Эл аралык "Рампорт Аэро" авиация холдингинин өкүлү Галина Тельпиз жаңы каттам жүргүнчүлөр арасында жакшы кабыл алынарын айтты.
"Биздин иликтөөлөргө караганда Россияда жүргөн Кыргызстандын көп атуулдары Люберцы, Котельники аймактарында жашагандыктан, алар негизинен "Жуковский" аркылуу учат деген ниеттебиз. Мындан сырткары, аталган жерден аба майданга автотранспорт менен жетүү алда канча арзанга түшөт", — деди Тельпиз.
Ал "Жуковскийге" метро жана электричка менен жетсе болорун кошумчалады.
"Кыргызстандыктар метро менен Котельник станциясына чейин жетип, андан ары "Жуковскийге" чейин шаттл-бас менен 40 мүнөттө жетет. Билеттин баасы болгону 79 рубль, ал жакта Москвадагы жүргүнчү билеттерин колдонсо да болот. Автобус жаңы, жылуу, жүк кенен батат. Майыптардын катташы үчүн да ыңгайлуу", — деди менеджер.
Электричка менен Казань вокзалынан акыркы станцияга чейин барып, "Жуковскийге" такси менен андан ары жетип алыш үчүн 10 мүнөткө жакын убакыт кетет деп түшүндүрдү ал.
Учак билетин эки тарапка 140 долларга (10 000 сомго чукул) интернет аркылуу да сатып алса болот.
Москва. "Жуковский" аба майданындагы мекендешибиз
Аэропорттун залдарынын бири
Аба майданга кирип келе жаткан эркек кишини коопсуздук үчүн текшерип жатышат
Аба майданда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн заманбап жабдуулар орнотулган
"Жуковский" аэропортундагы жүргүнчүлөр каттоодон өтө турган жер
Сапарлаш жүргүнчүлөр
Алыстан келе турган адамды күтүп...
Аба майдандагы жашыл аймак
Кыргызстанга жөнөй турган болсоңуз, билетти интернет аркылуу алууга да болот
Учак билети эки тарапка 140 доллар (10 000 сомго чукул) турат
Улуу таланттын көзү өтсө да, анын экинчи өмүрү ырларында жашап калды. Sputnik Кыргызстан агенттиги Токон Эшпаев тууралуу сүрөттөрдүн түрмөгүн даярдаган.
Токон Эшпаев бир үйдүн жалгыз уулу болгондугу маалым. Атасы 60тан ашканда көргөн уулуна ырымдап Токтомамат деген ысым ыйгарат. Себеби ага чейинки балдары чарчап кала берген экен. Токтомамат эки жашка чыкканда төрөттөн улам апасы каза таап, Салима аттуу өгөй энесинин колунда чоңоёт. Бирок Салима апа кичинекей Токон менен анын бир туугандарын бооруна басып, энесиндей мээрим төгүп камкордукка алыптыр.
Кийин 1969-жылы чоң сахнага аттанганда белгилүү талант Токон Эшпаев деген ат менен элге таанылган.
Токон Эшпаев обон жаратарда ырдын сөзүнө абдан көңүл буруп, акындар менен жакшы иштешкендигин жакындан тааныгандар айтышат. Обончу "Ай, эжеке", "Ак көйнөкчөн аппак кыз", "Акманым", "Ак тилек", "Ардагым", "Атама", "Гүлдө, Кыргызстан", "Жаштык", "Каалаймын өмүр көктөмүн", "Керме-Тоо жылдыздары", "Өзгөчөм", "Өмүр салтанаты", "Чакырат Чаткалым", "Эжеке" деп аталган ырлардын автору болгон.
1971-жылы аталган жогорку окуу жайды аяктаган соң ар кыл аскердик ансамблдерде аткаруучу, жергиликтүү райондук кеңештин маданият бөлүмүнүн башчысы өңдүү жетекчилик кызматтарда иштеген. 1986-жылы Маданият министрлигинин алдындагы искусство мекемелерин жетектөө боюнча жогорку курсту аяктап, 1987-жылдан 1992-жылга чейин Ош облустук филармониясында директор болот.
Ал эми 1993-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Ош облустук филармониясынын солист-вокалисти болуп эмгектенген.
Кант диабети жана боор илдетинен жабыркап келген Токон Эшпаев 2014-жылы 64 жашында ооруканадан көз жумган. Дарыгерлер боорго күч келет деп акыркы кезде ырдаганга тыюу салат. Бирок белгилүү обончу буулуккан булбулдай болуп ырдамайынча тура алган эмес. Обон созгон сайын үнү ачылып, бир отурганда он чакты чыгарманы бир ырдаган адаты болгонун айтып келишет. Акыркы жолу ооруганда дайыма дарыланып жүргөн Бишкектеги ооруканага барууга макул болбой койгон.
Токон Эшпаевдин сөөгү Ош шаарында жерге берилген.
Токон Эшпаев бир үйдүн жалгыз уулу болгон. Анын көкүрөгүндөгү таланты ата-энесинин каршылыгына карабай музыкалык жогорку билим алууга түрткөн.
Токон Эшпаев менен Рыспай Абдыкадыров Ош педагогикалык институтунун музыка факультетинде бир тайпада билим алышкан. Экөөнүн эсте калган күндөрү абдан көп.
1971-жылы жогорку окуу жайды аяктаган соң ар кыл ансамблдерде обончу, аткаруучу болуп иштеп, аймактарда концерт коюшкан.
1987-жыл. Кыргыз циркинин мурунку директору Курмангазы Исанаев экөө дос болушкан. Андан тышкары, 1986-жылы Маданият министрлигинин алдындагы искусство мекемелеринин жетектөө боюнча жогорку курста бирге окушкан.
Токон Эшпаевдин өз энеси ал эки жашка чыкканда төрөттөн каза болуп калган. Бирок өздөй көргөн өгөй энеси Салима апанын мээримине канып чоңоёт.
1967-жылы Ош шаарындагы Маданият үйүндө келечектеги жубайы Инават Камбаралиева менен таанышкан. Экөө студент кезде баш кошот.
Кыргыздын генийи Табылды Эгембердиев менен сый тамак үстүндө
Токон Эшпаев обон жаратарда ырдын сөзүнө абдан көңүл буруп, акындар менен жакшы иштешкен.
Ал "Ай, эжеке", "Ак көйнөкчөн аппак кыз", "Акманым", "Ак тилек", "Ардагым", "Атама", "Гүлдө, Кыргызстан", "Жаштык", "Каалаймын өмүр көктөмүн", "Керме-Тоо жылдыздары", "Өзгөчөм", "Өмүр салтанаты", "Чакырат Чаткалым", "Эжеке" деп аталган ырлардын автору болгон.
Кыргыз эл артисти Жолболду Алыбаев жана белгилүү обончу Абдыкерим Ахмедов менен түшкөн
Токон Эшпаев жубайы Инават Камбаралиева экөө беш баланын бактылуу ата-энеси болушкан
Залкар талант 2014-жылы 64 жашында ооруканадан көз жумган.
Кар түндөн тарта жаап баштаган. Таң атканда Бишкек ак карга бөлөнүп калды. Акыркы аптада аба ырайы жылып, мурда жааган кар эрип баштаган болчу.
Бирок синоптиктер мындай аба ырайы көпкө созулбай турганын билдиришүүдө. Алдын ала божомолдоолорго ылайык, 15-январдан 18ине чейин жаан-чачын болбойт. Күндүз жылуу болот. Маселен, Бишкек шаарында 16-январда +14 градус болору күтүлүүдө.
Бишкекке кар жаады
Бул баш калаа үчүн 2021-жылдагы биринчи кар болду
Кардын жаашын Кыргызгидромет борбору бир нече күн мурун эскерткен
Муниципалдык кызматтар түндөн тарта эле шаардын көчөлөрүн жана тротуарларын тазалап башташкан
Жаш балдар чана тепкенди сагынып калышса керек
Кар жаап жатканда коляска менен сейилдеп чыккандар да бар
Бишкектик велосипед сүйүүчүлөрүнө кар тоскоол боло албайт
Суук аба ырайы ит сүйүүчүлөр үчүн жагымдуу экени айтылат
Бирок иттерге жакпайт көрүнөт
Синоптиктер мындай аба ырайы узакка созулбай турганын билдиришти
Болжолдоолорго ылайык, 15-18-январь күндөрү жаан-чачын болбойт
Аба ырайы күндүз жылуу болот. Маселен, Бишкек шаарында 16-январда +14 градуска чейин жетери күтүлүүдө
Кол чатырды алып жүрүүнү унутпаңыздар. Ар убак керекке жарап калышы мүмкүн
БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия референдумдагы бюллетендерди кол менен эсептөөнүн жыйынтыгын чыгарды.
Бардык 2474 шайлоо участогунан протоколдор келип, анын үчөөндөгү добуш берүү жокко чыгарылды. Бирок себеби айтылган жок.
Референдумга 1 миллион 401 миң 450 киши катышкан. Бул жалпы шайлоочулардын (3 миллион 563 миң 574 киши) 39,33 пайызын түзөт.
Эске салсак, БШК шайлоонун расмий жыйынтыктарын жарыялай элек. Буга чейин бюллетендерди кол менен эсептөөнүн негизинде Садыр Жапаров алдыда экени айтылган.