Эми өнөрпоздор көл жээгинде... Көз жоосун алган көчмөндөр театрынын сүрөттөрү

Жазылуу
Жекшемби күнү Ысык-Көлдүн Бостери айылында көчмөн стилинде курулган "Nomad" амфитеатрынын ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чарага маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков, Кыргызстандагы элчилер жана жергиликтүү тургундар катышты.

Амфитеатрдын негиздөөчүсү Аскар Салымбековдун айтымында, маданий жайды куруу демилгеси Көчмөндөр оюндарынын кийин пайда болгон.

Жалал-Абаддын Барпы атындагы кыргыз драма театрынынын актеру Адыл Абдибахитов - Sputnik Кыргызстан
Актер Абдибахитов: алган айлыгымды досторума айтуудан уялам
"Былтыр Көчмөндөр оюндарында манас айтуу, акындардын айтышы сыяктуу өнөрпоздордун ордосу боло турган кошумча жай керек экени байкалып калды. Мындан улам Ташкул Керексизов агай менен кеңешип ушундай амфитеатр куруу идеясы жаралды. Кийинки жылы Көчмөндөр оюндарында бул жерде маданий иш-чаралардан сырткары спорттун айрым түрлөрүн да өткөрсөк болот. Бүгүнтөн тартып бардык каалоочулар үчүн эшигибиз ачык", — деди Салымбеков.

Мындан сырткары амфитеатрдын астына конок күтүүчү боз үйлөр дагы салынган. Ал көл жээгинде жайгашып, ичине 1000ге чукул адамды батыра алат. Сахнанын артында көл көрүнүп тургандыктан артисттер суунун үстүндө жүргөндөй образ жаратат. Курулуш иштери үч айга созулган.

© Фото / пресс-служба ассоциации "Дордой"Көл жээгинен орун алган "Nomad" амфитеатрынын асмандан көрүнүшү. Анын жалпы аянты эки гектарды түзөт
Көл жээгинен орун алган Nomad амфитеатрынын асмандан көрүнүшү. Анын жалпы аянты эки гектарды түзөт - Sputnik Кыргызстан
1/11
Көл жээгинен орун алган "Nomad" амфитеатрынын асмандан көрүнүшү. Анын жалпы аянты эки гектарды түзөт
© Фото / пресс-служба ассоциации "Дордой"Коноктор сахнанын артынан мелтиреп турган ажайып көлдү көрө алышат. Уюштуруучулардын айтымында, мындай стилдеги амфитеатр Борбор Азияда биринчилерден болуп курулган. Амфитеатрдын ички көрүнүшү
Коноктор сахнанын артынан мелтиреп турган ажайып көлдү көрө алышат. Уюштуруучулардын айтымында, мындай стилдеги амфитеатр Борбор Азияда биринчилерден болуп курулган. Амфитеатрдын ички көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
2/11
Коноктор сахнанын артынан мелтиреп турган ажайып көлдү көрө алышат. Уюштуруучулардын айтымында, мындай стилдеги амфитеатр Борбор Азияда биринчилерден болуп курулган. Амфитеатрдын ички көрүнүшү
© Фото / пресс-служба ассоциации "Дордой"Анын алды жагына конок күтүүчү боз үйлөр салынган
Анын алды жагына конок күтүүчү боз үйлөр салынган - Sputnik Кыргызстан
3/11
Анын алды жагына конок күтүүчү боз үйлөр салынган
© Фото / пресс-служба ассоциации "Дордой"Иш-чара Манас айтуу менен башталды. Сүрөттө Самат Көчөрбаев
Иш-чара Манас айтуу менен башталды. Сүрөттө Самат Көчөрбаев - Sputnik Кыргызстан
4/11
Иш-чара Манас айтуу менен башталды. Сүрөттө Самат Көчөрбаев
© Фото / пресс-служба ассоциации "Дордой"Андан соң Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын артисттеринин театралдаштырылган концерти көрсөтүлдү. Анын сюжетинде жети дубан бир туунун астына келип биригип канат күүлөгөн образы чагылдырылат
Андан соң Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын артисттеринин театралдаштырылган концерти көрсөтүлдү. Анын сюжетинде жети дубан бир туунун астына келип биригип канат күүлөгөн образы чагылдырылат - Sputnik Кыргызстан
5/11
Андан соң Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын артисттеринин театралдаштырылган концерти көрсөтүлдү. Анын сюжетинде жети дубан бир туунун астына келип биригип канат күүлөгөн образы чагылдырылат
© Фото / пресс-служба ассоциации "Дордой"Көчмөндөрдүн ордосунун негизги бөлүгү таштан жасалган. Анын негиздөөчүсү — Аскар Салымбеков, автору — Ташкул Керексизов
Көчмөндөрдүн ордосунун негизги бөлүгү таштан жасалган. Анын негиздөөчүсү — Аскар Салымбеков, автору — Ташкул Керексизов - Sputnik Кыргызстан
6/11
Көчмөндөрдүн ордосунун негизги бөлүгү таштан жасалган. Анын негиздөөчүсү — Аскар Салымбеков, автору — Ташкул Керексизов
© Фото / пресс-служба ассоциации "Дордой"Концерттин көркүн чыгарган шайыр апалар
Концерттин көркүн чыгарган шайыр апалар - Sputnik Кыргызстан
7/11
Концерттин көркүн чыгарган шайыр апалар
© Фото / пресс-служба ассоциации "Дордой""Nomad" амфитеатрын куруу идеясы былтыр өткөн Көчмөндөр оюндарынан кийин пайда болгон. Сахнада белгилүү ырчы Токтобек Асаналиев
Nomad амфитеатрын куруу идеясы былтыр өткөн Көчмөндөр оюндарынан кийин пайда болгон. Сахнада белгилүү ырчы Токтобек Асаналиев - Sputnik Кыргызстан
8/11
"Nomad" амфитеатрын куруу идеясы былтыр өткөн Көчмөндөр оюндарынан кийин пайда болгон. Сахнада белгилүү ырчы Токтобек Асаналиев
© Фото / пресс-служба ассоциации "Дордой"Бул жай бүгүндөн тартып кыргызстандык жана дүйнөлүк өнөрпоздорго эшигин ачты. Анын ичине 1000ге чукул адам батат. Сүрөт сахнанын арт жагынан тартылган
Бул жай бүгүндөн тартып кыргызстандык жана дүйнөлүк өнөрпоздорго эшигин ачты. Анын ичине 1000ге чукул адам батат. Сүрөт сахнанын арт жагынан тартылган - Sputnik Кыргызстан
9/11
Бул жай бүгүндөн тартып кыргызстандык жана дүйнөлүк өнөрпоздорго эшигин ачты. Анын ичине 1000ге чукул адам батат. Сүрөт сахнанын арт жагынан тартылган
© Фото / пресс-служба ассоциации "Дордой""Эл ырчысы Эстебес" тобунун солисти Мээрим Карыпова театрлаштырылган оюн-зоок учурунда
Эл ырчысы Эстебес тобунун солисти Мээрим Карыпова театрлаштырылган оюн-зоок учурунда - Sputnik Кыргызстан
10/11
"Эл ырчысы Эстебес" тобунун солисти Мээрим Карыпова театрлаштырылган оюн-зоок учурунда
© Фото / пресс-служба ассоциации "Дордой"Кийинки жылы Көчмөндөр оюндарында бул жерде маданий иш-чаралардан сырткары спорттун айрым түрлөрүн да өткөрүүгө болорун айтышууда. Сахнанын түндүк-батыш тарабы.
Кийинки жылы Көчмөндөр оюндарында бул жерде маданий иш-чаралардан сырткары спорттун айрым түрлөрүн да өткөрүүгө болорун айтышууда. Сахнанын түндүк-батыш тарабы. - Sputnik Кыргызстан
11/11
Кийинки жылы Көчмөндөр оюндарында бул жерде маданий иш-чаралардан сырткары спорттун айрым түрлөрүн да өткөрүүгө болорун айтышууда. Сахнанын түндүк-батыш тарабы.
Жаңылыктар түрмөгү
0