"Кутман байке, бешти берчи!". Кыргызстан футболчуларын аэропорттон тосуп алган сүрөттөр

Жазылуу
Бириккен Араб Эмирлигиндеги Азия кубогуна катышкан Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасы бүгүн таңкы саат 5.00дөр чамасында Бишкекке учуп келди.

Буга бир нече күн мурда жөнөкөй кыргызстандыктардан тарта журналисттерге чейин камынып жаткан. Спортчуларды тосуу үчүн барган күйөрмандардын арасынан түн уйкусунан баш тартып ата-энесин ээрчип барган балдарды байкоого болот.

Оюнчулар эл күткөн залга кире бергенде кубаттоолор, куттуктоолор, кол чабуулар жаңырды. Алардын арасында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов баштаган бийлик өкүлдөрү болду.

Келсе коон союп майрамдайбыз! Арабдарга гол киргизген Турсуналинин жакындары. Видео - Sputnik Кыргызстан
Келсе коон союп майрамдайбыз! Арабдарга гол киргизген Турсуналинин жакындары. Видео
Кыргызстандыктар футболчуларын сыймыктануу менен кабыл алып, кыйкырык-сүрөөн менен алкап жатышты. Ар биринен автограф алып, селфи жасаганга да жетишти. Өзгөчө ал жердеги балдардын кубанычы, толкундоосу күч болду.

Дарбазачы Кутман Кадырбековду көргөн кичинекейлер "Кутман байке, бешти берчи!"- деп колун кысып калууга аракет кылып жатканын байкоого болот.

Быйыл Кыргызстандын курама командасы тарыхта биринчи жолу Азия кубогунда ойноду. Тайпалык этапта кытайлыктар менен түштүккореялыктарга жеңилип, үчүнчү оюнда филиппиндиктерди 3:1 эсеби менен жеңген. Муну менен кыргызстандыктар өз тайпасында үчүнчү орунду алып, 1/8 финалга чыккан. Тилекке каршы, чейрек финалга өтө албай, БАЭге 3:2 эсебинде утулуп калган.

Бирок бул оюнду социалдык тармактын Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү колдонуучулары мыкты беттеш болгондугун, Кыргызстандын курама командасынын артыкчылыгын белгилешти.

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча улуттук командасын эл аралык "Манас" аба майданынан тосуп алууга чоң кишилер эле эмес, түн уйкусуна кайыл болуп жаш балдар да барды
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасын эл аралык Манас аба майданынан тосуп алууга чоң кишилер эле эмес, түн уйкусуна кайыл болуп жаш балдар да барды - Sputnik Кыргызстан
1/15
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасын эл аралык "Манас" аба майданынан тосуп алууга чоң кишилер эле эмес, түн уйкусуна кайыл болуп жаш балдар да барды
© Sputnik / Табылды КадырбековФутболчуларды биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов баштаган бийлик өкүлдөрү тосуп алды. Алар учактан түшүп жатканда оркестр ойноп жатты.
Футболчуларды биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов баштаган бийлик өкүлдөрү тосуп алды. Алар учактан түшүп жатканда оркестр ойноп жатты. - Sputnik Кыргызстан
2/15
Футболчуларды биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов баштаган бийлик өкүлдөрү тосуп алды. Алар учактан түшүп жатканда оркестр ойноп жатты.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча улуттук командасынын жылдызы жанган дарбазачысы Кутман Кадырбеков. Бул спортчу канчалаган жаш балдардын жүрөгүнө футболго болгон кызыгуунун үрөнүн септи экен...
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасынын жылдызы жанган дарбазачысы Кутман Кадырбеков. Бул спортчу канчалаган жаш балдардын жүрөгүнө футболго болгон кызыгуунун үрөнүн септи экен... - Sputnik Кыргызстан
3/15
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасынын жылдызы жанган дарбазачысы Кутман Кадырбеков. Бул спортчу канчалаган жаш балдардын жүрөгүнө футболго болгон кызыгуунун үрөнүн септи экен...
© Sputnik / Табылды КадырбековРефери Фу Минг футбол боюнча Азия кубогунун 1/8 финалына болгон Кыргызстан жана Бириккен Араб Эмирлигинин курама командаларынын оюнундагы "калыстыгы" менен көптөрдүн эсинде калды. Кыргызстандагы петициядан бир көрүнүш.
Рефери Фу Минг футбол боюнча Азия кубогунун 1/8 финалына болгон Кыргызстан жана Бириккен Араб Эмирлигинин курама командаларынын оюнундагы калыстыгы менен көптөрдүн эсинде калды. Кыргызстандагы петициядан бир көрүнүш. - Sputnik Кыргызстан
4/15
Рефери Фу Минг футбол боюнча Азия кубогунун 1/8 финалына болгон Кыргызстан жана Бириккен Араб Эмирлигинин курама командаларынын оюнундагы "калыстыгы" менен көптөрдүн эсинде калды. Кыргызстандагы петициядан бир көрүнүш.
© Sputnik / Табылды КадырбековКрестинин, Крестинин... Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасынын башкы тренери Александр Крестининден үмүттөр али көп
Крестинин, Крестинин... Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасынын башкы тренери Александр Крестининден үмүттөр али көп - Sputnik Кыргызстан
5/15
Крестинин, Крестинин... Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасынын башкы тренери Александр Крестининден үмүттөр али көп
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын, Кара-Балтадагы кичинекей бир үй-бүлөнүн каарманы, сыймыгы Турсунали Рустамов. Жакын адамынын мойнуна асылган кичинекей
Кыргызстандын, Кара-Балтадагы кичинекей бир үй-бүлөнүн каарманы, сыймыгы Турсунали Рустамов. Жакын адамынын мойнуна асылган кичинекей - Sputnik Кыргызстан
6/15
Кыргызстандын, Кара-Балтадагы кичинекей бир үй-бүлөнүн каарманы, сыймыгы Турсунали Рустамов. Жакын адамынын мойнуна асылган кичинекей
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кутман байке, бешти берчи!"- деген тестиерлер колун кысууга ашыкты. Кыргызстандын курама командасынын дарбазачысы Кутман Кадырбеков кичинекей күйөрманга кол тамга берип жатат.
Кутман байке, бешти берчи!- деген тестиерлер колун кысууга ашыкты. Кыргызстандын курама командасынын дарбазачысы Кутман Кадырбеков кичинекей күйөрманга кол тамга берип жатат. - Sputnik Кыргызстан
7/15
"Кутман байке, бешти берчи!"- деген тестиерлер колун кысууга ашыкты. Кыргызстандын курама командасынын дарбазачысы Кутман Кадырбеков кичинекей күйөрманга кол тамга берип жатат.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖурналисттер улуттук команданын мыкты оюнчусу Виталий Люкстан интервью алышууда. Ал филиппиндиктер менен болгон беттеште үч гол киргизген.
Журналисттер улуттук команданын мыкты оюнчусу Виталий Люкстан интервью алышууда. Ал филиппиндиктер менен болгон беттеште үч гол киргизген. - Sputnik Кыргызстан
8/15
Журналисттер улуттук команданын мыкты оюнчусу Виталий Люкстан интервью алышууда. Ал филиппиндиктер менен болгон беттеште үч гол киргизген.
© Sputnik / Табылды КадырбековБиринчи вице-премьер Кубатбек Боронов бардык футболчуларга ыраазычылык билдирди
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов бардык футболчуларга ыраазычылык билдирди - Sputnik Кыргызстан
9/15
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов бардык футболчуларга ыраазычылык билдирди
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандыктар жакшы таанып калган баягы эле Фу Минг. Күйөрмандар анын сүрөтүн аэропортко да көтөрө барышкан.
Кыргызстандыктар жакшы таанып калган баягы эле Фу Минг. Күйөрмандар анын сүрөтүн аэропортко да көтөрө барышкан. - Sputnik Кыргызстан
10/15
Кыргызстандыктар жакшы таанып калган баягы эле Фу Минг. Күйөрмандар анын сүрөтүн аэропортко да көтөрө барышкан.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футболчулары канчалаган адамдарды толкундатып, түн күзөтүп футбол көрүүгө аргасыз кылды. Футболго болгон сүйүүнү ойготту.
Кыргызстандын футболчулары канчалаган адамдарды толкундатып, түн күзөтүп футбол көрүүгө аргасыз кылды. Футболго болгон сүйүүнү ойготту. - Sputnik Кыргызстан
11/15
Кыргызстандын футболчулары канчалаган адамдарды толкундатып, түн күзөтүп футбол көрүүгө аргасыз кылды. Футболго болгон сүйүүнү ойготту.
© Sputnik / Табылды КадырбековБул жигиттер миллиондогон адамдардын духун көтөрүп, сыймакка бөлөдү. Азия кубогуна катышып келген спортчуларды күйөрмандар жана журналисттер тосуп алды.
Бул жигиттер миллиондогон адамдардын духун көтөрүп, сыймакка бөлөдү. Азия кубогуна катышып келген спортчуларды күйөрмандар жана журналисттер тосуп алды. - Sputnik Кыргызстан
12/15
Бул жигиттер миллиондогон адамдардын духун көтөрүп, сыймакка бөлөдү. Азия кубогуна катышып келген спортчуларды күйөрмандар жана журналисттер тосуп алды.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз футболчуларынын Азия кубогуна барышы жалпы кыргызстандыктарды биримдикке үндөдү
Кыргыз футболчуларынын Азия кубогуна барышы жалпы кыргызстандыктарды биримдикке үндөдү - Sputnik Кыргызстан
13/15
Кыргыз футболчуларынын Азия кубогуна барышы жалпы кыргызстандыктарды биримдикке үндөдү
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан кубогунун жеңүүчүсү, мыкты чабуулчу жана оюнчу, атактуу Антон Землянухин менен күйөрмандар сүрөткө түшүүдө
Кыргызстан кубогунун жеңүүчүсү, мыкты чабуулчу жана оюнчу, атактуу Антон Землянухин менен күйөрмандар сүрөткө түшүүдө - Sputnik Кыргызстан
14/15
Кыргызстан кубогунун жеңүүчүсү, мыкты чабуулчу жана оюнчу, атактуу Антон Землянухин менен күйөрмандар сүрөткө түшүүдө
© Sputnik / Табылды КадырбековФутболчулар автобуска бара жатканда күйөрмандар курчап алып, алардын атын айтып кыйкырышты
Футболчулар автобуска бара жатканда күйөрмандар курчап алып, алардын атын айтып кыйкырышты - Sputnik Кыргызстан
15/15
Футболчулар автобуска бара жатканда күйөрмандар курчап алып, алардын атын айтып кыйкырышты
Жаңылыктар түрмөгү
0