Легендарлуу Сабира Күмүшалиеванын 100 жылдык өмүрү. Сүрөттө калган ирмемдер

1216
(жаңыланган 15:44 19.03.2017)
  • Сабира Күмүшалиева жана кичинекей Нургазы Сыдыгалиев. Атактуу Ак кеме тасмасынан көрүнүш
  • Эл арасында тасмасындагы ролу. Режиссеру Болот Шамшиев, картина 1978-жылы тартылган
  • Улуу актрисанын Фудзиямада кадыр түн тасмасында жараткан образы анын өмүрүндөгү соңку ролдордун бири болуп калды
  • Бул сүрөттө кыргыз кино өнөрүнүн менмендеген кыздары — Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева, Гүлсара Ажыбекова жана Жамал Сейдактматова турат. Кыязы, алп жазуучу Чыңгыз Айтматов аларга менен кайсыл бир теманы кызуу талкуулап жаткан окшойт
  • Бүткүл союздук кинфестиваль учурунда. Россиялык конокторду аба майдандан тосуп алып жаткан ирмемдер. 1976-жыл
  • Таасирдүү, түнөргөн ак булуттарга өңдөшүп турган образ. Сүрөттөн улуу актрисанын кирпик ирмемдерине чейин жеткире ойногон учурун байкоого болот. Ак куулар конгон айдың көл картинасы
  • Баягы Ак кеме, баягы Орозкул, баягы Керез кемпир ... Шедевр!
  • Ак кеменин IX Бүткүл союздук кинофестивалдын баш байгесине ээ болгон учуру. 1976-жыл
  • Көрүүчүлөр жылуу сезимдер менен эстеген Лифти бар үйдөгү тепкичтер тасмасы. Бул кыргыз кино өнөрүндөгү жеңил кабыл алынган, бирок, салмагы ат көтөргүс тасмалардын бири
  • Кезектеги даярдык...
  • Сабира Күмүшалиева өзгөчө жаз майрамдарын — 8-март - Аялдардын эл аралык күнүн, 19-март - өзүнүн туулган күнүн, 21-март – Ноорузду, анан да 27-март - Театр күнүн чыдамсыздык менен күтчү дешет...
  • Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында иштеп жүргөн учуру. Сабира Күмүшалиева, Тынара Абдразаева жана Шайыр Касымалиева
  • Кыргыз театр жана кино өнөрүнүн легендасы Муратбек Рыскулов Сабира апанын өмүрлүк жубайы болгон. Бул эки талант 38 жыл чогуу өмүр кечирип, төрт баланы тарбиялап өстүргөн
  • Күмүшалиева 73 жылдан ашык театр, кинодо жаатында эмгектенген. Бул мезгил аралыгында 100дөн ашык түрдүү образдарды жараткан. Улуу артистка 90 жашында 2007-жылы сентябрь айында дүйнө салган.

Төкөлдөштүн төрт кызынын бири, кыргыздын театр менен кино өнөрүнүн корифейи, Кыргыз эл баатыры Сабира Күмүшалиева көзү тирүү болгондо туптуура бир кылым жашап, 100 жашка чыгат эле. Sputnik Кыргызстан юбилярдын урматына элге чыга эле архивдик сүрөттөрүн топтоп, окурмандарга сунуш кылмакчы.

Кыргыз Эл баатыры, легендарлуу актриса Сабира Күмүшалиеванын 100 жылдыгына карата даярдаган беш фактыны Sputnik Кыргызстандын материалынан окусаңыз болот>>

1216
  • Сабира Күмүшалиева жана кичинекей Нургазы Сыдыгалиев. Атактуу Ак кеме тасмасынан көрүнүш
    © Фото / Александр Федоров

    Сабира Күмүшалиева жана кичинекей Нургазы Сыдыгалиев. Атактуу "Ак кеме" тасмасынан көрүнүш

  • Эл арасында тасмасындагы ролу. Режиссеру Болот Шамшиев, картина 1978-жылы тартылган
    © Фото / Александр Федоров

    "Эл арасында" тасмасындагы ролу. Режиссеру Болот Шамшиев, картина 1978-жылы тартылган

  • Улуу актрисанын Фудзиямада кадыр түн тасмасында жараткан образы анын өмүрүндөгү соңку ролдордун бири болуп калды
    © Фото / Александр Федоров

    Улуу актрисанын "Фудзиямада кадыр түн" тасмасында жараткан образы анын өмүрүндөгү соңку ролдордун бири болуп калды

  • Бул сүрөттө кыргыз кино өнөрүнүн менмендеген кыздары — Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева, Гүлсара Ажыбекова жана Жамал Сейдактматова турат. Кыязы, алп жазуучу Чыңгыз Айтматов аларга менен кайсыл бир теманы кызуу талкуулап жаткан окшойт
    © Фото / Александр Федоров

    Бул сүрөттө кыргыз кино өнөрүнүн менмендеген кыздары — Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева, Гүлсара Ажыбекова жана Жамал Сейдактматова турат. Кыязы, алп жазуучу Чыңгыз Айтматов аларга менен кайсыл бир теманы кызуу талкуулап жаткан окшойт

  • Бүткүл союздук кинфестиваль учурунда. Россиялык конокторду аба майдандан тосуп алып жаткан ирмемдер. 1976-жыл
    © Фото / Александр Федоров

    Бүткүл союздук кинфестиваль учурунда. Россиялык конокторду аба майдандан тосуп алып жаткан ирмемдер. 1976-жыл

  • Таасирдүү, түнөргөн ак булуттарга өңдөшүп турган образ. Сүрөттөн улуу актрисанын кирпик ирмемдерине чейин жеткире ойногон учурун байкоого болот. Ак куулар конгон айдың көл картинасы
    © Фото / Александр Федоров

    Таасирдүү, түнөргөн ак булуттарга өңдөшүп турган образ. Сүрөттөн улуу актрисанын кирпик ирмемдерине чейин жеткире ойногон учурун байкоого болот. "Ак куулар конгон айдың көл" картинасы

  • Баягы Ак кеме, баягы Орозкул, баягы Керез кемпир ... Шедевр!
    © Фото / Александр Федоров

    Баягы "Ак кеме", баягы Орозкул, баягы Керез кемпир ... Шедевр!

  • Ак кеменин IX Бүткүл союздук кинофестивалдын баш байгесине ээ болгон учуру. 1976-жыл
    © Фото / Александр Федоров

    "Ак кеменин" IX Бүткүл союздук кинофестивалдын баш байгесине ээ болгон учуру. 1976-жыл

  • Көрүүчүлөр жылуу сезимдер менен эстеген Лифти бар үйдөгү тепкичтер тасмасы. Бул кыргыз кино өнөрүндөгү жеңил кабыл алынган, бирок, салмагы ат көтөргүс тасмалардын бири
    © Фото / Александр Федоров

    Көрүүчүлөр жылуу сезимдер менен эстеген "Лифти бар үйдөгү тепкичтер" тасмасы. Бул кыргыз кино өнөрүндөгү жеңил кабыл алынган, бирок, салмагы ат көтөргүс тасмалардын бири

  • Кезектеги даярдык...
    © Фото / Александр Федоров

    Кезектеги даярдык...

  • Сабира Күмүшалиева өзгөчө жаз майрамдарын — 8-март - Аялдардын эл аралык күнүн, 19-март - өзүнүн туулган күнүн, 21-март – Ноорузду, анан да 27-март - Театр күнүн чыдамсыздык менен күтчү дешет...
    © Фото / Александр Федоров

    Сабира Күмүшалиева өзгөчө жаз майрамдарын — 8-март - Аялдардын эл аралык күнүн, 19-март - өзүнүн туулган күнүн, 21-март – Ноорузду, анан да 27-март - Театр күнүн чыдамсыздык менен күтчү дешет...

  • Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында иштеп жүргөн учуру. Сабира Күмүшалиева, Тынара Абдразаева жана Шайыр Касымалиева
    © Фото / Александр Федоров

    Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында иштеп жүргөн учуру. Сабира Күмүшалиева, Тынара Абдразаева жана Шайыр Касымалиева

  • Кыргыз театр жана кино өнөрүнүн легендасы Муратбек Рыскулов Сабира апанын өмүрлүк жубайы болгон. Бул эки талант 38 жыл чогуу өмүр кечирип, төрт баланы тарбиялап өстүргөн
    © Фото / Александр Федоров

    Кыргыз театр жана кино өнөрүнүн легендасы Муратбек Рыскулов Сабира апанын өмүрлүк жубайы болгон. Бул эки талант 38 жыл чогуу өмүр кечирип, төрт баланы тарбиялап өстүргөн

  • Күмүшалиева 73 жылдан ашык театр, кинодо жаатында эмгектенген. Бул мезгил аралыгында 100дөн ашык түрдүү образдарды жараткан. Улуу артистка 90 жашында 2007-жылы сентябрь айында дүйнө салган.
    © Фото / Александр Федоров

    Күмүшалиева 73 жылдан ашык театр, кинодо жаатында эмгектенген. Бул мезгил аралыгында 100дөн ашык түрдүү образдарды жараткан. Улуу артистка 90 жашында 2007-жылы сентябрь айында дүйнө салган.

Белгилер:
юбилей, кино, театр, актриса, Сабира Күмүшалиева
Тема боюнча
Бексултан Жакиевдин "Атанын тагдыры" драмасы тууралуу он факты
Кийинки муун: залкар талант Бакен Кыдыкееванын баркына жете албадык
Балет жана сүйүү. Бүбүсара Бейшеналиеванын белгисиз сүрөттөрү

Өрттөнүп кеткен Башкы прокуратуранын ичи. Имараттын 10 жылдан кийинки көрүнүшү

98
  • Башкы прокуратуранын мурунку имараты азыр ушундай абалда
  • Имарат Киев менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан
  • Ал 2010-жылы болгон апрель окуяларында өрттөлгөн
  • Күйүп кеткен имараттын ордуна Бишкек шаардык кеңеши менен калаа кызматтары жайгаша турган эки имарат куруу пландалууда
  • Курулуш шаардык бюджеттен каржыланмакчы
  • Сарпталган акчанын ордун бул жерге жайгаша турган шаардык кызматтардан алынган ижара акысынын эсебинен толтуруу каралууда
  • 2018-жылы мэрия бул жерге жер алдындагы унаа токтотуучу жайы менен сквер курууну пландаган
  • Буга Жогорку кеңештин депутаты каршы чыккан
  • Эл өкүлү сквердин ордуна көп деңгээлдүү паркинг курууну сунуштаган эле
  • 2010-жылы апрель окуяларында өрттөнгөн Башкы прокуратуранын сырткы көрүнүшү
Башкы прокуратуранын имараты 2010-жылдагы апрель окуяларында өрттөнүп кеткен. Бүгүнкү күндөгү көрүнүшү менен Sputnik Кыргызстан жасаган сүрөт түрмөктөн таанышууга болот.

Бишкектин Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Башкы прокуратуранын имараты 2010-жылы апрель окуяларынын маалында өрттөнгөн. 2020-жылдын 25-ноябрында муниципалитет анын ордуна Бишкек шаардык кеңеши (БШК) менен калаа кызматтары жайгаша турган жети кабаттуу эки имарат куруу боюнча чечим кабыл алды. Эскиздер даяр болуп, тендер жарыяланган. Курулуш шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт, сарпталган акчанын ордун бул жерге жайгаша турган шаардык кызматтардан алынган ижара акысынын эсебинен толтуруу каралууда.

Шаардык кеңеш келечекте Москвадагыдай болуп дайым иштеген структурага айланышы мүмкүн экени айтылды. Бүгүнкү күндө БШК менен мэрия Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишиндеги имараттан орун алган.

Эскерте кетсек, эки жыл мурун мэрия күйгөн имараттын ордуна жер алдындагы унаа токтотуучу жайы бар сквер курууну убадалаган. Муну ошол кезде мэриянын аппаратын башкарган Балбак Түлөбаев айткан. Демилгеге ЖКнын бир депутаты каршы чыгып, сквердин ордуна көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жай куруу керектигин белгилеген.

 

98
  • Башкы прокуратуранын мурунку имараты азыр ушундай абалда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Башкы прокуратуранын мурунку имараты азыр ушундай абалда

  • Имарат Киев менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Имарат Киев менен Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан

  • Ал 2010-жылы болгон апрель окуяларында өрттөлгөн
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ал 2010-жылы болгон апрель окуяларында өрттөлгөн

  • Күйүп кеткен имараттын ордуна Бишкек шаардык кеңеши менен калаа кызматтары жайгаша турган эки имарат куруу пландалууда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Күйүп кеткен имараттын ордуна Бишкек шаардык кеңеши менен калаа кызматтары жайгаша турган эки имарат куруу пландалууда

  • Курулуш шаардык бюджеттен каржыланмакчы
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Курулуш шаардык бюджеттен каржыланмакчы

  • Сарпталган акчанын ордун бул жерге жайгаша турган шаардык кызматтардан алынган ижара акысынын эсебинен толтуруу каралууда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Сарпталган акчанын ордун бул жерге жайгаша турган шаардык кызматтардан алынган ижара акысынын эсебинен толтуруу каралууда

  • 2018-жылы мэрия бул жерге жер алдындагы унаа токтотуучу жайы менен сквер курууну пландаган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    2018-жылы мэрия бул жерге жер алдындагы унаа токтотуучу жайы менен сквер курууну пландаган

  • Буга Жогорку кеңештин депутаты каршы чыккан
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Буга Жогорку кеңештин депутаты каршы чыккан

  • Эл өкүлү сквердин ордуна көп деңгээлдүү паркинг курууну сунуштаган эле
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Эл өкүлү сквердин ордуна көп деңгээлдүү паркинг курууну сунуштаган эле

  • 2010-жылы апрель окуяларында өрттөнгөн Башкы прокуратуранын сырткы көрүнүшү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    2010-жылы апрель окуяларында өрттөнгөн Башкы прокуратуранын сырткы көрүнүшү

Белгилер:
шаардык кеңеш, өрт, Бишкек мэриясы, имарат, Башкы прокуратура
Тема боюнча
Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имаратынын ордуна шаардык кеңешке кеңсе курулат
Башкы прокуратуранын өрттөлгөн имаратына экскурсия. Видео

Салттуу кийим куп жарашкан кыргыздын мырзалары. Көз кубанткан 15 сүрөт

519
  • Салттуу кийимчен кичинекей Тагай. Кыргыздар эзелтен бөбөктөрдүн кийимдерине кыз-эркегине карабай тумар жана ар кандай мончокторду тагып коюшкан. Эл ичинде тумар, мончок тагуу баланы суук көз, суук сөздөн сактайт деген түшүнүк жашаган.
  • Козу көтөргөн бөбөк. Ал башына калпак, жонуна чапан кийип жайлоодо түшкөн. Салттуу баш кийим катары калпак байыртан тарта азыркы күнгө чейин сакталып, кийилип келет.
  • Жайлоодогу жай турмуш. Оюнга тое элек өспүрүм.
  • Башына көрпө тебетей кийген өспүрүмдөр тогуз коргоол ойноп жатышат. Алардын шымдары таардан тигилген.
  • Сүрөттөгү баланын башындагы телпек деген баш кийим. Ал тебетей сымал төрт талаа болуп бычылат да, козунун же койдун терисинен ичилик салынбай тигилет, жапыз болот. Азыр бул баш кийимди сейрек кездештиребиз.
  • Боз үйдүн түбүндө камчы өрүп жаткан жигит. Илгери үйлѳнѳ турчу жигитке арнап атайын кийим тигишкен. Жеңелери ычкыр ѳргѳн. Жаңы үйлѳнгѳн уулуна арнап атасы кемер кур таккан.
  • Илгери мергенчилер аң уулоого жаргак, теке шымдарды кийишкен. Белине атайын кур илгич курчанып, аңчылыкка керектүү буюмдарды: оттук таш, шибеге, бычак, дүрмөт, ок куюлуучу калыпты дайыма алып жүрүшкөн. Буттарына чарык кийип, ага айрым учурда жааларын сайып койгон.
  • Жылкы менен кыргыздын мырзаларын бөлүп кароо таптакыр мүмкүн эмес. Баса, сүрөттөгү кишинин белиндеги буюм кур илгич деп аталат. Аны мергенчилер жана орто жаштагы эркектер тагынышкан.
  • Шар аккан суунун боюнда Жеңижоктун Аккан суу чыгармасын аткарып жаткан дастанчы Өмүрзак Кайыпов
  • Аңчылык, устачылык, зергерчилик  кыргыздын эркектерине мүнөздүү өнөр болуп эсептелген. Керектүү буюмдун баарын усталар өздөрү жасашкан. Алсак, ошол эле боз үйдүн жыгач-ташы, ат жабдыктары, үй оокаттарынын баары усталардын колунан чыккан.
  • Пайгамбар жашынан өтүп калган аксакал. Небересине зергерлик өнөрүн үйрөтүп жаткан учуру. Аксакалдын башындагы калпак болжол менен 1960-жылдары жасалган.
  • Асман тиреген карагайлар, көпкөк асман жана эт бышырып жаткан кыргыздын эркектери. Бул сүрөттү көрүп жөн гана жайлоого кеткиң келет.
  • Эркектер үстүнө жегде кийишкен. Жегде — бул кадимки көйнөк. Ал мезгилде эркек көйнөктөр бөз кездемеден тигилген. Мындай көйнөктү алар 5-6 жаштан баштап өмүрү өткөнгө чейин жонунан түшүрүшкөн эмес.
  • Эркектердин кийими тууралуу дагы бир кызыктуу факт. Илгерки шымдары кийинкилерден бир топ эле айырмаланган. Кышкылары таардан, койдун терисинен, текенин ийленген терисинен бычылып даярдалган. Байлар көбүнчө жаргак шым кийишкен. Жаргак — бул жүнү жыдытылып, мыкты ийленген тери.
  • Климаты катаал шартта жашаган аймактарда кышкысын аял-эркек дебей үстүнө ичик, тон кийишкен. Оокаттуу кыргыздар ичикти илбирс, карышкыр, сүлѳөсүн жана башка жандыктардын терилеринен жасатышкан.
Sputnik Кыргызстан агенттиги "Кийиз дүйнө" коомдук фонду менен салттуу кийим кийген эркектердин сүрөттөрүн сунуштайт. Анда кыргыздын чыныгы жашоосу, турмушу, салт-санаасы жана салттуу кийимдери көрсөтүлгөн.

Кыргыз элинде илгертеден кийимге байланыштуу бир катар эрежелер болгон. Мисалы, кийимди жерге таштоого, баш кийимге отурууга, аны ыргытууга, айлантууга, баш алган жерге белекке берүүгө болбойт.

Анын ичинде эркек кишинин кийимине да ѳзгѳчѳ мамиле жасалган. Алсак, эркек адамдын кийиминен аттабайт, аны тебелебейт, ал тургай эркектин кийиминин үстүнө аял кишинин, кыз баланын кийими коюлбайт деген түшүнүк жашаган. Бул эркекке болгон сый-урматтын белгиси деп кабыл алынып, балдарды тарбиялоодо чоң мааниге ээ болгон.

Кыргыздын баш кийимдеринин тарыхын билип, көз жоосун алган сүрөттөрдү сөзсүз көрүңүз.

519
  • Салттуу кийимчен кичинекей Тагай. Кыргыздар эзелтен бөбөктөрдүн кийимдерине кыз-эркегине карабай тумар жана ар кандай мончокторду тагып коюшкан. Эл ичинде тумар, мончок тагуу баланы суук көз, суук сөздөн сактайт деген түшүнүк жашаган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Салттуу кийимчен кичинекей Тагай. Кыргыздар эзелтен бөбөктөрдүн кийимдерине кыз-эркегине карабай тумар жана ар кандай мончокторду тагып коюшкан. Эл ичинде тумар, мончок тагуу баланы суук көз, суук сөздөн сактайт деген түшүнүк жашаган.

  • Козу көтөргөн бөбөк. Ал башына калпак, жонуна чапан кийип жайлоодо түшкөн. Салттуу баш кийим катары калпак байыртан тарта азыркы күнгө чейин сакталып, кийилип келет.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Козу көтөргөн бөбөк. Ал башына калпак, жонуна чапан кийип жайлоодо түшкөн. Салттуу баш кийим катары калпак байыртан тарта азыркы күнгө чейин сакталып, кийилип келет.

  • Жайлоодогу жай турмуш. Оюнга тое элек өспүрүм.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жайлоодогу жай турмуш. Оюнга тое элек өспүрүм.

  • Башына көрпө тебетей кийген өспүрүмдөр тогуз коргоол ойноп жатышат. Алардын шымдары таардан тигилген.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Башына көрпө тебетей кийген өспүрүмдөр тогуз коргоол ойноп жатышат. Алардын шымдары таардан тигилген.

  • Сүрөттөгү баланын башындагы телпек деген баш кийим. Ал тебетей сымал төрт талаа болуп бычылат да, козунун же койдун терисинен ичилик салынбай тигилет, жапыз болот. Азыр бул баш кийимди сейрек кездештиребиз.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Сүрөттөгү баланын башындагы телпек деген баш кийим. Ал тебетей сымал төрт талаа болуп бычылат да, козунун же койдун терисинен ичилик салынбай тигилет, жапыз болот. Азыр бул баш кийимди сейрек кездештиребиз.

  • Боз үйдүн түбүндө камчы өрүп жаткан жигит. Илгери үйлѳнѳ турчу жигитке арнап атайын кийим тигишкен. Жеңелери ычкыр ѳргѳн. Жаңы үйлѳнгѳн уулуна арнап атасы кемер кур таккан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Боз үйдүн түбүндө камчы өрүп жаткан жигит. Илгери үйлѳнѳ турчу жигитке арнап атайын кийим тигишкен. Жеңелери ычкыр ѳргѳн. Жаңы үйлѳнгѳн уулуна арнап атасы кемер кур таккан.

  • Илгери мергенчилер аң уулоого жаргак, теке шымдарды кийишкен. Белине атайын кур илгич курчанып, аңчылыкка керектүү буюмдарды: оттук таш, шибеге, бычак, дүрмөт, ок куюлуучу калыпты дайыма алып жүрүшкөн. Буттарына чарык кийип, ага айрым учурда жааларын сайып койгон.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Илгери мергенчилер аң уулоого жаргак, теке шымдарды кийишкен. Белине атайын кур илгич курчанып, аңчылыкка керектүү буюмдарды: оттук таш, шибеге, бычак, дүрмөт, ок куюлуучу калыпты дайыма алып жүрүшкөн. Буттарына чарык кийип, ага айрым учурда жааларын сайып койгон.

  • Жылкы менен кыргыздын мырзаларын бөлүп кароо таптакыр мүмкүн эмес. Баса, сүрөттөгү кишинин белиндеги буюм кур илгич деп аталат. Аны мергенчилер жана орто жаштагы эркектер тагынышкан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жылкы менен кыргыздын мырзаларын бөлүп кароо таптакыр мүмкүн эмес. Баса, сүрөттөгү кишинин белиндеги буюм кур илгич деп аталат. Аны мергенчилер жана орто жаштагы эркектер тагынышкан.

  • Шар аккан суунун боюнда Жеңижоктун Аккан суу чыгармасын аткарып жаткан дастанчы Өмүрзак Кайыпов
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шар аккан суунун боюнда Жеңижоктун "Аккан суу" чыгармасын аткарып жаткан дастанчы Өмүрзак Кайыпов

  • Аңчылык, устачылык, зергерчилик  кыргыздын эркектерине мүнөздүү өнөр болуп эсептелген. Керектүү буюмдун баарын усталар өздөрү жасашкан. Алсак, ошол эле боз үйдүн жыгач-ташы, ат жабдыктары, үй оокаттарынын баары усталардын колунан чыккан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Аңчылык, устачылык, зергерчилик кыргыздын эркектерине мүнөздүү өнөр болуп эсептелген. Керектүү буюмдун баарын усталар өздөрү жасашкан. Алсак, ошол эле боз үйдүн жыгач-ташы, ат жабдыктары, үй оокаттарынын баары усталардын колунан чыккан.

  • Пайгамбар жашынан өтүп калган аксакал. Небересине зергерлик өнөрүн үйрөтүп жаткан учуру. Аксакалдын башындагы калпак болжол менен 1960-жылдары жасалган.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Пайгамбар жашынан өтүп калган аксакал. Небересине зергерлик өнөрүн үйрөтүп жаткан учуру. Аксакалдын башындагы калпак болжол менен 1960-жылдары жасалган.

  • Асман тиреген карагайлар, көпкөк асман жана эт бышырып жаткан кыргыздын эркектери. Бул сүрөттү көрүп жөн гана жайлоого кеткиң келет.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Асман тиреген карагайлар, көпкөк асман жана эт бышырып жаткан кыргыздын эркектери. Бул сүрөттү көрүп жөн гана жайлоого кеткиң келет.

  • Эркектер үстүнө жегде кийишкен. Жегде — бул кадимки көйнөк. Ал мезгилде эркек көйнөктөр бөз кездемеден тигилген. Мындай көйнөктү алар 5-6 жаштан баштап өмүрү өткөнгө чейин жонунан түшүрүшкөн эмес.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Эркектер үстүнө жегде кийишкен. Жегде — бул кадимки көйнөк. Ал мезгилде эркек көйнөктөр бөз кездемеден тигилген. Мындай көйнөктү алар 5-6 жаштан баштап өмүрү өткөнгө чейин жонунан түшүрүшкөн эмес.

  • Эркектердин кийими тууралуу дагы бир кызыктуу факт. Илгерки шымдары кийинкилерден бир топ эле айырмаланган. Кышкылары таардан, койдун терисинен, текенин ийленген терисинен бычылып даярдалган. Байлар көбүнчө жаргак шым кийишкен. Жаргак — бул жүнү жыдытылып, мыкты ийленген тери.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Эркектердин кийими тууралуу дагы бир кызыктуу факт. Илгерки шымдары кийинкилерден бир топ эле айырмаланган. Кышкылары таардан, койдун терисинен, текенин ийленген терисинен бычылып даярдалган. Байлар көбүнчө жаргак шым кийишкен. Жаргак — бул жүнү жыдытылып, мыкты ийленген тери.

  • Климаты катаал шартта жашаган аймактарда кышкысын аял-эркек дебей үстүнө ичик, тон кийишкен. Оокаттуу кыргыздар ичикти илбирс, карышкыр, сүлѳөсүн жана башка жандыктардын терилеринен жасатышкан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Климаты катаал шартта жашаган аймактарда кышкысын аял-эркек дебей үстүнө ичик, тон кийишкен. Оокаттуу кыргыздар ичикти илбирс, карышкыр, сүлѳөсүн жана башка жандыктардын терилеринен жасатышкан.

Белгилер:
Сүрөт, уста, кол өнөрчүлүк, салт, жайлоо, кийим, эркек
Тема боюнча
Тебетей кийип, шуру тагынып... Салттуу кийимди көркүнө чыгарган бөбөктөрдүн 14 сүрөтү
Көйкөлгөн кыздар, балпайган байбичелер. Кыргыздын көз талдырган кийимдери сүрөттө
Нарын облусундагы айыл. Архив

Жумага карата аба ырайы

0
27-ноябрга караган түнү жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 26-Ноя. — Sputnik. 27-ноябрь, жума күнү, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Республиканын башка аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын темпетарутасы Чүйдө +6...+11, Талас өрөөнүндө +5...+10 градуска жетсе, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +7...+12, Ысык-Көл ойдуңунда +3...+8, Нарын жергесинде -2...+3 градусту көрсөтүп турат.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын болбойт, күндүн табы +8...+10 градуска жетет.

0
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Фотофакт: ышка тумчуккан Бишкектин асмандан көрүнүшү