Ботаникалык бактагы үшкүрүк. Чүрүшкөн, жыгылган, муз тоңгон өсүмдүктөрдүн сүрөттөрү

Жазылуу
Бишкек шаарындагы жылуулук системасындагы кризис Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бактагы уникалдуу бир топ өсүмдүктөрдү тоңдуруп кетти. Ал эми иштеген илимий кызматкерлер каңырыгы түтөп, шалдырап басып жүргөн чагы. Sputnik Кыргызстан оранжереяга барып, абал менен таанышып келди.

Борбор калаадагы Гареев атындагы ботаникалык бактагы оранжереянын өсүмдүктөрү тоңуп калды - Sputnik Кыргызстан
Үшүк алган өсүмдүктөр, муз тоңгон жалбырак, жарылган түтүк. Ботаникалык бактан видео
"Мобу банан. Ушинтип тоңуп калды. Бул жерде 500дөн ашуун уникалдуу, чет жактан алып келген жана өлкөнүн ичинен көчүрүлгөн өсүмдүктөр бар. Негизи биринчи суук жалбырактарды алат, кийинки суук тамырына доо кетирет. Азыр канчасы өлүп, канчасы кайра өсүп чыгарын билбейм. Жылуулукту жалдырап күтүп отурабыз", — деп кейиди Ботаникалык бактын лаборатория жетекчиси Ирина Бондарцова.

Биздин маектештин бул жерде иштегенине 40 жылдан ашыптыр. Ал оранжереяны аралап жүрүп, мындай абалга биринчи ирет кабылгандыктарын айтып берди.

"Күзүндө бардык жыртык-тешиктерди жаап, жылуулаганбыз. Ошентсе да ушундай абалга кабылдык. Буга күнөөлүү тараптан чыгымдарды төлөп берсин деп талап кылабыз. Үшүк алган өсүмдүктөрдү калыбына келтирүү үчүн ондогон жылдар кетет. Буларды кайра өстүрүп, азыркы абалына жеткирүүгө менин өмүрүм жетпей калды го. Албетте, өкүнүчтүү, кайгылуу", — деди улутунган Бондарцова.

Оранжереяны аралай басып жүрүп, узатасынан орнотулган батареянын жылымык экенин байкоого болот.

Ажайып бул жай мындан 70 жыл мурда түптөлүп, Ботаникалык бакка уникалдуу өсүмдүктөр бери жагы Казакстан, Өзбекстандан, ары жагы Европадан алып келинген.

Андан сырткары, сууктан улам жылытуу система да жабыркап, түтүктөр жарылган.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭнвер Гареев атындагы Ботаникалык бактагы лабораториянын жетекчиси Ирина Бондарцева оранжереядагы өсүмдүктөрдү көбү өткөн жуманын түнү, ТЭЦте авария болгондо тоңуп калгандыгын айтты
Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бактагы лабораториянын жетекчиси Ирина Бондарцева оранжереядагы өсүмдүктөрдү көбү өткөн жуманын түнү, ТЭЦте авария болгондо тоңуп калгандыгын айтты - Sputnik Кыргызстан
1/13
Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бактагы лабораториянын жетекчиси Ирина Бондарцева оранжереядагы өсүмдүктөрдү көбү өткөн жуманын түнү, ТЭЦте авария болгондо тоңуп калгандыгын айтты
© Sputnik / Табылды КадырбековБиринчилерден болуп суукту банан дарагы сезген
Биринчилерден болуп суукту банан дарагы сезген - Sputnik Кыргызстан
2/13
Биринчилерден болуп суукту банан дарагы сезген
© Sputnik / Табылды КадырбековБул жалбырактар бир нече күн мурда жапжашыл болуп, көз жоосун алып турган. Эми караңыз, кандай абалда калды
Бул жалбырактар бир нече күн мурда жапжашыл болуп, көз жоосун алып турган. Эми караңыз, кандай абалда калды - Sputnik Кыргызстан
3/13
Бул жалбырактар бир нече күн мурда жапжашыл болуп, көз жоосун алып турган. Эми караңыз, кандай абалда калды
© Sputnik / Табылды КадырбековБотаникалык бактын кызматкерлери бул жерди күзүндө бардык жыртык-тешиктерди жаап, жылуулаган
Ботаникалык бактын кызматкерлери бул жерди күзүндө бардык жыртык-тешиктерди жаап, жылуулаган - Sputnik Кыргызстан
4/13
Ботаникалык бактын кызматкерлери бул жерди күзүндө бардык жыртык-тешиктерди жаап, жылуулаган
© Sputnik / Табылды КадырбековБиз барганда уникалдуу өсүмдүктөр 0 градустун кучагында калыптыр
Биз барганда уникалдуу өсүмдүктөр 0 градустун кучагында калыптыр - Sputnik Кыргызстан
5/13
Биз барганда уникалдуу өсүмдүктөр 0 градустун кучагында калыптыр
© Sputnik / Табылды КадырбековКыроо баскан чатыр... терезе... оранжерея
Кыроо баскан чатыр... терезе... оранжерея - Sputnik Кыргызстан
6/13
Кыроо баскан чатыр... терезе... оранжерея
© Sputnik / Табылды КадырбековКатар турган батареялар ал тургай кол жылытпайт экен
Катар турган батареялар ал тургай кол жылытпайт экен - Sputnik Кыргызстан
7/13
Катар турган батареялар ал тургай кол жылытпайт экен
© Sputnik / Табылды КадырбековЖашоо үчүн күрөш...
Жашоо үчүн күрөш... - Sputnik Кыргызстан
8/13
Жашоо үчүн күрөш...
© Sputnik / Табылды КадырбековСуу тоңгон түтүк, муз жалбырак, алсыз батарея
Суу тоңгон түтүк, муз жалбырак, алсыз батарея - Sputnik Кыргызстан
9/13
Суу тоңгон түтүк, муз жалбырак, алсыз батарея
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Буларды кайра өстүрүп, азыркы абалына жеткирүүгө менин өмүрүм жетпей калды го. Албетте, өкүнүчтүү", — деди Ирина Бондарцева жүрөктү оорутуп
Буларды кайра өстүрүп, азыркы абалына жеткирүүгө менин өмүрүм жетпей калды го. Албетте, өкүнүчтүү, — деди Ирина Бондарцева жүрөктү оорутуп - Sputnik Кыргызстан
10/13
"Буларды кайра өстүрүп, азыркы абалына жеткирүүгө менин өмүрүм жетпей калды го. Албетте, өкүнүчтүү", — деди Ирина Бондарцева жүрөктү оорутуп
© Sputnik / Табылды КадырбековАжайып бул жай мындан 70 жыл мурда түптөлүптүр
Ажайып бул жай мындан 70 жыл мурда түптөлүптүр - Sputnik Кыргызстан
11/13
Ажайып бул жай мындан 70 жыл мурда түптөлүптүр
© Sputnik / Табылды КадырбековБуга ким күнөөлүү???
Буга ким күнөөлүү??? - Sputnik Кыргызстан
12/13
Буга ким күнөөлүү???
© Sputnik / Табылды КадырбековБотаникалык бактагы бул жай Бишкек шаарынын чок ортосунан орун алган
Ботаникалык бактагы бул жай Бишкек шаарынын чок ортосунан орун алган - Sputnik Кыргызстан
13/13
Ботаникалык бактагы бул жай Бишкек шаарынын чок ортосунан орун алган
Жаңылыктар түрмөгү
0