Дүйнөнүн сырдуу аралдарынан тартылган 8 сүрөт. Түрмө музей, эсти чыгарган куурчак

Жазылуу
Аралдар дайыма кишини өзүнө тартып турат. Анткени ал жактын өзүнүн жашоосу, жаратылышы өзгөчө.

Бул сүрөт түрмөгүнөн адаттан тыш аралдарды көрө аласыз.

© AFP / KHALED FAZAA Сокотра аралы. Бул жер миллион жыл мурда кандай болсо азыр да күнү бүгүнкүдөй сакталган. Башка аймактар менен чектешпегендиктен ал жерди байырлаган жан-жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөнүн төрт бурчунда кездешпейт. Бул жердеги жашоо 6 миллион жыл мурда кандай болсо ошол бойдон сакталган деген ишеним бар. Арал Индия океанында жайгашып, Йеменге таандык.
Остров Сокотра - Sputnik Кыргызстан
1/8
Сокотра аралы. Бул жер миллион жыл мурда кандай болсо азыр да күнү бүгүнкүдөй сакталган. Башка аймактар менен чектешпегендиктен ал жерди байырлаган жан-жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөнүн төрт бурчунда кездешпейт. Бул жердеги жашоо 6 миллион жыл мурда кандай болсо ошол бойдон сакталган деген ишеним бар. Арал Индия океанында жайгашып, Йеменге таандык.
CC BY 2.0 / FlyingCrimsonPig / Isla de las Muñecas, XochimilcoМексиканын деңиз жээгинде жайгашкан бул аралда керектен чыккан куурчактар чогултулган. Анткени аралга жакын жерде кичинекей кыз чөгүп кеткен. Тургундар анын арбагы ыраазы болсун деп куурчактарды алып келишкен. Ошондон бери арал жараксыз куурчактардын жерине айланган.
Остров брошенных кукл близ Мексики - Sputnik Кыргызстан
2/8
Мексиканын деңиз жээгинде жайгашкан бул аралда керектен чыккан куурчактар чогултулган. Анткени аралга жакын жерде кичинекей кыз чөгүп кеткен. Тургундар анын арбагы ыраазы болсун деп куурчактарды алып келишкен. Ошондон бери арал жараксыз куурчактардын жерине айланган.
© AFP / Josh EdelsonАмерикадагы Сан-Франциско шаарынын жанында жайгашкан Алькатрас аралы учурда эл көп келген жерлердин катарын толуктайт. Бирок бул аймак учурунда аскер форту, кийин коркунучтуу кылмышкерлер үчүн түрмө болгон. Жаза мөөнөтүн өтөгөндөргө "тынчтык саясатын" колдонушкан. Башкача айтканда, соттолгондор үн чыгарууга укуксуз болгон. Мындай жаза көпчүлүктү акылдан айныткан. Учурда бул жер музей катары колдонулат.
Остров Алькатрас в США - Sputnik Кыргызстан
3/8
Америкадагы Сан-Франциско шаарынын жанында жайгашкан Алькатрас аралы учурда эл көп келген жерлердин катарын толуктайт. Бирок бул аймак учурунда аскер форту, кийин коркунучтуу кылмышкерлер үчүн түрмө болгон. Жаза мөөнөтүн өтөгөндөргө "тынчтык саясатын" колдонушкан. Башкача айтканда, соттолгондор үн чыгарууга укуксуз болгон. Мындай жаза көпчүлүктү акылдан айныткан. Учурда бул жер музей катары колдонулат.
© AFP / MEHDI FEDOUACHФранциянын жээгинде жайгашкан Боярд Форт телеоюндун негизинде атактуу болгон. Сыртынан катаал көрүнгөнү менен бул аймак авантюра издегендердин сүйүктүү жайына айланган.
Форт Боярд у берегов Франции - Sputnik Кыргызстан
4/8
Франциянын жээгинде жайгашкан Боярд Форт телеоюндун негизинде атактуу болгон. Сыртынан катаал көрүнгөнү менен бул аймак авантюра издегендердин сүйүктүү жайына айланган.
CC BY 2.0 / merec0 / P7255712Япониянын Окуносима аралында бир кезде химиялык куралдарды чыгаруучу лаборатория болгон. Бирок бул жерди байырлаган жаныбарлар аралды элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон жерге айланткан. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин аралдагы бардык иштер токтотулуп, лабораториялык коёндор гана калган. Убакыттын өтүшү менен коёндор аябай көбөйүп, аралды басып кеткен. Азыр туристтер бул жерге коёндорго тамак бериш үчүн атайын келишет.
Японский остров Окуносима - Sputnik Кыргызстан
5/8
Япониянын Окуносима аралында бир кезде химиялык куралдарды чыгаруучу лаборатория болгон. Бирок бул жерди байырлаган жаныбарлар аралды элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон жерге айланткан. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин аралдагы бардык иштер токтотулуп, лабораториялык коёндор гана калган. Убакыттын өтүшү менен коёндор аябай көбөйүп, аралды басып кеткен. Азыр туристтер бул жерге коёндорго тамак бериш үчүн атайын келишет.
© AFP / MIWA SUZUKIЯпониянын Тасиро аралы да жалаң мышыктардын жери болуп саналат. Учурунда дыйкандар кампалардагы чычкандар менен күрөшүү үчүн мышык бага башташкан. Азыр мышык бул аралда сыйкырдуу күчкө ээ болгон жаныбарга айланган.
Японский остров Тасиро - Sputnik Кыргызстан
6/8
Япониянын Тасиро аралы да жалаң мышыктардын жери болуп саналат. Учурунда дыйкандар кампалардагы чычкандар менен күрөшүү үчүн мышык бага башташкан. Азыр мышык бул аралда сыйкырдуу күчкө ээ болгон жаныбарга айланган.
CC BY 2.0 / Kai Lehmann / the Bahama pig (Exuma)Багам аралдарынын бир бөлүгүн кадимки эле чочколор ээлеп алган. Бул жаныбар аралга кантип келип калганы ар бир киши үчүн кызыктуу. Аралды байырлаган чочколор сууда сүзүп, кайык менен ары-бери сейилдеген туристтерден тамак "сурап" жешет экен.
Остров на Багамах - Sputnik Кыргызстан
7/8
Багам аралдарынын бир бөлүгүн кадимки эле чочколор ээлеп алган. Бул жаныбар аралга кантип келип калганы ар бир киши үчүн кызыктуу. Аралды байырлаган чочколор сууда сүзүп, кайык менен ары-бери сейилдеген туристтерден тамак "сурап" жешет экен.
CC BY 2.0 / tjabeljan / SenegalJoal-Fadiouth051Сенегалдын жанындагы Фадиут аралы жалаң үлүлдүн кабыгынан пайда болгон. Аралдын пайда болушу тууралуу уламыш да бар. Ага ылайык, океандын жээгинде жашаган балыкчылар моллюск жеп, кабыгын деңизге ыргыта берип арал пайда болгон. Жашоочулар үлүлдүн кабыгынан үй да салышат.
Островок Фадиут возле Сенегала - Sputnik Кыргызстан
8/8
Сенегалдын жанындагы Фадиут аралы жалаң үлүлдүн кабыгынан пайда болгон. Аралдын пайда болушу тууралуу уламыш да бар. Ага ылайык, океандын жээгинде жашаган балыкчылар моллюск жеп, кабыгын деңизге ыргыта берип арал пайда болгон. Жашоочулар үлүлдүн кабыгынан үй да салышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0