Рыскулов. Режиссер — Василий Пронин. 1955-жыл
Кадр из фильма Салтанат - Sputnik Кыргызстан
11/16
"Салтанат" тасмасынан алынган кадр — Бакен Кыдыкеева, залкар актер Муратбек Рыскулов. Режиссер — Василий Пронин. 1955-жыл
© Александр ФедоровЭң оор, эң мыкты жана кайталангыс чеберчилик менен жаратылган – Толгонайдын образы. Айтматовдун "Саманчынын жолу" повестинин негизинде бул кинокартина режиссер Геннадий Базаровдун дипломдук иши болгон
К 92-летию кыргызской актрисы Бакен Кыдыкеевой - Sputnik Кыргызстан
12/16
Эң оор, эң мыкты жана кайталангыс чеберчилик менен жаратылган – Толгонайдын образы. Айтматовдун "Саманчынын жолу" повестинин негизинде бул кинокартина режиссер Геннадий Базаровдун дипломдук иши болгон
© Фото / Александр ФедоровТолгонай жакындарын согуш жалмаган, бирок, миң кайгыны былк этпей көтөргөн, кайраттуу, ичтен сызганы менен, каардуу да боло билген – ЭНЕ
К 92-летию кыргызской актрисы Бакен Кыдыкеевой - Sputnik Кыргызстан
13/16
Толгонай жакындарын согуш жалмаган, бирок, миң кайгыны былк этпей көтөргөн, кайраттуу, ичтен сызганы менен, каардуу да боло билген – ЭНЕ
© Александр Федоров"Саманчынын жолу" тасмасына тартылуу учурундагы тыныгууда актрисага гример-художник Белякова грим жасап жаткан учуру
К 92-летию кыргызской актрисы Бакен Кыдыкеевой - Sputnik Кыргызстан
14/16
"Саманчынын жолу" тасмасына тартылуу учурундагы тыныгууда актрисага гример-художник Белякова грим жасап жаткан учуру
© Александр ФедоровГеннадий Базаров "Искусство жөнүндө жомок" кино тасмасында актрисаны тартып жаткан кези
К 92-летию кыргызской актрисы Бакен Кыдыкеевой - Sputnik Кыргызстан
15/16
Геннадий Базаров "Искусство жөнүндө жомок" кино тасмасында актрисаны тартып жаткан кези
© Фото / Александр ФедоровБул сүрөт 1990-жылы тартылган. Мындан үч жыл өткөндөн кийин Бакен Кыдыкеева 1993-жылы 30-декабрда автоунаа коюп кетип каза болуп, сөөгү бир нече күндөн кийин Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
К 92-летию кыргызской актрисы Бакен Кыдыкеевой - Sputnik Кыргызстан
16/16
Бул сүрөт 1990-жылы тартылган. Мындан үч жыл өткөндөн кийин Бакен Кыдыкеева 1993-жылы 30-декабрда автоунаа коюп кетип каза болуп, сөөгү бир нече күндөн кийин Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
Жаңылыктар түрмөгү
0