Кызыл жоолук Мадина, көңүлдөш болгон Элина. "Делбирим" киносунан 17 сүрөт

Жазылуу
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Делбирим" повестинин негизинде экрандаштырылып жаткан тасма тартылып бүттү. Аталган кино картинаны кыргыз-өзбек киночулары биргелешип жаратты.

Тасманын негизги бөлүгү Өзбекстандын Ташкент жана Наманган шаарларында, акыркы эпизоддорду Кыргызстандын Балыкчы шаарында бир жарым айда тартылып бүттү. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине тасманын Кыргызстандагы продюсери Паризат Жакыпбекова билдирди.

"Фильмди Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев "Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө" жөнүндөгү токтомуна киргизген. Мындан улам, картинанын чыгымдарынын басымдуу бөлүгүн өзбек тарап көтөрдү. Ал эми сценарийин Кыргызстандын Кино департаментинин көркөм кеңеши жактырып, колдоо көрсөттү. Калганын биздин продюсердик борбор каржылады. Эми техникалык бөлүгүнө дагы акча керектелет. Аны өкмөттөн сурап жатабыз, азырынча жооп келе элек", — деди Жакыпбекова.

Жених и невеста играют в национальную игру Кыз куумай - Sputnik Кыргызстан
"Делбирим" повести жөнүндө 11 факты. Асел - эки жигиттин кызыл жоолук жалжалы эле
Фильмдин сценарийинин автору — жазуучу Керез Зарлыкова. Ал буга чейин "Көпөлөк" жана "Кокуй кошуна" тасмаларынын сценарийин жазган. Режиссерлукту өзбекстандык Сарвар Каримов аркалоодо.

Ильястын ролун белгилүү актер Азиз Ражапов, Байтемирди Улугбек Кадыров ойноду. Эки актер тең Өзбекстандан. Аселдин образын Кыргыз улуттук драма театрынын актрисасы Мадина Талипбек жаратса, Кадичаны Элина Абай кызы аткарды.

Тасманы Өзбек кино улуттук агенттиги менен Кыргызстандын "Дан" продюсердик борбору биргелешип тартууда. Кыргыз, өзбек жана орус тилинде ушул жылдын соңунда жарыкка чыкмакчы.

Тасма тууралуу кененирээк маалыматты продюсер Паризат Жакыпбекова менен болгон маектен окуй аласыздар

© Фото / Нурмухаммед Абдыкалык уулу"Делбирим" тасмасын тартуу иштери 25-июнда Ташкентте башталган. Кинонун сценарийин Керез Зарлыкова жазса, режиссерлук ишти өзбекстандык Сарвар Каримов алып барды.
Съемки кыргызско-узбекской кинофильма Делбирим - Sputnik Кыргызстан
1/17
"Делбирим" тасмасын тартуу иштери 25-июнда Ташкентте башталган. Кинонун сценарийин Керез Зарлыкова жазса, режиссерлук ишти өзбекстандык Сарвар Каримов алып барды.
© Фото / Нурмухаммед Абдыкалык уулуКыргызстандын белгилүү актрисасы Элина Абай кызы терс каармандын ролун аткарып, Кадичанын образын жаратты
Съемки кыргызско-узбекской кинофильма Делбирим - Sputnik Кыргызстан
2/17
Кыргызстандын белгилүү актрисасы Элина Абай кызы терс каармандын ролун аткарып, Кадичанын образын жаратты
© Фото / Нурмухаммед Абдыкалык уулуТасманы тартуу иштерин "Өзбеккино" улуттук агенттиги аркалады. Кыргызстандан оператор Нурмухаммед Абдыкалык уулу барган
Съемки кыргызско-узбекской кинофильма Делбирим - Sputnik Кыргызстан
3/17
Тасманы тартуу иштерин "Өзбеккино" улуттук агенттиги аркалады. Кыргызстандан оператор Нурмухаммед Абдыкалык уулу барган
© Фото / Нурмухаммед Абдыкалык уулуИлияс менен Аселдин жаңыдан таанышып, жүз көрүшкөн учурундагы ирмем. Илиястын ролун белгилүү актер өзбекстандык актер Адиз Ражапов ойноду. Ал эми Кыргыз улуттук драма театрынын актрисасы Мадина Талипбек башкы каарман Аселдин ролун аткарды
Съемки кыргызско-узбекской кинофильма Делбирим - Sputnik Кыргызстан
4/17
Илияс менен Аселдин жаңыдан таанышып, жүз көрүшкөн учурундагы ирмем. Илиястын ролун белгилүү актер өзбекстандык актер Адиз Ражапов ойноду. Ал эми Кыргыз улуттук драма театрынын актрисасы Мадина Талипбек башкы каарман Аселдин ролун аткарды
© Фото / Сардор АнваровТасманын айрым эпизоддору Кыргызстандын бермети Ысык-Көлдүн жээгинде дагы тартылды
Съемки кыргызско-узбекской кинофильма Делбирим - Sputnik Кыргызстан
5/17
Тасманын айрым эпизоддору Кыргызстандын бермети Ысык-Көлдүн жээгинде дагы тартылды
© Фото / Нурмухаммед Абдыкалык уулуЭлина Абай кызы буга чейин эмне үчүн Аселдин ролун ойнобогонуна түшүндүрмө берген. Анда "Эмне үчүн Асел эмес? Анткени мен бир гана амплуада туруп калгым келбейт. Түрдүү, кызыктуу образдарды жаратып, өсүүнү каалайм. Менин потенциалым толугу менен ачыла элек. Көп нерсени үйрөнүшүм керек", — деп айткан
Съемки кыргызско-узбекской кинофильма Делбирим - Sputnik Кыргызстан
6/17
Элина Абай кызы буга чейин эмне үчүн Аселдин ролун ойнобогонуна түшүндүрмө берген. Анда "Эмне үчүн Асел эмес? Анткени мен бир гана амплуада туруп калгым келбейт. Түрдүү, кызыктуу образдарды жаратып, өсүүнү каалайм. Менин потенциалым толугу менен ачыла элек. Көп нерсени үйрөнүшүм керек", — деп айткан
© Фото / Нурмухаммед Абдыкалык уулуКыргызстандык актрисалардын бул тасмага тартылышы коомчулукта терс пикир менен да коштолгон. Мындан улам Элина Абай кызы социалдык баракчасы аркылуу ошол эркектерге кайрылып, жалган патриот болбоого, элди бөлүп-жарбоого чакырган
Съемки кыргызско-узбекской кинофильма Делбирим - Sputnik Кыргызстан
7/17
Кыргызстандык актрисалардын бул тасмага тартылышы коомчулукта терс пикир менен да коштолгон. Мындан улам Элина Абай кызы социалдык баракчасы аркылуу ошол эркектерге кайрылып, жалган патриот болбоого, элди бөлүп-жарбоого чакырган
© Фото / Нурмухаммед Абдыкалык уулуСүйүүнүн азабын тартып, илгери үмүтү таш каап Илиясын күтүп отурган Асел
Съемки кыргызско-узбекской кинофильма Делбирим - Sputnik Кыргызстан
8/17
Сүйүүнүн азабын тартып, илгери үмүтү таш каап Илиясын күтүп отурган Асел
© Фото / Нурмухаммед Абдыкалык уулуАсел экинчи турмушунда орун-очок алган Байтемирдин үйү
Съемки кыргызско-узбекской кинофильма Делбирим - Sputnik Кыргызстан
9/17
Асел экинчи турмушунда орун-очок алган Байтемирдин үйү
© Фото / Нурмухаммед Абдыкалык уулуАсел күйөөсү Илияска таарынып кетип баратып жолчунун үйүнө түнөп калат да, эртеси кетүүгө камынат. Байтемир аны кетиргиси келген эмес…
Съемки кыргызско-узбекской кинофильма Делбирим - Sputnik Кыргызстан
10/17
Асел күйөөсү Илияска таарынып кетип баратып жолчунун үйүнө түнөп калат да, эртеси кетүүгө камынат. Байтемир аны кетиргиси келген эмес…
© Фото / Нурмухаммед Абдыкалык уулуИлияс акыры аялы менен уулуна кайтып келгени менен бирок кеч болуп калган эле…
Съемки кыргызско-узбекской кинофильма Делбирим - Sputnik Кыргызстан
11/17
Илияс акыры аялы менен уулуна кайтып келгени менен бирок кеч болуп калган эле…
© Фото / Нурмухаммед Абдыкалык уулуМадина Талипбек буга чейин "Дарак ыры", "Махабат", "Кокуй кошуна", "Таиланддагы каникул" (Казакстан) жана башка тасмаларда роль жараткан
Съемки кыргызско-узбекской кинофильма Делбирим - Sputnik Кыргызстан
12/17
Мадина Талипбек буга чейин "Дарак ыры", "Махабат", "Кокуй кошуна", "Таиланддагы каникул" (Казакстан) жана башка тасмаларда роль жараткан
© Фото / Нурмухаммед Абдыкалык уулуАселдин кийинки турмушу жолдо кезиктирген Байтемир менен башталат
Съемки кыргызско-узбекской кинофильма Делбирим - Sputnik Кыргызстан
13/17
Аселдин кийинки турмушу жолдо кезиктирген Байтемир менен башталат
© Фото / Нурмухаммед Абдыкалык уулуТасмага өзбекстандык Сарвар Каримов режиссерлук кылды
Съемки кыргызско-узбекской кинофильма Делбирим - Sputnik Кыргызстан
14/17
Тасмага өзбекстандык Сарвар Каримов режиссерлук кылды
© Фото / Нурмухаммед Абдыкалык уулуЭлина Абай кызы "Өзбек кинонун" көркөм кеңеши аны Кадичанын ролуна бекиткенин укканда кубануу менен кабыл алганын айтат
Съемки кыргызско-узбекской кинофильма Делбирим - Sputnik Кыргызстан
15/17
Элина Абай кызы "Өзбек кинонун" көркөм кеңеши аны Кадичанын ролуна бекиткенин укканда кубануу менен кабыл алганын айтат
© Фото / Сардор Анваров"Делбирим" тасмасын тартуу иштери Балыкчы шаарында аяктады. Тасма экранга ушул жылдын аягында чыгарылат.
Съемки кыргызско-узбекской кинофильма Делбирим - Sputnik Кыргызстан
16/17
"Делбирим" тасмасын тартуу иштери Балыкчы шаарында аяктады. Тасма экранга ушул жылдын аягында чыгарылат.
© Фото / Нурмухаммед Абдыкалык уулуКадр сыртында иштеген чыгармачылык топ. Киного Кыргызстандан Паризат Жакыпбекова продюсерлик кылды
Съемки кыргызско-узбекской кинофильма Делбирим - Sputnik Кыргызстан
17/17
Кадр сыртында иштеген чыгармачылык топ. Киного Кыргызстандан Паризат Жакыпбекова продюсерлик кылды
Жаңылыктар түрмөгү
0