Апта ирмеми: көркөмдүү жамбаштан эң чоң шырдакка чейин

1542
(жаңыланган 12:11 09.07.2017)
  • Конкурс Самые красивые ягодицы в Китае
  • Крокодиловые фермы в Таиланде
  • Футбол. Кубок конфедераций-2017. Церемония награждения
  • Религиозная церемония монах в Коломбо
  • Жара в Тель-Авиве
  • Дерево упало на проспекте Жибек-Жолу в Бишкеке
  • Самый маленький жеребенок в мире родился в Ленинградской области
  • VII международном фестивале Кыргыз шырдагы в Ат-Башинском районе
  • Свадьба легендарного футболиста испанской Барселоны Лионеля Месси и Антонеллы Рокуццо
  • Солдаты Гонконгского гарнизона Народно-освободительной армии Китая
  • Президент РФ В. Путин посетил международный детский центр Артек
  • Неделя моды в Барселоне
  • Марафон Muddy Angel Run в Брюсселе
  • Пляж Будвы, Черногория
  • Гигантское Улье в Лондон
  • Старый город в Мосуле
  • Встреча президента Франции Эммануэля Макрона и канцлера Германии Ангела Меркель
  • Встреча премьер-министра Индии Нарендра Моди и президента США Дональда Трампа
  • Зоопарк в Багдаде
  • Деятельность общественного объединения Чебер колдор
Sputnik Кыргызстан артта калган аптада дүйнө жүзүндө болуп өткөн эң маанилүү жана кызыктуу окуялардын сүрөт түрмөгүн сунуштайт.

Германиянын курама командасы Конфедерация кубогун жеңип алды.

Нарын облусунун Ат-Башы районунда шырдак фестивалы өтүп, "Чебер колдор" коомдук бирикмеси диаметри 10 метр болгон тегерек шырдакты көрүүчүлөргө тартуулады.

Аргентинанын Росарио шаарында футболчу Лионель Месси ашыгы Антонелла Рокуццо менен баш кошту.

Россиянын президенти Владимир Путин Крымдагы балдардын "Артек" эл аралык борборуна барды. Ал эми Индиянын премьер-министри Нарендра Моди АКШ президенти Дональд Трамп менен жолукту.

Кытайдын Шэньянь шаарында (Ляонин провинциясы) "Эң көркөм жамбаш" конкурсу өттү.

1542
  • Конкурс Самые красивые ягодицы в Китае
    © AFP 2020 / STR

    Кытайдын Шэньянь шаарында (Ляонин провинциясы) өткөн "Эң көркөм жамбаш" конкурсунун катышуучулары

  • Крокодиловые фермы в Таиланде
    © REUTERS / Athit Perawongmeth

    Таиланддын Чонбури провинциясындагы зоопаркта кызматкер туристтер үчүн крокодилдин оозуна башын салып жатат. Бул аймакта дүйнөдөгү эң чоң крокодил фермасы жайгашкан

  • Футбол. Кубок конфедераций-2017. Церемония награждения
    © REUTERS / Grigory Dukor

    Германиянын курама командасы Конфедерация кубогунун финалында Чилинин командасын Россиянын Санкт-Петербург шаарында болгон оюнда 1:0 эсеби менен жеңип алды

  • Религиозная церемония монах в Коломбо
    © REUTERS Dinuka Liyanawatte

    Коломбодо өткөн диний салтанат учурунда жаш буддист монахтар селфиге түшүүдө

  • Жара в Тель-Авиве
    © AP Photo / Ariel Schalit

    Ысыкта фонтанга түшүп жаткан бала. Тель-Авив (Израиль)

  • Дерево упало на проспекте Жибек-Жолу в Бишкеке
    © Sputnik / Азамат Аралбаев

    Бишкектин Жибек-Жолу көчөсүндө чоң бак автоунааны басып калды. Кудай жалгап айдоочу жабыркаган эмес

  • Самый маленький жеребенок в мире родился в Ленинградской области
    © Sputnik / Алексей Даничев

    Россиянын Скотное айылындагы америкалык эргежээл аттарды өстүрүү фермасындагы Гулливер аттуу кулун

  • VII международном фестивале Кыргыз шырдагы в Ат-Башинском районе
    © AFP 2020 / Vyacheslav OSELEDKO

    Нарын облусунун Ат-Башы районунда VII эл аралык фестивалга катышкан улуттук кийимчен айым. Бул маданий иш-чарага беш мамлекеттен өкүлдөр келген

  • Свадьба легендарного футболиста испанской Барселоны Лионеля Месси и Антонеллы Рокуццо
    © AP Photo / Victor R. Caivano

    Аргентинанын Росарио шаарындагы Испаниянын "Барселона" клубунун оюнчусу, Лионель Месси ашыгы Антонелла Рокуццо менен баш кошту

  • Солдаты Гонконгского гарнизона Народно-освободительной армии Китая
    © REUTERS / Damir Sagolj

    Кытайдын улуттук-куткаруучу армиясынын Гонконг гарнизонунун аскерлери Кытай эл республикасынын башчысы Си Цзиньпинди тосууга даярданууда

  • Президент РФ В. Путин посетил международный детский центр Артек
    © Sputnik / Алексей Дружинин

    Россиянын президенти Владимир Путин Крымдагы "Артек" эл аралык балдар борборуна барды

  • Неделя моды в Барселоне
    © AFP 2020 / LLUIS GENE

    Барселонада өткөн мода жумалыгында Braian & Beast брендинин коллекциясын көргөзгөн модель

  • Марафон Muddy Angel Run в Брюсселе
    © REUTERS / Eric Vidal

    Брюсселде өткөн Muddy Angel Run марафонунун катышуучусу

  • Пляж Будвы, Черногория
    © REUTERS / Ognen Teofilovski

    Черногориянын Будва жээктеринде эс алып жаткан жаран

  • Гигантское Улье в Лондон
    © REUTERS / Andrew Winning

    Лондон. Ойноп жаткан балдар

  • Старый город в Мосуле
    © REUTERS / Alaa Al-Marjani

    Мосулдагы (Ирак) эски шаардын урандылары

  • Встреча президента Франции Эммануэля Макрона и канцлера Германии Ангела Меркель
    © REUTERS / Hannibal Hanschke

    Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Германиянын канцлери Ангела Меркель маалымат жыйында. Берлин

  • Встреча премьер-министра Индии Нарендра Моди и президента США Дональда Трампа
    © REUTERS / Kevin Lamarque

    Индиянын премьер-министри Нарендра Моди АКШ президенти Дональд Трамп менен (Вашингтон, АКШ)

  • Зоопарк в Багдаде
    © REUTERS / Khalid al-Mousily

    Багдад, Ирак. Зоопарктын кызматкери ак арстанга тамак берип жатат

  • Деятельность общественного объединения Чебер колдор
    © Фото / Жыргалбек Турсунбек уулу

    Диаметри 10 метр болгон шырдакты Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын уздарынан турган "Чебер колдор" коомдук бирикмеси жасаган. Бул шырдак дүйнөдөгү эң чоң шырдак болушу ыктымал

Белгилер:
апта ирмеми, Эммануэль Макрон, Ангела Меркель, Владимир Путин, Мосул
Тема боюнча
Дүйнөдөгү эң кичинекей кулундун алгачкы сүрөттөрү
Дүйнөдөгү эң чоң шырдак Ат-Башыда жасалып, 4000 долларга сатылды
Месси бала чактан арзыган ашыгына үйлөндү. Үлпөт тойдон ирмемдер
Германия бир гол менен Россияда өткөн Конфедерация кубогун утуп кетти

Тарбия, каада, тиричилик. Кыргыз аялдарынын жашоосун көрсөткөн сүрөт баян

223
  • Боз үйдүн түбүндө ийик ийрип жаткан чоң эне. Ийик — бул кебез, жүндөн жип ийрий турган аспап. Кыргыздын аялдары малдын жүнүн ийик менен ийрип жип кылып, андан түрлүү кийимдерди токуп, тигишкен.
  • Ак элечек кийген энелер наристени бешикке салышууда. Баланы бешикке салуу каадасына бир да эркек катышкан эмес, жалаң аялдар чогулуп майрамдашкан.
  • Беш көкүл чач, башта тебетей. Секелек кыздар топ таш ойноп жаткан учуру
  • Алас-алас, ар балээден калас! Аластоо кыргыздын канына сиңип калган ырым. Адатта бул ырымды жаңы үйгө киргенде, баланы бешикке салардын алдында жасашат. Ошондой эле тумоолоп калганда да арча түтөтүп коюшат.
  • Таар согуп жаткан келин. Жыгачтан жасалып турган жабдуу өрмөк деп аталат. Таар ошол өрмөккө согулат.
  • Буудайды жаргылчактан өткөрүп жаткан аялдар. Жаргылчак — бул кол тегирмен. Ал таштан жасалат. Жаргылчак менен арпа, буудай, жүгөрү, конок, таруу сыяктуу дандарды кууруп да, куурубай да майдалап, андан ун, талкан, шак, угут кылышат.
  • Келиндин колундагы илгерки жез самоор. Элечекчен эне боз үйдүн ичинде бүлөсүнө чай берүүдө.
  • Шар аккан суунун боюнда бээ саап жаткан аял. Бээнин сүтү пайдалуу келип, адистер аны көп ооруга даба деп айтып жүрүшөт.
  • Жүн сабап жаткан эне. Ушул эле жүндөн кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим тигип, түрдүү буюм жасалат.
  • Байкасаңыздар, кыргыз аялдарынын башынан элечек жайы-кышы дебей түшкөн эмес. Илекини аялдар үй жумуштарын жасоодо, ал тургай таруу майдалаганда да дайыма кийип жүрүшкөн.
  • Чоң эне менен ойноп отурган беш көкүл секелектер. Кыргыздын кыздары турмушка чыккыча чачтарын дайыма беш көкүл өрдүрүп жүрүшкөн.
  • Туш кийиз. Анын жанында кызынын чачын өрүп жаткан келиндер
  • Чебер уздар кийимдин бөлүктөрүн сайманын күчү менен көркүнө чыгарган. Сайма көбүнчө элечектин кыргагына, көйнөктөргө, белдемчиге сайылган
  • Жайлоо, керемет жаратылыш жана боорсок жасап жаткан кыргыз келин
  • Боорсокту кыргыздар той-ашта дайыма жасашат. Жыт чыгарып, куран окутууда да сөзсүз боорсок бышырылат.
Кыргыз аялдары эзелтен иштүү, оокатка тың келет. Энелер кыздарын оокатка, жумушка бышырып тарбиялашкан.

Буга далил катары Sputnik Кыргызстан агенттиги менен "Кийиз дүйнө" коомдук фонду даярдаган сүрөттөрдү сунуштайбыз.

Бул сүрөт баяндан тарбия, салт, каада, тиричилик, кыргыз аялдарынын сулуулугу, кийимдери, айтор, баарын көрө аласыздар. Айрымдарын карап отуруп кудум көчмөн турмушка барып калгандай сезимдер болот.

Мында оюнга тое элек секелектерден тарта кол өнөрчүлүк менен алектенген кыз-келин, аял, энелер бар. Ошондой эле Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышы менен салттуу кийимдер да ачык, даана көрсөтүлгөн.

 

223
  • Боз үйдүн түбүндө ийик ийрип жаткан чоң эне. Ийик — бул кебез, жүндөн жип ийрий турган аспап. Кыргыздын аялдары малдын жүнүн ийик менен ийрип жип кылып, андан түрлүү кийимдерди токуп, тигишкен.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Боз үйдүн түбүндө ийик ийрип жаткан чоң эне. Ийик — бул кебез, жүндөн жип ийрий турган аспап. Кыргыздын аялдары малдын жүнүн ийик менен ийрип жип кылып, андан түрлүү кийимдерди токуп, тигишкен.

  • Ак элечек кийген энелер наристени бешикке салышууда. Баланы бешикке салуу каадасына бир да эркек катышкан эмес, жалаң аялдар чогулуп майрамдашкан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ак элечек кийген энелер наристени бешикке салышууда. Баланы бешикке салуу каадасына бир да эркек катышкан эмес, жалаң аялдар чогулуп майрамдашкан.

  • Беш көкүл чач, башта тебетей. Секелек кыздар топ таш ойноп жаткан учуру
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Беш көкүл чач, башта тебетей. Секелек кыздар топ таш ойноп жаткан учуру

  • Алас-алас, ар балээден калас! Аластоо кыргыздын канына сиңип калган ырым. Адатта бул ырымды жаңы үйгө киргенде, баланы бешикке салардын алдында жасашат. Ошондой эле тумоолоп калганда да арча түтөтүп коюшат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Алас-алас, ар балээден калас! Аластоо кыргыздын канына сиңип калган ырым. Адатта бул ырымды жаңы үйгө киргенде, баланы бешикке салардын алдында жасашат. Ошондой эле тумоолоп калганда да арча түтөтүп коюшат.

  • Таар согуп жаткан келин. Жыгачтан жасалып турган жабдуу өрмөк деп аталат. Таар ошол өрмөккө согулат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Таар согуп жаткан келин. Жыгачтан жасалып турган жабдуу "өрмөк" деп аталат. Таар ошол өрмөккө согулат.

  • Буудайды жаргылчактан өткөрүп жаткан аялдар. Жаргылчак — бул кол тегирмен. Ал таштан жасалат. Жаргылчак менен арпа, буудай, жүгөрү, конок, таруу сыяктуу дандарды кууруп да, куурубай да майдалап, андан ун, талкан, шак, угут кылышат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Буудайды жаргылчактан өткөрүп жаткан аялдар. Жаргылчак — бул кол тегирмен. Ал таштан жасалат. Жаргылчак менен арпа, буудай, жүгөрү, конок, таруу сыяктуу дандарды кууруп да, куурубай да майдалап, андан ун, талкан, шак, угут кылышат.

  • Келиндин колундагы илгерки жез самоор. Элечекчен эне боз үйдүн ичинде бүлөсүнө чай берүүдө.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Келиндин колундагы илгерки жез самоор. Элечекчен эне боз үйдүн ичинде бүлөсүнө чай берүүдө.

  • Шар аккан суунун боюнда бээ саап жаткан аял. Бээнин сүтү пайдалуу келип, адистер аны көп ооруга даба деп айтып жүрүшөт.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шар аккан суунун боюнда бээ саап жаткан аял. Бээнин сүтү пайдалуу келип, адистер аны көп ооруга даба деп айтып жүрүшөт.

  • Жүн сабап жаткан эне. Ушул эле жүндөн кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим тигип, түрдүү буюм жасалат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жүн сабап жаткан эне. Ушул эле жүндөн кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим тигип, түрдүү буюм жасалат.

  • Байкасаңыздар, кыргыз аялдарынын башынан элечек жайы-кышы дебей түшкөн эмес. Илекини аялдар үй жумуштарын жасоодо, ал тургай таруу майдалаганда да дайыма кийип жүрүшкөн.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Байкасаңыздар, кыргыз аялдарынын башынан элечек жайы-кышы дебей түшкөн эмес. Илекини аялдар үй жумуштарын жасоодо, ал тургай таруу майдалаганда да дайыма кийип жүрүшкөн.

  • Чоң эне менен ойноп отурган беш көкүл секелектер. Кыргыздын кыздары турмушка чыккыча чачтарын дайыма беш көкүл өрдүрүп жүрүшкөн.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чоң эне менен ойноп отурган беш көкүл секелектер. Кыргыздын кыздары турмушка чыккыча чачтарын дайыма беш көкүл өрдүрүп жүрүшкөн.

  • Туш кийиз. Анын жанында кызынын чачын өрүп жаткан келиндер
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Туш кийиз. Анын жанында кызынын чачын өрүп жаткан келиндер

  • Чебер уздар кийимдин бөлүктөрүн сайманын күчү менен көркүнө чыгарган. Сайма көбүнчө элечектин кыргагына, көйнөктөргө, белдемчиге сайылган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чебер уздар кийимдин бөлүктөрүн сайманын күчү менен көркүнө чыгарган. Сайма көбүнчө элечектин кыргагына, көйнөктөргө, белдемчиге сайылган

  • Жайлоо, керемет жаратылыш жана боорсок жасап жаткан кыргыз келин
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жайлоо, керемет жаратылыш жана боорсок жасап жаткан кыргыз келин

  • Боорсокту кыргыздар той-ашта дайыма жасашат. Жыт чыгарып, куран окутууда да сөзсүз боорсок бышырылат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Боорсокту кыргыздар той-ашта дайыма жасашат. Жыт чыгарып, куран окутууда да сөзсүз боорсок бышырылат.

Белгилер:
Сүрөт, тарбия, турмуш, каада-салт, кийим, аял, кыргыз
Тема боюнча
Кеп такыячан эл алдына чыгуу уят болот. Салттуу баш кийимдердин сырлары
Тебетей кийип, шуру тагынып... Салттуу кийимди көркүнө чыгарган бөбөктөрдүн 14 сүрөтү

Муз үстүндөгү жомок. Москвадагы муз аянтынын ачылышынан 15 сүрөт

184
(жаңыланган 16:54 02.12.2020)
  • Россиядагы башкы муз аянты дем алыш күнү салтанаттуу түрдө ачылган. Бул мааракелик сезон
  • Дүйнөнүн эң мыкты муз бийчиси Алина Загитова Спящая красавица. Легенда двух королевств мюзиклинен үзүндү тартуулады. Бул шоу 26-декабрдан 7-январга чейин Москвада көрсөтүлөт
  • Муз аянтчасынын ачылышына саясатчылар, спортчулар, ырчылар, актёрлор жана кышкы спорттун ышкыбоздору катышты
  • Бул сезон аянтка келгендерди жаңы жылдык бугулары, шайыр пингвиндери жана акылман үкүлөрү менен кышкы жомокко алып кетерин убадалайт
  • Коноктор үчүн көркөм муз тебүүнүн негизги элементтерин үйрөтүү менен муз үстүндө атайын машыгуу көрсөтүлдү
  • Ачылыш салтанатка музыкант Игорь Бутман менен анын сүйлөшкөн кызы да келип катышты
  • Музда бийлөөнүн чеберлери Маргарита Дробязко менен Повилас Ванагас Татьяны Навканын Руслан и Людмила мюзиклинен фрагменттерди тартуулашты
  • Муз шоусунун артисттеринин катышуусу кечеге түркүн түстөрдү жана жаркын маанай тартуулады
  • Адистер бул муз аянты олимпиадалык аренадагы жайдан калышпай турганын белгилешүүдө
  • Бул жерге мыкты жаңы жылдык сүрөттөр, жакындарына видеокуттуктоолорду жаздырып, сүйүүсүн билдирип, колун сурап, жүрөгүн арнаганын билдирүү үчүн келишет
  • Пандемияга байланыштуу муз аянтынын аймагында санитардык нормаларды сактоого бардык шарттар түзүлгөн
  • Вечерний Ургант шоусунун катышуучусу Дмитрий Хрусталев ырахаттануу менен муз тээп бара жатат
  • Уюштуруучулар Москва шаарынын жашоочулары жана коноктору жаңы жылдык маанайды эмитеден сезиши үчүн бардык аракеттерди көрүшкөнүн белгилешет
  • Олимпиада жеңүүчүсү, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Татьяна Навка бардык каалоочулар үчүн муз үстүндө көнүгүүлөрдү көрсөттү
  • Муз аянты 1-мартка чейин күн сайын иштейт
28-ноябрда Кызыл аянтта ГУМдун муз аянтынын 15-сезонунун ачылыш аземи өттү. Эми Кремлдин жанында 1-мартка чейин муз тепсе болот.

ГУМ-муз аянтынын маалымат кызматы мааракелик сезон аянтка келгендерди жаңы жылдык бугулары, шайыр пингвиндери жана акылман үкүлөрү менен кышкы жомокко алып кетет деп жарнамалап жатат.

Ачылыш салтанатка Россия президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков, анын жубайы, муз бийинин чебери Татьяна Навка, муз үстүндө бийлөө спортунун жылдыздары Алина Загитова, Алексей Ягудин, эстрада жана кино жылдыздары, таанымал спортчулар жана белгилүү инсандар катышты.

Загитова "Спящая красавица. Легенда двух королевств" мюзиклинен үзүндү көрсөтсө, Маргарита Дробязко менен Повилас Ванагас Татьяна Навканын "Руслан и Людмила" мюзиклинен фрагменттерди тартуулашты.

Олимпиада чемпиону Навка өзү Ягудин жана хоккей боюнча дүйнө чемпиону Алексей Яшин менен биргеликте муз үстүндө Bosco-көнүгүүлөрүн жасашты. Буга дагы отуздан ашык таанымал инсандар катышкан. Машыктыруучулар секирүү, отуруп-туруу, хоккей таягы менен жасалуучу көнүгүүлөрдү көрсөтүштү.

Татьяна Навка өлкөдөгү башкы муз аянтынын ачылышы жомоктогудай болуп, катышуучулардын баарына чынында эле жаңы жылдык маанай тартуулаганын белгиледи.

ГУМ-муз аянты аба ырайына карабай ар дайым ачык болот. Кесипкөй муз бийинин чеберлери менен хоккейчилер бул муз аянты олимпиадалык аренадагы жайдан калышпай турганын белгилешкен.

Муз аянты күн сайын саат 10:00дөн 23:00гө чейин иштейт.

184
  • Россиядагы башкы муз аянты дем алыш күнү салтанаттуу түрдө ачылган. Бул мааракелик сезон
    © Sputnik / Алексей Майшев

    Россиядагы башкы муз аянты дем алыш күнү салтанаттуу түрдө ачылган. Бул мааракелик сезон

  • Дүйнөнүн эң мыкты муз бийчиси Алина Загитова Спящая красавица. Легенда двух королевств мюзиклинен үзүндү тартуулады. Бул шоу 26-декабрдан 7-январга чейин Москвада көрсөтүлөт
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Дүйнөнүн эң мыкты муз бийчиси Алина Загитова "Спящая красавица. Легенда двух королевств" мюзиклинен үзүндү тартуулады. Бул шоу 26-декабрдан 7-январга чейин Москвада көрсөтүлөт

  • Муз аянтчасынын ачылышына саясатчылар, спортчулар, ырчылар, актёрлор жана кышкы спорттун ышкыбоздору катышты
    © AP Photo / Pavel Golovkin

    Муз аянтчасынын ачылышына саясатчылар, спортчулар, ырчылар, актёрлор жана кышкы спорттун ышкыбоздору катышты

  • Бул сезон аянтка келгендерди жаңы жылдык бугулары, шайыр пингвиндери жана акылман үкүлөрү менен кышкы жомокко алып кетерин убадалайт
    © REUTERS / MAXIM SHEMETOV

    Бул сезон аянтка келгендерди жаңы жылдык бугулары, шайыр пингвиндери жана акылман үкүлөрү менен кышкы жомокко алып кетерин убадалайт

  • Коноктор үчүн көркөм муз тебүүнүн негизги элементтерин үйрөтүү менен муз үстүндө атайын машыгуу көрсөтүлдү
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Коноктор үчүн көркөм муз тебүүнүн негизги элементтерин үйрөтүү менен муз үстүндө атайын машыгуу көрсөтүлдү

  • Ачылыш салтанатка музыкант Игорь Бутман менен анын сүйлөшкөн кызы да келип катышты
    © Sputnik / Алексей Майшев

    Ачылыш салтанатка музыкант Игорь Бутман менен анын сүйлөшкөн кызы да келип катышты

  • Музда бийлөөнүн чеберлери Маргарита Дробязко менен Повилас Ванагас Татьяны Навканын Руслан и Людмила мюзиклинен фрагменттерди тартуулашты
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Музда бийлөөнүн чеберлери Маргарита Дробязко менен Повилас Ванагас Татьяны Навканын "Руслан и Людмила" мюзиклинен фрагменттерди тартуулашты

  • Муз шоусунун артисттеринин катышуусу кечеге түркүн түстөрдү жана жаркын маанай тартуулады
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Муз шоусунун артисттеринин катышуусу кечеге түркүн түстөрдү жана жаркын маанай тартуулады

  • Адистер бул муз аянты олимпиадалык аренадагы жайдан калышпай турганын белгилешүүдө
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Адистер бул муз аянты олимпиадалык аренадагы жайдан калышпай турганын белгилешүүдө

  • Бул жерге мыкты жаңы жылдык сүрөттөр, жакындарына видеокуттуктоолорду жаздырып, сүйүүсүн билдирип, колун сурап, жүрөгүн арнаганын билдирүү үчүн келишет
    © Sputnik / Ekaterina Chesnokova

    Бул жерге мыкты жаңы жылдык сүрөттөр, жакындарына видеокуттуктоолорду жаздырып, сүйүүсүн билдирип, колун сурап, жүрөгүн арнаганын билдирүү үчүн келишет

  • Пандемияга байланыштуу муз аянтынын аймагында санитардык нормаларды сактоого бардык шарттар түзүлгөн
    © AP Photo / Pavel Golovkin

    Пандемияга байланыштуу муз аянтынын аймагында санитардык нормаларды сактоого бардык шарттар түзүлгөн

  • Вечерний Ургант шоусунун катышуучусу Дмитрий Хрусталев ырахаттануу менен муз тээп бара жатат
    © Sputnik / Алексей Майшев

    "Вечерний Ургант" шоусунун катышуучусу Дмитрий Хрусталев ырахаттануу менен муз тээп бара жатат

  • Уюштуруучулар Москва шаарынын жашоочулары жана коноктору жаңы жылдык маанайды эмитеден сезиши үчүн бардык аракеттерди көрүшкөнүн белгилешет
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Уюштуруучулар Москва шаарынын жашоочулары жана коноктору жаңы жылдык маанайды эмитеден сезиши үчүн бардык аракеттерди көрүшкөнүн белгилешет

  • Олимпиада жеңүүчүсү, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Татьяна Навка бардык каалоочулар үчүн муз үстүндө көнүгүүлөрдү көрсөттү
    © Sputnik / Aleksei Mayshev

    Олимпиада жеңүүчүсү, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Татьяна Навка бардык каалоочулар үчүн муз үстүндө көнүгүүлөрдү көрсөттү

  • Муз аянты 1-мартка чейин күн сайын иштейт
    © REUTERS / Maxim Shemetov

    Муз аянты 1-мартка чейин күн сайын иштейт

Белгилер:
Москва, бий, муз, коньки, муз аянты
Тема боюнча
Атай Өмүрзаковдун бий тобу Германияда калыстардын оозун ачырды. Видео
Дүйүм тамак, ыр, бий... Борбор азиялыктар Москва күнүн белгилешти
Нарын облусу. Архивдик сүрөт

Өкмөт Нарынга 300 үй-бүлө үчүн эксперименталдык айыл курууга белсенүүдө

0
(жаңыланган 11:13 05.12.2020)
Ал жерге сейсмологиялык жана сел жүрүү кооптуулугунда турган Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдарынын жашоочуларын көчүрүп келүү пландалууда.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү Нарын облусуна "Ак-Тилек" деп аталган эксперименталдык конуш курууга белсенип жатат. Тийиштүү буйруктун долбоорун Архитектура, курулуш жана коммуналдык-турак жай агенттиги коомдук талкууга чыгарды.

Жаңы конуш Ак-Талаа районунда пайда болору айтылган. Ал жерге сейсмологиялык жана сел жүрүү кооптуулугунда турган Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдарынын жашоочуларын көчүрүп келүү пландалууда. 1990-жылдын аягынан 2010-жылга чейин бул аймактарда бир нече жолу жер силкинип, сел түшүп кыйроолорго алып келген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ал жердин тургундарын көчүрүү зарыл деген корутунду чыгарган.

Ак-Тилек конушу 300 турак жайга (1500 адам) ылайыкташкан. Курулуш агенттиги жерлер 2019-жылдын ноябрында эле өкмөттүн токтому менен трансформация болгонун билдирди.

Конушту куруу жана пландаштыруу боюнча жаңы ыкмаларды колдонуу (конструкция, курулуш материалдары, инженердик камсыздоо системасы) чечими кабыл алынгандыктан эксперименталдуу калктуу конуш деген макам берилет.

Ошондой эле планын иштеп чыгууда шаар куруу боюнча дүйнөлүк тажрыйба жана экологияга аяр мамиле жасоо принциби колдонулганы белгиленет. Үйлөрдүн ичи жылуу жана жер титирөөгө туруштук берүү деңгээли жогору болоруна ишендирет.

Долбоордун суммасы жазылган эмес, бирок өкмөт ага бюджеттик каражат коротулбай турганын айтты. БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын долбоору аркылуу каражат жана инвестиция тартылары күтүлүүдө. Бул боюнча алдын ала макулдашуу түзүлгөн.

Техникалык документациясы менен өкмөттүн сайтынан кененирээк таанышууга болот.

0
Белгилер:
айыл, тургун, курулуш, Нарын, жаңы конуштар
Тема боюнча
Өрттөнгөн прокуратуранын ордуна эмнеге шаардык кеңештин имараты курулат. Жооп
Өзгөн менен Араванда эки төрөт үйү пайдаланууга берилди