Учактагы репетиция, фронттогу концерт. Сайра Кийизбаеванын эл көрө элек сүрөттөрү

Жазылуу
Бүгүн СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин Эл артисти Сайра Кийизбаева көзү тирүү болгондо 100 жашка чыкмак. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги биринчи кыргыз опера ырчысын сүрөттө калган ирмемдери менен эскерет.

Кыргыздын камчыга сап уулу Исхак Раззаковдун сейрек сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын камчыга сап уулу Исхак Раззаковдун сейрек сүрөттөрү
Сайра Кийизбаева 1917-жылы 7-ноябрда Чүй облусунун Төкөлдөш айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Төкөлдөштүн төрт кызынын бири мектепти аяктагандан кийин 1931-жылы Фрунзедеги кыз-келиндердин педагогикалык техникумуна тапшырат. Студент кезинде Бүткүл кыргыз элинин чыгармачылык олимпиадасына катышып үнү менен өзгөчөлөнүп, театрга жумушка алынган. 

СССРдин эл артисти Кыргызстанда биринчилерден болуп дүйнөлүк операларды аткарган.

© Фото / из семейного архива КийизбаевыхКыргыз маданияты менен адабиятынын каймактары. Сайра Кийизбаева жана Аалы Токомбаев кесиптештери менен, 1986-жыл
Кыргыз маданияты менен адабиятынын каймактары. Сайра Кийизбаева жана Аалы Токомбаев кесиптештери менен, 1986-жыл - Sputnik Кыргызстан
1/14
Кыргыз маданияты менен адабиятынын каймактары. Сайра Кийизбаева жана Аалы Токомбаев кесиптештери менен, 1986-жыл
© Фото / из семейного архива КийизбаевыхСайра Кийизбаева Төкөлдөш айылындагы мектептин мугалимдери менен
Сайра Кийизбаева Төкөлдөш айылындагы мектептин мугалимдери менен - Sputnik Кыргызстан
2/14
Сайра Кийизбаева Төкөлдөш айылындагы мектептин мугалимдери менен
© Фото / из семейного архива КийизбаевыхЖаш талант Фрунзе шаарындагы кыз-келиндердин педагогикалык техникумунда окуп жүргөн кези, биринчи катарда солдон төртүнчү, 1932-жыл
Жаш талант Фрунзе шаарындагы кыз-келиндердин педагогикалык техникумунда окуп жүргөн кези, биринчи катарда солдон төртүнчү, 1932-жыл - Sputnik Кыргызстан
3/14
Жаш талант Фрунзе шаарындагы кыз-келиндердин педагогикалык техникумунда окуп жүргөн кези, биринчи катарда солдон төртүнчү, 1932-жыл
© Фото / из семейного архива КийизбаевыхОпера ырчысы жайлоодо концерт коюп жүргөн кези
Опера ырчысы жайлоодо концерт коюп жүргөн кези - Sputnik Кыргызстан
4/14
Опера ырчысы жайлоодо концерт коюп жүргөн кези
© Фото / из семейного архива КийизбаевыхЧолпон жылдыздар... Бүбүсара Бейшеналиева менен Сайра Кийизбаева
Чыгармачылыгы оргуштап турган маалда СССРдин чоң театрына чакырылып, ал жакта "Чио-чио-сан" партиясында Баттерфлейди ийгиликтүү ырдап, москвалык көрүүчүлөрдү багындырган
Чолпон жылдыздар... Бүбүсара Бейшеналиева менен Сайра Кийизбаева  Чыгармачылыгы оргуштап турган маалда СССРдин чоң театрына чакырылып, ал жакта Чио-чио-сан партиясында Баттерфлейди ийгиликтүү ырдап, москвалык көрүүчүлөрдү багындырган - Sputnik Кыргызстан
5/14
Чолпон жылдыздар... Бүбүсара Бейшеналиева менен Сайра Кийизбаева
Чыгармачылыгы оргуштап турган маалда СССРдин чоң театрына чакырылып, ал жакта "Чио-чио-сан" партиясында Баттерфлейди ийгиликтүү ырдап, москвалык көрүүчүлөрдү багындырган
© Фото / из семейного архива КийизбаевыхКыргызстандык артисттер Кытайга концерт койгону учуп бара жаткан учуру жана учак ичиндеги репетиция, 1955-жыл
Кыргызстандык артисттер Кытайга концерт койгону учуп бара жаткан учуру жана учак ичиндеги репетиция, 1955-жыл - Sputnik Кыргызстан
6/14
Кыргызстандык артисттер Кытайга концерт койгону учуп бара жаткан учуру жана учак ичиндеги репетиция, 1955-жыл
© Фото / из семейного архива КийизбаевыхСайра Кийизбаева менен Муса Баетов Украина фронтунун жоокерлери менен, 1942-жыл
Согуш жылдарында Кыргызстанда фронттук чыгармачыл бригада түзүлөт, анын курамына Кийизбаева дагы кирген. Алар токой аралап, талаа кезип Брянск, Калинин фронтунда ачык асман алдында күнүнө үч-төрт, кээде алты-жети жолу концерт коюшкан
Сайра Кийизбаева менен Муса Баетов Украина фронтунун жоокерлери менен, 1942-жыл Согуш жылдарында Кыргызстанда фронттук чыгармачыл бригада түзүлөт, анын курамына Кийизбаева дагы кирген. Алар токой аралап, талаа кезип Брянск, Калинин фронтунда ачык асман алдында күнүнө үч-төрт, кээде алты-жети жолу концерт коюшкан - Sputnik Кыргызстан
7/14
Сайра Кийизбаева менен Муса Баетов Украина фронтунун жоокерлери менен, 1942-жыл
Согуш жылдарында Кыргызстанда фронттук чыгармачыл бригада түзүлөт, анын курамына Кийизбаева дагы кирген. Алар токой аралап, талаа кезип Брянск, Калинин фронтунда ачык асман алдында күнүнө үч-төрт, кээде алты-жети жолу концерт коюшкан
© Фото / из семейного архива КийизбаевыхКыргызстандык чыгармачыл инсандар Ташкент шаарына концерт коюп барган кези.
Ырчы согуштан кийин "Евгений Онегиндин" Татьянасына даярдана баштайт. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти алгачкылардан болуп Орто Азияда аталган чыгарманы аткарган
Кыргызстандык чыгармачыл инсандар Ташкент шаарына концерт коюп барган кези. Ырчы согуштан кийин Евгений Онегиндин Татьянасына даярдана баштайт. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти алгачкылардан болуп Орто Азияда аталган чыгарманы аткарган - Sputnik Кыргызстан
8/14
Кыргызстандык чыгармачыл инсандар Ташкент шаарына концерт коюп барган кези.
Ырчы согуштан кийин "Евгений Онегиндин" Татьянасына даярдана баштайт. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти алгачкылардан болуп Орто Азияда аталган чыгарманы аткарган
© Фото / из семейного архива КийизбаевыхСайра Кийизбаева жана Иса Ахунбаев жубайы Бибихан менен, 1960-жылдар
Сайра Кийизбаева жана Иса Ахунбаев жубайы Бибихан менен, 1960-жылдар - Sputnik Кыргызстан
9/14
Сайра Кийизбаева жана Иса Ахунбаев жубайы Бибихан менен, 1960-жылдар
© Фото / из семейного архива КийизбаевыхСССРдин Эл артисти Сайра Кийизбаева курбусу, Кыргыз ССРинин маданият министри Күлүйпа Кондучалова менен.
Ырчы Кыргыз ССРинин Жогорку Советине беш жолу депутат болуп шайланган. 1960-жылдары опера жана балет театрын жетектеген
СССРдин Эл артисти Сайра Кийизбаева курбусу, Кыргыз ССРинин маданият министри Күлүйпа Кондучалова менен.  Ырчы Кыргыз ССРинин Жогорку Советине беш жолу депутат болуп шайланган. 1960-жылдары опера жана балет театрын жетектеген - Sputnik Кыргызстан
10/14
СССРдин Эл артисти Сайра Кийизбаева курбусу, Кыргыз ССРинин маданият министри Күлүйпа Кондучалова менен.
Ырчы Кыргыз ССРинин Жогорку Советине беш жолу депутат болуп шайланган. 1960-жылдары опера жана балет театрын жетектеген
© Фото / из семейного архива КийизбаевыхКыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти жайлоодо, 1960-жыл
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти жайлоодо, 1960-жыл - Sputnik Кыргызстан
11/14
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти жайлоодо, 1960-жыл
© Фото / из семейного архива КийизбаевыхКазакстандын маданият кызматкерлери жана Сайра Кийизбаева
Казакстандын маданият кызматкерлери жана Сайра Кийизбаева - Sputnik Кыргызстан
12/14
Казакстандын маданият кызматкерлери жана Сайра Кийизбаева
© Фото / из семейного архива КийизбаевыхКыргыз элинин булбулу Сайра Кийизбаева тажрыйба топтогон кезинде мугалимдик менен алектене баштайт. Ал 1967-жылдан баштап өмүрүнүн аягына чейин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда сабак берип иштеп, Керим Турапов, Уразбай Иманалиев жана Сайра Чоткараева өңдүү бир топ аткаруучуларды тарбиялаган
Кыргыз элинин булбулу Сайра Кийизбаева тажрыйба топтогон кезинде мугалимдик менен алектене баштайт. Ал 1967-жылдан баштап өмүрүнүн аягына чейин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда сабак берип иштеп, Керим Турапов, Уразбай Иманалиев жана Сайра Чоткараева өңдүү бир топ аткаруучуларды тарбиялаган - Sputnik Кыргызстан
13/14
Кыргыз элинин булбулу Сайра Кийизбаева тажрыйба топтогон кезинде мугалимдик менен алектене баштайт. Ал 1967-жылдан баштап өмүрүнүн аягына чейин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунда сабак берип иштеп, Керим Турапов, Уразбай Иманалиев жана Сайра Чоткараева өңдүү бир топ аткаруучуларды тарбиялаган
© Фото / из семейного архива КийизбаевыхКыргыз ССРинин Эл артисти Сайра Кийизбаева неберелери Жамила, Айнура менен.
Кыргыз элинин алгачкы опера жылдызы 1988-жылы 11-октябрда оорудан улам 70 жаш курагында көз жумган
Кыргыз ССРинин Эл артисти Сайра Кийизбаева неберелери Жамила, Айнура менен. Кыргыз элинин алгачкы опера жылдызы 1988-жылы 11-октябрда оорудан улам 70 жаш курагында көз жумган - Sputnik Кыргызстан
14/14
Кыргыз ССРинин Эл артисти Сайра Кийизбаева неберелери Жамила, Айнура менен.
Кыргыз элинин алгачкы опера жылдызы 1988-жылы 11-октябрда оорудан улам 70 жаш курагында көз жумган
Жаңылыктар түрмөгү
0