Өңү сары, көзү көк. Кыргызстанда жашаган байыркы енисейлик кыргыздардын сүрөттөрү

15378
(жаңыланган 13:29 30.09.2017)
  • Лунара Айдаралиева, 16 жашта Оштун Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылында туулган. Учурда Кант шаарында 10-класста окуйт. Окуудан сырткары комуз чертүү жана бийлөө менен алектенет. Лунара ким менен таанышпасын жүзүнө тигиле карап алгачкы кебин көзүңүз эмнеге мындай жапжашыл? деген суроо менен башташат дейт.
  • Темирлан Нурланов, 20 жашта Бишкек шаарында туулуп-өскөн. Түбү Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара-Коо айылы. Кыргыз экономикалык университетинин Каржы жана насыя факультетинде 4-курста окуйт. Темирланды бир көргөн адам кыргыз экенине ишене бербейт. Бала чагында көчөдө кыргызча сүйлөп, балдар менен ойноп жүргөндө ары-бери өткөндөр карасаңар, орустун баласына кыргызча үйрөтүп коюптур деп таң калышчу экен
  • Аяна Азиретова, 14 жашта Чүйдүн Кемин шаарында туулган. Жалил Садыков атындагы № 1 орто мектепте 8-класста билим алат. Окуудан сырткары Дэя тобунда бийлейт. Аяна көзүңдү боёп алдыңбы? деген кепти көп угат. Ал Атам кайненемдин көзү көк деп айта берчү экен. Акырында өзүнүн кызы, менин көзүм да ошондой болуп калды деп тамашалады
  • Азим Бектурган уулу, 31 жашта. Нарын шаарынын кулуну, жеке ишкер. Ал таякелерин тартканын айтат. Аны орус экен деп жашыруун сырларын айтып алып оозу күйгөндөр көп болот . Такси айдап иштеп жүргөндө унаага эки келин түштү. Бир убакта эле бири-бирине сырын төгүп, көңүлдөштөрүнө чейин айтып жиберишти. Ошол убакта мага бирөө телефон чалып, кыргызча сүйлөшүп калдым. Уялганынан кыпкызыл болуп кеткен аялдар үн-сөзү жок, таксини ошол жерден токтотуп, түшө качышкан деп айтып берди
  • Бермет Алишева, 25 жашта Бишкек шаарында төрөлгөн. Балдарды коргоо борборунда коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси. Үй-бүлөсүндө жалгыз гана Берметтин көзү көк, өңү сары болуп калган. Ал бир туугандардын улуусу. Мен туулгандан кийин төрөт үйүнөн чыгарып жатканда дарыгерлер атамдын колуна карматышат. Көзүм жалтырап көгөрүп турганын көргөн соң, апама башка бирөөнүн кызы менен алмаштырып алган жоксуңбу деп таң калыптыр деп күлдү. Себеби, анын башка туугандарынын баары кара тору экен
  • Айкын Турдукулов, 12 жашта Таластын Талас облусуна караштуу Көк-Токой айылынын кулуну. Учурда Бишкектеги №12 окуу-тарбия берүү комплексинде 6-класста окуйт. Сүрөт ийримине абдан кызыгуу менен катышат
  • Алия Омурова, 5 жашта Бишкек шаарында туулган. Түбү Сокулук районун Асыл-Баш айылы. Алиянын келбети атасына окшош
  • Замирбек Бекбоев, 32 жашта Токмок шаарында туулган, жеке ишкер. Кайсы жерде жүрбөсүн орус же татарга окшоштуруп орус тилинде кайрыла беришет экен. Аларга кыргызча жооп берсем ыңгайсыз абалда калышат дейт. Ал ата-тегинде ушундай өңү сары, көзү көк адамдар болгонун айтат
  • Бермет Нурланова, 27 жашта Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара-Коо айылында жарык дүйнөгө келген. Жусуп Баласагын атындагы КУУнун филология факультетинин бүтүрүүчүсү. Учурда балдар бакчасында тарбиячы. Үй-бүлөсүндө атасынын да өңү сары болгондуктан апасы менен жанаша бара жатышса, оруска турмушка чыгыптыр деп карашчу экен. Апасы кара тору болгону менен бир туугандарынын баары сары, көздөрү көк болуп төрөлгөн
  • Аскат Кыштообек уулу, 22 жашта Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ак-Жар айылында туулган. Учурда Бишкекте ашпозчу болуп иштейт. Ага айылдаштары Иван деген каймана ат берсе, кийин шаарга келгенде Алёша, Пушкин деген ысымдарга ээ болгон
  • Айдана Омурова, 8 жашта Бишкек шаарында туулган. Түбү — Сокулук районунун Асылбаш айылы. Борбор калаадагы № 64 мектептин 2-классынын окуучусу
  • Чыңгызбек Самудунов, 5 жашта Бишкек шаарында туулган. Түбү — Чүйдүн Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылы. Чыңгызбектин келбети чоң атасына өтө окшош
  • Жаркынай Алымова, 20 жашта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Терек айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинин 4-курсунун студенти, Аян телеканалында иштейт. Жаркынай айылдын жалгыз сары кызы болгон. Аны азырга чейин жердештери сары кыз дешет экен
  • Нурмат Кубанычбек уулу, 27 жашта Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Тамга айылында туулган. Түпкү теги Нарындын Кочкор району. Ал келбети чоң атасына окшош болгонун айтат. Бала кезинде Көк көз атка конгон экен. Айылга жаңы көчүп барганбыз. Атам кошунабыз менен таанышып жатып кичине кызынын атын сураса, Кара көз деди. Анан атам менин уулумдун аты Көк көз деп күлүшкөн дейт
  • Аида Акматалиева, 21 жашта Бишкек шаарында туулуп өскөн. Атасы Нарындан, апасы Ысык-Көлдөн болот. Учурда Кыргыз-түрк Манас университетинин психология факультетинин 2-курсунун студенти. Ага линза тагып алдыңбы деген суроо эң көп берилет. Келбети апасына окшош экенин айтат
Кыргыз тарыхындагы эң көрүнүктүү орун Енисей дооруна туура келет. Дал ушул мезгилде Улуу Кыргыз каганаты түзүлүп, ал 840-жылдан 920-жылга чейин созулган. Тарых булактарында енисейлик кыргыздардын өң-түспөлү көзү көк, чачы сары болгон деп сүрөттөлүп келет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги тарыхта жазылган Енисей кыргыздарына окшош өңү сары, көзү көк мекендештерибизди таап, сүрөт түрмөгүн даярдады.

15378
  • Лунара Айдаралиева, 16 жашта Оштун Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылында туулган. Учурда Кант шаарында 10-класста окуйт. Окуудан сырткары комуз чертүү жана бийлөө менен алектенет. Лунара ким менен таанышпасын жүзүнө тигиле карап алгачкы кебин көзүңүз эмнеге мындай жапжашыл? деген суроо менен башташат дейт.
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов

    Лунара Айдаралиева, 16 жашта
    Оштун Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылында туулган. Учурда Кант шаарында 10-класста окуйт. Окуудан сырткары комуз чертүү жана бийлөө менен алектенет. Лунара ким менен таанышпасын жүзүнө тигиле карап алгачкы кебин "көзүңүз эмнеге мындай жапжашыл?" деген суроо менен башташат дейт.

  • Темирлан Нурланов, 20 жашта Бишкек шаарында туулуп-өскөн. Түбү Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара-Коо айылы. Кыргыз экономикалык университетинин Каржы жана насыя факультетинде 4-курста окуйт. Темирланды бир көргөн адам кыргыз экенине ишене бербейт. Бала чагында көчөдө кыргызча сүйлөп, балдар менен ойноп жүргөндө ары-бери өткөндөр карасаңар, орустун баласына кыргызча үйрөтүп коюптур деп таң калышчу экен
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Темирлан Нурланов, 20 жашта
    Бишкек шаарында туулуп-өскөн. Түбү Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара-Коо айылы. Кыргыз экономикалык университетинин Каржы жана насыя факультетинде 4-курста окуйт. Темирланды бир көргөн адам кыргыз экенине ишене бербейт. Бала чагында көчөдө кыргызча сүйлөп, балдар менен ойноп жүргөндө ары-бери өткөндөр "карасаңар, орустун баласына кыргызча үйрөтүп коюптур" деп таң калышчу экен

  • Аяна Азиретова, 14 жашта Чүйдүн Кемин шаарында туулган. Жалил Садыков атындагы № 1 орто мектепте 8-класста билим алат. Окуудан сырткары Дэя тобунда бийлейт. Аяна көзүңдү боёп алдыңбы? деген кепти көп угат. Ал Атам кайненемдин көзү көк деп айта берчү экен. Акырында өзүнүн кызы, менин көзүм да ошондой болуп калды деп тамашалады
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Аяна Азиретова, 14 жашта
    Чүйдүн Кемин шаарында туулган. Жалил Садыков атындагы № 1 орто мектепте 8-класста билим алат. Окуудан сырткары "Дэя" тобунда бийлейт. Аяна "көзүңдү боёп алдыңбы?" деген кепти көп угат. Ал "Атам кайненемдин көзү көк деп айта берчү экен. Акырында өзүнүн кызы, менин көзүм да ошондой болуп калды" деп тамашалады

  • Азим Бектурган уулу, 31 жашта. Нарын шаарынын кулуну, жеке ишкер. Ал таякелерин тартканын айтат. Аны орус экен деп жашыруун сырларын айтып алып оозу күйгөндөр көп болот . Такси айдап иштеп жүргөндө унаага эки келин түштү. Бир убакта эле бири-бирине сырын төгүп, көңүлдөштөрүнө чейин айтып жиберишти. Ошол убакта мага бирөө телефон чалып, кыргызча сүйлөшүп калдым. Уялганынан кыпкызыл болуп кеткен аялдар үн-сөзү жок, таксини ошол жерден токтотуп, түшө качышкан деп айтып берди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Азим Бектурган уулу, 31 жашта.
    Нарын шаарынын кулуну, жеке ишкер. Ал таякелерин тартканын айтат. Аны орус экен деп жашыруун сырларын айтып алып "оозу күйгөндөр" көп болот . "Такси айдап иштеп жүргөндө унаага эки келин түштү. Бир убакта эле бири-бирине сырын төгүп, көңүлдөштөрүнө чейин айтып жиберишти. Ошол убакта мага бирөө телефон чалып, кыргызча сүйлөшүп калдым. Уялганынан кыпкызыл болуп кеткен аялдар үн-сөзү жок, таксини ошол жерден токтотуп, түшө качышкан" деп айтып берди

  • Бермет Алишева, 25 жашта Бишкек шаарында төрөлгөн. Балдарды коргоо борборунда коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси. Үй-бүлөсүндө жалгыз гана Берметтин көзү көк, өңү сары болуп калган. Ал бир туугандардын улуусу. Мен туулгандан кийин төрөт үйүнөн чыгарып жатканда дарыгерлер атамдын колуна карматышат. Көзүм жалтырап көгөрүп турганын көргөн соң, апама башка бирөөнүн кызы менен алмаштырып алган жоксуңбу деп таң калыптыр деп күлдү. Себеби, анын башка туугандарынын баары кара тору экен
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бермет Алишева, 25 жашта
    Бишкек шаарында төрөлгөн. Балдарды коргоо борборунда коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси. Үй-бүлөсүндө жалгыз гана Берметтин көзү көк, өңү сары болуп калган. Ал бир туугандардын улуусу. "Мен туулгандан кийин төрөт үйүнөн чыгарып жатканда дарыгерлер атамдын колуна карматышат. Көзүм жалтырап көгөрүп турганын көргөн соң, апама башка бирөөнүн кызы менен алмаштырып алган жоксуңбу деп таң калыптыр" деп күлдү. Себеби, анын башка туугандарынын баары кара тору экен

  • Айкын Турдукулов, 12 жашта Таластын Талас облусуна караштуу Көк-Токой айылынын кулуну. Учурда Бишкектеги №12 окуу-тарбия берүү комплексинде 6-класста окуйт. Сүрөт ийримине абдан кызыгуу менен катышат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Айкын Турдукулов, 12 жашта
    Таластын Талас облусуна караштуу Көк-Токой айылынын кулуну. Учурда Бишкектеги №12 окуу-тарбия берүү комплексинде 6-класста окуйт. Сүрөт ийримине абдан кызыгуу менен катышат

  • Алия Омурова, 5 жашта Бишкек шаарында туулган. Түбү Сокулук районун Асыл-Баш айылы. Алиянын келбети атасына окшош
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Алия Омурова, 5 жашта
    Бишкек шаарында туулган. Түбү Сокулук районун Асыл-Баш айылы. Алиянын келбети атасына окшош

  • Замирбек Бекбоев, 32 жашта Токмок шаарында туулган, жеке ишкер. Кайсы жерде жүрбөсүн орус же татарга окшоштуруп орус тилинде кайрыла беришет экен. Аларга кыргызча жооп берсем ыңгайсыз абалда калышат дейт. Ал ата-тегинде ушундай өңү сары, көзү көк адамдар болгонун айтат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Замирбек Бекбоев, 32 жашта
    Токмок шаарында туулган, жеке ишкер. Кайсы жерде жүрбөсүн орус же татарга окшоштуруп орус тилинде кайрыла беришет экен. Аларга кыргызча жооп берсем ыңгайсыз абалда калышат дейт. Ал ата-тегинде ушундай өңү сары, көзү көк адамдар болгонун айтат

  • Бермет Нурланова, 27 жашта Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара-Коо айылында жарык дүйнөгө келген. Жусуп Баласагын атындагы КУУнун филология факультетинин бүтүрүүчүсү. Учурда балдар бакчасында тарбиячы. Үй-бүлөсүндө атасынын да өңү сары болгондуктан апасы менен жанаша бара жатышса, оруска турмушка чыгыптыр деп карашчу экен. Апасы кара тору болгону менен бир туугандарынын баары сары, көздөрү көк болуп төрөлгөн
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бермет Нурланова, 27 жашта
    Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара-Коо айылында жарык дүйнөгө келген. Жусуп Баласагын атындагы КУУнун филология факультетинин бүтүрүүчүсү. Учурда балдар бакчасында тарбиячы. Үй-бүлөсүндө атасынын да өңү сары болгондуктан апасы менен жанаша бара жатышса, "оруска турмушка чыгыптыр" деп карашчу экен. Апасы кара тору болгону менен бир туугандарынын баары сары, көздөрү көк болуп төрөлгөн

  • Аскат Кыштообек уулу, 22 жашта Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ак-Жар айылында туулган. Учурда Бишкекте ашпозчу болуп иштейт. Ага айылдаштары Иван деген каймана ат берсе, кийин шаарга келгенде Алёша, Пушкин деген ысымдарга ээ болгон
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Аскат Кыштообек уулу, 22 жашта
    Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ак-Жар айылында туулган. Учурда Бишкекте ашпозчу болуп иштейт. Ага айылдаштары Иван деген каймана ат берсе, кийин шаарга келгенде Алёша, Пушкин деген ысымдарга ээ болгон

  • Айдана Омурова, 8 жашта Бишкек шаарында туулган. Түбү — Сокулук районунун Асылбаш айылы. Борбор калаадагы № 64 мектептин 2-классынын окуучусу
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Айдана Омурова, 8 жашта
    Бишкек шаарында туулган. Түбү — Сокулук районунун Асылбаш айылы. Борбор калаадагы № 64 мектептин 2-классынын окуучусу

  • Чыңгызбек Самудунов, 5 жашта Бишкек шаарында туулган. Түбү — Чүйдүн Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылы. Чыңгызбектин келбети чоң атасына өтө окшош
    © Sputnik / Азамат Тотубаев

    Чыңгызбек Самудунов, 5 жашта
    Бишкек шаарында туулган. Түбү — Чүйдүн Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылы. Чыңгызбектин келбети чоң атасына өтө окшош

  • Жаркынай Алымова, 20 жашта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Терек айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинин 4-курсунун студенти, Аян телеканалында иштейт. Жаркынай айылдын жалгыз сары кызы болгон. Аны азырга чейин жердештери сары кыз дешет экен
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жаркынай Алымова, 20 жашта
    Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Терек айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинин 4-курсунун студенти, "Аян" телеканалында иштейт. Жаркынай айылдын жалгыз сары кызы болгон. Аны азырга чейин жердештери "сары кыз" дешет экен

  • Нурмат Кубанычбек уулу, 27 жашта Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Тамга айылында туулган. Түпкү теги Нарындын Кочкор району. Ал келбети чоң атасына окшош болгонун айтат. Бала кезинде Көк көз атка конгон экен. Айылга жаңы көчүп барганбыз. Атам кошунабыз менен таанышып жатып кичине кызынын атын сураса, Кара көз деди. Анан атам менин уулумдун аты Көк көз деп күлүшкөн дейт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Нурмат Кубанычбек уулу, 27 жашта
    Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Тамга айылында туулган. Түпкү теги Нарындын Кочкор району. Ал келбети чоң атасына окшош болгонун айтат. Бала кезинде "Көк көз" атка конгон экен. "Айылга жаңы көчүп барганбыз. Атам кошунабыз менен таанышып жатып кичине кызынын атын сураса, Кара көз деди. Анан атам "менин уулумдун аты "Көк көз" деп күлүшкөн" дейт

  • Аида Акматалиева, 21 жашта Бишкек шаарында туулуп өскөн. Атасы Нарындан, апасы Ысык-Көлдөн болот. Учурда Кыргыз-түрк Манас университетинин психология факультетинин 2-курсунун студенти. Ага линза тагып алдыңбы деген суроо эң көп берилет. Келбети апасына окшош экенин айтат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Аида Акматалиева, 21 жашта
    Бишкек шаарында туулуп өскөн. Атасы Нарындан, апасы Ысык-Көлдөн болот. Учурда Кыргыз-түрк "Манас" университетинин психология факультетинин 2-курсунун студенти. Ага линза тагып алдыңбы деген суроо эң көп берилет. Келбети апасына окшош экенин айтат

Белгилер:
портрет, тарых, көз, кыргызстандыктар, этникалык кыргыздар, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Ар улуттун канынан жаралган кыргызстандык балдар. Тарбия, салттагы өзгөчөлүктөрү
Нукура жүз: кыргызга таанымал кыз-келиндердин боёксуз жүзү сүрөттө

Торпокту такымга басып чаң ызгыткан эрендер. Аламан улактан кызыктуу сүрөттөр

266
(жаңыланган 21:44 06.03.2021)
  • Мындай чоң аламан улакта торпок ар кимдин колуна эле тие бербейт, бул үчүн көп эмгек кылыш керек.
  • Билегинде күчү бар эрендер 70 килограммдык торпокту жерден эңип, бири-бирине ашырып кызыктуу оюн курушту.
  • Улакчылар аттын жалына торпокту тартып алары менен такымдап, зоот атын чаң ызгыта чаап жөнөйт.
  • Улакчылар жаракат албашы үчүн колуна, бутуна жана башына атайын коргоочу каражаттарды кийишет.
  • Байгеге эки автоунаа, тирүү карышкыр, алтын кур, беш төө, 10 тай, 10 торпок, 10 топоз коюлду.
  • Бүйүр кызыткан оюн Бишкектин жака белиндеги Дача СУ айылында өттү.
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунан дагы атайын ышкыбоздор келишкен.
  • Бүгүнкү аламан улакка болжол менен миңге чукул улакчы келди.
  • Эгер тартып жаткан торпогу жерге түшүп калса топту жарып кирип, жүздөгөн атаандашынын арасынан сууруп чыгышы керек.
  • Ал ортодо бири-бири менен пикир келишпей араздашып кеткендер дагы болот,
  • Аламан улак көбүнчө кыш мезгилинде ойнолот, жаз келип, күн жылыгандан кийин токтойт.
  • Көк бөрүнүн мыктысы Манас Ниязов дагы аламан улактарга калбай катышат, албетте бул жерден дагы кур кол чыкпайт.
  • Аламан улакты Сейдали Келдиев үч уулуна бата алуу үчүн өткөрдү. Ал өзү да 18 жылдан бери улак тартып, белгилүү балбандардын катарында турат.
Бишкектин жака белиндеги Дача СУ айылында бүйүр кызыткан аламан улак өттү. Билегинде күчү бар эрендер 70 килограммдык торпокту жерден эңип, бири-бирине ашырып кызыктуу оюн курушту.

Улакчылар аттын жалына торпокту тартып алары менен такымдап, зоот атын чаң ызгыта чаап жөнөйт. Эгер жерге түшүп калса топту жарып кирип, жүздөгөн атаандашынын арасынан сууруп чыгышы керек. Ошондуктан бул бекеринен эрендердин эр оюну деп айтылган эмес.

Борбор калаадан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан талаада бүгүн миңге чукул улакчы чогулду. Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунан дагы атайын ышкыбоздор келишкен. Аламан улакты Сейдали Келдиев үч уулуна бата алуу үчүн өткөрдү. Ал өзү да 18 жылдан бери улак тартып, белгилүү балбандардын катарында турат.

Байгеге эки автоунаа, тирүү карышкыр, алтын кур, беш төө, 10 тай, 10 торпок, 10 топоз коюлду.

266
  • Мындай чоң аламан улакта торпок ар кимдин колуна эле тие бербейт, бул үчүн көп эмгек кылыш керек.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мындай чоң аламан улакта торпок ар кимдин колуна эле тие бербейт, бул үчүн көп эмгек кылыш керек.

  • Билегинде күчү бар эрендер 70 килограммдык торпокту жерден эңип, бири-бирине ашырып кызыктуу оюн курушту.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Билегинде күчү бар эрендер 70 килограммдык торпокту жерден эңип, бири-бирине ашырып кызыктуу оюн курушту.

  • Улакчылар аттын жалына торпокту тартып алары менен такымдап, зоот атын чаң ызгыта чаап жөнөйт.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Улакчылар аттын жалына торпокту тартып алары менен такымдап, зоот атын чаң ызгыта чаап жөнөйт.

  • Улакчылар жаракат албашы үчүн колуна, бутуна жана башына атайын коргоочу каражаттарды кийишет.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Улакчылар жаракат албашы үчүн колуна, бутуна жана башына атайын коргоочу каражаттарды кийишет.

  • Байгеге эки автоунаа, тирүү карышкыр, алтын кур, беш төө, 10 тай, 10 торпок, 10 топоз коюлду.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Байгеге эки автоунаа, тирүү карышкыр, алтын кур, беш төө, 10 тай, 10 торпок, 10 топоз коюлду.

  • Бүйүр кызыткан оюн Бишкектин жака белиндеги Дача СУ айылында өттү.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бүйүр кызыткан оюн Бишкектин жака белиндеги Дача СУ айылында өттү.

  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунан дагы атайын ышкыбоздор келишкен.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунан дагы атайын ышкыбоздор келишкен.

  • Бүгүнкү аламан улакка болжол менен миңге чукул улакчы келди.
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    Бүгүнкү аламан улакка болжол менен миңге чукул улакчы келди.

  • Эгер тартып жаткан торпогу жерге түшүп калса топту жарып кирип, жүздөгөн атаандашынын арасынан сууруп чыгышы керек.
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков

    Эгер тартып жаткан торпогу жерге түшүп калса топту жарып кирип, жүздөгөн атаандашынын арасынан сууруп чыгышы керек.

  • Ал ортодо бири-бири менен пикир келишпей араздашып кеткендер дагы болот,
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ал ортодо бири-бири менен пикир келишпей араздашып кеткендер дагы болот,

  • Аламан улак көбүнчө кыш мезгилинде ойнолот, жаз келип, күн жылыгандан кийин токтойт.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Аламан улак көбүнчө кыш мезгилинде ойнолот, жаз келип, күн жылыгандан кийин токтойт.

  • Көк бөрүнүн мыктысы Манас Ниязов дагы аламан улактарга калбай катышат, албетте бул жерден дагы кур кол чыкпайт.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Көк бөрүнүн мыктысы Манас Ниязов дагы аламан улактарга калбай катышат, албетте бул жерден дагы кур кол чыкпайт.

  • Аламан улакты Сейдали Келдиев үч уулуна бата алуу үчүн өткөрдү. Ал өзү да 18 жылдан бери улак тартып, белгилүү балбандардын катарында турат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Аламан улакты Сейдали Келдиев үч уулуна бата алуу үчүн өткөрдү. Ал өзү да 18 жылдан бери улак тартып, белгилүү балбандардын катарында турат.

Белгилер:
улакчы, торпок, оюн, байге, аламан улак тартыш
Тема боюнча
Кара-Сууда миңден ашуун улакчы кыл чайнашты. Оюндун кызыктуу учурлары видеодо
Аламан улактын батири талашка түштү. Байыш Ниязов байгеси менен бөлүшмөй болду

3 500 метр бийиктиктен парашют менен секирген КР десанттары. Сүрөт түрмөк

233
(жаңыланган 18:37 05.03.2021)
  • Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин парашюттан секирүү машыгуусу өттү. Сүрөттө КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын Пантера атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн десанттары
  • Секирип машыгуу КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын жана Кургактагы аскерлердин атайын даярдыктагы жоокерлеринин катышуусу менен жылына эки ирет өтөт
  • Жоокерлер парашюттук тутумдарды пайдалануу жана ар кандай бийиктиктен секирип түшүү көндүмдөрүн кайталап машыгышты
  • Машыккандардын арасында парашюттан биринчи жолу секирип жаткандары да, 30 жолу секирген тажрыйбалуу аскер кызматкерлери да болду
  • Иш-чара беш миңдеген секириктерди жасаган тажрыйбалуу инструкторлордун көзөмөлү астында өттү
  • Буга чейин секирүүлөр Ми-8 тик учагынан гана жүргүзүлүп келген. Самолеттон секирүүлөр дээрлик 20 жылдай болбой келген. Кыргызстанга Россия эки Ан-26 учагын бергенден кийин жоокерлер самолеттон секирүүнү үйрөнө башташты
  • Самолет менен тик учактан секирүүдө ылдамдык, бийиктик жана башка параметрдик айырмачылыктары болот
  • Аскер кызматкерлери өлкөнүн зарыл болгон аймагына конуп, күжүрмөн тапшырманы аткарууга даяр болушу үчүн десанттык даярдык зарыл болуп саналат
  • Пантера атайын даярдыктагы бөлүктүн десанты окуу-машыгуунун жүрүшүнө байкоо салып турат
  • Инструктор шамалдын багыты менен ылдамдыгын өлчөп жатат
  • Парашюттук секирүүлөр деңиз деңгээлинен 800 метрден 3 350 метр бийиктен, согуштагыдай шартта жасалды
  • Пантера атайын аскеринин десанттарынын парашюттан секирип түшүп келе жаткан учуру
  • Аскер кызматкерлери Токмок шаарындагы аскер аэродромуна конушту
  • Мыкты даярдыктагы аскерлер үчүн ар кандай аралыктардан секирүү эч кандай кыйынчылык жараткан жок
  • Окуу-машыгууда парашюттан секирген десант
  • Секирип жерге конгон жоокер парашютун жыйнап жатат
Кыргызстандык аскер кызматкерлери парашюттан секирип машыгышты. Десанттардын миңдеген метр бийиктиктен секирген кадрларын Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүнүздөр.

Генералдык штабдын маалымат кызматынын өкүлү Тимур Кулманбетовдун билдиришинче, Армиянын 2021-жылга даярдыгынын алкагында Улуттук гвардиянын жана Кургактагы аскерлер даярдыктан өтүштү.

"Ан-26 учагынан секирип окуу-машыгуулар болду. Мындай иш-чаралар жылына эки ирет өтөт. Улуттук гвардиянын жана Кургактагы аскерлер парашюттук системаларды колдонуп, деңиз деңгээлинен 800 метрден 3 350 метрге чейинки бийиктиктен секириктер жасалды. Арасында биринчи жолу парашюттан секирип жаткандары да, тажрыйбалуу аскер кызматкерлери да болду", — деди Кулманбетов.

Иш-чара инструкторлордун көзөмөлү менен өткөнү кошумчаланды.

"Аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында Россия тарабынан Кыргызстанга эки АН-26 учагы берилгенден бери жоокерлер 2019-жылдан тарта аталган түрдөгү авиатранспорттон секиргенди өздөштүрүп жатышат. Самолёт менен тик учактан секирүүнүн ылдамдык, бийиктик жана башка параметрдик айырмачылыктары болот. Ага карабастан жоокерлердин күжүрмөн аракетинин натыйжасында жогоруда айтылган өзгөчөлүктөр тоскоолдук жарата алган жок. Мындай машыгуу аскерлердин Кыргызстандын кайсы гана аймагы болбосун секирип түшүп, аскердик тапшырмаларды аткарууга даяр болушу үчүн керек", — деди ал.

Аскер кызматкерлери Токмок шаарындагы аэродромго конушту.

 

233
  • Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин парашюттан секирүү машыгуусу өттү. Сүрөттө КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын Пантера атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн десанттары
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин парашюттан секирүү машыгуусу өттү. Сүрөттө КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын "Пантера" атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн десанттары

  • Секирип машыгуу КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын жана Кургактагы аскерлердин атайын даярдыктагы жоокерлеринин катышуусу менен жылына эки ирет өтөт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Секирип машыгуу КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын жана Кургактагы аскерлердин атайын даярдыктагы жоокерлеринин катышуусу менен жылына эки ирет өтөт

  • Жоокерлер парашюттук тутумдарды пайдалануу жана ар кандай бийиктиктен секирип түшүү көндүмдөрүн кайталап машыгышты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жоокерлер парашюттук тутумдарды пайдалануу жана ар кандай бийиктиктен секирип түшүү көндүмдөрүн кайталап машыгышты

  • Машыккандардын арасында парашюттан биринчи жолу секирип жаткандары да, 30 жолу секирген тажрыйбалуу аскер кызматкерлери да болду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Машыккандардын арасында парашюттан биринчи жолу секирип жаткандары да, 30 жолу секирген тажрыйбалуу аскер кызматкерлери да болду

  • Иш-чара беш миңдеген секириктерди жасаган тажрыйбалуу инструкторлордун көзөмөлү астында өттү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Иш-чара беш миңдеген секириктерди жасаган тажрыйбалуу инструкторлордун көзөмөлү астында өттү

  • Буга чейин секирүүлөр Ми-8 тик учагынан гана жүргүзүлүп келген. Самолеттон секирүүлөр дээрлик 20 жылдай болбой келген. Кыргызстанга Россия эки Ан-26 учагын бергенден кийин жоокерлер самолеттон секирүүнү үйрөнө башташты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Буга чейин секирүүлөр Ми-8 тик учагынан гана жүргүзүлүп келген. Самолёттон секирүүлөр дээрлик 20 жылдай болбой келген. Кыргызстанга Россия эки Ан-26 учагын бергенден кийин жоокерлер самолёттон секирүүнү үйрөнө башташты

  • Самолет менен тик учактан секирүүдө ылдамдык, бийиктик жана башка параметрдик айырмачылыктары болот
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Самолёт менен тик учактан секирүүдө ылдамдык, бийиктик жана башка параметрдик айырмачылыктары болот

  • Аскер кызматкерлери өлкөнүн зарыл болгон аймагына конуп, күжүрмөн тапшырманы аткарууга даяр болушу үчүн десанттык даярдык зарыл болуп саналат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Аскер кызматкерлери өлкөнүн зарыл болгон аймагына конуп, күжүрмөн тапшырманы аткарууга даяр болушу үчүн десанттык даярдык зарыл

  • Пантера атайын даярдыктагы бөлүктүн десанты окуу-машыгуунун жүрүшүнө байкоо салып турат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Пантера" атайын даярдыктагы бөлүктүн десанты окуу-машыгуунун жүрүшүнө байкоо салып турат

  • Инструктор шамалдын багыты менен ылдамдыгын өлчөп жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Инструктор шамалдын багыты менен ылдамдыгын өлчөп жатат

  • Парашюттук секирүүлөр деңиз деңгээлинен 800 метрден 3 350 метр бийиктен, согуштагыдай шартта жасалды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Парашюттук секирүүлөр деңиз деңгээлинен 800 метрден 3 350 метр бийиктен, согуштагыдай шартта жасалды

  • Пантера атайын аскеринин десанттарынын парашюттан секирип түшүп келе жаткан учуру
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Пантера" атайын аскеринин десанттарынын парашюттан секирип түшүп келе жаткан учуру

  • Аскер кызматкерлери Токмок шаарындагы аскер аэродромуна конушту
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Аскер кызматкерлери Токмок шаарындагы аскер аэродромуна конушту

  • Мыкты даярдыктагы аскерлер үчүн ар кандай аралыктардан секирүү эч кандай кыйынчылык жараткан жок
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мыкты даярдыктагы аскерлер үчүн ар кандай аралыктардан секирүү эч кандай кыйынчылык жараткан жок

  • Окуу-машыгууда парашюттан секирген десант
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Окуу-машыгууда парашюттан секирген десант

  • Секирип жерге конгон жоокер парашютун жыйнап жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Секирип жерге конгон жоокер парашютун жыйнап жатат

Белгилер:
Генералдык штаб, Аскер, парашют, десант
Тема боюнча
Акча табуу үчүн баргам. Легиондо кызмат кылган кыргызстандык офицердин баяны
ЖККУ машыгууларынын зарылдыгы. Быйылкыга эмнелер пландалган?
Ош шаарындагы самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты

Ош шаарында 400дөн ашуун самбочу КР чемпионатына катышууда. Сүрөт

7
(жаңыланган 18:45 07.03.2021)
Мелдешке бардык облустун спортчулары келди. Жеңүүчүлөр медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланмакчы.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Ош шаарында самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталып, ага 400дөн ашуун спортчу катышууда. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Спорттук иш-чаранын ачылыш аземине вице-мэр Эмиль Шадыханов, Самбо федерациясынын жетекчилиги, машыктыруучулук курам, спортчулар жана күйөрмандар катышты.

  • Ош шаарында самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталып, ага 400дөн ашуун спортчу катышууда
    Ош шаарында самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталып, ага 400дөн ашуун спортчу катышууда
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады
    Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Спорттук иш-чаранын ачылыш аземине вице-мэр Эмиль Шадыханов, Самбо федерациясынын жетекчилиги, машыктыруучулук курам, спортчулар жана күйөрмандар катышты
    Спорттук иш-чаранын ачылыш аземине вице-мэр Эмиль Шадыханов, Самбо федерациясынын жетекчилиги, машыктыруучулук курам, спортчулар жана күйөрмандар катышты
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Чемпионатка өлкөнүн булуң-бурчунан келген жүздөгөн самбочу катышып жатканы белгиленди
    Чемпионатка өлкөнүн булуң-бурчунан келген жүздөгөн самбочу катышып жатканы белгиленди
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Жеңүүчүлөр  медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланмакчы
    Жеңүүчүлөр  медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланмакчы
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • 
Турнирди аталган федерация Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети менен биргеликте өткөрүп жатат
    Турнирди аталган федерация Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети менен биргеликте өткөрүп жатат
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Ош шаарындагы самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты
    Ош шаарындагы самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
1 / 7
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Ош шаарында самбо боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталып, ага 400дөн ашуун спортчу катышууда

Чемпионатка өлкөнүн булуң-бурчунан келген жүздөгөн самбочу катышып жатканы белгиленди.

Жеңүүчүлөр  медаль, диплом жана баалуу белектер менен сыйланмакчы.

Турнирди аталган федерация Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети менен биргеликте өткөрүп жатат.

7
Белгилер:
сүрөт, спорт, чемпионат, самбо, Ош
Тема боюнча
Торпокту такымга басып чаң ызгыткан эрендер. Аламан улактан кызыктуу сүрөттөр
Абдурахманхаджи Муртазалиев КРдин эмгек сиӊирген спорт чебери наамын алды
Дзюдо боюнча Бишкекте өтчү Азия жана Океания мелдешинин расмий постери чыкты