Россия элчисине кол салуу. Жеринен алынган сүрөттөр

3554
(жаңыланган 10:00 20.12.2016)
  • Россиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов Анкарада кол салуудан улам каза болду
  • Окуя борбор калаада өтүп жаткан сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш салтанатында болгон
  • Каргашалуу окуядан дипломаттан тышкары дагы үч адам жаракат алды. Куралдан ок чыгарган жаран ошол эле жерден полиция тарабынан жок кылынган
  • Элчи Андрей Карловго болгон кол салуу маалындагы көргөзмөгө келген бала
  • ТИМ кол салуу болгонун тастыктагандан кийин бейрасмий булактар элчинин көз жумганын жарыялай башташты. Бир нече убакыттан кийин дипломаттын каза болгону ырасталды
  • Түрк бийлиги күнөөлүүлөр жазалана турганын убадалоодо
  • ТИМ аталган окуяны террордук акт экенин жар салды
  • Москва дипломаттын өлүмүнө байланыштуу көңүл айтууларды кабыл алып жатат
Кол салуу Түркиянын борборунда өтүп жаткан сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш салтанатында болгон. Окуядан дипломаттан тышкары дагы үч адам жаракат алды. Куралдан ок чыгарган жаран ошол эле жерден полиция тарабынан жок кылынган.

Түрк бийлиги күнөөлүүлөр жазалана турганын убадалап, окуяны террордук акт деп атоодо. Учурда Москва дипломаттын өлүмүнө байланыштуу көңүл айтууларды кабыл алып жатат.

3554
  • Россиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов Анкарада кол салуудан улам каза болду
    © AP Photo / Burhan Ozbilici

    Россиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов Анкарада кол салуудан улам каза болду

  • Окуя борбор калаада өтүп жаткан сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш салтанатында болгон
    © AP Photo / Burhan Ozbilici

    Окуя борбор калаада өтүп жаткан сүрөт көргөзмөсүнүн ачылыш салтанатында болгон

  • Каргашалуу окуядан дипломаттан тышкары дагы үч адам жаракат алды. Куралдан ок чыгарган жаран ошол эле жерден полиция тарабынан жок кылынган
    © AP Photo / Burhan Ozbilici

    Каргашалуу окуядан дипломаттан тышкары дагы үч адам жаракат алды. Куралдан ок чыгарган жаран ошол эле жерден полиция тарабынан жок кылынган

  • Элчи Андрей Карловго болгон кол салуу маалындагы көргөзмөгө келген бала
    © AP Photo / Burhan Ozbilici

    Элчи Андрей Карловго болгон кол салуу маалындагы көргөзмөгө келген бала

  • ТИМ кол салуу болгонун тастыктагандан кийин бейрасмий булактар элчинин көз жумганын жарыялай башташты. Бир нече убакыттан кийин дипломаттын каза болгону ырасталды
    © AP Photo / Burhan Ozbilici

    ТИМ кол салуу болгонун тастыктагандан кийин бейрасмий булактар элчинин көз жумганын жарыялай башташты. Бир нече убакыттан кийин дипломаттын каза болгону ырасталды

  • Түрк бийлиги күнөөлүүлөр жазалана турганын убадалоодо
    © REUTERS / Umit Bektas

    Түрк бийлиги күнөөлүүлөр жазалана турганын убадалоодо

  • ТИМ аталган окуяны террордук акт экенин жар салды
    © REUTERS / Umit Bektas

    ТИМ аталган окуяны террордук акт экенин жар салды

  • Москва дипломаттын өлүмүнө байланыштуу көңүл айтууларды кабыл алып жатат
    © REUTERS / Umit Bektas

    Москва дипломаттын өлүмүнө байланыштуу көңүл айтууларды кабыл алып жатат

Белгилер:
элчи, кол салуу, Андрей Карлов, Түркия
Тема:
РФтин Түркиядагы элчиси кол салуудан улам каза болду (19)
Тема боюнча
Түркияда Россиянын элчисине кол салуу болду
Россиянын Түркиядагы элчиси кол салуудан улам каза болду
Карлов Андрей Геннадьевич. Өмүр баяны

Булуттарды кучактап! Төө-Ашуудан тартылган эң кооз 10 ирмем

104
  • Булуттар таман алдында калганда. Төө-Ашуу — Кыргызстандагы эң бийик ашуулардын бири. Ал деңиз деңгээлинен 3 586 метр өйдө жайгашкан.
  • Кулач кере таза абадан жуткан кандай бакыт! Төө-Ашуу — Кара-Балта өрөөнүнүн төрүндө.
  • Ашуунун белине 1962-жылы туннель курулуп, ага Кусейин Көлбаевдин ысымы берилген
  • Төө-Ашуунун белинде асманга жакындап, булуттун үстүндө, кооздукка көз чаптырып отурган адам
  • Ашууга чыгып бара жатканда 20дай чукул бурулуштардан өтүүгө туура келет. Ага эки саатка жакын убакыт кетет.
  • Ашуунун түндүк жагында астмадан жабыркагандарды дарылай турган борбор ачылган. Таза аба адамдын дем алуу органдарына жакшы таасир этет.
  • Төө-Ашуунун түштүк тарабындагы бетте лыжа базасы бар. Ал сноуборд менен лыжа тепкендердин сүйүктүү жери.
  • Эл ичинде айтылуу Кожомкул балбан Чүйдөн Суусамырга бара жаткан жолдо аты баспай калып, аны ушул Төө-Ашуудан көтөрүп өткөн деген кеп бар
  • Бул жерден бардыгы алаканга салгандай көрүнөт. Өзгөчө жаз айларынын ортосунда өрөөнгө жашыл килем төшөп койгондой элес калтырат.
  • Ашуу аркылуу ары-бери каттаган жүргүнчүлөр мындай кооздуктан улам жолго токтоп, сүрөткө, видеого түшүп, анан жолун улаган учурлар кадыресе көрүнүш
Төө-Ашуу — Кыргызстандагы эң бийик ашуулардын бири. Биздин окурмандарга бул аймактын кооздугун Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүү мүмкүнчүлүгү жаралды.

Фотокабарчы Табылды Кадырбеков Төө-Ашууга барып, бир нече сүрөт тартып келген. Кыргызстандагы эң узун Ош — Бишкек автожолу дал ушул ашуу аркылуу өтөт. Ал деңиз деңгээлинен 3 586 метр өйдө жайгашкан. Кыргыз Ала-Тоосунун борбордук бөлүгүндө, Кара-Балта өрөөнүнүн төрүндө.

Бул ашуу аркылуу Чүйдөн Суусамырга өтсө болот. Ашууга чыгып бара жатканда 20дай чукул бурулуштардан өтүүгө туура келет. Ага эки саатка жакын убакыт керектелет. Белине 1962-жылы туннель курулуп, ага Кусейин Көлбаевдин ысымы берилген. Түндүк жагында астмадан жабыркагандарды дарылай турган борбор бар. Ал эми түштүк тарабындагы бетте лыжа базасы жайгашкан. Ал сноуборд менен лыжа тепкендердин сүйүктүү жери. Эл ичинде айтылуу балбан Кожомкул  Каба уулу Чүйдөн Суусамырга бара жаткан жолдо аты баспай калып, аны ушул Төө-Ашуудан көтөрүп өткөн деп айтышат.

Кээ бир жер-суу аталыштары ошол жерди байырлаган жаныбарларга, өсүмдүктөргө байланыштуу коюлуп келген. "Төө ашуу" — зоотопонимикалык аталыш. Бирок бул ашуудан көп сандаган төө өтүп турган же багылган деп айтуу калпыс пикир. Болгону салыштыруу иретинде аталган. Кыргызстандын аймагындагы эң чоң жаныбар катары төө саналган. Ушундан улам ашуунун бийиктиги төөнүн бийиктиги менен салыштырылып Төө-Ашуу деп атап коюшкан.

104
  • Булуттар таман алдында калганда. Төө-Ашуу — Кыргызстандагы эң бийик ашуулардын бири. Ал деңиз деңгээлинен 3 586 метр өйдө жайгашкан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Булуттар таман алдында калганда. Төө-Ашуу — Кыргызстандагы эң бийик ашуулардын бири. Ал деңиз деңгээлинен 3 586 метр өйдө жайгашкан.

  • Кулач кере таза абадан жуткан кандай бакыт! Төө-Ашуу — Кара-Балта өрөөнүнүн төрүндө.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кулач кере таза абадан жуткан кандай бакыт! Төө-Ашуу — Кара-Балта өрөөнүнүн төрүндө.

  • Ашуунун белине 1962-жылы туннель курулуп, ага Кусейин Көлбаевдин ысымы берилген
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ашуунун белине 1962-жылы туннель курулуп, ага Кусейин Көлбаевдин ысымы берилген

  • Төө-Ашуунун белинде асманга жакындап, булуттун үстүндө, кооздукка көз чаптырып отурган адам
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Төө-Ашуунун белинде асманга жакындап, булуттун үстүндө, кооздукка көз чаптырып отурган адам

  • Ашууга чыгып бара жатканда 20дай чукул бурулуштардан өтүүгө туура келет. Ага эки саатка жакын убакыт кетет.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ашууга чыгып бара жатканда 20дай чукул бурулуштардан өтүүгө туура келет. Ага эки саатка жакын убакыт кетет.

  • Ашуунун түндүк жагында астмадан жабыркагандарды дарылай турган борбор ачылган. Таза аба адамдын дем алуу органдарына жакшы таасир этет.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ашуунун түндүк жагында астмадан жабыркагандарды дарылай турган борбор ачылган. Таза аба адамдын дем алуу органдарына жакшы таасир этет.

  • Төө-Ашуунун түштүк тарабындагы бетте лыжа базасы бар. Ал сноуборд менен лыжа тепкендердин сүйүктүү жери.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Төө-Ашуунун түштүк тарабындагы бетте лыжа базасы бар. Ал сноуборд менен лыжа тепкендердин сүйүктүү жери.

  • Эл ичинде айтылуу Кожомкул балбан Чүйдөн Суусамырга бара жаткан жолдо аты баспай калып, аны ушул Төө-Ашуудан көтөрүп өткөн деген кеп бар
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Эл ичинде айтылуу Кожомкул балбан Чүйдөн Суусамырга бара жаткан жолдо аты баспай калып, аны ушул Төө-Ашуудан көтөрүп өткөн деген кеп бар

  • Бул жерден бардыгы алаканга салгандай көрүнөт. Өзгөчө жаз айларынын ортосунда өрөөнгө жашыл килем төшөп койгондой элес калтырат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бул жерден бардыгы алаканга салгандай көрүнөт. Өзгөчө жаз айларынын ортосунда өрөөнгө жашыл килем төшөп койгондой элес калтырат.

  • Ашуу аркылуу ары-бери каттаган жүргүнчүлөр мындай кооздуктан улам жолго токтоп, сүрөткө, видеого түшүп, анан жолун улаган учурлар кадыресе көрүнүш
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ашуу аркылуу ары-бери каттаган жүргүнчүлөр мындай кооздуктан улам жолго токтоп, сүрөткө, видеого түшүп, анан жолун улаган учурлар кадыресе көрүнүш

Белгилер:
туннель, Төө-Ашуу, Кыргызстан
Тема боюнча
Сулуу кыз менен "жетелешип" Кыргызстанды эки мүнөттө кыдырып чыккың келеби? Видео

Кыргызстан жөнөткөн акча 186 учакка жетмек. Улуу Жеңишти жакындаткан жардам

262
(жаңыланган 19:36 22.06.2021)
  • Ростов шаарынын батыш жагын коргоодо жоокер У.Омаров буктурмадан пулемет менен душманды аткылап жаткан учуру. 1941-жыл.
  • Кыргыздын тунгуч учкучу Абдували Курбаналиев. 

Командачылык капитан Курбаналиевди ден соолугуна байланыштуу фронтко жибербей койгон. 1941-жылы ал жетекчиликтин буйругу менен Фрунзе шаарында аскердик учкучтарды алгачкы даярдыктан өткөргөн №24 мектепти негиздейт. Бул мектептин базасында Одессадан көчүрүп келинген аскердик учкучтар училищеси ачылат. Курбаналиев кан майдан үчүн учкучтарды даярдайт. 1946-жылы өкмөт аны ушул эмгеги үчүн Кызыл Жылдыз ордени менен сыйлаган.
  • Фруне шаарындагы №2 орто мектебинин окуучулары кан майдандагы Кызыл армиянын жоокерлерине китеп жана ич кийим жөнөтүп жаткан учуру. 1941-жыл.

Согуш жүргөн төрт жыл ичинде кыргызстандык тикмечилер 13 миллион булгаары бут кийим жана 9 миллион токулган буюм тигишкен.
  • 8-гвардиялык аткычтар дивизиясын командачылык Аскердик Кызыл Туу ордени менен сыйлап жаткан учур. 1941-жыл, 18-ноябрь.

1941-жылы июнь-август айларында Кыргызстан менен Казакстанда генерал-майор Иван Панфиловдун жетекчилигинин астында 316-аткычтар дивизиясы түптөлгөн. 15-октябрдан баштап бул дивизия Москваны гитлерчилерден коргойт. Ушул салгылашта панфиловчулар өзгөчө эрдиги менен айырмаланышат. 17-ноябрда аскердик бирикмени командачылык Аскердик Кызыл Туу ордени сыйлайт. 18-ноябрда жогоруда айтылган кошуунга 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы деген ардактуу наам берилет. Ошол эле күнү Иван Панфилов курман болот. 23-ноябрда анын ысымы дивизияга ыйгарылат.
  • №4178 госпиталынын кызматкерлери. Алардын чок ортосунда госпиталдын жетекчиси (аскер кийимчен) Э.Я.Лукоянова. Фрунзе шаары, 1943-жыл.

1941-жылы октябрдан баштап Россия менен Украинадан 22 госпиталь Кыргызстанга эвакуацияланып иштей баштаган. Төрт жылдын ичинде бул аскердик ооруканаларда 39 миң 902 жарадар менен оорукчан офицер жана аскер дарыланган.
  • Гитлерчилер талкалаган имараттын ичи. 1942-жыл. 

СССРдин фашисттик Германия жана анын өнөктөштөрү басып алган аймактарында 73 миллион калкы калган. Анын ичинен, тарыхый маалыматтар боюнча, 13 миллион 684 миң 692 советтик жаран баскынчылар тарабынан өлтүрүлгөн. Нюрнберг процессинин документтеринде көрсөтүлгөндөй, гитлерчилер фашисттик Германияга Советтер Союзунун беш миллионго жакын атуулун кулдукка алып кетишкен. Мындан сырткары, СССР бул согушта 357 миллиард АКШ доллар өлчөмүндө материалдык зыян тарткан.
  • Панфиловчулар душмандан олжологон жеңил автоунаанын жанында сүрөткө түшүүдө. 1941-жыл. 

Генерал-майор Иван Панфилов атындагы 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы Москваны коргогон учурда фашисттик Германиянын төрт дивизиясын талкалаган. Панфиловчулар 9 миң гитлерчилер менен кошо алардын сексен танкын жок кылышкан.
  • Сузак районундагы Иосиф Сталин атындагы колхоздун комсомолдук уюмунун мүчөлөрү панфиловчуларга белек жөнөтүп жаткан маалы. Ош облусу. 1942-жыл.

Кыргызстандын эли 186 учакка жетчү каражат чогултушкан. Кыргыз ССРи кан майданга 195 вагон азык-түлүк жөнөткөн.
  • Ленинград фронтунда Кыргыз ССРинин делегациясы менен чогуу маркум генерал-майор Иван Панфиловдун жубайы Мария фашисттик бомба түшүрчү учакты атып түшүргөн аскер Заярковду куттуктап жаткан учуру. 1942-жыл.

Мария Ивановна жолдошу, атактуу генерал Панфиловдун каза болгонун угуп, шал оорусуна чалдыккан. Бирок ал ооруга моюн сунбай дартты жеңет. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Панфилова коомдук турмушка активдүү катышып, ал аяктагандан кийин Иван Васильевич жөнүндө китеп жазган.
  • Панфиловчулар парадда басып бара жаткан учур. 1943-жыл.

1942-жылы 16-мартта СССРдин Жогорку Советинин Президимиунун төрагасы Михаил Калининдин жарлыгы менен генерал-майор Иван Панфилов атындагы 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы Ленин ордени менен сыйланган.
  • Пионерлердин кан майдандан келген жоокер менен жолугушуусу. Фрунзе шаары, 1942-жыл. 

Фашисттик Германия Кыргызстанга Кытайдын Синьцзянь аймагы менен Афганистан аркылуу тыңчыларын жиберип, тымызын басмачылык кыймылды жандандырууга умтулган. Тарых илимдеринин кандидаты Леонид Сумароковдун маалыматы боюнча, 1942-жылы Пржевальск менен Таш-Рабат чек ара комендатурасынын жоокерлери алтыдан ашык немис чалгынчыларын кармаган.
  • Моңгол Эл Республикасынын өкүлдөрү панфиловчуларга конокко келген маалы. 1942-жыл.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Монголия СССРге 2,5 миллион рубль жана 300 килограмм алтын жөнөткөн. Моңгол эли Улуу Жеңиш үчүн алтындан жасалган диний эстеликтерин эриткен. Мындан сырткары, моңгол кыз-келиндери алтын иймектери менен шакектерин Советтер Союзуна жардам катары жиберген.
  • Автоматчандар взводунун командири И. М. Сагало кызыл аскерлери Асылбеков жана Чайка менен буктурмада жашынып жаткан учур. 1943-жыл.

1943-жылы Кызыл армия Сталинград шаарында жана Курск догосундагы салгылаштарда вермахтты талкалайт. Бул салгылашуулар Экинчи дүйнөлүк согуштун жүрүшүнө абдан зор таасирин тийгизген. Андан кийин фашисттик Германия чабуул койгонго чамасы жетпей коргонууга аргасыз болгон.
  • Жөө аскер училищесинде кан майдандан кайткан курсанттар Рузи Азимов (оң жакта) жана Акбар Толкомбаев сабак учурунда. Фрунзе шаары, 1945-жыл.

1944-жылы июнда 19 жашар кыргызстандык аскер Азимов Беларусту фашисттик баскынчылардан бошотууда өзгөчө каармандык көрсөткөнү үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамы менен сыйланган. Ошол эле жылы 3-июлда Минск шаары бошотулган. Ал эми 29-августта Беларусь толугу менен гитлерчилерден бошотулган. 1996-жылдан баштап 3-июль Беларуста эгемендүлүк күнү катары расмий майрамдалат.
  • Франциядагы Русская память коомдук бирикменин төрагасы, теги казакстандык белгилүү тарыхчы Сергей Дыбов жана француз изилдөөчүлөрү Советтер Союзунун Баатыры Василий Пориктин эстелигинин жанында жүз жылдык мааракесин белгилөө боюнча иш-чаранын учурунда. Франция, Энен-Льетар шаары. 2020-жыл 17-февраль.

1944-жылы Түндүк Францияда жайгашкан фашисттик концлагерден Кызыл армиянын лейтенанты Василий Порик качып чыккан. Ал советтик жана чет элдик туткундар менен жергиликтүү тургундардан турган партизандык отряд уюштурган. Алардын арасында кыргызстандык аскерлер да бар эле.
  • Чүй районундагы Карл Маркс атындагы колхоздун үгүтчүсү Кыдаралиева сугат учурунда фронттогу абал тууралуу баракчага маалымат жазып жаткан маал. Фрунзе облусу. 1945-жыл.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кыргызстандан 200 миңге жакын качкын баш паанек тапкан. Алардын ичинде ак жеринен айыпталган түндүк кавказдыктар, крымдык татарлар жана этникалык немецтер да бар болчу.
  • Россиянын Кыргызстандагы элчиси Георгий Рудов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине Москва шаарын коргоо үчүн медалын тапшыруу учурунда. Бишкек шаары. 1999-жыл.
Мындан 80 жыл мурун, 1941-жылы 22-июнда, СССРге фашисттик Германия өнөктөштөрү менен кол салып, Улуу Ата Мекендик согуш башталган.

СССРдеги Чехословакиянын Биринчи Армия Корпусунун Прагага кириши. 9-май, 1945-жыл
© Фото / из архива Государственного исторического музея
Совет эли эркиндиги үчүн күрөшкө жапа тырмак көтөрүлгөн. Гитлерчилер советтик жарандардан мындай каршылыкты күткөн эмес. Себеби буга чейин аларга кыска убакыттын ичинде Батыш жана Чыгыш Европанын бир катар мамлекеттери багынып берген. Мисалы, 1940-жылы Франция эки айга жетпей Гитлерге баш ийген.

Улуу Ата Мекендик согушка 300 миңден ашык кыргызстандык аттанган. Анын ичинен 160 миңден ашуун мекендешибиз фронттон кайтпай калды. Төрт жылга созулган согушта СССР 27 миллион жаранынан ажыраган. Фашисттик Германия менен анын өнөктөштөрү СССРдин миңдеген шаарларын, кыштактарын жана өнөр жайын талкалаган. Колумнист Алмаз Батилов архивдик сүрөттөрдүн негизинде Кыргызстан Улуу Жеңишке кандай салым кошкону тууралуу сүрөт баян даярдады.

262
  • Ростов шаарынын батыш жагын коргоодо жоокер У.Омаров буктурмадан пулемет менен душманды аткылап жаткан учуру. 1941-жыл.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Ростов шаарынын батыш жагын коргоодо жоокер У.Омаров буктурмадан пулемет менен душманды аткылап жаткан учуру. 1941-жыл.

  • Кыргыздын тунгуч учкучу Абдували Курбаналиев. 

Командачылык капитан Курбаналиевди ден соолугуна байланыштуу фронтко жибербей койгон. 1941-жылы ал жетекчиликтин буйругу менен Фрунзе шаарында аскердик учкучтарды алгачкы даярдыктан өткөргөн №24 мектепти негиздейт. Бул мектептин базасында Одессадан көчүрүп келинген аскердик учкучтар училищеси ачылат. Курбаналиев кан майдан үчүн учкучтарды даярдайт. 1946-жылы өкмөт аны ушул эмгеги үчүн Кызыл Жылдыз ордени менен сыйлаган.
    © Фото / из личного архива Рената Курбаналиева

    Кыргыздын тунгуч учкучу Абдували Курбаналиев.

    Командачылык капитан Курбаналиевди ден соолугуна байланыштуу фронтко жибербей койгон. 1941-жылы ал жетекчиликтин буйругу менен Фрунзе шаарында аскердик учкучтарды алгачкы даярдыктан өткөргөн №24 мектепти негиздейт. Бул мектептин базасында Одессадан көчүрүп келинген аскердик учкучтар училищеси ачылат. Курбаналиев кан майдан үчүн учкучтарды даярдайт. 1946-жылы өкмөт аны ушул эмгеги үчүн Кызыл Жылдыз ордени менен сыйлаган.

  • Фруне шаарындагы №2 орто мектебинин окуучулары кан майдандагы Кызыл армиянын жоокерлерине китеп жана ич кийим жөнөтүп жаткан учуру. 1941-жыл.

Согуш жүргөн төрт жыл ичинде кыргызстандык тикмечилер 13 миллион булгаары бут кийим жана 9 миллион токулган буюм тигишкен.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР / Э. Вильчинский

    Фруне шаарындагы №2 орто мектебинин окуучулары кан майдандагы Кызыл армиянын жоокерлерине китеп жана ич кийим жөнөтүп жаткан учуру. 1941-жыл.

    Согуш жүргөн төрт жыл ичинде кыргызстандык тикмечилер 13 миллион булгаары бут кийим жана 9 миллион токулган буюм тигишкен.

  • 8-гвардиялык аткычтар дивизиясын командачылык Аскердик Кызыл Туу ордени менен сыйлап жаткан учур. 1941-жыл, 18-ноябрь.

1941-жылы июнь-август айларында Кыргызстан менен Казакстанда генерал-майор Иван Панфиловдун жетекчилигинин астында 316-аткычтар дивизиясы түптөлгөн. 15-октябрдан баштап бул дивизия Москваны гитлерчилерден коргойт. Ушул салгылашта панфиловчулар өзгөчө эрдиги менен айырмаланышат. 17-ноябрда аскердик бирикмени командачылык Аскердик Кызыл Туу ордени сыйлайт. 18-ноябрда жогоруда айтылган кошуунга 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы деген ардактуу наам берилет. Ошол эле күнү Иван Панфилов курман болот. 23-ноябрда анын ысымы дивизияга ыйгарылат.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    8-гвардиялык аткычтар дивизиясын командачылык Аскердик Кызыл Туу ордени менен сыйлап жаткан учур. 1941-жыл, 18-ноябрь.

    1941-жылы июнь-август айларында Кыргызстан менен Казакстанда генерал-майор Иван Панфиловдун жетекчилигинин астында 316-аткычтар дивизиясы түптөлгөн. 15-октябрдан баштап бул дивизия Москваны гитлерчилерден коргойт. Ушул салгылашта панфиловчулар өзгөчө эрдиги менен айырмаланышат. 17-ноябрда аскердик бирикмени командачылык Аскердик Кызыл Туу ордени сыйлайт. 18-ноябрда жогоруда айтылган кошуунга 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы деген ардактуу наам берилет. Ошол эле күнү Иван Панфилов курман болот. 23-ноябрда анын ысымы дивизияга ыйгарылат.

  • №4178 госпиталынын кызматкерлери. Алардын чок ортосунда госпиталдын жетекчиси (аскер кийимчен) Э.Я.Лукоянова. Фрунзе шаары, 1943-жыл.

1941-жылы октябрдан баштап Россия менен Украинадан 22 госпиталь Кыргызстанга эвакуацияланып иштей баштаган. Төрт жылдын ичинде бул аскердик ооруканаларда 39 миң 902 жарадар менен оорукчан офицер жана аскер дарыланган.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    №4178 госпиталынын кызматкерлери. Алардын чок ортосунда госпиталдын жетекчиси (аскер кийимчен) Э.Я.Лукоянова. Фрунзе шаары, 1943-жыл.

    1941-жылы октябрдан баштап Россия менен Украинадан 22 госпиталь Кыргызстанга эвакуацияланып иштей баштаган. Төрт жылдын ичинде бул аскердик ооруканаларда 39 миң 902 жарадар менен оорукчан офицер жана аскер дарыланган.

  • Гитлерчилер талкалаган имараттын ичи. 1942-жыл. 

СССРдин фашисттик Германия жана анын өнөктөштөрү басып алган аймактарында 73 миллион калкы калган. Анын ичинен, тарыхый маалыматтар боюнча, 13 миллион 684 миң 692 советтик жаран баскынчылар тарабынан өлтүрүлгөн. Нюрнберг процессинин документтеринде көрсөтүлгөндөй, гитлерчилер фашисттик Германияга Советтер Союзунун беш миллионго жакын атуулун кулдукка алып кетишкен. Мындан сырткары, СССР бул согушта 357 миллиард АКШ доллар өлчөмүндө материалдык зыян тарткан.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР / Моклецкий, Кинеловский

    Гитлерчилер талкалаган имараттын ичи. 1942-жыл.

    СССРдин фашисттик Германия жана анын өнөктөштөрү басып алган аймактарында 73 миллион калкы калган. Анын ичинен, тарыхый маалыматтар боюнча, 13 миллион 684 миң 692 советтик жаран баскынчылар тарабынан өлтүрүлгөн. Нюрнберг процессинин документтеринде көрсөтүлгөндөй, гитлерчилер фашисттик Германияга Советтер Союзунун беш миллионго жакын атуулун кулдукка алып кетишкен. Мындан сырткары, СССР бул согушта 357 миллиард АКШ доллар өлчөмүндө материалдык зыян тарткан.

  • Панфиловчулар душмандан олжологон жеңил автоунаанын жанында сүрөткө түшүүдө. 1941-жыл. 

Генерал-майор Иван Панфилов атындагы 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы Москваны коргогон учурда фашисттик Германиянын төрт дивизиясын талкалаган. Панфиловчулар 9 миң гитлерчилер менен кошо алардын сексен танкын жок кылышкан.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Панфиловчулар душмандан олжологон жеңил автоунаанын жанында сүрөткө түшүүдө. 1941-жыл.

    Генерал-майор Иван Панфилов атындагы 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы Москваны коргогон учурда фашисттик Германиянын төрт дивизиясын талкалаган. Панфиловчулар 9 миң гитлерчилер менен кошо алардын сексен танкын жок кылышкан.

  • Сузак районундагы Иосиф Сталин атындагы колхоздун комсомолдук уюмунун мүчөлөрү панфиловчуларга белек жөнөтүп жаткан маалы. Ош облусу. 1942-жыл.

Кыргызстандын эли 186 учакка жетчү каражат чогултушкан. Кыргыз ССРи кан майданга 195 вагон азык-түлүк жөнөткөн.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Сузак районундагы Иосиф Сталин атындагы колхоздун комсомолдук уюмунун мүчөлөрү панфиловчуларга белек жөнөтүп жаткан маалы. Ош облусу. 1942-жыл.

    Кыргызстандын эли 186 учакка жетчү каражат чогултушкан. Кыргыз ССРи кан майданга 195 вагон азык-түлүк жөнөткөн.

  • Ленинград фронтунда Кыргыз ССРинин делегациясы менен чогуу маркум генерал-майор Иван Панфиловдун жубайы Мария фашисттик бомба түшүрчү учакты атып түшүргөн аскер Заярковду куттуктап жаткан учуру. 1942-жыл.

Мария Ивановна жолдошу, атактуу генерал Панфиловдун каза болгонун угуп, шал оорусуна чалдыккан. Бирок ал ооруга моюн сунбай дартты жеңет. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Панфилова коомдук турмушка активдүү катышып, ал аяктагандан кийин Иван Васильевич жөнүндө китеп жазган.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Ленинград фронтунда Кыргыз ССРинин делегациясы менен чогуу маркум генерал-майор Иван Панфиловдун жубайы Мария фашисттик бомба түшүрчү учакты атып түшүргөн аскер Заярковду куттуктап жаткан учуру. 1942-жыл.

    Мария Ивановна жолдошу, атактуу генерал Панфиловдун каза болгонун угуп, шал оорусуна чалдыккан. Бирок ал ооруга моюн сунбай дартты жеңет. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Панфилова коомдук турмушка активдүү катышып, ал аяктагандан кийин Иван Васильевич жөнүндө китеп жазган.

  • Панфиловчулар парадда басып бара жаткан учур. 1943-жыл.

1942-жылы 16-мартта СССРдин Жогорку Советинин Президимиунун төрагасы Михаил Калининдин жарлыгы менен генерал-майор Иван Панфилов атындагы 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы Ленин ордени менен сыйланган.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Панфиловчулар парадда басып бара жаткан учур. 1943-жыл.

    1942-жылы 16-мартта СССРдин Жогорку Советинин Президимиунун төрагасы Михаил Калининдин жарлыгы менен генерал-майор Иван Панфилов атындагы 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы Ленин ордени менен сыйланган.

  • Пионерлердин кан майдандан келген жоокер менен жолугушуусу. Фрунзе шаары, 1942-жыл. 

Фашисттик Германия Кыргызстанга Кытайдын Синьцзянь аймагы менен Афганистан аркылуу тыңчыларын жиберип, тымызын басмачылык кыймылды жандандырууга умтулган. Тарых илимдеринин кандидаты Леонид Сумароковдун маалыматы боюнча, 1942-жылы Пржевальск менен Таш-Рабат чек ара комендатурасынын жоокерлери алтыдан ашык немис чалгынчыларын кармаган.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР / Харченко

    Пионерлердин кан майдандан келген жоокер менен жолугушуусу. Фрунзе шаары, 1942-жыл.

    Фашисттик Германия Кыргызстанга Кытайдын Синьцзянь аймагы менен Афганистан аркылуу тыңчыларын жиберип, тымызын басмачылык кыймылды жандандырууга умтулган. Тарых илимдеринин кандидаты Леонид Сумароковдун маалыматы боюнча, 1942-жылы Пржевальск менен Таш-Рабат чек ара комендатурасынын жоокерлери алтыдан ашык немис чалгынчыларын кармаган.

  • Моңгол Эл Республикасынын өкүлдөрү панфиловчуларга конокко келген маалы. 1942-жыл.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Монголия СССРге 2,5 миллион рубль жана 300 килограмм алтын жөнөткөн. Моңгол эли Улуу Жеңиш үчүн алтындан жасалган диний эстеликтерин эриткен. Мындан сырткары, моңгол кыз-келиндери алтын иймектери менен шакектерин Советтер Союзуна жардам катары жиберген.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Моңгол Эл Республикасынын өкүлдөрү панфиловчуларга конокко келген маалы. 1942-жыл.

    Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Монголия СССРге 2,5 миллион рубль жана 300 килограмм алтын жөнөткөн. Моңгол эли Улуу Жеңиш үчүн алтындан жасалган диний эстеликтерин эриткен. Мындан сырткары, моңгол кыз-келиндери алтын иймектери менен шакектерин Советтер Союзуна жардам катары жиберген.

  • Автоматчандар взводунун командири И. М. Сагало кызыл аскерлери Асылбеков жана Чайка менен буктурмада жашынып жаткан учур. 1943-жыл.

1943-жылы Кызыл армия Сталинград шаарында жана Курск догосундагы салгылаштарда вермахтты талкалайт. Бул салгылашуулар Экинчи дүйнөлүк согуштун жүрүшүнө абдан зор таасирин тийгизген. Андан кийин фашисттик Германия чабуул койгонго чамасы жетпей коргонууга аргасыз болгон.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Автоматчандар взводунун командири И. М. Сагало кызыл аскерлери Асылбеков жана Чайка менен буктурмада жашынып жаткан учур. 1943-жыл.

    1943-жылы Кызыл армия Сталинград шаарында жана Курск догосундагы салгылаштарда вермахтты талкалайт. Бул салгылашуулар Экинчи дүйнөлүк согуштун жүрүшүнө абдан зор таасирин тийгизген. Андан кийин фашисттик Германия чабуул койгонго чамасы жетпей коргонууга аргасыз болгон.

  • Жөө аскер училищесинде кан майдандан кайткан курсанттар Рузи Азимов (оң жакта) жана Акбар Толкомбаев сабак учурунда. Фрунзе шаары, 1945-жыл.

1944-жылы июнда 19 жашар кыргызстандык аскер Азимов Беларусту фашисттик баскынчылардан бошотууда өзгөчө каармандык көрсөткөнү үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамы менен сыйланган. Ошол эле жылы 3-июлда Минск шаары бошотулган. Ал эми 29-августта Беларусь толугу менен гитлерчилерден бошотулган. 1996-жылдан баштап 3-июль Беларуста эгемендүлүк күнү катары расмий майрамдалат.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР / Ревякин

    Жөө аскер училищесинде кан майдандан кайткан курсанттар Рузи Азимов (оң жакта) жана Акбар Толкомбаев сабак учурунда. Фрунзе шаары, 1945-жыл.

    1944-жылы июнда 19 жашар кыргызстандык аскер Азимов Беларусту фашисттик баскынчылардан бошотууда өзгөчө каармандык көрсөткөнү үчүн Советтер Союзунун Баатыры наамы менен сыйланган. Ошол эле жылы 3-июлда Минск шаары бошотулган. Ал эми 29-августта Беларусь толугу менен гитлерчилерден бошотулган. 1996-жылдан баштап 3-июль Беларуста эгемендүлүк күнү катары расмий майрамдалат.

  • Франциядагы Русская память коомдук бирикменин төрагасы, теги казакстандык белгилүү тарыхчы Сергей Дыбов жана француз изилдөөчүлөрү Советтер Союзунун Баатыры Василий Пориктин эстелигинин жанында жүз жылдык мааракесин белгилөө боюнча иш-чаранын учурунда. Франция, Энен-Льетар шаары. 2020-жыл 17-февраль.

1944-жылы Түндүк Францияда жайгашкан фашисттик концлагерден Кызыл армиянын лейтенанты Василий Порик качып чыккан. Ал советтик жана чет элдик туткундар менен жергиликтүү тургундардан турган партизандык отряд уюштурган. Алардын арасында кыргызстандык аскерлер да бар эле.
    © Фото / из личного архива Сергея Дыбова

    Франциядагы "Русская память" коомдук бирикменин төрагасы, теги казакстандык белгилүү тарыхчы Сергей Дыбов жана француз изилдөөчүлөрү Советтер Союзунун Баатыры Василий Пориктин эстелигинин жанында жүз жылдык мааракесин белгилөө боюнча иш-чаранын учурунда. Франция, Энен-Льетар шаары. 2020-жыл 17-февраль.

    1944-жылы Түндүк Францияда жайгашкан фашисттик концлагерден Кызыл армиянын лейтенанты Василий Порик качып чыккан. Ал советтик жана чет элдик туткундар менен жергиликтүү тургундардан турган партизандык отряд уюштурган. Алардын арасында кыргызстандык аскерлер да бар эле.

  • Чүй районундагы Карл Маркс атындагы колхоздун үгүтчүсү Кыдаралиева сугат учурунда фронттогу абал тууралуу баракчага маалымат жазып жаткан маал. Фрунзе облусу. 1945-жыл.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кыргызстандан 200 миңге жакын качкын баш паанек тапкан. Алардын ичинде ак жеринен айыпталган түндүк кавказдыктар, крымдык татарлар жана этникалык немецтер да бар болчу.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Чүй районундагы Карл Маркс атындагы колхоздун үгүтчүсү Кыдаралиева сугат учурунда фронттогу абал тууралуу баракчага маалымат жазып жаткан маал. Фрунзе облусу. 1945-жыл.

    Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Кыргызстандан 200 миңге жакын качкын баш паанек тапкан. Алардын ичинде ак жеринен айыпталган түндүк кавказдыктар, крымдык татарлар жана этникалык немецтер да бар болчу.

  • Россиянын Кыргызстандагы элчиси Георгий Рудов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине Москва шаарын коргоо үчүн медалын тапшыруу учурунда. Бишкек шаары. 1999-жыл.
    © Фото / Центральный Государственный архив кинофотодокументов КР

    Россиянын Кыргызстандагы элчиси Георгий Рудов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине "Москва шаарын коргоо үчүн" медалын тапшыруу учурунда. Бишкек шаары. 1999-жыл.

Белгилер:
концлагерь, туткун, Аскер, жоокер, Кыргызстан, СССР, Улуу Ата Мекендик согуш
Тема боюнча
Согушту чек арадан тосуп алдык... Академик Розалия Дженчураеванын маеги
Уулунун ордуна заводдо слесарь болгон эне. Согуштун азабын тарткан Кыргызстан

Мүнөзү оор, ишке так Болот Шамшиев. "Ак кемедеги" таберик сүрөт

0
(жаңыланган 19:51 23.06.2021)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
Тапанча көтөргөн СССРдин эл артисти Болот Шамшиев, анын жанында калпакчан экинчи оператор Аскар Жамгырчинов менен КРдин эл артисти, оператор Манасбек Мусаев жана оператордун ассистенти Самиджан Хусанбаевдин сүрөтү 1975-жылы Ысык-Көл облусунун Чоң-Ак-Суу капчыгайында тартылган
© Sputnik / Александр Федоров

Тапанча көтөргөн СССРдин эл артисти Болот Шамшиев, анын жанында калпакчан экинчи оператор Аскар Жамгырчинов менен КРдин эл артисти, оператор Манасбек Мусаев жана оператордун ассистенти Самиджан Хусанбаевдин сүрөтү 1975-жылы Ысык-Көл облусунун Чоң-Ак-Суу капчыгайында тартылган. Ал жерде киночулар душмандардын кыргыз айылына кол салган эпизодун камерага түшүргөн.

Ал жылы сүрөттөгү инсандар Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде "Ак кеме" кинофильмин тартууга киришип, буга мамлекеттен 600 миң рубль бөлүнгөн.

Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, профессор Манасбек Мусаев ошол учурду мындайча эскерет.

"Мен көп кыргыз режиссерлору менен иштештим. Оператор катары Болот Шамшиев менен эмгектенүү мен үчүн ырахат болчу, аны менен чыгармачылыгымдын мыкты жылдары өттү. Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтун аяктап келип эле көркөм фильм тартууну "Ысык-Көлдүн кызгалдактарынан" баштагам. Ошондо бири-бирибизди жакшы түшүнүшүп, кийин башка тасмаларда дагы иштешип достошуп калдык. Чынын айтканда, азыр Шамшиевдей таланттуу режиссёр жок. Мүнөзү оор деп коюшчу, бирок ар бир адамдын эле өзүнө тиешелүү кулк-мүнөзү болот. Биринчиден, ал ишке так болчу. Тасма тартуу процессинде ондогон адис, артист иштейт, баарына аябай катуу талап койчу. Союз тарап кетип Болот 20 жылдай тасма тартпай жүрүп, мени жети-сегиз жыл мурун бир эмгектин үстүнөн иштөөгө чакырган. Мен кубануу менен сунушун кабыл алып, Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бириндеги жумушуман арыз жазып чыгып кеткем. Жумушту заманбап техника менен баштаганбыз. Болоттун жакшы жагы — эпизоддор толук даяр болмоюнча ишти баштачу эмес, тасма тартууга өтө кылдат мамиле кылчу. Бир жолу Геннадий Базаров эгер мүмкүнчүлүк болуп калса, дүйнөдөгү мыкты режиссёрлордун ичинен ким менен иштешмексиң деп сурап калды. Мен ага "убагында япониялык атактуу режиссёр Акира Курасава, америкалык Джордж Кьюкордун иштегенин көрүп калгам. Далай ата мекендик режиссёрлор менен тасма тарттым, бирок Болот менен фильм жаратмак элем деп жооп бергем", — деди Мусаев.

Ал жылы режиссёр Шамшиев 34, оператор Мусаев 33, Жамгырчинов менен Хусанбаев 25 жашта болгон.

"Ак кеме" тасмасы 1976-жылы Бүткүл союздук IX (Фрунзе) жана Тренто (Италия) кинофестивалдарында баш байгеге ээ болуп, аны жаратууга катышкандардын айрымдары СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыган.

0
Белгилер:
таберик сүрөт, "Ак кеме" тасмасы, оператор, Болот Шамшиев, режиссер, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер
Тема боюнча
"Уулдуу болуп" сүйүнгөн Рыскулов менен Турсунбаева. Баткендеги таберик сүрөт
Сүймөнкул Чокморов жубайы Салима Шабазова менен музейде. Таберик сүрөт
Орозбек Кутманалиев 11 уул-кызы менен. Үй-бүлөнүн таберик сүрөтү