Кыргызстандын тарыхындагы ири марафон. Мелдештеги мыкты көз ирмемдер

Жазылуу
Бул жылы Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн Run the Silk Road эл аралык марафонго эки миңден ашык адам катышты.

13-май күнү Ысык-Көлдүн жээгинде ар жылы өтүүчү Run the Silk Road эл аралык марафону өттү. Уюштуруучулар мелдешке эки миңден ашык адам катышканын билдиришти. Спорттук иш-чарага Россия, Казакстан, Япония өлкөлөрүнөн да спортчулар келген.

Марафон Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо башталып, катышуучулар Корумду айылын көздөй чуркап, кайра ат майданга кайтып келишкен.

Международный марафон Run the Silk Road в Чолпоне-Ате - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Көлдөгү Жибек жолу марафонунун өзгөчө катышуучуларын сыйлады
Мелдеште 1-орунду кыргызстандык Илья Тяпкин алып, ал 2 саат 35 мүнөт 26 секунддун ичинде 42 чакырым 195 метр аралыкты багынткан. Ал эми аялдар арасында баарынан биринчи болуп Кыргызстандан Мария Коробицкая чуркап келген. 

Жарым марафондун (21 чакырым 97 метр) жеңүүчүлөрү болуп эркектер арасында Султан Айдар уулу (Кыргызстан) жана аялдар арасында Катерина Шатная (Казакстан) аталышты. Жеңүүчүлөр 1000 доллар акчалай сыйлык менен сыйланышкан.

Run the Silk Road эл аралык марафону алтынчы жолу уюштурулуп жатат. Былтыркы жылы спорттук иш-чарага 1800 адам катышкан. Мелдеш Кыргызстандан чыккан жалгыз марафончу, 1980-жылы Олимпиада оюндарында үчүнчү орунду багынткан Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган.

© Sputnik / Табылды КадырбековАр жылы өтүүчү Run the Silk Road эл аралык марафону 13-майда Ысык-Көлдүн жээгинде уюштурулат
Ар жылы өтүүчү Run the Silk Road эл аралык марафону 13-майда Ысык-Көлдүн жээгинде уюштурулат - Sputnik Кыргызстан
1/12
Ар жылы өтүүчү Run the Silk Road эл аралык марафону 13-майда Ысык-Көлдүн жээгинде уюштурулат
© Sputnik / Табылды КадырбековМелдешке эки миңден ашык адам катышты
Мелдешке эки миңден ашык адам катышты - Sputnik Кыргызстан
2/12
Мелдешке эки миңден ашык адам катышты
© Sputnik / Табылды КадырбековКатышуучулар төрт дистанцияда: марафон (42,2 чакырым), жарым марафон (21,2 чакырым), ошондой эле 10 жана беш чакырымга чуркашты
Катышуучулар төрт дистанцияда: марафон (42,2 чакырым), жарым марафон (21,2 чакырым), ошондой эле 10 жана беш чакырымга чуркашты - Sputnik Кыргызстан
3/12
Катышуучулар төрт дистанцияда: марафон (42,2 чакырым), жарым марафон (21,2 чакырым), ошондой эле 10 жана беш чакырымга чуркашты
© Sputnik / Табылды КадырбековАкактаган катышуучуларга жолдо турган ыктыярчылар суу берип турушту
Акактаган катышуучуларга жолдо турган ыктыярчылар суу берип турушту - Sputnik Кыргызстан
4/12
Акактаган катышуучуларга жолдо турган ыктыярчылар суу берип турушту
© Sputnik / Табылды КадырбековИри марафонго чейин "Экиден" деп аталган балдар мелдеши да өткөн
Ири марафонго чейин Экиден деп аталган балдар мелдеши да өткөн - Sputnik Кыргызстан
5/12
Ири марафонго чейин "Экиден" деп аталган балдар мелдеши да өткөн
© Sputnik / Табылды КадырбековАлдыда келе жаткан марафондун катышуучусун кайгуул унаасы коштоп баратат
Алдыда келе жаткан марафондун катышуучусун кайгуул унаасы коштоп баратат - Sputnik Кыргызстан
6/12
Алдыда келе жаткан марафондун катышуучусун кайгуул унаасы коштоп баратат
© Sputnik / Табылды КадырбековRun the Silk Road марафонунун 2015-2016-жылкы жеңүүчүсү Аман Момуналиев
Run the Silk Road марафонунун 2015-2016-жылкы жеңүүчүсү Аман Момуналиев - Sputnik Кыргызстан
7/12
Run the Silk Road марафонунун 2015-2016-жылкы жеңүүчүсү Аман Момуналиев
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык Мария Коробицкая аялдар арасында биринчи келди
Кыргызстандык Мария Коробицкая аялдар арасында биринчи келди - Sputnik Кыргызстан
8/12
Кыргызстандык Мария Коробицкая аялдар арасында биринчи келди
© Sputnik / Табылды КадырбековКөрүүчүлөр колдоруна туу көтөрүп чуркап келген катышуучуларды кыйкырык-сүрөөн менен тосуп алды
Көрүүчүлөр колдоруна туу көтөрүп чуркап келген катышуучуларды кыйкырык-сүрөөн менен тосуп алды - Sputnik Кыргызстан
9/12
Көрүүчүлөр колдоруна туу көтөрүп чуркап келген катышуучуларды кыйкырык-сүрөөн менен тосуп алды
© Sputnik / Табылды КадырбековМелдеш жыйынтыкталган соң Sputnik агенттиги марафондун айрым катышуучуларына белек тапшырды
Мелдеш жыйынтыкталган соң Sputnik агенттиги марафондун айрым катышуучуларына белек тапшырды - Sputnik Кыргызстан
10/12
Мелдеш жыйынтыкталган соң Sputnik агенттиги марафондун айрым катышуучуларына белек тапшырды
© Sputnik / Табылды Кадырбеков2 саат 35 мүнөт 26 секунддун ичинде 42, 2 чакырымды багынткан кыргызстандык Илья Тяпкин мыкты марафончу аталды
2 саат 35 мүнөт 26 секунддун ичинде 42, 2 чакырымды багынткан кыргызстандык Илья Тяпкин мыкты марафончу аталды - Sputnik Кыргызстан
11/12
2 саат 35 мүнөт 26 секунддун ичинде 42, 2 чакырымды багынткан кыргызстандык Илья Тяпкин мыкты марафончу аталды
© Sputnik / Табылды КадырбековМарафондун аялдар арасындагы жеңүүчүлөрү
Марафондун аялдар арасындагы жеңүүчүлөрү - Sputnik Кыргызстан
12/12
Марафондун аялдар арасындагы жеңүүчүлөрү
Жаңылыктар түрмөгү
0