Апта ирмеми: ай чырай сулуулардан поезддин кыйрашына чейин

341
(жаңыланган 15:02 18.12.2018)
  • Ирактык укук коргоочу (солдон экинчи) Надя Мурат менен Конго мамлкетинин гинекологу Дени Муквеге (оңдон экинчи) Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгынын  тапшыруу аземинде. Осло.
  • Бейшемби күнү эртең менен Түркиянын Анкара шаарынан Коньяны көздөй бара жаткан катуу ылдамдык менен жүрүүчү поезд локомотив менен кагышып, үч вагону рельстен чыгып кеткен. Кырсыктан жөө адамдар өтүүчү өтмөк кыйраган. Тогуз киши каза таап, 84 адам жабыркаган. Анын 34ү ооруканада экени айтылды.
  • Парижде сары күрмөчөндөр жабыркаткан Триумф аркасындагы статуя. Бийликтин жүргүзгөн саясатына макул болбогон жана күйүүчү майдын кымбатташына нааразычылык жараткан сары күрмөчөндөр 17-ноябрдан тарта акция өткөрүшүүдө. Алгач бензинге болгон бааны төмөндөтүүнү талап кылып, кийинчерээк дагы бир топ сунуштарды айтышкан. Нааразылык акциялары полиция менен кагылышуу, автоунааларды өрттөө, дүкөн жана банктарды талкалоо менен коштолгон.
  • Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койгон Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева. Улуу жазуучу 12-декабрь күнү 90 жашка чыкмак.
  • Бангладештин Кокс-Базар шаарынын жанындагы качкын рохинжалар баш калкалаган Балакули лагери
  • Газ сектору менен чектешкен аймакта изралдик аскерлер менен кагылышуу маалында колуна таш алган палестиналык кыз
  • Кытайда ачуу калемпир жеп жарышкан таймаш өттү
  • Кремлде өтүүчү III эл аралык кадеттер балы. Катышуучулар тыныгуу учурунда.
  • Таиланддын Бангкок шаарында Аалам сулуусу — 2018 эл аралык сынагы болуп өттү. Ага Кыргызстандын атынан Бегимай Карыбекова катышты.
  • Кычыраган аязда балык уулаган киши. Россия, Красноярск крайы
  • Конгодо Эбола вирусунан каза болгон адамдын табытын дезинфекциялап жаткан медицина кызматкерлери. Ушу тапта аталган дартты жугузуп алгандардын саны 500гө чукулдады. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча илдеттен 290 киши набыт болгон.
  • АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп Вашингтондогу балдар ооруканасына барып китеп окуп берди
  • Испаниянын түштүгүндөгү Малага портунан кармалган мигранттар
  • Мурунку транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду орун басарынын пара алуусунан улам Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков сынга алды. Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жатып кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча паранын жалпы көлөмү 500 миң доллардан ашык болгон. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Калиловдун отставкасы боюнча президентке сунуш киргизип, Жээнбеков аны кабыл алды.
  • АКШнын Бостон шаарындагы Рождествого арналган марафон
  • Индиянын Мумбаи шаарында капуста салынган капты көтөрүп бараткан киши
  • Төшүн жылаңачтап алган беш аял Париждин Елисей талаасында акцияга чыкты. Алар үстүндөгү кызыл кофтасынын боорун ачып, денеси менен бетин боеп алышкан.
  • Аалам сулуусу — 2018 сынагынын Коста-Рикадан барган катышуучусу
Sputnik Кыргызстан өткөн жумада болуп өткөн кызыктуу жана маанилүү окуялардын сүрөт түрмөгүн сунуштайт.

Норвегиянын борбору Осло шаарында 2018-жылдын Нобель сыйлыгы сексуалдык зомбулукту согуш куралы катары колдонууну токтотууга болгон аракет үчүн берилди.

АКШнын Бостон калаасында Santa Speedo Run деп аталган Рождество майрамына арналган марафон болуп өттү.

Түркияда Анкара — Конья каттамы менен бара жаткан катуу ылдамдык менен жүргөн поезд кырсыктап, 9 киши каза тапты. Дагы 84 адамдын ар кандай жаракат алганы айтылды.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюп, куран окутушту.

Конгодо 500дөй адам Эбола дартын жуктуруп алганы айтылды.

Бангкокто (Таиланд) эл аралык "Аалам сулуусу — 2018" сынагы өтүп, таажы үчүн кыргызстандык сулуу Бегимай Карыбекова да катышты.

341
  • Ирактык укук коргоочу (солдон экинчи) Надя Мурат менен Конго мамлкетинин гинекологу Дени Муквеге (оңдон экинчи) Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгынын  тапшыруу аземинде. Осло.
    © AFP 2020 / TOBIAS SCHWARZ

    Ирактык укук коргоочу (солдон экинчи) Надя Мурат менен Конго мамлкетинин гинекологу Дени Муквеге (оңдон экинчи) Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгынын тапшыруу аземинде. Осло.

  • Бейшемби күнү эртең менен Түркиянын Анкара шаарынан Коньяны көздөй бара жаткан катуу ылдамдык менен жүрүүчү поезд локомотив менен кагышып, үч вагону рельстен чыгып кеткен. Кырсыктан жөө адамдар өтүүчү өтмөк кыйраган. Тогуз киши каза таап, 84 адам жабыркаган. Анын 34ү ооруканада экени айтылды.
    © Sputnik / Алтан Гочер

    Бейшемби күнү эртең менен Түркиянын Анкара шаарынан Коньяны көздөй бара жаткан катуу ылдамдык менен жүрүүчү поезд локомотив менен кагышып, үч вагону рельстен чыгып кеткен. Кырсыктан жөө адамдар өтүүчү өтмөк кыйраган. Тогуз киши каза таап, 84 адам жабыркаган. Анын 34ү ооруканада экени айтылды.

  • Парижде сары күрмөчөндөр жабыркаткан Триумф аркасындагы статуя. Бийликтин жүргүзгөн саясатына макул болбогон жана күйүүчү майдын кымбатташына нааразычылык жараткан сары күрмөчөндөр 17-ноябрдан тарта акция өткөрүшүүдө. Алгач бензинге болгон бааны төмөндөтүүнү талап кылып, кийинчерээк дагы бир топ сунуштарды айтышкан. Нааразылык акциялары полиция менен кагылышуу, автоунааларды өрттөө, дүкөн жана банктарды талкалоо менен коштолгон.
    © AFP 2020 / CHRISTOPHE ARCHAMBAULT

    Парижде "сары күрмөчөндөр" жабыркаткан Триумф аркасындагы статуя.
    Бийликтин жүргүзгөн саясатына макул болбогон жана күйүүчү майдын кымбатташына нааразычылык жараткан "сары күрмөчөндөр" 17-ноябрдан тарта акция өткөрүшүүдө. Алгач бензинге болгон бааны төмөндөтүүнү талап кылып, кийинчерээк дагы бир топ сунуштарды айтышкан. Нааразылык акциялары полиция менен кагылышуу, автоунааларды өрттөө, дүкөн жана банктарды талкалоо менен коштолгон.

  • Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койгон Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева. Улуу жазуучу 12-декабрь күнү 90 жашка чыкмак.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койгон Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева. Улуу жазуучу 12-декабрь күнү 90 жашка чыкмак.

  • Бангладештин Кокс-Базар шаарынын жанындагы качкын рохинжалар баш калкалаган Балакули лагери
    © Sputnik / Шахневаз Хан

    Бангладештин Кокс-Базар шаарынын жанындагы качкын рохинжалар баш калкалаган Балакули лагери

  • Газ сектору менен чектешкен аймакта изралдик аскерлер менен кагылышуу маалында колуна таш алган палестиналык кыз
    © AFP 2020 / ABBAS MOMANI

    Газ сектору менен чектешкен аймакта изралдик аскерлер менен кагылышуу маалында колуна таш алган палестиналык кыз

  • Кытайда ачуу калемпир жеп жарышкан таймаш өттү
    © AFP 2020 / STR

    Кытайда ачуу калемпир жеп жарышкан таймаш өттү

  • Кремлде өтүүчү III эл аралык кадеттер балы. Катышуучулар тыныгуу учурунда.
    © AP Photo / Alexander Zemlianichenko

    Кремлде өтүүчү III эл аралык кадеттер балы. Катышуучулар тыныгуу учурунда.

  • Таиланддын Бангкок шаарында Аалам сулуусу — 2018 эл аралык сынагы болуп өттү. Ага Кыргызстандын атынан Бегимай Карыбекова катышты.
    © AFP 2020 / Lillian SUWANRUMPHA

    Таиланддын Бангкок шаарында "Аалам сулуусу — 2018" эл аралык сынагы болуп өттү. Ага Кыргызстандын атынан Бегимай Карыбекова катышты.

  • Кычыраган аязда балык уулаган киши. Россия, Красноярск крайы
    © REUTERS / ILYA NAYMUSHIN

    Кычыраган аязда балык уулаган киши. Россия, Красноярск крайы

  • Конгодо Эбола вирусунан каза болгон адамдын табытын дезинфекциялап жаткан медицина кызматкерлери. Ушу тапта аталган дартты жугузуп алгандардын саны 500гө чукулдады. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча илдеттен 290 киши набыт болгон.
    © REUTERS / GORAN TOMASEVIC

    Конгодо Эбола вирусунан каза болгон адамдын табытын дезинфекциялап жаткан медицина кызматкерлери. Ушу тапта аталган дартты жугузуп алгандардын саны 500гө чукулдады. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча илдеттен 290 киши набыт болгон.

  • АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп Вашингтондогу балдар ооруканасына барып китеп окуп берди
    © REUTERS / KEVIN LAMARQUE

    АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп Вашингтондогу балдар ооруканасына барып китеп окуп берди

  • Испаниянын түштүгүндөгү Малага портунан кармалган мигранттар
    © REUTERS / JON NAZCA

    Испаниянын түштүгүндөгү Малага портунан кармалган мигранттар

  • Мурунку транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду орун басарынын пара алуусунан улам Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков сынга алды. Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жатып кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча паранын жалпы көлөмү 500 миң доллардан ашык болгон. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Калиловдун отставкасы боюнча президентке сунуш киргизип, Жээнбеков аны кабыл алды.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Мурунку транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду орун басарынын пара алуусунан улам Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков сынга алды. Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара алып жатып кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча паранын жалпы көлөмү 500 миң доллардан ашык болгон.
    Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Калиловдун отставкасы боюнча президентке сунуш киргизип, Жээнбеков аны кабыл алды.

  • АКШнын Бостон шаарындагы Рождествого арналган марафон
    © REUTERS / BRIAN SNYDER

    АКШнын Бостон шаарындагы Рождествого арналган марафон

  • Индиянын Мумбаи шаарында капуста салынган капты көтөрүп бараткан киши
    © REUTERS / FRANCIS MASCARENHAS

    Индиянын Мумбаи шаарында капуста салынган капты көтөрүп бараткан киши

  • Төшүн жылаңачтап алган беш аял Париждин Елисей талаасында акцияга чыкты. Алар үстүндөгү кызыл кофтасынын боорун ачып, денеси менен бетин боеп алышкан.
    © REUTERS / BENOIT TESSIER

    Төшүн жылаңачтап алган беш аял Париждин Елисей талаасында акцияга чыкты. Алар үстүндөгү кызыл кофтасынын боорун ачып, денеси менен бетин боеп алышкан.

  • Аалам сулуусу — 2018 сынагынын Коста-Рикадан барган катышуучусу
    © AFP 2020 / LILLIAN SUWANRUMPHA

    "Аалам сулуусу — 2018" сынагынын Коста-Рикадан барган катышуучусу

Белгилер:
апта ирмеми, Дүйнө, Кыргызстан
Тема боюнча
Кымча бел айжаркындар... "Аалам сулуусундагы" селкилердин ачык сүрөттөрү

Акылга сыйбаган жапайы жаратылыш. Дүйнө жүзүнөн чогулган мыкты 15 сүрөт

8
  • Италиялык Франческо Визинтин Жыл фотографы наамына ээ болду. Анын Лос-Ислотес аралында суу алдындагы каньондо сүзүп бараткан тюллендин сүрөтү мыкты деп табылган
  • Жаныбардын портрети номинациясында аргентиналык Адрина Клаудия Санц жеңүүчү болду. Фотограф ушу тапта жоголуп бара жаткан квакш түрүндөгү баканы тартып алган
  • Венгриялык Томас Конч-Бистричтин бул сүрөтү Жаратылыш жаштардын көзү менен номинациясында мыкты деген баага татыды
  • Секирик. Австриялык Юлиан Рад бул сүрөтүн ушинтип атаган. Токой чычканынын чагылдырылышы Жаныбардын кыймылы аттуу номинацияны жеңип алды
  • Жаратылыш балдардын көзү менен номинациясында испаниялык Андрес Луис Домингес Бланко мыктылыгын далилдеди
  • Эко-плакаттар категориясында жеңүүчү болгон эмгек. Кытай фотографы Фу Юнкандын колунан чыккан
  • Темир жолдон жалгыз өтүп бара жаткан пилдин сүрөтү Адам жана жаратылыш номинациясында жеңүүчү болду. Автору — индиялык Анееш Санкаранкутти
  • Микродүйнө номинациясында мыкты деп табылган Calopteryx ийнелигинин сүрөтү. Норберт Касаш (Венгрия)
  • Норвегиялык Галис Оаронун муренанын чабагын түн ичинде тарткан сүрөтү Искусство жана табияттын образы номинациясында жеңүүчү болду
  • Россиянын коруктары номинациясында Геннадий Юсиндин сүрөтү биринчи орунду ээледи. Бөкөндүн сүрөтү Калмыкиянын талаасынан тартылган
  • Сууда сүзүп жүргөн өрдөктөр. Норвегиялык Терье Колаастын дрон менен тарткан сүрөтү Жапайы жаратылышты тартуудагы жаңы технологиялар номинациясын утуп алды
  • Тайвандын фотографы Ли Чиа Сяндын Бул менин издерим эмес деп аталган эмгеги Эко-плакаттар номинациясында мыктылардын бири болду
  • Россиялык Вячеслав Лузановдун Шаман багы Пейзаж номинациясында биринчиликке татыды
  • Жаратылыш койнундагы жаныбарлар номинациясында польшалык Марчин Добастын сүрөтү мыкты деп табылды. Ал тоолуу аймакты байырлаган кеа тоту кушун тарткан
  • Венгриялык Тибор Литаускинин сүрөтү Өсүмдүктөрдүн магиясы номинациясында көп эмгектин арасынан тандалып алынды
"Алтын таш бака" эл аралык сынагынын калыстар тобу быйылкы жылдын жеңүүчүлөрүн атады. Sputnik Кыргызстан агенттиги ааламдын ар бурчунан тартылган сүрөттөрдү сунуштайт.

Фотографтардын сынагы Москвада жыл сайын жапайы жаратылыш фестивалынын алкагында өткөрүлүп келет. Быйыл пандемиядан улам иш-чара онлайн форматта 20-ноябрдан 13-декабрга чейин болууда. 14 жылдын ичинде сынакка 137 мамлекеттен 22 миң кесипкөй фотограф катышкан. Конкурс 17 номинация боюнча жеңүүчүнү тандайт.

8
  • Италиялык Франческо Визинтин Жыл фотографы наамына ээ болду. Анын Лос-Ислотес аралында суу алдындагы каньондо сүзүп бараткан тюллендин сүрөтү мыкты деп табылган

    Италиялык Франческо Визинтин "Жыл фотографы" наамына ээ болду. Анын Лос-Ислотес аралында суу алдындагы каньондо сүзүп бараткан тюллендин сүрөтү мыкты деп табылган

  • Жаныбардын портрети номинациясында аргентиналык Адрина Клаудия Санц жеңүүчү болду. Фотограф ушу тапта жоголуп бара жаткан квакш түрүндөгү баканы тартып алган

    "Жаныбардын портрети" номинациясында аргентиналык Адрина Клаудия Санц жеңүүчү болду. Фотограф ушу тапта жоголуп бара жаткан квакш түрүндөгү баканы тартып алган

  • Венгриялык Томас Конч-Бистричтин бул сүрөтү Жаратылыш жаштардын көзү менен номинациясында мыкты деген баага татыды

    Венгриялык Томас Конч-Бистричтин бул сүрөтү "Жаратылыш жаштардын көзү менен" номинациясында мыкты деген баага татыды

  • Секирик. Австриялык Юлиан Рад бул сүрөтүн ушинтип атаган. Токой чычканынын чагылдырылышы Жаныбардын кыймылы аттуу номинацияны жеңип алды

    "Секирик". Австриялык Юлиан Рад бул сүрөтүн ушинтип атаган. Токой чычканынын чагылдырылышы "Жаныбардын кыймылы" аттуу номинацияны жеңип алды

  • Жаратылыш балдардын көзү менен номинациясында испаниялык Андрес Луис Домингес Бланко мыктылыгын далилдеди

    "Жаратылыш балдардын көзү менен" номинациясында испаниялык Андрес Луис Домингес Бланко мыктылыгын далилдеди

  • Эко-плакаттар категориясында жеңүүчү болгон эмгек. Кытай фотографы Фу Юнкандын колунан чыккан

    "Эко-плакаттар" категориясында жеңүүчү болгон эмгек. Кытай фотографы Фу Юнкандын колунан чыккан

  • Темир жолдон жалгыз өтүп бара жаткан пилдин сүрөтү Адам жана жаратылыш номинациясында жеңүүчү болду. Автору — индиялык Анееш Санкаранкутти

    Темир жолдон жалгыз өтүп бара жаткан пилдин сүрөтү "Адам жана жаратылыш" номинациясында жеңүүчү болду. Автору — индиялык Анееш Санкаранкутти

  • Микродүйнө номинациясында мыкты деп табылган Calopteryx ийнелигинин сүрөтү. Норберт Касаш (Венгрия)

    "Микродүйнө" номинациясында мыкты деп табылган Calopteryx ийнелигинин сүрөтү. Норберт Касаш (Венгрия)

  • Норвегиялык Галис Оаронун муренанын чабагын түн ичинде тарткан сүрөтү Искусство жана табияттын образы номинациясында жеңүүчү болду

    Норвегиялык Галис Оаронун муренанын чабагын түн ичинде тарткан сүрөтү "Искусство жана табияттын образы" номинациясында жеңүүчү болду

  • Россиянын коруктары номинациясында Геннадий Юсиндин сүрөтү биринчи орунду ээледи. Бөкөндүн сүрөтү Калмыкиянын талаасынан тартылган

    "Россиянын коруктары" номинациясында Геннадий Юсиндин сүрөтү биринчи орунду ээледи. Бөкөндүн сүрөтү Калмыкиянын талаасынан тартылган

  • Сууда сүзүп жүргөн өрдөктөр. Норвегиялык Терье Колаастын дрон менен тарткан сүрөтү Жапайы жаратылышты тартуудагы жаңы технологиялар номинациясын утуп алды

    Сууда сүзүп жүргөн өрдөктөр. Норвегиялык Терье Колаастын дрон менен тарткан сүрөтү "Жапайы жаратылышты тартуудагы жаңы технологиялар" номинациясын утуп алды

  • Тайвандын фотографы Ли Чиа Сяндын Бул менин издерим эмес деп аталган эмгеги Эко-плакаттар номинациясында мыктылардын бири болду

    Тайвандын фотографы Ли Чиа Сяндын "Бул менин издерим эмес" деп аталган эмгеги "Эко-плакаттар" номинациясында мыктылардын бири болду

  • Россиялык Вячеслав Лузановдун Шаман багы Пейзаж номинациясында биринчиликке татыды

    Россиялык Вячеслав Лузановдун "Шаман багы" "Пейзаж" номинациясында биринчиликке татыды

  • Жаратылыш койнундагы жаныбарлар номинациясында польшалык Марчин Добастын сүрөтү мыкты деп табылды. Ал тоолуу аймакты байырлаган кеа тоту кушун тарткан

    "Жаратылыш койнундагы жаныбарлар" номинациясында польшалык Марчин Добастын сүрөтү мыкты деп табылды. Ал тоолуу аймакты байырлаган кеа тоту кушун тарткан

  • Венгриялык Тибор Литаускинин сүрөтү Өсүмдүктөрдүн магиясы номинациясында көп эмгектин арасынан тандалып алынды

    Венгриялык Тибор Литаускинин сүрөтү "Өсүмдүктөрдүн магиясы" номинациясында көп эмгектин арасынан тандалып алынды

Белгилер:
фотограф, сынак, Сүрөт, жаратылыш
Тема боюнча
Эки аттап барып тамактан алды. Арстан гиенага кол салган учурдун видеосу

Тарбия, каада, тиричилик. Кыргыз аялдарынын жашоосун көрсөткөн сүрөт баян

244
  • Боз үйдүн түбүндө ийик ийрип жаткан чоң эне. Ийик — бул кебез, жүндөн жип ийрий турган аспап. Кыргыздын аялдары малдын жүнүн ийик менен ийрип жип кылып, андан түрлүү кийимдерди токуп, тигишкен.
  • Ак элечек кийген энелер наристени бешикке салышууда. Баланы бешикке салуу каадасына бир да эркек катышкан эмес, жалаң аялдар чогулуп майрамдашкан.
  • Беш көкүл чач, башта тебетей. Секелек кыздар топ таш ойноп жаткан учуру
  • Алас-алас, ар балээден калас! Аластоо кыргыздын канына сиңип калган ырым. Адатта бул ырымды жаңы үйгө киргенде, баланы бешикке салардын алдында жасашат. Ошондой эле тумоолоп калганда да арча түтөтүп коюшат.
  • Таар согуп жаткан келин. Жыгачтан жасалып турган жабдуу өрмөк деп аталат. Таар ошол өрмөккө согулат.
  • Буудайды жаргылчактан өткөрүп жаткан аялдар. Жаргылчак — бул кол тегирмен. Ал таштан жасалат. Жаргылчак менен арпа, буудай, жүгөрү, конок, таруу сыяктуу дандарды кууруп да, куурубай да майдалап, андан ун, талкан, шак, угут кылышат.
  • Келиндин колундагы илгерки жез самоор. Элечекчен эне боз үйдүн ичинде бүлөсүнө чай берүүдө.
  • Шар аккан суунун боюнда бээ саап жаткан аял. Бээнин сүтү пайдалуу келип, адистер аны көп ооруга даба деп айтып жүрүшөт.
  • Жүн сабап жаткан эне. Ушул эле жүндөн кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим тигип, түрдүү буюм жасалат.
  • Байкасаңыздар, кыргыз аялдарынын башынан элечек жайы-кышы дебей түшкөн эмес. Илекини аялдар үй жумуштарын жасоодо, ал тургай таруу майдалаганда да дайыма кийип жүрүшкөн.
  • Чоң эне менен ойноп отурган беш көкүл секелектер. Кыргыздын кыздары турмушка чыккыча чачтарын дайыма беш көкүл өрдүрүп жүрүшкөн.
  • Туш кийиз. Анын жанында кызынын чачын өрүп жаткан келиндер
  • Чебер уздар кийимдин бөлүктөрүн сайманын күчү менен көркүнө чыгарган. Сайма көбүнчө элечектин кыргагына, көйнөктөргө, белдемчиге сайылган
  • Жайлоо, керемет жаратылыш жана боорсок жасап жаткан кыргыз келин
  • Боорсокту кыргыздар той-ашта дайыма жасашат. Жыт чыгарып, куран окутууда да сөзсүз боорсок бышырылат.
Кыргыз аялдары эзелтен иштүү, оокатка тың келет. Энелер кыздарын оокатка, жумушка бышырып тарбиялашкан.

Буга далил катары Sputnik Кыргызстан агенттиги менен "Кийиз дүйнө" коомдук фонду даярдаган сүрөттөрдү сунуштайбыз.

Бул сүрөт баяндан тарбия, салт, каада, тиричилик, кыргыз аялдарынын сулуулугу, кийимдери, айтор, баарын көрө аласыздар. Айрымдарын карап отуруп кудум көчмөн турмушка барып калгандай сезимдер болот.

Мында оюнга тое элек секелектерден тарта кол өнөрчүлүк менен алектенген кыз-келин, аял, энелер бар. Ошондой эле Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышы менен салттуу кийимдер да ачык, даана көрсөтүлгөн.

 

244
  • Боз үйдүн түбүндө ийик ийрип жаткан чоң эне. Ийик — бул кебез, жүндөн жип ийрий турган аспап. Кыргыздын аялдары малдын жүнүн ийик менен ийрип жип кылып, андан түрлүү кийимдерди токуп, тигишкен.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Боз үйдүн түбүндө ийик ийрип жаткан чоң эне. Ийик — бул кебез, жүндөн жип ийрий турган аспап. Кыргыздын аялдары малдын жүнүн ийик менен ийрип жип кылып, андан түрлүү кийимдерди токуп, тигишкен.

  • Ак элечек кийген энелер наристени бешикке салышууда. Баланы бешикке салуу каадасына бир да эркек катышкан эмес, жалаң аялдар чогулуп майрамдашкан.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ак элечек кийген энелер наристени бешикке салышууда. Баланы бешикке салуу каадасына бир да эркек катышкан эмес, жалаң аялдар чогулуп майрамдашкан.

  • Беш көкүл чач, башта тебетей. Секелек кыздар топ таш ойноп жаткан учуру
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Беш көкүл чач, башта тебетей. Секелек кыздар топ таш ойноп жаткан учуру

  • Алас-алас, ар балээден калас! Аластоо кыргыздын канына сиңип калган ырым. Адатта бул ырымды жаңы үйгө киргенде, баланы бешикке салардын алдында жасашат. Ошондой эле тумоолоп калганда да арча түтөтүп коюшат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Алас-алас, ар балээден калас! Аластоо кыргыздын канына сиңип калган ырым. Адатта бул ырымды жаңы үйгө киргенде, баланы бешикке салардын алдында жасашат. Ошондой эле тумоолоп калганда да арча түтөтүп коюшат.

  • Таар согуп жаткан келин. Жыгачтан жасалып турган жабдуу өрмөк деп аталат. Таар ошол өрмөккө согулат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Таар согуп жаткан келин. Жыгачтан жасалып турган жабдуу "өрмөк" деп аталат. Таар ошол өрмөккө согулат.

  • Буудайды жаргылчактан өткөрүп жаткан аялдар. Жаргылчак — бул кол тегирмен. Ал таштан жасалат. Жаргылчак менен арпа, буудай, жүгөрү, конок, таруу сыяктуу дандарды кууруп да, куурубай да майдалап, андан ун, талкан, шак, угут кылышат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Буудайды жаргылчактан өткөрүп жаткан аялдар. Жаргылчак — бул кол тегирмен. Ал таштан жасалат. Жаргылчак менен арпа, буудай, жүгөрү, конок, таруу сыяктуу дандарды кууруп да, куурубай да майдалап, андан ун, талкан, шак, угут кылышат.

  • Келиндин колундагы илгерки жез самоор. Элечекчен эне боз үйдүн ичинде бүлөсүнө чай берүүдө.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Келиндин колундагы илгерки жез самоор. Элечекчен эне боз үйдүн ичинде бүлөсүнө чай берүүдө.

  • Шар аккан суунун боюнда бээ саап жаткан аял. Бээнин сүтү пайдалуу келип, адистер аны көп ооруга даба деп айтып жүрүшөт.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Шар аккан суунун боюнда бээ саап жаткан аял. Бээнин сүтү пайдалуу келип, адистер аны көп ооруга даба деп айтып жүрүшөт.

  • Жүн сабап жаткан эне. Ушул эле жүндөн кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим тигип, түрдүү буюм жасалат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жүн сабап жаткан эне. Ушул эле жүндөн кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим тигип, түрдүү буюм жасалат.

  • Байкасаңыздар, кыргыз аялдарынын башынан элечек жайы-кышы дебей түшкөн эмес. Илекини аялдар үй жумуштарын жасоодо, ал тургай таруу майдалаганда да дайыма кийип жүрүшкөн.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Байкасаңыздар, кыргыз аялдарынын башынан элечек жайы-кышы дебей түшкөн эмес. Илекини аялдар үй жумуштарын жасоодо, ал тургай таруу майдалаганда да дайыма кийип жүрүшкөн.

  • Чоң эне менен ойноп отурган беш көкүл секелектер. Кыргыздын кыздары турмушка чыккыча чачтарын дайыма беш көкүл өрдүрүп жүрүшкөн.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чоң эне менен ойноп отурган беш көкүл секелектер. Кыргыздын кыздары турмушка чыккыча чачтарын дайыма беш көкүл өрдүрүп жүрүшкөн.

  • Туш кийиз. Анын жанында кызынын чачын өрүп жаткан келиндер
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Туш кийиз. Анын жанында кызынын чачын өрүп жаткан келиндер

  • Чебер уздар кийимдин бөлүктөрүн сайманын күчү менен көркүнө чыгарган. Сайма көбүнчө элечектин кыргагына, көйнөктөргө, белдемчиге сайылган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чебер уздар кийимдин бөлүктөрүн сайманын күчү менен көркүнө чыгарган. Сайма көбүнчө элечектин кыргагына, көйнөктөргө, белдемчиге сайылган

  • Жайлоо, керемет жаратылыш жана боорсок жасап жаткан кыргыз келин
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жайлоо, керемет жаратылыш жана боорсок жасап жаткан кыргыз келин

  • Боорсокту кыргыздар той-ашта дайыма жасашат. Жыт чыгарып, куран окутууда да сөзсүз боорсок бышырылат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Боорсокту кыргыздар той-ашта дайыма жасашат. Жыт чыгарып, куран окутууда да сөзсүз боорсок бышырылат.

Белгилер:
Сүрөт, тарбия, турмуш, каада-салт, кийим, аял, кыргыз
Тема боюнча
Кеп такыячан эл алдына чыгуу уят болот. Салттуу баш кийимдердин сырлары
Тебетей кийип, шуру тагынып... Салттуу кийимди көркүнө чыгарган бөбөктөрдүн 14 сүрөтү
Өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары майор Азиз Бейшекеев. Архивдик сүрөт

Бейшекеев: сууктун түшүшү менен өрт кырсыктары күч алууда

0
(жаңыланган 16:59 05.12.2020)
Өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары майор Азиз Бейшекеев ушул жылдын 10 айынын жыйынтыгы менен республика боюнча өрт 38,9 пайызга аз катталганын маалымдады.
Бейшекеев: сууктун түшүшү менен өрт кырсыктары күч алууда

Бул жылы өлкө боюнча 2 045 өрт кырсыгы катталган, бирок кыштын келиши менен күч алып жатканы байкалууда. Бул тууралуу Азиз Бейшекеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, өрттүн чыгуусуна көбүнчө адамдык фактор таасирин тийгизип жатат.

"2020-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча статистикага токтоло турган болсок, республика боюнча 2045 өрт кырсыгы катталган. Бул былтыркыга салыштырмалуу 38,9 пайызга азайганын айгинелейт. Ал эми келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү 473 миллион сомдон ашканы менен өткөн жылга салыштырмалуу 39 пайызга азайганынан кабар берүүдө. Бирок сууктун түшүшү менен өрт кырсыктары көбөйө баштаганы байкалууда. Күз-кыш мезгилинин келиши менен от жагуу, электр жабдыктарды колдонуудан улам бир суткада республика ичинде 20-25 өрт кырсыгы катталууда", — деди Бейшекеев.

Ал өрттүн алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлө турганын кошумчалады.

0
Белгилер:
Кыргызстан, кыш, өрт
Тема боюнча
Өрттөнүп кеткен Башкы прокуратуранын ичи. Имараттын 10 жылдан кийинки көрүнүшү