Кыргыз кыздарынын келбети бир кылымда кандай өзгөргөн. Сүрөт түрмөк

2394
(жаңыланган 19:25 12.11.2017)
  • 1935-жыл экен. Жаш селки камерага карап жылмайып турат. Мойнундагы колго жасалган мончок шурусун караңыз, көздүн жоосун алат го!..
  • Бул кыргызстандык келин ат үстүндө укмуш ойной алат: көчмөн кыргыздын кыздары атка минүүдө мырзалардан кем калган эмес. Сүрөт 1936-жылы тартылган
  • Согуш жүрүп, кооз жасалгалар жана ат үстүндө ойноо унутта калган убак — эркектер фронтко узап, аялдар өз мойнуна бүт ишти алууга аргасыз болушкан. Чоң Чүй каналын куруу кезинде тартылган сүрөткө карасаңыз, жок дегенде бир эркекти көрө аласызбы?
  • 60-жылдардын аягы. Бийкеч кыз куумайга түшүптүр. Эгер жигит кууп жете алса, шарт боюнча селкинин жүзүнөн бир сүйө алат.
  • Сүрөтчү Жети-Өгүз капчыгайында комуз күүсүн угуп турган кыздарды тарткан. Беш көкүл сулуулар турмушка чыга электери, ал эми келиндер чачтарын бир же экиге бөлүп өрүшкөн.
  • Наздуу стилдеги, модалуу түймөк чач жана бурма этек кийген 70-жылдарды таанып турасызбы? Сүрөттө – Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУ) француз тили окутуучусу Зулайка Эралиева.
  • Эгиз эже-сиңдилер Салтанат жана Махабат Искаковалар медайымдык ишти өздөштүрүп жатышат. Аларга Фрунзе шаарындагы медициналык окуу жайдын дарсканасында дарс окулууда.
  • Ысык-Көл облусунун тоолорун кыдыруу маалында турист эки кыз гүл терип жатышат. Кыргызстандын модалуу бийкечтери 80-жылдардын башында ушундай эле
  • 80-жылдар Кыргызстанга кыска чачтарды модага айланткан. Сүрөттө СССРдин 60 жылдыгы атындагы Фрунзе өндүрүштүк сокмо бирикмесинин токуучу кыздары
  • 90-жылдардын аягы, 2000-жылдардын башындагы Бишкектеги моданын жүзү курусун... Бирок аны да басып өттүк
  • Бул керемет татына 2009-жылы сүрөткө түшүп калган. Эсиңиздердеби, ошол кезде башыбызга кыска жоолук байламай мода эле?
Sputnik кыргызстандык сулуулардын 19-кылымдан бүгүнкү күнгө чейинки сүрөттөрүн таап чыкты. Жүз жыл мурун да биздин чүрөктөр дал азыркыдай татына экен!

Бир кылым мурун биздин чоң энелерибиз түс берчү бетмайсыз, кирпик боексуз эле жүрүшкөн, бирок мындай абал алардын сулуулугун кемите алган эмес. Тянь-Шань тоолорун жердеген кыздарынын сырткы келбети соңку 116 жылда кандай өзгөргөнүн байкап көрдүк.

Айтмакчы, бир канча мезгил мурун да кеңири тараган улуттук оймо-чиймелер ушу тапта да модага кайтып, азыркы сулуулар да укмуштай кооз саймалуу чыптамаларды кийип жүрүшпөйбү.

2394
  • Белгилүү кыргыз үй-бүлөсүнүн кыздарынын бул сүрөтү 20-кылымга туура бир жыл калган маалда тартылган. Сулуулардын кийимдери ачык кездемеден тигилип, ал эми баш кийимдери күмүш менен кооздолгон.
    предоставлено Центральным Госархивом КР

    Белгилүү кыргыз үй-бүлөсүнүн кыздарынын бул сүрөтү 20-кылымга туура бир жыл калган маалда тартылган. Сулуулардын кийимдери ачык кездемеден тигилип, ал эми баш кийимдери күмүш менен кооздолгон.

  • 1935-жыл экен. Жаш селки камерага карап жылмайып турат. Мойнундагы колго жасалган мончок шурусун караңыз, көздүн жоосун алат го!..
    © Sputnik / Макс Альперт

    1935-жыл экен. Жаш селки камерага карап жылмайып турат. Мойнундагы колго жасалган мончок шурусун караңыз, көздүн жоосун алат го!..

  • Бул кыргызстандык келин ат үстүндө укмуш ойной алат: көчмөн кыргыздын кыздары атка минүүдө мырзалардан кем калган эмес. Сүрөт 1936-жылы тартылган
    © Sputnik / Макс Альперт

    Бул кыргызстандык келин ат үстүндө укмуш ойной алат: көчмөн кыргыздын кыздары атка минүүдө мырзалардан кем калган эмес. Сүрөт 1936-жылы тартылган

  • Согуш жүрүп, кооз жасалгалар жана ат үстүндө ойноо унутта калган убак — эркектер фронтко узап, аялдар өз мойнуна бүт ишти алууга аргасыз болушкан. Чоң Чүй каналын куруу кезинде тартылган сүрөткө карасаңыз, жок дегенде бир эркекти көрө аласызбы?
    © Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР

    Согуш жүрүп, кооз жасалгалар жана ат үстүндө ойноо унутта калган убак — эркектер фронтко узап, аялдар өз мойнуна бүт ишти алууга аргасыз болушкан. Чоң Чүй каналын куруу кезинде тартылган сүрөткө карасаңыз, жок дегенде бир эркекти көрө аласызбы?

  • 60-жылдардын аягы. Бийкеч кыз куумайга түшүптүр. Эгер жигит кууп жете алса, шарт боюнча селкинин жүзүнөн бир сүйө алат.
    © Sputnik / Георгий Зельма

    60-жылдардын аягы. Бийкеч кыз куумайга түшүптүр. Эгер жигит кууп жете алса, шарт боюнча селкинин жүзүнөн бир сүйө алат.

  • Сүрөтчү Жети-Өгүз капчыгайында комуз күүсүн угуп турган кыздарды тарткан. Беш көкүл сулуулар турмушка чыга электери, ал эми келиндер чачтарын бир же экиге бөлүп өрүшкөн.
    © Sputnik / Э. Вильчинский

    Сүрөтчү Жети-Өгүз капчыгайында комуз күүсүн угуп турган кыздарды тарткан. Беш көкүл сулуулар турмушка чыга электери, ал эми келиндер чачтарын бир же экиге бөлүп өрүшкөн.

  • Наздуу стилдеги, модалуу түймөк чач жана бурма этек кийген 70-жылдарды таанып турасызбы? Сүрөттө – Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУ) француз тили окутуучусу Зулайка Эралиева.
    © Sputnik / Дронов

    Наздуу стилдеги, модалуу түймөк чач жана бурма этек кийген 70-жылдарды таанып турасызбы? Сүрөттө – Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУ) француз тили окутуучусу Зулайка Эралиева.

  • Эгиз эже-сиңдилер Салтанат жана Махабат Искаковалар медайымдык ишти өздөштүрүп жатышат. Аларга Фрунзе шаарындагы медициналык окуу жайдын дарсканасында дарс окулууда.
    © Sputnik / Дронов

    Эгиз эже-сиңдилер Салтанат жана Махабат Искаковалар медайымдык ишти өздөштүрүп жатышат. Аларга Фрунзе шаарындагы медициналык окуу жайдын дарсканасында дарс окулууда.

  • Ысык-Көл облусунун тоолорун кыдыруу маалында турист эки кыз гүл терип жатышат. Кыргызстандын модалуу бийкечтери 80-жылдардын башында ушундай эле
    © Sputnik / Мамадалиев

    Ысык-Көл облусунун тоолорун кыдыруу маалында турист эки кыз гүл терип жатышат. Кыргызстандын модалуу бийкечтери 80-жылдардын башында ушундай эле

  • 80-жылдар Кыргызстанга кыска чачтарды модага айланткан. Сүрөттө СССРдин 60 жылдыгы атындагы Фрунзе өндүрүштүк сокмо бирикмесинин токуучу кыздары
    © Sputnik / Мамадалиев

    80-жылдар Кыргызстанга кыска чачтарды модага айланткан. Сүрөттө СССРдин 60 жылдыгы атындагы Фрунзе өндүрүштүк сокмо бирикмесинин токуучу кыздары

  • 90-жылдардын аягы, 2000-жылдардын башындагы Бишкектеги моданын жүзү курусун... Бирок аны да басып өттүк
    © Sputnik / Игорь Михалев

    90-жылдардын аягы, 2000-жылдардын башындагы Бишкектеги моданын жүзү курусун... Бирок аны да басып өттүк

  • Бул керемет татына 2009-жылы сүрөткө түшүп калган. Эсиңиздердеби, ошол кезде башыбызга кыска жоолук байламай мода эле?
    © Sputnik / Игорь Михалев

    Бул керемет татына 2009-жылы сүрөткө түшүп калган. Эсиңиздердеби, ошол кезде башыбызга кыска жоолук байламай мода эле?

  • Шакекче токоч саткан Канышай Бейшекеева Сулуулуктун атласы аталган Михаэл Нороктун фотодолбоорунун каарманына айланган. Айкалышкан сулуулуктун дал өзү эмей эмне?!
    Mihaela Noroc

    Шакекче токоч саткан Канышай Бейшекеева "Сулуулуктун атласы" аталган Михаэл Нороктун фотодолбоорунун каарманына айланган. Айкалышкан сулуулуктун дал өзү эмей эмне?!

Белгилер:
мода, келбет, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргыз кыз-келиндери Москвада элечек кийип флешмоб өткөрүштү. Видео

Чек арадагы жаңжалдын кесепети. Баткендин жүрөктү тилген сүрөттөрү

228
(жаңыланган 11:28 06.05.2021)
  • Алдын ала маалымат боюнча, Баткен районунда 30 турак үй, эки мектеп, бир бала бакча жана бир ФАП, ошондой эле үч мамлекеттик мекеме толугу менен талкаланган
  • Лейлек районунда 48 үй өрттөлүп, талкаланган. 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн жана мамлекетке караштуу бир мекеме жарактан чыккан.
  • Лейлектин Максат айылынын тургуну талкаланган үйүнүн урандысынын арасында турат
  • Чек арадагы жаңжалдан жергиликтүү тургундар да, мамлекет да ири материалдык чыгымга учурады
  • Максат айылында (Лейлек) талкаланган мектептеги класстардын бири
  • Лейлек районунун айылдарынын биринде атылган октордун гильзалары
  • Максат айылында (Лейлек) талкаланган балдар бакчасынын урандысында оюнчугун кармап турган бала
  • Конфликт учурунда тажик тарап кыргызстандыктарды, анын ичинде карапайым элди автомат, гранатомет жана миномет менен аткылаган
  • Минометтук чабуулдан Головной суу бөлүштүрүүчү жайда жергиликтүү 25 тургун каза болгон
  • Максат айылына жеткирилген гуманитардык жардам
  • Алган гуманитардык жардамын көтөрүп бара жаткан жергиликтүү тургундар
  • Куралдуу кагылышууда жалпысынан 36 кыргызстандык, анын ичинде 13 жаштагы кыз жана төрт жашар бала ажал тапкан. Дагы 160 адам жапа чеккен.
  • Лейлек районунун айылдарынын биринде талкаланган дүкөн
  • Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Ак-Татыр, Кара-Бак жана Кызыл-Бел айылдарынан, ал эми Лейлек районунун Жаңы-Жер, Бешкент, Кулунду айылдарынан бардыгы болуп 40 649 адам эвакуацияланган
  • Бийлик ураган үйлөрдүн, имараттардын баарын кыска убакыттын ичинде мамлекеттин эсебинен калыбына келтирүүгө убада берүүдө
ӨКМдин атайын комиссиясы Баткен тургундарынын кыргыз-тажик жаңжалында тарткан чыгымын аныктап жатат. Чатактан кийинки аймактын абалын Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз.

Алдын ала маалымат боюнча, Баткен районунда 30 турак үй, эки мектеп, бир бала бакча жана бир ФАП, ошондой эле үч мамлекеттик мекеме толугу менен талкаланган. Лейлек районунда 48 үй өрттөлүп жок болгон. 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн жана мамлекетке караштуу бир мекеме жарактан чыккан.

Чек арадагы чатак жергиликтүү тургундарды жана мамлекетти ири материалдык чыгымга учуратты.

Конфликт учурунда тажик тарап кыргызстандыктарды автомат, гранатомет жана минометтор менен аткылаган. Мындан сырткары, Тажикстандын аскер күчтөрү 29-апрелде Ми-24 тик учагынан ок чыгарган. Анын кесепетинен Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз айылынын тургунунун үйүнө снаряд тийген.

Миномет, гранатометтук чабуулдан "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайда жергиликтүү 25 тургун каза болгон. Куралдуу кагылышууда жалпысынан 36 кыргызстандык, анын ичинде 13 жаштагы кыз жана төрт жашар бала ажал тапкан. Дагы 160тай адам жапа чеккен. Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Ак-Татыр, Кара-Бак жана Кызыл-Бел айылдарынан, ал эми Лейлек районунун Жаңы-Жер, Бешкент, Кулунду айылдарынан бардыгы болуп 40 649 адам коопсуз жайга чыгарылган.

228
  • Алдын ала маалымат боюнча, Баткен районунда 30 турак үй, эки мектеп, бир бала бакча жана бир ФАП, ошондой эле үч мамлекеттик мекеме толугу менен талкаланган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Алдын ала маалымат боюнча, Баткен районунда 30 турак үй, эки мектеп, бир бала бакча жана бир ФАП, ошондой эле үч мамлекеттик мекеме толугу менен талкаланган

  • Лейлек районунда 48 үй өрттөлүп, талкаланган. 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн жана мамлекетке караштуу бир мекеме жарактан чыккан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Лейлек районунда 48 үй өрттөлүп, талкаланган. 10 май куюучу жай, сегиз дүкөн жана мамлекетке караштуу бир мекеме жарактан чыккан.

  • Лейлектин Максат айылынын тургуну талкаланган үйүнүн урандысынын арасында турат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Лейлектин Максат айылынын тургуну талкаланган үйүнүн урандысынын арасында турат

  • Чек арадагы жаңжалдан жергиликтүү тургундар да, мамлекет да ири материалдык чыгымга учурады
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чек арадагы жаңжалдан жергиликтүү тургундар да, мамлекет да ири материалдык чыгымга учурады

  • Максат айылында (Лейлек) талкаланган мектептеги класстардын бири
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Максат айылында (Лейлек) талкаланган мектептеги класстардын бири

  • Лейлек районунун айылдарынын биринде атылган октордун гильзалары
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Лейлек районунун айылдарынын биринде атылган октордун гильзалары

  • Максат айылында (Лейлек) талкаланган балдар бакчасынын урандысында оюнчугун кармап турган бала
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Максат айылында (Лейлек) талкаланган балдар бакчасынын урандысында оюнчугун кармап турган бала

  • Конфликт учурунда тажик тарап кыргызстандыктарды, анын ичинде карапайым элди автомат, гранатомет жана миномет менен аткылаган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Конфликт учурунда тажик тарап кыргызстандыктарды, анын ичинде карапайым элди автомат, гранатомет жана миномет менен аткылаган

  • Минометтук чабуулдан Головной суу бөлүштүрүүчү жайда жергиликтүү 25 тургун каза болгон
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Минометтук чабуулдан "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайда жергиликтүү 25 тургун каза болгон

  • Максат айылына жеткирилген гуманитардык жардам
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Максат айылына жеткирилген гуманитардык жардам

  • Алган гуманитардык жардамын көтөрүп бара жаткан жергиликтүү тургундар
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Алган гуманитардык жардамын көтөрүп бара жаткан жергиликтүү тургундар

  • Куралдуу кагылышууда жалпысынан 36 кыргызстандык, анын ичинде 13 жаштагы кыз жана төрт жашар бала ажал тапкан. Дагы 160 адам жапа чеккен.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Куралдуу кагылышууда жалпысынан 36 кыргызстандык, анын ичинде 13 жаштагы кыз жана төрт жашар бала ажал тапкан. Дагы 160 адам жапа чеккен.

  • Лейлек районунун айылдарынын биринде талкаланган дүкөн
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Лейлек районунун айылдарынын биринде талкаланган дүкөн

  • Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Ак-Татыр, Кара-Бак жана Кызыл-Бел айылдарынан, ал эми Лейлек районунун Жаңы-Жер, Бешкент, Кулунду айылдарынан бардыгы болуп 40 649 адам эвакуацияланган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Ак-Татыр, Кара-Бак жана Кызыл-Бел айылдарынан, ал эми Лейлек районунун Жаңы-Жер, Бешкент, Кулунду айылдарынан бардыгы болуп 40 649 адам эвакуацияланган

  • Бийлик ураган үйлөрдүн, имараттардын баарын кыска убакыттын ичинде мамлекеттин эсебинен калыбына келтирүүгө убада берүүдө
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Бийлик ураган үйлөрдүн, имараттардын баарын кыска убакыттын ичинде мамлекеттин эсебинен калыбына келтирүүгө убада берүүдө

Белгилер:
кесепет, ок атуу, Жаңжал, кыргыз-тажик чек арасы, Баткен облусу
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Чек арадан көзүн албаган "Шер" атайын отрядынын спецназы. Фотофакт
Үй салууну убадалагандар, насыяны кечкен банк. Баткенге жасалган жакшылыктар

34 жашында студент болгон Тууганбай Абдиев. Улуу акындын жашоосундагы ирмемдер

312
(жаңыланган 18:11 05.05.2021)
  • Төкмө акындын жаштарга өз өнөрүн тартуулап жаткан учуру
  • Ашыраалы Айталиев, актриса Сабира Күмүшалиева жана Тууганбай Абдиев
  • КРдин эл артисти бокс менен машыгып, көк бөрү да ойноп койчу
  • СССРдин жазуучулар союзунун мүчөсү Тууганбай Абдиев кыздары менен
  • Төкмө акын Эстебес Турсуналиев, композитор Сардарбек Жумалиев жана Тууганбай Абдиев
  • Тууганбай Абдиев 47 жыл Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда иштеген
  • III даражадагы Манас орденинин ээси замандаштары жана сахналаштары менен
  • Ашыраалы Айталиев менен Тууганбай Абдиев шакирттеринин курчоосунда отурушат
  • Ак таңдай акын чыгармачылыгынын аркасында бир топ өлкөлөргө гастролдоп барган
  • Жубайы Эсенбүбү экөө төрт кыз, эки уулду тарбиялап өстүргөн
  • Сөз баккан инсандын Таӊшы комуз, Ыр канатында ыр жыйнактары менен эки китеби жарык көргөн
  • Тууганбай Абдиев 2008-жылы 1-декабрда узакка созулган оорудан 71 жашында кайтыш болгон
Кыргыз Республикасынын эл артисти Тууганбай Абдиев көзү тирүү болгондо быйыл 84 жашка толмок. Sputnik Кыргызстан агенттиги таланттуу инсанды эскерип, анын өмүрү жана чыгармачылыгындагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.

Ак таңдай акын Тууганбай Абдиев 1937-жылы 3-майда Токтогул районунун Ничке-Сай айылында жарык дүйнөгө келген. Жаштайынан комуз чертип жамактап ырдап, өспүрүм кезинде Коргоол Досуевдин батасын алган. Эмгек жолун мектепти бүткөн соң Токтогул райондук маданият үйүнөн баштап, кийин Жалал-Абад облусундагы драма театрында эмгектенген. 24 жашында Токтогул Саьылганов атындагы Улуттук филармонияга жумушка чакыртылып, Осмонкул Бөлөбалаев, Ысмайыл Борончиевдер менен сахналаш болгон. Ал куттуу жерде 47 жыл бою иштеген.

Кыргыз Республикасынын эл артисти комузда кол ойнотуп, кара күүлөрдү да черте билген. "Чоң кербез", "Бала кербез", "Тогуз кайрык", "Мырза кербез", "Кара өзгөй", "Кер толгоо", "Ак тамак, Көк тамак", "Ак Бакай" күүлөрүн ийине жеткире ойногон. Ошондой эле "Жаныш-Байыш", "Курманбек", "Ак Мөөр" кенже эпосторун чеберчилик менен аткарып, Дооронбек Садырбаев тарткан "Махабат дастаны" көркөм тасмасында Раймалынын образын жараткан.

Эӊ кызыгы, төкмө акын 34 жашында Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тили филологиясына тапшырып, аталган ЖОЖду 39 жашында аяктаган. Кийин "Таӊшы комуз", "Ыр канатында" ыр жыйнактарын чыгарып, Жеңишбек Жумакадыр, Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаев, Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев, Сыймык Бейшекеевдин жол көргөзгөн устаты болгон.

Жеке жашоосунда бокс менен машыгып, көк бөрү ойноп, жубайы экөө алты баланы тарбиялап өстүрүп, 71 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумган.

III даражадагы "Манас" орденинин ээси жөнүндө кызыктуу фактыларды Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окууга болот.

312
  • Төкмө акындын жаштарга өз өнөрүн тартуулап жаткан учуру
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    Төкмө акындын жаштарга өз өнөрүн тартуулап жаткан учуру

  • Ашыраалы Айталиев, актриса Сабира Күмүшалиева жана Тууганбай Абдиев
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    Ашыраалы Айталиев, актриса Сабира Күмүшалиева жана Тууганбай Абдиев

  • КРдин эл артисти бокс менен машыгып, көк бөрү да ойноп койчу
    © Фото / из семейного архива Абдиевых

    КРдин эл артисти бокс менен машыгып, көк бөрү да ойноп койчу

  • СССРдин жазуучулар союзунун мүчөсү Тууганбай Абдиев кыздары менен
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    СССРдин жазуучулар союзунун мүчөсү Тууганбай Абдиев кыздары менен

  • Төкмө акын Эстебес Турсуналиев, композитор Сардарбек Жумалиев жана Тууганбай Абдиев
    © Фото / из семейного архива Абдиевых

    Төкмө акын Эстебес Турсуналиев, композитор Сардарбек Жумалиев жана Тууганбай Абдиев

  • Тууганбай Абдиев 47 жыл Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда иштеген
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    Тууганбай Абдиев 47 жыл Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда иштеген

  • III даражадагы Манас орденинин ээси замандаштары жана сахналаштары менен
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    III даражадагы "Манас" орденинин ээси замандаштары жана сахналаштары менен

  • Ашыраалы Айталиев менен Тууганбай Абдиев шакирттеринин курчоосунда отурушат
    © Фото / из семейного архива Абдиевых

    Ашыраалы Айталиев менен Тууганбай Абдиев шакирттеринин курчоосунда отурушат

  • Ак таңдай акын чыгармачылыгынын аркасында бир топ өлкөлөргө гастролдоп барган
    © Фото / из семейного архива Абдиевых

    Ак таңдай акын чыгармачылыгынын аркасында бир топ өлкөлөргө гастролдоп барган

  • Жубайы Эсенбүбү экөө төрт кыз, эки уулду тарбиялап өстүргөн
    © Фото / из семейного архива Абдиевых

    Жубайы Эсенбүбү экөө төрт кыз, эки уулду тарбиялап өстүргөн

  • Сөз баккан инсандын Таӊшы комуз, Ыр канатында ыр жыйнактары менен эки китеби жарык көргөн
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    Сөз баккан инсандын "Таӊшы комуз", "Ыр канатында" ыр жыйнактары менен эки китеби жарык көргөн

  • Тууганбай Абдиев 2008-жылы 1-декабрда узакка созулган оорудан 71 жашында кайтыш болгон
    © Фото / предоставлено общественным фондом "Айтыш"

    Тууганбай Абдиев 2008-жылы 1-декабрда узакка созулган оорудан 71 жашында кайтыш болгон

Белгилер:
сүрөт, Тууганбай Абдиев, төкмө акын, комузчу
Тема боюнча
Элмирбектин жаштыгы, тагдыры, өксүткөн өлүмү... Акындын сүрөттө калган элеси
Гиннеске кирген биринчи кыргыз. Каскадер Кудайбергеновдун сүрөттөгү ирмемдери
Жолон Мамытовдун сүйүүсү, ырлары, бүлөсү. Акындын сүрөттө калган элеси

Окуучу кезде өзүм каччумун, азыр 8 балам менен качып жүрөм. "Чек арачы" эненин муңу

0
(жаңыланган 15:50 07.05.2021)
Катуу атып жатты, биз суу өткөн каналдын астына жашындык. Өзүм окуучу кезде дагы качар элем, азыр да сегиз баламды ээрчитип качып жүрөм. Тынч жашоо болбой калды, биз да эл катары жашагыбыз келет. Ушинтип сөзүн баштады муңайган "чек арачы" энелер.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал маалында Баткендин 14 айылынын 40 миңден ашуун жашоочусу мектептерге, бирөөлөрдүн үйүнө эвакуацияланды. Бул учурда "Алтын-Бешик" мейманканасы 196 адамга кучагын жайып, акысыз карап жатат. Алар улгайган ата-апалар, аялдар жана балдар. Азык-түлүк, кийим-кече, гуманитардык жардам менен камсыздалууда.

Sputnik Кыргызстандын кабарчыларына Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш айылдарынан келген аялдар кантип качканы тууралуу айтып беришти.

"Алар өтө күчтүү курал менен атышты. Дароо эле миномёт, гранатомёт дейби, ушундай куралдар менен ата баштады. Биз качып чыкканга жетишип калдык. Каналдын астында суу өтө турган туннелдин астына жашынып жан сактадык", — деди Көк-Таш айылынын тургуну Асылкан Халматова.

Гүлайым Сатарова Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылында жашайт. Ал балдарын ээрчитип таң атпай качып жөнөгөн, дагы деле коркуп турганы көзүнөн байкалып турат.

"Эртең менен ооз бекиткенден кийин "балдарыңарды даярдагыла, алып чыгып кетет" деген имиш болду. Балдарым уктап жаткан, тургузуп даярдап, коңшулар топтошуп бир жерде турдук. ӨКМдин балдары келип бирден-экиден маршруткага салып жатты. Ал эми жетишпей калгандары Рават айылына качты. Жетишкени Баткен элине (шаарына) келди", — деп эскерет айыл тургуну.

Сатарова жети кыз, бир уулдун энеси, жолдошу чек ара заставасында иштейт. Ал сегиз баласын ээрчитип, буга чейин бир нече ирет качканын айтып берди. Мындай жаңжал өзүнүн бала кезинен бери токтобой жатканы ызалантат.

"1989-жылы мен 4-класстагы кыз элем, тажиктер менен чыр чыгып элди вертолёт менен эвакуациялаган. Бүгүнкү күндө балдарыбыз да ушинтип качып жүрөт. Былтыркы урушта балдарды үйгө калтырып, чоң кызымды тосуп алганы Ошко баргам. Аэропортко жеткенде артыбыздан чалып "башталып кетти, атышып атат" дешти. Эне үчүн ал убакты элестетип көргүлөчү. Үйгө жеткенге чейин канча нервим кетти, күйгөндөн суу иче берип азыр ден соолугумдан айрылып калдым, чынын айтсам. Кудайга шүгүр, коңшулар балдарымды коопсуз жайга алып чыгыптыр. Баары бир өз көзүң менен көрмөйүнчө кыжалат болосуң. Акыркы ирет таштаганым ошол болду, ошондон бери балдарымды таштай албайм", — деди Сатарова.

Бул үй-бүлөнүн турак жайы чек арага бет маңдай, жолдун боюнда жайгашкан. Ошондуктан да ээн-эркин жашап, балдарды көчөгө чыгаруу бир топ кооптуу экенин белгиледи.

"Дагы деле кооптуу, барсак кантип жашайбыз, билбейм. Айрыкча энелер үчүн кыйын экен, түн уйкуда дагы башталып кетсе кантем деп ойлоносуң. Буга чейин мен бир нече ирет качып көрдүм. Балдарым өтө жаш эле, бирин алсаң бири калып кетет, өкүрүп-бакырып ыйлап дагы жүрдүм. Мен дагы эл катары кеңири, коркпой-үркпөй, тынч жашасам дейм. Өзгөчө кыздарымдан корком, тажикстандыктар ары-бери өтүп тийише берет экен", — деп муңайды эне.

Ал эми аксайлыктар үчүн мал кармоо чоң тобокелчилик экенин айтат. Себеби коңшу өлкөнүн чегине өтүп кеткен мал кайтпайт экен.

"Мал кармасаң өзүңө жакшы эмеспи. Бирок Тажикстанга кирген мал ошол бойдон жок болуп жатты да. Коңшуларыбыз беш-алтыдан жоготту, кээде короосунан жылкыларды айдап кеткен учурлар болду. Бирок биздин бийлик тараптан бири дагы кайтарылбады. Алардын малы кирип кетсе биз, кыргыз, кең пейил эл экенбиз "тиги жерде тажиктин малы бар экен, айтып койгула, келип алып кетсин" дейбиз. Биз бирөөнүн малын мал кылганды жактырбайт экенбиз", — деди Сатарова.

Асылкан Халматова кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда тараптар алгач бири-бирине таш ыргытуу менен чектелсе, эки-үч жылдан бери курал колдонула баштаганына тынчсызданат.

"Бизге бийлик ушул чек араны чечип берсе, зым тор тартып эле тосуп таштасынчы. Болбосо мындай кайталана берет. Барган сайын күчөп жатат. Биринчи 1988-жылы башталган, Курман айт күнү тажиктер чыгып кетмен, күрөк, таш менен чабышкан. Биздин айылдар шахмат түрүндө жайгашкан. Суунун башы сыяктуу жакшы жерлерибизди алып калып, башка жагын алмашса деле макулбуз. Биз тынч жашагыбыз келет. Бийликтен ошону талап кылабыз", — деди Халматова.

Гүлайым Сатарова тажик тарап менен чыр алгач Ак-Сай айылында гана болсо, акырындап отуруп Көк-Ташка жетип, анан Лейлек районуна өткөнүн белгилейт. Бизден кийин башка айылдарда дагы тынчтык жок болуп калды дешти энелер.

"Алардын максаты эле кичине-кичинеден басып, жерлерди ала бериш экен. Кысым кылып жатып, бир канча жерлерди алып койду буга чейин. Кийин эл жапа тырмак чыгып, бербей тирешчү болду. Ак-Сайдын жайыты кенен, суунун башы. Биздин эл кетсе, каргаша болгон "Головнойдогу" суу Төрткүлгө келбей калат. Ал жер жөн эле өтүп кетет да. Тажикстан көз карандысыз болуп, ээн-эркин каттап калат. Азыр ошол жерде Ак-Сай эли турган үчүн алар кичине сестенип турушат. Канча жылдан бери Ак-Сайды жок кыла албай жатышат", — деди Сатарова.

Белгилей кетсек, Тажикстан менен чектешкен аймактагы куралдуу кагылыштан 190 кыргызстандык жабыркаган. Анын 36сы курман болуп, дагы 154 киши түрдүү жаракат алган.

Өкмөт талкаланган, өрттөлгөн бардык турак жайларды мамлекеттин эсебинен тургузууну убадалады. Ал эми каза болгон адамдардын жакындарына 1 миллион, жарадарларга 50-100 миң сомдон берилери айтылды.

0
Белгилер:
эвакуация, Тажикстан, коркуу, турак үй, Жаңжал, качуу, бала, эне, Ак-Сай, Баткен
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тема боюнча
Чек ара жаңжалынан жабыркаган айылдарда аткарыла турган иштердин тизмеси
Марипов: чек ара чырынан талкаланган объектилерди оңдоого 700 млн. сом бөлүндү