Бишкек баатырды кандай элестетесиз? Болжолдуу эскиздин панорамалык сүрөтү

478
(жаңыланган 09:17 14.02.2019)
Бегимай Бакашева
Бишкек баатырдын эстелигин иштеп чыгуу боюнча сынактын алгачкы бөлүгү аяктап, тандоочу турга беш эскиз тандалып алынды. Алардын ичинен фаворит катары скульптор Марлен Бакачиевдин эмгеги табылып, адистер ага артыкчылык берүүдө. Андыктан Sputnik Кыргызстан окурмандарга дал ошол макеттин панорамалык сүрөтүн көрсөтүүнү чечти.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Автордун айтымында, каармандын колуна куш жана камчы кармап турганы бекеринен эмес. "Камчы жигиттин алдында минген аты бар дегенди туюнтат, колундагы чымчык бейкутчулуктун символу", — дейт Бакачиев. Ал эми артындагы көктү көздөй умтулган конструкция жылдан-жылга өсүп-өнүгүп бара жаткан шаарды түшүндүрөт.

Проект памятника Бишкеку баатыру
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Скульптор: Иманбек Чолпонбек уулу

Скульптор Иманбек Чолпонбек уулу Бишкек баатырдын образын дал ушундай элестетет. Өзүн Бишкектин урпагымын деп атаган Жамиля Алымбекованын сөзүнө таянсак, баатыр 70 жаштан ашканда каза болгон. Ал азыркы Аксы, Ала-Бука райондорунун аймагында туулган. Кийин Чүйгө көчүп келген.

Проект памятника Бишкеку баатыру
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Скульптор: Базарбек Сыдыков

Эскиз Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы Спорт сарайынын чыгыш тарабында орнотулган Кожомкул балбандын эстелигинин автору Базарбек Сыдыковго таандык. Адистер анын идеясын жактырышты, бирок бир дагы эмгекке толук кандуу ынанымын билдирген жок. Ар бир эскиздин авторуна өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүнү сунушташты.

Проект памятника Бишкеку баатыру
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Спульптор: Адил Сейталиев

Бишкек баатырдын басып бара жатканын элестеткен айкелди скульптор Адил Сейталиев жасаган. Каарман орто жашап калган, олуттуу адам катары көрсөтүлгөн.

Проект памятника Бишкеку баатыру
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Скульптор: Садабек Аджиев

Автору айкелчи Садабек Аджиев. Учурда Бишкек шаарында бул скульптордун негизги эмгектеринин бири орнотулган. Ал "Ала-Тоо" аянтынын маңдайына коюлган Чыңгыз Айтматовдун эстелиги.

Проект памятника Бишкеку баатыру
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Скульптор: Садабек Аджиев

Бишкек баатырга кайрылсак, тарыхчылардын айтымында, инсан Чүй өрөөнү боюнча түз жерде отурукташып, устачылык, дыйканчылык менен алектенген алгачкы инсандардан болгон.

Белгилей кетсек, Бишкек баатырдын айкели Бишкектеги Чүй жана Эркиндик проспектилеринин кесилишине коюлат. Эстеликти иштеп чыгуу боюнча сынакты 2018-жылы "Бишкек башкы архитектура" жарыялаган. Кароого жалпысынан 18 эмгек келип түшкөн. Жеңүүчү апрель айынын аягында аныкталат.

478
Белгилер:
айкел, Бишкек
Тема боюнча
Бишкекте алгачкы ирет Кожомкул балбандын музейи ачылат
Бишкек баатыр, Алымбек датка, Ормон хандын урпактары кайда жана эмне менен алек?