Залкарлардын кашкасы эле... Муратбек Рыскуловдун сүрөттө калган элеси

Жазылуу
Бүгүн кыргыздын кино, театрынын өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошкон актер Муратбек Рыскуловдун туулган күнү. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги чыгаан инсандын өмүрүн жана чыгармачылыгын эскерип, сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.

Неизвестные кадры из первого фильма Толомуша Океева Небо нашего детства - Sputnik Кыргызстан
Океевдин "Бакайдын жайыты" тасмасындагы белгисиз кадрлар
Муратбек Рыскулов 1909-жылы Жумгал районунун Чаек айылында жарык дүйнөгө келген. Бирок так күнү белгилүү эмес. Кызы Нуржамал Күмүшалиеванын айтымында, туулган күнү катары 23-ноябрь деп белгиленип келет. Болочоктогу актер мектепти аяктаган соң 1936-жылы Кыргыз музыкалык-драма театрында билим алып, театрда 1941-жылдан баштап иштеп, 1949-жылдан тарта киного тартыла баштаган.

СССРдин эл артисти чыгармачылык жолунда 20га жакын тасмада, 40тай спектаклде роль жараткан. Актердун сахнадагы, жашоодогу бир канаты атактуу актриса Сабира Күмүшалиева болуп, алар төрт баланы татыктуу тарбиялашкан. Рыскулов Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болуп төрт жолу шайланган.

Залкар актер 1974-жылы 64 жаш курагында борбор калаада көз жумган.

© Фото / Александр ФедоровРежиссер Төлөмүш Океев тарткан "Бакайдын жайыты" тасмасында башкы ролду аткарган Муратбек Рыскулов. Аталган кино эл аралык деңгээлдеги бир топ сыйлыктарды багындырган
Неизвестные кадры из первого фильма Толомуша Океева Небо нашего детства - Sputnik Кыргызстан
1/13
Режиссер Төлөмүш Океев тарткан "Бакайдын жайыты" тасмасында башкы ролду аткарган Муратбек Рыскулов. Аталган кино эл аралык деңгээлдеги бир топ сыйлыктарды багындырган
© Фото / Александр ФедоровМуратбек Рыскулов жыйырмага жакын тасмада роль жараткан
Неизвестные кадры из первого фильма Толомуша Океева Небо нашего детства - Sputnik Кыргызстан
2/13
Муратбек Рыскулов жыйырмага жакын тасмада роль жараткан
© Фото / Александр ФедоровМуратбек Рыскулов менен Советбек Жумадылов тасма тартуу маалында кулундарды желеге байлап жаткан кези
Неизвестные кадры из первого фильма Толомуша Океева Небо нашего детства - Sputnik Кыргызстан
3/13
Муратбек Рыскулов менен Советбек Жумадылов тасма тартуу маалында кулундарды желеге байлап жаткан кези
© Sputnik / Александр Федоров"Бакайдын жайыты" тасмасындагы роль аткарган Муратбек Рыскулов менен Насрет Дубашев
Кыргыз кереметинин көч башында  турган  Бакайдын жайыты тасмасында Бакайдын ролунда. - Sputnik Кыргызстан
4/13
"Бакайдын жайыты" тасмасындагы роль аткарган Муратбек Рыскулов менен Насрет Дубашев
© Фото / Александр ФедоровАктер "Көчө" тасмасында Бороштун образында
Борош аба (Көчө тасмасы) - Sputnik Кыргызстан
5/13
Актер "Көчө" тасмасында Бороштун образында
© Фото / Александр Федоров"Отко таазим" тасмасында Муратбек Рыскуловдун ажынын ролун аткарып жаткан кези
Отко таазим картинасында ажынын образын жараткан - Sputnik Кыргызстан
6/13
"Отко таазим" тасмасында Муратбек Рыскуловдун ажынын ролун аткарып жаткан кези
© Фото / Александр ФедоровРыскулов жубайы Сабира Күмүшалиева менен 38 жыл бирге өмүр сүрүп, төрт баланы тарбиялап өстүргөн
СССР эл артисти, Кыргыз ССРинин  Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Муратбек Рыскулов - Sputnik Кыргызстан
7/13
Рыскулов жубайы Сабира Күмүшалиева менен 38 жыл бирге өмүр сүрүп, төрт баланы тарбиялап өстүргөн
© Фото / Александр Федоров"Бакайдын жайытында" Бакайдын ролун аткарган улуу талант
Неизвестные кадры из первого фильма Толомуша Океева Небо нашего детства - Sputnik Кыргызстан
8/13
"Бакайдын жайытында" Бакайдын ролун аткарган улуу талант
© Фото / Александр Федоров"Жоро" фильминде командир Козубайдын ролунда
Фильм Жоро режиссера Адольфа Бергункера - Sputnik Кыргызстан
9/13
"Жоро" фильминде командир Козубайдын ролунда
© Фото / Александр ФедоровРыскулов Геннадий Базаровдун "Көчө" тасмасында роль жаратып жатат
Актер Муратбек Рыскулов - Sputnik Кыргызстан
10/13
Рыскулов Геннадий Базаровдун "Көчө" тасмасында роль жаратып жатат
© Фото / Александр ФедоровКороль Лирдин ролун өтөсүнө чыгара аткарган. Театр сахнасы
Спектакль Король Лир - Sputnik Кыргызстан
11/13
Король Лирдин ролун өтөсүнө чыгара аткарган. Театр сахнасы
© Фото / Александр ФедоровАктер тартылган "Токтогул" тасмасынан үзүндү
Съемки фильма Токтогул - Sputnik Кыргызстан
12/13
Актер тартылган "Токтогул" тасмасынан үзүндү
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүү1966-жыл "Киргизфильм" киностудиясы тарткан фильмдердин биринде роль аткарып жаткан учуру
Кадр из художественного фильма Небо нашего детства - Sputnik Кыргызстан
13/13
1966-жыл "Киргизфильм" киностудиясы тарткан фильмдердин биринде роль аткарып жаткан учуру
Жаңылыктар түрмөгү
0