Советтик Кыргызстандын кызы азыркы Бишкекте. Сүрөттөр

Жазылуу
Бишкектик сүрөтчү советтик элеттик кыздын азыркы кымгуут заманда, учурдагы Бишкекке келгени сырттан караганда кандай көрүнөт эле деген темадагы долбоорун элге тартуулады.

Автор — Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде көркөм өнөр боюнча билим алып жаткан жаш фотограф Айдана Иманкулова.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен болгон маегинде долбоорду өзү билим алган окуу жайдагы сынакка катышуу үчүн иштеп чыккандыгын айтты.

"Көптөн бери тээ мурдагы мезгилдерге, ата-энемдин жаш кезиндеги учурларга баш баксам деп ойлоп жүргөм. Мектепти айылдан бүтүп борборго жаңы келгени, көп нерсеге таңгалып, шаардан алган таасирлери кандай болгону мен үчүн абдан кызык жана баалуу. Менин ошол кезди чагылдырып берүү туурасындагы оюм – биздин окуу жайдагы "Бишкектеги жашоо" деп аталган долбоордо ишке ашты", — деп айтты Иманкулова.

Бул сүрөттөрү жаратууга болгону бир күн кеткен. Андагы башкы каарман, сүрөтчүнүн курбусу Айдана аттуу кыз болгон.

© Фото / Айдана ИманкуловаАйдана Иманкулова көптөн бери ата-энесинин жаш кезине саякаттагысы келип жүргөн
Айдана Иманкулова көптөн бери ата-энесинин жаш кезине саякаттагысы келип жүргөн - Sputnik Кыргызстан
1/10
Айдана Иманкулова көптөн бери ата-энесинин жаш кезине саякаттагысы келип жүргөн
© Фото / Айдана ИманкуловаСүрөтчүнүн советтик кезди чагылдырып берүү кыялы "Бишкектеги жашоо" долбоорунда ишке ашкан
Сүрөтчүнүн советтик кезди чагылдырып берүү кыялы Бишкектеги жашоо долбоорунда ишке ашкан - Sputnik Кыргызстан
2/10
Сүрөтчүнүн советтик кезди чагылдырып берүү кыялы "Бишкектеги жашоо" долбоорунда ишке ашкан
© Фото / Айдана ИманкуловаБашкы каарман мурдагы жашоодон азыркы заманбап мезгилге "көчүп келген" жакшынакай кыз
Башкы каарман мурдагы жашоодон азыркы заманбап мезгилге көчүп келген жакшынакай кыз - Sputnik Кыргызстан
3/10
Башкы каарман мурдагы жашоодон азыркы заманбап мезгилге "көчүп келген" жакшынакай кыз
© Фото / Айдана ИманкуловаАзыркы учур. Агылган элдин арасында кызыл чыптама, ак көйнөк кийип, колуна чемодан көтөргөн кызды сырттан байкабай коюуга мүмкүн эмес
Азыркы учур. Агылган элдин арасында кызыл чыптама, ак көйнөк кийип, колуна чемодан көтөргөн кызды сырттан байкабай коюуга мүмкүн эмес - Sputnik Кыргызстан
4/10
Азыркы учур. Агылган элдин арасында кызыл чыптама, ак көйнөк кийип, колуна чемодан көтөргөн кызды сырттан байкабай коюуга мүмкүн эмес
© Фото / Айдана ИманкуловаСелфи кылып жаткан селкилер жана китеп окуп отурган кыз. Баалуулуктар...
Селфи кылып жаткан селкилер жана китеп окуп отурган кыз. Баалуулуктар... - Sputnik Кыргызстан
5/10
Селфи кылып жаткан селкилер жана китеп окуп отурган кыз. Баалуулуктар...
© Фото / Айдана ИманкуловаСоветтик кыз азыркы жаштардын арасынан табигыйлыкты табууга аракет кылат
Советтик кыз азыркы жаштардын арасынан табигыйлыкты табууга аракет кылат - Sputnik Кыргызстан
6/10
Советтик кыз азыркы жаштардын арасынан табигыйлыкты табууга аракет кылат
© Фото / Айдана ИманкуловаДолбоордун авторлору бул жерге келип сүрөт тартпай кое алмак эмес. Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдында. Бул Советтик Кыргызстандын интеллигент жаштарынын изи калган жай
Долбоордун авторлору бул жерге келип сүрөт тартпай кое алмак эмес. Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдында. Бул Советтик Кыргызстандын интеллигент жаштарынын изи калган жай - Sputnik Кыргызстан
7/10
Долбоордун авторлору бул жерге келип сүрөт тартпай кое алмак эмес. Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдында. Бул Советтик Кыргызстандын интеллигент жаштарынын изи калган жай
© Фото / Айдана ИманкуловаФилармониянын алдындагы ак көйнөкчөн селки. Анын артында окуу жайлардын флагманы Улуттук университетет бар
Филармониянын алдындагы ак көйнөкчөн селки. Анын артында окуу жайлардын флагманы Улуттук университетет бар - Sputnik Кыргызстан
8/10
Филармониянын алдындагы ак көйнөкчөн селки. Анын артында окуу жайлардын флагманы Улуттук университетет бар
© Фото / Айдана ИманкуловаКызык, ал кезде китептер ушинтип сатылчу бекен... Булардын көбү совет мезгилиндеги китептер
Кызык, ал кезде китептер ушинтип сатылчу бекен... Булардын көбү совет мезгилиндеги китептер - Sputnik Кыргызстан
9/10
Кызык, ал кезде китептер ушинтип сатылчу бекен... Булардын көбү совет мезгилиндеги китептер
© Фото / Айдана ИманкуловаСовет мезгилинде "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн алдына сүрөттөгүдөй тулпарлар жок эле. Заман бир ордунда турбайт...
Совет мезгилинде Айчүрөк дүр-дүйнө дүкөнүнүн алдына сүрөттөгүдөй тулпарлар жок эле. Заман бир ордунда турбайт... - Sputnik Кыргызстан
10/10
Совет мезгилинде "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн алдына сүрөттөгүдөй тулпарлар жок эле. Заман бир ордунда турбайт...
Жаңылыктар түрмөгү
0