Чачтан тартылган залкарлар, 3D кишилер. Бишкектеги өзгөчө көргөзмөнүн сүрөттөрү

454
(жаңыланган 20:39 09.12.2018)
  • Көргөзмөнүн ачылышы кечээ, 30-ноябрда, болду. Иш-чара төрт күнгө мерчемделген.
  • Улуттук кийимдерди жана аспаптарды даңазалоону максат кылган Мээрим Асаналикова менен Элвира Усупова 3D форматында тарткан 21 сүрөтүн элге тартуулады
  • Умар Мажитов чачтын кыркындысынан дүйнөгө белгилүү адамдар Брюс Ли менен Майк Тайсондун да элесин түшүргөн
  • 3D сүрөттү жаратуу үчүн бир айга чейинки убакыт талап кылынарын айтышат. Ал эми бул кыздын сүрөтү бир жумада даяр болгон.
  • Мындай өзгөчө сүрөт көргөзмө Кыргызстанда биринчи ирет өтүп жатат
  • Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун сүрөтүн тартууга бир суткага чукул убакыт кетти. Убакыт аз болгондуктан күнү-түнү иштеп жаттым. Портреттин узуну 80, туурасы 60 сантиметрди түзөт, — деди автор.
  • Ал эми бул жерден эрке секелек кыздын образын көрө аласыздар
  • Sputnik Кыргызстан агенттиги буга чейин Умардын таланты тууралуу материал жасагандан кийин коомчулуктун көңүлү бурулган. Муну сүрөтчү өзү да белгилеп, көргөзмө уюштурууга ошол макала жана элдин колдоосу чоң стимул болгонун айтты.
  • 3D форматындагы сүрөттөргө бир гана боёк колдонулбайт, кездеме, кийиз, тери, шуру, топчу, жип сыяктуу бир нече элементтерден кураштырып бир адамдын образын ачышат.
  • Автор жөн жерден эле чачтын кыркындысынан сүрөт тартып калган эмес. Ал алты жылдан бери чачтарач болуп иштейт.
  • Умар Мажитов бала чагында сүрөтчү болууну кыялданган. Бирок ал жашоо шартынан жана ата-энесинин каршылыгынан улам жактырган кесибин аркалай алган эмес. Эми кеч болсо да дээриндеги талантты сыртка чыгара алды.
  • Дем алыш күндөрү жакындарыңыз менен барып, өзгөчө өнөр ээлеринин эмгектерин өз көзүңүз менен көрүп келсеңиз болот
Бишкектеги соода борборлордун биринде өзгөчө өнөр ээлеринин колунан жаралган эмгектердин көргөзмөсү өтүп жатат. 30-ноябрда башталган иш-чара 3-декабрда жыйынтыкталат.

Ал жерге Умар Мажитов чачтын кыркындысынан тарткан ар кандай сүрөттөрүн жана Чыңгыз Айтматов, Исхак Раззаков, Сүймөнкул Чокморов, Саякбай Каралаев сыяктуу Кыргызстандын жана дүйнөнүн көрүнүктүү инсандарынын портретин алып келген. Арасында президент Сооронбай Жээнбековдун да сүрөтү бар

Ал эми улуттук кийимдерди жана аспаптарды даңазалоону максат кылган Мээрим Асаналикова менен Элвира Усупова 3D форматында тарткан 21 сүрөтүн элге тартуулады. Алар бир эле сүрөттү жаратуу үчүн бир жумадан бир айга чейинки убакыт талап кылынарын айтышат. Боёк эле эмес, кездеме, кийиз, тери, шуру, топчу, жип сыяктуу бир нече элементтердин курандысынан бир адамдын образы ачылат экен.

Sputnik Кыргызстан агенттиги буга чейин Умардын таланты тууралуу материал жасагандан кийин коомчулуктун көңүлү бурулган. Муну сүрөтчү өзү да белгилеп, көргөзмө уюштурууга ошол макала жана элдин колдоосу чоң стимул болгонун айтты.

"Бул жерге 24 сүрөтүмдү алып келип, эл сынына койдум. Негизи 6 айдан кийин уюштурууну пландаган болчумун. Сиздердин колдооңуздар мага чоң дем берип, бир айдын ичинде даярдоого жетиштим. Мындан ары дагы ушул искусство аркылуу эл аралык сынактарга катышайын деген ойлорум бар", — деди Мажитов.

Ошондой эле ал тарткан портреттерди 100 долларга чейин баалап сатып алууга кызыккандар болгонун айтты.

454
  • Көргөзмөнүн ачылышы кечээ, 30-ноябрда, болду. Иш-чара төрт күнгө мерчемделген.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Көргөзмөнүн ачылышы кечээ, 30-ноябрда, болду. Иш-чара төрт күнгө мерчемделген.

  • Улуттук кийимдерди жана аспаптарды даңазалоону максат кылган Мээрим Асаналикова менен Элвира Усупова 3D форматында тарткан 21 сүрөтүн элге тартуулады
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Улуттук кийимдерди жана аспаптарды даңазалоону максат кылган Мээрим Асаналикова менен Элвира Усупова 3D форматында тарткан 21 сүрөтүн элге тартуулады

  • Умар Мажитов чачтын кыркындысынан дүйнөгө белгилүү адамдар Брюс Ли менен Майк Тайсондун да элесин түшүргөн
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Умар Мажитов чачтын кыркындысынан дүйнөгө белгилүү адамдар Брюс Ли менен Майк Тайсондун да элесин түшүргөн

  • 3D сүрөттү жаратуу үчүн бир айга чейинки убакыт талап кылынарын айтышат. Ал эми бул кыздын сүрөтү бир жумада даяр болгон.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    3D сүрөттү жаратуу үчүн бир айга чейинки убакыт талап кылынарын айтышат. Ал эми бул кыздын сүрөтү бир жумада даяр болгон.

  • Мындай өзгөчө сүрөт көргөзмө Кыргызстанда биринчи ирет өтүп жатат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Мындай өзгөчө сүрөт көргөзмө Кыргызстанда биринчи ирет өтүп жатат

  • Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун сүрөтүн тартууга бир суткага чукул убакыт кетти. Убакыт аз болгондуктан күнү-түнү иштеп жаттым. Портреттин узуну 80, туурасы 60 сантиметрди түзөт, — деди автор.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    "Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун сүрөтүн тартууга бир суткага чукул убакыт кетти. Убакыт аз болгондуктан күнү-түнү иштеп жаттым. Портреттин узуну 80, туурасы 60 сантиметрди түзөт", — деди автор.

  • Ал эми бул жерден эрке секелек кыздын образын көрө аласыздар
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ал эми бул жерден эрке секелек кыздын образын көрө аласыздар

  • Sputnik Кыргызстан агенттиги буга чейин Умардын таланты тууралуу материал жасагандан кийин коомчулуктун көңүлү бурулган. Муну сүрөтчү өзү да белгилеп, көргөзмө уюштурууга ошол макала жана элдин колдоосу чоң стимул болгонун айтты.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Sputnik Кыргызстан агенттиги буга чейин Умардын таланты тууралуу материал жасагандан кийин коомчулуктун көңүлү бурулган. Муну сүрөтчү өзү да белгилеп, көргөзмө уюштурууга ошол макала жана элдин колдоосу чоң стимул болгонун айтты.

  • 3D форматындагы сүрөттөргө бир гана боёк колдонулбайт, кездеме, кийиз, тери, шуру, топчу, жип сыяктуу бир нече элементтерден кураштырып бир адамдын образын ачышат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    3D форматындагы сүрөттөргө бир гана боёк колдонулбайт, кездеме, кийиз, тери, шуру, топчу, жип сыяктуу бир нече элементтерден кураштырып бир адамдын образын ачышат.

  • Автор жөн жерден эле чачтын кыркындысынан сүрөт тартып калган эмес. Ал алты жылдан бери чачтарач болуп иштейт.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Автор жөн жерден эле чачтын кыркындысынан сүрөт тартып калган эмес. Ал алты жылдан бери чачтарач болуп иштейт.

  • Умар Мажитов бала чагында сүрөтчү болууну кыялданган. Бирок ал жашоо шартынан жана ата-энесинин каршылыгынан улам жактырган кесибин аркалай алган эмес. Эми кеч болсо да дээриндеги талантты сыртка чыгара алды.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Умар Мажитов бала чагында сүрөтчү болууну кыялданган. Бирок ал убагында жактырган кесибин аркалай алган эмес. Эми кеч болсо да дээриндеги талантты сыртка чыгара алды.

  • Дем алыш күндөрү жакындарыңыз менен барып, өзгөчө өнөр ээлеринин эмгектерин өз көзүңүз менен көрүп келсеңиз болот
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Дем алыш күндөрү жакындарыңыз менен барып, өзгөчө өнөр ээлеринин эмгектерин өз көзүңүз менен көрүп келсеңиз болот

Белгилер:
портрет, чач тарач, сүрөтчү, көргөзмө, Умар Мажитов
Тема боюнча
Чачтан портрет тарткан Умар. Сүрөтчү болбой калган чач тарачтын өнөрү видеодо
Бишкекте Бурулайдын портрети жатакананын дубалына тартылды
Бишкектик сүрөтчү келин эне жөнүндө эмгектери менен интернетти жарды. 10 сүрөт
Пикирлер