Апта ирмеми: тырмоо кармаган Жээнбековдон аарыга оронгон кишиге чейин

918
  • Сауд аравиялык балчы Зухаир Фатани дүйнөлүк рекорд коюу үчүн аарынын уюгун денесине жабыштырды.
  • КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен калаа башчысы Азиз Суракматов Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакта өткөн ишембиликке катышты
  • Россиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Ыраакы чыгыштын көчөлөрү аттуу чыгыш экономикалык форумдун алкагында жолугушту
  • Швейцариялык ыктыярчылар быйыл жайда Европаны каптаган ысыктан Рона мөңгүсүнүн үстүн атайын кездеме менен жаап коюшту
  • Пхеньянда Түндүк Кореянын түптөлгөнүнүн 70 жылдыгына карата салтанат өттү
  • Эл аралык космос станциясындагы астронавттар АКШнын чыгыш жээктерин кучагына алган Флоренс катуу шамалын сүрөткө тартты
  • Эйлат (Израиль) шаарында сууда сүзүү боюнча мелдеш өттү
  • Белгилүү жөө күлүк Усейн Болт жердин тартылуу күчүн жокко чыгарган Airbus Zero-G атайын учагында жарышууда
  • Россиялык Дина Аверина көркөм гимнастика боюнча дүйнө биринчилигинде
  • Индиядагы суу ташкындын кесепети
  • Мадрид шаарындагы Манасанарес дарыясынын жээгине жээкке чыгып калган киттин инсталляциясы коюлду
  • Улуу Британиянын түштүгүндө өткөн Goodwood Revival ретро-фестивалынын алкагында уюштурулган балдардын автоунаа жарышы
  • Нью-Йорк шаарында өткөн мода жумалыгында модель Savage X Fenty коллекциясын көрсөтүүгө даярданып жатат
  • Грециянын Салоника шаарында өткөн каршылык акциясында полиция көчөгө чыккандар менен кагылышты
  • БУУнун мурдагы башкы катчысы Кофи Аннандын табытынын жанында турган гвардиячылар
  • Забайкалье крайында өткөн аскер техникаларынын парады. ТОС-1а Солнцепек комплекси
Sputnik Кыргызстан агенттиги өткөн аптада дүйнөдө болгон кызыктуу жана маанилүү окуялардын сүрөт түрмөгүн тартуулайт.

КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен калаа башчысы Азиз Суракматов Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакта өткөн ишембиликке катышты.

Болгариянын борбору София шаарында көркөм гимнастика боюнча дүйнөлүк биринчилик өттү.

Эл аралык космос станциясындагы астронавттар АКШнын чыгыш жээктерин кучагына алган "Флоренс" катуу шамалын сүрөткө тартты.

Мадрид шаарындагы Манасанарес дарыясынын жээгине жээкке чыгып калган киттин инсталляциясы коюлду.

Россиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин "Ыраакы чыгыштын көчөлөрү" аттуу чыгыш экономикалык форумдун алкагында жолугушту.

Пхеньянда Түндүк Кореянын түптөлгөнүнүн 70 жылдыгына карата салтанат уюштурулду.

Нью-Йоркто мода жумалыгы өттү.

Гананын Аккре шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун мурдагы башкы катчысы Коффи Аннан жерге берилди.

918
  • Сауд аравиялык балчы Зухаир Фатани дүйнөлүк рекорд коюу үчүн аарынын уюгун денесине жабыштырды.
    © REUTERS / Mohamed Al Hwaity

    Сауд аравиялык балчы Зухаир Фатани дүйнөлүк рекорд коюу үчүн аарынын уюгун денесине жабыштырды.

  • КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен калаа башчысы Азиз Суракматов Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакта өткөн ишембиликке катышты
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен калаа башчысы Азиз Суракматов Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бакта өткөн ишембиликке катышты

  • Россиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Ыраакы чыгыштын көчөлөрү аттуу чыгыш экономикалык форумдун алкагында жолугушту
    © Sputnik / Михаил Климентьев

    Россиянын президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин "Ыраакы чыгыштын көчөлөрү" аттуу чыгыш экономикалык форумдун алкагында жолугушту

  • Швейцариялык ыктыярчылар быйыл жайда Европаны каптаган ысыктан Рона мөңгүсүнүн үстүн атайын кездеме менен жаап коюшту
    © REUTERS / Denis Balibouse

    Швейцариялык ыктыярчылар быйыл жайда Европаны каптаган ысыктан Рона мөңгүсүнүн үстүн атайын кездеме менен жаап коюшту

  • Пхеньянда Түндүк Кореянын түптөлгөнүнүн 70 жылдыгына карата салтанат өттү
    © REUTERS / Danish Siddiqui

    Пхеньянда Түндүк Кореянын түптөлгөнүнүн 70 жылдыгына карата салтанат өттү

  • Эл аралык космос станциясындагы астронавттар АКШнын чыгыш жээктерин кучагына алган Флоренс катуу шамалын сүрөткө тартты
    © REUTERS / NASA

    Эл аралык космос станциясындагы астронавттар АКШнын чыгыш жээктерин кучагына алган "Флоренс" катуу шамалын сүрөткө тартты

  • Эйлат (Израиль) шаарында сууда сүзүү боюнча мелдеш өттү
    © AP Photo / Gilad Kavalerchik

    Эйлат (Израиль) шаарында сууда сүзүү боюнча мелдеш өттү

  • Белгилүү жөө күлүк Усейн Болт жердин тартылуу күчүн жокко чыгарган Airbus Zero-G атайын учагында жарышууда
    © REUTERS / Benoit Tessier

    Белгилүү жөө күлүк Усейн Болт жердин тартылуу күчүн жокко чыгарган Airbus Zero-G атайын учагында жарышууда

  • Россиялык Дина Аверина көркөм гимнастика боюнча дүйнө биринчилигинде
    © Sputnik / Владимир Песня

    Россиялык Дина Аверина көркөм гимнастика боюнча дүйнө биринчилигинде

  • Индиядагы суу ташкындын кесепети
    © AFP 2020 / DIPTENDU DUTTA

    Индиядагы суу ташкындын кесепети

  • Мадрид шаарындагы Манасанарес дарыясынын жээгине жээкке чыгып калган киттин инсталляциясы коюлду
    © REUTERS

    Мадрид шаарындагы Манасанарес дарыясынын жээгине жээкке чыгып калган киттин инсталляциясы коюлду

  • Улуу Британиянын түштүгүндө өткөн Goodwood Revival ретро-фестивалынын алкагында уюштурулган балдардын автоунаа жарышы
    © REUTERS / Toby Melville

    Улуу Британиянын түштүгүндө өткөн Goodwood Revival ретро-фестивалынын алкагында уюштурулган балдардын автоунаа жарышы

  • Нью-Йорк шаарында өткөн мода жумалыгында модель Savage X Fenty коллекциясын көрсөтүүгө даярданып жатат
    © REUTERS / Jeenah Moon

    Нью-Йорк шаарында өткөн мода жумалыгында модель Savage X Fenty коллекциясын көрсөтүүгө даярданып жатат

  • Грециянын Салоника шаарында өткөн каршылык акциясында полиция көчөгө чыккандар менен кагылышты
    © REUTERS / Alexandros Avramidis

    Грециянын Салоника шаарында өткөн каршылык акциясында полиция көчөгө чыккандар менен кагылышты

  • БУУнун мурдагы башкы катчысы Кофи Аннандын табытынын жанында турган гвардиячылар
    © AP Photo / Sunday Alamba

    БУУнун мурдагы башкы катчысы Кофи Аннандын табытынын жанында турган гвардиячылар

  • Забайкалье крайында өткөн аскер техникаларынын парады. ТОС-1а Солнцепек комплекси
    © Sputnik / Илья Питалев

    Забайкалье крайында өткөн аскер техникаларынын парады. ТОС-1а "Солнцепек" комплекси

Белгилер:
апта ирмеми, мода, АКШ, Кытай, Бишкек
Тема боюнча
Аалам аралап кеткен Көчмөндөр оюндары. Иш-чарадан мыкты 10 сүрөт

Акылга сыйбаган жапайы жаратылыш. Дүйнө жүзүнөн чогулган мыкты 15 сүрөт

40
(жаңыланган 17:16 05.12.2020)
  • Италиялык Франческо Визинтин Жыл фотографы наамына ээ болду. Анын Лос-Ислотес аралында суу алдындагы каньондо сүзүп бараткан тюллендин сүрөтү мыкты деп табылган
  • Жаныбардын портрети номинациясында аргентиналык Адрина Клаудия Санц жеңүүчү болду. Фотограф ушу тапта жоголуп бара жаткан квакш түрүндөгү баканы тартып алган
  • Венгриялык Томас Конч-Бистричтин бул сүрөтү Жаратылыш жаштардын көзү менен номинациясында мыкты деген баага татыды
  • Секирик. Австриялык Юлиан Рад бул сүрөтүн ушинтип атаган. Токой чычканынын чагылдырылышы Жаныбардын кыймылы аттуу номинацияны жеңип алды
  • Жаратылыш балдардын көзү менен номинациясында испаниялык Андрес Луис Домингес Бланко мыктылыгын далилдеди
  • Эко-плакаттар категориясында жеңүүчү болгон эмгек. Кытай фотографы Фу Юнкандын колунан чыккан
  • Темир жолдон жалгыз өтүп бара жаткан пилдин сүрөтү Адам жана жаратылыш номинациясында жеңүүчү болду. Автору — индиялык Анееш Санкаранкутти
  • Микродүйнө номинациясында мыкты деп табылган Calopteryx ийнелигинин сүрөтү. Норберт Касаш (Венгрия)
  • Норвегиялык Галис Оаронун муренанын чабагын түн ичинде тарткан сүрөтү Искусство жана табияттын образы номинациясында жеңүүчү болду
  • Россиянын коруктары номинациясында Геннадий Юсиндин сүрөтү биринчи орунду ээледи. Бөкөндүн сүрөтү Калмыкиянын талаасынан тартылган
  • Сууда сүзүп жүргөн өрдөктөр. Норвегиялык Терье Колаастын дрон менен тарткан сүрөтү Жапайы жаратылышты тартуудагы жаңы технологиялар номинациясын утуп алды
  • Тайвандын фотографы Ли Чиа Сяндын Бул менин издерим эмес деп аталган эмгеги Эко-плакаттар номинациясында мыктылардын бири болду
  • Россиялык Вячеслав Лузановдун Шаман багы Пейзаж номинациясында биринчиликке татыды
  • Жаратылыш койнундагы жаныбарлар номинациясында польшалык Марчин Добастын сүрөтү мыкты деп табылды. Ал тоолуу аймакты байырлаган кеа тоту кушун тарткан
  • Венгриялык Тибор Литаускинин сүрөтү Өсүмдүктөрдүн магиясы номинациясында көп эмгектин арасынан тандалып алынды
"Алтын таш бака" эл аралык сынагынын калыстар тобу быйылкы жылдын жеңүүчүлөрүн атады. Sputnik Кыргызстан агенттиги ааламдын ар бурчунан тартылган сүрөттөрдү сунуштайт.

Фотографтардын сынагы Москвада жыл сайын жапайы жаратылыш фестивалынын алкагында өткөрүлүп келет. Быйыл пандемиядан улам иш-чара онлайн форматта 20-ноябрдан 13-декабрга чейин болууда. 14 жылдын ичинде сынакка 137 мамлекеттен 22 миң кесипкөй фотограф катышкан. Конкурс 17 номинация боюнча жеңүүчүнү тандайт.

40
  • Италиялык Франческо Визинтин Жыл фотографы наамына ээ болду. Анын Лос-Ислотес аралында суу алдындагы каньондо сүзүп бараткан тюллендин сүрөтү мыкты деп табылган

    Италиялык Франческо Визинтин "Жыл фотографы" наамына ээ болду. Анын Лос-Ислотес аралында суу алдындагы каньондо сүзүп бараткан тюллендин сүрөтү мыкты деп табылган

  • Жаныбардын портрети номинациясында аргентиналык Адрина Клаудия Санц жеңүүчү болду. Фотограф ушу тапта жоголуп бара жаткан квакш түрүндөгү баканы тартып алган

    "Жаныбардын портрети" номинациясында аргентиналык Адрина Клаудия Санц жеңүүчү болду. Фотограф ушу тапта жоголуп бара жаткан квакш түрүндөгү баканы тартып алган

  • Венгриялык Томас Конч-Бистричтин бул сүрөтү Жаратылыш жаштардын көзү менен номинациясында мыкты деген баага татыды

    Венгриялык Томас Конч-Бистричтин бул сүрөтү "Жаратылыш жаштардын көзү менен" номинациясында мыкты деген баага татыды

  • Секирик. Австриялык Юлиан Рад бул сүрөтүн ушинтип атаган. Токой чычканынын чагылдырылышы Жаныбардын кыймылы аттуу номинацияны жеңип алды

    "Секирик". Австриялык Юлиан Рад бул сүрөтүн ушинтип атаган. Токой чычканынын чагылдырылышы "Жаныбардын кыймылы" аттуу номинацияны жеңип алды

  • Жаратылыш балдардын көзү менен номинациясында испаниялык Андрес Луис Домингес Бланко мыктылыгын далилдеди

    "Жаратылыш балдардын көзү менен" номинациясында испаниялык Андрес Луис Домингес Бланко мыктылыгын далилдеди

  • Эко-плакаттар категориясында жеңүүчү болгон эмгек. Кытай фотографы Фу Юнкандын колунан чыккан

    "Эко-плакаттар" категориясында жеңүүчү болгон эмгек. Кытай фотографы Фу Юнкандын колунан чыккан

  • Темир жолдон жалгыз өтүп бара жаткан пилдин сүрөтү Адам жана жаратылыш номинациясында жеңүүчү болду. Автору — индиялык Анееш Санкаранкутти

    Темир жолдон жалгыз өтүп бара жаткан пилдин сүрөтү "Адам жана жаратылыш" номинациясында жеңүүчү болду. Автору — индиялык Анееш Санкаранкутти

  • Микродүйнө номинациясында мыкты деп табылган Calopteryx ийнелигинин сүрөтү. Норберт Касаш (Венгрия)

    "Микродүйнө" номинациясында мыкты деп табылган Calopteryx ийнелигинин сүрөтү. Норберт Касаш (Венгрия)

  • Норвегиялык Галис Оаронун муренанын чабагын түн ичинде тарткан сүрөтү Искусство жана табияттын образы номинациясында жеңүүчү болду

    Норвегиялык Галис Оаронун муренанын чабагын түн ичинде тарткан сүрөтү "Искусство жана табияттын образы" номинациясында жеңүүчү болду

  • Россиянын коруктары номинациясында Геннадий Юсиндин сүрөтү биринчи орунду ээледи. Бөкөндүн сүрөтү Калмыкиянын талаасынан тартылган

    "Россиянын коруктары" номинациясында Геннадий Юсиндин сүрөтү биринчи орунду ээледи. Бөкөндүн сүрөтү Калмыкиянын талаасынан тартылган

  • Сууда сүзүп жүргөн өрдөктөр. Норвегиялык Терье Колаастын дрон менен тарткан сүрөтү Жапайы жаратылышты тартуудагы жаңы технологиялар номинациясын утуп алды

    Сууда сүзүп жүргөн өрдөктөр. Норвегиялык Терье Колаастын дрон менен тарткан сүрөтү "Жапайы жаратылышты тартуудагы жаңы технологиялар" номинациясын утуп алды

  • Тайвандын фотографы Ли Чиа Сяндын Бул менин издерим эмес деп аталган эмгеги Эко-плакаттар номинациясында мыктылардын бири болду

    Тайвандын фотографы Ли Чиа Сяндын "Бул менин издерим эмес" деп аталган эмгеги "Эко-плакаттар" номинациясында мыктылардын бири болду

  • Россиялык Вячеслав Лузановдун Шаман багы Пейзаж номинациясында биринчиликке татыды

    Россиялык Вячеслав Лузановдун "Шаман багы" "Пейзаж" номинациясында биринчиликке татыды

  • Жаратылыш койнундагы жаныбарлар номинациясында польшалык Марчин Добастын сүрөтү мыкты деп табылды. Ал тоолуу аймакты байырлаган кеа тоту кушун тарткан

    "Жаратылыш койнундагы жаныбарлар" номинациясында польшалык Марчин Добастын сүрөтү мыкты деп табылды. Ал тоолуу аймакты байырлаган кеа тоту кушун тарткан

  • Венгриялык Тибор Литаускинин сүрөтү Өсүмдүктөрдүн магиясы номинациясында көп эмгектин арасынан тандалып алынды

    Венгриялык Тибор Литаускинин сүрөтү "Өсүмдүктөрдүн магиясы" номинациясында көп эмгектин арасынан тандалып алынды

Белгилер:
фотограф, сынак, Сүрөт, жаратылыш
Тема боюнча
Эки аттап барып тамактан алды. Арстан гиенага кол салган учурдун видеосу

Тарбия, каада, тиричилик. Кыргыз аялдарынын жашоосун көрсөткөн сүрөт баян

245
  • Боз үйдүн түбүндө ийик ийрип жаткан чоң эне. Ийик — бул кебез, жүндөн жип ийрий турган аспап. Кыргыздын аялдары малдын жүнүн ийик менен ийрип жип кылып, андан түрлүү кийимдерди токуп, тигишкен.
  • Ак элечек кийген энелер наристени бешикке салышууда. Баланы бешикке салуу каадасына бир да эркек катышкан эмес, жалаң аялдар чогулуп майрамдашкан.
  • Беш көкүл чач, башта тебетей. Секелек кыздар топ таш ойноп жаткан учуру
  • Алас-алас, ар балээден калас! Аластоо кыргыздын канына сиңип калган ырым. Адатта бул ырымды жаңы үйгө киргенде, баланы бешикке салардын алдында жасашат. Ошондой эле тумоолоп калганда да арча түтөтүп коюшат.
  • Таар согуп жаткан келин. Жыгачтан жасалып турган жабдуу өрмөк деп аталат. Таар ошол өрмөккө согулат.
  • Буудайды жаргылчактан өткөрүп жаткан аялдар. Жаргылчак — бул кол тегирмен. Ал таштан жасалат. Жаргылчак менен арпа, буудай, жүгөрү, конок, таруу сыяктуу дандарды кууруп да, куурубай да майдалап, андан ун, талкан, шак, угут кылышат.
  • Келиндин колундагы илгерки жез самоор. Элечекчен эне боз үйдүн ичинде бүлөсүнө чай берүүдө.
  • Шар аккан суунун боюнда бээ саап жаткан аял. Бээнин сүтү пайдалуу келип, адистер аны көп ооруга даба деп айтып жүрүшөт.
  • Жүн сабап жаткан эне. Ушул эле жүндөн кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим тигип, түрдүү буюм жасалат.
  • Байкасаңыздар, кыргыз аялдарынын башынан элечек жайы-кышы дебей түшкөн эмес. Илекини аялдар үй жумуштарын жасоодо, ал тургай таруу майдалаганда да дайыма кийип жүрүшкөн.
  • Чоң эне менен ойноп отурган беш көкүл секелектер. Кыргыздын кыздары турмушка чыккыча чачтарын дайыма беш көкүл өрдүрүп жүрүшкөн.
  • Туш кийиз. Анын жанында кызынын чачын өрүп жаткан келиндер
  • Чебер уздар кийимдин бөлүктөрүн сайманын күчү менен көркүнө чыгарган. Сайма көбүнчө элечектин кыргагына, көйнөктөргө, белдемчиге сайылган
  • Жайлоо, керемет жаратылыш жана боорсок жасап жаткан кыргыз келин
  • Боорсокту кыргыздар той-ашта дайыма жасашат. Жыт чыгарып, куран окутууда да сөзсүз боорсок бышырылат.
Кыргыз аялдары эзелтен иштүү, оокатка тың келет. Энелер кыздарын оокатка, жумушка бышырып тарбиялашкан.

Буга далил катары Sputnik Кыргызстан агенттиги менен "Кийиз дүйнө" коомдук фонду даярдаган сүрөттөрдү сунуштайбыз.

Бул сүрөт баяндан тарбия, салт, каада, тиричилик, кыргыз аялдарынын сулуулугу, кийимдери, айтор, баарын көрө аласыздар. Айрымдарын карап отуруп кудум көчмөн турмушка барып калгандай сезимдер болот.

Мында оюнга тое элек секелектерден тарта кол өнөрчүлүк менен алектенген кыз-келин, аял, энелер бар. Ошондой эле Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышы менен салттуу кийимдер да ачык, даана көрсөтүлгөн.

 

245
  • Боз үйдүн түбүндө ийик ийрип жаткан чоң эне. Ийик — бул кебез, жүндөн жип ийрий турган аспап. Кыргыздын аялдары малдын жүнүн ийик менен ийрип жип кылып, андан түрлүү кийимдерди токуп, тигишкен.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Боз үйдүн түбүндө ийик ийрип жаткан чоң эне. Ийик — бул кебез, жүндөн жип ийрий турган аспап. Кыргыздын аялдары малдын жүнүн ийик менен ийрип жип кылып, андан түрлүү кийимдерди токуп, тигишкен.

  • Ак элечек кийген энелер наристени бешикке салышууда. Баланы бешикке салуу каадасына бир да эркек катышкан эмес, жалаң аялдар чогулуп майрамдашкан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ак элечек кийген энелер наристени бешикке салышууда. Баланы бешикке салуу каадасына бир да эркек катышкан эмес, жалаң аялдар чогулуп майрамдашкан.

  • Беш көкүл чач, башта тебетей. Секелек кыздар топ таш ойноп жаткан учуру
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Беш көкүл чач, башта тебетей. Секелек кыздар топ таш ойноп жаткан учуру

  • Алас-алас, ар балээден калас! Аластоо кыргыздын канына сиңип калган ырым. Адатта бул ырымды жаңы үйгө киргенде, баланы бешикке салардын алдында жасашат. Ошондой эле тумоолоп калганда да арча түтөтүп коюшат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Алас-алас, ар балээден калас! Аластоо кыргыздын канына сиңип калган ырым. Адатта бул ырымды жаңы үйгө киргенде, баланы бешикке салардын алдында жасашат. Ошондой эле тумоолоп калганда да арча түтөтүп коюшат.

  • Таар согуп жаткан келин. Жыгачтан жасалып турган жабдуу өрмөк деп аталат. Таар ошол өрмөккө согулат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Таар согуп жаткан келин. Жыгачтан жасалып турган жабдуу "өрмөк" деп аталат. Таар ошол өрмөккө согулат.

  • Буудайды жаргылчактан өткөрүп жаткан аялдар. Жаргылчак — бул кол тегирмен. Ал таштан жасалат. Жаргылчак менен арпа, буудай, жүгөрү, конок, таруу сыяктуу дандарды кууруп да, куурубай да майдалап, андан ун, талкан, шак, угут кылышат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Буудайды жаргылчактан өткөрүп жаткан аялдар. Жаргылчак — бул кол тегирмен. Ал таштан жасалат. Жаргылчак менен арпа, буудай, жүгөрү, конок, таруу сыяктуу дандарды кууруп да, куурубай да майдалап, андан ун, талкан, шак, угут кылышат.

  • Келиндин колундагы илгерки жез самоор. Элечекчен эне боз үйдүн ичинде бүлөсүнө чай берүүдө.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Келиндин колундагы илгерки жез самоор. Элечекчен эне боз үйдүн ичинде бүлөсүнө чай берүүдө.

  • Шар аккан суунун боюнда бээ саап жаткан аял. Бээнин сүтү пайдалуу келип, адистер аны көп ооруга даба деп айтып жүрүшөт.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шар аккан суунун боюнда бээ саап жаткан аял. Бээнин сүтү пайдалуу келип, адистер аны көп ооруга даба деп айтып жүрүшөт.

  • Жүн сабап жаткан эне. Ушул эле жүндөн кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим тигип, түрдүү буюм жасалат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жүн сабап жаткан эне. Ушул эле жүндөн кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим тигип, түрдүү буюм жасалат.

  • Байкасаңыздар, кыргыз аялдарынын башынан элечек жайы-кышы дебей түшкөн эмес. Илекини аялдар үй жумуштарын жасоодо, ал тургай таруу майдалаганда да дайыма кийип жүрүшкөн.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Байкасаңыздар, кыргыз аялдарынын башынан элечек жайы-кышы дебей түшкөн эмес. Илекини аялдар үй жумуштарын жасоодо, ал тургай таруу майдалаганда да дайыма кийип жүрүшкөн.

  • Чоң эне менен ойноп отурган беш көкүл секелектер. Кыргыздын кыздары турмушка чыккыча чачтарын дайыма беш көкүл өрдүрүп жүрүшкөн.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чоң эне менен ойноп отурган беш көкүл секелектер. Кыргыздын кыздары турмушка чыккыча чачтарын дайыма беш көкүл өрдүрүп жүрүшкөн.

  • Туш кийиз. Анын жанында кызынын чачын өрүп жаткан келиндер
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Туш кийиз. Анын жанында кызынын чачын өрүп жаткан келиндер

  • Чебер уздар кийимдин бөлүктөрүн сайманын күчү менен көркүнө чыгарган. Сайма көбүнчө элечектин кыргагына, көйнөктөргө, белдемчиге сайылган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чебер уздар кийимдин бөлүктөрүн сайманын күчү менен көркүнө чыгарган. Сайма көбүнчө элечектин кыргагына, көйнөктөргө, белдемчиге сайылган

  • Жайлоо, керемет жаратылыш жана боорсок жасап жаткан кыргыз келин
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жайлоо, керемет жаратылыш жана боорсок жасап жаткан кыргыз келин

  • Боорсокту кыргыздар той-ашта дайыма жасашат. Жыт чыгарып, куран окутууда да сөзсүз боорсок бышырылат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Боорсокту кыргыздар той-ашта дайыма жасашат. Жыт чыгарып, куран окутууда да сөзсүз боорсок бышырылат.

Белгилер:
Сүрөт, тарбия, турмуш, каада-салт, кийим, аял, кыргыз
Тема боюнча
Кеп такыячан эл алдына чыгуу уят болот. Салттуу баш кийимдердин сырлары
Тебетей кийип, шуру тагынып... Салттуу кийимди көркүнө чыгарган бөбөктөрдүн 14 сүрөтү
Мечитте намаз кылып аткан киши. Архивдик сүрөт

Министрлик диний маалыматтарды абайлап чагылдырууга чакырды

0
(жаңыланган 17:35 05.12.2020)
Мекеменин билдиришинче, соңку кезде өзгөчө этияттуулукту талап кылган дин жана радикализм маселелерине тиешелүү билдирүүлөр чагылдырылып жатат.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Ички иштер министрлиги диний маселелерди чагылдырууда мыйзамдагы нормалардын чегинен чыкпоого чакырат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, соңку кезде өзгөчө этияттуулукту талап кылган дин жана радикализм маселелерине тиешелүү билдирүүлөр чагылдырылып жатат. Анын ичинде Баш мыйзамдан "Мамлекеттин башкаруусуна дин аралашпаган" түшүнүгүн алып салуу тууралуу сунуштар кызуу талкууга алынып, коомчулук ар кандай пикирлерин айтып жатканы белгиленет.

"Ушуга байланыштуу министрлик калкты радикалдаштыруу аракеттерин көргөн материалдарга көңүл бурууга милдеттүү. ИИМ жарандардан, диний жана коомдук ишмерлерден бул маселени талкуулоодо өзгөчө этият болуп, калкты тынчсыздандырбоого жана мыйзамда көрсөтүлгөн нормалардын чегинен чыкпаганга чакырат", — деп жазылган маалыматта.

Диний кастыкты козуткусу келгендерге мыйзам чегинде чара көрүлөрү эскертилди.

0
Белгилер:
эскертүү, ИИМ, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган уюмдар. Тизме