Кандуу кара келтектин курмандыктарын кучагына алган "Ата-Бейит". Архивдик сүрөттөр

Жазылуу
1938-жылы репрессияга кабылып, түндөп атылып, чуңкурга жашыруун ташталган кыргызстандык жарандардын 53 жылдан кийин "Ата-Бейитке" урмат менен кайра көмүлгөн күнүнө бүгүн 26 жылдын жүзү болду.

Бул датага карата Sputnik Кыргызстан Мамлекеттик борбордук архивден алынган сейрек сүрөттөрдү окурмандарга тартуулайт.

Ата-Бейиттин ыйы жана зыйнаты. 26 жыл илгери. Архивден алынган кадрлар - Sputnik Кыргызстан
"Ата-Бейиттин" ыйы жана зыйнаты. 26 жыл илгери. Архивден алынган кадрлар
Расмий маалыматтарда 1938-жылы 5-8-ноябрда кыш заводунун мешине атылган 138 адамдын сөөгү үстү-үстүнө ташталып, шашылыш көмүлгөндүгү айтылат.

Жарым кылымга жакын катылып жаткан сырды ошол кездеги трагедиянын чет-жакасын билип калган кишинин кызы Бүбүйра Кыдыралиева кийин бийликке демократия желаргсы келгенде каргашалуу окуянын чоо-жайын билдирген.

Ал эми алардын ким экендигин иликтеген ишти ошол кездеги КГБнын кызматкери Болот Абдрахманов колуна алып, бир нече ай ичинде репрессиялангандарды чоо-жайын таап чыккан.

Ал жерде кыргыз элинин каймактары, Кыргызстандагы интеллигенция өкүлдөрү Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Эркинбек Эсенаманов, Иманаалы Айдарбеков баштаган адамдар жатат.

© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КРЭски аянттагы митинг. Эл Бишкектин борборуна сталиндик репрессиянын курмандыктарын акыркы жайына кайрадан узатууга чогулган. 1991-жыл
Эски аянттагы митинг. Эл Бишкектин борборуна сталиндик репрессиянын курмандыктарын акыркы жайына кайрадан узатууга чогулган. 1991-жыл - Sputnik Кыргызстан
1/10
Эски аянттагы митинг. Эл Бишкектин борборуна сталиндик репрессиянын курмандыктарын акыркы жайына кайрадан узатууга чогулган. 1991-жыл
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КРКыш заводдун мешинен казып алынган сөөктөрдү ташып бара жаткан колонна. Маркумдар аспиеттелип табыттарга салынып, кайрадан тоо этегин, "Ата-Бейитти" көздөй багыт алды. 1991-жыл
Кыш заводдун мешинен казып алынган сөөктөрдү ташып бара жаткан колонна. Маркумдар аспиеттелип табыттарга салынып, кайрадан тоо этегин, Ата-Бейитти көздөй багыт алды. 1991-жыл - Sputnik Кыргызстан
2/10
Кыш заводдун мешинен казып алынган сөөктөрдү ташып бара жаткан колонна. Маркумдар аспиеттелип табыттарга салынып, кайрадан тоо этегин, "Ата-Бейитти" көздөй багыт алды. 1991-жыл
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КРСаясий курмандыктардын төрт бурчтуу үкөктөргө салынган сөөктөрүн аскерлер акыркы жайга алып бара жатышат. 1991-жыл
Саясий курмандыктардын төрт бурчтуу үкөктөргө салынган сөөктөрүн аскерлер акыркы жайга алып бара жатышат. 1991-жыл - Sputnik Кыргызстан
3/10
Саясий курмандыктардын төрт бурчтуу үкөктөргө салынган сөөктөрүн аскерлер акыркы жайга алып бара жатышат. 1991-жыл
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР"Карагай ыйлап, тал ыйлап, тургандардын баары ыйлап"… Миңдеген көздөр табыттар салынган кара түстүү автоунааларга тигилген. Атылгандардын урпактарына бул кабар кайрадан жагымсыз болгонун көздөрүнөн байкоого болот. 1991-жыл
Карагай ыйлап, тал ыйлап, тургандардын баары ыйлап… Миңдеген көздөр табыттар салынган кара түстүү автоунааларга тигилген. Атылгандардын урпактарына бул кабар кайрадан жагымсыз болгонун көздөрүнөн байкоого болот. 1991-жыл - Sputnik Кыргызстан
4/10
"Карагай ыйлап, тал ыйлап, тургандардын баары ыйлап"… Миңдеген көздөр табыттар салынган кара түстүү автоунааларга тигилген. Атылгандардын урпактарына бул кабар кайрадан жагымсыз болгонун көздөрүнөн байкоого болот. 1991-жыл
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КРИмам репрессия курмандыктарынын кабырынын башында алардын арбагына багыштап куран түшүрүп жатат. Кезектеги эскерүү иш-чарасы. 1999-жыл
Имам репрессия курмандыктарынын кабырынын башында алардын арбагына багыштап куран түшүрүп жатат. Кезектеги эскерүү иш-чарасы. 1999-жыл - Sputnik Кыргызстан
5/10
Имам репрессия курмандыктарынын кабырынын башында алардын арбагына багыштап куран түшүрүп жатат. Кезектеги эскерүү иш-чарасы. 1999-жыл
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР"Ата-Бейит" мемориалдык комплекси ачылуу алдында. Бул жерге атылып кеткен кыргыз интеллигенциясынын каймактарынын балдары, атка минерлер, аскер кызматкерлери чогулган
Ата-Бейит мемориалдык комплекси ачылуу алдында. Бул жерге атылып кеткен кыргыз интеллигенциясынын каймактарынын балдары, атка минерлер, аскер кызматкерлери чогулган - Sputnik Кыргызстан
6/10
"Ата-Бейит" мемориалдык комплекси ачылуу алдында. Бул жерге атылып кеткен кыргыз интеллигенциясынын каймактарынын балдары, атка минерлер, аскер кызматкерлери чогулган
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КРУрпактары жарым кылымдан ашуун белгисиз болгон аталарынын сөөгүн кайрадан бергенден кийин 30-августта жыл сайын келип эскерчү болгон
Урпактары жарым кылымдан ашуун белгисиз болгон аталарынын сөөгүн кайрадан бергенден кийин 30-августта жыл сайын келип эскерчү болгон - Sputnik Кыргызстан
7/10
Урпактары жарым кылымдан ашуун белгисиз болгон аталарынын сөөгүн кайрадан бергенден кийин 30-августта жыл сайын келип эскерчү болгон
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КРКезектеги эскерүү. Бир топ машакаттуу иликтөөлөрдөн кийин 137 адамдын аты-жөнү такталып, ташка чегилип жазылып, урпактары алардын акыркы жайы туурасында билүүгө мүмкүнчүлүк алды
Кезектеги эскерүү. Бир топ машакаттуу иликтөөлөрдөн кийин 137 адамдын аты-жөнү такталып, ташка чегилип жазылып, урпактары алардын акыркы жайы туурасында билүүгө мүмкүнчүлүк алды - Sputnik Кыргызстан
8/10
Кезектеги эскерүү. Бир топ машакаттуу иликтөөлөрдөн кийин 137 адамдын аты-жөнү такталып, ташка чегилип жазылып, урпактары алардын акыркы жайы туурасында билүүгө мүмкүнчүлүк алды
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КРКыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн жана мамлекеттик ишмерлердин бири Төрөкул Айтматовдун неберелери Ширин жана Элдар чоң атасын акыркы сапарга узатуу зыйнатында
Кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн жана мамлекеттик ишмерлердин бири Төрөкул Айтматовдун неберелери Ширин жана Элдар чоң атасын акыркы сапарга узатуу зыйнатында - Sputnik Кыргызстан
9/10
Кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн жана мамлекеттик ишмерлердин бири Төрөкул Айтматовдун неберелери Ширин жана Элдар чоң атасын акыркы сапарга узатуу зыйнатында
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР"Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги көчөт отургузуу иш-чарасы. Бул жерде азыр Кыргызстандын 30-жылдардагы интеллигенция өкүлдөрү Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Эркинбек Эсенаманов, Иманаалы Айдарбеков баштаган адамдар жатат
Ата-Бейит мемориалдык комплексиндеги көчөт отургузуу иш-чарасы. Бул жерде азыр Кыргызстандын 30-жылдардагы интеллигенция өкүлдөрү Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Эркинбек Эсенаманов, Иманаалы Айдарбеков баштаган адамдар жатат - Sputnik Кыргызстан
10/10
"Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги көчөт отургузуу иш-чарасы. Бул жерде азыр Кыргызстандын 30-жылдардагы интеллигенция өкүлдөрү Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Эркинбек Эсенаманов, Иманаалы Айдарбеков баштаган адамдар жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0